– Жолдошум менен ажырашып кеткем. Ортобузда 5 жаштагы кызыбыз бар. Ажырашкандан бери кызымды жалгыз багып, тарбиялап келе жатам. Күйөөм биз менен иши жок. Багууга, тарбиялоого эч кандай жардам бербейт. Кызымдын фамилиясын өзгөртүп, өз фамилияма жаздырып алсам болобу? Фарида, Бишкек шаары.
– КРнын Үй-бүлө кодексинин 64-беренеси төмөнкү шарттарда гана баланын фамилиясын өзгөртүүгө жол берет;
1. Эгерде баланын ата-энеси чогуу жашабаса, жубайлардын бири ата-энелик укугунан сот аркылуу айрылса;
2. Жубайлардын бири белгисиз жок болуп кетсе, анын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо мүмкүн болбосо;
3. Сот аркылуу жубайлардын бири оорулуу болгондуктан,
өзүнүн жасаган ишине жооп бере албайт деп табылса;
4. Жубайлардын бири баланы багуудан, материалдык жардам көрсөтүүдөн жана чогуу тарбиялоодон себепсиз баш тартса.

Супер-Инфо
super.kg
видео







