– Жашым 36да. Төрт жылдан бери үч баланы жалгыз тарбиялап келатам. Учурда катуу ооруп, төшөктөмүн.
Ал эми жолдошум экинчи никеси менен жашайт. Экөөбүз мыйзам жүзүндө ажыраша элекпиз. Бирок ал биздин үйдө каттоодо турат. Жолдошум сөзсүз өзү келип, каттоодон чыгышы керекпи? Дагы бир суроом, жашап жаткан квартирабыз чоң атамдан мага мураска калган эле. Эгер аны өзүмө каттатууга жетишпей калсам, квартира жолдошума калабы же балдарымабы?
Алдын ала рахмат! Айжамал, Бишкек шаары.
– Чоң атаңыздан мураска калган квартира сиздин гана менчигиңиз болуп эсептелет. Эгер өзүңүз каттоо бөлүмүнө бара албасаңыз, жашы жеткен балдарыңыздын бирин жөнөтсөңүз же адвокат жалдасаңыз болот. Ал эми жолдошуңуздун бул мураска түз тиешеси жок. Эгер өзүңүзгө каттата албай калсаңыз, Жарандык кодекстин 1142-беренесинин негизинде балдарыңыз,
жолдошуңуз жана ата-энеңиз бирдей өлчөмдө квартираны же анын базардык баасын бөлүп алышат. Бул шарт эгерде чоң атаңыздын сизден башка мураскерлери болбосо же мураскерлер сиздин кызыкчылык үчүн өз үлүштөрүнөн баш тартышса гана туура келет. Үйдө каттоодо турган менчикке тиешеси жок. Эгерде жолдошуңуз сиз менен расмий түрдө ажырашса, сиздин квартираңызга тиешеси жок болуп калат.

Супер-Инфо
super.kg
видео







