Душмандарыңдын арасында жүргөн достон кол жууп коё бер. Кей - Кавус. Перс жазуучусу.
Учкул сөздөр, асыл ойлор менен бөлүшөбүз... Бул жакка өзүбүздүн сөздөрүбүздү ылгап анан жазмай замандаштар.
#1402 11 Март 2014 - 16:38
Өлүм - жашоо жыйынтыгы, а өлүмдү жашоо ырастайт. Баары ошол: Кандай башат болбосун ал чегине жетип, кайра уланат. Ван Чун. Байыркы Кытай даанышманы.
#1403 11 Март 2014 - 16:39
Азаматы эр кылган бата болот
турбайбы,
жашоодогу доолотун ата болот
турбайбы,
жаман журсон ичинен капа болот
турбайбы,
уйундогу берекен апа болот турбайбы,
бешик корку болонгон бобок болот
турбайбы,
агасына иниси жолок болот турбайбы,
бир туугандар бир уйдо озок болот
турбайбы,
бой жеткенде уй жайын болок болот
турбайбы,
туганындан жакынын коншу болот
турбайбы,
акретте жанында досун болот турбайбы.
Тумчугамын тубу жок саналарга
батамын,
бийиктерге жетелеп ак батасы атамдын,
издеп жургон бейишин таманында
апанын.
турбайбы,
жашоодогу доолотун ата болот
турбайбы,
жаман журсон ичинен капа болот
турбайбы,
уйундогу берекен апа болот турбайбы,
бешик корку болонгон бобок болот
турбайбы,
агасына иниси жолок болот турбайбы,
бир туугандар бир уйдо озок болот
турбайбы,
бой жеткенде уй жайын болок болот
турбайбы,
туганындан жакынын коншу болот
турбайбы,
акретте жанында досун болот турбайбы.
Тумчугамын тубу жок саналарга
батамын,
бийиктерге жетелеп ак батасы атамдын,
издеп жургон бейишин таманында
апанын.
#1404 11 Март 2014 - 16:39
Жан дилибизди тузактаган жер бул - Ата Мекен. Вольтер. Француз жазуучусу жана философ.
#1405 11 Март 2014 - 16:40
Тагдыр алдын-ала баарын маңдайга жазып койгон, аны кемите да, кошо да албайсың. Конфуций.
Кытай даанышманы.
#1406 11 Март 2014 - 16:41
Кеңешти кимден сураш керек? Өзүн-өзү жеңе билген адамдан. Леонардо да Винчи. Италия сүрөтчүсү.
#1407 11 Март 2014 - 16:42
Оозуңду ачтырган укмуштар бир эле мүнөттүк, а ооз ачтыраар укмушту жараткың келсе, ага узак жылдар керек. Клод Андриан Гельвеций.
Француз философу.
#1408 11 Март 2014 - 16:43
Жарым-жартылай чындык калптан да жаман, ага караганда карандай калпты кармоо эки эсе оңой. Теодор Годлип Гиппель. Немец жазуучусу.
#1409 11 Март 2014 - 16:44
Ташка тамга басылгандай ой кандай тилде болбосун, таамай жетет. Жон Драйден. Англис жазуучусу.
#1410 11 Март 2014 - 16:45
Өзүн бактысыз санагандарды бакыт айланып өтөт. Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ.
Француз философу.
#1411 11 Март 2014 - 16:46
Жебе - денеге, жаман сөз - жүрөккө сайылат. Бальтасар Грасиан. Испан жазуучусу.
#1412 11 Март 2014 - 16:47
Жашоо - ыр, а кайырмасы - өлүм. Виктор Гюго. Француз жазуучусу.
#1413 11 Март 2014 - 16:48
Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралу ойлонгондо,
жалпы дүйнө тууралу акыл калчайсың. Чыңгыз Айтматов. Жазуучу жана дипломат.
#1414 11 Март 2014 - 16:49
Майда таарынычтар үчүн достукка артыңды салба. Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ.
Перс акыны.
#1416 11 Март 2014 - 16:50
Кактабагын жетимди, какпа, сокпо жесирди. Толубай.
сынчы-көсөм.
#1417 11 Март 2014 - 16:52
Ташка тамга басылгандай ой кандай тилде болбосун таамай жетет.
Сабырдуу адамдын ачуусу катуу келет. ЖОН ДРАЙДЕН. Англис жазуучусу.
Сабырдуу адамдын ачуусу катуу келет. ЖОН ДРАЙДЕН. Англис жазуучусу.
Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 11 Март 2014 - 16:57
#1418 11 Март 2014 - 16:53
Эр көкүрөктөргө караганда суу жүрөктөр талаш - тартыш болгон жерге мурун тыга берет. ТОМАС ЖЕФФЕРСОН
. АКШнын 3-президенти.
#1419 11 Март 2014 - 16:54
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина."
- Мэрилин Монро.
#1420 11 Март 2014 - 16:56
Өз деңгээли чектелүүлөр качан болбосун өзүнөн бийик адамдарды жаманатты кылганга кыйын.
Адамзаттын айыгышкан душманы кимдер? Билимсиздерди көкөлөткөндөр. Клод Андриан Гельвеций. Француз философу.
Адамзаттын айыгышкан душманы кимдер? Билимсиздерди көкөлөткөндөр. Клод Андриан Гельвеций. Француз философу.