Стерва болуш керекпи?
#142 15 Июль 2014 - 11:34
Стерва кыздар жагат мага, бирок аялымдын стерва болушун каалабайм. Стерва болуш анча-мынча адамдын колунан келе бербейт.
"МЫ часто обманываем самих себя. Мы думаем, что мы особенные, но судный день действительно покажет, какие мы особенные."
#143 17 Июль 2014 - 22:43
Стервалардан коркот коп эркектер..
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#145 19 Июль 2014 - 00:28
#147 24 Июль 2014 - 18:25
Кыздын акылдуусу стерва)))
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#148 25 Июль 2014 - 23:56
#149 26 Июль 2014 - 14:33
стерва болуш керек, былжырай берсен сени ким тоготот? Жада калса торогон балдарын тоготпой коюшу мумкун. Бирок "стерва"
десе эле тажаал, кок бет, дароо эле беттен алган болбой, оз ойунду айтканды билуу, оз коз карашынды карманып журуу, жеке менин (личное "я") болуусу абзел. Бир аз кооздука капризден кошуп кой, вуаля соонун стерва болуп чыгасын.
brother
#150 27 Июль 2014 - 00:13
Стерваларга эмнедир жетишпегендей туюла берет.. Бирок, жеке мага андай аялдар жакпайт. Аялдан назиктикти да издейт эркек киши. Менин түшүнүгүмдөгү "стерва"
сөзү, жакшы аялды мүнөздөбөйт.
Сүйлөшүп жүргөндө стервалыгы сизге жагышы мүмкүн, эртең үйүңө барганда ошол сапаты, биздин үйдөгүлөгө жакпай калышы мүмкүн. Билебиз бизде эрди катын сүйүүсүнөн,
кайын эне келин сүйүүсү күчтүрөөк болушу керек. "Стрерва болуш керек, жүдөмүш болбой" деп айтыпсыздар,
"стерва"
бул мүнөз, ал эми өзүнүн алып жүрүүсү анын тыкандыгы. Стерва болбой деле өзүнө тың жана тыкан жүрүү мүмкүн болсо керек. Текебер айымдардын катарына кошом аларды. Жөнөкөйлүк мусулман аялдарына таандык сапат.
Основное значение Стерва (в прямом смысле, по словарю Даля) — ж. и стерво ср.
труп околевшего животного, скота;
падаль, мертвечина, дохлятина,
упадь, дохлая, палая скотина. Стерва (в переносном смысле) — эгоистичная девушка или женщина,
причиняющая вред окружающим
своим поведением сознательно или
неосознанно, т.е. «смердящая,
словно дохлятина».

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#151 28 Июль 2014 - 11:25
Эркектердин көбү аялдарга карата эки сөзүнүн биринде "стерва"
деген сөздү көп колдонушат.
Бирок "стервалар"
кандай типтеги айымдар экенин көпчүлүгү биле беришпейт. Намыскөй, беттегенин бербеген, өжөр деп гана мүнөздөмө беришкени менен "стерва"
деген сөздүн артында көп нерсе жатат.
"Стерва" деген ким?
"Стерва" деген кандай маселе болбосун аны өзү чечип, кыйынчылыктарды артка калтыра билген айым. Бул сөздү эркектер ойлоп тапкан. Адатта "стервалар" эркектерден кем калышпай алар жасаган жумуштарды аял киши деле жасай алат деген ойду бекем карманышат. "Стерва" болуш оңой нерсе эмес, анткени алар коомго, аялзатына тиешелүү эрежелерге каршы турушат. Бул топтогу айымдар каалаган максатына жетүүгө тайманбас мүнөзүн, сулуулугун жумшайт. Башкаларды өз кызыкчылыгына пайдаланганды жакшы көрүшкөндөрү да бар. Көпчүлүк аялдар "стерва" болуп төрөлбөйт, айрымдарынын мүнөзү коомго жараша калыптанат. Мисалы, кээ бирин акча, бийлик бузат.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#152 28 Июль 2014 - 11:26
Эркектердин
"стерваларга"
болгон мамилеси
Эркектердин көбү "стерваларды" колго алып, алардын курч мүнөзүн сындырууга болгон аракеттерин жумшашат. Мындай оор максат көпчүлүгүнүн колунан келбегендиктен улам андай аялдарды "стерва" деп атаганга өтүшөт. Эркектер табиятынан аңчы келишип, "олжолуу" болгусу келген эркек айымдын көзүнө сүрдүү, баатыр көрүнгүсү келет. Акылы менен эсептешип иш кылган "стервалар" мындай эркектердин алдына көп маселелерди коюп, түйшүк тарттырганды жакшы көрүшөт. Бул кандайдыр бир деңгээлде "оюн" десек да болот. "Стерва" айымдар оңой менен жеңилбей, эркектерди "сындырып" жаны тынат. Көпчүлүгүнүн актерлук жөндөмү мыкты өнүккөн. Ыйлачу жерден ыйлап, баш ийчү жерден баш ийип, чыр чыгарчу жерден чыр чыгарып эркектердин айласын алты кетиргенди жактырышат. Эркектердин теңинен көбү "стерваларды" жактырышканы менен баары бир аягында бир калыпта жүргөн, жоош айымдарды тандашат. Ошондуктан көпчүлүк "стервалар" жалгыздыктын кучагында калышы мүмкүн.

#153 28 Июль 2014 - 11:27
"Стервалардын"
принциптери
"Стервалардын" жашоодогу эң негизги принциптеринин бири-эч качан демөөрчүлөрдүн колдоосун пайдаланбоо. Анткени, айымдар көз каранды болбош үчүн баарына барышат. Булар таттуу тамактан баш тартышы мүмкүн, бирок жакшы кийимден, атырдан, боёктордон эч убакта баш тартпайт. Себеби, жогорудагы аталган буюмдар "стервалар" үчүн ийгиликке жетүүгө жардам бере турган эң негизги буюмдар.
Кандай жайда, кандай адамдардын курчоосунда болбосун "стервалар" баарынан сулуу, сымбаттуу көрүнгөнгө умтулушат. Алардын астындагы дагы бир олуттуу маселе-кечеде жүргөн эркектердин жүрөгүн багындыруу. Канчалык көп эркектер аларга тамшанып, арзуусун билдирип же жөн гана суктанса "стервалар" үчүн ошончолук чоң утуш.
"Стервалар" кылган ишине өкүнбөйт, артына кылчайып карабайт, бир чечимге бат келишет, мүнөзү курч болот. Бир нерсе кылаарда эч ким менен (өзгөчө эркектер менен) кеңешпейт. Өзүнүн жашоого болгон көз карашы, мыйзамдары бар. "Стервалар" баалаган эң негизги нерсе - эркиндик.

#154 28 Июль 2014 - 11:28
"Стервалар"
үчүн кеңеш
Эс ал:
Көпчүлүк учурда башкалар үчүн кам көрүп, өзүңүзгө жүктөлгөн жумуштардан четтеңиз. Себеби, "стервалар" табиятынан мүнөзү катуу, жоопкерчиликтүү келгендиктен туугандарынын көп түйшүгү аларга жүктөлөт. Ички туюму менен баардык жумуштарды бүтүргөнгө энергиясы жетпесин сезип турса да моюн бербей жүрө берүүсү мүмкүн. Ушундан улам чарчап, ашыкча стресске кабылышат. Жумушту да, эс алууну да убагында жасап, ден соолугун сактоо кажет.
Рахаттан:
Кээде айрым принциптерден четтеп жумшак, мээримдүү болгонго жол бериңиз. Сизди айланчыктап жүргөн мырзалардын татыктуусун тандап, ага назик мамиле кылууга өтүү керек.

#155 28 Июль 2014 - 11:29
"Стерва"
тууралуу…
"Стерва" -окулуп бүтпөгөн китеп, канчалык аягына чейин чыгып окуюн десең да оюң эч убакта ишке ашпай, арты табышмак бойдон кала берет.
"Стерва" -эң мыкты сценарист. Каалаган жеринен, каалаган убакта сценарийин өзгөртүп турат. Бул нерсе аялдарды эле эмес, эркектерди да кызыктырат.
"Стерва" - жашоодо миңдеген ролдорду аткарып, ойноп жүрөт. Анын жанында мыкты кинорежиссер гана жаңылбай, тынч жүрүшү мүмкүн. Тилекке каршы андай режиссерлордун саны өтө эле аз.
"Стервалар" үчүн кээ бир кадимки адаттар
Эркектердин жүрөгүн оорута турган сөздөрдү көп айтышат.
Коргонуунун эң негизги жолу - кол салуу экенине бекем ишенишет.
Дарегине айтылган сөздөрдүн бирөөсүн да жоопсуз калтырбайт.
Курбусу өзүнөн сулуу, жакшы көрүнсө андан кутулганча, өзүнөн алыстатканча шашат.
Эгер сүйүктүүсү бир ката кетирсе күн сайын эстетип, айтуудан тажабайт.
Бирөө кыйналып жатканда табасы канып четте турганды жакшы көрөт.
Эки адамдын урушунан рахат алат.

#156 28 Июль 2014 - 21:25
Стерваларды аябай мактагандай маалымат экен. Бирок, мен издеген жери жок экен. Стервалардын Үй-бүлөдөгү орду, кызматы, чыдамкайлыгы жөнүндө мактаган жери жоктугу өкүндүрөт. Биздин эн негизги жашоодого миссиябыз "үй-бүлө"
эмеспи?!
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#157 21 Август 2014 - 18:42
Бардык эле кыздар кандай гана жерде болбосун өзүнө ишенип, кылык-жоругу,
кийинүү стили менен тегеректегилердин көңүлүн бурдурууну каалашат. Ушундан улам “стерва” деген терминди жана андай болуунун жолдорун ойлоп табышкан.
Стерва болууну үйрөткөн атайын китептер бар. Алардын негизги максаты жүдөгөн кызды өзүнүн күчүнө ишенген, өзүнүн баасын билген, жарашыктуу кийинген, боёнгон кызга айландыруу. Бирок косметика, кийим, бут кийим жана башкалар үчүн акча керек да. Демек, бай, жок эле дегенде анча чоң эмес акчасы бар айымдар стерва боло алышабы? Андай десең карапайым эле айымдар да стерва болууну үйрөтүүчү китептерди сатып алышат.
Стервология китептери дүйнөгө азгыруучунун көзү менен кароого чакырат. Эң башкысы, сырткы келбетке кылдат мамиле жасоо. Негизги кредо – сулуу болуу. Стервалар үчүн жалпы эреже иштелип чыккан: өзүнүн кызыкчылыгын башкалардыкынан өйдө коюу, убакытты жана максатты белгилөө, пландарды ишке ашыруу үчүн көп маалыматтарды чогултуу, ийгилик үчүн акысын кайтарууга даяр болуу, артка кылчайбастан чечкиндүү кадам жасоо.
Стервалардын чөйрө менен мамилесинин өзгөчөлүгү мында: аны жактырган жана туураган адамдар аны курчап турганы менен ал жалгыз бойдон кала берет. Балким жаман жери ушундадыр. Анын жашыруун, муздак мамилеси кимдир бирөөгө ишенүүгө жана жок дегенде бир секунд өзүн аялзаты сезүүсүнө тоскоолдук кылат. Алсыздык – “темир аял” үчүн таптакыр туура келбеген мүнөз. Балким ушундан улам андан эркектер алыстап турса керек. Муздак мамиле жасаган эркек мүнөздүү сулуу аларды коркутат.
Психолог Лилия Мустафина мындай дейт:
-Стерва болуу азыркы учурда модалуу. Ал каалаганынын баарына жетет деген ой калтырат. Албетте, бул биринчи иретте ар бир кыз карьераны кыялданганына байланыштуу, стерва болуу карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө тоскоол болгон факторлордон коргойт. Анын үстүнө стерва жөнүндө маалымат каражаттарында көп айтылат. Мурда мындай түшүнүк, мындай типтеги айымдар жок болчу. Азыр стерва болуу - сыймык.
Стерва болууга аракет кылган кыздарды карап туруп алар идеалдуу болгонго аракет кылат десе болот. Анткени коомчулукта өзүн абдан жакшы алып жүрүү, бардык темада маектеше билүү, жакшы кийинүү, боёнуу керек да. Анын үстүнө психологдордун көп жылдык байкоосунда белгилүү болгондой адамдарга жандуу, стандартсыз, белгилүү бир рамкага камалбаган кыздар жагат.
Жылан менен достошконго барабар
Менимче, стерва жакшы курбу боло албайт дегенге да болбойт. Эгер момун, ак көңүл кыз болсоң сага карама-каршы мүнөздөгү курбунун кереги тиет. Анткени белгилүү бир учурларда өзүңө ишенүүңө, максатка умтулушуңа, көңүл бурган мырзаларды караштырууга жардам берген бирөө болушу керек да. Көрүнүктүү болууга, өзүңө ишенип, өз алдыңча болууга стерва-курбу жардам берет. Достугуңар бекем болсо эч качан кыйын мезгилде таштап кетпейт, курбусун бирөөгө кор кылбайт. Стерва – мүнөздүн бир түрү эмес, керектүү жерде, керектүү учурда өзүнүн куралын колдонуу. Көбүнчө кыздар белгилүү бир жыйынтыкка жетишүү үчүн стерва болушат, а курбулары менен таптакыр башкача мамиледе.
Бирок экинчи жагы да бар. Стерва менен достошуу жылан менен достошкон сыяктуу эле. Күтүлбөгөн жерден уусун чачып, жашооңду ууландырып коюушу мүмкүн. Көбүнчө ал психологиялык жактан алсыз кыздар менен достошот, оңой азгыруу үчүн. Бактылуу жашооңду ал көрө албайт. Курбусу жакшы көйнөк алдыбы, стерва андан да жакшысын алышы керек, курбусу жакшы жигит менен тааныштыбы, аны тартып алуу керек. Жигит жакпаса деле тартып алып өзүн көрсөтүү керек. Стерва өзүн ханыша сезет, курбусу анын кызматчысы болуп жүрүү керек.
Курбулардын экөө тең стерва болсо андан да жаман. Алар кызыкчылыктары окшош болгону үчүн достошушат. Чогуу болгондо бири-бирине жагалданышат, бири-бирин макташат, кеткенден кийин болушунча жамандашат. Мындай курбулар бири-биринен жакшылык күтө алышпайт, ар бири өз кызыкчылыгын ойлойт.
Стерва болуунун эрежелери
1-эреже.
Өзүңдү бош кой. Башка адамдарга, алардын ишине негизсиз тынчсыздана бересиңби? Тынчсыздануу сенин ден соолугуңду, күчүңдү алып жатабы? Сенин курмандыктарың бааланбай калганы үчүн өкүнъп жатасыңбы? Токто. Стерванын энергиясын коротууга анын ата-энеси жана балдары гана татыктуу. Өзүңдүн энергияңды сактап, аны эс алууга, ырахат алууга, акылыңды, денеңди жакшыртууга, саламаттыгыңды бекемдөөгө коротосуң. А курбуларың, мырзаларың өздөрүн өздөрү камсыздай алышат. Албетте, жардамыңды сунуштасаң болот, аны кабыл алууга көндүрүүгө милдеттүү эмессиң. Ар ким өзүнө жооп берет, бирөөнүн жашоосун көзөмөлдөй албайсың. Стерва ички күчү чектелүү экенин билет, ал баарына жетпейт, ошондуктан бир татыктуу объектти тандап алышы керек. Ал кимдир бирөө болушу мүмкүн. Стерва үчүн кимдир бирөөнүн келечегинин мааниси чоң. Ал албетте өзү.
2-эреже.
Өзүңө кызыгышың керек. Жан дүйнөңдү жана денеңди өнүктүр. “Мага коон жыттуу ванна үчүн көбүк жагабы? Мага кандай китеп жагат? Күлгүн түс мага жарашабы?”. Стерва өзүнө өзү канааттанып, ырахаттануу менен ички аурасын түзөт. Аны сыртка чыгарып, адамдарды өзүнө тартат. Жыттуу шамдын жардамы менен бөлмөнү жагымдуу жыт каптайт. Жеке өзүңө болгон ички кызыгууң шамдын отуна окшош, бул жылдыздуулугуңду арттырат. Кызыктуу, ынтаалуу, камкор шеригиң – Өзүң менен убакытты жакшы өткөрсөң жалгыздыкты кыйын деп кабыл албай каласың. Аны эркектер коомчулугуна алмаштырууга шашпай каласың. Демек үчүнчү эрежеге өтсөң болот.
3-эреже.
Талап кыл! Эркектерди тандоодо дүкөнгө кирген тажрыйбалуу кардар сыяктуу кыйкымчыл бол, буюмдар биринен бири жакшы болуп турса да эң жакшысын тандап ал. Стерва жөн гана керектөөнү кандыруу үчүн бир нерсени сатып албашы керек. Ага жөн гана эркек керек эмес. Шанель көйнөк жөнүндө айткан: “Эгер сенин шкафыңда илинип турган көйнөктү кийип театрга барууга болбосо, анда эмне үчүн ал азыркыга чейин бул жерде турат?”. Стерва эркектер жөнүндө ушуга окшош ой жүгүртөт. “Эгер сен өзүңдү эркектин жанында эң сонун, кам көрүүгө, сүйүүгө татыктуу айым сезбесең, анда эмнеге аны менен жүрөсүң?”. Стерва билет өзүнүн башкалар тарабынан көңүл бурууга, сүйүүгө татыктуу экенин.
4-эреже.
Ойно. Жашоо – бул казино. Кызыл-кара оюн талаасында келишимдүү, акылдуу, бай эркектер бар. Кээде зеро туш келип калат. Казиного акча табуу үчүн эмес, сайрандоо үчүн келишет. Стерва өзүн акчага муктаж эмес айым катары алып жүрөт, бирок курч сезим үчүн акысын бергенге даяр. Муздак шампанды ичип, ырахат алып жүрө бер. Оюнду утушту көздөбөй эле кой. Эгер оюнду жакшы көрсөң, утасыңбы, утпайсыңбы анын айырмасы жок да.
5-эреже.
Акчаны аяба! Стерваларга эң ылайыктуу кийимдер юбка, топик, туфли, жасалгалар жана албетте, косметика. Майрамдарда гана эмес, кадимки күндөрдө да азгыруу керек, жеңүү керек. Ар бир жеңиш кылдат машыгуунун жардамы менен келет. Өзүңдө текебердикти, күчтүүлүктү өнүктүр, өзүңдүн бийлигиңди аңдап бил.
P.S. Барган сайын стервалар көбөйүп баратабы дейм... Кыздардын өзүнө кам көрүп, максатка умтулуп, ийгиликке жетип жүргөнү жакшы, бирок “кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы” дегендей аялзатынын табиятына тиешелүү назиктик, боорукердик, мээримдүүлүк сапаттарын жоготпосок экен.

#158 26 Сентябрь 2014 - 12:44
Эркек болсом стервалардан алысыраак эле журмокмун...
Жүрөгүмсүң
#159 26 Сентябрь 2014 - 15:32
Стерва болуш керек чеги менен. Sister айымдын оюна толугу менен кошулам.