– Мен мындан алты ай мурун жакын таанышымдан 80 миң сом карыз алгам. Аларга үч айлык мөөнөт менен төлөп берем деп тил кат жазып бергем. Бирок ал акчаны мөөнөтүндө төлөй албай калдым. Азыр да кайтарып бере турган абалда эмесмин. Бирок карыз алган акчамды танган жокмун. Мага акча берген адам күтө туруңуз дегениме болбой арыз жазып, сотко берип салыптыр. Милиция чакырып, “алдамчылык боюнча иш козгойбуз” деп жатышат. Менин үстүмдөн кылмыш ишин козгоого мүмкүнбү? Жапар, Сокулук району.
– Бул жагдайда сиздин үстүңүздөн кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Сизге карыз берген адам карызды өндүрүп алуу максатында гана сотко арыз жазууга укугу бар. Бирок алдамчылык кылды деген жалаа жапканга акысы жок. Сот ага акчаны өндүрүп берүү боюнча гана чечим чыгарып берет. Мисалы, акчаңыз жок болсо үй-жайыңызды,
кыймылсыз мүлкүңүздү конфискация кылышы мүмкүн. Бирок сизге кылмыш ишин ача албайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео







