Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 30 Январь 2013 - 01:45
"Акыркы кат"
#1 29 Январь 2013 - 23:46
#2 30 Январь 2013 - 00:14
#3 30 Январь 2013 - 00:42
-ал менин атам, ал мени жакшы корот, деп ызаланып жатты. Ошол атасынын акыркы куну эч эсинен кетпейт. Апасы экоо аркы болмодо кечке кыйкырышып эле жатышты, бир убакта апасынын ыйлап атканын укту, анан эшик шарт ачылып, атасы костюмун колуна асып, чон чемоданды суйроп чыкты. Коздорун ала качып, -Кузя,Сезим деп уну каргылдана чыгып, мен, мен.... -Ии, сен, буларга эмне деп тушундургону турасын. Атанар командировкага убактылуу кетип жатат. Жумуштары менен. Биз менен копко чейин жашабайт. Бошогондо келип турат, начальниги жиберип турса!-деп апам козунун огу болсо атып жиберчудой шишиген коздору менен карап туруп калды эле, атам байкуш аландап, чоголоп отура калып кулачын жайды , мен чуркап барып, мойнунан жыттап-жыттап калдым. Ошол жытты кийин канча эстеп, кусаланчу болдум. -Ооба, ооба, мен келип турам. Созсуз, силер окуунарды жакшы окуп, жакшы кыз болгула. Апанарга жардам берип, апанарды карагыла. Мен силерди жакшы кором, деп бетимен ооп, башыман жыттап , андан кийин Кундуз эжем менен коштошту да апамды карабастан шаша чыгып кетти. Мен да баламын да, апамдын кансырап турган жарасын сыйрып - Апа,атам сиз менен эмне коштошкон жок, депмин. Ошондо жакшылап караганымда апамдын коздорунун нуру очуп, соолуган гул сымал шолбуроп турганын байкамак элем. Атам акыркы жылдары уйго коп келбей калчу болгон. Апаман сурасак, -атандын жумушу оор, жумушунан бошобой жатат.бизди багам деп,- койчу. Биз атамды аяп , келген кундору колубуздан келишинче сыйлап тураар элек....Ошол атамдын создору корсо коштошуу создору экен. Апанарды карагыла деген создорундо эле коп нерсе жаткан тура корсо...Кийин апам эки жолу больницага жатып чыкты... Андан кийин озун колуна алып, кайраттанып бизге коз жашын корсоткон жок. Бир жолу апамдын синдиси келип, экоо копко суйлошуп отуруп, апамдын ошондогу создору эч жадыман чыкпай калыптыр. - Адамзат озгочо аял киши бул жашоодон канча кагуу жеп, сокку алса, ал ошончо сокку жеген сайын кайраттуу, кучтуу ошону менен бирге эле мерез, таш боор болуп калат экен. Кээде озумон озум коркуп кетем. Менден коз жаш да чыкпай калды, тобоо,- деген. -Жок, жанылышасын, бул деген, жон гана сыртынан кийип алган маска, сен энесин, эне эч качан таш боор боло албайт. Бул жон гана озунду коргоо реакциясы, -деп тайэжем кулуп койгон. Бирок ортодон жылдар отуп, ошол апамдын создору чын экенине мына азыр мен ынанып отурам. Мен да турмуштун оор соккусун жеп, кайраттанып. .. эми мына минтип балдарымды апама таштап, тээ алыскы Россияга аттанып жатам...
#4 30 Январь 2013 - 01:32
- Кой, кызым, андай созунду угузба. Мен билгин келсе, силердей эки карегим бар учун бул жарыкчылыкта басып журом. Силер деп жашап журом. Бул кундор да отот. Чонойуп деле калдын кызым, тиги синдиндин журогун тушуросун. Жашоо биз ойлоп, биз каалагандай боло бербейт экен. Башынды ойдо которуп, мурдагындай эле тарсылдап окуунду окуй бер кызым. Бул жерде силердин эч куноонор жок. Куноо боло турган болсо атан экообуздо. Кантейин уй-буломду сактап кала албадым. Жакшы эле козумду жумуп, баарына чыдайын дедим, силер учун жашайын дедим. Атан кетем деп чечпегенинде жашай бермек элек кызым. Алла силерге бак берсин, силер бактылуу болсонор экен. Кечир кызым, деп ыйлап жиберди. Эжем экоо копко кучакташа ыйлап, аларды коруп алып мен ыйлап... Ал кундор оор кундор эле... Сабактан уйго баргым келчу эмес. Сабактан алаксып, жадырап эле жургондой болом да, уйго келсем томсоруп, атам жок, апамдын калп эле кулумуш этип бизди алаксытканы, бири бирибизди аяп да, алдап да жашаган кундор... Башым жаздыкка тиер менен атамдын элесин эстеп кирем. Кокурогумдо кусаланып, козумон жаштар тып-тып кулап, жаздыгым сууланып чыгат.Апамдын тымызын ыйлап жатканын сезем... Атам келем деп келбей койду... Балалык бае сезимдерим менен канча куттум. Канча жолу кат жаздым. Болушунча тырышып сулуу жазганга аракет кылаар элем. Атам окуп калса суйунсун деп. Катасын кайра-кайра текшерип чыкчумун. Уят болуп калбайын деп.Эки баракка толтура жазып чыгаар элем. Баарын жазчумун, апам, эжем жонундо, эмне кылып кандай жашап жатканыбыз, кандай ийгиликтерибиз болуп жатканын. Аягында кандай сагынып, кутуп жатканыбызды, келип кетишин суранып жазып , эрке кызыныз деп коер элем. Аярлап буктоп, ойлонуп отуруп калчумун. Бул катты каякка кантип жонотом деп. Себеби атамдын дайыны чыкпай кеткен. Бири уй-булосу менен Россияга кетип калыптыр десе, бири Бишкекте эле жургонун кордум, жаны аялы менен дешчу. Чон ата, чон энебизден мен кичине кезибиз де эле ажырап калган экенбиз. Мал багып тоодо жашашчу экен, атамдын жалгыз иниси, аялы, чон атам, чон апам кочку алдында калып каза болушуптур. Атамдын эки эжеси бар. Алар менен катышып турабыз. Алар да атам каякта экенин билишпейт экен. Ошентип жазган катымды кармап томсоруп отуруп калчумун. Анан ызаланып катты айрып-айрып майдалап тытып , ызама чыдай албай ыйлаар элем...
Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 30 Январь 2013 - 18:52
#5 30 Январь 2013 - 01:45

Билдирүүнү түзөткөн: sonka89.: 30 Январь 2013 - 12:19
#6 30 Январь 2013 - 01:48
#7 30 Январь 2013 - 02:40
#9 30 Январь 2013 - 11:50
#10 30 Январь 2013 - 13:05
Сезим элдин агымы менен жуткуно алдыга жыла берди. Вагондун оозунда "проводник Тамара Исмадиярова Аликовна" деген тошундо пейджиги бар толук аял бакылдап-шакылдап билеттерди текшерип киргизип жатыптыр. Сезим да билетин корсотуп вагондун ичине кирди. Биринчи жолу поездге отурушу. Деги эле биринчи жолу алыс жолго чыгышы. Пласкаттан оз ордун издеп таап, сумкасын устунку текчеге иймелендеп чыгара албай жатса, жанында кошуна жургунчу так которуп туруп ордуна коюп берди эле, Сезим ыраазычылыгын билдире -Рахмат, деп отуруп калды.
Кыргыздардын баары эле Россияга кетип атышкан го... Ушунча узун поездге канча адам батат болду экен. Аялы деле, эркеги деле, баласы деле кыргыз. Биздин олконун кыйналганын ушундан билсе болот да. Болбосо ушулардын баары эле айла жоктон кетип жатышат. Ким эле оз жеринде жургусу келбесин. Мисалы мен иштеп жаткан жумушумду таштап, уй-було, бала-бакырамды таштап кетип атам. Ээх, бир Кудай озун жар болуп, ишим онунан чыкса экен. Тигине балдарым, атасы менен узатып келишкен деп, шакылдаган келин терезени карап колун булгалап койду. Эки колунда эки баласын жетелеген куйоосу мунайым коштошуп жатат. Сезим озунун балдарынын эстеп, журогу эзилип кетти. Ичинен жаратканга жалынып атты - Оо, Кудай, балдарымды, апамды оорута корбо, аман- эсен ,конулдору ток журушсунчу. Улуусу Акылай алтыда, кичуусу Аманат экиге толду. Тагдыр мындай ачуу сынак бербегенинде, минтип эне-бала болунбой ,бапырап жашай беришпейт беле...ээх, тагдыр десен....
Поезд ордунан жылып баштады. Кол булгалап коштошуп жатышкандар. Жанында устунку кабаттан орун алган бир жаш кыз жигитиби? Жолдошубу? Бир жаш жигит менен кечке болуно алышпай убара. Ал шамдагайлык менен кирип келип жукторун койуп берип, тиги кызды кайра кайра сооротуп жатат. -Мен артындан эле барып калам. Сен биринчи жайгашып алсан, анан чакырасын да. Бизден сар-санаа болбо, озунду карап, жылуу жур. Аякта суук дейт. Жетерин менен телефон чал. Мен сени чыкты деп Зина эжеге чалып коем. Тосуп алат. дагы копко суйлошуп турушту. Кыз улам башын ийкеп коет. Бир убакта проводник келип узатуучулар сыртка чыгышын талап кылды эле тапырап тушуп башташды. Корсо ичине да кирип узаткандар бар тура. Анан баягы жигит чуркап чыгып терезеге келди. Экоо кол булгалашып, терезеге журок тартышып жатып аран коштошушту. Тиги кыз жанагы жигит корунбой калганда чындап эми ишендиби болунуп жатканына ыйлап кирди. Торт караан, торт жолоочу. Тиги ыйлап жаткан жаш кыз, шакылдаган келин, толмочунан келген, кырктарга чыгып калган эркек, Сезим. Мына така-така-так, шака-шака-шак деп зуулдап поезд жылып баратат. Ар кими тунжурап оз ойлору менен алышып терезени карап кетип баратышат. Ангыча тынчтыкты бузуп, -Постелинердин толонгон деген квитанциясын корсотуп постель алгыла деп уну катуу чыгара проводник отуп кетти. Кайра опур- топур, Сезимдин орду устунку текчеден экен. Тошончусун салып, шейшеп каптап, устун одеял менен жаап отуруп калды. Ал мындай деп элестеткен эмес. Эки жарым кун жол журоорун билсе да, тошончу салынып уктап барам деп ойлобоптур негедир. Апасы камдап берген самын,тиш жуугучтар да керек тура корсо. Бат эле жетип барчудай болуп Сезим эч ойлонгон эмес. Апасы эт менен кызарта кууруп берген картошкасын, колго жасалган каттамасын, чай,кант,жада калса сууга жумуртка да бышырып бергенин эстеп, апасына бир элжиреп эзилип алды. Сезим кетет дегенден баштап эле апасынын жаны тынган жок. Тундо да экоо уктабай тан аткыча суйлошуп жатышкан. Термелте чайпап жатканынабы Сезимдин к€ш¥л¥п уйкусу келип уктап кетиптир. Канча уктаганы белгисиз, тиги шакылдак келин, колунан тартып ойготуп атыптыр.
#11 30 Январь 2013 - 13:46
Эми апасынын корогочтугуно тан калып отурат. Чын эле кайнак суу бере турган жайы вагондун башында жайгашыптыр. Ысык сууну которуп келе жатып ушуларды ойлоп келатты.
- Аай-иий, мен жакшы коргон куурулган картошка. Мен дал ушундай кызарта куурулганын жакшы кором деп тиги шакылдак тамшанып жей баштады. Мойнуна бет аарчысын асынып, колуна самын салгычын которуп келген эркек - Оо тамагынар таттуу болсун. Адегенде таанышып алалы. Мен сиз менен гана тааныш болдум. А бул эки карындашым менен тааныша элекпиз. Экоон тен туну уктаган эмес окшойсунар качан турушат деп атып, курсагыбыз курулдап кетти. деп кулуп койду. Менин атым Аскер.
- Мен Венера. деп тиги шакылдак келин бизди карады. -Сезим... -Уулжан.... Ошентип бул тортоонун сапары улана берди. Бул маалда Россиянын Новосибирск шаарында Кундуз синдиси келет деп кубанып кутуп журот. Ал окуусун бутуруп, шаарга окуу жайга тапшырып коройун деп келип отпой калды. Атасына таарынычы очо элек кыз атасынын козуно корунгусу келди. Качандыр бир кезде бизди таштап кеткенине окунсо деп ичи ачышып, кандай болбосун алдыга жылышым керек деди. Бирок кантип, кайсыл жол менен..?
#13 30 Январь 2013 - 15:21
- Алло, кандай подружка? Ден соолук, иштер, уй- було аманбы?
- Жакшы, жатабыз Кудай деп, озунор кандай? Иштерин жакшыбы? Сооданар кандай? Акыркы товарды алдынарбы? Жаны модельдер салынган. Жазгы коллекция... .
- Индира мен сага срочный жумуштар менен чалып жатам. Мага бала бакканга кыз керек болуп жатат. Бияктагы кызым ооруп кетип жатат. Туугандар арасынан да караштырып кордук. Кыз жок. Сенин кол алдында коп кыз иштейт го... Ылайыктап мага кыз таап берсен сообума калат элен. Айлыгы 200$ , ичкен жегени, кийими, жаткан жери менден. Жол киресин да озум толоп берем. Суранам караштырып корчу ээ, эки балам каралбай калат. Бирин мектепке жонотуп, бирин ар кайсы ,мектепке чейин деген ийримдерге апарып апкелип турат...
Индира копко деле ойлонгон жок. Ал негедир Кундузга боор тартып турчу. Туз эле Кундузга барып: - Кундуз Россияга барып иштейсинби? деп калды. Кундуз эмне деп жооп берерин билбей турганда, - Сен ойлобо, ишинди сен мыкты аткарып жатасын. Бул менин сага эжелик камкорлугум. Жаны эле Россиядан досум чалды. Балдарын караганга кыз издештирип жатыптыр. Айлыгы да жакшы экен. 200$. ( Ал жылдары мугалимдер 100$ айлык алчу ) Ичпей жебей чогултсан жакшы эле болуп калат экен. Жаткан жерин бекер, анда санда кийим кечегин алып берип турушат. Ал ишеничтуу адам. Абдан жакшы аял. Ойлонуп кор. Сен каалагандай болот. Бул жерде керели кечке озоруп тапкан айлыгын квартирандан, ичкен жегенинен ашпайт туурабы? Апандар менен да кенеш. Мен сага жакшылык иретинде гана айтып жатам. Эгер сен жок десен тигил Аселге айтсам ал Кудай деп кетет. Эртен жообун бер. деп жылмайып басып кетти.
Мына Кундуздун жашоосунда алгачкы бурулуш ушинтип башталган. Ал бир жыл бала баккыч болуп иштеп, андан сон ошол эле Нуржан эжеде соодага жардамдашып журуп соода тармагына кызыгып кетти. Нуржан эженин да, Индира эженин да жардамы менен Кундуз иш ачып иштеп кетти. Ошентип ал иш деп журуп турмушка да чыккан жок. Ооба, колун сураган жигиттер болду, бирок Кундуздун конулуно жаккан жигиттер болгон жок. Убакыт болсо зуулдап отуп жатты. Иши илгери жылып айылдагы уйун ондотуп уч болмо уйунун жанына улап дагы беш болмолуу зангыраган там салышты. Короо жайын ондоп, мал кутуп бапырап эле жатып калышты. Шаардан эски жер там сатып алып аны туртуруп тыштап зангыраган цех салдырды. Апасы караанына жалынып эле турат. Эне журогу кыз баланын орун очок алып, уй- булолуу болушун ак эткенден, так этип тилеп журду. Кундуз атасынан кийин эркектерге башкача коз караш менен карап калгангабы, такыр журогу жылыбай койду. Ал ортодо синдиси бой жетип ала качып кетишти. Куйоо баласы Азат менен Сезим ынтымактуу жашап кыздуу болушту. Омур жолу кыска белем, колго дос балдары менен барып, ала-г¥¥ болгон достор колго тушобуз деп Азаттын соогун апкелишти. Азат тороло элек уулун корбой кете берди. Аманат торолуп, жашоо улана берди. Ала качып алса да бара-бара Азатты берилип жан дуйносу, аруу сезимдери менен суйгон Сезим учун жан жолдошун жоготуу ото эле оор болду. Кундуз Сезимди атайы эле чакыртып алды. Кичине жер которсо алаксып иштеп кетсин дегени эле. Эми мына минтип бир тууганы жол журуп келе жатат, Кундуздун кубанычында чек жок, болок эл, ботон жер, мына эми ал жалгыз болбойт, анын жолонору, таянары эртендерден келип калат.
#14 30 Январь 2013 - 16:36
- Ээй, замана, бир жылдары ушул жерден отуш тозоктун оту эле,- деп созун баштады Венера . Мен далай жолу товар ташып, ушул жерден канча сыздап коз жашыбызды агыздык. Ал кездерде чаар сумкаларды толтуруп алып, товарларды документи жок, Кыргызстандан- Россияга ташыйт элек. Оларман эле калк экенпиз эй, озубуздун сумкаларыбыз менен кошо тааныштарыбыздын сумкасын ала кетебиз, албетте акчасына, анан дагы жанталашып "зайчик" болуп билети жок проводниктерге суйлошуп чыгып алабыз. Анан эле чек ара дегенде эле билген келмелерибизди башынан айтып, Кудайлап, сыйынып баштайбыз. Карасан эле баары кубур шыбыр этип жалынып аткан болот. Чоон КАМАЗды айдап келип токтоткондо тыбырчылап калабыз, ал анан баягы сумкаларды тушуруп тиги КАМАЗга жуктоп башташканда коруп ал анан ызы чууну.... Кээде Кудай жалгап КАМАЗ жаныбыздан отуп кетет. Оох деп тунжурап отуруп калабыз. Тигил жетинчи вагонду сапырып жатышат деп калышат. Алдын ала проводниктерге акча чогултуп беребиз. Биздин вагонду алып кал деп, кээде анына карабай деле шыпырып кетишет. Канча кыргыздардын коз жашы, товары, акчалары калып кетти ушул жерде. Аман эсен отуп алсак тим эле шатыра шатман кантип жетип барганыбызды билбей калабыз. Кызыгы товарыбыз тушуп калса деле, болбой эле когоруп кайра ушул жол менен жонойбуз...
- Здравствуйте граждане, готовим и показываем паспорта и билеты. деп бир формачан аял отуп кетти. Анын артынан эле эки бою узун формачан эркек, бир аял болуп текшерип башташты. Сезимдин паспортун алып фонарын куйгузуп ойдо карап койуп: -Имя? Полное имя фамилия? Цель визита?
- Исмаилова Сезим Жолдошбековна
-С какой целью едете?
- К сестре она недавно родила, в гости... Дегенге аран жарады. Эжеси уйротуп койгон эле.
- Все тут к брату, сестре...! деп кабагы ачылбаган толук аял документин жаап карматып койду. Документтери жайында болсо деле аландап коркуп алган Сезим эми кичине озуно келе тушту. Венера эженин да жана айтып бергендери журогун тушуруп койгон эле.
- Ваш паспорт молодой человек?
-Ваши инициалы, имя, отчество?
- Тилек Исмаилов Жолдошбекович
-Сколько вам полных лет?
-20
- ваша цель визита?
- к отцу
- а у вас там отец... Деп жанагы аял жактырбай басып кетти.
Сезим уккан кулагына ишенбей катып калды. Исмаилов Жолдошбек? А балким окшош ат, уйкаш фамилиядыр...
#15 30 Январь 2013 - 17:27
#16 30 Январь 2013 - 17:28
#17 30 Январь 2013 - 17:28
-Наркотик текшерип журушот, деп койду тиги Венера эже.
Аран тушургон сумкасын иймелендеп ойдо чыгара албай жатканда тиги бала келип жардамдашып калды.
-Рахмат, атын ким? Атын укса деле оозунан эмнегедир ушул создор чыгып кетти.
-Тилек, деп колун сунду. Сезим.
Тилек менен Сезим аталаш бир туугандар. Жер тоголок дегендей экоо минтип бир вагондун ичинде. Сезим туйуп билип атса да сыр алдырган жок. Тилек чындап жана текшеруучулор келгенде Сезимдин аты жонун уккан эмес. Кошуналар сумкаларын иреттеп баштагандан пайдаланып Сезим тиги бош орундукка жылып кетти. Ичинен тиги бала менен жакындан суйлошкусу келип турат.
- Атын жакшы экен Тилек деп, канча бир туугансын? деди туз эле
- мен атамдын тиленип жургон уулу экемин. Атам 43 ко чыкканда мен торолупмун. Мен жалгызмын. Бирок атамдын мурдагы уй-булосунон эки кызы бар экен. Бирок шартка байланыштуу катышпайбыз.
- Россияда коп болдубу жургонунорго? Сезим деми кыстыгып кызыктай болуп чыкты.
- ооба, мен кичинемде эле алгач Абаканга,анан Сахалинде, кийин Новосибирскиге келдик. Бала бакчага, мектепти орусча бутурдум. Уйдон атам кыргызча суйло тилин кыргыз деп журуп кыргызча унутпай журом. Каникулдарда тайатамдардыкына жиберип турушат. Алар жайлоодо. Каникул буткончо журуп барам.
- Азыр да каникулга келдинби анан?
- Жоок, апамдын каза болуп калганына алты жыл болуп калды. Атам бир келип кеткен боюнча барбады. Апамдын жылдыгына барып куран окутуп келе жатам. деп чон кишилерче улутунуп койду. Тайэнемдер негедир атам менен жакшы эмес. А тугул апамдын олумуно да атамды куноолоп журушот.
-неге?
- Тайэнемдин айтканына караганда атам апам менен ата-энелердин батасын албай озлорунчо эле уйлонуп алышып, а тугул айтпай эле Россияга кетип калышыптыр. Мени алар мен бешке чыккан кезимде апкелип корсотушуптур. Атамдын башка уй- булосу бар экенин укканда ого бетер таарынып журду. Апам ыраматылык атамды катуу суйоор Эле. Ошол апам болбой атамды суйроп Россиялап журчу экенбиз. Байкушум атам кетип калат деп коркчу экен корсо. Анткени атам копко чейин биринчи уй-булосун унута албай кыйналган экен. Кийин атам , апамдар болуп баратышкан маршурутка жолдун тайгагынан жолдон чыгып кетип тоголонуп кеткен экен. Апам анан дагы бир адам ошол жерден жан беришиптир. Создорун бир бирине дал келтире албай жаш улан суйлоп келе жатты. Атам дайым менин акыл кенешчим. ... Мен баскан жанылыштыктарды сен баспашын керек, сен жалгыз эмессин Эжелерин бар, чонойсон издеп таап катышып ал дей берет.
Жолдо карата эч ким менен суйлошпой бара жаткангабы бул бала бугун чыгара суйлоп жатты. Сезим болсо ар бир созун синире угуп, дагы да атасы жонундо коп-коп нерселерди билгиси келди. Жолдун жарымынан кобун отуп койгондо бул бала менен таанышканымды карасан.... Эмнеге тиги казактардын чек арасынан эле аты жонун угуп албадым экен... Эми жетип калсак атам жонундо ...
Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 30 Январь 2013 - 22:00
#18 30 Январь 2013 - 18:16
- А сиз, эмне иш менен келатасыз?
- Менби? Мм, мен эжеме жардамдашып . Ал да Новосибирскиде турат. Коп болду. Соода кылат. Менин жолдошум каза болуп калган эки жылдан ашты. Бир кыз, бир уулум бар. Апам болуп чогуу турабыз. Атам, атам болсо... коздорунон жаш каканактап, кареги жашка толуп чыкты.
- Атам, бизди таштап кеткен. Менин атам да мен бала кезде ээрди укмуш кооз кылып чабаар эле.
-Атаныз менен катышып турасызбы?
-Жок, канча ирээт жол карап атамды куткон кундорум болду... Эгер билсен ушул кунго дейре атамды издештирип келдим. Эч дайны билинбеди... Эми минтип...
#19 30 Январь 2013 - 19:25
Озумдун Москвага биринчи жолу поезд менен кыйналып келген кунумду эстеп кеттим.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#20 30 Январь 2013 - 20:29
- Мен кутпогон жерден, атамды таптым окшойт Тилек. Мен, мен сенин эжен Сезим. Тилек апкаарып турду да кулачын жайып эжеси менен кучакташып калды.
- Ээй, силер эмне эле болуп атасынар? Дени кардынар сообу? Элди козго албай эле кучакташып. ..
- Эже, суйунчу, мен инимди таап алдым. Бул вагон акжолтой болуп, канча жылдан бери жоготуп алган атамды таптым окшойт...
- Эмне дейт, экоон бир тууган экенсинби? деп Аскер байке да созго аралашты. -Мынаа кызык, ээ каран эй буларды. Сенин фамилян ким эле карындашым деп бурчта отурган Уулжанга карады эле баары кулуп жиберишти.
- Оо Сезим ининди жууш керек, мындай событиени кантип белгилебей коебуз? Менде кыргыз коньягы бар деп Аскер байке папкесинен кагазга оролгон коньякты апчыгып калды. Тигил Венера эже да коштоп ызы чуу болуп эле калышты. Журогу опкоолжуп Сезим суйунуп турду, Тилекти караса ал да кубанычынан жетине албай туруптур. Тун бир оокумга чейин бака шака тушуп отурушту да ордуларына жата кетишти. Сезимдин уйкусу келбей , копко жатты. Бул жанылык апасына, эжесине кандай таасир берер болду экен. Алар да Сезимдей суйунобу же...? Атасычы? Ортодо канчалаган жылдар отуп кетти... Апасы ошол бойдон турмушка чыккан жок. Журогу оорукчан болуп эки жолу больницага жатып чыкты, дарыланып.
Эжеси болсо алгач шаарга окуйм деп кетип, андан ары Россияга кетип калды. Апасы экоо кунумдук жашоолорун кечирип журо беришти. Сезимдин туулган кунундо эжеси телефон берип жибериптир. Суйунгонун айтпа. Андан кийин эжеси менен тез-тез суйлошуп турушту. Он сегизге толуп, жаштыгы кокурогун тээп, максаттарга кадам шилтеп, студент деген атка конуп окуп жургон кезинде Азат деген жигиттин журогуно чок салды, сыртынан акмалап журуп ал Сезим жонундо баарын билип алды. Бир куну чыгынып таанышмак болду. Экоону Сезимдин досу Дилбар тааныштырды. Азат чечкиндуу жигит эле, ата-энесине келинчек апкелем десе аябай суйунушту. Азат 24 ко чыгып уйлонуу курагына келип калган. Ал Сезимди ала качып алды. Окуйм , жашмын деген Сезимди озум сени окутуп алам деп соз берип кондурушуп отуруп калды. Бирок турмушка эрте чыгып, Азаттын жары болгонуна эч бир окунгон жок. Азаты менен откоргон ар бир куну майрам сымал ажайып эле. Экоо канча жылдан бери суйлошуп журушконсуп бир бирин жарым создон эле тушунуп турушчу. Достору да тан калышчу кээде, экоон бир Эле жолу кездешип уйлонгонунорго ишенбей кетебиз деп. Ал ортодо кыздуу болуп бакытка балкып уй-булолук жашоо оз нугунда отуп жаткансыды. А бирок Сезимдин журогундо бир арман бар эле. Ал атасынын катышпаганы. Уйлонуу тою деп аппак улпот койнок кийип турганда баары келип куттуктап жатышты. Алыстан эжеси келди куттуктап. Бир гана атасы келген жок. Андан кийин эне болуп бактысына ишенип ишене албай турганында да атасын кутту. Балким бироолордон укса келээр деди. Анда да келбеди. Кийин кара кийип, жер кучактап ыйлап жатып да атасын кутту. Эми балким келээр деди. Мага жолок таяк болуп мурдагысындай башынан сылап: " Эркем, тагдыр жазмыш деген ушул экен. Качып кете албайбыз. Ичиндеги баланды ойло. Азатындын туягын ойло. Азатындын Аманатын ойло. " деп кучагына кысып эркелетсе эле женилдеп калбайт беле, аттин. Анда да келген жок. Кийин биротоло умутун узду. Уулду болгонунда куткон жок атасын. Келбесин билген... Эми минтип ойдо жок жерден, кутпогон жерден... Туйшолуп жатып уктап кетиптир.