Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#81 19 Январь 2015 - 04:12
Агай жарык көргөн китептериңиз барбы? Талантыңызга таазим.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#82 19 Январь 2015 - 10:23
Бар.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#83 27 Январь 2015 - 02:21
Китебиңиздин аталышын жазып коё аласызбы,Кыргызстандан келе жаткандарга дайындап алдырайын дегем.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#84 27 Январь 2015 - 08:09
Китебимди сатууга койгон эмесмин. Китептин аты - "Жолдо"
. Мени менен байланышса,
чет элдик кыргыздар үчүн 1-2 даана таап беремин! Эми баары бир телефонумдун номерин сурайсың го!
0777 428629.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#85 27 Январь 2015 - 13:39
Ушинтип жогорку жазууну жазып коюп отурсам, бирөө телефон чалат:
- Бул - Барспы?
-Ооба, Барсмын.
-Мен сиздин супердеги чыгармаларыңызды окуп, сиз менен баарлашсам деп жүрөм.
-А жакшы. Баарлашалы.
- Бирок, мен көптөн бери Супер кж. ге каттала албай жүрөмүн. Конок катары гана окууга мүмкүнчүлүгүм бар. Сиздин кээ бир аңгемелериңизди жаш кезимде окуганмын. Бирок, ал К. Каимовдуку окшоду беле?.. Бирөөнүн чыгармасын уурдап алган сыяктанасыз. .. - деди.
- Балким, окшошуп калгандыр... Ошону тактап берчи, анан сүйлөшөлү, - дедим кубанып.
(Кубанганымдын себеби, жазгандарымдын баарына эле мактоо угуп, сынга суусап жүргөн жаным, кубанбай коймок беле!)
Ал макул болду. Аты - Калыс экен. Супер кж. сайтынын жетекчилигинен сураныч, ушул жигиттин катталуусуна колдон келген жардам берип коюңуздарчы.
- Бул - Барспы?
-Ооба, Барсмын.
-Мен сиздин супердеги чыгармаларыңызды окуп, сиз менен баарлашсам деп жүрөм.
-А жакшы. Баарлашалы.
- Бирок, мен көптөн бери Супер кж. ге каттала албай жүрөмүн. Конок катары гана окууга мүмкүнчүлүгүм бар. Сиздин кээ бир аңгемелериңизди жаш кезимде окуганмын. Бирок, ал К. Каимовдуку окшоду беле?.. Бирөөнүн чыгармасын уурдап алган сыяктанасыз. .. - деди.
- Балким, окшошуп калгандыр... Ошону тактап берчи, анан сүйлөшөлү, - дедим кубанып.
Ал макул болду. Аты - Калыс экен. Супер кж. сайтынын жетекчилигинен сураныч, ушул жигиттин катталуусуна колдон келген жардам берип коюңуздарчы.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#87 28 Январь 2015 - 09:18
ЖАРАТКАНГА ЖАЛБАРУУ
Чыгармачыл дарагым жемиш бербей,
Чыдамым чак, чыркырайм жеңиш келбей...
Кыйын абал... үңкүйөм... өткөн кылым
45-жылдагы немистердей!
Басаар жолум дөң, чуңкур тегизделбей,
Толкунуна кайгымдын деңиз теңдей.
Сүйүндүрөөр эргүү жок, кысыр эне
сүт чыкпаган мамагын эмизгендей.
..................... ...................... ................
Сасык жандар күйгөндөн жер тиштесин,
Санаалаштар мөмөсүн терип жесин.
Жаратканым, эгерде пендем десең,
Жибере гөр илхамдын Периштесин! ..

#88 28 Январь 2015 - 15:43
Окууган сайын окугум келет...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#89 02 Февраль 2015 - 19:58
ҮЧТҮКтөр
* * *
О, ыр дүйнө, сага менден ырахмат!
Ооматыма, байлыгыма карбай
обочолоп, качпай жүргөн ыраактап...
* * *
Сен мага Периште элең бактым делген!
Мен сенин көкүрөгүңө Айды,
чачтарыңа жылдыздарды таккым келген...
* * *
Үйрөттүң үнсүз-сөзсүз боздогонду.
Табышмак келечектин алды – күңгүрт,
Тагдыр бизди кошконбу, кошпогонбу? !
* * *
Бүгүн кимбиз? "Мен" болчубуз кечээ биз?
Башка түшкөн маңдайдагы жазуу бул,
Болду эми галустукту чечебиз...
* * *
Жада калса Ажалга да боорум ооруйт.
Жаңы бөбөк төрөлгөн күндөн тартып,
Жан алгыча Адамды жылбай тооруйт...
* * *
Балли,бүгүн Ата экенмин... эстешти!
Байбичем да, балдарым да: «Мидетиң -
баргының да, акча тапкын тез...» - дешти.
* * *
Дүкөнгө товарь түштү наамы жаңы!
Дүкүлдөйт аялдардын жүрөктөрү,
Дирилдейт эркектердин намыяны...
* * *
Жакшы дагы, жандай досум, сен барсың!
Жабыкканда жандүйнөмдү жарыктап,
Жардам берген түгөнгөндө кем-каржым.

#90 08 Февраль 2015 - 17:48
Китебиңиздин аталышын жазып коё аласызбы,Кыргызстандан келе жаткандарга дайындап алдырайын дегем.
Кыргызстандын түштүгүнөн бир кыз сени айтты деп телефон чалды эле, "мен Бишкектемин " десем, Бишкектеги бир кызга дайындаган экен, ал келип бүгүн "Жолдо" деген китебимди 500 сом берип, кол тамга койдуруп алып кетти!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#91 09 Февраль 2015 - 01:21
Рахмат агай калемиңиз курчуй берсин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#92 17 Февраль 2015 - 09:51
Кыш да кетет. Анан жаз, жай, күз келет...
Дан багарга кара жерди айдоо керек,
Мал багарга чөптөрү мол жайлоо керек.
Атка минер кулактары кызып барат,
Ага быйыл депутаттык шайлоо керек!
Ар бир жандын жактыруучу ою керек,
Ар кай жерге агитатор коюу керек.
...Шайлоочунун көбүнүн урганы жок,
Шаң-шөкөттүү мурдакыдай тою керек...
Алдап-соолоп көпчүлүккө жагуу керек...
Атаандаштын мээлерин чагуу керек!
Көбүртүлгөн кур убада, сөздөр менен,
Көпчүлүктүн көңүлдөрүн табуу керек.
Кыш кеткен соң ушунун баары келет,
Кыргыз жаран,тереңирээк ойлон, демек!..
Дан багарга кара жерди айдоо керек,
Мал багарга чөптөрү мол жайлоо керек.
Атка минер кулактары кызып барат,
Ага быйыл депутаттык шайлоо керек!
Ар бир жандын жактыруучу ою керек,
Ар кай жерге агитатор коюу керек.
...Шайлоочунун көбүнүн урганы жок,
Шаң-шөкөттүү мурдакыдай тою керек...
Алдап-соолоп көпчүлүккө жагуу керек...
Атаандаштын мээлерин чагуу керек!
Көбүртүлгөн кур убада, сөздөр менен,
Көпчүлүктүн көңүлдөрүн табуу керек.
Кыш кеткен соң ушунун баары келет,
Кыргыз жаран,тереңирээк ойлон, демек!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#93 17 Февраль 2015 - 10:02
Агай чыгармаларыныз мазмундуу, талантыныз осо берсин! Сизге суроо китеп чыгарганга коп каражат кетеби?
#94 17 Февраль 2015 - 10:06
элге керектуу кызмат кыла бериниз, илхом келгендеги ишинизге ийгилик.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#95 17 Февраль 2015 - 14:53
tairermatov
,"Агай чыгармаларыныз мазмундуу, талантыныз осо берсин! Сизге суроо китеп чыгарганга коп каражат кетеби?"
Китептин көлөмүнө, сапатына байланыштуу каражат жумшалат. Эгер китебиң окурмандарга алымдуу болсо, акчаңды кошумчасы менен кайтарып аласың!
Китептин көлөмүнө, сапатына байланыштуу каражат жумшалат. Эгер китебиң окурмандарга алымдуу болсо, акчаңды кошумчасы менен кайтарып аласың!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#96 31 Май 2015 - 02:21
Китебиниз акыры колума тийди,рахмат агай. Калеминиз курчуй берсин,ден-соолукта болуп,узак жашаныз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#97 07 Июнь 2015 - 23:46
Китебиниз акыры колума тийди,рахмат агай. Калеминиз курчуй берсин,ден-соолукта болуп,узак жашаныз.
ЫРАХМАТ!! !
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#98 08 Июнь 2015 - 00:38
Агай жаны чыгармасын илген экен деп чуркап келсем.
Калеминиз курчуй берсин. Кутуп калам.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#99 25 Июль 2015 - 20:29
Үчтүк ырлар
* * *
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
* * * Бүгүн кондум сен күтпөгөн конок болуп! Бул ыйык түн – экөөбүзгө Арман ырдыр... Балким, эртең айтыларбыз Жомок болуп... 25.07.2015- жыл. * * * Өзүңсүз жашоо – өңсүз, иреңи жок... Күн айга жалганышат сезим өртөп, Мүнөтү – от, ал эми ирмеми – чок! 25.07.2015-жыл. * * * Ойлорум башаламан – куюндаймын. Эч кимге керегим жок, берерим жок, Ээн жерге ташталган буюмдаймын. .. 25. 07.2015-жыл. * * * Жупталышты эки жаштын денеси... Жадыңда тут: болочокто бөбөккө сен - атасың, тиги жаткан - энеси... 24.2015-жыл. * * * Үшкүрүп эстейм үрөй-жамалыңды. Үңкүйүп үмүт менен күтүүдөмүн, Үйдөгү үндөшмөмө* чаларыңды.. -------------- ---------------------- --- Үндөшмө* – телефон.. 25. 07.2015-жыл. * * * Мынча аппак бүгүн Айдын жарыгы! Мактанаарлык бир дагы иш жасалбай, Мына өттү бул айдын да жарымы... 23-июль 2015-жыл..

#100 25 Июль 2015 - 20:50
Ассалоому алейкум Барс аке, үч саптан турган ырларыңызды кайра-кайра окуп чыктым. Өтө маанилүү, философиялык терең ойлор айтылыптыр.
Адабият теориясын жакшы билбейм, бирок Сиз кыргыз адабиятында жаңы поэтикалык өлчөм киргизгендей сезилип жатат.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия