Ашынган адат ангемесиндеги Мелисти аябай жек коруп кеттим. Ангемелерди кочургон авторлорго чоон рахмат.
Ангемелер.
#242 11 July 2016 - 19:22
АРМАНДУУ ТЕСКЕЙ
Түркүн чөптөр буруксуп, гүлдөрдүн жыты аңкып турду. Жай эми гана башталып, жан жаныбар болсун чатырап көркүнө чыгып, өмүрдүн толуп турган чагы. Боткоктои калган аткулактарды аралап, кызгылт көгүш жону күнгө чагылышып, чөптөрдүн башын былкылдатып, бир суурдун айгыры шилбилуү дөбөнүн түбүндө, ооздорун жөргөмүштун калың желеси каптап, үйүлгөн топурактарын эчак таш уйгак басып калган көп ийиндерди жыттагылап жүрдү.
Ийиндер абдан эле эски болчу. Кээ бирөөлөрүнүк үстүндөгү топурагы урап түшүп,оозун бекитип калган. Ал эми барпайган бай түп шилбинин түбүндөгү эки кош ийин али жаңыдан көрүнгөнү менен ооз жагын тордоп калган жоргөмүштүн желеси жана шып жагында жабышып, илең-салаң кыймылдаган үлүлдөрдүн жүрүшү — бул ийинди жердеген макулуктардын деми чыкпай, жашоолору эчак эле тынчыганынан дарек берет.
Ошентип, суурдун айгыры бир ийинден улам бөлөгүнө дугдуңдап кыдырып жүрдү. Өзүнүн боордошторунун дареги билинбегеиден кийин гана эки колун бооруна алып, чочуп ыйлаган баладай кыска гана «чырк-чырк» этип үн салды. Анын бул аңкыштаганы те бир кездеги эрте жаздагыдай шаңдуу чыккан жок. Канчалык мурдун тырыштырып өзүнө тааныш жытын искегени менен эч кандай жыттын илеби каңылжарын өрдегөн да жок. Не бир кусалыктан, не бир жапайы жана табигый тукум куучулуктан келип чыккан эңсеөдөн улам айгыр суур дагы бир ирет «чырк» эткен үн салып туруп калды. Ошол эле жапайы, табият тартуулаган сезим буга табигый ишенимди туудуруп турду. Береги алкымындагы такырайып туруучу топуракты чөп-чар, болгондо да шиберлүү өлөң эмес, кайдагы бир таш уйгак отоо чөптөр баскан ийин ага тааныш, ага жакын сезилип турду. Бул ийин мындан бир нече жыл мурунку, анын жарык дүйнө менен тунгуч ирет таанышкан Мекени — айгыр суурдун өз үйү эле.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#243 11 July 2016 - 19:25
...Анда айдыңдуу боордогу ачык жерде да жаздын өкүмү келип калган. Ар кайсы жерлердеги карлар шалбырап эрип, жер ала-телек. Тескейде кар канчалык көп болсо да бадалдардын түптөрү, токойлордун ортосундагы күнөстүү жерлер карая баштады. Айлананын баарында алашалбырттын өкүмү. Жерден буу көтөрүлүп, байчечекейлер,
көк чөптөр өжөрлөнүп, кар астындагы жука муздарды көзөп, кылтайып турушту.
Токойлордук ортосундагы ачык жердеги айдыңдуу боорду мекендеген жыйырмадай ийиндин түпкүрүндө да жаңы жашоолор дүйнөгө келип, өмүрлөр уланып жатты. Ийиндердин эң башындагы, барпайгаи чоң шилбинин түбүндөгү ийиндин ичинде көздөрү али ачыла элек эки чөндөлөй пайда болду. Чөндөлөйлөр бат торолуп, күн сайын чоңоё башташты. Сары жүндөрүнүн арасын бирин-серин кылкан аралап,
түбүнө кургак ай чачы менен өлөң чөп төшөлгөн ийиндин төрүндө оонап жатышчу. Күн эмес, саат сайын чөндөлейлөр өсүп, мажүрөө буттары таканчыктаганга жарап, алардын оюндары чыга баштаган, Бара-бара алар үчүн ийин тар өңденүп, экөөнүн томолонушуна жолтоо болуп калды. Ошентсе да экөө бир нары бурчка, бир бери бурчка тоголоно беришет. Уйкудан ойгонгондон кийинки экөөнүн эрмеги ушул. Үңкүрдүн төрү бир топ кенен, ары жылуу болсо да, бары бир эки чөндөлөй жарык дүйнөгө келгенден кийин тар өңдөнүп калды.
