дагы
Үйлөнүү - үлпөт көйнөктөрү! Сиздин кыялыңыздагы үлпөт көйнөктөр...
#261 27 Апрель 2015 - 02:10
obuvkotofeyosh- инстаграм. Котофей жаш балдар бут кийимдери Ош шаарында. 0559830909 ватсап
#262 27 Апрель 2015 - 02:12
obuvkotofeyosh- инстаграм. Котофей жаш балдар бут кийимдери Ош шаарында. 0559830909 ватсап
#263 27 Апрель 2015 - 02:14
obuvkotofeyosh- инстаграм. Котофей жаш балдар бут кийимдери Ош шаарында. 0559830909 ватсап
#264 27 Апрель 2015 - 02:15
obuvkotofeyosh- инстаграм. Котофей жаш балдар бут кийимдери Ош шаарында. 0559830909 ватсап
#267 13 Май 2015 - 23:37
Мага баардык улпот койноктор жакты. Бирок шариятка ылайык келе турган, хижабка окшошу да барбы.Болсо мага адрестерин жазып жибергилечи(туштукто болсо).
#268 14 Май 2015 - 00:10
Үлпөт көйнөк тууралуу...
Үлпөт көйнөгүнүн тарыхы узак мезгилдерди камтыйт. Маданиятына жараша дүйнө элдери үлпөт көйнөктү ар кандай түстөрдө жана формаларда кийишет. Мисалы, Вьетнам, Кытай жана Индияда кызыл көйнөк кийишсе, Европа мамлекеттери жана алардын агымы менен кеткен элдерде ак түстөгү классикалык, шөкөттөлгөн үлпөт көйнөгүн кийишет. Бул элде ак көйнөк аза күтүүнүн белгиси болуп келсе да биринчи жолу 1840-жылы Англиянын ханышасы Виктория үлпөт тоюнда ак көйнөк кийип, андан кийин ал коомчулукка тарап кеткен.

Үлпөт көйнөктөрү биздин мекенде...
Көйнөктүн баасы кездеменин түрүнө, шөкөттөлүшүнө, тигилишине, сапатына жана үлпөт салонунун аброюна жараша өсүп отурат. Ошондуктан аттуу-баштуу салондордогу көйнөктөр өтө мыкты сапатта, көрүнүшү менен жарашыгы абдан төп келип, баасы да ошончо кымбат.
Бишкекте кырктан ашык үйлөнүү үлпөт салондору бар. Алардын арасында орточо деңгээлде кызмат көрсөткөндөрү да, ошондой эле кардарларынын талаптарына жакшы кам көргөндөрү да бар. “Гименей”,
“Виктория”,
“Жасмин Гранд”, “Натали”, “Ла-Споза”,
“Айым стиль” салондорунун жана “Дильбардын” көйнөктөрү жана тейлөө ыкмалары башкалардан айырмаланып алдыңкы катарда турат. Ошого жараша бул салондордон көйнөктөрдү сатып алуу жана үч күндүк насыяга алуу да ошончолук кымбат. Каалоочулар кыргыз көйнөктөрүн “Айым стиль” салонунан тапса болот. Насыяга алуу 20 миң сомдон башталат. Ал эми европа стилиндеги көйнөктүн насыясы 4 миң сомдон жогору. “Гименей” салону 10 миң сомдон өйдө насыяга берсе, “Ла-Споза” салонунун Испаниядан алынып келинген көйнөктөрү насыяга 1000 доллардан
өйдө берилет. Сатып алуу 2200 долларгачейин барат.
Үлпөт көйнөгүн кантип тандоо керек?..
Көйнөктү адамдын өңүнө жана тулку боюна жараша тандоо жакшы жыйынтык берет. Эгер көйнөк туура тандалса жакшы жарашып, келинчекти көркүнө чыгарат. Ошондуктан адистер көйнөк тандаарда көйнөкт үн
эле эмес кыздын да өңүнө көңүл бурууну сунушташат.
Өңү кара-торулар өтө апакай эмес “карамель” түсүн тандоосу кажет. Ал эми ак жүздүү же сарыларга берметтей ак көйнөктөр жакшы жарашат. Ошондой эле узун бойлуу арык кыздарга “Русалка”,
башкача айтканда түз тигилген, этеги тизеден ылдый жайылып кеткен көйнөк жакшы жарашса, кыска бойлууларга белден ылдый этеги жайык көйнөктөр жарашат.
Үлпөт көйнөгүнүн тарыхы узак мезгилдерди камтыйт. Маданиятына жараша дүйнө элдери үлпөт көйнөктү ар кандай түстөрдө жана формаларда кийишет. Мисалы, Вьетнам, Кытай жана Индияда кызыл көйнөк кийишсе, Европа мамлекеттери жана алардын агымы менен кеткен элдерде ак түстөгү классикалык, шөкөттөлгөн үлпөт көйнөгүн кийишет. Бул элде ак көйнөк аза күтүүнүн белгиси болуп келсе да биринчи жолу 1840-жылы Англиянын ханышасы Виктория үлпөт тоюнда ак көйнөк кийип, андан кийин ал коомчулукка тарап кеткен.

Үлпөт көйнөктөрү биздин мекенде...
Көйнөктүн баасы кездеменин түрүнө, шөкөттөлүшүнө, тигилишине, сапатына жана үлпөт салонунун аброюна жараша өсүп отурат. Ошондуктан аттуу-баштуу салондордогу көйнөктөр өтө мыкты сапатта, көрүнүшү менен жарашыгы абдан төп келип, баасы да ошончо кымбат.

Үлпөт көйнөгүн кантип тандоо керек?..
Көйнөктү адамдын өңүнө жана тулку боюна жараша тандоо жакшы жыйынтык берет. Эгер көйнөк туура тандалса жакшы жарашып, келинчекти көркүнө чыгарат. Ошондуктан адистер көйнөк тандаарда көйнөкт үн

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#269 14 Май 2015 - 17:52
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#270 15 Май 2015 - 10:42
#273 10 Июнь 2015 - 02:53
Үлпөт көйнөктү кантип тандайбыз
Бул башыңызды оорутуп жаткан маселенин тегерегинде чогуу ой жүгүртүп аз да болсо сиздин түйшүгүңүздү жеңилдетүүнүн аракетин көрдүк.













Жаш селкилердин басымдуу бөлүгү батыш стилинде тигилген үлпөт көйнөктөргө караганда улуттук стилдеги көйнөктөргө басым жасалганы байкалат. Аял кишинин төбөсүн көккө көкөлөтө турган шөкүлөсү бизде анан коңшу казак өлкөсүндө гана бар. Сураштыра келсек Казакстанда колуктулар батыш стилине сейрек гана басым жасаганы болбосо калгандары улуттук кийимге, шөкүлөгө качырышат. Бишкекте кыргыздын улуттук үлпөт көйнөктөрүн сата турган үч-төрт дүкөн бар. Ар биринин ижара акысы ар кандай. Эң арзан деген көйнөк бир күнгө 3-4 миң сомдон башталат. Алардын тигилиши жөнөкөй, болгону көкүрөгүндө, көйнөктүн этек жагында кыргыздын оюусу салынып тигилген. Баардык талаптарга жооп бере турган кычыраган кыргыз көйнөктөр 8 миңден 40 000 сомго чейин барат. Алар кымбат таштар, саймалар, шурулар менен кооздолгон. Деги кынтык табу кыйын. Колукту кыргыз көйнөк кийип жаткандан кийин жанындагы курбусу да ага үндөшүп турганы зарыл. Курбуга бир аз жөнөкөйлөтүп бирок ошондой эле саймаланып тигилген көйнөктөрдүн коллекциясы бар. Алардын ижара акысы эки миң сомдон жогору. Эң мыкты делинген курбунун көйнөгүн сатып алуу сегиз миң сомго чейин барат. Көйнөктүн стилине жараша оюу-чиймеси бар булгары бут кийим, жасалга бекер берилет. Сатып алган кардар үчүн айрым дүкөндөр шөкүлөнү же күмүш жасалганы белек катары кошуп бергендери бар экен.
Дин жолунда жүргөн айымдарга да азыр кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү берилген. Салондордо мусулман үлпөт көйнөктөрү сатылууда. Эгер ижарага алгыңыз келсе үч күнгө баасы 200 доллардан башталат. Эң мыктылары 550 долларга чейин. Ал эми сатып алуунун каалагандар болсо арзаны 400 доллардан 1000-1200 долларга чейин сатылууда.
Улуттук дүкөндөн чыгып жер жайнаган батыш көйнөктөрү сатылган салондун бирине баш бактык. Тандоо мүмкүнчүлүгү кыйла арбын. Баасы ошого жараша өсүп отурат. Эң жөнөкөй көйнөктүн ижара акысы күнүнө эки миң сомдон башталып жыйырма беш миң сомго чейин барат. Бул сумманын ичинде гүл, жасалга, кол кап бекер берилет. Фатаны ырым кылып ар бир колукту өзү сатып алууга тийиш. Кыргызбы же батышпы үлпөт көйнөктү албай жөн эле кийип, өлчөп көрүүгө 100-150 сом төлөнөт. Муну сатуучулар көйнөктү кийгизүү чоң машакат экени, кээ бирөө албаса деле жөн гана кийип кишини оюнчук кылганы менен түшүндүрүштү. Үлпөт көйнөктү сатып алууга же ижарага арзан алуунун дагы бир жакшы жолу бар. Ал үчүн атайын интернеттеги сайттардын бирине киресиз. Ал жакта өзүнүн үлпөт көйнөгүн сатыка же ижарага койгон колуктулар бар. Баасы орточо 100 доллардан башталат. Эгер ал көйнөкө сиздин өлчөмүңүзгө, табитиңизге туура келсе бул да болсо ыңгайлуу арзан жолдун бири. Бирок бул ыкманын да бир аз тоскоолдуктары бар. Мисалы, жеке көйнөк берген адам менен сиз эч кандай келишим түзө албайсыз. Болгону күрөөгө паспорт же дагы ушул өңдүү баалуу документти талап кылат. Көйнөктү кирдетип алсаңыз кайра күрөөгө койгон буюмду талашып-тартышып жатып кыйынчылык менен алууңуз мүмкүн. Андыктан интернет-көйнөк берүүчүлөрдөн ижарага алгандан көрө көйнөктүн башын биротоло бошотуп сатып алгандан өтөөрү жок.
Көйнөктү ижарага алуу эрежеси
Салондордон көйнөктү алууда кардар менен кожоюндун ортосунда келишим түзүлөт. Анда сиздин милдеттериңиз, салон ээсинин көрсөтө турган кызматтары так көрсөтүлгөн. Келишимдин шарттары төмөнкүдөй.
☻Баа толук көрсөтүлүшү зарыл. Эгерде сиз көйнөктү үч күнгө алып бирок экинчи күнү кайтарып берсеңиз үчүнчү күндүн акчасы толук берилбейт. Анын 40%ын кармап калганга укугу бар. Же тескерисинче бир күн кечиктирип алып келсеңиз кошумча төлөм берүүгө милдетүүсүз.
☻Көйнөктү заказ кылып бирок кандайдыр бир себептер менен айнып кетсеңиз же албай калсаңыз толук сумма төлөнүп берилбейт. Толук сумманын 30% кармалып калынат.
☻Эгерде сиз заказ кылган көйнөк белгиленген убакытта даяр болбой калса акчаңызды толук кайтарып берет. Айрым салондор моралдык доо катары кошумча төлөм да бериши мүмкүн.
☻Жаман айтпай жакшы жок көйнөктү кирдетип же айрып алсаңыз салон ээси мурдатан калтырган акчанын бир тыйынын да кайтарып бербеши мүмкүн. Ошон үчүн сүйлөшүп жатканда алардын айып пул өлчөмү кандай экенин. Кийим канчалык деңгээлде булганганда айып пулга жыгылаарын жакшылап тактап билиңиз.
☻Кээ бир колуктулар көйнөктү булгап алган учурда аны химиялык тазалоодон өткөрүп кемчилдикти жашырууга аракет кылышат. Айрым салондун ээлери бул кылыгыңызды жактырбайт. Анткени алардын көйнөктү тазалоо ыкмасы такыр башкача. Андыктан кандай колдонсоңуз ошол бойдон өткөрүп бергениңиз жакшы.
Көйнөктү тазалоо эрежеси
Эгер өзүңүздүн жеке менчик үлпөт көйнөгүңүз болсо аны үй шартында тазалоонун өз эрежеси бар. Ал үчүн сизге кагаз, үтүк, тактарды кетирүүчү ак кийимге ылайыкталган айна, кир самын жана жумшак щетка керек. Көйнөктү этегинен жогору карай жууп баштайсыз. Алгач этегиндеги тактарга айнадан себелеп кол менен жумшак ушалап кетирүү керек. Сууну бат-баттан алмаштырып этегин жуугандан кийин үстүңкү бөлүгүнө өтөбүз. Көйнөктүн үстүңкү бөлүгү саймалуу, шуру менен кооздолгон. Аларды түшүрбөй этияттап жууш үчүн жумшак щетканы пайдаланыңыз. Жогорку жагын кир самын менен жууп койгон жетиштүү. Көйнөктүн материалы кандай экенин көрүп туруп ошого жараша курагатыңыз. Кийим илгичке илип же столдун бетине жайып кургатса жакшы жыйынтык берет. Үтүктөөрдө көйнөктүн бетине кагазды коюп же буу үтүк менен үтүктөңүз.
Дене түзүлүшкө карай көйнөк тандоо
Колуктунун дене-түзүлүшүндөгү баардык мүчүлүштүктөрдү эске алып азыр Бишкектеги салондордо бир нече көйнөктүн түрү бар. Негизгиси алардын аталышын билсеңиз сатуучуну да убара кылбай оңой таба аласыз.
Ампир – бою өтө узун эмес толугураак айымдарга ылайыктуу фасон. Ашыкча салматы, кыска бутту жашырууга этеги түз узун көйнөк жашырганга жардам берет. Кең далыны, кичирээк төштү жашырганга көкүрөгүндөгү V түрүндөгү тилиги жакшы көмөкчү. Бул көйнөкө өтө чоң көзгө дароо уруна турган жасалгаларды тагынган ашыкча болуп калат.
Ханыша – Өтө арык, бою узун бийкечтерге ылайыктуу көйнөк. Этеги кат-кат болуп тигилген көйнөк колуктунун арыктыгын, боюнун узундугун жашырууга жакшы жардамчы. Бул көйнөкө тоголок сөйкө, салмактуу шакек, шурулар жакшы жарашып көркүн ачат.
Шар – алмурут, банан формасындагы мүчө-келбетке ээ айымдарга ылайыктуу көйнөк. Бул көйнөккө бою узун, орто бойлуу айымдар ойлонбостон басым жасаса болот. Кыска бойлуу бийкечтердин кемчилдигин баса көрсөткөндөн башка пайдасы жок. Ал эми жабмашы кең айымдар кемчилдигин ушул көйнөк менен жаба алат. Ашыкча самсаалаган жасалга жүдөө көрсөтүшү мүмкүн. Андыктан билинээр-билинбес сөйкө, ичке чынжырча көйнөкө жакшы толуктоо катары каралат.
Русалка – идеалдуу дене-түзүлүшкө ылайыкталган көйнөк. Ашыкча салмактын ээлери бул фасонго байланышкан фантазияңызга чекит койсоңуз болот. Бул көйнөктүн бир кемчилдиги- кыймылдаганга, ээн-эркин жүргөнгө бир аз тоскоолдук жаратат. Узунунан келген самсаалак сөйкө, ичке көздүү шакектер көйнөктүн көркүнө көр кошуп ажарыңызды баса белгилейт.
Фейс- арт ар бир эле айымдын артыкчылыгын белгилебейт
Учурда келинчектер жаңы моданы кармап жашап калган кездери. Ал үлпөт күнү бетине сүрөт тарттырып, фэйс-арт жасатуу. Улуу муундагылар жактырбай жоругуү жолдо калгыр деши мүмкүн. Бирок туура жасалган фейс –арт колуктунун көркүн гана ачпаса башка кемчилдигин көрө деле алган жокпуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#274 11 Июнь 2015 - 19:55
Оштун каеринде жакшы свадебный койноктор бар? Орточо баалары кандай билгендер болсо жазгыла.
Мен бактылуумун.
!
#275 11 Июнь 2015 - 21:03
Sarabanda (11 Июнь 2015 - 19:55) жазган:
Оштун каеринде жакшы свадебный койноктор бар? Орточо баалары кандай билгендер болсо жазгыла.
Salam. Owto kancha ekenin bilbedim, birok mende svadebniy koynoktor 10000 somgo alsan bolot. Japjany koynoktor. Birok aldin ala zakaz beruun kerek. Antkeni dostavka 10-15 kun.
#277 13 Июнь 2015 - 10:47
#278 16 Июнь 2015 - 09:45
Kizdar, kim Moskvada bolso est' v nalichii beloe, krasivoe, skromnoe svadebnoe platye. Razmeri S. Boljol menen 46-48 kg kizdarga......)))
Surotun korom degender kupuyama jazgila.
Surotun korom degender kupuyama jazgila.
#280 17 Июнь 2015 - 00:31
Бул жакка суротторун баалары менен илип коё бериниз кимге жакса купуя аркылуу номер алмаша беришет.
Мен бактылуумун.
!