– Менин 16 жаштагы уулум Эсенбек биздин уруксатыбыз жок эле 17 жаштагы айылдашыбыз Бектурга букачарды сатып жибериптир.
Биз букачарды кайра бергиле деп барсак, Бектурдун ата-энеси бербей жатышат. Бул талаш мыйзам чегинде кандайча чечилиши мүмкүн? Амантур, Кочкор району.
– Амантур, сиз жандыгыңызды кайра өзүңүзгө алганга толук укугуңуз бар. Бул тууралуу сотко кайрылышыңыз керек. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 190-191-беренелери боюнча 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр сатуу жана сатып алуу келишимин түзгөнгө укугу жок. Эгерде сатуу зарылчылыгы келип чыкса, ата-энесинин,
эгер ата-энеси жок болсо кам көрүүчүсүнүн (опекун) макулдугу менен гана сата алышат. Ошондуктан сотко кайрылып, жандыгыңызды кайтарып алсаңыз болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео







