Суперстан: Кайсы ыр саптары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайсы ыр саптары Сиздин жан дүйнөңүз жөнундө айтып

#21 Пользователь офлайн   dodge   14 Июль 2010 - 08:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 735
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Апр 2024 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Сагынбек Момбеков.
КАЙДА КЫРГЫЗДАР.
Кыргызым деп кыйкырып күйүп жүргөн,
Кыргызыма аркасы тийип жүргөн.
Кыйын чыкма жигиттер кайдасыңар?
Журтка таштап иттерин уулуп жүргөн.

Кайдасыңар кыргыздын тегиздери,
Кайрылгыла эл-жерге келип бери.
Канат-бутак бололу кайран элге
Караан тутуп турганда сени мени.

Базар деген барысын кыйнап турат,
Багылбастан балдарың ыйлап турат.
Камчыга сап кайратту баатыр таппай ,
Кайран кыргыз карайлап кургап турат.

Элди бакчу жан барбы дубаныңда?
Эркектериң жокпу жээ бул айылда?
Көп катынды көксөгөн көнөк баштар,
Көөшүдүбү төшөктүн кумарына?

Заман эмне болоорун сезчү барбы?
Зар болгондун тагдырын чеччү барбы?
Жаш-карыңды көрүнгөн эзип турса,
Жардам берип жанынан кеччү барбы?

Сырттан келген сыр тартып жылып кетти,
Сыйга тиккен багыңды кыйып кетти.
Кайран элим карайлап турганында
Канча жигит мертинип сынып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ырдын туура аты: "Кайдасыңар кыргыздын тегиздери?"

Дал ушул ырды могу жерге коюп койдум:[ 418 Кб] "http://download. files.namba.kg/files/267984"

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Июль 2010 - 09:58

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

А муногу ырдын атын билбейм:
Өкүр, бакыр, башыңды ургун ташка
Өттү, кетти ооматың. Бул күн башка!
Өмүр артка кайрадан кайрылмакпы?
Өчүрүп кой ызаңды, өчүрүп кой ызаңды шылдыңдашса.

Уга турган киши жок калыс кепти,
Уулуң ууру, кызыңдан намыс кетти.
Уюткулуу журт элек майдаланып,
Уят леген улуу сөз алыс кетти.

Сапарыңдына таба албай аяк башын,
Сакалыңдан салаалап агат жашың
Сака болуп элиме кыт жылдызды
Сайып түшөөр азамат каяктасың?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Июль 2010 - 10:01

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   MIRULYA   14 Июль 2010 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 435
  • Катталган: 24 Январь 07
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2011 06:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:fani dunya

кайт, кайт дегенде кайтпагамын
тарт болду эми дегенинде тартпаганым
аттин ай, бир билсен сен арманымды
сыр билгизбей журогумдо кармаганым

Дал озуно автор Мээрим Атабекова
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   MIRULYA   14 Июль 2010 - 11:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 435
  • Катталган: 24 Январь 07
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2011 06:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:fani dunya

армандарым куржун куржун буулуп барат,
кыйырсыз куноолор булкуп барат...
негеле кыйналамын мынчалык мен,
кутуудон, кусалыктан муунуп барам...

кутуу М Атабекова
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   MIRULYA   14 Июль 2010 - 11:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 435
  • Катталган: 24 Январь 07
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2011 06:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:fani dunya

алыстан коз менен суйуп коем,
карааныны журокко туйуп койгом...
кулуп койсон тымызын мен тарапка
бажырайып бактылуу болуп коем...
кокус келип жаныма суйлоп калсан
кабагымды капкатуу чытым коем :)

"Сага" М Атабекова
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   jikitai   16 Июль 2010 - 08:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 06 Май 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2021 22:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

БИЗ АДАМБЫЗ.
биз адамбыз бирди кээде мин дейбиз,
Сен,мен дешип майда созго кирдейбиз.
Кашка жолдо таскак салган замандын,
Данкагында кааларынды билбейбиз

Чындык созду айтпаганда не дейбиз,
Кээде досум сезим жактан кедейбиз.
Балапанча ооз ачпай келелеп,
Баркын билип эми качан ме дейбиз
Ж.Алыбаев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   jikitai   16 Июль 2010 - 08:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 06 Май 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2021 22:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оз деминди балан сезип жакшысы
Озун анын башын жыттап башкысы
Ат устундо жай бастырып баратсан
Ал кыргыздын кыпкыргызча бактысы

Оздук дептерден автору белгисиз мага билсениз жазып коюнузду суранам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Адам   21 Июль 2010 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения meerimka (29 April 2010 - 11:34) жазган:

Ne hasta bekler sabahı,
Ne taze ölüyü mezar.
Ne de şeytan, bir günahı,
Seni beklediğim kadar.

Geçti istemem gelmeni,
Yokluğunda buldum seni;
Bırak vehmimde gölgeni,
Gelme, artık neye yarar?


ТУРК АДАБИЯТЫНАН, НЕЖИП ФАЗЫЛ КЫСАКУРЕККЕ ТААНДЫК...

КОТОРМОЧУЛУК КОЛУМДАН ЖАКШЫ КЕЛБЕЙТ, ТАПСАМ КОТОРМОСУН ЖАЗЫП КОЕЮУН...



Просмотр сообщенияayza (03 May 2010 - 22:29) жазган:

Seviyorum diyorum
Sana saka geliyor.
Agayim okup berip jatkanda estep kalgam ushul eki sapti,takir unuta albaym!


Башка элдерге жана тилдерге болгон суктануу болот го бул..
Кыскасы темадан сырткары.

Таллас, Сагынбек Момбектин чыныгы куйорманы го дейм, мендей болуп.

А мен томонку ыр саптарын келтирип кетейин. Анткени, ал азыркы тапта менин дилимдегини айтып жатат:

Жүрөсүңөр жашап иштеп алыста
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка
Ак эмгекти актайын деп уулуңар
Билим үчүн түшкөн узак жарышка...
(Керим Турапов беле же "ага окшогон" бир адамга таандык...же Жолдубай Кайыповбу?) :huh:




Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Таллас   21 Июль 2010 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Адам (21 July 2010 - 01:09) жазган:

Жүрөсүңөр жашап иштеп алыста
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка
Ак эмгекти актайын деп уулуңар
Билим үчүн түшкөн узак жарышка...
(Керим Турапов беле же "ага окшогон" бир адамга таандык...же Жолдубай Кайыповбу?) :huh:


Бул ырды Жолдубай Кайыпов ырдаганы менен сөзүн жазган акын - Турар Кожомбердиев . Ырдын аты "Ата эне(ме)" .
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Kagan   12 Май 2012 - 15:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 338
  • Катталган: 03 Июль 09
  • Соңку аракети: 18 Дек 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Дөөлөтү Ордо Балык шаары

Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт,
Канткенде адам уулу адам болот?»

- Чынгыз Айтматов (1928 - 2008)
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   kyrgyzshaa   18 Май 2012 - 01:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азгырылып ойлорумдун жамгырына, Аядым жаным сенин арзууңду,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kyrgyzshaa   18 Май 2012 - 02:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сөзу,, Б Таштанбековдуку Азгырылып ойлорумдун жамгырына

Цитата

Аядым жаным сенин арзууңду Алдастап жан дүйнөмдө шамал ойноп Кеч келген махабатым сыздап боздойт Кечиккен махабатты кече албай Же ага тагдырымды байлай албай Кыл көпүрө устүндө турам калкып Же ары жака же бер жака баса албай Керемет сүйүү балын тата албай Бактымды бир өзуңө байлай албай Жаңы өзуп келе жаткан кызыл гулду жабыркатып тамырынан узө албай

Билдирүүнү түзөткөн: kyrgyzshaa: 18 Май 2012 - 02:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   historic   20 Май 2012 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер с үйбөгөн...
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн...
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн.
Б. Сарногоев
Ушул ыр аябай журогумо жакын сезилет. Кана эле баардык кыргыздар улутуна Байдылда Сарногоевдей куйсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   azamat1992kg   30 Май 2012 - 15:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Аккан суу


Кырк миң жыл жердии алдынан
Карып чыккан аккан суу.
Толгон айдай жаркырап
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук, жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандууну
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан
Жарып чыккан аккан суу.

Көз жетпеген кара кыр
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен паралуу
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.

Көз жетпеген ала кыр
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго
Айла болгон аккан суу.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   azamat1992kg   04 Июнь 2012 - 15:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга

Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан-уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.

«Айланам коркок болбо» деп,
Айтканын эстейм эненин.
Ай чапчып суудай толкуган –
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин,
Барыктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн.
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн...

Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттон сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн.
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн.
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.

Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн,
Таң менен шаңшып ышкырган
Уларын эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн
Кырааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган
Чынарың эстеп жүрөрмүн.

Суусунга балдай татыган
Сууларың кетпес көңүлдөн,
Көйнөгүм чечип, көпөлөк
Кууганым кетпес көңүлдөн,
Туткалуу кыргыз ак калпак
Тууганым кетпес көңүлдөн.

Эселек кезден торолтуп
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо
Эмчегиң соруп эмгемин,
Жашымдан көөнүм шат болуп
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн,
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.

Байлоосу жакшы келишсе
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин
Кара туткан балаңар –
Кармашкан жоосун жыгалат...

Аман кал, калкым аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн,
Аралап, терип чоңойгом
Адырдын жашыл гүлдөрүн.
Сел алса кетпес эсимден
Селкилер менен каткырып,
Селкинчек тепкен күндөрүм.
Байлыгы суудай ташыган
Бактыга баткан жеримсиң,

Секетиң болуп жаш жаным
Сен үчүн каным төгүлсүн,
Балбылдап сары жылдыздай
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курманы болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн...

Жартыны бөлүп бир жешкен,
«Жан, каныбыз бир» дешкен,
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш,
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун
Душмандын жолун тоспосом.

Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген,
Агалар аман калгыла,
Кыянат ишке баспаган,
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.

Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла,
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла...

Сактоого кетип баратам
Садагам, элим жыргалым,
Салкындап суун ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым.
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.

Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума,
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.
Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган.

Элинин болуу курманы –
Эр жигит парзы абалтан,
«Кайрылып жоодон качат», – деп,
Камсанай көрбө балаңдан.

Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге,
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгиңди бойлоп жүргөндө,
Толкунундай болоюн,
Толгонуп жоого тийгенде.

Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын жерде өстүм,
Кордукту салып душманга
Колумдан намыс бербесмин.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Shanson   14 Март 2016 - 20:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орусча, бирок, менимче, көп эле адамга төп келет болуусу керек.

Скрытый текст
Мы живём с повязками, на глазах закрытых...
Прячемся под масками, из железа слитых.
Мы от скуки маемся, мы вслепую судим...
Не любя, встречаемся - не встречаясь, любим.

Мы молчим из гордости, говорим - из мести...
Мы обходим пропасти и дурные вести.
Мы как дети, прячемся, мы как звери, злимся...
Не любя встречаемся, а любить... боимся.

А полюбим - скроемся за семью замками...
Мы висим на волосе - и не знаем сами ...
Позабыв про сказки, ждём чудес немалых...
Мы живём с повязками - кто бы развязал их?

> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июль 2016 - 10:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

КУСАЛЫК

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

Жаралап жан дүйнөнү жышып турган,
Жармашып жан алгычтай кысып турган,
Желкеге минген ойлор жарга такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып турган!

Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп!

Ашыктык, азап-муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга окшоп,
Көңүлдү каптап турат караңгылык! !!

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн..


Алтынбек Исмаилов

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июль 2016 - 10:26

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июль 2016 - 10:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК

Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да керекмин?!

Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!


Алтынбек Исмаилов
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июль 2016 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения meerimka (29 Апрель 2010 - 11:40) жазган:

ИЧИМДЕГИ БИР АДАМЭмнегедир коркунуч басат мени,Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.Мезгил учкан мейкиндик талаасына,Мен ырларды, а ырлар жазат мени…Көңүл чөгүп, бычаксыз канап турдум,Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!Көөдөнүмдү ансайын тушап жалын,Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-шагым. Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,Муздак ташты моюндан кучактадым! Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,Бир заматта ошол таш ысып чыкты.Алоолонгон жанымды билбейм бирөө,Аскаларга алпарып жышып чыкты!Тыңшап үнүн табигат, теребелдин, Түрмөктөлгөн ырларга тебелендим. Түпнускамды табалбай түпнускамды, Тегерендим дүйнөнү тегерендим…Сезбей качан түн кирип, таң атканын,Сезбей күндүн жарык нур таратканын, Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,Көлөкөлөр жетелеп баратканын! Ичким келди… А бирок ичирбеди,Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.Иттик кылып жатканын көрдүм анан,Ичимдеги бир адам ичимдеги! Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп турдум.Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,Ичимдеги «өзүмдөн» коркуптурмун! АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВДУН КАЛЕМИНЕ ТААНДЫК...


Алтынбек Исмаиловдун калемине таандык лирикалык саптар аябай жагат. :good:
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 06:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: