БАШЧЫЛАРГА БИР КЕҢЕШ
Жарандарым,
ушул менин катаал жагым:
Жашоо – тозок, түшүндүрүш - татаал аным.
Баарыңарга ачык айтам: Башчысыңбы.
..
Башың такта, же үстүндө баталганын.
(Ортозар бир өмүр сүрүп жүргөндөр көп,
Ооматы аз, бирок чынга үргөндөр көп.
Ошондуктан,
орошон бир ойлуу инсан,
Оолак болор кыргыз салтын билсе, демек.)
Жыргал көрбө байлык менен жашаганды,
Же түрмөнү... толтурат бил башың аңды.
Кысталактар,
кедейлерден сабак алгын:
Кынтыгы жок, кыйналса да жакшы жарды.
Жок-жок ага түк ыраазы эмессиңер,
Дүйнөдөгү байга келет теңешкиңер.
Өз кызыгын ойлоп сени бузуп салат,
Оолак болсун арамдыктан кеңешчиңер.
Башка да көп айтаарым да, дээрим менин:
Башкаларга кетпесин эч элиң, жериң.
Улутуңду бөлгөндөргө катаал бол да,
Улуулоочу жарандарга мээрим бергин!
Башчыларым,
ойлон тактын катаал жагын:
Башың такта, же үстүндө баталганын!
...
Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#201 19 Сентябрь 2018 - 23:03
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#202 21 Сентябрь 2018 - 10:03
ТАБЫШМАК
Ишен бүгүн мактанып:
“Ичтик – деди – АТ, ТОПОЗ.”
Акыл айран ал сөзгө,
Ал эмнеси, айтчы дос?
“Жедик” десе макулмун,
" Же", - деп бирөө бергендир.
“Бул эт – топоз, аттыкы...” –
Балким, десе дегендир.
Бирок, Ишен “ичтик” - деп,
Бизге калпты куюлтту!
Эгер ошол чын болсо,
Экөөн кантип суюлтту?..
Жообу:
Оңой чыгат издесең,
Орус тилде жандырмак:
Ат –конь болсо, топоз –як,
Анда ичишкен – КОНЬЯК!
Ишен бүгүн мактанып:
“Ичтик – деди – АТ, ТОПОЗ.”
Акыл айран ал сөзгө,
Ал эмнеси, айтчы дос?
“Жедик” десе макулмун,
" Же", - деп бирөө бергендир.
“Бул эт – топоз, аттыкы...” –
Балким, десе дегендир.
Бирок, Ишен “ичтик” - деп,
Бизге калпты куюлтту!
Эгер ошол чын болсо,
Экөөн кантип суюлтту?..
Жообу:
Оңой чыгат издесең,
Орус тилде жандырмак:
Ат –конь болсо, топоз –як,
Анда ичишкен – КОНЬЯК!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#203 23 Сентябрь 2018 - 10:44
#204 03 Октябрь 2018 - 15:37
КАРЫЛАРГА КУТТУК ЫР
Кайра келбейт жаштык деген кайраныңар,
Кайтпайт кайра о илгерки сайраныңар.
Кутман курак жаш бериптир шүгүр дегин,
Куттуу болсун карыялык майрамыңар!
Чоңдор макул чогулушка чакырбасын,
Чочулашып чоң залына батырбасын.
Жекирбегин, кекенбегин, канагат кыл,
Жер үстүндө аман жүрсүн бакыр башың.
Ар бириңер Жараткандан белексиңер,
Ар-намыска желбиреген желексиңер.
Артыңарда өчпөй турган изиңер бар,
Азыр деле аккан суудай керексиңер.
Кубангыла тирүүсүңөр, кайрандарым,
Куттуу болсун карыялык майрамдарың!
1.10.2018.
Кайра келбейт жаштык деген кайраныңар,
Кайтпайт кайра о илгерки сайраныңар.
Кутман курак жаш бериптир шүгүр дегин,
Куттуу болсун карыялык майрамыңар!
Чоңдор макул чогулушка чакырбасын,
Чочулашып чоң залына батырбасын.
Жекирбегин, кекенбегин, канагат кыл,
Жер үстүндө аман жүрсүн бакыр башың.
Ар бириңер Жараткандан белексиңер,
Ар-намыска желбиреген желексиңер.
Артыңарда өчпөй турган изиңер бар,
Азыр деле аккан суудай керексиңер.
Кубангыла тирүүсүңөр, кайрандарым,
Куттуу болсун карыялык майрамдарың!
1.10.2018.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#205 02 Ноябрь 2018 - 08:43
ТАБИЙГАТТЫН МЫЙЗАМЫ БУЗУЛБАСЫН!
Баары билет: күчүктүн ит болорун,
Башта сирке кадимки бит болорун.
Көлчүктөгү ит балык бака болот,
Күтпөгүлө, окшош деп, кит болорун.
А торопой чоңоёт каман болуп,
Ал башкага өзгөрсө, жаман жорук!..
Айланайын жаш бөбөк, Адам уулу,
Адам болуп өсө көр, Адам болуп!!!
Баары билет: күчүктүн ит болорун,
Башта сирке кадимки бит болорун.
Көлчүктөгү ит балык бака болот,
Күтпөгүлө, окшош деп, кит болорун.
А торопой чоңоёт каман болуп,
Ал башкага өзгөрсө, жаман жорук!..
Айланайын жаш бөбөк, Адам уулу,
Адам болуп өсө көр, Адам болуп!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#206 16 Ноябрь 2018 - 21:47
ТААНЫШ КЫШ
Айланып жылда бир келер кезин танышпай,
Азыркы кыш да былтыркы ак кыш, тааныш ай!
Кары учуп келип каалгый конот ийниме,
Калбаптыр кара, тогуз ай өттү, таанышпай.
Жер бети аппак, тоо башы салып ак жоолук,
Жааган карда эркелик менен наз толук...
Мээримим төгүп, кыскым бар кышты кучакка,
Мезгилден мурда кетет деп чочуйм жаз болуп?..
Айланып жылда бир келер кезин танышпай,
Азыркы кыш да былтыркы ак кыш, тааныш ай!
Кары учуп келип каалгый конот ийниме,
Калбаптыр кара, тогуз ай өттү, таанышпай.
Жер бети аппак, тоо башы салып ак жоолук,
Жааган карда эркелик менен наз толук...
Мээримим төгүп, кыскым бар кышты кучакка,
Мезгилден мурда кетет деп чочуйм жаз болуп?..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#207 17 Ноябрь 2018 - 16:55
"Жер бети аппак, тоо башы салып ак жоолук,
Жааган карда эркелик менен наз толук...
Мээримим төгүп, кыскым бар кышты кучакка,
Мезгилден мурда кетет деп чочуйм жаз болуп?.."
Барс агай! Керемет саптар! Ийгилик Сизге! Ыракмат, жүрөк толкуткан ырларыңызга.
Жааган карда эркелик менен наз толук...
Мээримим төгүп, кыскым бар кышты кучакка,
Мезгилден мурда кетет деп чочуйм жаз болуп?.."
Барс агай! Керемет саптар! Ийгилик Сизге! Ыракмат, жүрөк толкуткан ырларыңызга.
#208 25 Ноябрь 2018 - 13:43
"
КЕЙИШ ЫРЛАР" түркүмүнөн.
..
ЖАДОО ЫРЫ
Күндөр өтөт түзсүз, окшош,
Көөдөн ээн, нурсуз, бопбош...
Жадатты.
Тынч албаган чырдуу дүйнө,
Тынымы жок кыргын сүйлөө,
Жадатты.
Уул-кызың наадан чыгып,
Уулап журтту жаманчылык,
Жадатты.
Коомуң туюк жара болуп,
Кожо-пириң “кара” болуп,
Жадатты.
Жат, бөтөнгө телинбеген
жан көрүнбөй элим деген,
Жадатты.
Кыргылчал көп көнүп алган,
Калктын ичин бөлүп, жарган,
Жадатты.
Төрт бүлөсүн башкара албай,
Төбөлгө сын, салган айгай,
Жадатты.
Кесип кылган терс адатты,
Кеңкелестик, эх, жадатты!..
Сеничи?!
ЖАДОО ЫРЫ
Күндөр өтөт түзсүз, окшош,
Көөдөн ээн, нурсуз, бопбош...
Жадатты.
Тынч албаган чырдуу дүйнө,
Тынымы жок кыргын сүйлөө,
Жадатты.
Уул-кызың наадан чыгып,
Уулап журтту жаманчылык,
Жадатты.
Коомуң туюк жара болуп,
Кожо-пириң “кара” болуп,
Жадатты.
Жат, бөтөнгө телинбеген
жан көрүнбөй элим деген,
Жадатты.
Кыргылчал көп көнүп алган,
Калктын ичин бөлүп, жарган,
Жадатты.
Төрт бүлөсүн башкара албай,
Төбөлгө сын, салган айгай,
Жадатты.
Кесип кылган терс адатты,
Кеңкелестик, эх, жадатты!..
Сеничи?!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#209 27 Ноябрь 2018 - 09:10
* * *
Адамдын баары төрөлөт дечи башынын ичинде анык мээси менен,
Андан түк жок шек.
Бирок кийинчерээк алгылыктуу ишке жарайбы анын акыл-эси десең...
Мына ошондо кеп!
Адамдын баары төрөлөт дечи башынын ичинде анык мээси менен,
Андан түк жок шек.
Бирок кийинчерээк алгылыктуу ишке жарайбы анын акыл-эси десең...
Мына ошондо кеп!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#210 05 Декабрь 2018 - 21:29
ҮЧ ҮШТҮК ҮЧТҮК
* * *
Эрге окшойт жарыбаган катынга...
Эң бир азап, андан артык кыйноо жок,
Эргүүсү жок ыр жаздыруу акынга!
ЭСКЕРТҮҮ! !!
“Кыйратам, - деп – бу кысталак, буруттарды! ”
Кыздарыңды өз төрүңдө кыңшылатып,
Кытайларың кырылгандай уруктады...
* * *
Алтын – сары, жез да сары, сары – коло,
Ар бир адам өз алдынча бирден аалам,
Андыктан да айырмалуу жагы толо...
* * *
Эрге окшойт жарыбаган катынга...
Эң бир азап, андан артык кыйноо жок,
Эргүүсү жок ыр жаздыруу акынга!
ЭСКЕРТҮҮ! !!
“Кыйратам, - деп – бу кысталак, буруттарды! ”
Кыздарыңды өз төрүңдө кыңшылатып,
Кытайларың кырылгандай уруктады...
* * *
Алтын – сары, жез да сары, сары – коло,
Ар бир адам өз алдынча бирден аалам,
Андыктан да айырмалуу жагы толо...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#211 19 Декабрь 2018 - 09:33
РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВГО
Ырга гана төрөлүптүр, ырдап өлдү,
Ыр жаатында бошотпостон сахна-төрдү.
Элдин сыйын, ичи тардын ушагын да,
Эч жалкыбай эрдик менен баарын көрдү.
“Атайлардан кийин келген булбул!” – дешти,
“Аттиң, бирок, оору экен кургур...” – дешти.
Обон созсо аккордеон сайрап, боздоп,
Ошол күнү жарык кылчу буурул кечти.
Анын үнү көңүлдөрдүн кирин жойгон,
Анын ыры азыр элде тирүү бойдон.
Ырларында андыктан ал жашай берет,
Ырчылардын бири болбой, пири бойдон...
Ырга гана төрөлүптүр, ырдап өлдү,
Ыр жаатында бошотпостон сахна-төрдү.
Элдин сыйын, ичи тардын ушагын да,
Эч жалкыбай эрдик менен баарын көрдү.
“Атайлардан кийин келген булбул!” – дешти,
“Аттиң, бирок, оору экен кургур...” – дешти.
Обон созсо аккордеон сайрап, боздоп,
Ошол күнү жарык кылчу буурул кечти.
Анын үнү көңүлдөрдүн кирин жойгон,
Анын ыры азыр элде тирүү бойдон.
Ырларында андыктан ал жашай берет,
Ырчылардын бири болбой, пири бойдон...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#212 09 Январь 2019 - 16:13
Ушул ырды жыйырманчы кылымдын аягында баштап, жыйырма биринчи кылымдын башында жазып бүтүрүпмүн,
тообо...
Элдер килейген поэмага деле мынчалык убактысын сарптабаса керек эле...
Эмне мынча зарыл болду экен ыя?! Кыйраткан деле жери жок окшойт!
БЕГИМАЙ
Теңиң – Күн-у, теңиң – Ай,
Теңтуш өскөн Бегимай.
Тамшандырган кыйланы,
Тамашалуу кебиң ай!
Теңиң – Жаз-ки, теңиң – Жай,
Теңселтүүчү демиң ай.
Теңирим сага кошобу,
Тең курбалым Бегимай?
Жүзүң – суунун тунугу.
Күлкүң – Күндүн сыныгы.
Беш толгонтот бир күндө,
Бегимай кыздын кылыгы.
Үнүң шыңгыр – жылаажын,
Үрсүң мага ылаазым.
Бирок бирге болуунун
Билбей койдум ылаажын...
…………………………
Пейли – жарды, теги – бай,
Бекке тийди Бегимай.
Атырылган өзөндөн,
Арык болду жээги ылай…
21.07.97-9.12.01- жж.
Элдер килейген поэмага деле мынчалык убактысын сарптабаса керек эле...
Эмне мынча зарыл болду экен ыя?! Кыйраткан деле жери жок окшойт!
БЕГИМАЙ
Теңиң – Күн-у, теңиң – Ай,
Теңтуш өскөн Бегимай.
Тамшандырган кыйланы,
Тамашалуу кебиң ай!
Теңиң – Жаз-ки, теңиң – Жай,
Теңселтүүчү демиң ай.
Теңирим сага кошобу,
Тең курбалым Бегимай?
Жүзүң – суунун тунугу.
Күлкүң – Күндүн сыныгы.
Беш толгонтот бир күндө,
Бегимай кыздын кылыгы.
Үнүң шыңгыр – жылаажын,
Үрсүң мага ылаазым.
Бирок бирге болуунун
Билбей койдум ылаажын...
…………………………
Пейли – жарды, теги – бай,
Бекке тийди Бегимай.
Атырылган өзөндөн,
Арык болду жээги ылай…
21.07.97-9.12.01- жж.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#213 14 Январь 2019 - 10:15
КЕЛАТАМЫН
Сагынычтан «эки көз төртөө болуп»,
Мен туулган айылыма келатамын.
Ырдап коюп бир ырын чоң атамын,
Мен туулган айылыма келатамын.
Биздин айыл жолунун асфальты жок.
Тартсам дагы канчалык жол азабын.
Бут кийимим чечинип жылаңайлак,
Мен туулган айлыма келатамын.
Башка жердө түшүмө күндө кирген,
Четте турган көрүндү жалгыз терек.
Сайрап жатат бир торгой тааныш эмес,
Былтыр эле жумуртка болсо керек.
Көздөн учуп карааным күтүп жаткан,
Көрүү үчүн көздөрүн энө-атамын.
Кош айтышып бир кезде кеткен жолдон,
Мен туулган айлыма келатамын...
19.01.69-ж.
Сагынычтан «эки көз төртөө болуп»,
Мен туулган айылыма келатамын.
Ырдап коюп бир ырын чоң атамын,
Мен туулган айылыма келатамын.
Биздин айыл жолунун асфальты жок.
Тартсам дагы канчалык жол азабын.
Бут кийимим чечинип жылаңайлак,
Мен туулган айлыма келатамын.
Башка жердө түшүмө күндө кирген,
Четте турган көрүндү жалгыз терек.
Сайрап жатат бир торгой тааныш эмес,
Былтыр эле жумуртка болсо керек.
Көздөн учуп карааным күтүп жаткан,
Көрүү үчүн көздөрүн энө-атамын.
Кош айтышып бир кезде кеткен жолдон,
Мен туулган айлыма келатамын...
19.01.69-ж.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#214 18 Февраль 2019 - 18:12
ЭХ,
АДАМ А, АДАМ!..
Бир баш дагы кошо албаймын башыңарга,
Бир кашык аш кошо албайм ашыңарга.
Жараткандын өкүмүнө алсызмын мен,
Жарым кылым кошсом кана жашыңарга.
Арманың көп... ага даба таба албаймын,
Арсыз болсоң, абийириңди жаба албаймын.
Айтсам деле, жалынсам да тилим өтпөйт,
Ажал келсе арачалап кала албаймын.
Ошондуктан кийинкиңди ойло, Адам,
Орунсуз иш, арамдыкка койбо кадам.
Ырыскынын чын уңгусу ынтымакта,
Ыдыратпа, анын көзүн ойбо, жаман!
Жегичиң көп, алкым-напсин тыя албаган,
Жетесиз бар акыл-эсин жыя албаган.
Бузук жагың каптап барат кара жерди,
Бултук беттүү, айбандыктан уялбаган?
Жамандыктын жанга жабыр каары болот,
Жакшылык кыл, бакытыңдын шаары толот.
Ниет, дилди тазаласаң, аруулансаң,
Не сурасаң Жараткандан баары болот!
Бир баш дагы кошо албаймын башыңарга,
Бир кашык аш кошо албайм ашыңарга.
Жараткандын өкүмүнө алсызмын мен,
Жарым кылым кошсом кана жашыңарга.
Арманың көп... ага даба таба албаймын,
Арсыз болсоң, абийириңди жаба албаймын.
Айтсам деле, жалынсам да тилим өтпөйт,
Ажал келсе арачалап кала албаймын.
Ошондуктан кийинкиңди ойло, Адам,
Орунсуз иш, арамдыкка койбо кадам.
Ырыскынын чын уңгусу ынтымакта,
Ыдыратпа, анын көзүн ойбо, жаман!
Жегичиң көп, алкым-напсин тыя албаган,
Жетесиз бар акыл-эсин жыя албаган.
Бузук жагың каптап барат кара жерди,
Бултук беттүү, айбандыктан уялбаган?
Жамандыктын жанга жабыр каары болот,
Жакшылык кыл, бакытыңдын шаары толот.
Ниет, дилди тазаласаң, аруулансаң,
Не сурасаң Жараткандан баары болот!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#215 16 Март 2019 - 08:14
ЖАЗГЫ ҮЧТҮКТӨР
* * *
Бүгүн бизде жаздын күнү жылымдады!
Жазгым келет бир укмуш ыр жага турган,
Окурманга келе турган кылымдагы.
* * *
Жазгы аптаптын күчүн көрчү кечээги!
Жарылганы араң турган бүртүлүп,
Жаш өрүктүн бажырайды чечеги.
* * *
Жол арбытам кыйналсам да арып-ачып.
Жолукканга бир сүртүмдөн бере турган
жолоочумун, келе жатам жарык ташып...
* * *
Бүгүн бизде жаздын күнү жылымдады!
Жазгым келет бир укмуш ыр жага турган,
Окурманга келе турган кылымдагы.
* * *
Жазгы аптаптын күчүн көрчү кечээги!
Жарылганы араң турган бүртүлүп,
Жаш өрүктүн бажырайды чечеги.
* * *
Жол арбытам кыйналсам да арып-ачып.
Жолукканга бир сүртүмдөн бере турган
жолоочумун, келе жатам жарык ташып...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#216 23 Март 2019 - 17:35
МЕНИН АТАМ СЕНИКИНЕН ЖАКШЫ ЭЛЕ
(Пародия)
Адал иштеп адал тамак тапчы эле,
Айткан акыл-насааттары жакчу эле.
Барга дагы жокко дагы бышырды,
"Балдар жейт"- деп кээ күнү ачка жатчы эле.
Аалы Туткучев.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Бирок, аттиң, өтүп кеткен жаш эле.
Араң эми көп жылдан соң эскерген,
Сенин атаң абдан боору таш неме.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Мактабаймын мен атамды калп эле...
Эл алдына чыкканын эч көрбөгөм,
Бирок үйдө жамак ырдап калчу эле.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Ал сүйлөсө адам көөнүн аччу эле.
Анткен менен "мурун чыккан кулактан
Кийин чыккан мүйүз даана ашты" де:
Айтышканда төкмөк тургай меники,
Сеникинен ырды начар жазчу эле.
(Пародия)
Адал иштеп адал тамак тапчы эле,
Айткан акыл-насааттары жакчу эле.
Барга дагы жокко дагы бышырды,
"Балдар жейт"- деп кээ күнү ачка жатчы эле.
Аалы Туткучев.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Бирок, аттиң, өтүп кеткен жаш эле.
Араң эми көп жылдан соң эскерген,
Сенин атаң абдан боору таш неме.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Мактабаймын мен атамды калп эле...
Эл алдына чыкканын эч көрбөгөм,
Бирок үйдө жамак ырдап калчу эле.
Менин атам сеникинен жакшы эле,
Ал сүйлөсө адам көөнүн аччу эле.
Анткен менен "мурун чыккан кулактан
Кийин чыккан мүйүз даана ашты" де:
Айтышканда төкмөк тургай меники,
Сеникинен ырды начар жазчу эле.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#217 23 Март 2019 - 18:00
ЭНЕСИНЕН БАКЫРЫП ТҮШКӨН НАРИСТЕГЕ АЙТКАН КЕП
Ымыркай, сени төрөдү энең төрөшүн...
Ыйлаба көп да, жазганын эми көрөсүң!
Таалайың кандай, тараза ташы көрсөтөт,
Тагдырга кулсуң, өзүңө өзүң төрөсүң.
Мунусу кызык: турмуштун түрдүү түйшүгүн,
Муунушуң сезбей чылбырдай кылып өрөсүң.
Көрөсүң али жашоодо толо кызыктар:
Кышында тургай, жайкысын жаабайт ысык кар.
Кең дүйнө келдиң, алданба ага, наристем,
Кең окшоп туруп, ийненин көзү – кысык бар.
Бейпилдик менен күндөрүң өтүп жатса да,
Билинбей сени айланып тооруйт кырсыктар!
Айкашка чыктың жекеме-жеке бир өзүң,
Андыктан карма жашоонун тамыр-күрөөсүн.
Алсыздык кылсаң ачылбайт гүлүң, соолуйсуң,
Алышып жеңсең, алдыга өмүр сүрөсүң.
Алмустак күндөн айныбас мыйзам бул өзү,
Адамзат келет улантып ушул күрөшүн...
...Ата-энең үчүн айландың бүгүн майрамга,
Аныгы өзүң кармашчу келдиң майданга!
Ымыркай, сени төрөдү энең төрөшүн...
Ыйлаба көп да, жазганын эми көрөсүң!
Таалайың кандай, тараза ташы көрсөтөт,
Тагдырга кулсуң, өзүңө өзүң төрөсүң.
Мунусу кызык: турмуштун түрдүү түйшүгүн,
Муунушуң сезбей чылбырдай кылып өрөсүң.
Көрөсүң али жашоодо толо кызыктар:
Кышында тургай, жайкысын жаабайт ысык кар.
Кең дүйнө келдиң, алданба ага, наристем,
Кең окшоп туруп, ийненин көзү – кысык бар.
Бейпилдик менен күндөрүң өтүп жатса да,
Билинбей сени айланып тооруйт кырсыктар!
Айкашка чыктың жекеме-жеке бир өзүң,
Андыктан карма жашоонун тамыр-күрөөсүн.
Алсыздык кылсаң ачылбайт гүлүң, соолуйсуң,
Алышып жеңсең, алдыга өмүр сүрөсүң.
Алмустак күндөн айныбас мыйзам бул өзү,
Адамзат келет улантып ушул күрөшүн...
...Ата-энең үчүн айландың бүгүн майрамга,
Аныгы өзүң кармашчу келдиң майданга!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#218 28 Март 2019 - 11:40
ЫРГА КАЙРЫЛУУ
Болбос, балким, окуганда угумдуу,
Болбогондур окурманга жугумдуу,
Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир,
Ырым, сенден чыгарамын бугумду.
Сен келгенде кадимкидей эргиймин,
Сезим көктө, канааттанам, сергиймин.
Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп,
Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин.
Аткан окшойт тагдырыма улуу таң,
Ай жаркырап чыккан өңдүү булуттан.
Тооруп мени тоодой көйгөй турса да,
Томуктай да көрбөйм аны, унутам!
Жашоо татаал, ыйлайм балким, жаш тама,
Жамандыктар тооруур мени башка да...
Канча дос-жар таштап кетти, макулмун,
Кагылайын, Мекен экөөң таштаба!
27. 03. 2019-жыл.
Болбос, балким, окуганда угумдуу,
Болбогондур окурманга жугумдуу,
Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир,
Ырым, сенден чыгарамын бугумду.
Сен келгенде кадимкидей эргиймин,
Сезим көктө, канааттанам, сергиймин.
Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп,
Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин.
Аткан окшойт тагдырыма улуу таң,
Ай жаркырап чыккан өңдүү булуттан.
Тооруп мени тоодой көйгөй турса да,
Томуктай да көрбөйм аны, унутам!
Жашоо татаал, ыйлайм балким, жаш тама,
Жамандыктар тооруур мени башка да...
Канча дос-жар таштап кетти, макулмун,
Кагылайын, Мекен экөөң таштаба!
27. 03. 2019-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#219 25 Апрель 2019 - 19:37
СЕН СҮЙСӨҢ ЭГЕР:
Кирпигиң узартып,
Кашыңды чийбей сүй.
“Паризат” болмокко,
Парик чач кийбей сүй.
Чын сүйүү морт болот,
Чырпыгын ийбей сүй.
“Байым! ..” – деп сен мени,
Баркы зор бийдей сүй.
Баарынан башкысы:
Башкага ийибей сүй!
(Байкагын, алдастап,
Бактыңа “си.бей” сүй!)
Кирпигиң узартып,
Кашыңды чийбей сүй.
“Паризат” болмокко,
Парик чач кийбей сүй.
Чын сүйүү морт болот,
Чырпыгын ийбей сүй.
“Байым! ..” – деп сен мени,
Баркы зор бийдей сүй.
Баарынан башкысы:
Башкага ийибей сүй!
(Байкагын, алдастап,
Бактыңа “си.бей” сүй!)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#220 02 Май 2019 - 12:58
“СҮЙҮҮ ЖОК!..” – ДЕГЕНДЕРГЕ ЖООП
Элде жүрөт ак сүйүүнү жектегендер,
Эптеп-септеп турмуш жолго беттегендер.
Чычалашат: “Жер үстүндө сүйүү жок...” – деп,
Чындыгында чын сүйүүгө жетпегендер.
Жалынына махабаттын көнбөйт алар,
Жалган эле суусагансып, чөлдөйт алар.
Олжобайдан ажыраса Кишимжандай,
Өздөрүнө канжар уруп өлбөйт алар.
Андан көрө акчалууга турмуш куруп,
Азбы, көппү айласыздан төлдөйт алар.
Элде жүрөт ак сүйүүнү жектегендер,
Эптеп-септеп турмуш жолго беттегендер.
Чычалашат: “Жер үстүндө сүйүү жок...” – деп,
Чындыгында чын сүйүүгө жетпегендер.
Жалынына махабаттын көнбөйт алар,
Жалган эле суусагансып, чөлдөйт алар.
Олжобайдан ажыраса Кишимжандай,
Өздөрүнө канжар уруп өлбөйт алар.
Андан көрө акчалууга турмуш куруп,
Азбы, көппү айласыздан төлдөйт алар.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия