Кыргызча билбеген кыргыздарды эмне кылуу керек? Кыргыз болуп эне тилин билбегендер!
#101 05 Июнь 2013 - 14:53
Кыргыз тилин билбесе,ал чыныгы кыргыз эмес.Кыргызча билбесе уйронсун,биздин тилибиз эн оной тил деп билем.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#102 05 Июнь 2013 - 15:11
Учурда эн койгойлуу тема мамлекеттик денгээлдеги ... Окунчтуусу тилибизге урмат сыйыбыз кетткени,оз эне тилибизде суйлогондон уялабыз((( Кыргыз болуп кыргызча уйлой албагандарды айтаар элем алар толук кандуу КЫРГЫЗ деп эсептоого болбойт !!!
#103 05 Июнь 2013 - 15:24
Кыргызча билбеген кыргыздардын балдарына кыргызча жакшылап үйрөтүп койуш керек, кыргыз тилинин келечеги үчүн.
#104 06 Июнь 2013 - 06:51
fate (05 Июнь 2013 - 15:24) жазган:
Кыргызча билбеген кыргыздардын балдарына кыргызча жакшылап үйрөтүп койуш керек, кыргыз тилинин келечеги үчүн.
Кантип үйрөтөсүз? Алардын баарына үйрөтөм деп чачыңыз агарып жүрбөсүн? Могу Бишкекте аябай эле көп. Башка шаардагыларды айтпай эле коёюн.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#105 06 Июнь 2013 - 06:59
Shekerbek (31 Май 2013 - 17:52) жазган:
Только Кыргыздар копкондо 5 минут орусча суйлойт. Только Кыргызы не бояться крови и войны, и только Кыргызы ловят пули руками и головой доказано 7 апреля. Только Кыргызы во время землетрясения не выбегают на улицу, а лежат на кровати и говорят Лаа илааха илаллох. Только у Кыргызов две болезни: суук тийди или коз тийди. И только Кыргызы на вопрос: ким бар уйдо? Отвечают: эчким жок,озубуз))))).
Только Кыргызы говорят когда спрашивают как у вас здоровье, Кыргызы отвечают Жакшы кудайга шугур хоть и они умирают. Мечты наших родителей это: до жить до 100лет и увидеть внуков)) И только Кыргызские парни, как джентельмен откроет девушке дверь и скажет: Созолонбой,
чоюлбай тез,тез кирчи. А еще только Кыргызы после ухода гостей говорят, ох кетишти эми озубуз нормально чай ичели. В мире только Кыргыздар президентин бир кундо кубалап салышат. Только Кыргызские девушки красивые в этом мире, только 3 Кыргыз кызга 1 кыргыз бала. И только у кыргызов есть 7 миллион машины на 5 миллионов человек...
Ушунча көчүрүп жазган экенсиз, биротоло кыргызчага которуп койбойт белеңиз?
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#106 06 Июнь 2013 - 09:47
Orbit_bezsahara (06 Июнь 2013 - 06:51) жазган:
Кантип үйрөтөсүз? Алардын баарына үйрөтөм деп чачыңыз агарып жүрбөсүн? Могу Бишкекте аябай эле көп. Башка шаардагыларды айтпай эле коёюн.
Мектептен үйрөтүп койсо болот. Өз тажрыйбамдан айтсам, 7-класстан баштап башка мектепте окудук. Ошол жакка барган орустарыбыз кыргызча таптаза сүйлөп калышкан 11ди бүткүчө (орус класста 22 (анын 9-10 орус), кыргыз класста 15 бала окуганбыз), арасында кээ бирөө орус класстар арасындагы кыргыз тили боюнча олимпиадага катышып, областан биринчи орунду алган орустар да болгон. Албетте булар, мектеп программасындагы сабакка караганда, сабактан тышкары учурда окуучулардын өз-ара баарлашуусунан кыргызча сүйлөгөндү көбүрөөк үйрөнүшкөн.
Кыргызча үйрөнүүгө 5 жыл жетиштүү болуп жатса, 1-класстан баштап кантип үйрөнө албай калышсын. Мектептеги сабак менен гана чектелбей, балдардын өз-ара кыргызча сүйлөшүүсүн мотивдештирип койсо болот го деген оюм бар.
#107 06 Июнь 2013 - 12:23
Орус класстарды,
озбек класстарды ж.б башка тилдеги класстарды,
группаларды жаптырыш керек.. Мектептер кыргызча болуш керек.. Жана документтер,
иш кагаздар кыргызча болуш керек. Ошондо кыргыз тилин баары суйлошу мумкун
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#108 06 Июнь 2013 - 13:43
Эн эле окунучтуусу,
азыр кыргызча билбегендер уялбайтда,орус тилин билбегендер уялат...(((
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#109 09 Июнь 2013 - 01:34
Калдайгандын баары эле канатэмес...
...
Кабыландын баары эле МАНАС эмес...
Калкын чанган.калкынын тилин чанган.
Хан болсода кыргыздын баласы эмес......

(Ш.Дуйшеев)
Кабыландын баары эле МАНАС эмес...
Калкын чанган.калкынын тилин чанган.
Хан болсода кыргыздын баласы эмес......


(Ш.Дуйшеев)
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#110 09 Июнь 2013 - 01:36
кыргызчаны баары эле билишет,жон эле суйлогусу келбей бири бирине корунгусу келишеттер азыркы кыздар,кадаланышып!
!!!
#111 11 Июнь 2013 - 10:04
Кыргыз мектептен башкасын, жоюуш керек. Болду анан баары таза кыргыз тилди суйлоп калышат.
#112 11 Июнь 2013 - 13:07
Оозуңар менен суйлөй бересиңер баары бир жашоо ошо нукта бара жатат,аны эч ким токтото албайт,баарыбыз эле бирде болбосо да бирде 1 орусча сөздү кошуп сүйлөйбүз, минтиш керек,тигинтиш керек дей бербей ар бир адам өзүнөн баштаса жакшы болот эле. Тилин билбеген маңкурттар арабызда көп эле. Аларды эч ким мажбурлабайт да кыргызча сүйлө деп. Демократиялуу өлкөбүз да ошон үчүн эч ким тыюу салбайт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#114 20 Июнь 2013 - 11:05
Umnitsa (06 Июнь 2013 - 12:23) жазган:
Орус класстарды,
озбек класстарды ж.б башка тилдеги класстарды,
группаларды жаптырыш керек.. Мектептер кыргызча болуш керек.. Жана документтер,
иш кагаздар кыргызча болуш керек. Ошондо кыргыз тилин баары суйлошу мумкун
Анда өзүбүз менен өзүбүз болуп цивлизациядан арта калабыз.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#115 20 Июнь 2013 - 13:38
#116 20 Июнь 2013 - 16:07
Азыркы учурда Кыргыз тилине жакшы эле көңүл бөлүнүп келе жатат. Мектептер, ЖОЖдор арасында кароо-сынактарга жаштарыбыз активдүү катышып, тилибиздин сулуулугун,
улуулугун даңазалап келе жатышат. Ошентсе да арасында Кыргыз тилин билбегендер бар экендиги өкүнүчтүү.
Ушу кызык, сөзгө бай, көркөмдүү, сулуу тилибизди башка тилге айырбаштаган инсандарга таң калуудан башка аргам жок! Мындай тил билбеген инсандарды намысы жок, "өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт" -деп гана тим болом!
Ушу кызык, сөзгө бай, көркөмдүү, сулуу тилибизди башка тилге айырбаштаган инсандарга таң калуудан башка аргам жок! Мындай тил билбеген инсандарды намысы жок, "өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт" -деп гана тим болом!
#117 20 Июнь 2013 - 16:32
Менин группамда корей улутундагы бала окуйт, кыргыз тилинде суудай суйлобосо да оюн тушундуруп бере алат. Мына ушундан билсек болот башка улуттар кыргыз тилин уйронсо уйронуп, суйлоп кете алышат, жон гана биз жаман уйротконбуз да аларга расмий тилде суйлоп берип журуп.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#118 21 Июнь 2013 - 01:01
Кыргызча билбегендерди эмне кыла алмак элек? Эн жакшысы кыргызча билбегендерге кыргызча билгендер уйротсун!
Мага да агенттен орусча жазып калышат. Мен аларга кыргызча жооп жазып, кайра кашанын ичине орусчасында жазып койсом уялып жазбай калышат.
Мага да агенттен орусча жазып калышат. Мен аларга кыргызча жооп жазып, кайра кашанын ичине орусчасында жазып койсом уялып жазбай калышат.
#119 24 Июнь 2013 - 01:07
Уй мөөрөйт уйдун тилинде,
кой маарайт койдун тилинде.
Уй,койдон артта калыппыз,
Эне тилин билүүдө.(Байдылда)
кой маарайт койдун тилинде.
Уй,койдон артта калыппыз,
Эне тилин билүүдө.(Байдылда)
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#120 24 Июнь 2013 - 01:21
Эмне кылмак элек, олтуруп салмак белек. Биринчиден мамлекеттин аракети керек. Мисалы Казактарда баардык нерсени (гезит, TV, радио) 70% оз тилинде чагылдыруу мыйзамы бар. Руское радио 70% казакча ыр берет Бизге да ушундай керек. Биринчиден орусча бала-бакча, мектептерди азайтуу керек.