Суперстан: Тарбиялык маанидеги икаялар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тарбиялык маанидеги икаялар.

#1 Пользователь офлайн   Romantic   10 Январь 2011 - 07:20

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Тарбиялык маанидеги икаялар

Коомдун тынчтыгы, бейпилдиги жана жаркын келечеги үчүн жаш, кары дебей анын бардык өкүлү адеп-ахлактык жоболорго баш ийиши керек. Ахлактык баалуулукту калкка сиңирүү үчүн курулай акыл-насааттарды кайталоо бир буттап басканга тете. Ошол себептен кеменгер ата-бабалар тарабынан тарбиялык маанидеги көптөгөн жомоктор, тамсилдер, икаялар жана баяндар жазуу түрүндө да, ооз эки түрүндө да бизге мурасталган. Икаялар ахлактык темаларды ар кайсы курактагы адамдарга түшүндүрүүнүн эң ыңгайлуу жолу болуп эсептелет. Икая айтылып болгон соң ортого чыккан насыят жана багыт угармандарга көбүнесе оң таасир калтыргандыктан, белгилүү икаялар илгертен бери

Ислам дүйнөсүндө көп окулуп, көптөгөн тилдерге которулуп келет.

Анда эмесе назарыңыздарга тарбиялык маанидеги айрым икаяларды суналы:

1. Төрт кумурсканын икаясы:

Төрт кумурска бир нерселерди жазып жаткан калемди көрүп өз ара кобураша кетишет. Биричи кумурска кеп айтат:

– Бул жазууну береги калем жаздырып жатат.

Экинчи кумурска акылдуусунат:

– Койчу айланайын, калем кантип өзү кыймылга келип жазсын. Болбогон кеп.

Карабайсыңбы калемди бир кол кармап турат. Демек жазуу колдун жардамы менен жазылып жатат.

Үчүнчү кумурска баш чайкайт:

– Достор, көзүңөрдү чоңураак ачпайсыңарбы, кесилген кол өзүнөн өзү кантип жазсын?!

Кол албетте бир адамга таандык болушу керек. Демек, жазууну адам жазып жатат.

Көптү көрүп, албан тажрыйба топтогон төртүнчү кумурска сөзгө чекит койгусу келип мындай дейт:

– Жок, баарыңардыкы туура эмес. Жаны жок, акылсыз адам эч качан жаза албайт. Адамда акыл жана жан бар. Калемге да, адамга да ошондой артыкчылыкты, өзгөчөлүктү берген бирөө бар, Ал–Аллах!

Бул икаядан берегидей таалимди жана баалуулукту чыгарууга болот: Айрым адамдар ийгиликти жана тапкан пайдасын «Өзүм иштеп, өзүм таптым, эч ким мага көмөк көрсөткөн жок...» деп, өзүн опол тоодой кыйын сезишет. Натыйжада текеберленип, зыкымга айланат да, бирөөгө жакшылык кылуу, кайыр-садага өңдүү соопчулукту унутат. Булар кудум биринчи кумурскадай акыл көрөңгөсү да, пейли да тар адамдар болуп эсептелет.

Айрым пенделер болсо; Мага Алла акыл, ден соолук, күч-кубат жана шык-жөндөм берди. Мунун натыйжасында мен эмгектендим, Алла Таалам болсо береке, ийгилик ыроолоду. Тактап айтканда6 ушунча ийгиликти мага Алла Таалам берди, – деп, текеберликтен, зыкымдыктан сактанат, кирешесинин бир бөлүгүн Алла ыраазылыгы үчүн муктаждарга таратат. Мындай адамдар төртүнчү кумурска сыяктанып терең ойлонуп, арканды узак ташташат.


2. Ашыккан адамдын икаясы:

Бир шашма адам үйлөнүп, жайланат. Көп жылдар бою жубайынын согончогу канабайт. Жаратканга жалбарып, улуулардын батасын алышкан соң бир балалуу болушат. Күндөрдүн биринде жубайы ымыркайды күйөсүнө карматып, өзү жалгыз жашаган коңшу кемпирдин ал-жайын сурап, анын кийим-кечесин жууганы кетет. Көп өтпөй падышанын желдеттери эшик кагат:

–Паланча уулу паланча, сени падыша дароо сарайга келсин деп жатат. Алдыбызга түш!

–Мен кичинекей баламды карап олтурдум эле. Мейли падышанын буйругун эки кылбайлы. Үйдө чычканга кебек алдырбас мышыгыбыз бар, ал балага көз салып турат – дейт да, желдеттердин алдына түшүп сарайга бет алат.

Көп өтпөй үйдө кара чаар жылан пайда болот. Акырын сойлоп ымыркайга жакындай баштайт. Кожоюндун мышыгы жете келип жылан менен көпкө арбашат, акырында «тап» секирип жыланды кекиртектеп муунтуп салат. Оозу, мурду канга бойолгон мышык жыланды өлтүргөнүнө корстон боло босогого жата кетет.

Падышанын алдынан чыгып, үйүнө ашыккан кожоюн эшиктен кирери менен канга бойолгон мышыкты көрүп, нес болуп туруп калат. Буга ишенип таштап кетсе, баламды жеп койгон тура деген ойго келип, шашмалык адаты кармап колундагы таягы менен мышыкты башка чаап өлтүрөт.

Шалдайып төркү бөлмөгө кирсе, баласы терең дем алып, мемиреп уктап жатат. Эки кулач кара чаар жыландын канга чыланып жатканын көргөн адам шашмалыгына өкүнүп бармак тиштейт.

Бул икая кимибизге болбосун алдыдагы иштердин, окуялардын төркүнүн иликтеп көргөн соң анан жыйынтык чыгаруунун зарылдыгын баса белгилейт. Асыресе, бул икаяда шашмалыктын, ашыгуунун ашкере зыян экени таамай чагылдырылган.


3. Молдонун чоң селдесин уурдаган уурунун икаясы:

Бир молдо чоң кадыр-баркка ээ болуу үчүн жана эл өзүн чоң аалым деп эсептесин деген ойдо башына чоң селде кийе турган. Бирок селде үчүн сапаттуу бөз алганга акчасы жетпегендиктен селдесинин ичине чүпүрөк-чапырактын кыркынды, калдыктарын толтуруп, сыртына беш карыш ак бөздү каптап койот.

Муну көргөн ууру күндөрдүн биринде «он кулачтай чыга турган ак бөзүн сатсам да кыйла акчага тунам» деген ойдо жолдо бараткан молдонун башындагы калдайган селдесин жула качат. Ичинен күлкүсү келген молдо уурунун артынан кыйкырган бойдон кала берет:

-Ээй, ууру! Селденин ичин ачып көр да, кайра алып келип бер!

Бул икаядан мындайча сабак алууга болот: Көпчүлүк адамдар сыркты көрүнүшкө гана алданып келишет. Нерсенин ич жүзүн баамдай албай зыян тартып келишет. Тактап айтканда, сырткы көрүнүшкө эмес, иштин акыйкат жүзүнө баа берүү абзел.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   16 Июль 2013 - 17:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

Рахмат автор бул икаялардын мааниси терен жазылган экен.Бул котормобу? Кайсы элге таандык? Уландысын кутобуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Azem2013   17 Июль 2013 - 08:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Рахмат автoр! Тарбиялыk мааниcи зoр иkаялар эkен. Дагы да kyтoбyз жаза бериниз.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aruuzat88   24 Июль 2013 - 04:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Дагы жазынызчы автор :гезит:
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   guard   16 Август 2013 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эң жакшы икаялар, ушул сыяктуу тарбиялык маанидеги икая, аңгемелерден көбүрөөк жазсаңыздар абдан жакшы болчудай, Рахмат икаяларды жазган адамга !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   milena95   12 Сентябрь 2013 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Икая кайнене жана келин.
Байыркы Кытайда,бир кыз турмушка чыккандан кийин кайын энеси менен чогуу жашап калат.Убакыт өткөн сайын ал келин кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай,аягында жаны кашайганда андан арылууну көздөйт.Атасынын досу ар кыл чөптөрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:
-Менин чыдамым бүттү,кайын энем менен мындан ары жашай албайм,ал мени жинди кылып бүтүрмөк болду.Мага жардам бербесеңиз болбойт,акчасын жакшы төлөп берем,-дейт.
-Макул жардам берейин,бирок менден сага кандай жардам керек,-деп аяш атасы сурайт.
-Мага уу сатыңыз,эгер кайын энемди өлтүрсөм,баардык көйгөйлөрүмөн арылат элем...
Аяш атасы бир аз ойлоно түшүп анан:
-Макул кызым,мен сага жардам берейин,бирок, сен эки нерсени эсиңе ал.Биринчиден, сен кайын энеңди дароо эле ууландырып жок кылсаң,баары сенден шектенет да,кылмышың ачыкка чыгат.Андан көрө мен сага башка чөптү берейин,аны күн сайын тамагына кошуп бере берсең,ал акырындан таасир берип,кайын энең өлгөндөн кийин анын ууланганын эч ким байкабай калат.Экинчиден таптакыр шектенүүлөр болбос үчүн,сен кайын энеңе болгон мамилеңди өзгөртүшүң керек.Бүгүндөн тарта каарыңды кетирип,аны урматтап-сыйлап, өз энеңдей жакшы көрүп айткандарына бат көнүп,чыдамкайлык менен жакшы мамилеңди ага көрсөт.Ошондо анын өлүмүнө сенин күнөөлүү экениңди бир жандын да оюна келбейт.
Аяш атасынын айткандарына муюп,айтканын аткарам деп кыз чөптү алып үйүнө кетет.Алып келген чөптү күн сайын кайын энесинин тамагына кошуп берип турат.Ошол эле убакта кайын энесине болгон мамилесин өзгөртүп,кичипейилдик менен айткандарын угуп,так жасап,кайын энесин сыйлай баштайт.Келининин мүнөз-жүрүшү, мамилеси өзгөргөнүн байкаган кайын эненин ичи жылып,аны өз кызындай көрүп,жүрөгү менен жакшы көрө баштайт.Баардык курбуларына, туугандарына "менин келинимдей мыкты келин барбы,мындай келинди Кудайдан гана тилеп алышат"деп күндөн-күнгө мактап айта баштайт.Жарым жылдан кийин кайын эне менен келиндин ортосундагы мамиле эне-кыздын мамилесиндей болуп экөө өзгөрүп,экөө бири-бирине аябай ынак болуп калышат.
Анан эле бир күнү жаш келин аяш атасына шашып келип,жалбара баштайт:
-Жараткан алдында алдыңызга жыгылып жардам сурайм,менин кайын энемди мен берген уудан сактап калыңызчы.Анын өлүмүн таптакыр каалабайм,ал ушундай алтын адам болуп өзгөрдү,аны ушунчалык жакшы көрөм,жардам кылыңыз...Аяш атасы жылмайып карап мындай дейт:
-Кызым кабатыр болбо,мен сага эч кандай уу чөп берген эмесмин.Ал жөн гана тамакка кошчу аш-көк эле.Ал эми уу болсо сенин мээңде болчу,ал уудан өзүңдү-өзүң арылттың...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   milena95   13 Сентябрь 2013 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Үч уул.
Үч аял булактын башында маектешип олтурушкан эле.Бир аз илгериде бир карыя киши аялдардын өз балдарын мактагандарын угуп отурду.Аялдардын бири:
-Менин уулум ушунчалык шамдагай Ага бул жагынан эч ким тең келбейт.Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр дейт.
Аны уккан берки аял сөз талашып:
-Менин уулумдун үнүн бир уксаңар,булбул биякта эле калат.Дүйнөдө анын үнұндөй үн жок болсо керек.Кудайдын бергени бу...Булар минтип мактанып атышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок.Аялдар андан:
-Сен эмне балаңды айтып мактанбайсың? Анын эмнеси бар?-деп сурашат.Анда тиги аял:
-Баламдын бир артыкчылыгы жок.Жөн эле мактай беремби.Анчалык мактоого татарлык тарабынан көрбөдүм.Аялдар ошентип чакаларын араң көтөрүп,анда- санда тынып,эс алып бара жатышты.Ийиндери талып чыккан эле.Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды.Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп,түркүн- түркүн кыймылдарды жасап жиберди.Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты.Баракелде, өнөрүңө береке!..
Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолонтуп бир ырдады дейсиң,аялдардын көздөрүнө жаш толуп,шыпшынып тыңдашты.Акыркы бала жүгүрүп келип,энесинин колунан чаканы алып,үйүнө көтөрүп кетти.Аялдар баятан бери аксакалга кайрылып:
-Балдарыбыз кандай экен?-дешти. Карыя чоочугансып;
-Балдарыңарбы? Мен аларды көргөн жокмун.Энесинин колунан чакасын алып үйүнө кетти.Аны сурасаңар абдан жактырдым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   milena95   13 Сентябрь 2013 - 00:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Сулуу кыз.
Периштенин өзүндөй болуп жолдо сулуу кыз каалгып басып келатты.Бир маалда артынан бир эркек ээрчип келатканын байкап,башын "жалт"буруп;
-Эмнеге артыман түшүп келатасың?-деп сурады.
-Сенин сулуу чырайың ушунчалык азгырып,мени толугу менен башкарып,артыңан ээрчүүгө аргасыз кылып жатат.Жүрөгүмдү арбаганың үчүн сага өзүмдүн сүйүүмдү билдиргим келет!-дейт эркек.
Сулуу кыз бир азга унчукпай карап турду да:
-Кандайча мени сүйүп калдың?Менин кичүү сиңдим алда канча менден сулуу,ажарлуу эмеспи.Ал артымда келатат,көз салып көр-деп узап кетет.
Эркек артына кылчайып,кийинки сулууга ашыгат.Бирок, маңдайынан жамаачы эски кийимчен,бети мин тырыш баскан кемпирди гана көрөт.Шашыла басып сулууга жете келет да,көзүн алакачып,күнөөкөр үн менен сурайт;
-Айтчы,жалган сүйлөгөнгө кантип дитиң барды?
Кыз жылмаят:
-Достум,арзууңду билдиргенде сен дагы мага жалган айттың.Сүйүүнүн баардык эреже-жолдорун билип туруп,мага деген махабаттан жүрөгүң алоолоп тургандай түр көрсөткөнұң кандай?Сүйүүң анык болсо,неге артыңдагы айымга кылчайдың?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   milena95   13 Сентябрь 2013 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Үч башка адам.
Индиянын падышасы Акбарга чыныгы алтындан жасалган үч опокшош кичинекей белек,ага кошо тиркелген кат келет.Катта ар бир алтын фигуранын өзүнчө белгиси,балуулугу бар экени айтылат.Падыша кеңешчилерин чакырып,ар биринин өзгөчөлүгүн табууну буйурат.Көпкө чейин убара тарткан кеңешчиле салмагын,узундугун, алтындын сапатын текшерип отуруп,сырткы да,ички да айрымачыгын табышпай,айлалары кеткенде алакандарын жайышат.Бир гана Бирбал аттуу даанышман өжөрлөнүп,изденип отурат.Акырында фигурадагы кулактардан көзгө араң көрүнгөн кичинекей көзөнөк таап,ичке алтын жипти андан өткөрөт.Биринчисинде жип биринчи кулактан кирип,экинчисинен чыгат,экинчисинде ооздон,үчүнчүсүндө- жұрөктөн чыгат.Ушундан кийин ал Акбар падышаны карап:
-Табышмактын жандырмага жанды.Биринчиси- бир кулагына сөз кирсе,экинчисинен чыгып кеткен адамды түшүндүрөт; .Экинчиси-айтылган нерсени угуп-укпай,түшүнұп- түшүнбөй туруп башкаларга бежиреген адамды.;үчүнчүсү- уккан сөздү эске тутуп,жүрөгүнөн өткөргөн адамды түшүндүрөт. Бул үч белектин эң баалуусу-ушул үчүнчүсү,-дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   milena95   13 Сентябрь 2013 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ишеним жана эрк.
Тоо этегинде бир көл болот.Бир жерде жамгырды күтүп жата бергенден аябай жадайт.Чоң-чоң максаттарды көздөйт:дайра болуп агылып,деңиз болуп толкусу келет.
Акыры бир күнү чоң сапарга чыгууну чечет да,бир жолун таап агып жөнөйт.Агып жүрүп отуруп талааны,токойду басып өтөт.Акыры бир чөлдүн башына келип токтойт.Күн ысык,андан ары баруудан кооптонот.Бир убакта бир үн чыгат:"Токтобо, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн кыйынчылыктан, коркуп артка кайтпа!Мына ошондо ийгиликке жетишесиң! "
Бирок суу ордунан жылбайт.Чексиз чөл,алдыда белгисиздик. ...
Ошондо баягы үн дагы угулат.
"Жолдун көбүн басып өттүң,эми аягына чык!Өз күчүңө ишен,тоскоолдуктардын алдында алсыз болбо!Жашоодо жеңиш үчүн кұрөшкөн гана өз максатына жетет!Алга! "
Бул сөздөргө муюп,өз күчұнө ишенген суу чыгыны,алдыга карай агып жөнөйт.Күндүн ысыгына чыдабай,акырындап буулана берет.Ошентип, бир тамчысы да калбай бууланып кетет.
Эң кызыгы бууланган суу асманда булут болуп чогулуп,шамалдын жардамы менен көп аралыктарды басып өтөт.Акыры учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизге жетет.Ал жерден Жараткандын буйругу менен жамгыр болуп төгүлүп,деңизге кошулат.Ошентип кайдагы бир тоонун этегинде жаткан көлдүн суусу өжөрлұгүнүн, бекем эркинин,тынымсыз аракетинин жана өз күчүнө ишениминин негизинде кыйынчылыктарга баш ийбей,акыры, дайра болуп агылып,кыялындагы деңизге барып кошулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   raia   13 Сентябрь 2013 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Илгери бир урууда ууру жигит чыгыптыр.Айлына тынчтык бербей уруулук кылып,айлынан отуп коншу айылга отуп,коншу айылдан башка урууга отуп,аксакалдарын созго калтырып,Эне атасын жер каратып тынчыбаптыр. Айлындагы аксакалдар айлалары кетип биздин урууда уруу жок эле бул жинди кайдан чыкты?Ата тээгинде ,тага журтунда деле жок эле...Деп баштары катат.Бир билсе ушунун апасы билет деп,апасынын астына келип
--Балам уруулук тукум кууйт дечу эле,тукумубузда мындай шумдук жок эле,бул бала кайдан чыкты ?-деп сураганда.
Чон ата талгак кезимде кайын энемдин катып койгон курутун сураштан тартынып уурдап бир экини жедим эле деген экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   raia   13 Сентябрь 2013 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Илгери бир байдын баласы кыз издеп,кыздан кызды тандап кол кылаасын айланып,тескейден кунгойго айланып барып калат.Карангы кирип,капыл тапыл бир уйго тушуп калышат.Ал уйдо кары аксакал абышка жана уул келини болот.Козу сойулуп конок сыйлап,аксакал соз баккан адам экен илгерки создон кеп салып отурат.Ошол уйдо бешикте жаагы тынбай ыйлаган кыз жаткан болот.Соз коштура койбой ыйлап,энесин кыйнап,коноктордун тынчын алат.Эртен мене чайга отурганда аксакал
-- аа балам жолоочу болуп жол кезип калыпсын издегенин эмне ?-деген экен.
-- ата энемди суйунтуп,келиндуу кылайын деп кыз издеп журом аба дейт.
Ошондо аксакал болсун,болсун балам бирок нике кайып буйруп муногу ыйлаак кыз сенин жарын болот дептир.Аксакалдын созуно теригип ушул ылжыраган ыйлак кыз кантип менин теним болсун,нике кайып дейт,олтуруп койсом кайдагы нике кайып деп чыгып баратып кызды канжары менен ичнен ылдый шилеп кетет.Жылдар отот,балалуу чакалуу болуп баягы жигит дагы уйлонгусу келип кыз издеп.Кунгойдон бир сулуу кыз га уйлонот.Туну колуктусун кучагына алганда,колуна тырык болгон ичи урунат.Келинчегинен ичин не болгон дегенде.Мен кыркы чыга элек ымыркай кезимде,бир копкон жигит ичими жарып кеткен экен деп жооп бериптир.
-Ошондо жигит озун кармап атин,жаштык мастык менен мен кудайдан зормун деген экем да.Корсо нике кайып буйруп турган тура деген экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   guard   13 Сентябрь 2013 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абдан сонун ангемелер экен !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   morther   18 Сентябрь 2013 - 17:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Жоокерчилик мезгилде бир кишинин үч уулу,бир бир тууганы согушка кетет.Улуу уулу согушта курман болуп,чабаганчы кабар айтып келет.Ал киши кабарды угуп ичинен улутунуп тим болот.Андан кийин катарынан 2 уулу каза болот.Анда да көп кайгырбайт. Бир тууганы өлдү деп кабар келгенде,катуу кайгырып,буркурап, боздоп ыйлайт.Кабар алып келген кабарчы таң калып:"аксакал, мен сизге түшүнбөдүм, неге арстандай үч уулуңуздан айрылганда кайгырбадыңыз эле,эмне үчүн иниңизден айрылганда катуу кайгырдыңыз" -деп сурайт.Анда карыя: --Ээ балам,кемпирим экөөбүздүн ден соолугубуз болсо андай уулдарды тапсак болот,ата-энем тирилип келип мага кайра бир тууган таап беришмек беле,ал менин ата-энемен калган белек болчу да"-деп кайра буркурап -боздоп ыйлаган экен.Ошондуктан ар бирибиз бир туугандарыбызды ата-энебизден калган белек деп сыйлай билишибиз керек экен.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   07 Июль 2016 - 14:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Акыркы бир тууган жонундогу икая айрыкча таасирлуу экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   12 Июль 2016 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Бир күнү жаш жигит чырайлуу кызды көрүп калып, издеп жүргөн ашыгын тапканына ынанып, ага үйлөнүүгө бүтүм чыгарат. Үйүнө келип, атасына ал тууралуу айтат.

Атасы: “Албетте уулум, анын колун сурап баралы. Макул болсо ага үйлөнөсүң”- деп жооп бериптир.

Жолукчу күндү болжоп, жуучулукка барган ата-бала кыз менен, кыздын үй бүлөсү, ата-энеси менен жолугушат. Уулун ээрчитип жуучулукка келген атасы, улунун бул кызга татыксыз экенин айтып, ал кызга өзүм үйлөнөм деп чечип: “Бул кыз көптү көргөн, кадырына жете ала турган инсанга ылайык",-дейт.
Атасынын бул сөзүнө таңыркаган уулу кызды талашып, акыры казыга келишет.

Маселени тыңдаган казы, сөз болуп жаткан кызды, казы мекемесине чакыртат. Анын сулуулугун көргөндө акылын жоготуп, тигил экөөнү мекемеден айдап чыгат. "Бул кыз силерге окшогон акмактар үчүн эмес, мага окшогон этибарлуу адам үчүн жаратылган" -дейт. Тиги экөө да жөн калбай, вазирге жардам сурап кайрылышат.

Вазир да кызды бир көргөндө ашык болуп, тигил үчөөнү бирдей жазага тартып, сулууну өзү алмай болот. "Бул, ай чырайлуу аял заты бир гана вазир менен жашоого татыктуу" -деп айтат. Бирок, бул кабарды падышанын уулу угуп калып, вазирди кошуп жазага тартат. "Мындай кыздар бир гана ханзаада үчүн жаралган Кудайдын белеги"-дейт. Талаш-тартыштарды карап турган тиги кыз буларды шылдыңдап күлөт. "Кимге турмушка чыгууга өзүм чечим чыгарам. Менин шартым бирөө гана: “Менин артымдан ким кубалап жетсе, ошого турмушка чыгам”-дейт.

Баарына бул сунуш жагып, бешөө ач карышкырдай кыздын артынан түшөт. Көп өтпөй бирин-бири тебелеп-тепсеп бараткандар ороого түшүп кетет. Ошондо тиги кыз ороонун үстүнө келип аларга карап: "Менин ким экенимди сурабай артымдан жүгүрдүңөр. Менин атым дүнүйө! Мага жетүү үчүн атасы уулун, уулу атасын өлтүрүүгө, деги эле адамдар мага жетүү үчүн бардык нерсеге даяр экен. Бирок, акыбети силердин абалыңардан ары өтпөйт. Мен болсо адамдарды сыноону уланта берем деп кете берген экен.
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   12 Июль 2016 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Чыныгы энелик мээрим наристе тандабайт

-Алло, саламатсызбы, бул издөө бюросубу?- деген наристенин үнү угулду.

-Ооба, балакай. Бир нерсе жоготтуңбу?

-Мен апамды жоготтум.

-Апаң кандай эле?

-Ал татынакай жана ак көңүл, боорукер болчу. Анан дагы ал таттууларды жасаганды жакшы көрчү, - деп наристенин үнү каргылданып, буулугуп ыйлап жиберди.

-Ыйлаба, балам, кечээ эле биз сенин апаңды тапканбыз. Сен кайдан чалып жатасың? -деди жооп берип жаткан аял.

-№3 балдар үйүнөн.

-Мына азыр, бир аздан соң апаң барат. Күт, -деди.

Бир аздан соң апасы Акылдын бөлмөсүнө таттууларын көтөрүп апасы кирип келди.
Баланын кубанычында чек жок эле, “АПА!”-деп кыйкырып кучагына асылды. Апасын болгон бар күчү менен бооруна кысып, ыйлап, апакелеп буйдалап сүйлөп жатты. "Апакем менин...!"

Акыл өзүнүн кыйкырыгынан өзү чочуп ойгонуп кетти. Мындай түштөр Акылга акыркы күндөрү көп кирчү болду. Жаздыгынын астына колун созуп, ал жактан бир кыздын сүрөтүн алып чыкты. Бул сүрөттү ал бир жыл мурун сейилдеп жүргөндө таап алган. Ошондон кийин ал сүрөттү такай жаздыгынын астына бастырып, сүрөттөгү кыздын өзүнүн апасы экенине бөркүндөй ишенип алган. Жан дүйнөсү аруу наристенин кыялындагы апасы ушул сүрөттөгү кыз. Уктаар маалда, ойгонсо да, балдар менен ойноп жүрүп оюна кылт этсе да чуркап келип, сүрөттү көрүп кайра кетет. Кээде сүрөт менен сүйлөшүп, ага болгон сагынычтуу сырын айтат.

Караңгы бөлмөдө Акылдын жүзүнө терезенин тушундагы айдын нуру чагылышып, жүзү нурданып, көзү илинип уйкуга кетти.

Таң аткан маалда балдар үйүнүн башчысы Жаңыл Исаева күнүгө балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын ар биринин бөлмөсүнө кирет. Мээримге суусаган ар бир бала үчүн өзүн жоопкер сезип, энелик чыныгы мээримди бере албаса да алардын башынан сылап “Кутман таң!” деп айтуу балдар үчүн эң чоң кубаныч экенин ал жакшы билет. Акылдын бөлмөсүнө киргенде анын колунан жерге түшүп калган сүрөттү көрөт.

-Акылтай бул сүрөтттү кайдан алдың?

-Жолдон таап алдым.

-Бул ким?

-Менин апам, -деп бала жылмаят. Анан да ал сулуу жана ак көңүл. Таттууларды жасаганды жакшы көрөт, -деп кошумчалайт.

Балдар үйүнүн башчысы сүрөттөгү кызды дароо тааныды. Бул кыз биринчи жолу балдар үйүнө ыктыярчылар менен келген. Балким ошондо өзүнүн сүрөтүн түшүрүп алган. Ошондон бери ал кыз бала багып алуу үмүтү менен ар кандай уюмдарга, балдар үйүнө кайрылып жүрөт. Ал эми тааныштардын айтымы боюнча, ал кыздын бир кемчилиги турмушка чыкпаганында эле.

Өзүнүн бөлмөсүнө барып, жумуш менен алектенип жаткан учурда эшик кагылат. Ал эми келген кыз сүрөттөгү кыздын өзү эле. Кыздын аты Айдай экен. Бөлмөгө кирип бир топ документтерди үстөлдүн үстүнө коёт.

-Мына эми бардык документтерди чогулттум, -деп жаш кыздын көздөрү күлмүңдөп турду.

-Түшүнүктүү. Айдай, сиз кандай жоопкерчиликти алганы турганыңызды билесизби? Бала деген бул эки сааттык ойной турчу оюнчук эмес. Аны тарбиялоо, өзгөчө кам көрүү керек. Түшүнөсүзбү?

-Мен жоопкерчиликти билем, –деп терең дем алды. Мен бирөөгө абдан керек экенимди билип туруп тынч жашай албайм. Жаңыл Исаева көпкө ойлонуп:

-Макул, качан балдарды көргөндү каалайсыз?


-Мен аларды көрбөйм. Сиз каалаган кайсы гана бала болбосун алып кетем, -деди жүзүнө тик карап. Билесиз, чыныгы ата-эне баласын тандабайт. Алар алдын-ала балдарынын сулуу же түрү суук, ден-соолугу чың же оорулуу болуп төрөлөөрүн алдын-ала билишпейт. Алар балдарын кандай болсо, ошондой абалда сүйүшөт. Мен дагы чыныгы эне болгум келет, -дейт.

Мындай адамды биринчи жолу кезиктирген Жаңыл айым жылмайып, “Негизинен мен билем сиздин кимдин апасы болооруңузду. Анын аты Акыл, 5 жашта. Өзүнүн апасы төрөт үйүндө өз баласынан баш тарткан. Даяр болсоңуз мен баланы алып келем.

-Ооба, даярмын. Баламды көргөзүңүзчү.

Баланы алып келгенде “ Апа!” –деп кыйкырды Акыл. Кудум эле түшүндөгүдөй, апасынын моюнуна асылып эне баланын ортосунда бактылуу көз ирмемдер сүрүп жатты. Көптөн бери көрүшпөгөн эне-бала өңдүү жүз көрүшүп, кучакташып ыйлап жатышты. "Ыйлаба, балапаным, эми экөөбүз дайым биргебиз. Эми эч качан айрылбайбыз. "

Аялзаты үчүн эң баалуу нерсенин бири- бул наристе жытын жыттоо. Балага татыктуу тарбия берүү менен аны мээримге, боорукердикке бөлөө. Тилекке каршы коомубузда бирөөлөр балага зар болсо, дагы бирөөлөр бала баркын кор кылууда. Оюбуз далилдүү болушу үчүн баланы өстүрүүдөгү, багып алуудагы жоопкерчиликтен дагы баланы бул дүйнөгө алып келүү жоопкерчилиги миң эсе өйдө турарын ар бир адам эстен чыгарбаса.

Даярдаган: Жанара Каденова
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Adiletgo   02 Сентябрь 2016 - 21:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 05 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2024 07:43

Чоон рахмат! Аябай бээрилип окудум, дагы коп-коп жазыныздарчы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: