Суперстан: Барс агайдын өздүк чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...

#221 Пользователь офлайн   Барс   02 Июнь 2019 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ШОЙКОМДУУЛАР ПАРАДЫ

Элдин ичинде бузуктуктун кесели оңбогондой тарап,
Бүгүн майрам – омурткасы үзүлгүр ойрондорго парад.
Күн уялып нурун жашырып, булутка жүзүн катты,
Ак мөңгүлүү улуу тоолор калышты тескери карап.


Жегичтер келет парадда крокодилдей, ап деп койчу киттей,
Кээлеринин ашказандары жарылгандан ийне жуткан иттей.
Элдик наалаттан ийменбес тултуйган беттери карайып калган,
Эми дагы жегенге чыгабы деп, эки жагын улам тиктей.


Көгүштөр, лесбияндар бул парадда басып барат,
Эркеги эркегине, аялы аял үстүнө ашып калат.
Аны көргөн адам эмес, айбанаттын көңүлү айнып,
Канаттуулар уялгандан көздөрүнө канатын жабат.


Андан кийинки шуулдак ушакчылар бараткан топ,
Акты-кара, караны-ак дешкен тилдери уу, айтканы – ок.
Адамдар арасында жашап жатышканы менен бүгүн,
Аларда адамдык касиеттин кыпыны да калган жок.


Ушакчыларга куйрук улаш элин-жерин саткандар келет.
Аларга өзүнүн улуттук наркы эмес, өзгөнүн акчасы керек.
Эгерде чет элдик евро, доллар беремин деп калса кокус,
Эли-жерин мындай кой, энеси менен аялын кошо салып берет.


Буларды көрүп жатып жалындап күйдүм, жандым,
Келечекти ойлоп акылдан азып, эстен тандым.
Аягы үзүлөр эмес, бул супер акмак параддын,
Аз турдум да он миң сомдук түкүрүп, кетип калдым.
Жер-Эне, мени кечир!



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   Барс   18 Июль 2019 - 12:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Оюм онго, санаам санга бөлүнүп турат. Замандын көйгөйү ушунчалык сезимди шара тилип, жан дүйнөмө бүлүк салат деп ойлогон эмесмин! Түндүк-түштүк, уруу, урукка бөлүнө баштаган кыргыз, азыр диндерге, партияларга, саясатчылардын саясына бөлүнүп алышып, кыргызды кыргыз баткакка бөлөп, бири-бирине чыла ыргытышып булгашып жатканы, бийликтен ажыраса, башына Кыямат түшө тургансып, жан талашкандарга ээрчигендери, андан да "мен-кудаймын! " деп башкаларды ишендире артынан ээрчиткендерди карап туруп, не дээриңди билбей калат экенсиң... Чет өлкөгө, чет элге сатылгандарды айтпай эле коёюн. Эсиңе кел, ЗАМАНДАШ!



КАЙРЫЛУУ

Кагышын сездиңерби тамырымын,
Карачы, ыргагы ал жаңы ырымын?!
Ааламды туман басып, Күн тутулуп,
Алаамат болот келсе каңырыгым...

Илешсе жалын чачар мээримиме,
Ишенем кара таш да эририне...
Антсе да мен өзүмдү Кудай сезбейм,
Ар дайым баш урамын Теңириме!

Жараткан, кечирим бер, баштан сыла,
Жашообуз кыскарбасын, жаштан ула!
Ырыскы кемибесин, элим өнсүн,
Ыргытпа азыр бизди таштандыга.

Айтаарым, азыркыга, замандашка,
Азап, муң – бири-бирин жамандашса.
Кучак ач бир бооруңа, мээримиң чач,
Кубанткын жетишинче чамаң канча?!.
Чамаң барбы? Жакшылыкка кадам ташта!


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   Барс   20 Июль 2019 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

МУГАЛИММИН!

Мугалиммин! Мугалимдик – Ардак кесип,
Билим берет келечекке ачып эшик.
Кайда барба, окуучуң бар күтүп алар,
“Кандай кызмат, агай , бизге айтың...” – дешип.


“Мен окуткан окуучулар өссүн”, – деймин,
“Эл-жерине маңдай терин төксүн”, – деймин.
“Министр не, депутат не... андан нары,
Эл башчылык даражага жетсин...” – деймин.


Ошентсе да сактанамын бу заманда,
Жан тартканы жок бекен деп туугандарга.
Чочуймун-ов, арасында болбосун деп,
Жегич досун коргоймун деп тургандарда.


Ооба, жетсин эң жогорку кээси чинге!
Ошентсе да күдүк турат сезимимде:
Азыркылар өңдөнүшүп ката жазып,
Алабарман сөз айтышса, балээ басып,
Так түшүрөт алар ТИЛЧИ кесибиме! ..
Так түшүрөт менин Ардак кесибиме! ..
20. 07. 2019.



Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Июль 2019 - 10:49

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   Барс   14 Август 2019 - 09:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

НАМААЛЫМ КАЛГАН “НАК СҮЙҮҮ”

- Жаным, мен сени кандай гана сүйөмүн, - деди аялы жароокерлене күйөөсүнүн мойнуна асылып туруп.
- Мен да сени жанымдай көрөмүн, - деди күйөөсү, анын капкара көздөрүнөн сүйө.
- Мен болсо сени жанымдан да артык сүйөмүн, жаным, - деди аялы, ого бетер жал-жал карап.
- А мен сени андан да ашыра сүйүп жүрбөймүнбү, жаным, - деди күйөөсү, эми анын бөйтөйгөн эриндеринен чоп эткизе.
- Менин сүйүүмө баары бир жетпейт сенин сүйүүң, - деди аялы, күйөөсүнүн чачтарынан сылап.
- Кантип жетпесин? Сенин сүйүүңдөн эки-үч эсе ашыра сүйүп жүрсөм... – деди күйөөсү, аялын мээрим менен карап.
- Жо-жок, талашпа! – деди аялы бир аз үнүн көтөрүп – Сенин сүйүүң - менин сүйүүмдүн алдында баланын оюнчугу.
- Ооба сага... Мен сүйгөндөй сүйсөң, сен минтип айтпас элең! Менин сүйүүмдүн жанында сенин сүйүүң суу кечпейт, алтын! – деди күйөөсү камырабай, жай гана.
- Ай, макоо, кантип айтпайм, сенин сүйүүң менин сүйүүмдүн чыпалагына тең келбесе... – деди аялынын өңү кумсарып.
- Ооба, чын эле мен макоомун сенин болор-болбос сүйүүңдү чоң сүйүү экенине ишенген, – деди күйөөсү аялын түртө бир аз андан алыстап.
- Мына көрдүңбү, макоолугуңду мойнуңа өзүң албадыңбы, канча жылдан бери акылдуусунуп жүрүп?.. Сендей акмакты өз сүйүүм менен калкалап, адам кылып жүргөнүмө ырахматың ушул да э? – деди аялынын өңү бузулуп, күйөөсүн жеп ийчүдөй акшырая карап.
- Хе-хе, сага ырахмат айтайынбы? Анда азезилге ырахмат айткан жан болом го?! Сен койнумда жатып билинбеген, менин ак сүйүүмдү азгырып алган албарстысың го, каапыр.. Болбосо мага кандай гана периштелер сүйүүсүн арнашпады эле! Ошолордон ажыратып, көзүмдү боёп, өзүнө тартып алгансың го!.. - деди күйөөсү муштумун түйүп.
- И де. Ошондо: “Ченден пашка чүрөк чок. Жүйөгүм чен деп гана чогот. Мени өлтүйө көйбө, чаным...” – деп артымдан ак уруп, асылып өлөм деп жалынып жетпедиң беле, шүмшүк!? Эми мен сага азезил болуп калдымбы, жан алгыч! – деп аялы кызарта боёлуп, упузун шиш тырмактары менен күйөөсүнүн бетин апчыганга даяр турду...
Ай-ай, таак-таак...
Бул “нак сүйүүнүн” аягы эмне менен бүттү, сизге да, мага да намаалым, окурман.
Анткен менен төмөнкү ыр көөдөнүмдү ачыштырып, сезимиме кайгы бастырып, келип туру!


Күйөөсү күч колдонуп уруп турду,
Беркиси тилин тартпай үрүп турду...


Тайкы экен экөөңдүн бешенеңер –
Тытылды көктөп турган көшөгөңөр!


Муң кирди Бакыт турган үйүңөргө,
Жик түштү нак деп жүргөн сүйүүңөргө! ..


Кыйналып чыктым ырдын аягына,
“Кыйындар”, балаңарды аягыла
!



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   Jadyrashka   17 Август 2019 - 00:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 08 Июн 2025 19:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Барс (14 Август 2019 - 09:00) жазган:

НАМААЛЫМ КАЛГАН “НАК СҮЙҮҮ”

- Жаным, мен сени кандай гана сүйөмүн, - деди аялы жароокерлене күйөөсүнүн мойнуна асылып туруп.
- Мен да сени жанымдай көрөмүн, - деди күйөөсү, анын капкара көздөрүнөн сүйө.
- Мен болсо сени жанымдан да артык сүйөмүн, жаным, - деди аялы, ого бетер жал-жал карап.
- А мен сени андан да ашыра сүйүп жүрбөймүнбү, жаным, - деди күйөөсү, эми анын бөйтөйгөн эриндеринен чоп эткизе.
- Менин сүйүүмө баары бир жетпейт сенин сүйүүң, - деди аялы, күйөөсүнүн чачтарынан сылап.
- Кантип жетпесин? Сенин сүйүүңдөн эки-үч эсе ашыра сүйүп жүрсөм... – деди күйөөсү, аялын мээрим менен карап.
- Жо-жок, талашпа! – деди аялы бир аз үнүн көтөрүп – Сенин сүйүүң - менин сүйүүмдүн алдында баланын оюнчугу.
- Ооба сага... Мен сүйгөндөй сүйсөң, сен минтип айтпас элең! Менин сүйүүмдүн жанында сенин сүйүүң суу кечпейт, алтын! – деди күйөөсү камырабай, жай гана.
- Ай, макоо, кантип айтпайм, сенин сүйүүң менин сүйүүмдүн чыпалагына тең келбесе... – деди аялынын өңү кумсарып.
- Ооба, чын эле мен макоомун сенин болор-болбос сүйүүңдү чоң сүйүү экенине ишенген, – деди күйөөсү аялын түртө бир аз андан алыстап.
- Мына көрдүңбү, макоолугуңду мойнуңа өзүң албадыңбы, канча жылдан бери акылдуусунуп жүрүп?.. Сендей акмакты өз сүйүүм менен калкалап, адам кылып жүргөнүмө ырахматың ушул да э? – деди аялынын өңү бузулуп, күйөөсүн жеп ийчүдөй акшырая карап.
- Хе-хе, сага ырахмат айтайынбы? Анда азезилге ырахмат айткан жан болом го?! Сен койнумда жатып билинбеген, менин ак сүйүүмдү азгырып алган албарстысың го, каапыр.. Болбосо мага кандай гана периштелер сүйүүсүн арнашпады эле! Ошолордон ажыратып, көзүмдү боёп, өзүнө тартып алгансың го!.. - деди күйөөсү муштумун түйүп.
- И де. Ошондо: “Ченден пашка чүрөк чок. Жүйөгүм чен деп гана чогот. Мени өлтүйө көйбө, чаным...” – деп артымдан ак уруп, асылып өлөм деп жалынып жетпедиң беле, шүмшүк!? Эми мен сага азезил болуп калдымбы, жан алгыч! – деп аялы кызарта боёлуп, упузун шиш тырмактары менен күйөөсүнүн бетин апчыганга даяр турду...
Ай-ай, таак-таак...
Бул “нак сүйүүнүн” аягы эмне менен бүттү, сизге да, мага да намаалым, окурман.
Анткен менен төмөнкү ыр көөдөнүмдү ачыштырып, сезимиме кайгы бастырып, келип туру!


Күйөөсү күч колдонуп уруп турду,
Беркиси тилин тартпай үрүп турду...


Тайкы экен экөөңдүн бешенеңер –
Тытылды көктөп турган көшөгөңөр!


Муң кирди Бакыт турган үйүңөргө,
Жик түштү нак деп жүргөн сүйүүңөргө! ..


Кыйналып чыктым ырдын аягына,
“Кыйындар”, балаңарды аягыла
!




Сонун чыгарма экен
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   Барс   20 Август 2019 - 09:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КЕЛ, ЖЕТИМИШ ҮЧ!..

Жактыргының, жактырбагын, мейли сүйбө,
Жетимиш үч, кирип келдиң сүзүп үйгө.
Кезегиңде келишиң шарт баары эле бир,
Кетсем деле Аксы жактан, Көлгө, Чүйгө...


Кем дегенде дагы бир жыл бир басабыз,
Ке-ел эмесе, Жетимиш үч, ыр жазабыз!


Санап санын таба албаган касы канча,
Саясатчы сыяктанып сасыганча,
Калктын мүлкүн кактап гана жалмап салып,
Какалышып түрмөлөргө камалганча,


Жерибизде тынчтык болсун каргашасыз,
Жетимиш үч, кел экөөбүз ыр жазабыз!


Көңүлдөрүн көтөрөлү чөккөндөрдүн,
Көз жаштарын кургаталы төккөндөрдүн.
Безге сайып адамдыкка кайтаралы,
Бек болушуп, чоң болушуп көпкөндөрдүн.


Жан дилдерден ак дилдерге сыр ачабыз,
Жетимиш үч, кел экөөлөп ыр жазабыз!


Акыбыз жок, кайгыларга, кейиштерге,
Анткени биз жашайбыз го бейиш жерде.
Алкымдары кысылышат акырында,
Аябастан сокку урабыз жегичтерге.


Азырынча ал-кубат бар, жетишет күч,
Ала-Тоону даңктайлы кел, Жетимиш үч!


Аксы.
20. 08. 2019-жыл.



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   Jadyrashka   21 Август 2019 - 22:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 08 Июн 2025 19:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Барс (20 Август 2019 - 09:07) жазган:

КЕЛ, ЖЕТИМИШ ҮЧ!..

Жактыргының, жактырбагын, мейли сүйбө,
Жетимиш үч, кирип келдиң сүзүп үйгө.
Кезегиңде келишиң шарт баары эле бир,
Кетсем деле Аксы жактан, Көлгө, Чүйгө...


Кем дегенде дагы бир жыл бир басабыз,
Ке-ел эмесе, Жетимиш үч, ыр жазабыз!


Санап санын таба албаган касы канча,
Саясатчы сыяктанып сасыганча,
Калктын мүлкүн кактап гана жалмап салып,
Какалышып түрмөлөргө камалганча,


Жерибизде тынчтык болсун каргашасыз,
Жетимиш үч, кел экөөбүз ыр жазабыз!


Көңүлдөрүн көтөрөлү чөккөндөрдүн,
Көз жаштарын кургаталы төккөндөрдүн.
Безге сайып адамдыкка кайтаралы,
Бек болушуп, чоң болушуп көпкөндөрдүн.


Жан дилдерден ак дилдерге сыр ачабыз,
Жетимиш үч, кел экөөлөп ыр жазабыз!


Акыбыз жок, кайгыларга, кейиштерге,
Анткени биз жашайбыз го бейиш жерде.
Алкымдары кысылышат акырында,
Аябастан сокку урабыз жегичтерге.


Азырынча ал-кубат бар, жетишет күч,
Ала-Тоону даңктайлы кел, Жетимиш үч!


Аксы.
20. 08. 2019-жыл.




Туулган күнүнүз менен.

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 21 Август 2019 - 22:09

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   Барс   22 Август 2019 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Jadyrashka (21 Август 2019 - 22:09) жазган:

Туулган күнүнүз менен.


Ырахмат!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   Барс   25 Август 2019 - 10:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ҮЧ ҮШТҮК ҮЧТҮК + БИР ҮШТҮК! :)

* * *
Кечээги канкор – бүгүн ал баатыр,
Бүгүнкү баатыр – эртеңки канкор!
...Кубулма дүйнөң зуу өтүп жатыр...

* * *
Не болсо да күнү тууду каапырлардын!

Болор болбос тыйын берип, "сыйын" берип,
Динин, дилин бузушууда жакырлардын. ..

* * *
Сезбегенсип турасың э, уяң күлүп!?
Сезимимди селиң алып, топон каптап,
Сестендирип таштаса да кыян жүрүп...
.
* * *
Араң тургам от алып, дүрт эткенге,
Акырында бир сөзүң жайлап салып,
Аз-аз калдым алдыңда мүрт кеткенге...



Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Август 2019 - 18:12

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Барс   16 Сентябрь 2019 - 21:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Желкеге бүт баарысын жүктөп алып,
Жер учат күз аралап зуулдаган.
Булуңдан эч ким жокто билинбейт деп,
Булутту шамал айдайт суу "уурдаган" .
Бул анан суусун чачат тазалоого,
Булганыч кир-кокторду жуулбаган.
Топ адам баратышат “Кетсин!” – дешип,
“Токтотсун! Болбосо...” – деп чуулдаган.
... Аларды жаанга каршы шыкап коюп,
Алжаңдап алтоо турат мулуңдаган.


Ай, билбейм, Чындык болсо мекиренет,
Алиге Акыйкатка туулбаган...
Желкеге оор жүгүн жүктөп алып,
Жер учат алга карай зуулдаган! ..



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   Барс   19 Сентябрь 2019 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *

Жүз миң түйшүк жүлүндө желип жүрөт,

Жүрүшүн да жайлатты элик жүрөк.

Жүзүн көрбөй сур доордун уктап калып,

Жүз жылдан соң ойгонгум келип жүрөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 19 Сентябрь 2019 - 12:03

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   maralum93   22 Сентябрь 2019 - 15:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 06 Апрель 18
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 01:43

Просмотр сообщения Барс (19 Сентябрь 2019 - 12:03) жазган:

* * *

Жүз миң түйшүк жүлүндө желип жүрөт,

Жүрүшүн да жайлатты элик жүрөк.

Жүзүн көрбөй сур доордун уктап калып,

Жүз жылдан соң ойгонгум келип жүрөт.

сонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   Барс   13 Октябрь 2019 - 17:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *

Муң-зарды көр минип алган моюнга,
Муздак бутун сунуп ийип коюнга.
Түйшүктү көр желим сымал жабышкак,
Түртсөң кетпес, үзүлбөгөн чоюлма.

Чындыкты көр кийими жок үшүгөн,
Чырчыл дешип айрышыптыр тишинен.
Акыйкаттык айыптуудай жалтаңдап,
Алыс жашайт үмүт үзүп кишиден.

Боортоктоп боору жерге жешилген,
Боорукерлик көп мөөнөткө кесилген.
Адилеттик андан жаман абалда:
Ак, караны ылгоочу көз тешилген.

Аксымдыгың адыраңдайт, алжаңдайт,
Алты беттүү, миң кубулма жалганды айт.
Мансапкордук мадырайса көк карап,
Маңызсыз сөз мээ чарчатып жалжаңдайт.

Ынтымактар ыдырашып калышкан,
Ырыскыны ыксыз чачып салышкан...
Бир гана үмүт жылдыз болуп көрүнөт,
Бийиктиктен, алды жактан, алыстан...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 27 Декабрь 2019 - 14:10

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   Барс   21 Январь 2020 - 18:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

МЕН – ПЕНДЕ

Мен деген:
Өзүндөгү жалкоолукту жеңбеген,
Өтө кашаң, жатып ичер пенде экем.


Мен деген:
Жакшылыгы жакын турса келбеген,
Жарыбаган, ырыс кыйды пенде экем.

Мен деген:
Толгон сайын: “Келе дагы... кем!” – деген,
Топук кылбас, көзү тойбос пенде экем.

Мен деген:
“Аруулугум Периштеден кем бекен?!.” –
Деген менен “шайтан сайган” пенде экем.

Мен деген:
Өзүн кээде Жаратканга теңдеген,
Өлбөөчүдөй өлөрман бир пенде экем.

Мен деген:
Кемчилдигин моюндаган кемде кем,
Кежирлиги башын жеген пенде экем.

Мен деген:
Жашоосунда күлкү, ыйы теңме тең,
Жакшы, жаман коштоп жүргөн пенде экем.

Анткен менен:
Оомат күлүп, бул жашоого бир келгем...
Ошол үчүн дүйнө толук Мен менен!


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Барс   12 Февраль 2020 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жаш боюнча талаш

(тамаша)

مەن
، بىيىل 73 جاشتامىن
، بىلتىر 72 جاشتا ەلەم
. ەمدىگى جىلى 74 جاشقا چىعامىن



- Быйыл мен нак 37 жаштамын!
- Кой э, дагы калпты баштадың!

27ге чыктым дегенсиң былтыр...
Андан араң эле өттү го бир жыл?

- Ооба, былтыр 27 жашта элем,
А эмки жылы 47 жашка келем.

- Ушунуңа түшүнө албадым такыр,
Бир жылда он жаш кошулабы, баатыр?

-Кыйын экен да-а, иштебесе чоку,
Сен, тиги арабча жазылышын оку!


Билбеймин кандай экенин сага,
Ушул сандар абдан жагат мага!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 12 Февраль 2020 - 22:25

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   13 Февраль 2020 - 00:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Арабча түшүнбөгөндөр кантебиз?)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Барс   14 Февраль 2020 - 10:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Baktyluu_bolgum_kelet (13 Февраль 2020 - 00:13) жазган:

Арабча түшүнбөгөндөр кантебиз?)



Оңдон солго карай окуй бересиңер! Сүрөт

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   Барс   23 Март 2020 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КОРОНАВИРУС, КУРУП КАЛ!

(азил-чыны аралаш)

Коронавирус болбостон комуран кал,
Көп катары биз деле шашып калдык!
Көчө таптап чыкпастан үй айланып,
Корообузда нары-бери басып калдык.


(“Эң биринчи карттар өлөт!” – дешсе, корктук!.
Экөөбүз тең жетимиштен ашып калдык...)

Кесепети бирибизден жукпасын деп,
Кемпир менен терс карашып жатып калдык...

* * *
Жасалбастан токтоп турат бардык жумуш!
Жазгы кайфти бузуп салды бу, куспуруш,
Жунго жактан таратылган таажывирус. ..

* * *
Бир кабар угулса жамандык...
Барк кетип, бузулуп пейилдер,

Басынып калат бейм Адамдык?!!

* * *
Калк ичи алаамат – дүрбөлөң!
Калың журт, ынтымак бололу,
Кесел, жоо күчтүүдөн сүрдөгөн...


* * *
Алдап жатат алдамчылар турган бир ууч:
“Антсең. .. минтсең... – деп тантышат – тийбейт сага,
Аалам, жерди каптап келген таажывирус! ”

“Кыргыздарга келбейт!.. ” – деди Ар. Аб. акмак,
“Дават барда жукпайт...” – деди ажы чунак,
Айтышпайбы калп сөздөрдү бир аз чактап!

Дүйнө билди Кытай муну таратканын,
Өз башына тийсин муну тапкандардын. ..

Адамзатты сактай көргүн, Жаратканым!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 30 Март 2020 - 18:06

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   Барс   31 Март 2020 - 14:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Эртең кайрадан 1-апрель! "Өлбөгөн кулга жаз келет" дегендей жаз да келди. Дүйнөнү титиреткен апаатты эске албаганда, табияттын жазы жылдагыдай эле гүлдүү жана жапжашыл. Бул апааттан да Жаратканым Адамзатын өзү жараткан соң, аман-эсен дабаасын берип, куткараар. Мына ошону ылайым, боорубуз бүтүн, башыбыз эсен көрөлү!

Андан да ушул күндү "жалганчылардын" , "алдамчылардын" күнү дешет экен! Мунун аки-чүкүсүн көп да изилдеген жокмун! Ал эми жалганчы менен алдамчы 1-апрелди күтүп отурбай эле Кудайдын куттуу күнү жалган айтышып, алдап эле жатышпайбы!

Ошентсе да Жараткандын амирине таң калбай коюуга болбойт. Анткени, дал ушул 1-апрель күнү кыргыз поэзиясына ЧЫНЫГЫ АКЫНДЫ, ЫРЛАРЫНДА ДА, ЖАШООСУНДА ДА ТҮК КАЛП АЙТПАГАН ЧЫНЧЫЛ АКЫНДЫ, ЖОЛОН МАМЫТОВДУ бериптир.

Эмесе ошол улуу Акынга арналган бир ыр.

АКЫН ЖОЛОНГО

Үрөн сепкен поэзия-кыртышка,
Үлгү болор анын ыры – Ыр-Нуска...
Төлөйкөндө төрөлдү да, ал кийин
төп келишкен Акын болду кыргызга.


Отту сүйүп, оттуу ырлар жараткан,
Окторулуп тоо суусундай шар аккан.
Жомокто жок Жарык берди кыргызга,
Жолон аттуу акын берип Жараткан.


Бул жашоого келген ар бир азамат,
Парз экен го Адам болуп жашамак?!
Жолон болсо эл-журтуна жана да,
Ыр дүйнөгө кызмат кылды таза, ак.


Окурманга аалам сындуу кеңири,
Ойлор... ойлор чабыты зор, кең, ири...
Убайымдуу бул жашоодон өтсө да,
Уланууда анын ырлуу өмүрү.


Акын Жолон – акын болчу эң ири,
Анын ыры – дале ырдын сеңири!
21-октябрь 2015-жыл.



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   Барс   10 Апрель 2020 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Шашпагыла али,
көп өтпөй
коронавирус туурасында кино тартышат,
көркөм чыгарма жазышат.
“Шедевр экен!.” – дешип,
ошол чыгармасына
эң жогорку сыйлыктарды алышат.
Апыртма калпын дагы,
азыраак чынын дагы жылмалап,
элден жашырып,
бетон менен жабышат.
Кыйратып коюшкансып капчыктуулар
бири-бирине орден тагышат!..


А өлгөндөрчү? !.
Алар чындыкты айтыша албай,
мурункулардай эле...
жер астында чирип калышат...


10. 04. 2020-жыл.


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: