Суперстан: Барс агайдын өздүк чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...

#241 Пользователь офлайн   Барс   17 Апрель 2020 - 14:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *

Суусундукка жутсун деп булак берип,

Шылдыр үнүн уксун деп кулак берип,

Бул жашоону ынтымагын ыдыратар,

Арабызга эл бузар чунак берип,

Сынаганын көрчү эй, Жараткандын!



Жылынууга Күн нурун тегиз берип,

Дене-бойду арык, же семиз берип,

Мисал алып напсисин тыйышын деп,

Түрмө түшөр арабызга жегич берип,

Тарбиясын көрчү эй, Жараткандын!



Кере-кере дем ал деп аба берип,

Тукумуңду ула деп бала берип,

Бийлик берсе кээлерге абдан бийик,

Акыл-эсти, а бирок, чала берип,

Тамашасын көрчү эй, Жараткандын!



Иштесин деп тоо берип, талаа берип,

Ыш, чуусу жок жаша деп калаа берип,


Адамдыктан адашып баратканда,

Ажал сепкен таажылуу балаа берип,

Эскерткенин көрчү эй, Жараткандын!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Апрель 2020 - 14:48

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   Барс   30 Июль 2020 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Гум.жардам күтүп чет жактан,
Калың калк жүрөт беткапчан.
Аны да элге жеткирбей,
Базарда сатып жеп жатсаң...
Бетиң бет эмес, таман бейм,
Мен сени кантип "адам" дейм?!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 30 Июль 2020 - 20:25

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   SubAz   23 Октябрь 2020 - 18:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Барс (10 Апрель 2020 - 20:05) жазган:

* * *
Шашпагыла али,
көп өтпөй
коронавирус туурасында кино тартышат,
көркөм чыгарма жазышат.
“Шедевр экен!.” – дешип,
ошол чыгармасына
эң жогорку сыйлыктарды алышат.
Апыртма калпын дагы,
азыраак чынын дагы жылмалап,
элден жашырып,
бетон менен жабышат.
Кыйратып коюшкансып капчыктуулар
бири-бирине орден тагышат!..


А өлгөндөрчү? !.
Алар чындыкты айтыша албай,
мурункулардай эле...
жер астында чирип калышат...


10. 04. 2020-жыл.




Кино тургай сериал да тартылыптыр.
Кыргызча.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   SubAz   23 Октябрь 2020 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Барс (17 Март 2010 - 21:37) жазган:

"Бала тили"
(Аңгеме)

Неберем Өмүрбекке арнаймын.

«Ысык-папа; коркунучтуу- бөө, бөжү; кир, булганч-кых, (түндүктө.быкый); сиемин-чүш; кант-кака; ит-авап, бабап; эт-жиш, (түндүктө.пыйпый); машина-дүдүт; бас-тайтай; суук-офф; жагымдуу, жакшы, көркөм, сулуу-айай; көтөр-опич; нан, токоч-нана; суу-үп; бөбөк-алле, аллей; мышык-мый; миймий; тоок-түтү; кой-маа; эчки-чүчү; ат-чу…»
(Сен да улантып, билгендериңди жазып кой!)
Бөбөктөрдүн лексикасынан.

Анын тили кас-кас туруп, билинбей жүрүп, бара-бара анан басып кеткенсибей, шок эле чыгып калды. Бир күнү эле:
-Эшек-десе болобу.
Үйдөгүлөрдүн баары эле (алибетте, уккандары) делдейе түшүшүп, анан биринчилерден болуп таенеси:
-У садага болоюнум. «Эшек» деген тилиңден,- деп эле баса калып өпкүлөп жатып калды.
-Оо менин уулум чоң жигит болуп сүйлөп калган турбайбы! Кой, көз тийбесин... тфү-тфү-тфү- деп ырым кылып жерге үч түкүрүп койду таятасы.
Ал апасы экөө таятасыныкында убактылуу жашап жатышкан.
Апасы да ага мээрим менен карап, ичи элжирегенинин эч кимге байкатпоого аракет кылып, эмики сүйлөшкөндө, те алыста (Россияда) иштеп жүргөн күйөөсүнө (уулунун атасына), сүйүнчүлөөнү ойлонуп койду: «Абдан кубанып калар…»
Кийинчерээк убак өткөн сайын «ата, апа, таята, таене, тага…» деген сөздөрдү да өздөштүрдү дечи. Бирок, наристенин биринчи айткан сөзү эсте калары мыйзамченемдүү белем, качан да болсо, анын биринчи айткан ошо «эшек» деген сөзүн эстеп алышып күлүшүп,
кайра-кайра айтыша берер эле.
Ошентип жүргөн бир күнү эле, бирөө үйрөтүп койгонсуп:
-Таене - эшек-десе болобу. Ага да болбой, удаа эле:
-Таята-эшек- деди. Баарысы күлүп калышты. Буга шерденген бала кайра кайра:
-Таене-эшек, таята-эшек…- деп ырдай кылып кайталай берсе ой, кудая тооба. Ойда кызык угулат экен. «Башка бирөө укса мине дейт кокуй!..»
-Кой, уулум, уят болот минтип айтпа. Андан көрө таята-айай, таене- айай де,-дешти. Болбоду. Ошол эшегин, тактап айтканда, таятасынын, таенесинин ким экендигин сөзүнөн жаңылбай, күндө айта берчү болду. Апасы алдап да, чымчып да көрдү. Болбоду.
Акыры таятасы тамашаладыбы, же чын эле теригип чычаладыбы, айтор, бир күнү:
-Туура айтасың, уулум. Сени багып («апаң экөөңдү» деп айтпады, бирок анысы дал ошондой угулду кызына), чоңойтуп жаткан биз эшек эмей, ким эшек болмок эле,-дей салды жарыктык киши.
Мына ушунусу өтө, өтө-ө оор тийди кызына. Арына келген ал баласын кызылдай сабады. Чыңырган баланы таята, таенеси ортого түшүп жатып, араң ажыратып алышты. А тургай «өлтүрөм» деп да жулунду. Балким, ошону да кылат беле ким билет (о койчу, ал жөн опузасы болуш керек, ата-энесинин алдында актанган), айтор, кудай жалгап эртеси күнү эле кызынын күйөөсү алыстан көп акча менен келип, башка жакка көчүп кетишти.
Ошондон бери дым, кабар жок…
Ушу күндөрү таене менен таята ошол небересинин кылыгын аябай сагынып жүрүшкөн кези. Эшек болушуп, үстүлөрүнө мингизишкенге деле кайыл алар...



Эң жаккан, сонун аңгеме го.
Кайра-кайра окуйм :)
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Gupa   22 Декабрь 2020 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Бул жакка дагы деле жазып турганыңыз кубандырды. Ийгилик сизге!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Барс   29 Декабрь 2020 - 17:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *

Дабасы жок,

тилдери шок,

аттанды бир топ.

Эл айтмакчы:

"Осурагы - ок,

өздөрү - бок!.."


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Барс   08 Январь 2021 - 21:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

2021-ЖЫЛДЫН 10-ЯНВАРЫНДА ШАЙЛАНУУЧУ ПРЕЗИДЕНТИБИЗГЕ БАТА

Бирин: “Академик окумуштуу болсо да,
Катынын тилинен чыкпаган күнкор”, – депсиң.
Бирин: “Эл чарбасын жакшырткан менен
Качаарында калкка ок аткан канкор”, – депсиң.
Бирин: “Мыйзамдуу шайланган деле эмес,
Улуттук наркты тепселеген анык шор”, – депсиң.
Бирин: “Аңды-дөңдү сүйлөп күнүн өткөргөн
Ээн ооз да, алкаш, жеткен жемкор”, – депсиң.
Бирин: “Өз көлөкөсүнөн коркуп күн көргөн
Мажирөө, алсыз, анан эң кор”, – депсиң.

Кана эмесе колду жайгыла,
Бириң улуу,
бириң кичүү,
бириң мага теңсин,
бир жакшылап бата берип коёлу:
Эми жанын эл үчүн үрөгөн,
кыргызды алга сүрөгөн
бир азамат шайлоодо жеңсин,
ошол азамат такка келсин,
Ооми-ийнь!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   Барс   05 Апрель 2021 - 08:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЭХ, КҮНӨӨСҮЗ КӨЗДӨР...

Кайсы бир кез мен сага ашык болуп,
канча жолу айлыңа барганымды,
Көбүн эстеп... сөз менен айтпасаң да,
көзүң айтып турат эй, арманыңды.

Азап тартып, ошондо ойлонгонмун:
“Алгам го – деп – күйгүзөр сүйүп Күндү...”
Көңүл калар терс жообуң өзүң эстеп,
көзүң айтып турат эй, күйүтүңдү.

Тозок отко куйкалап, көрсөткөнсүң
тоголок бир уланга кесириңди...
Каталыгың көп жылдан кийин билип,
көзүң сурап турат эй, кечиримди.

Аңдабаган ай, жылдар өтүп кетсе,
алдыдагы болуучу өзгөрүүнү,
Сени эмес адашкан, чынын айтсам,
Сезим аяйт айыпсыз көздөрүңдү.

Мезгил деген шаркырап аккан дайра,
Мейли, эгер... буралсаң артка кайра!

03.04.2021.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   Барс   24 Апрель 2021 - 17:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Күн ысык...
бирок бүгүн турам үшүп,
күрсүнөм маанай түшүп...
Жан дүйнөмдү жабыркатты
керимселден
жака-белден,
жылып келген
жагымсыз жортуп желген
жапыра жүрүп жаткан ысык үшүк.

Сезимим көтөрө албай муздактыкты,
Селейип муздап чыкты.
Тамагым кургап чыкты,
Жуткансып туз көп салган уурдап чыкты.

Айласыз кулак тунат,
Айланада жаңырган ызы-чуудан.
Айтчы,
неге сен да,
ал да,
анан мен да,
калчылдап калтырайбыз,
ал куруп шалдырайбыз,
бир үшүп, ысып улам?!

Жан дүйнөнү жакырланышынын,
салт-санааны такырланышынын
себеби неден?

Эмес бекен
мунун баары
көңүл сууткан,
улут наркын булгап жууган,
мейли батышынан,
мейли чыгышынан,
кыскасы, чет жактан
Ата журтка агып кирген ыпылас бузук суудан?

... Мен бүгүн тердеп дагы, үшүп турам...
24.04.2021.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Барс   28 Апрель 2021 - 22:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

САЛАМДАШУУ
(тамашалуу ыр)

Таштак жерден мол түшүмдү үзүп алган,
Так ошентип, жыргал турмуш түзүп алган,
Лекин, жери-илегилек, аты өзгөргөн,
Лейлектиктер, силер үчүн жүзүм салам!

Конок келсе бар тапканын төгүп салган,
Коңшу элдин оң, терс жагын көрүп калган,
Дыйкан, багбан жана дагы чек арачы,
Баткенчилер, силер үчүн өрүк салам!

Алкыш алат жашап жаткан ар бир жаран,
Арзып барып көрбөгөнгө ал бир арман!
Ооматы зор жердин ээси, күжүрмөн эл,
Оштуктарым, силер үчүн анжир салам!

Жаратканым мээрим менен назар салган,
Жер жемиш мол, ак пахтасы таңгакталган.
Жарык чачып, өлкөсүнө тогун берген
Жалал-Абад жарандары, жаңгак салам.

Дене, жанын Манас руху куурчап алган,
Дешет экен:”Көтөрүлүп, турсак жаман...”
Тарых изи тамгаланган ыйык жерлик,
Таластыктар, силер үчүн буурчак салам.

Адам жок го мында келип арзышпаган,
Дос, тууганга жер бөлүшөт алкыш аган.
Чүйрүбөгөн оозун, мурдун, ичи кенен,
Чүйлүктөрүм, силер үчүн дарбыз салам!

Турбазага, эс алууга аныкталган,
Турист келсе бүт чектөөнү алып салган.
Ыйык суулуу, аппак куулуу жердин ээси,
Ысык-Көлдүк азаматтар, балык салам!

Кытай жакты кайтарышып, чекти чалган,
Кыйла чыккан арасынан тектүү адам.
Наркты сактап, салт-санааны аруу туткан,
Нарындыктар, силер үчүн эттүү салам!

Анан...

Адамдыгын алтынга да алмашпаган,
Аким тургай, ажосуна айгай салган.
Ак ниеттүү, баатыр жүрөк, аруу тилек,
Аксылыктар, силер үчүн алма салам!
28.04.2021.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 01 Май 2021 - 11:51

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   Барс   30 Май 2021 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КАЙДЫГЕРМИН ЭМИ САГА
(Көңүлү суугандардын ыры)

Күн пери сыяктанып кубулсаң да,
Күн алыс саамалга жуунсаң да,
Эстетип те баякы жаштык кезди,
Энеңен экинчи ирет туулсаң да,
Кайдыгермин эми сага!

Эңсеткен арзуумдай табылсаң да,
Эркелеп, кайра-кайра жалынсаң да,
Майрамды эске салып өтүп кеткен,
Маңдайга ак шам болуп жагылсаң да,
Кайдыгермин эми сага!

Алыстан ак булуттай көрүнсөң да,
Армандап ак жаандай төгүлсөң да,
Кашыма келе калсаң бакыт жаап,
Кайрадан ырахатка чөмүлтсөң да,
Кайдыгермин эми сага!

Баарына макул болуп баш урсаң да,
Баркымды баа жеткистей ашырсаң да,
Жар салып бүт ааламга жамандыгым,
Жакшылык менде жоктой таш урсаң да...
Кайдыгермин эми сага!

Мейли сөк, мейли сыла... мейли саба,
Мен эми ык коё албайм эми сага.
30.05.2021.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   Umka..00   30 Май 2021 - 22:06

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

.

Билдирүүнү түзөткөн: Umka..00: 30 Май 2021 - 22:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   Umka..00   30 Май 2021 - 22:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Барс (30 Май 2021 - 16:57) жазган:

КАЙДЫГЕРМИН ЭМИ САГА
(Көңүлү суугандардын ыры)

Күн пери сыяктанып кубулсаң да,
Күн алыс саамалга жуунсаң да,
Эстетип те баякы жаштык кезди,
Энеңен экинчи ирет туулсаң да,
Кайдыгермин эми сага!

Эңсеткен арзуумдай табылсаң да,
Эркелеп, кайра-кайра жалынсаң да,
Майрамды эске салып өтүп кеткен,
Маңдайга ак шам болуп жагылсаң да,
Кайдыгермин эми сага!

Алыстан ак булуттай көрүнсөң да,
Армандап ак жаандай төгүлсөң да,
Кашыма келе калсаң бакыт жаап,
Кайрадан ырахатка чөмүлтсөң да,
Кайдыгермин эми сага!

Баарына макул болуп баш урсаң да,
Баркымды баа жеткистей ашырсаң да,
Жар салып бүт ааламга жамандыгым,
Жакшылык менде жоктой таш урсаң да...
Кайдыгермин эми сага!

Мейли сөк, мейли сыла... мейли саба,
Мен эми ык коё албайм эми сага.
30.05.2021.

Аябай жакшы жазылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Барс   08 Июнь 2021 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Кур кыялдар куюлушуп,
Кубанычтар суюлушуп,
Ырыскыңды төгүп салат,
Ызы-чуулуу куюн учуп...
Ынтымагың ыдыраса!

Зирек акыл чолоктонот,
Зили кирлер болот конок,
Бакыт куйган идишиңе,
Балээ деген толо толот,
Биримдигиң быркыраса!

Чындык даамы кермектенет,
Чыр эркеси эрмектелет,
Кулак укпайт, көзүң көрбөйт,
Кургап сезим сенектенет,
Курган чындык чыркыраса!

Анда заман айлан-көчөк,
Асманда күн, айың өчөт,
Акыр заман келген окшоп,
Алдастайсың айлаң кетет,
Акыйкаттык дыркыраса!

Мунаса кыл, кеңир ойло,
Муну бекем сиңир бойго:
“Санаалашка жеткирсин – деп –
Салгандыр – де – Теңир ойго!..”
Айтмырза акын ыр кураса!
08.06.2021.

КАЙРЫЛУУ

Туңгуюкка кептелип калган жайда,
Туура тапкан элине такай айла.
Тегереги төп келген, акыл кенчи,
Теңир сүйгөн даанышман Бакай кайда?

Жетпей калсак бийликчи турган жайга,
Жамандыкты былгыттык чубап кайра.
Кээ бир кезде чырдаша түшкөн менен,
Кек сактабас кечээги Чубак кайда?

Тандап таап түпөктүү сырдап найза,
Таң калышкан душманды жыргап сайса.
Ат көтөргүс алпты да сестендирген,
Атка жеңил, тайга чак Сыргак кайда?

Айтабыз да аргасыз арман кепти,
Айла менен кытайлык алган чепти.
Каны бөлөк болсо да, кыргыз жандуу,
Кайдан эми табабыз Алманбетти?

Майдаланды максат, көз карашыбыз,
Маңгыттарга уурдалып барат ырыс.
Кайра жыйнап улутту бириктирген,
Кайда бүгүн касиеттүү Манасыбыз?

Кара ушак таратса кыйтыр жандар,
Калп кебине ишенет кырчын балдар.
Кырылышып кеткенди каалап турган,
Кырылгандай көбөйдү Кыргылчалдар.

Каршылыкты күчөтүп өзгө өздөр,
Кара таандай каптады өксүк сөздөр.
Көр дүйнөгө сатышкан нарк-насилин,
Көбөйүштү Көзкаман, Көкчөкөздөр.

Көз көрбөсүн доордун өңү өчкөнүн,
Көрчү азыр ич душман өчөшкөнүн.
Бийлик үчүн арамды ылгабаган,
Бир топ азыр Абыке, Көбөштөрүң.

Абдан эле аз санда уяттуулар,
Азаматтың андан аз туякты улар.
Арбып барат күн чыгыш, күн батышта,
Арбак урган алты хан сыяктуулар. ..

Азгырыкчы, эл ичин иритпе сен,
Ата салты, мурасты чиритпе сен!
Жоболоңдуу жорукту ташта, элим,
Жок болосуң бир мушка бирикпесең!
08.06.2021.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 08 Июнь 2021 - 20:37

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   Барс   07 Июль 2021 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ТАБЫШМАК ЗАМАН

Тарттырып бири бийлигин,
"Кайра алам!" - дейт чамынып.
Бири жүрөт бийликке,
Тандалбай калса таарынып...

Кээси жүрөт жетмекке,
Кошомат кылып жалынып.
Кээсине жакпай жеми аз жер,
“Келипмин – дейт – жаңылып...”

Бир азамат элге эмес,
“Эл уулу” биздин колотто.
Башкалар аны: “Жегич – дейт –
Бийликке такыр жолотпо!”

“Улуу устат!” – дейт бири,
Уурдалган түрккө Инанды.
Бири: ”Ажап болду, – дейт –
Тепсеген салтты, ыйманды!”

Көптөрү мактап бийликти:
“Туура жолду тапты...” – дейт.
Бир тобу каршы: “Бул бийлик,
Башкага бизди сатты!” – дейт.

Бир тобу күлсө каткырып,
Бир тобу жүрөт жашыган.
Кимдики туура, ким ката,
Көбү айран, башы маң!
07.07.2021.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 07 Июль 2021 - 20:35

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   Барс   15 Июль 2021 - 10:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ОПТИМИЗМ
Баарыбызды кубандырган, суктандырган,
Бир жакшына күндөр келет. Ишенемин.
Ийгиликтер толуп-ташып улам-улам,
Жапырт баары бүтүрүшөт бүтө элегин.

Албан-албан жеңиш келет ар ай сайын,
А адамдар бир-биринен мээрим чачат.
Жакшылыктар кең канатын жайган сайын,
Жамандыктар ал мээримди жээрип качат.

Болот баары эңсегениң, күсөгөнүң,
Ишке ашат бири калбай тилегиңдин.
Ошол күндөр абдан жакын. Ишенемин.
Ошол күндөр сөзсүз келет. Мен билемин!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   Барс   05 Октябрь 2021 - 20:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

МУГАЛИМГЕ КАЧАН МАЙРАМ?

(Тамаша, чыны аралаш ыр)

Мугалимдин ар сабагы күндө майрам,
Айткандары окуучуга жетип турса.
Эгер кийин тарбиясы, берген билим,
Эскирбестен тагдырын оң чечип турса...


Мугалимдин ошол сааты нагыз майрам,
Сабагынан баары “беш” баа алган күнү.
Мугалимге эң азап күн билгендерге,
Бир окуучу кабак-кашын салган күнү.


Мугалимдин ошол күнү нагыз майрам,
Мээрим менен окуучусу сыйлап жатса,
Тозоктун да эң тозогу мугалимге,
Окуучунун кокус бири ыйлап жатса...


Мугалимге ошол жылы ыйык майрам,
Орто билим алып баары бүтүрүшсө.
Мугалимге ошол кездер сонун майрам,
Билим улап, же үй-бүлөө күтүнүшсө.


Ошондуктан мугалимге белгиленген,
Бир жылдагы бир күн майрам... балким жакшы!
Анткен менен али так күн белгиленбей,
Оорутушту, капырай эй, абдан башты!


“Октябрдын эң биринчи жекшембиси. ..”
Анан кайра:”Октябрдын башы...” – дешет.
Кайра бүгүн: Октябрдын беши” – дешти.
Сен айтчы, дос, так туурасы кайсы эсеп!?

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 05 Октябрь 2021 - 20:59

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Барс   19 Октябрь 2021 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ӨЗҮМӨ НАСААТ ЫР

Бак жолун таптыңбы, же таппадыңбы?
Башкага жактыңбы, же жакпадыңбы?
Адамдан миң жашыргын, билип турат ,
Апачык акылман, же акмагыңды.

Эске тут: жыргал, куурал чактарыңды,
Эмнеден ак боёгон чачтарыңды. ..
Эмнеге жетемин деп тырмалаңдап,
Эмнеден безеленип качканыңды.

Күйүттү, үйүп салган башка муңду,
Күлкүңдү, унуттурган баштагыңды.
Кайсы бир тереңдиктен араң чыгып,
Канча бир ашуу, белди ашканыңды.

Так билгин: досторуңду, кастарыңды,
Тактап ал түз, же кыйшык басканыңды.
Кай күнү чуулап барып, сылтып, жортуп,
Кай күн төмөндөттүң таскагыңды?

Ооштургун акка кара тактарыңды,
Оңдоп ал кыңыр, кыйшык жактарыңды.
Андан соң өз элиңе сунуш кылгын,
Азыркы ыр деп жазган саптарыңды!
19. 10. 2021-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 19 Октябрь 2021 - 20:16

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2021 - 10:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЧАКЫРЫК! ..
( Жакында болуучу шайлоого карата ыр)

Барган сайын эскилердин заңы карып...
Бараткансыйт улам турмуш жаңыланып!
Кесир болуп кетпесинчи, о, Кудайым,
“Келечектин атат, – десем, – таңы жарык!”

Айткылачы, алтындарым, кимден кембиз,
Аңдаганга ар бир кыргыз миңге теңбиз.
Жарытпастан баарыбызды жабыркатты,
Жашай албас акмактарың теңге, жемсиз.

Кенин кендей, а сууларын суудай берген,
Кыргыз жери – кенчтин жери Кудай берген.
Жарыбадык , такыр эле жалчыбадык,
Жалмагычтар көбөйүшүп уурдай берген...

Алкы бузук ниеттерди сындыралы,
Аруулукту алды жакка жылдыралы.
Анча жылдар эңсеп келген нур заманды,
Аңыз эмес, жомок эмес чың куралы.
Кел, азамат ниети ак, үмүттөнгөн
калың элдин көксөгөнүн чын кылалы!
19. 10. 2021-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Октябрь 2021 - 10:41

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   Барс   23 Октябрь 2021 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЭКИНЧИ ЧАКЫРЫК!..
(Жалпы элиме)

Качанга жаңылабыз?
Келгиле жаңырабыз!
Өлкөнү өргө сүйрөп,
Өзгөнү таң кылабыз.

Калк көөнүн тындырабыз,
Каалоосун жылдырабыз.
Баштагы кыйшык түзүм...
Баарысын сындырабыз.

Арамга тап беребиз,
Актыкты апкелебиз.
Өзгөгө туюкпуз да,
Өз элге ашкеребиз.

Акчага алдангандар,
Арасат калган жандар,
Азыр да жаңылсаңар,
Анда бүт арамсыңар!

Андыктан ойлогула,
Арамга тойбогула!
Ак ниет алга чыкса,
А анан тойлогула!

Кайра не жаңылабыз?
Кел, элим, жаңырабыз!
Өлкөнү алга сүйрөп,
Өскөн соң, жаң урабыз!
23. 10. 2021-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: