Дзержинка бульварында орундукта отурган сулуу кызды коруп, ал копко тигиле карап отурду. Сулуу, бою узун, чачы экиге болунуп орулгон, узун, кыйгашынан да, бет мандайынан да ал кыз абдан жакты. Ошол убакта "Кызыл алма" деген киного башкы ролго кыз издеп жатышкан эле. Мына мен таптым деп, суйунучу коюнуна батпай, кантип ал кыз менен таанышып туура тушундорсом деп катуу ойлонуп жатты. Бираздан сон, чыгынып жанына басып келди. Учурашып, ал жайын сурап озун тааныштырып,
эмне иш менен келгенин айтты. Кыз унчукпастан угуп отурду ,анткени дегенде аты чыккан, атактуу жазуучунун жанына келгенине бир чети сурдонуп, бир чети сыймыктанып турган. Жолдошу бар экенин айтып, акылдашып андан сон жообун айтамын деп жылмайды. Жаш кыз эмес чон эле адам, кыздын жылмайганын карап, сурдонгонунон кызарып да чыкты, ар куну ушул убакта ушул жерден кызды кутоорун айтып, басып кетти.
Кыздын атына тан калып, кайра-кайра кайталап кетип жатты, унутуп койбойун деп жазып да алды, Махфузахан,
Махфузахан,
уйгурдун татынакай сулуу кызы, кыргыздарга абдан окшош, шынга бойлуу, кымча бел, ак жуумал, бут жагынан топ келишкен кызды таап алганына кудундап, эртенки кун бат эле келсе экен деп кетип бара жатты. Мына менин "кызыл алмам", режиссерго,
художниктерге корсотушум керек деп кыялданып жатты.
Махфузахан копко отурду отургучта, бир чети ишене албай, бир чети абдан суйунуп, шаарга келгенине эки жылдай эле болгон, Жен.педдин экинчи курсунда окуп, ал жакта ырдап, бийлеп, ошол эле убакта жолдошуна да конул бурганга жетишип жатчу. Жолдошу улуттук университетте 5 курсунда окучу. Экоо окуу жайлардын ортосунда болгон кароо-сынактын бироондо таанышышып,
жакшы кыз-жигит болуп журушуп, бир жылга жетпей уйлонуп, тутун буулатып калышты эле.
Кантип айтсам эми, Султанмамбетин ото кызганчаак жагы бар эле, обу жок эле кызганып уруш чыгара берчу эле. Султанмамбет дагы кыргыздын татынакай жигиттердин бири эле, бойлуу, козу кок, саргыч келген кадимкидей эле сулуу жигит эле, ал бийлегенде кыздардын баары жабылып карашчу, суйлоп-тамашалаганда кулак салып, тунт коюп угушчу, студенттердин арасында лидер болчу. Коп кыздар жашыруун жакшы коруп, коп жолу экоону бузганга аракет кылышты. Ошого экоо тен туруштук бере алышты, бири-бирин ушунчалык жакшы корушчу, бираз бош убакыт болсо бирге откоргонго аракет кылышчу.
Макул эми болгону болоор деп, кечинде уйго барып айтаарын чечти, да кайрадан сабагына чуркап кетти.
Акыркы сабак бутуп, эшикке чыкса Султанмамбет кутуп турган экен, чуркап барып моюнуна асылып калды. Учурашып, сагынгандарын бири-бирине айтып, кол кармашып Дзержинка бульвары тарапка басып кетишти. Экоо ушул бульварда сейилдегенди жакшы корушчу, акыркы жанылыктарды айтышышып басып барып тушто Махфузахан отурган отургучка келип отурушту. Султан келинчегин эркелетип Мапу деп чакыраар эле. Мапу бир нерсе айталбай жатканын коруп, озу сурап калды эмне болгонун. Мапудан угуп алып негедир журогу бушайман болуп, озун жаман сезип жатты, туюп, тушунуп жатты эмне экенин. Кайра суйунуш керек эле, менин келинчегимди киного тартылууга чакырды деп, Мапусу ошол учун жаралган жан эле деп, ал учун сыймыктанышым керек деп, бирок анте алган жок. Озунун эгоисттик коз карашы бийигирээк турду, Мапу жалан кана мен учун жаралган, менден башка эч кимдин акысы жок, мен-мен-мен деп башында бир нерсе кагылып турду... Маанайы чокконун билгизбегенге аракет кылды, бирок келечектеги психолог аны байкабай калган жок. Дароо эле Султанга киного тартылгандан баш тарттым, макул болгон жокмун деп айта салды, жаман кором киного тартылганды,
уялам дагы деп жолдошун кучактап , башын кокурогуно коюп, ар нерсе жонундо тынбай суйлоп жатты. Куугум кирип, экоо уйу тарапка кучакташкан барабар кетип жатышты. Ошол убакта алар сезген жок, келечекте Мапу чакырылган кинонун башкы ролуна Таттыбубу Турсунбаева чакырылганын,
Таттыбубуну автор озу коргон сулуу кызга окшоштуруп ошол ролго чакырганын,
канча жума катар автор Дзержинка бульварына,
баягы орундукка келип отуруп, канча деген окуу жайлардан ошол кызды издегендерин,
кочодон кочо кыдырып Махфузахан деген аты бар сулууну издеп сурашкандарын да билишкен жок.Ал убакта суйушкондор алыскы Токтогулда тун баласын кутуп, даярдык коруп жургон эле
Баракча 1 - 1
Кызыл алма Ойлогон ойду, кыстаган турмуш женет...
#3 13 Сентябрь 2010 - 19:58
Сонун жазыпсыз Жанымай,азаматсыз.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#4 14 Сентябрь 2010 - 04:48
Strateg (13 September 2010 - 18:44) жазган:
Блаво
janymai!
Сонун ангеме экен. Автордон сураарым бул чыгарма чындыктын негизинде жазылганбы же ... ?

Рахмат! Ооба бул чыгарма чындыктын негизинде жазылган, ошол автордун таппай калып, шаар боюнча издеген Кызыл алмасы, рааматылык менин алтын апам.
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
#5 14 Сентябрь 2010 - 04:49
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
#9 27 Апрель 2013 - 01:43
Эгер макул болгондо Таттыбубу эжекебиздин ордуна уйгур кызы ойномок экенда,буйрук деп ушуну айтататда.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 12 Февраль 2016 - 08:32
Сонун ангеме экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
Баракча 1 - 1