Майра өмүрүндө бирөө менен ушакташып, бирөө менен катуу айтышып урушуп көргөн жан эмес. Ал турсун, бакша аялдардай бирөөнүн ичи-койнуна кирип, камыр-жумур болуп катташканы да болбоду. Баары менен бирдей учурашып, бирдей сүйлөшүп, баарын ичине катып, өз алдынча акыл калчаган акылкөйлүгү бар. Мектепти аяктаган соң уулу Ырысбек: “Чолпон борбордон окууга өтпөй калып райондогу училищеге тапшырыптыр”,
- деп өзү да районго окууга тапшырып алды. Дөөлөт менен Майра эл катары борбордон окуса деген тилегине көнбөгөн баласына капа болушканы менен сырттарына чыгарышкан жок.
Убакыт учуп Ырысбек экинчи курсту аяктап баратат. Майра уулу жактырган бийкеч Чолпондун медициналык окуу жайда билим алып жатканынан кабардар. Ал эми анын уулуна карата мамилеси, сезими тууралуу так билбейт. Антсе да Ырысбектин ушул кыз менен баш кошуусун эне катары абдан каалайт.
Кичүү уулу, өмүрлөшү Дөөлөт болуп түшкү чай үстүндө олтурушкан маалда Ырысбек кирип келди. Адатта чакыртып келтире алышпаган уулунун сабагы күчөп турган убакта беймаал кирип келиши ата-энени чочутуп жиберди. Түрүндө шашмалык да, уялуу да бар. Учурашып жайгашкан соң көп кармалбай эле:
– Ата, апа, мен үйлөнөйүн деп атам. Үйлөнүшүм керек, - деди алдастап.
– Тынччылыкпы,
- эркек эмеспи, Дөөлөт токтоо унчукту.
– Ии.
– Эмне анча шаштың, уулум. Эмне болду? – Майранын суроосун күтүп тургансып Ырысбек:
– Чолпонду ала качканы жатышат. Сессиянын бүтүшүн күтүп жатышыптыр,
– деди шашыла жалооруган үн менен.
– А силер, сөз бекиттиңер беле?
Ырысбек апасынын бул суроосуна жооп бере албай буйдалып калды.
– Ала качып эле алам да...
Кеп ушул жерден токтоду. Майра өз башынан өткөндүгү үчүн ала качууга эгерим макул болбой турган. Ал эми Дөөлөт аялынын бул сырын жакшы билчү, ал турсун, Майранын “ала качып алгансың” деген таарынычын ушул күнгө чейин тарата албай келатпайбы.
Ошондуктан ал да баласынын кебин колдобой үнсүз калды. Бактыбек болсо ата-энесинин байкесин колдобой жаткандарына кыжалаттанып,
же өзү бир айла таба коё албай тынчсызданат.
– Качан алып келейин дейсиң? – Майранын жумшак үнү баарынын жүгүн жеңилдеткендей боло түштү.
– Эрте эле. Болушунча эрте.
– Эмне дейсиң, атасы?
– Алып келем десе алып келсин, жок дечү белек. Бирок ал кыздын таятасы менен таенеси буттары көргө салаңдап турса, кантип колун сурап барабыз?
– Сурап барбайбыз, ала качып да албайбыз, анын жолун өзүм табам.
Майра “кеп бүттү” дегенчелик кылып дасторконго бата кылууга алакан жайды. Акылкөй Майра “жолун табам” деген ал амалды алда качан эле ойлонуп койгон эле.
***
Апасынын акылы менен Ырысбек Чолпондун курбусун жардамга чакырып Чолпонду райондун базарынын жанына алдырды. Курбусуна жолугам деген ойдо базардын четине келип туруп калган Чолпонго баштыктарын артынган Майра “кокусунан эле” кезигип калды.
– Ой, Чолпонсуңбу?
Жакшысыңбы,
айланайын? Окууң жакшыбы?
– Саламатсызбы эже, - Чолпон адатынча ийиле калып баштыктардын бирин колуна алды, - жакшы жүрөсүзбү?
– Жакшы, кагылайын, ырас, сага жолукпадымбы.
Сен эми бир керегиме жара. Кичүү уулум үйлөнөм деп желпилдеп тынч уктабай калдык. Тиги жардамы тийбес классташың атасы менен тоого мал алганы кеткенинен базарга өзүм жалгыз келе коём деп куурадым, – Майра деги эле жайма-жай сүйлөп, Чолпонго шек алдырбады, – бүгүн кайсы күн болуп калды, я?
– Бүгүн жума, эже.
– Аа, айылга таенеңдерге баратасыңбы?
Эртеңдерден дем алыш эмеспи, ошент. Карыган кишилерге барып учурашып жанында болуп кел, айланайын. Эки иштен бир иш буларды ташышып мени үйгө жеткиришип кой.
Чолпон курбусун күтүп атканын айтып, аны күткөнчө деп Майранын ташыган товарларына кароолчу болуп бир саатча турду. Демейде убадага бек курбусу бүгүн жок. Ага капа болуп калган Чолпон ал кечте курбусу менен таарынышарын сезип “андан көрө айылга барса барып келейин. Чын эле байкуш таятамдар кандай жатышты экен” деп айылга кетүүнү чечти. Майра “эми кетебиз” деген маалда:
– Иий, аз жерден унутуп кала жаздаганымды.
Баарын алып ак жоолукту унуткан турбаймынбы.
Жүрү, кагылайын, жаш эмессиңби, келиниме жоолукту сен тандап бер. Азыркылардын табитине биздин жактыргандарыбыз деле туура келбей калбадыбы, - деп сүйлөнө Чолпонду ээрчитип жөнөдү.
Экөө бир топ кыдырып барып Чолпон жактырган чоң ак жоолукту тандап айылга карай жүрүп кетишти. Жол ката эч кими үндөгөн жок. Чолпондо эмненин санаасы, бүгүнкү сабактары тууралуу ойлонуп келип, курбусунун келбей койгонуна ичтен таарынып, анан үйдү карай оюн буруп кетти. Айылдагы жалгыз каранып-карманган таята-таенесинин аманчылыгын ичтен тилеп, “азыраак кол кабыш кылып коюп дем алыш менен жолго чыга берейин” деген ойлор менен алагды. Майра болсо астыртан Чолпонго көз салып коюп өзүнчө ичтен кубанат. Эч нерсе боло электе эле аны жакын тутуп, төгүлгөн каш-кирпигинен айланып, татынакай келбетине жалынат. Балдарына өзүнчө бакыт тилеп алдыда боло турган тойду кыялданып кудуңдайт. Анан бүгүнкү соодасын ойлонуп “кем-карч калган жокпу” дегенче айылга кирип келишти. Болгон жүктөнгөнүн түшүрүп калган соң Чолпонго кайрылып:
– Чолпон, билсең керек, менин эки уулумдан башка балам жок. Келинди эми алайын деп жатам. Барып үйдөгүлөрүңдүн акыбалын билип, анан мага кол кабыш кылчы, садагасы. Бул менин бир суранычым болсун, - деди.
Чынында Чолпон дароо макул боло калбай кыйылып турду. Оюнда “эже Ырысбектин мага жармашып жүргөнүн билбейт да, болбосо жумшабайт эле” деп качып жүргөн классташынын үйүндө кызмат кылгысы келген жок. Ары канчадан бери көрө элек таятасы менен таенесинин жанында аз болсо да тура турганы жакшы эмеспи. Кыздын кыйылганын байкаган Майра айнып кетпегей эле дегендей шашып, бирок шек билдирбестен жөн салды гана:
– Ашып кеткен деле түйшүк жок, бирок жалгыздын кылган иши курусун. Деги эле арбыбайт эмеспи. Эки адам кылган иш кобурашканча тез бүтөт. Тиги тентек да “таң менен алып келип калам” деп шаштырып атпайбы тим эле, - деп аны-муну айтып өттү.
– Макул, эже, эми сизге кантип жок дейин, - кыз жумшак жылмайып жүрүп кетти.
Майра эки жагын жыйнаганча Чолпон келип калды. Эч нерседен бейкапар элпек кыз Майранын айткандарына өз оюн кошуп, ал турсун, айрым салаттарын жактырбай тизмеден чийип, өзү билгендерин жасамакчы болду. Майра баарын эркине коюп ичтен кымылдайт. Айткандай эле, бул күнү үйдө үйлөнө турган кенже уулу менен үчөө гана болушту. Түн бир оокумга чейин бир топ ишти арбытышкан соң Майра Чолпондун кетейин деген ой-боюна койбой алып калды:
– Караңгыда кантип көчөгө басасың. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” дейт, азыраак тук этип алалы да, эми эртең менен боорсокту бышырышып коюп кет, - деп.
Таң менен коңшу келиндерден эки-үчөө болуп боорсок жасоого киришишти.
– Ой жеңе, эмне мынча тымызын камынгансыз,
деги кандай келин алганы атасыз? – деп шаңкылдаган келиндердин бирине:
– Жаныңарды бек кармап келин келгенде өзүңөр көрүп алгыла, кандай экенин, - деп кыска жооп кылып койду.
Майранын бир сырдуулугун жакшы билген келиндер кайтарып суроо салышкан жок. Анан Дөөлөт келери менен экөө кеңешип айыл-апаны чакыртып жиберишти.
– Чолпон, мынча болду эми баарын биротоло өзүң танда. Жеңелериң өзүлөрү кыла беришет, жүрү, экөөбүз көшөгө тарталы, - деп үйгө бет алды.
Көшөгө тартканга ылайыктуу деген эки бөлмөнү көргөздү эле, Чолпон “терезелери бакты карап турат экен” деп жактырган бөлмөгө Чолпон сунуштагандай кылып бир терезени көшөгөнүн ичине кылып, бирин көшөгөнүн сыртында калтырып аппак көшөгөнү көйкөлтө тартышты. Анан жер төшөктөн калыңдап салды да:
– Кана, Чолпон, буларды кийчи, деги келиниме туура келер бекен, - деп келинге камдаган кийимдерин сунду. Кечээтен берки камылгадан улам той шаанисине түшүп кубанып, жан дилинен кызмат кылып жүргөн Чолпон:
– Келиниңиз мендей арыкпы, эже? Анда эле туура келет, - деп күлүп койду, – мен эле кийип алчудай чак алыптырсыз,
эже.
– Мынча болду мындай отур, биротоло келинимди элестетип жыргап алайын.
Ак көшөгө менен келиндин кийими сезимтал кыздын жүрөгүн опколжутуп,
кыз аттуу эңсеп күткөн бакыт ушундай болорун туя түштү. Майранын камдаган ак жоолугуна күлмүңдөй карап чачын тыкан түйүп, башын тосуп ийиле берди. Майра кызга жоолукту жараштыра салды да, колунан жетелей төшөккө отургузуп, өзү катар жайгашты:
– Тим эле жарашканын карачы. Чолпон, кызым, айланайын, мен күтүп, мен тосууга камынып жаткан келин сенсиң. Ырысбегимдин ырыстуу келинчеги бол, кагылайын, - деп жүзүнөн өптү.
Мындайды күтпөгөн кыз Майранын кебин тамаша катары кабыл алып:
– Коюңузчу, эже... – деп башындагы жоолукту алмакка колун созду.
– Кой, кагылайын, антчү эмес. Ак жоолугуң башыңдан түшпөгөн ак жолтой келин бол. Кечээтен бери ушул үйдө каалагандарыңды кандай жасасаң, мындан ары баарын колго алып бүт өмүр ушул үйдүн очок ээси бол. Уулумдун, биздин сага деген жарык үмүтүбүздү үзбө, - деди каргылданып.
Ал оозун жыйганча топураган байбичелер,
келиндер жоолуктарын камдап кирип келишти. Жүзүн басып ыйлаган кыз эми артка жол жок экенин билип алкаган байбичелердин улам бирине жүгүнүп ак жоолукка башын тосот.
Ангемелер.
#222 24 December 2015 - 00:54
Бейишке кирбей күтөм
-Таене.
– Оу балам.
– Телефонуңуз качан оңолот?
– Менин телефонум оң эле балам.
– Балким, өчүп калгандыр.
– Жок, күнүгө эле токко сайып атам.
– Кечээ өчкөн жок беле, таене?
– Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
– ...
– Эмне болду, балам? Эмнеге сурадың?
– Түшүмө атам кирди. “Эмне чалбай калдыңыз?” - дедим.
– Анан эмне дейт?
– “Таенеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого чала албай атам”, - деп айтты.
– Аа, сени сагынып аткан го анда.
– Эмне, атам да мени сагынабы, таене?
– Сагынат да балам. Албетте, сагынат.
– Сагынса эмнеге чалбайт анда?
– Эми... Балким, чала албай аткандыр. Телефону бузулгандыр. ..
***
– Таене, телефонуңузду токко сайып койоюнбу?
– Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.
– Эмне, телефон жок болсо уктап калабызбы?
– Ооба да. Бизди күнүгө ушул ойготуп атпайбы.
– А атамды да телефон ойготобу?
– Ошентсе керек, балам. Азыр элдин баары эле телефон карап калбадыбы.
– Анда атамдын телефону иштеп аткан турбайбы, ээ?
– Иштебей анан. Атаң камдуу эмеспи. Иштеп аткандыр.
– Атамдын да телефону иштесе, сиздики да иштесе, анда эмнеге чалбайт?
– Ким билет. Балким, акчасы жоктур...
***
– Таене, мен сабакка барбай эле койоюнчу.
– Эмнеге, балам?
– Агай: “Классты сырдаганга 100 сомдон алып келбесеңер, анда келбей эле койгула”, - деген.
– Ой, кечээ 100 сом бербедим беле.
– Таене, аны Россияга салып ийдим.
– Кимден салып ийдиң?
– Максаттын да атасы Россияга кетип атыптыр. “Атама берип коюңуз”, - деп берип ийдим.
– Атаң эмне кылмак эле аны, э катыгүн!
– Бизге чалсын да, таене. Ал мени сагынып чала албай жүрөт го.
– Аа, кокуй. Кайдан да айттым эле.
– Эмне, таене, чалбайбы? Сагынбайбы бизди...
– Билбейм, балам. Билбейм. Деги эмне дешти да билбей калдым...
***
– Таене! Таене! Телефон! Атам чалып атат!
– Кана! Кана, бери алып келчи!
– Мына, таене, мына! Бол, батыраак алыңызчы! Бол!
– Аллоо.. Аллоо... Жаку... Аа Батмаш, сенсиңби? Бу неберем атам чалып атат дегенинен... Кандайсың өзүң, жакшысыңбы? “Конок тосом” дейсиңби?.. Кудаларыңбы? .. Ии... Анан?.. Ии, кокуй де... Аа мейли. Сыр табакпы? Азыр берип жиберем. Макул, азыр.
– Атам эмес бекен?
– Жок, балам. Бул Батмаш тура. Сыр табак сурап атыптыр. Тур, барып берип келчи.
– Барбайм!..
– Ой, эмне болду? Тур, барып берип кел... Э катыгүн, сен ыйлап атасыңбы?
– Сиз эмнеге көпкө сүйлөшөсүз? .. “Бул телефонго атам чалат” дебейсизби? “Телефонду бошот, Белектин атасы чалат” дебейсизби? “Ал сагынып чала албай жүрөт. Кечээ Белек ага акча салып ийген, болду, буга чалбагыла” дебейсизби? !.
***
– Э Белек, сен эмнеге “атам эле атам” дейсиң? Апаңды унутуп калдыңбы?
– Жок.
– Анда эмнеге аны айтпайсың?
– Мен аны жаман көрөм.
– Эмнеге?
– Апам күнүгө эле: «Акча жок. Бул жумушуңан чыгып башка жакка иштебейсиңби. Россияга деле барсаң боло», - дей берип атамды кетирип ийген. Апам антпегенде биз баарыбыз чогуу жашай бермекпиз.
– Аа, балам. Анан жашаш керек да. Акча деген жетпей атпайбы.
– Жетет болчу. Акчанын кереги жок болчу мага. Атам эле керек болчу. Мейли, акчасы жок болсо деле мейли. Андан балмуздак да сурабайт болчумун. Ботинка, машина, конфет да сурабайт болчумун. Атам эле келсе болмок...
***
– Э Бекинтай, кана телефон?
– Менде, таене.
– Э ботом, аны эмне алып алдың?
– Сиз намазда отурганда атам чалып калабы дегем.
– О каралдым десе! Келе эми, панарын жагып эшикке чыгып келейин.
***
– Белек, Бекинтай. Келе гой, каралдым, мобу дарыны ичип алчы, садага...
– Таене, мен болду, апама таарынбайм.
– Алда каралдым ай. Куса болуп ооруйт деген ушу тура. Апаң кара жерге кирсинчи ошо... Чычкандай баланы бир ойлоп коюшпай...
– Түшүмө сиз айткан Мухаммед пайгамбар кирди, таене. Ал: “Апаңа таарынба. Апа деген баарынан ыйык”, - деди.
– Аа, каралдым. Түшүңөн садага болоюн сенин. Түшүңдөн садага кетейин.
– Таене, мен дары ичпей эле койоюнчу.
– Эмнеге, балам? Ичпесең ооруп каласың да.
– Мейли. Ооруй берейинчи.
– Кой, антпе. Оору деген жаман.
– Билем, таене. Эгер ооруп өлүп калсам, атам менен апам кайра келишет да.
– О кокуй, антип айтпа! Жаман болот!
***
– Бекинтай, Белек! Карачы, биз келдик.
– Пайгамбарым сизсизби? Сиз келдиңизби? “Атасы келбегендерге келем”, - дебедиңиз беле. Мен сизди аябай күттүм. Атам да келбей койду. Апам да келбей койду. Анан сиз да кечиктиңиз. Түшүмө да кирбей калдыңыз... Мен баарыңды сагындым... Мени бул жерге калтырбагылачы! ..
– Бекинтай, сен эмне деп атасың? Бул биз, апаң менен атаң... Сен катуу ооруп аткан турбайсыңбы, Бекинтай. Эмне деп атасың? Көзүңдү аччы...
– Пайгамбарым, сиз аларга ачууланбаңызчы. Балким, алар менден жакшы бала таап алышкандыр. Балким, мен жаман бала болгондурмун. .. Бирок мен аларды баары бир күтөм. “Бейишке кир” десе да кирбей, оозунда туруп күтөм. Акыры келишер мага... Акыры ошол жерге келишер...
– Бекинтай... Белеек...

Внешность - это козырь , но не туз…
#223 24 December 2015 - 01:20
Ашынган адат
– Э айланайындар, айткылачы, бул эмне деген шумдук? Кагылайын, периштемден ушинтип айрылат белем? Бактысына эмес эле, шоруна жиберген турбаймынбы? – колтуктаган аялдардын бирине да ээ бербей этек-жеңи желбиреп келе жаткан аял боз үйгө жакындаган сайын кеби так угулбай алда нелерди айтып, уңулдап ыйлаганы улам күчөп баратты.
Боз үйгө кирип дагы далайга кошок кошуп ыйлаган соң азыраак демин басып, күйөө баласы менен сүйлөшмөкчү болду. Мелис кайненесинин алдында башын жерге салып олтуруп берип гана кутулду. Болгон жообу “эртең менен ойгонсом турбайт. Карасам денеси муздап калыптыр” деген болду. Эне эмне десин, көзү менен көрүп, колу менен кармап алган иш болбогон соң муңун ичке катып, тагдыр экен деп чыдап берди. Кайдан чыдасын, жүрөгү канап, жүлүнү сыздап, чырактай кызын кара жерге узатып өрттөнүп берди.
Эч кимден кызынын беймаал келген ажалынын анык жайын укпаса да сезимтал эне жүрөгү бир жосунсуз жоруктун болгонун шекшип эле атты. Бирок ушул иш, ушул жер деп көзгө сайып көрсөтө албай бушайман.
– Кайдан да тил алчаак чыга калдым экен. Кызымдын минтип келген жеринен эки ай өтпөй ажал табарын билбей калбадымбы. “Куда бололу” деп алды-артыма түшкөн бал тилиңердин арты минтип мени сыздатарын кайдан билиптирмин. Буга чейин эки аялы өлгөнүн эмнеге этибар албай койдум дейм да, эмне болуп өлгөнүн эмнеге сурабадым дейм да. Каргыш тийген жерге келген белең, чырагы-ым, - аял дагы ыйга кирди.
– Кайрат кылыңыз, кудагый, сабыр кылыңыз. Ажал улук экен, биз да сиздей эле сыздап турабыз.
– Үүүф, билбейм, билбейм, айланайындар. Кызым ушуга чейин бир кың деп ооруп койсо да мага жеңил болот эле, күлүп-жайнап, жүгүрүп жүрүп ушул болуп атпайбы, – аял күйөө баласына карады да, андан баары бир кеп чыкпасын билгендей аста баш чайкап койду.
***
Мелис буга чейин, кайненеси айткандай, эки эмес, үч аял алган. Үчөө тең биринен бири өткөн келишимдүү, жылдыздуу, үлбүрөгөн назик кыздар болчу. Биринчиси менен 25 жашында үйлөнүп жарым жылдан ашык убакыт жашады. Ээрчишкен экөө көргөндүн көзүн кубантышчу. Ал эми экөөнүн үйдү үч көтөрүп куушуп ойногону айыл элин күлдүрчү. Бул үчүн кайненеси бирде ичи ысып “бала немелер” деп калса, бирде чындап эле ачуусу келе “ой, токтолушса болбойбу” деп кагынып калчу. Ошентип эле жаркылдап жүргөн келиндин күтүүсүз өлүмү айыл элинин үрөйүн учурду. Баары Мелиске көңүл айтып, аны абдан аяшты. Бирок эл Мелиске келиндин кыркынан кийин катуу нааразы болушту. Келинчегинин топурагы сууй электе эле “коңшу айылдан бир кызды ала качып келем” деп чыкты. Кой-айга келбей дагы бир мөлтүрөгөн келиндин эри болду да калды. Экөө туура алты ай жашашты. Алтынчы айдын бир таңында айыл элине дагы бир суук кабар тарап дагы бир жаш денени жерге беришти.
Мектеп жашынан бери созулган жигит атыккан Мелис ырасында айылдаштарынын сүймөнчүгү эле. Айылдын аялы да, эркеги да “ой, Мелиске кылдырар ишиңди айтып эле кой, каалаганыңдай майын чыгара жасайт” деп макташчу. Ушунусунан жазбай келе жаткан Мелис экинчи келинчегинин өлүмүнөн кийин мурдагыдай болбой калды. Адамдардан качып, эч ким менен сүйлөшпөйт. Мурдагыдай элпектенип иш кылганды кой, үй иштерине да карабайт. Байкуш энеси бул үчүн бир туруп элди күнөөлөп “көзүңөр тийди” десе, бир туруп кара жер жазданып калган келиндерин жөнү жок жектеп алат. Мелистин бой жүргөнүнө жарым жыл да толгон жок. “Ооруканага кеттим” деп бир жума жоголгон Мелис дагы бир сулууну жетелеп келип калды. Келген-кеткен аялдар кызды аяй караса, Мелисти таң кала карап, анан “байбиченин оозунан эмне кеп чыгар экен” дегендей, чайды шоркуратпай аста ичишет. Бирок ойлогондорундай келиндин жайы, Мелис аны кайдан тапкандыгы тууралуу так уга алышпай сыртка чыгары менен:
– Ай, деги бул чечек мындай сулууларды кайдан эле таап алат, ия?
– Ооба десең, эми ушуну менен жашап калса экен дебейсиңби?
– Тим эле мөлтүрөгөн жан экен ээ, ананайын? Ак жолтой келин болсо болду.
– Ой, буга чейинкилери кара жолтой болуптурбу? Киши укпасын, бирок бул келиндин да ажалы жакын калып ушул жерге келди го деп ойлоп ийип, кайра өз оозума өзүм таш дедим.
– Иий бетим, карасаң ай, оюбуздун бир чыкканын. Мен да ошентип ойлободумбу, ай. Кудай эле сактасын.
Аялдардын айтканы үч айдан кийин эле келди. Баягы кайдан-жайдан Мелиске келинчек болуп калганы баарына кызык болгон сулуу келин да денесинин бир жеринен кан чыкпай, бир жери көк ала болбой эле өлүп калды. Канча күтүшкөнү менен келин тараптан эч ким келген жок. Убакыт өтүп баары жай-жайына тараган маалда гана “иниси элем” деген бир улан келип ыйлап олтуруп кетти.
Бул окуядан кийин Мелиске шектүү карап, ага бала-бакырасын жолотпой калышты. Мелис ага деле капа эмес, анда-санда короосунан көрүнө калып сайдан суу алып келет. Ал маалда катын-калач аны эшик-терезеден шыкаалап караса, эркектер берген саламын алик алып, ашык кеп сурабай узатышат.
***
– Ай, тиги өлүгүңдү көрөйүн, Мелис дагы “катын алам” деп атыптыр? – бүкчүйгөн кемпир босогону аттап эле келинине ушул жаңылыкты айтты.
– Иий бетим, бу деги кандай неме болду?
– Курган энеси мени ошого чакырыптыр. “Элден деле уялып бүттүм”, - дейт. “Жан кишиге айтпай жарым жылдан бери оозун басып келгем. Эми ээ боло албай калдым. “Жакшынакай алып бербесең, ала качып келем” деп коркутуп атат”, - дейт, өлүгүңдү көрөйүн, катынпоз.
– Кимди алат экен?
– Баягы бейиши болгур Жуманын жесири наркы айылга тийбеди беле. Ошол никесинен үч кыз тапкан. Ошонун бирөө дейт. “Барып келели, жеңе”, - деп жанымды койбойт. “Буга чейин үч эмес, эки эле аял алган” деп айтып астына түшөт экенбиз.
***
Ошентип, бир калп, бир чын айтып олтуруп астына түшүп алып келген келинди да минтип жерге берип отуруп калышты. “Жалгыз туягым” деп карманган уулунун минтип эл оозунда аял жегич аталып, улам сайын арты-артынан жамандык күтө берүү кемпирдин аз калган өмүрүн ого бетер тез кыскартты окшобойбу. Мелис энесин да кара жерге жашырып, чоң үйдө кара башы эле калды. Коңшу-колоңдун көзүнө суук көрүнүп калган үй бир күнү эле айыл элине жаңы жаңылык таратты.
– Ай, тиги “Мелистин үйүндө бир келин жүрөт” дейт, чынбы?
– Ой, укмушсуң ээ? Маңдайында жашаган мен кечээ араң уктум, айылдын башынан кантип угуп келе калдың?
– Ай, кечээ эрим айтып барды: “Кечинде мал айдап өтүп баратсам ажатканасынан бир келин чыкты. Ошону алып келип алган го”, - деп. Канча болду ия, анын келгенине?
– Кебетеси, көп эле болгон го. Эшикке эми эле чыгып баштады окшобойбу? Ортодо өзү бир жоголуп кетип, келип калганына он күндөй болуп калды. Демек, ал келиндин келгенине он күн болду.
– Байкуш кемпир болгондо кагылып-согулуп дагы бир улагын көтөрүп чаап элди чакырат эле ээ?
– Ай, билбейм, болсо деле эми чакырмак эмес го. Бул бешинчи аялы болуп атпайбы.
– Ооба десең, буга чейинкилери эмне болуп өлдү деп ойлойсуң ия?
– Айта албайм, куураган Мелистин жолунан эле болуп калды го. Болбосо кандай бала эле.
– Ай, тигине.
Жыгач тосмонун эки жагына арта салынып алып шыбырашкан эки келин коңшу үйдүн короосуна көз артып калышты. Бир капталына ооп чоң чака көтөргөн келин дарбазанын аркы башынан чыгып жаман сууну серпти да, кайра кирип кетти.
– Аа, байкуш илмийген, мунусу да араң жан неме го.
Келиндер бул келинди биринчи жана акыркы жолу көрүшкөнүн билишкен жок.
***
Аркы көчөдөгү буудай алган дүкөнгө жашырынып буудай өткөзүп, тамеки алып келе жаткан боз балдар өзүнөн улуу балдардан качып огороддорду кесип келишет. Анан Мелистин үйүнүн тушуна жеткенде токтой калышты.
– Терезеси жарык экен, жүрү аңдыйбыз?
– Кой эй, ушундан жаман корком. Көздөрүн жакындан көрдүң беле? Жаман коркунучтуу.
– “Коркконго кош көрүнөт” болбочу. Жүрү.
Тентек балдар жер менен жер болуп жылып, жүрөктөрү дүкүлдөп корккондоруна кайыл болуп терезеге жакын келишти. Жука терезе парданын ачыгыраак жерине ыктап түртүшүп, анан кезектешип ошол жерден карап турмак болушту. Мелис келинчеги менен телевизор көрүп жатыптыр. Анда-санда сүйлөшүп, каткырып коюшат.
– Эй басчы, буларың азыр жатышпайт го, кеч болуп кетти. Мени издеп калышат, - жана корком деп кылчактап аткан бала шеригин жеңден тартты.
– Коё турчу, кеч болуп кетсе эми жатышат да, - экөө кытылдап күлүп калышты.
Аңгыча Мелис телевизорду өчүрүп, келинчегине бир нерселерди түшүндүргөнгө окшоду. Анан туруп келинчегин энеден туума чечинтти. Чачынан сылап, жүзүнөн сүйүп азыраак эркелетип турду да, жана келинчеги көтөрүп келип таштаган жука жуурканга түптүз жаткырды. Боз балдар шилекейин кылк жутуп, терезеге биринен-бири ашыгып карашат. Мелис да, келинчеги да аларды байкашкан жок. Мелис тизелеп олтуруп келинчегин дагы бир сугула карап алып, туруп жуурканды тоголоктой ороп баштады. Жука чакан жууркан эки айландырганда эле аягына жетип калды. Анын эмнеге минтип атканын балдар түшүнбөй дым. Мелис наркы жакта тигинен жөлөнүп турган кичинекей килемди алып келип жайды да, келинчегин ага карай “жыл” дегендей ишарат кылды. Баркыт жуурканга оролгон арык келин бирде башын, бирде аягын жылдырып, Мелис ага жардамдашып эми килемге ороло баштады. Ороп болгон соң Мелис келиндин аягына келип колун салып таманынан кытыгылады. Алгач кытылдаган келиндин күлкүсү так угулбай тумчуккандай чыгып жатты. Мелис болсо ага кошулуп жыргап күлүп улам башына бара калып бир нерселерди сүйлөп, кайра келип аягына кол салат. Бир маалда Мелистин үнү жин ургандай катуу чыгып, боору ката каткырып кирди. Туйлаган келиндин үнү үзүл-кесил араң угулат. Бир маалда килемдин бир-эки орому жанып кетти эле, Мелис чыгууга аракет кылган келинди уруп-согуп жиберип, бошонууга умтулган эркине койбой жанталаша кайра ороду. Эми таптакыр эле үстүнө өбөктөп отуруп алып бир колу менен бутун кучактап, бир колу менен кытыгылап тим эле ырахаттана каткырып жыргап жатты. Жанатан астындагы келинчеги туйлаган сайын ат үстүндө бараткандай шалактап кетип аткан Мелис эми жай олтуруп калганын балдар байкаганы менен өзү сезбеди. Бир маалда моокуму канган немече каткырыгы басылып, тырмышкан кыймылы токтоп азга тынып калды да, ордунан атып турду. Жанталашып килемди жандырып, жуурканды сыйрып ыргытып жиберди.
Дагы кеч болуп калган экен...
(Аягы)

#224 24 December 2015 - 01:21

#225 24 December 2015 - 01:22

#226 24 December 2015 - 12:07
Каргыш
– Каргыш тийди бизге, кагылайын кулунум, каргыш тийди. Бизди каргыш жеңди...
– Таене, эмне дейсиз?
– Эч нерсе, секетиң кетейин, өзүмчө эле...
– Айтсаңыз, айттыңыз эми эле бир нерсе деп. Ал эмне?
– Кайсы?
– Жанагычы, сиз айттыңыз го?
– Каргышпы?
– Ии.
– Кой, алдыңа кетейин, сен аны билбей эле кой. Кудай сени андан сактасын. Биздин көргөнүбүз эле жетет.
Кичинекей Айзирек эч нерседен бейкапар оюнга алаксып кетти. Аз убакта чачын ак баскан Жумаш узун санаасын андан ары улады. Ою тереңдеген сайын колдорун калтырак басып, денесинен муздак тер чыгып, көзү алактап, жүзү кубарып жатты.
***
Жумаш анда өзүн билимдүүнүн билимдүүсү, сулуунун сулуусу сезчү. Сезгенчелик бар эле. Ырасында ушул артыкчылыктары менен бир райондун элин башкарып турган бүлөгө келин болуп келген. Буга чейин анын сыймыгы, мактанычы ата-энесинин мартабасы, кадыры болсо, эми ага кайын журтунун ак сөөктүгү, билимдүүлүктөрү кошулуп жатып калды. Ал үчүн баары жетиштүү, баары жомоктогудай эле. Ырас, Кудай берип кылыктуу кыз, уучун улар уул тапты. Күйөөсү экөө балдарынын оозунан чыкканын орундатып, эч нерседен кем кылышкан жок. Айрыкча үч кыздын арасындагы жалгыз уул дешип Саматты укмуш эркелетишти. Бирок ал кезде баласына берген бул артык баш мээрим кийин баштарына муш болуп, баласынын тагдырын тайкы кыларын ойлошкон да эмес.
***
Жылдар учуп бат эле Саматтын жогорку окуу жайын аяктай турган жылы келди. Баласынын өздөрүндөгү кадыр-барктын арты менен гана ийгиликке жетип аткандыгын аңдабаган ата-энеси анын бүтүрүү кечесине жаз алды менен кам көрүп, уулунан өтүп желпилдеп, өрөпкүп жүрүшкөн. Андан калса экөө тең шаан-шөкөттүү салтанатта сылаң короздой койкоңдой басып, учурашкандарга каадалуу ийилип, анча-мынча мактоо болсо ошондон ырахат алганды укмуштай сүйүшөт. Баласынын бүтүрүү кечесин уюштуруп берип ушул кыялдарына дагы бир кез келүүнү самап жүрүшкөн. Балакеттин башы ошол күндөрдөн башталды.
***
Убакыт чак түш болуп калса да Жумаш уктоочу бөлмөсүнөн чыга элек эле. Дагы далайга жата берет беле, дарбазанын улам сайын басылып тынчты алган коңгуроосу турууга аргасыз кылды. Кабагы карыш салынып халатын кымтыланып келип эшикти ачты да, алдында тарткынчыктап турган карапайым аялды көрүп ачуусун бүркүп алды:
– Ии, ким керек?
– Кубат Усеновдун үйү бекен?
– Ооба, - күйөөсүнүн аты аталганга азыраак жибий түшкөнсүдү, - келипсиз?
– Ии, - аял дагы эле бүшүркөп турду. Бир колу менен дарбазанын темирин, бир колу менен кызынын колун эзе кармалай бергенин өзү байкабады.
– Анан, эмне сурооңуз бар эле?
– Эже, Кубат Усеновдун уулу Самат балалык кылып... Кызым да жаштык кылып...
– Эч нерсе түшүнө албай турам. Самат эмне болуптур? – Жумаш таң калуу менен аялды дагы бир карады да, анын жанында турган кызга эми гана көз салды. Арык кыздын бойтоюп чыгып турган курсагын көрүп чочуп кетти. Заматта баарын түшүнө калгандай болгону менен ошол замат эч нерсени мойнуна алгысы келбей кетти, – деги эмнеге келдиңер? Эмне керек, айткылачы?
– Эже, сүйлөшүшүбүз керек. Унчукпаганыңардан өзүм келип олтурам, - келин эми чыйрала түшкөндөй болду.
Жумаш аларды деги эле жактырбай турса дагы иштин жөн эместигин байкап унчукпай үйгө жол баштады.
***
– Мен баарын түшүндүрүп бергендей болдум окшойт. Менин уулум мындай ишке барбайт. Эгер ушул айткандарымды түшүнбөсөңөр, каалаганыңарды кылгыла, – Жумаш кеп бүттү дегендей ордунан турду.
– Эже, убалдан коркуңуз. Менин кызым али мектеп жашында. Уулуңуздун убадасы бар болгон үчүн кызым алданып олтурат. Кыз меники болгону менен андагы бала силердики.
– Биздики эмес. Аны заматта аныктап койсо болот азыркы заманда.
Жанатан кепке кошулбай башын салып олтурган кыз шашып кетти:
– Кааласаңыздар азыр деле баралы, аныктоого. Чын эле Саматтан.
– Сенин ким экениңди, кимден экениңди билбейм, кызым, - Жумаш мыскыл күлүп кекээр сүйлөдү, - “тууганы калдым” десең эле бала биздики дей калбайбыз. Балам аман болсо, бала табылат. Сенин балаңа зар эмеспиз.
Кыздын бетин басып буркурап ийгенине келин чыдабай кетти. Ордунан атып туруп:
– Ылайым балага зар болуп калгыла. Тукумуңар уланбай калсын. Балаңыздан күткөн жакшылыктар жаман менен бүтүп, менден да ызалуу болуп калыңыз.
Келин кызын колдон ала чыгып кетти. Аларды артынан караган Жумаш келиндин азыркы айткан сөздөрүнө теригип турса да “бир байкуштун аргасы түгөнүп коркуткан сөзү” деп өзүн алдап койду. Бул жөн сөз эмес, жабыркаган жандын каргыш сөзү экенин ал капарга алган жок.
***
Жумаш тасмадай көз алдына тартылган бул элестерден кийинки окуяларды эстегиси келбей, азыр болсо алдында эркелеп жаткан жетим жээнин дагы бир балээ келип жула каччудай коркуп кетти. Жаман ой оролгон чырмооктой эмеспи. Каалабаса дагы жанагы тасма көз алдына кайра тартылып, жай түрүлө баштады.
***
Чындыгында Саматтын азабын тартып ыйлап келген кыз бул эле эмес эле. Буга чейин да бир канча жолу Саматтан жабыркаган кыздарды алдап-соолап, айрымын коркутуп жолго салган. Анын ар биринде күйөөсү экөө бири-бирине кине коюп, жакшы-жаман көрүнүшкөн. Ошондуктан алардын келип кеткенин корккону үчүн күйөөсүнө, абдан жакшы көрүп, жаманга ыроо көрбөгөнү үчүн уулуна да айткан жок. Баарын ичине сактап, унутулуп кетет деген. Чын эле эми гана унутула баштаган маалда баягы кыз кайра пайда болду. Босогосун аттап, баягысындай ыйлап турган жок, бирок.
Көптөн бери тилеген жакшылыгы эртең болот деген күнү баласынын бөлмөсүн жыйнап жатып анын сүрөттөр салынган альбомуна кызыгып калды. Жаңы гана барактай баштаганында атайын ордуна салынбаган топ сүрөт шыпырылып түшүп жерге жайнады. Эңкее берип эле нес болду. Жер жайнаган сүрөттө кубанычка баткан уулу менен эми гана эсинен чыгып бараткан баягы кош бойлуу кыз турат. Тим эле күлкүсү жарашып, уулуна кыналат. Эки жаштын жарашкан сулуу сүрөтүн чын эле кызыгуу менен колуна алып суктанып карады. Сүрөттү жакындан карай берип өңү кумсарып кетти. Кыздын көзүнүн агында карегине шерик болгондой кара кал турат. Дароо эстеди, ошондо бетин басып ыйлаган кыз чыга береринде аны жек көрө карап кеткен. Көзүндө калы бар болчу. Элден уккан “тилинде мөөрү, карегинде калы бар жандын каргышы кайтпайт” дегенди эстеп алапайын таппай кетти. Анан ал сүрөттөрдү көздөн далдоо коё салып, жеңилдегиси келди. Шашкалактай жыйнап жатып өрттөп салууну ойлоду. Бирок жетишпей калды. Альбомду дагы кагып-силкип карап жатканында телефон шыңгырады. Ою чачырап турган аял альбомду таштай салып аңтаңдай телефонго жетти да, бакырып калды. Телефондо кенже кызынын ыйга муунуп сыздаган үнү жаңырып жатты:
– Апааа, апаа, атамсыз кантип жашайбыз, апаа, Самат байкемсиз кантип жашайбыз, апаа. Эжекемсиз Айзирек жетим калабы, апаа.
***
Жолдун сол тарабын бербеген машинелер Саматтын, анын атасы менен бир боор бир тууган эжесинин сөөгүн салып алып муздак көрүстөндөргө бет алып баратты. Ал эми жолдун оң тарабында зуулдап бараткан машинеде наристенин үнү жаңырды.

#227 24 December 2015 - 16:51
"Кызыктуу аңгемелер"
темасы менен бириктирилди.
Jadyrashka,Аңгемелерди жазууну ушул жактан уланта бериңиз.

