Ишемби. Саат ондор чамасы.Учу кыйыры жок асфальтталган узун жолдо иномарка үлгүсүндөгү аппак машина бара жатат.Ичинде моюнду бууган галстукту бошотуп койуп,капкара болгон көз айнектен жолду карап,машинанын айнегинен кирген сыдырым желге өзүнө өзү салкындык тартуулай радиодон чыккан музыкага кошулуп кыңылдап ырдап койуп 27-28 курактагы бир жигит олтурат.Ошол маалда берилип ырдап жаткан бул жигиттин оюн уюлдук телефонго келген чакыруудагы музыка бузду.Телефонду колго алып анда жазылып турган адамдын атын окуду да көзүндөгү көз айнекти ала койуп,жаңырып жаткан радионун үнүн өчүрдү да тамагын кыра жөтөлүп алып чакыруу кабыл алуучу баскычты басып шашпай:
-Да!-деп жооп берип калды.
-Ало! Салам алейкум.Бекжан кандай?
-Ва алейким.Жакшы рахмат... Аскат сенби?-деп ким экенин билип турса билмексен болуп сурап койду.
-Ооба мен.Бекжан чакыруу кат бардыбы?
-Жок.Кандай чакыруу кат? Каякка?
-Тойго! 9-июньга Назик экөөбүздүн тоюубузга чакырабыз.Назик сенин келишиңди күтүп жатат.Сөзсүз келгин ээ?
-Ммм жакшы.... Куттуктайм дос! Аракет кылам,бирок сөз бербейм.
-Ммм карап көр.Дарек чакыруу катта жазылуу болот.Мейли анда көрүшкөнчө.
-Мейли тынч бол-деп бир колу менен рульду кармап,бир колу менен телефонду кармаган бойдон ойго батып кетти.Ойлорунун тээ түпкүрү бала чактагы окуялардан башталды...
Ошол эле күн.Саат он бирге жакындап калганына карабай пардасы тартылган бөлмөдө таттуу уйкунун кучагында бир жигит жатат.Кайдадыр бир жерден чыгып жаткан вибрацияга да көңүл бөлүп койбой жата берди.Акыры көзү жумулуу бойдон эки колун эки жакка сунуп телефонун издемиш болуп калды.Бирок ошол маалда чыгып жаткан вибрация да токтоп калды.Токтоору менен сүйүнгөн жигит уйкунун кучагына кайра бой урду.Он секундка жетпей эле кайра эле "зыыыыт... .зыыыыт" деген мээни чукуп жиберчү вибрация кайра башталганда ызырынган ал "неңдурайын кимдин жаны чыгып атты болду экен?" деп күбүрөнүп алып жаздыктардын биринин астында жаткан телефонду таап толук ачыла элек көзү менен ким экенин карабай эле телефонду кулагына төшөп:
-Ало! Ким э бул?-деп сурап калды жини келгенин билгизе.
-Азамат кандайсың? Эмне бош эмес белең?-деген эркектин шаңдуу үнү чыкты.
-Жакшыыы... -деди да тааныш үндүн ким экенин билгиси келгендей көзүн ачып телефондогу жазууну окуду да:
-Аа Аскат сен белең? Кандайсың? Эмне болду таң атпай?
-Жакшы кудайга шүгүр.Саат он бир болуп калды дос.Эмне уктап аттың беле?-деген үндү угуп кана тушундагы дубалда илинип турган саатты карап уялгандай:
-Ааа кечээ бир аз майрам болуп үйгө кеч келдим эле.Эмне болду? Тынччылыкпы? -деди да "чындап эле эмне болду экен?" көңүл койуп кулак төшөп туруп калды.
-Ааа тынччылык эле.Дос 9-июньга Назик экөөбүздүн тоюбузга чакырам.Сөзсүз келгин макулбу?
-Ммм болуптур.Куттуктайм! .....-андан ары эмне дешин билбей токтоп калды ойлонуп.
-Рахмат дос.Дарек чакыруу катта болот.Макул анда көрүшкөнчө.
-Макул-деди да чалкасынан жатып азыр эле уйкуну каалап жаткан көздөрү менен шыпты тиктеп тээ убактагы балалык кезине учу кыйырсыз ойлордун коштоосунда сапар алды...
Жолдо бара жаткан Бекжандын да,уктап жаткан Азаматтын да тынчып калган ойлорун бир телефон чалуусу менен ойлоруна бүлүк салган адам бул экөөнүн убагындагы кан досу Аскат болчу.Ооба,Аскат, Азамат жана Бекжан убагында кыйышпас,керек болсо бири-биринен жандарын аябаган достордон эле.Үчөөнүн достугунун соолгундай түшүшүнө үчөөнүн тең жүрөктөрүнөн орун алган,жакында Аскатка түбөлүктүү жар болуучу Назик себепчи экенин үчөө тең билет.Табышмактуу тагдыр үчөөнү жаш кезектен кыйышпас достордон кылып туруп,бой жеткенде үчөөнүн ортосуна бир кызды салып берээрин үчөө кайдан сезди дейсиң?Анда эмесе кеп башынан болсун.....
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 11 Июнь 2014 - 05:58