#229 25 December 2015 - 14:59
Кыска юбка, киндик көрүнгөн кофта, бийик така… Ушул үч кийимди бир убакта кийген кызды стерва деп ойлошуңар толук мүмкүн. Ал эми бул үч кийимге кошулуп өтө ачык макияж жана сары түстөгү чачы бар кызды көргөндөр болбоду дегенде Моссовет же Цирктин айланасында турган кыздардын бири деп элестетишет,
жок, элестетишпейт,
а дал ошондой деп ойлошот да калышат. Бирок, билесиңерби,
мектепти жакшы окуп аяктаган, тарбиялуу, жоопкерчиликтүү кыз өзүн ушундай алып жүрөт. Таң калыштуу…
Таң калуунун кереги жок. «Бири кем дүйнө» деген ушул экен да. Ата-энесинин айтканынан чыкпаган, үйдөн жумушка түз, жумуштан түз үйгө келип, үй жумуштарынын да баарын аткарган кыздын кийинип, боёнгону «түнкү көпөлөктөрдүкүнө» окшоп калганы кандайча болуп калды экен? Эмнеге мындай болуп калгандыгын эч ким билбейт. А мен билем…
Кичине кезимден тартып сыналгыдан дүйнөлүк ырчылар Мадонна менен Тина Тёрнерди көрүп, аларды жактырып, кумир тутуп калгам. Мага өзгөчө алардын кийингени жакчу. Эми албетте, мындай ачык кийимдер менен алар сахнага эле чыгышат болуш керек, а чыныгы жашоолорунда олуттуу эле кийинсе керек. Бирок, биз аларды сахна адамдары катары таанып, кумир тутуп келебиз да. Алардын чыныгы жашоосу бизге такыр белгисиз. Ошондуктан мен алардын кийингенин жактырып, ошолордой болуп кийинүүнү каалап калгам. Айтор мага Тина менен Мадонна таасир эткенби деп ойлойм. Ошентип 5-класстан тартып эле мен да ошолордой болуп кийине баштадым. Албетте мектепте кадимки окуучулардын формасын кийип жүрчүмүн. Бирок башка убакта жалаң Мадонна менен Тинананы туурап кийинчүмүн. Кийин мектепти аяктагандан кийин Кудай берди деп жалаң ушундай кийинип калдым. Себеби, мектептегидей эже-агайдан тил угуу деген коркунуч жок дегендей. Кыскасы «Өзүмдү өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип» калдым. Өтүк демекчи, учурда узун өтүктөр гардеробумдагы башкы элемент, ансыз иш бүтпөйт . Кайсыл жерде иштээримди болжолдоп жатасыңарбы? Албетте Моссоветте эмес, мен бул туурасында башында эле айтып кеттим. Чынын айтсам мен ушундай кийингеним менен табитим жакшы, орусча айтканда «вульгарно» көрүнбөйм. Кайсыл жерде иштээримди таптыңарбы? ...................... ...................... .....
Тапкан жоксуңар ээ?.. Же таптыңарбы? ... Кой, убакытты созбой айта берейинчи, кадимки эле тигүү цехинде иштейм. Ошого өзүмө түрлөп кийимдерди тигип, Мадонна болуп жатпаймынбы. Менин мындай жүрүшүмө алгач жумуштагылар да башкача көз караш менен карап жүрүштү. Бирок, мени менен жакшылап таанышып, мени менен сүйлөшкөндөн кийин алар деле бул нерсеге көнүп калышты. Ошентип күндөр өтүп жатты…
Тигүү цехинде баарына маалым болгондой эле радио тынымсыз жаңырып турат. Күндөрдүн бир күнүндө радиодон «жакшы кыздар менен таанышам, жашы 18ден 23кө чейин болсо» дегенди угуп калдык. Жумуштагылар дароо мени карашып, «сен жакшы кызсың, чалбайсыңбы» деп тамашалашып күлүп калышты. Мен алгач этибарга деле алган эмесмин. Түш ооп, тамактаналы деп, эшиктен бир нерсе алып келгени чыгып кеткем, уюлдук телефонумду таштап койгом. Келсем, СМС келиптир, окусам тааныш эмес номурдан «таанышса таанышалы…» деген билдирүү экен. Алгач түшүнбөй калдым. Бирок, бир нерседен күмөн санап, дароо жөнөтүлгөн СМСтерди ачып карасам, «Мен жакшы кызмын, таанышып албайлыбы» деген билдирүү жазылып туруптур. Албетте бул нерсе менин өтө тамашакөй кесиптештеримдин колунан келгенин билдим. Бирок, аларга унчуккан жокмун. Алар мени күлүп эле карап калышты. СМС келдиби деп сурашканынан , келген жок деп билмексенге салып койдум. Тигил абонентке кайра эч нерсе деп да жазган жокмун. Ошол күнү эле кечинде, ошол абоненттен, «Жакшы кыз, эмне жооп бербей жатасыз, менин атым Ислам» деген билдирүү келди. «Бошобой жаттым, таанышканыма кубанычтамын, менин атым Алия» деп жооп жазып жөнөттүм. Ага бул нерсени башка кыздар жасаганын айткан да жокмун. Айтканда эмне дедим. Ошентип экөөбүз СМС аркылуу жакындан таанышып, үч күндөн кийин Ислам мага телефон чалып сүйлөштүк. Сүйлөгөнүнө карасам, жакшы эле баладай. Куруучу болуп иштейт экен. Азыр, өзүңөр билгендей кыздар тигүүчү, балдар куруучу болуп калышпады беле…
Арадан бир ай өттү. А Ислам экөөбүз телефондон эле сүйлөшкөнүбүз сүйлөшкөн. Телефон аркылуу эле экөөбүз бири-бирибизге аябай жакын болуп, көптөн берки тааныш адамдардай болуп калдык. Жада калса, бири-бирибизди көрүүгө да кызыккан жокпузбу, айтор, жолугушуу туурасында такыр сөз кылбайбыз.
Арадан үч ай өттү. Ислам экөөбүз мурдагыдан да жакын боло баштадык. Бирок, дагы деле жолугушуу туурасында экөөбүздүн тең оозубуздан сөз чыга элек.
Арадан алты ай өттү. Мен Исламды сүйө баштадым. Ооба, ооба, ушундай болот экен көрсө, телефон аркылуу эле сүйүп калуу… Бирок, бул туурасында албетте, Ислам менен кошо эле эч кимге билдиргеним жок. Маданияттумун да…
Арадан бир жыл өттү. Былтыр ушул жаз мезгилинде Ислам менен таанышкан элем, кайрадан жаз мезгили да келип калды. Ал эми жаз – бул менин ачылып-чачылган кезим да. Тактап айтканда Мадонна менен Тинага аябай окшоп калам .
Ислам экөөбүздүн таанышканыбызга туура бир жыл бир ай болду дегенде Ислам мага жолугушуу туурасында сунуш кылды. Мен макул дедим. Телефондон Ислам мага аябай заманбап кийинип жүргөн мырзалардай сезилди. Ошентип жолугушчу убакытты белгиледик. Саат 20:00дө «Октябрь» кинотеатрынын астында. Дал ушул убакта экөөбүз тең жумуштан бошоп калат элек. Ошол күнү аябай толкундандым. Жумушта такыр сүйлөбөйм. Кыздар менин Ислам менен жолугаарымды билишпейт. Саат алты болгондо эле суранып алып үйгө кетип калдым. Үйдөн аябай жасанып алып, сегизге беш мүнөт калганда жолукчу жерге келип, Исламга чалсам, ал эбак келип калган экен. Мен телефондон сүйлөшүп жатып алыстан Исламды көрүп жаттым. «Мен сени көрдүм» деп жанына басып келе жатсам эле, Ислам сакал койгон, башында топусу менен, айтор молдолордой кийинип алыптыр. Өзүмдү карадым дагы, сүйлөшүп жаткан жеримден телефонду өчүрүп эле артты карай тарталаңдап качтым. Элестеткиле, мен анын фонунда кандай көрүнмөкмүн… Аябай катуу чуркаганмынбы, арыктан аттайм деп жатып кулап түштүм. Бети-башымдын баары ылай, элдердин баары мени карап өтүп кетип жатышты. Эч кимдин жардам берейин деген ою жок. Бир маалда колумду бирөө кармап, «Чоң кыз, туруңуз, эмне болуп жыгылып кеттиңиз» деп Ислам келип мени тургузуп жатпайбы… Мен сыр берген жокмун. Бетимди көрсөтпөгөнгө аракет кылып, рахматымды айтып эле туруп алып, кинотеатрдын дааратканасына кирип кеттим. Ал жактан жуунуп жатсам Ислам чалып калды. Эмне кылаарымды билбей, трубканы албай койдум. Ал кайра-кайра чалат, акыры өзүмө келип алган соң алдым, «Алло, Алия, сага эмне болду, сүйлөшүп баратып эле жок болуп кеттиң го, амансыңбы деги» деди Ислам. «Ооба, аман элемин, бир тааныш эжем чыгып калып, ошол менен кетип калдым. Таарынба» дедим мен. «Аа, мейли, эчтеке болбойт, башка учурда жолугарбыз» деп койду Ислам адатынча сылык түрдө. Мен болсо такси чакырдым дагы, үйгө бардым.
Мурда стилимди өзгөртүү туурасында ойлобоптурмун. Тактап айтканда бир аз да болсо олуттуу кийинип жүрүү түшүмө да кирген эмес. Бирок, бүгүнтөн баштап мен кыска юбкаларды чечип, шым же узун юбка кийбестен, дароо хижаб кийип жүрүүнүн чечтим. Намаз окуганды да үйрөнө баштадым. Ислам менен болсо кайра эле телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Жашоом жакшырып, өзүмду жеңил сезип калдым. Жумуштагылар, жакындарым мага мурдагыдан да жакшы мамиле жасай башташты. Ислам менен болсо дагы деле жолуга элекмин. Себеби, ал жумуштары менен Казакстанга бир айга кеткен.
Арадан бир ай өттү. Ислам да келди. Дагы жолугушууну чечтик. Бирок мен бул жолугушууга баардык жагынан ыймандуу, намаз окуп, хижаб кийген кыз болуп бардым. Экөөбүз жолуктук, ал мени көрүп аябай кубанды. «Сен аябай жакшы кыз экенсиң чын эле, Алла ыраазы болсун! Жакшы мамиледе болобуз деген ниеттемин…» деди Ислам. А мен «Иншаллах» деп жооп бердим…

#231 22 January 2016 - 22:38
ЖОЛУГУШУУ ! АНГЕМЕ!
Төрөт үйүндө демейдегидей кымгуут жашоо. Аялдардын толгоо тартып кыйкырган үндөрүнө кошулуп жарык дүйнө менен жаңыдан гана саламдашып жаткан наристелердин ыңаалаган үндөрү жаңырат. Баланын аман-эсен төрөлгөнүнө кубанган энелердин арасында көз жашын куюлтуп, дубал тиктеп бир жаш келин жатты. Күнөөсү жок наристесин жээрип, ошол гана турмушун бузуп жыргал жашоосун тартып алгандай мелтирейт. Улам келип баласын көкүрөгүнө жаткырып, эмчек эмизүүсүн талап кылган медайымга: “Алып кетиңиз! Мага кереги жок!” - деп кыйкырып коёт.
– Ай, келин! Бери кара! Балаңдын кереги жок болсо жаз “отказной”! Бизди улам жалдыратып маалкатпай! Кийин ыйлап келчү болбогун, - төрөт үйүнүн башкы дарыгери улам келип акыл-насаатын айта берип тажаганынан баласын жолоткусу келбей турган келинге катуу айтты.
– Жазам, алып келиңиз, кагазыңызды! Каалаганыңызга бере бериңиз!
– Апээй... Мобу кантет ай?! Мен төрөтүп койгонсуп?! Ойлонбойт белең башында! Дегеле кыйынсыңар кылгылыкты кыларда... Ошондо ойлонуш керек болчу...
– Эже! Мага акыл үйрөтпөй, өз ишиңизди билиңиз! Баламды албай кетем десем эч ким кармабайт. Мен өлтүргөн жокмун! Көчөгө да таштайын деген жерим жок! Алып келиңиз, кагазыңызды, жазчуну жазып берем. А мени бул жерге кармабагыла!
Долуланып сүйлөгөн бул келинге дарыгер таңыркай карап турду да, башын чайкап теңелбейин деген кыязда басып кетти.
Күнөөсү жок наристенин жарык дүйнөгө келе элек жатып түрткүнчүккө кабылганына, өзүнө мындай наристенин буйрубай калганына жаны ооруп башкы дарыгер бөлмөсүндө ойлуу отурду. “Неге мынча таш боорсуң, тагдыр! Канчалаган энелердин кубанычтарына ортоктош кылып жүрүп мага ушундай кубанычты буйрубай койдуңбу? Окуунун артынан кууп, улам бир чокуну багындырам деп жүрүп жашымдын өтүп кеткенин да байкабай калыптырмын да. Эхх! Тагдыр! Сенде эмне күнөө дейсиң?! Айлам кеткенде сени күнөөлөп жатканым да... Күнөө өзүмдө болуп жатпайбы... Канчалаган колумду сураган жигиттерди жактырбай, жактырсам да улам кийинкиге калтыра берип ушу жашка жеттим го...”
– Нургүл Акбаровна! Уруксат бекен?
Ойлонуп отурган дарыгер өзүнө карата айтылган сөздөн селт эте башын көтөрдү.
– Баласын чанган келинге бирөө келиптир. “Баланы алып кетем” дейт. Болобу?
– Ал ким экен? “Алып кетем” дегенге эле кармата бергендей бала оюнчук бекен?
– Атасы окшойт...
– Келиндинби?
– Жоок, баланын атасы окшойт деп калдым... “Баланы алып кетем” дегенине караганда...
– Ммм... – Нургүл ойлоно түштү.
– Бул жакка киргизчи, сүйлөшөйүн.
Медайым шыпылдай басып сыртка чыгып кетти. Канча жылдап ушул жаатта иштегени мындай окуя болгон эмес. Кандай кыларын билбей турду. “Ким менен сүйлөшүп, кимден кеңеш сурайм?”
– Саламатсызбы? !
Терезеден сыртты карап ойлуу турган Нургүл бул тааныш үндөн селт эте түштү. Качантан бери сагынтып дегдеттирген үн... Күнү-түнү кулагында жаңырып, бүт дүйнөсүн ээлеп алган үн... Денесин майда калтырак басып, сулуу жүзү албырып чыкты. Үн чыккан тарапты караса, жок болуп кетчүдөй, түшүндөгүдөй жоготуп алчудай коркуп турду. Канча жылдап эңсеп, сагынып, бир угууга зар болуп жүргөн коңур үн бир заматта кайып болуп кетчүдөй... Артын кароого даабай турду. Секундалык көз ирмем кылымдарга айланып кеткендей... Саргайып күткөн сагынычы артында салам айтып турабы? Ишене албай кетти...
– Нургүл Акбаровна! Бул киши “баланын атасымын” дейт.
Нургүл өзүн токтоо кармап артына кылчая карады. “Жаңылбаптыр. Чын эле маңдайында жүрөгүн бүтүндөй ээлеген Медербеги турган эле. “Жолугууну канча жылдап тымызын күтүп, жүрөк ооруп турган кездерде жылуулугуңду, мээримиңди төгүп келбей, ушундай акыбалда келдиңби? Бул жоругуң эмне? Ушул жашта түз жолуңан адашкансыңбы? ” Көңүлүнүн түпкүрүнөн обон сымал агылып чыккан суроолору ичинде кала берди да, апкаарып, жүрөгү жарылып кетчүдөй алып-учуп турганына карабай өзүн токтоо кармап:
– Саламатсызбы? ! – деди.
Мындай жерден кездештирем деген оюнда жок Медербек Нургүлдү көрүп оозуна сөз келбей калчылдап кетти. Чоң күнөөсүн карматкандай эмне деп айтышты билбей жер тиктеди.
– Саламатсыңбы, Нургүл?..
– Саламатчылык.
Экөөнүн ортосунда бир кезде махабат деген оору болбогондой, жөн гана эски таанышындай Нургүл каш серпе Медербекти карады. “Кудайым ай! Бул дагы бир сынооңбу?! Мени кантер экен дегениңби? Башкадан майышпасаң да буга деген сезимиң менен сындырам дедиңби? Бир кезде сүйсөм да сүйбөгөндөй мамиле кылган адамымды, махабатымды кайдагы бир карьерага алмаштырып койгон мезгилимди эстетип, ансыз да алсыз жүрөгүмдү оорутайын дедиңби? Сен мынча таш боор эмес элең го?! Мээримиң кайда, оо Кудай?!.”
Нургүл Кудайга жалбарып жан дили ооруп чыкты.
– Тиги... Баласын “таштайм” деген келиндин баласын мен алсам дедим эле... - Медербек ооз учунан күңкүлдөп ого бетер жер тиктеди.
– Ал сиздин уулуңузбу?
“Эркектерге айла жок экен да. Кечээ жакында жубайынын наркы дүйнөгө жол салганын эшиттим эле. Эми болсо бул... Мунун жашы канчада? А тиги жаш келинчи? “Баланын кереги жок” деп ыйлаганынын да жөнү бар окшойт. Жашы элүүгө таяп калганда баласы менен тең чамалаш жаш кыздын башын айлантканын көр...”
Медербектин жообун уга электе эле Нургүл: “Өхх!” - деп оор үшкүрүп алды.
– Жок... Ал менин уулум эмес... Мен атасы эмес, чоң атасы болом. Неберем...
– Неберем?! Чоң атасы болом дейсиңби? Кандайча?
– Ооба, Нургүл... Чоң атасымын...
– Келин “баламдын атасы жок” деп жатат го...
– Нургүл... Мен уулумдун уруксатысыз эле келдим. Ал курган бала бул кыз менен жүргөнүн билчүмүн. Колтукташып кээде келип калышчу. Апасынын көзү өтүп кеткенден кийин уулум башкача болуп кетти эле да. Мага да баш бергиси келбей калган. Түнү жок болуп кетип, күндүз уйкудан ойгончу эмес. Анан эле... Кийинчерээк бул кыз: “Уулуңуздан боюмда бар. “Мени ал” десем болбой жатат”, - деп келиптир. “Үйлөн” десем уулум таптакыр каршы болуп туруп алды. Бул жакта колоктоп бош жүргөн неме Орусияга “иштейт элем” деп кетип калды. Ошондон бери дайыны жок.
Медербек баласынын кылыгына уялып жер карап Нургүлдүн жообун күтүп туруп калды. Нургүл эмне жооп айтышты билбей Медербектин абалына чындап жүрөгү ооруп чыкты. “Эмне дешим керек? Бул баланын чоң атасы Медербек экенин кантип далилдейм? Баланы жөн гана кармата бергенге менин укугум барбы? Бере албайм деген күндө да бул баланын тагдыры эмне болот? Балдар үйүнө тапшырабыз да... Ал жакта бул наристени кандай күн күтүп турат?”
– Баарын мыйзамдуу түрдө кылганга аракет кылалы, Медербек. Мен колуман келген жардамды кантип аяйын... Бирок аракетибизден майнап чыкпай калса, мага таарынбастырсыз?
– Сага кантип таарынам, Нургуля! Өмүр бою сен деп гана жашап келдим. Азыр да жүрөгүм сендик. Бир кездеги катачылыгыбызды эми оңдорбуз? Жок дебе, Нургүл. Ал кезде жаштык кылыптырбыз. Азыр бизди Кудай атайын жолуктурган чыгар. Баланы алабыз да, экөөбүз чоң ата, чоң эне болуп калалы. Макул көрсөң, баарын башынан баштайлы?
Көңүлүндө Медербектин ар бир айтканына макул болуп турганы менен:
– Баарын жаңыдан баштаганга кеч болуп калды го, Медербек, - деди Нургүл ооз учунан.
– Андай дебе, Нургүл, Бактылуу болушка эч качан кеч болбойт. Көрөсүң го, калган өмүрүбүздү гүлгө айландырып жашайбыз. Жашоонун ырахаты эми гана башталат. Жок дебечи... Жаштыгымда аябадың эле, эми жок дегенде улгайган кезде аярсың?
Нургүл Медербектин суроолорун жоопсуз калтырып, таңкы шүүдүрүмдөй мөлтүрөгөн көз жашын аарчыды да, жандай көргөн адамынын ийнине башын жөлөдү.
***
– Чоң апаа! Чоң атам мага кулун алып келиптир! Жүрсөңүз, көрөсүз. Супсулуу экен.
Сырттан тердеп-кургап жүгүрүп келген Белек камыр жууруп жаткан чоң апасынын этегинен тарткылады.
– Азыр, берекем... Азыр, күчүгүм... Мына, камырымды бүтүрө калайын.
Жууруп жаткан камырын жылуулап орой сала колун белиндеги майлыкка аарчыды да, Белегинин колунан жетелей сыртка жөнөдү. Сыртта экөөнү күлө карап кулун жетелеген Медербек турган.
– Иий, мына, берекем, сага деп чоң атаң кулун алып келген турбайбы. Буюрса, кулунуң чооң болот, сен да чоң жигит болосуң, ээ алтыным? Кана, чоң атасы, Белекти кулунуна мингизчи.
– Азыр мингенге болбойт, кичине үйрөтөлү, анан шашпай мингизем.
Белек кудуңдай кулунду айлана жүгүрдү.
– Ураа! Менин кулунум бар! Досторума мактанам, ээ чоң апа, чоң ата?
Кулунду айлана жүгүргөн Белектин кыткылыктаган үнү чоң ата, чоң апасынын жүрөгүн элжиретип турду...

Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
#232 11 March 2016 - 20:03
<div><font face="Times New Roman"><font size="3">
Жылан менен сүйлөшүү.<
/font></font>
</div><div>
<font face="Times New Roman"><font size="3">
<br></font>
</font></div>
<div><font face="Times New Roman"><font size="3">
<br></font>
</font></div>
<font face="Times New Roman"><font size="3"> <div><font face="Times New Roman"><font size="3"> <br></font> </font></div> Жумалап жааган ак жаандын акыркы күнү мөндүргө айланып, колоттордон кыян жүрүп кетти да, суу боюндагы& nbsp; кичинекей үйдүн чатыры кулап кетчүдөй шамалга качырап, эшикке чыккандан корунуп, коркуп отурганбыз. Эртен & nbsp;менен жылуу төшөктөн башын көтөргөн уулум «суусадым,чай ичем» дегенинен улам колума чака алып, сай жакты & nbsp;көздөй бастым. Май айынын баш чени экендигине& nbsp; карабастан күн суук эле. Анан калса күнтүн дебей куйган жамгыр ойкырдын жеперине жетип, жер бети, сай боюндагы& nbsp; чычырканактуу бадалдын арасы бүт бойдон сууга толуп & nbsp;чыгыптыр. Мен жалгыз аяк жол менен кетип бараткам:— Байке, үшуп атам, — деген ичке үн чыкты бир кезде & nbsp;туш жагымдан. Чоочуп кеткен мен «Ой, сен кимсиң?»— деп & nbsp;жалт карадым. Байкасам, бир түп жапайы кызгылт талдын тубүндө ийрилип сулк жаткан кара сүр жылан саал мойнун созуп, мени тиктеп турган экен. Кантсе да жыландын сүрү кыйын эмеспи, кетенчиктей берип:— Ой, чунак, сен белен? дедим таңыркай. & nbsp; — Ооба, мен сүйлөп жатам. Айтып койчу, байке, бу кудайдын куну качан басылат? — дейт ырайы суук каапыр кебелбестен. Анын суроосуна жооп бербестен таңгалганымды жашыра албай сурап жибердим:— Ой жашабагыр, сен сүйлөгөндү кантип үйрөнүп алгансың? Кара сур жылан кебелбестен: — Айтып койчу дейм, байке. Жаан качан басылат?— десе & nbsp;болобу дагы кайрадан. Эми мен аны чындап зекидим:— Тапан десе, сага жаандын басылганынын кандайча& nbsp; кереги бар?— Опей, айтса түшүнбөйт экен! Ийиндин баары суу. Аябай & nbsp;ушудум. Курсак да ачты...— Курсагың ачса бака кармап же, балык уула! Чычкан кармап же!— Чычкандын баары жылуу жерде, силердин тамдын алдындагы коңулда. Бака кармап жейин десем суу ылай, & nbsp;көлчүктөр ылай.— Абалын жаман экен, байкушум.& nbsp; Менин ага ылым санаганымды сезген жылан жакыныраак& nbsp; сойлой келип, кайрадан башын көтөрдү.— Тим эле оозумдан кара суу келип, кабыргам кайышат, байке. Аябай курсагым ачты.— Ыя, ыя, ошондойбу?! — Мен ага таң кала тиктей бердим. Байкасам жылан каралжын эмес, агыш экен. Сүйлөп жатканда ачакей ичке тилин таасын көрдүм да, анын как & nbsp;чокусундагы бармактын башындай ак мүйүзчөнү байкадым.& nbsp; Ал дагы менйн тиктей берип таң калганымды сезди көрүнөт, сурап жиберди:— Анча эмне тиктейсин, байке! Же жылан көргөн жок белен?— Жөн эле тиктеп жатам, жубарымбек. Жөн эле, жөн эле... —Жылан мени туурап сүйлөдү. — Курсагым ачып жатат десе & nbsp;болбойт... А, мен эмне кылайын?— Эмне кылайын деп коет! Өзүң билбейсиңби? — Кантип билем өзүн айтпасаң.— Кыргыздар мейман келсе кубанышат. Конуп кет, түнөп кет деп суранышат. Үйүнө жылан сойлоп кирсе дагы. & nbsp;Сүт чачып, айран чачып чыгарышат. Ушинтип ырдап & nbsp;каласыңар го кээде.— Ал чын, бирок...— Эмне бирок? Жылан мени чындап эле кекетти. Мен уяла түштүм.— Деги айтчы, эмне алып келип берейин?— Үйдө сүт болсо, сүт алып кел. Үйүнөрдүн чатырында& nbsp; таранчынын балапандары көп. Ошондон болсо деле...Менин ачуум келди:— Эй жубарымбек, балапандарга тийишпе! Башкасын айт.— Андай болсо, мейли. Сүрсүбөгөн жаңы эт болсо деле & nbsp;жарай берет.— Үйдө жаңы эт бар.— Ошо эттен майда & nbsp;майда кесип алып кел, байке.— Макул, — дедим мен.— Тезирээк, байке.Мен башаттын суусунан бир чака сүзүп алып кайра & nbsp;келдим да, көргөнүмдү эч кимге айткан жокмун. Жылан & nbsp;өтүнгөндөй кичинекей жайпак табакка ынак сүттөнк куюп,чийки эттен майда майда туурап кайра келсем, баягы жерде ал күтуп туруптур. Ал мен алып келген тамакты көрүп & nbsp;сүйүнүп кетти. Мен бардыгын анын алдына койдум эле:— Эми үйүңө бара бер, байке, — деди ал. Мен да ага & nbsp;суроо бердим.— Эмне үчүн?— Киши чакчайып карап турса, жылан кантип тамак жесин. </font></font>

Fall into my trap :)
#233 11 March 2016 - 20:08
Анын айтканын туура көргөн мен шарт бурулуп кетип калдым. Кечке жуук кайра келсем, сут бүт ичилип, эт бүт бойдон желип калган экен. Кийин мен кезек кезегинде ошол жерге табакка сүт куюп келип коюп кетчүмүн. Жылан сүту жакшы көрот экен. Койгон сайын сүт бүт бойдон ичилип калчу. Бирок ошо бойдон мен ал жыланды жолуктура алган жокмун. Бир жолу жайдын капортосу ченде түшкө жакын мен сууга түшөйүн деп, баягы жалгыз аяк жол менен сай жакка баратсам:— Кандай, байке? — деп чыйылдаган ичке үн чыкты. Карай салсам талдын көлөкөсүнде жылан жаткансыйт.
— Сен кимсиң?— Тааныбай калдыңбы, байке? — Жылан мени көздөй сойлоп чыкты. Сүйлөгөнүнө карап баягы жылан экен десем, өңтүспөлу башка. Өзү апакай сулуу жылан болуптур. Башында чүкөдөн кичирээк аппак мүйүзү дагы эле бар экен. Үнү окшош, бирок өңү гана башка. Тан калган мен туруп калдым.— Байке, тааныбай турасыңбы? — деди жылан кайрадан.— Үнүң тааныш. Өңүтүсүң өзгөрүп кетиптир. Мүйүзүн да чонураактай.
..— Туура айтасын, байке. Жакында мен түлөдүм. Кебимди карагандын ичине калтырдым. Өзүм бой жетип, күйөөлөп келгендерди чанып жүрөм, — десе болобу.— Эй жубарымбек,
сен да эрге тиймекчисинби?
—Эрге тийип тукум улабаса, жыландар тукум курут болбойбу!
Бирок бул чөлкөмдө мага тен болчулар жок.— Анда кайда экен?— Мен жыландардын пиринин тукумунанмын.
Мына бул мүйүздү көрүп деле билбейсинби?
Ал менден көзүн албай башын чайкап койду.— Аны мен кайдан билейин...— Анда билип ал!— Айтып көр, билип алайын.— Жыландардын пирин Шахимарден деп коюшат. Силерче аны Шаймерден дейт го...— Ооба, ооба. — Демек, мен жыландардын султаны, жыландардын пири Шахимардендин тукумунанмын.
Ошондуктан жөнөкөй жыландар менин теңим эмес.— Анан теңиңди кантип табасың?— Жакында алыска жол жүрөйүн деп, сизди гана кутүп жаттым.— Менде эмне жумушуң бар эле? Ыраазычылыгымды билдирип коеюн дегем.— Кудайга шүгүр, эсиң бар экең...— Сизге берейин деген белегим да бар эле, байке.— Ал эмне деген белек? Жылан мага жакын сойлоп келип башын силкип койду эле, төбөсүндөгү мүйузү алдыма тоголонуп түштү. Мен карап калдым.— Ушул мүйүзүмдү белекке ал, — деди жылан. —Алмаксалмак уулдарыңдын мойнуна тагып коюп жүргулө, байкел Балдарың узак жашап, , оору сыркоодон сырткары жүрөрүн билип кой. Ошондо алардын тукумдары өсөт. Өздөру мээримдүү, эли жеринин керегине жараган колу ачык, жоомарт, ак ниет адамдардан болушат, — деп шарт бурулган боюнча чычырканактуу тотойго кирип кетти жылан. Мен көпкө чейин жыландын артынан карап отуруп, көк чөптүн үстүндөгү акактай жалтыраган кичинекей чыгырык мүйуздү колума алдым...
Аягы
Аягы
Fall into my trap :)
#234 12 March 2016 - 02:18
"Жылан менен сүйлөшүү"
темасы менен бириктирилди.
Disappear, аңгемелер үчүн бул тема бар.Эскертүү.

#235 29 March 2016 - 18:33
Мас бүлөө
Батма - шаарга окшогон керемет айылдын келини. Бирок ал айыл деле башка айылдардай, керек болсо бул айылды кучагына алып турган өлкөдөй эле жакшы-жамандарга жык толгон. Бели ката элегинен жетим өсүп, өмүрү чекеси жылыбаган шордуу Батма дагы шорго малынып жакшы айылдын жаман бүлөсүнө келин болду. Андай экенин ал башында билбей турган. Өгөй эненин кордугунан көңүлү көчкөн журттай калып турган ошол маалда алардын малын багып жан баккан балада кайдагы ырыстуу жашоо деп ойлонгон эмес. Ойлонууга жаш эле, убактысы да аз эле. Малчы жигит бул үйдөгү жан бүткөндүн бирине байкатпай ага кездешип, тартынбай бооруна кысып койгонун эрдик көрүп аны менен жетелешип кете берген. Мындай болбогондо, балким, атасына тең байдын келини болуп башкача тагдыр күтмөк.
***
Алар жөө-жалаңдап айылга бет алышты. Айыл көрүнгөн маалда түн жарымы болсо да анда-санда жылтыраган жарык жанып өзүнчө көзгө сүйкүм. Батма колундагы эски баштыгына шыкап алган жарыбаган кийимдериндей болгон далай санаа, арман, ызаны кошо ала келе жатты. Жол бою ашыгым деген адамдын колун кысып, ага таянгандай болгону менен санаалар башын бошотпой келет. Айылдын түнкү кооз көрүнүшү анын маанайын бир аз көтөргөндөй болду.
– Демибизди басып алалычы.
– Мейли, - жигит деле уялганынан басып келе жатса керек. Кыздан мурун бутун сунуп отура калды.
– Эми эмне кылабыз?
– Эмне кылмак элек, үйгө киребиз. Сага айтпадым беле, аларга менин келинчекти күн алып келгеним деле, түн алып келгеним деле окшош. Иши кылып сен аларга чыдап жашап кетсең экен, – жигит башын жерге салып күңгүрөндү да, - аларга анча маани бере бербе, - деди сурана.
Көп олтурбай сапар улашты. Азыр жанагындай артын карап элеңдебей, күйүкпөй жай басышты. Жапактын үйү айылдын чет жагында. Абалап чыккан ит ээсин тааный коюп шыйпактап барып жата кетти. Алар ичкери баш багышканда бул үйдүн акыбалын, андагы адамдардын кандайлыгын келин мурунга бур эткен жагымсыз жыттан баамдай койду. Кир, ачыган тамак менен арактын аралашкан жыты тим эле баш айлантат. Келин окшуганын жашырмакка жеңи менен өзүн-өзү тумчуктура мурдун басты. Кире бериштен аркы бөлмө ай шооласынан жарык экен. Жерде көмкөрөсүнөн түшүп этек-жеңи түрүлүп жаткан аял кайненеси болорун боолголоду. Андан аркы бөлмөнүн ачык эшигинен эркектин корулдаган коңуруга угулат. Анын жаткан абалы деле бул аялдыкынан айырмаланбаса керек деп ойлоп койду, ичинен жактырбай. Жигит ыңгайсыздана каршысындагы эшикти ачты. Ал жакта эч ким жок экен. Эшикти ичинен бекем жаап, Жапак түндөсү кой караганда колдончу кичинекей кол чырагын жандырып бурчка оролуп коюлган жуурканды түздөп жазды. Алар ошол эле жерге жатып алышты.
***
Арадан эки ай убакыт өтсө дагы келин төркүнү тараптан да, кайын журтунан да үмүтүн үзбөйт. Анын күткөнү - кайненем менен кайнатам бир күнү улак да болсо кан чыгарып, коңшу-колоңду чакырып “келин алдык” деп айтышар. Кантип эле келген күндүн таңында кайненем салган эски ак жоолук менен баары бүтүп калсын деген бир ой болсо, бири төркүнүмдөн бирөө жарым абалымды сурап келип, ырымын кылар дейт. Ал кой оозунан чөп албаган атасы каардуу өгөй энесинин тилинен чыга албай, кызын сагынганы менен ичтен тынып атканын сезип, беш колундай эле билип турат. Бирок курган үмүт Батманы жол каратат да турат. Бул акталбас эки үмүттүн санаасы аз келгенсип эми ата-энесине кошулуп эри да иччү болду.
Келин келген күндөн баштап улам акыр-чикирден арылтып олтуруп үйдү үйгө окшотуп койду. Бөлмөлөрдүн улам бир жери тазаланган сайын жыты оңолуп атканын байкаган күйөөсү келинчегинен бир уялса, бир туруп ага абдан ыраазы. Эми гана баарын аяктап чай ичип отурушкан.
– Өлүк-тиригиңди көрөйүн, журтта калгыр. Арак ичпей, балакет ичсеңчи, - сырттан калдыраган үндү аялдын каргап-шиленген заардуу тили басып кетти. Батма келгенден бери уялган киши болуп анча ичпей калган аял бутунан тура албаган эрин араң сүйөмөлөп кирип келди.
– Жап жаагыңды, – колун туш келди шилтеп тап бергенге окшогон эркек келин-уулун деле көзгө илбеди, – энеңди десе, сен киши болуп калдыңбы, сен оңолуп калдыңбы, ия?
Жапак жерге кирип кеткиси келип араң турду. Атасын аркы бөлмөгө киргизип чыкты да, апасына бир тийди.
– “Ичпейм” дебедиңер беле. Унчукпай уялышар десе эмне басылбайсыңар? – эрине чоңсунганы менен аялдын да ичинде бар эле. Болгону ал уялган таризде боюн кармап жатканын уулу жазбай туйган.
– Ой, атаң эле...
– Апа, сен ичпей эле койчу ээ? Карыздарыңардан кутулдук деп ойлосом, дагы олчойто жаздырып салган турбайсыңарбы. Аки таш алайын деп барсам Кумардын аялы дүкөнүнөн кууп чыкты. “Ата-энеңдин арагынын акчасын төлө” деп кыйкырат, - Жапак ыйлап ийчүдөй жалооруп да, ызырынып да турду.
Ошол күнү биринчи жолу ал келинчегине кайда кеткенин айтпай чыгып кеткен. Түн бир оокумда итти каңшылата тээп, таштектерди калдыратып мас келди. Келиндин ыйы, суранычы ага ит үргөнчөлүк болбоду. Ошол күндөн баштап Батма бул үйдөгү үч мастын кусканын тазалап, жыртканын жамап, анан карыз доолап келген доочуларына түркүн калп айтып узатып жашап калды. Ошентип жүрүп үч баланы да төрөп койду. Кичүү кызын колго алган кезде Батма атасынын төрүндөгү кысынып жесе да курсагы ток, эскилиги жетсе да кийими бүтүн жыргал курагын унутуп, жини келсе да назик сүйлөгөн сыпаалыгын жоготкон. Бул маалда ал кара курсак үчүн бир аялдан жалбарып суранса, бир аялга догун артып долулана ыйлап балдарына эски кийим чогулткан сурамчыга айланган. Ачуу үнүнөн жалтанган балдарын аябай мас кайненеси менен акыйлашып, мас кайнатасын көтөрө чаап жаткырып, мас эри менен алка-жакадан алышып мушташкан аял болуп калган. Тынымы жок мындай жашоо ага өзүнүн кандай адам болуп баратканын байкашына мүмкүнчүлүк да бербеди.
***
Батма кыштын чилдесине карабай жылаңаяк бутуна муздак көлөчтү сүйрөп алып үйүнөн чуркап чыкты.
– Апаа, токтоңуз, апакее? – жашы жеткени менен мектепке барбай өзүн дале кичинемин деп ойлогон кыз артынан ээрчип чыгып жетпей калды.
– Эжеке, апам качып кетти. Бол чурка. Чурка, мас болуп калат, – бала да болсо кабагынан санаасы арбын экени байкалып турган кыз сиңдисин инисине жетелетип “үйгө баргыла” дегендей ишарат кылды да, өзү Батма кеткен тарапка чуркап жөнөдү.
Бул Батма менен Жапактын тун кызы Айнур. Мектепте жакшы окуганы менен анын бир да курбусу жок. Эптеп быйыл 9-классты бүтсөм бул үйдөн кетем деп ойлойт, бирок иниси менен сиңдисин аракеч ата-энесинин колуна калтыргысы келбей ичинен азаптанып келет. Чоң энеси каза болгондон кийин чоң атасынан эч нерсе үмүт кылбайт. Ал деле бир күнү кемпириндей болуп аракка ууланып өлүп калчудай сезе берет. Ал эми атасы менен апасынан “ичпе” деп жалынганы жалынган. Өгүнү атасына “ичпе” деп катуу айтканда ал кызды жаткыра чапкан. Ошондон бери андан да көңүлү калып апасын гана арактан коргоп калсам деп бушайман. Кышкы каникул башталгандан бери Батманы эшикке чыгарбай, бөбөктөрү менен бирге бура бастырбай кайтарып аткан. Үч күнгө араң чыдаган Батма кызы күл төгүп келе калганча качып жөнөп атпайбы. Кыз энесинин кайсы дүкөнгө барарын жазбай билет. Башка дүкөнчүнүн баары менен апасына “карызга арак бербегиле” деп сүйлөшүп койгон. Бир гана Жаркын деген дүкөнчүгө алы жетпейт. Анткени Жаркын жалаң гана арак сатат. Баарына карызга берет дагы, акчасын бербегендин үйүнө барып ар оокатын көтөрүп баса берет. Малдуунун малын, дандуунун данын, итке мингендин казан-табагын көтөрүп кетет.
Кыз Жаркындын дүкөнүнө жүгүрүп жетти. Кирери менен оозунан кеби түшүп эчкире ыйлап жиберди. Батма калтырап-титиреп бөтөлкөнүн оозун оозуна шыйкай салып аракты аптыга ичип атыптыр. Кыз адатынча Жаркынга бир тийди да, энесин жемелеп бөтөлкөгө асылды. Батма эсине келген немедей денесин бош коюп олтуруп калганы менен колу карышып, бөтөлкөдөн чыкпай калыптыр. Кыз энесин алып кетүүгө канчалык аракет кылганы менен эч алы келбей, акыры жука кийимден кайыгып үшүй баштаганда аргасыз үйгө жөнөдү. Санаасында эки бөбөгү.
Айнур өчкөн отту тутантып, ыйлаган бөбөктөрүн сооротуп колдоруна бир нерсе карматканча эле далай убакыт болуп кетти. Атасы менен чоң атасы дале жок. Аларды жоктошпойт деле. Тескерисинче, алар канчалык кеч келсе, ошончолук жакшы. Балдар бул үйдөгү үч мастан бир гана апасын кыйышпайт, аны гана жакшы көрүшөт. Ал мейли урушсун, мейли сабасын, соо болуп эле жандарында болсо болгону. Айнур бөбөктөрүн камап коюп көчөгө чыкты. Каршы чыккан кошунадан апасынын көчө ылдый баратканын угуп ого бетер учуп-күйүп жөнөдү. Ал жакта канча адамдын өмүрүн алган кандуу суу бар. Батма аракты жек көрүп жүргөн кезинде күйөөсүнүн ур-токмогунан көрө өлгөнүм артык деп ага канча жолу чуркаган. Бирок дайыма балдарын кыйбай артка кайтып келчү. Кийин мас болгон сайын ошол сууга тартыла берген жайы бар эле. Айнур энесинин сууга кеткенинен шек санаган жок. Жана ага ачуу кептерди айтып, булкуп-тартып катуу мамиле жасаганына өкүнүп, аман болгой эле деп санаасы артып чуркап баратты.
***
– Ай, деги эмне болуп кетти? Биз тиги кыз-күйөөбүздүкүнө мейманчылап кеткенбиз. Эми келбедикпи? – калың жүн жоолукту тумчулана салынган аял этекчинин тагынганча жанындагысына кулак түрдү.
– Куураган Батма, ушуну көрмөк акыры. Суунун жээгине жатып тоңуп калыптыр. Ажалың менен жерге киргир, ай, – аял жаштаган көзүн сүртүп кейий унчукту.
– Арты кайырлуу болсун, эмне дейбиз. Балдары эле куурабадыбы. Ким көрүптүр ия, аны?
– Улуу кызы. Куурагандан да ошол куурады. Улам сайын эсин жоготуп атат. Тиги, өлүгүңдү көрөйүн, эри менен куу чал Батманын өлгөнүн дагы деле угуша элек. Экөөнү тең таппай атышат. Ушуга чейин укпай кайсы кычыкта майрамдап отурушту экен же алары да бир жерде тоңуп калышты бекен тоңкоюп?..

#236 05 April 2016 - 16:01
Соңку кабардан Талас шаарындагы бир келин төрөп, баласын ошол жерге калтырып кеткени жазылыптыр.
Мындай учурда жалаң гана аялзатына жаман тилдер, жаман сөздөр айтылып, баланын атасы эстен чыгып кетет. Ошондой эле ошол убактагы эненин психикалык,
моралдык абалын көп учурда эстен чыгарып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышат. Албетте мен келинди актап жаткан жерим жок. Айтайын дегеним, баланын атасын кошо жазага тартыш керек го деп ойлойм. Ушул өңдүү жазылган чакан аңгемем бар эле. (Бул аңгеме чыныгы жашоодон алынган.)
Жаза
Илмийген кошуна келин нан ооз тийип сыртка чыкты. Келин болгонуна он жылга чукулдап калса да, согончогу канай элек. Аттиң, эркектин дени сак болуп, кептин баары келинде болсо, эбак эле төркүнүнүнө кетирмектир. Доктурдун айтуусу боюнча, эрине катуу суук тийген имиш. Ошого карабай, үмүтүнүн шооласы өчпөй, жаш кезинен сүзүп тийген күйөөсүн чанып кете албай, этегин кармап жашап келатат. Сүйүп да тийген эмес. Шашылыш үйлөнчү баланын кайырмагына кокустан илинип калган бечара. Ал аз келгенсип, кайын журту да оной чыкпады. Эки көйнөгүн салып, энесинин үйүнө баргандан эл-журттан намыстанат. Эки эжеси аз келгенсип, ал дагы алардын катарына кошулгусу келбейт. Кантсин анан? Эптеп арабасын тартып, бирде ыйлап, бирде ырдап өз арабасын өзү айдап бараткандагысы да...
Каалга жабылган сон, тунжурай түшкөн бөлмөдөгү тынчтыкты Жаннат апа бузду.
-Алда байкуш ай? – деди, чайдан ууртап, –Мында эмне күнөө? Санаага батып, саргайып, өзүнүн этин өзү мүлжүп салган тура?
-Эне, кимди айтып жатасыз? – деп, небереси суроолуу карап калды.
-Азыркы келген курбуна боорум ачып жатат... Ээ куда-ай, алла? Күнөөлөрүбүздү кечире көр - деп, эки колун бооруна алып, бир кейип алды.
Чай сунуп отурган небере, кабагын чытый, мына азыр гана, аз убакыттын ичинде шумдуктуу окуя укчудай, кулагын төшөп турду.
-Эмне карайсын кызым? Жетимиш жаш онойбу? Жакшы күндөрдү да, жаман күндөрдү да көрдүм. Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды. Ушул кулагымдагы алтын сөйкө шакеги менен сеники болот. Мен өлөөр менен баары тытмалап калышат эмеспи. Аманат кылып айтып коёойун. А бул келин кудайга мин ирет жалынып, апасынын күнөөсүн кечирүүсүн сурансын. Ошондо гана бала жытына ээ болоор...
-Кандайча? Кантип? А сиз...? – деп, небереси ан-тан сымал, булдуруктай ар кандай суроолорду берди. Эненин көз карашы ары табышмактуу, ары кызыктуу, армандуу да, өкүнүчтүү да болуп, бир сырдуу дүйнөнүн ачкычын кармап отургандай ойлуу эле. Көзүн алыскы күндөргө таштай, оозун кыбырата баштады.
“Жанагы Жыпардын ата-энеси абысынын баласын асырап алат. Ошол асырап алган бала Байжигит. Эрезеге жетип, акылдуу бала болуп чонойуп, эл катары үйлөнөт. Иий, анда Самара биздин райондогу орус мектептин бүтүрүүчүсү. Кашы көзү кара, боюу узун чырайына чыккан узун бойлуу жапжаш кыз эле. Уруубуз бир болгондуктан абысын ажы болуп, ал келгенде баарыбыз кара казандын боюнда катуу кызматта элек. Келин тын чыгып, тирилиги жакшы болуп, удаа-удаа төрөп, аз жылдын ичинде эле өн-келбеттен кетти. Ошого карабай, бир колу балдарда, бир колу малдарда болуп, жашоого жакшы эле бышты. Алда байкуш ай, бешинчи бешикте жаткан баласы кенжеси болуп калаарын ким билиптир? Кокустан келген ажал, Байжигитти алып кетти. Суйкайган келин сумсайып, беш бала менен алпурушуп, болгон түйшүктү өз мойнуна жүктөп, жашоо үчүн күрөшүп кала берди. Күнү бүтпөгөн адам, минтип жашай берет тура!” – деп, бет аарчысы менен көзүнүн кычыгындагы жашын аарчый, мурдун шор эттире тартып, кайра сөзүн улады: “ Байжигиттин өлүмүнөн кийин, канча бирибиз бейкүнөө жерден күнөө таппадыкпы. ..?!
Түн бир убакта терезе катуу такылдап калды. Анда, кыймылга тын кезим. Ыргып туруп терезеге үнүлсөм эле, Самаранын улуу кызы Толкунай турат. Шаша-буша каалганы ачып, үшүп турган кызды үйгө киргиздим.
- Апам сизди чакырып жатат – деди,
- Ой, деги тынччылыкпы? – десем эле, баягы кыз ыйлап жиберди.
- Апам катуу кыйналып жатат – дегенинен жаман гөлөштү сүйрөп алып жөнөдүм.
Барсам эле, баягы Самара ары тоголонуп, бери тоголонуп, айласы кетип жатыптыр. Алда шордум ай, тогуз ай ичин байлап жүргөнбейм, эч кимибиз аны байкаган эмес экенбиз. Аял катары аны сооротуп да, аяп да, кайра тилдеп да жаттым. Шордуум десе... Маалы келип, балканактай уул төрөдү. Киндигин кесип, чүпөрөккө орой салып, Самаранын этек-петегин тазалаганча баланын үнү жанырып турду. Ары карап бери караганча, ызаага, ачууга жаны толгон Самара жаздык менен баланы баса калбаспы?! Кой-ай дегениме да көнбөдү. Сөзү жок гана ачуу ыйы менен баскан боюнча колун албады. Анын сөзү жок ыйы менен кыймылында, кимдир бирөөдөн өч алып жаткандай, кимдир бирөөнү тилдеп жаткандай түрү бар эле...
Шумдук! Бир тууган байкесинин өлүмүн, иниси күтүп эле тургансып, бастырмада уй саап отурган Самараны, ой-боюна койбой, ары-бери жулкулдата этегин түрө, баса калган тура! Элге чуу салып, бул кылыкты кантип айтмак эле? Кээ бири үй-бүлөсү, бала-чакасы бар, жин урган кайнисин тилдесе, кээ бири беттерин сөөмөйү менен сүртүп, Самараны “шерменде” деп тилдешет беле?!
Чачтары жайылып, жүзү жашка жуулган Самара, жаздыктын астындагы тыбырчылаган “жан” тынчыганда гана, карышып калган колдорун алып, терс бурулду. Эмне кылмак элек? Түнү менен бир жерге жашырдык. Бул сырды эч кимге айтпагам. Эми минтип, кичүү кызы балага зар болуп, саргайып турганын карачы! Балким, кудайга жалынып, намазга жыгылса, наристе жытын искеп, өң-келбетине келип калабы дейм да...” - деп, дастарконго бата кыла, сыртка чыкты.
Ушул күндөн кийин көп өтпөй, Жаннат апа дүйнө салды. А балким, ал ажалынын жакындап келатканын сезип, көкүрөгүндөгү сырды өзү менен көргө алып кетпей, айтып кеткиси келген чыгаар...
Жашоо – бул бумеранг сыяктуу деп бекеринен айтылбаса керек. Кимиси канча күнөө тапты экен? Бул адамдар, мыйзам алдында жооп берип, жазага тартылбаса да, акыры кудай алдында өз жазаларын алып жаткан сыяктуу. Бүгүнкү кылыгыбыз, эртенки тагдырыбыз. Ошондуктан, ар бир кадамыбызды жети өлчөп бир кесели.

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#237 21 April 2016 - 19:15
Суротумдун белгисиз тагдыры...
Айлана кундун аптабындагы ысыкка болонуп, талдардын колокосу адамга балдай жаккан учур эле. Базар аралап эмитен жоной турчу автобуска карай жол тарттым. Автобустун ичинде адамдар оз озуно орун тандап олтуруп жатышкан, колумда бир сумка, бир пакет. Мен да жан талаша озумо макул болгон орундука олтура кеттим. Жанатан бош турган автобустун ичи адамга толо тушуп ордунан жылып баратты. Кундун ысык аптабы чекеден тер агыза турган денгээлге жеткен. Ангыча автобустун айдоочусуна бир жигиттин кайрылып жатканына кулагым чалып калды. " Байке токтото турунузчу, досум кечигип калды, байке токтото турунуз дейм, сураныч " ал жигиттин айдоочуга кайрылып турганы эмес турган турпаты мени озуно бурду, баары бири коюп бири ал баланы карап жатты. анын башка бир чет олкодон келгени даана корунуп турду. Козундо кара коз айнеги, апапакай кунго куйбогон жузу, озунчо башкача кыскартылган чачтары, мойнундагы кумуш чынжыры, устундо ак койногу, кара классический шымы, бутунда кымбат баалуу бут кийими, жибектин гулундой кычыраган узун бойлуу дене тузулушу тим эле озуно жарашып турду. Аны кеп кылып жаткан айрымдардын создору даана угулуп турду
" Ай карачы жарашыктуу жигит экен э?
Оба биздин балдар мындай журбойтко, чамамда Москоодон келишкенго? ( Бирок мен негедир Москоодон эмес Франция же Англия болбосо Америкадан келгендир деп ойлоп турдум)
Мумкун, досун калтырып озу чыгып алып эми автобусту токтотуп жатканын карасан... "
Аялдардын созунон улам негедир уяла туштум, анткени мен озум тууралуу да ойлоп кеттим, бутумда бир балетка, шорта, анысы жетишпегендей кыпкызыл футболка кийип алганмын. Улам улам колумдагы пакет менен турган турпатымды жапкансып тартып жаттым. Ысыка дымдалган автобус кечигип калган баланы кутконсуп акырындан жылып баратты. Ал баланын досу да келди, колунда пакеттери, асынган сумкасы да бар, колундагы саатына козум урунду. Экобу окшош кийингени менен кечигип келген досу бир аз толмоч экен, Экобу уялып жаткан жанымды байкагансып жаныма келип туруп калды, алар суйлошуп улам жылмайган сайын мен тартынып озумду куноолудой сезинип жаттым, эмнегедир мени шылдындагандай сезимдер туюлуп жатты. Автобус алыскы жолго чыккансып шашылыш айдап узун жолдор менен чон энемдин уйун коздой баратты. Убакыттын отушу менен автобустун ичинде адамдар суюла баштады, улам ар бир аялдамадан тушуп калып жатышты. Айыл жери баары бир айыл да кээде аялдамасы жок жерге да автобусту токтотушуп тушуп жатышты. Жанымда бир чон эле эже олтурган ал да тушуп кеткенде эки жигиттин бири жаныма келип олтура кетти, озумдун карапайым турган турпатыман уялып кызарганым оузмо да сезилип турду. Автобустун айнегинен созулуп жатып калган чон чон гектарлуу жапжашыл саргылт болгон талааларга термелген бойдон оз ойлорум менен алп урушуп бараттым. Жонокой жаным телефон да которчу эмесмин, ал убакта эми кайдан мобил телефон болсун, чон энемдерге да уй телефонунан чалып эле бир канча кун алдын айтып койгом барам деп. Жанымдагы баланын наушниги козумо кызык учурап суктанып гана карап коюп бараттым. Ойлорумда менде да ушундай сонун телефон наушниги менен болот бекен ээ? деп ойлонуп бараттым. Ангыча досуна энкейип бир нерселерди суйлогон бала менин тынчымды алды, анын асынган рюгзагынан чыгып турган клюшкасына да конул буруп караганымда мага мээримдуу коздору менен карап койду, ангыча козумду ала качып автобустун айнегине телмире карап бараттым. Экобунун суйлошкон создоруно маани деле бербей оз ойлорум менен бараттым, бир убакта мени акырын суротко тартып алган досу оюмду бузду, азыр ойлосом ошондо ушунчалык наадан болгон экем, эмнеге тартасын деп да сурап койбоптурмун, мумкун азыркы акылым болгондо алар менен суйлошуп деле кетмекминби деп ойлонуп калам. Эсимде жок кайсыл жерден тушуп калды, айлананы карасам бурулуш жерден тушуп, бир огородту карай басып баратыптыр, аларды узаткан бойдон автобус менен алдымдагы узун жолго тушуп кете бердим... Оюмдун баары суротумдун белгисиз тагдырында калды....

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#238 22 April 2016 - 14:23
Түштөн кийин Явуз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле. Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып,
баласына жардам берип жатты.Бир аздан кийин Явуз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап: - Энеке… деп шыбырады. Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп: - Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы.
Базар күнү зерикпейм эми. Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды. Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакындап: - Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып: - Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу. Апасы кечинде бөлмөсүндө бир нерселерди тигип отурган эле, улуу уулу кирип, ары-бери карап, эмне кылаарын билбей, бир нерсе айта тургансып жатты. Энеси чыдабай суроого мажбур болду: - Балам, эмне болду? - Энеке, бир оюнчук учак жасап жаткам да… Базар күнү үйдө калып, ошонумду бүтүрсөм болобу? Башкалары кетишсин. Мен бул жерде сени менен калам. Бирок муну атама, бир туугандарыма айтпа. Мындай боорукер, түшүнүктүү балдардын энеси болгонун ойлоп, эненин көздөрү жашка толду. Кечинде күйөөсүнө болгондорду айтып берсе, күйөөсү: - Базар күнү башка бир нерсе кылалы. Фабриканын ээси менен сүйлөшүп машина сурайын. Төрт киши отургудай орун бар. Явуз шофёрдун жанына отурса, батабыз. Сени дагы алабыз, кандай дейсин? Эне макул болду. Базар күнү чындап эле күндү көнүлдүү өткөрүштү. Ошол күндү жылдар бою унута алышкан жок.
#239 13 May 2016 - 22:42
Нике кайып
Кайсы бир заманда бойго жеткен бир Мырза
жигит өз айлынан кыз жактырбай, өмүрлүк
жар издеп, күн чыгышты көздөй жол алат
экен. Өзү болсо жашы он жетиге жаңы толгон,
ой–максатты дилине жаңы койгон, жигит
болсо ушундай эле болсо деп айтарлык Мырза
жигит болуп өсүптүр. Ал издеген кызы- өзүнө
курлуу, жүзү айдай нурлуу, маанайы күндөй
жылуу, илеби гүлдөй жыпар, элде жок кыз
тура. Угушуна караганда: күн чыгыш элдин
кыздары башкалардан бөтөнчө, айрыкча
сулуу, акылдуу жана жаратканы да мээримин
төккөн жан болот тура. Ошентип, өзүнө курлуу
кыз издеп, жаш Мырза жигиттин ата-энеси
уулуна ак батасын берип узак сапарга узатып
калышыптыр.
Мырза жигит ар бир жолуккан айылынан өзү

жылуу жана да илеби гүлдөй жыпар деп эл
мактаган кыздардын баарын көрүп, бирок
жактырбай, баары бир өзүнүн кыялындагы
өмүрлүк жарын таппай, кайрадан жолун
улантып кете берет. Негедир оюнда анын
издеп чыккан чырайлуу кыз бул жарыкта жок
сыяктуу туюлат. Канча айылды өтүп, канча
жол басканы белгисиз, минген аты кыргыйдай,
өзү шыргыйдай болуп, арып-чарчайт. Акыры,
аты жүрбөй калганда, сен да өз көрөр күнүңдү
көр, мен да өз күнүмдү көрөрмүн деп, аны бир
көк жайсаң төргө калтырат да, андан ары жөө
кетет. Көп бастыбы, аз бастыбы бир айылга
туш болот Мырза жигит. Айыл четине келсе
аксакал карыя жолдон кездешип: бир нерсени
эстей албай жаткансып көңүл коё саамга
карайт да:
–А, балам, алыстан зарыгып жол тартып
келаткан түрүң бар. Кайрылып үйдөн наар ооз
тий, – дейт.
Мырза жигит ыманы ысык Аксакал карыянын
минтип айтып турганына көңүлү ыраазы болот
да, макул көрүп, ал кол жаң саган жалгыз боз
үйдү көздөй ээрчип басат. Үйгө киргенде,
жүзү жадыраган, маанайынан нур төгүлгөн ак
келин тосуп алат.
Чарчап-чаалыгып, суусап-чөлдөгөн Мырза
жигит ак келин сунган бал кымыздан бир кезе
жутат да, денеси балкып эрип, отурган жерине
кыңкайып, кантип уктап кеткенин билбейт. Көп
уктадыбы, аз уктадыбы, эчак күн батып,
кызыл күүгүм айлананы тегиз каптап калган
экен. Ойгонуп эле, Мырза жигит кетмекчи
болот.
–Кайдан, кайсы элден болосуң? Каякты
көздөй баратасың, балам? Сүйлөй отур,–дейт
баягы Аксакал карыя, баланы "ашыкпа,
шашпа" дегендей.
Ошондо кетмекчи болуп турган Мырза жигит
негедир, сүйлөйүн деп оозун ачса, ичинен
сыры төгүлүп, өз чөлкөмүнөн өмүрлүк жар
болор кыз таппай, өзү курлуу, өңү айдай
нурлуу, маанайы күндөй ысык, илеби гүлдөй
жыпар кыз издеп жер кезип келатканын,
андай кызды таппаса, кайра артка кайтуу
оюнда жок экендигин кантип айтып бергенин
билбей калат.
Ушуну гана күтүп турган аксакал карыя
Мырза жигитке мындай дейт экен ошондо:
–А-а, балам. Сен анда издегениңе жолуктуң.
Эмесе, ушул жерден артка кайт. Эсептеп
эсебиңден жаңылбай, туптуура он жети жыл-
дегенде ушул жолуң менен ушул үйгө кел.
–Эмнеге келем? – дейт анда таңданган
Мырза жигит.
–Анткени сен издеген өңү айдай сулуу,
маанайы күндөй жылуу, илеби гүлдөй жыпар,
өмүрлүк жар болор кыз мына ушул үйдө, тиги
бешикте жаткан али дүйнөдө өзүнүн бар
экенин биле элек, энесинин эмчегинен башка
иши жок, аруунун аруусу, кыркы чыкканына
бир айча боло элек, жашы бирге тололек мына
бу наристе, - дейт карыя, бешикте беймарал
алиги Аккелин эмизип жаткан ууздай аппак,
маңдайында айдын нуру жанып турган
наристе кыз баланы көрсөтөт.
Бул сөздү уккан Мырза жигит заматта
ындыны өчүп, не дээрин билбей, бешикте
жаткан наристе кыз бала эмес, кыялындагы
бураң бел, сулуу селкини элестетип оор
улутунуп алат да, бу алжыган чал мени эмне
мазактап жатат деп ойлонот.
Анда, анын оюндагысын билип тургандай,
карыя:
–Сенин никең ушул наристе кызга буюрган.
Жараткандын нике кайыбы дегени ушул. Сен
бүгүн ушул жерде түнө да, башканы издебей,
жолуңду ушунчаңда кыскарт, - дейт
кошумчалап.
Мырза жигит аксакал карыяга эч нерсе дей
албай ийменип, унчукпай, баш ийкейт да, ал
түнү ошол үйдө түнөп калат. Ансыз да эчак
түн кирип калган болот.
Бирок түнү менен уктабай чыккан Мырза
жигит: ”Ушул бешикте жаткан кыз мага жар
болуп бергиче качан?. Мен азыр он жети
жашка чыгып бойго жетип турсам, эми он
жети жылдан соң гана чоңоюп, мага өмүрлүк
жар болууга жараганча, ким бар да, ким жок…
Ушуну чоңоёт деп күтүп жүрүп картаймак
белем. Мындан эмитен кутулайын,– деп
ойлонот экен -да, тигилер катуу уктап
жатканда, куруна байланган курч шамшар
бычагын билгизбей алып, бейкүнөө наристе
кызды куурсагына бир урат. Анан билинбей
туруп, эшикке чыгып, жол тартып кете берет
экен.
Дагы да канча жол басты-белгисиз, баягы
наристе кызды бычактап кете бергени да эчак
унутулуп, тоголок жер бетин бир айланып
өткөнү да билинбей, арадан жылдар өтүп,
Мырза жигит эчак кер мурут жигит болуп, отуз
беш жашка чыгып, дагы эле өзү издеп чыккан
жүзү айдай сулуу, маанайы күндөй жылуу,
илеби гүлдөй жыпар селки кыз алдынан тосуп
чыга тургансып, сапарын улап келе берет.
Бир күнү бир жерден чарчап-чаңкап келатып,
алдынан жолуккан булактан суу ичейин деп
аялдай калса, ийнине апкечке илип эки чака
көтөргөн бураң бел сулуу селки булакка
келаткан болот. Ал жер менен баспай эле, жел
менен учуп келаткансыйт… Жел менен эмес,
жер менен басып, ак көгүчкөндөй эркин, жеңил
кыймылдап, ийиндеги апкечке илинген эки
көнөчөк сымбатына жарашып келатат.
Караса, ал көзүнө башкалардан бөтөнчө
көрүнөт; баягы өзү издеген, өмүрлүк жар
болор, жүзү айдай нурлуу, маанайы күндөй
жылуу, искесе илеби гүлдөй жыпар кыз ушул
сыяктанат. Мырза жигитке сурмалуу кара
көзүнөн нур, жан дүйнөсүнүн мээрими
төгүлгөн эзелки таанышкандай карайт.
Кыздын атын сурап, затын билет Мырза
жигит. Өзү да өмүр бою өзүнө жар болор
селки издеп зар болгонун, басканы-жай- күзү
таш менен кум, кышы менен жазы мөңгү
менен кар болгонун, издегенин таппай,
заманасы тар, көңүлү зар болгонун, акыры
өзүнө жолукканын, көрүп эле ашык болгонун
айтат Мырза жигит.
Кыз дагы өзүнө дал ушундай терең бойлуу,
кенен ойлуу, "Мырза жигит болсо ушундай эле
болсо" деп айтарлык, адамкерчилиги
турпатынан байкарлык, бул ким- десе «менин
өмүрлүк жарым» деп мактанарлык ушул
сындуу бир жигитти жаратканы бир күнү
жолуктураарын күтүп жүргөнүн, өзү ушул бүгүн
он жетиге жаңы толуп, ой тилеги дилине жаңы
конуп турганын жигиттин алдына сыр кылып
төгөт.
Ошентип экөөнүн ою бир жерден табылып,
булак жээгинен кол кармашып чыгып кыздын
үйүнө барат да, бир апта күйөөлөп, андан соң
өз айылына ата-энесине алып кетет экен.
Экөө бир канча жыл ынтымактуу, ширелүү
өмүр кечирип, айдай-күндөй ак уул, кызыл
кыз көрүп, бактылуу, ынтымактуу жашап
жүрөт. Бир күнү жигит колуктусунун
курсагындагы бычак менен тилген тиликтин
тагын көрүп калат экен. "Бул эмненин тагы?
деп сураса, колуктусу эч нерседен бейкапар,
тээ бешикте жаткан наристе чагында бир
жолоочу адам биздин үйгө түнөп, эмнегедир
түн ичинде мени бычак менен бир уруп,
белгисиз жакка билинбей кеткен экен. Бул
тилик-ошонун тагы–деп апам айтар эле,"–
дейт.
Ошондо гана мындан канча жыл илгери, өзү
жаңы он жетиге толуп, өмүрлүк жарын издеп
келатканда жолуккан аксакал карыя, анын
үйүндөгү «Сенин өмүрлүк жарың – мына бул
бешикте жаткан кыз; сенин ак никеңди ушуга
буюрган» дегенде, «ушуну он жетиге чыкканча
күтүп, картайганча, өлтүрүп кете бергеним
артык» деп жасаган адамкерчиликсиз жоругун
эстейт.
Аны бүгүн колуктусуна айтууга оозу барбайт,
жүзүнөн жүзүн ала качат.
"Демек нике кайып деген ушул тура. Менин
никем ушул кызга буюрганын алдыртан билген
ал карыя касиеттүү адам тура. Анын айткан
кебин убагында мен элес алган эмес
турбаймынбы. Буюрган нике баары бир канча
мезгил өтсө да, эркек менен аялзатын акыры
бир кезде табыштырат тура…"-деп ойлоп,
ошол табыштырган никесине ыраазы боло,
биздин Мырза жигит, колуктусунун, чын эле
өзү издеген: жүзү айдай сулуу, маанайы
күндөй жылуу, искесе илеби гүлдөй жыпар
селки экенине дагы бир ирет ишенип,
тагдырына ыраазы, бактылуу жашап өмүр
өткөрүптүр.

♔ Aytku(love)a ♔
#240 01 June 2016 - 17:07
Жыйырма мүнөт.
Жоодар, борбордун так ушул жеринде, далай кишинин сүрөттөрүнө кыймылсыз абалда тартылып калам деп эч качан ойлогон эмес эле. Ал бүгүн өзгөчө толкунданып, жүрөгүндө от жанып, мекенге болгон сүйүүсү ашып ташып, ата-журттук сезими көкүрөгүндө жалындап, борбордук Ала-Тоо аянтындагы желекти кайтарып турат.
- Эх!– деп, бир аз кейип алды ал ичинен, - Адина менин так ушул жерде экенимди билгенде, келет беле? Ооба да, ал деле мен сыңарысагынган чыгаар. Кап, аны алыстан болсо да көрүп алсам? Сүйүүнү күч алдырган жаздын деми Жоодардын жүрөгүн козгой, аны бир топ кыялдарга батырып жиберди. Өзүнүн милдетин аткарып бүтүп, айылга бара жатканын элестетти. Ошол эле учурда, Адинанын кубанычка толгон көздөрүн, анын жагымдуу жылмаюуусун, жылмайганда жаагында бирде пайда болуп кайра жок болуп кетүүчү уячасын, уялганда тунук бети күлгүн боло калган жүзүн элестетип, жүрөгү элжиреп сүйүүсү алоолонду. Аны ошол замат эле, тиктеп турбастан жаш балача жерден так көтөрө айландырып- айландырып жиберди, Адинанын коңгуроо сымал күлкүсү кулагына кадимкисиндей жаңырып турду, ал буга да тойбогондой, жерге түшүрө сала кучагына бек кысып, далыга түшкөн чачтарын сылап, ошол эле учурда сүрдөп да, апкаарып да, жүзүнөн жайдары сүйүп койду. Ага бул да жетишсиздей сезилди. Жүрөгү лакылдап, алоолонгон сүйүүсү бүт дүйнөсүн каптагандай, денеси “дүрт” эте делебеси козголо түштү. Анын сагынычы жазыла тургандай эмес эле. Ошол замат ал: “Армиядан барган соң, үйлөнөм. Ооба үйлөнүш керек!“ – деди чечкиндүү.
Кайрадан ал үйлөнүү тоюн элестете баштады. Апапак көйнөк кийген Адина мурдагысынан да супсулуу болуп чыга келди көз алдына. “Жок,ал адам эмес, ал периште. Менин сүйүүм периште!” – деди ичинен сыймыктана. Ал баарын көз алдынан өткөрүп жатты. Үйүнө алып кирип баратканын. Апасынын жалынып, жалбарып, жүзүнөн сүйүп, жоолук салганын. Андан кийин анын көшөгөдө келген меймандарга жүгүнгөнүн. Астыга салынган жоолугу менен уяыңкы чай сунуп отурганын. Экөөнүн бактылуу мүнөттөрүн элестетип, өзүнө окшош кичинекей перзенттин да жарыкка келгенин элестетип, бүт дүйнөсү элжиреп, “Жашоо – менсени сүйөм!” – деди кубанычтуу, ичинен.
.......Ушундай чексиз элестетүүлөр менен ал, астында кыжы-кужу болуп улам бири айланчыктап сүрөткө түшүп жатканын байкаган да жок. Ал керек болсо кайда турганын да унутуп коё жаздады. Качан гана кимдир бирөөнүн “Адина-а! ” – деген үнүнөн селт эте чочуп, түптүз турган турпаты менен көзүнүн каректерин ары-бери кыймылдата “Ал эмеспи?” деген ой менен Адинанын караанын алдыдагы адамдардын арасынан кубанычтуу издей баштады.
.........Бул жерде көбүн эсе студенттер келе турган. Ошондо да, биринчи курстун студеттери көбүрөөк келет. Ооба, Адина да биринчи курстун студенти эмеспи. Ал болочокто дарыгер болууну чечип, медицина жаатында окуп жатат. Ал - бир үйдүн кенже кызы болсо, Жоодар - бир үйдүн кенже уулу. Бир айылда, бир мектепте окушкан. Экөө эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт. Алардын бул жоруктары ата-энелери үчүн сыр деле эмес. Азыртан эле бири-бирин көргөндө, тамаша чалып “куда-кудагый” деп каткырып калышат. Анткени, алар бири-бирин көптөн бери жакшы тааныган аяштардан эмеспи? Эки үй-бүлө тең бири-биринен калышпай жашоолору тың, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн. Балдары акыл-эстүү чоңоюшуп, айылга да кадыр барктуу адамдар.
......... -Адина дейби? – деп кайталады ичинен. -Же эмне, кулагыма угулуп кеттиби? - дегенсип, анын караанын издөөнү токтотподу. “Адина...”деген үн дагы кайталанды. Көк түстөгү күрмө кийген кыздын кыйкырыгы экенин даана баамдады. Ал тараптан көзүн албай, күндүн нуру тийген көздөрүн жүлжүйтө алдыга таштады. Ошол эле учурда кызыл күрмө кийген кыз тигил кызды көздөй басып баратканын көрдү. “Даана өзү!” – деди Жоодар кубанычтуу.
-Баскан басымы, чачынын узундугу, тулку боюунунбаары ошол! Менин жаным, жанымда!
Ай, атт-тта! –деди кайра кейий. Же ага кол булгалай албай, же кыйкыра албай же жок дегенде үнсүз тиктешип алса да көздөрү тоюп калаар беле? Кол булгалаган кыз табышты окшойт. Бири-бири менен учурашып туруп калды. Тиги кыздын жанындагы эки жигитти, алар учурашып жатканда байкады.
-Жок, жок – деди ал ичинен. - Ал менин Адинам эмес. Ал башка жигиттер менен жолукпайт. Ал мени гана сүйөт. – дегиче болбой, жанагы кызыл күрмөчөн кыз бери карай бурулуп, алар жоокерлер турган жакты көздөй басышты. Жоодар күнгө чагылышкан кыздарды уламдан-улам даана көргөнгө аракет кыла берди. Ооба, ал кызды Адинага окшоштурбайын десе да, болбой эле Адинанын келбетиндеги кыз боло берди. Жоодардын эмелеки жалындап жаткан сүйүүсүнө кимдир бирөө мупмуздак суу куюп, тоңдуруп салгандай болду. Өң келбеттен кетип, купкуу болуп баратты. Жанагы жигиттин бири Адина аттуу кызды ийнинен кучактап, астыда келе жатты.
-Тарт колуңду, тарт! – деди, ичинен ачулуу кыйкырып. Анын ички дүйнөсүндө кызганычтын учкундары чачырап, так ушул учурда өзүнүн денеси өзүндө эмес, мамлекет үчүн кызмат өтөп жатканына өкүнүп кетти. Ал жандуу болуп туруп, жансыз куурчактай турганына ичи өрттөнүп жатты. Мына азыр бул жерден жулунуп барып, Адинанын колун кармап турган жигитти былчылдата сабагысы келди. Бирок, ошенте албай калганынабы, же Адинанын чыныгы жүзүнө өкүнүппү, же сүйүүнүн арманына муунуппу, көзүнөн бир тоголок жаш жерге кулап, ысып турган жерге бат эле сиңип жок болуп кетти. Ал өзүн бул дүйнөдө жоктой, өлүктөй сезди.
......Анын ушул жерге тургандан берки жыйырма мүнөтүнүн алгачкы ой-тилектеринин баары сапырылып, кайда кеткени дайынсыз болуп кетти. Аны бир эсе эстеп, өзүн шылдыңдап да жиберди. “Келесоо! Аңкоо!” – деди өзүн-өзү. Бүт дүйнөсү туйлап, кең дүйнөгө батпай, өзүн ашыкча жандай сезип, бир заматта бардын жогуна айланып, “Мындан ары жашоо мүмкүн эмес!” деп, тиштерин кычыратып алды. Түн кандай кирсе, ал өз өмүрүн кантип кыюуунун жолун издеп баштады. Мындан башка анын оюуна эч нерсе келбеди. Ата-энеси, бир туугандары аны ойлондуруп да койгон жок.
........Аңгыча кезек башка жоокерлерге келип, алмаша турган аземи жакындап калды. Эрежелерди эстей калып, колу-бутун кыймылдата, келген издери менен кете баштады. Жанагы кетип бараткан төртөө, артка кайрылып, телефонго сүрөткө тартмай болушту. Кудай жалгап Адина маңдайына келип, телефондун баскычтарын баскылап жоокердин басышын телефонго тартып жатты. Жоодар көздөрүнүн заарын чачыратып, тигил шакылдатып жаткан кыздын жүзүнө жакындан тигилди. Көргөн көздөрүнө ишенбей,тиги кызды оюп жибере карады. Анын издегени сүйгөнүнүн ээгинин алдындагы калы болчу. Жана да таптакыр башка көздөр экенин даана көрдү. Ошол маалда ал оңду көздөй бурулду. Нечен ирет башын солго буруп тигил кызды даана карагысы келди эле, андай мүмкүнчүлүк кайдан...? Бирок, анда мүмкүнчүлүк жок болгону менен Адина кайра маңдайына телефону менен бет маңдайынан чыга келди. Жоодар сүйүнгөндөн жылмайып жибере жаздады. Ансыз да, муздак жүзүнө жылуулук келди. Ал кыз анын сүйгөнү Адина эмес, башка Адина экенине кубанып,“Кандай соонун кызсың!” – деди ичинен. “ Сен мени ажалга да жетелеп, кайра ажалдан алып калдың. Эх, Адина…, эхх...!

Супер-Инфо
super.kg
видео