Ийиндин оозу тар жана кууш эле. Анын үстүне ылдый карата жантайыңкы болучу. Ушул абалдан үч-терт метрге жетпей ийин андан ары үңкүрдей болуп кенен жана түз казылган. Ал эми тер жагы кадимкидей тегерек тартып, уяны элестетип турат. Ошондуктан ченделөйлер ийиндин оозун карай жөрмөлөөгө кудурети жетчүү эмес, ойлоруна да келчүү эмес.
Чөндөлөйлөрдөн бөлөк ийинде дагы үч суур бар. Экөө ооз жактагы капшытта бет маңдайлаша, жондорун үңкүрдүн бооруна такап, жаадай ийилип жатышчу. Эне суур менен айгыр суурдун ортосунда чөндөлөйлөр жатышат жана ойношот. Тигилер такай укташат. Качан гана чөндөлөйлөр бири-бирин жулмалашып, чоңдордун үстүнө чыгышып, мазесин кетирип жибергенде ата-энелеринин бири.Күңүрт «чырр-рк» эткен үн менен тигилерди тартипке салып коёр эле. Көбүнчө мындай убакта эне суур ойгонот. Кийин бара-бара эне суурдун ойгонгону көбөйүп кетти. Чөндөлөйлөр жетилген сайын кандайдыр бир белгисиз күч аларды элиртип, оюндары көбөйө баштады. Бара-бара дөбөт суур да тез-тез ойгончу болду. Мындайда чөндөлөйлер өз орундарында көнгөн адаттары боюнча жатып калышат. Антпесе; аталарынын колу алардын мойнуна, кээде кулактарына тийип калаар эле.
Бир жолу — кезектеги оюнда эки чөндөлөй таканчыктай калып, коюн-колтук алыша күрөшүп жатышты да, төрдүн эң түпкүрүндө жатчу, ушул убакка чейин бир да кыймылдап койбогон суурду тебелеп алышты. Адегенде экөө тең чочуп кетишти. Дүбүрөгөн боюнча өз ордуларына келип дымып калышты. Бирок бир аздан кийин эле оюн кайра кайталанып, жанагы өздөрүнүн картан бабаларына дагы тийишишти. Тиги дагы эле былк этпеди. Ушундан кийин гана эки чөндөлөй эми төр жакта кенен ойношчу болду. Карт суур бир да жолу ойгонуп, нааразыланган жок. Ал алда качан эле өлүп, денеси үңкүрдүн таманына төшөлгөн чөп сыңары куурап калган.
Дагы бир жолу чөндөлөйлөрдүн бирөө ойгонуп, керилип-чоюлду да, өзү ушул убакка чейин туш болбогон абалга кез келди: ийиндин оозунан кирген аба чөндөлөйдү дүүлүктүрүп, аны белгисиз сезим бийлеп, денеснн бнлинээр-билинбес дүркүрөө, кубаныч басып кетти. Бул убакта ал кадимкидей жүгүргөнгө жарап калган. Чөндөлөйдү жээликтирген азгырык аны ийиндин оозун көздөй жетеледи. Ал табигый туубаса инстинкт менен биринчи жолу эшикти көздөй этияттык, өтө абайлагандык менен жөнөдү. Жебедей сайылган шоолалар аны кубандырып да, сактантып да жүрүп отурду. Улам оозго жакындаган сайын жарык көбөйүп, чөндөлөй бир топко чейин жерге бoорун төшөп жатып калды. Анан көзү жарыкка акырындап көнө баштады. Укмуштуудай таң калычтуу дүйнө чөндөлөйдү кызыктырып, ары айран калтырып салды. Акырында ал ийиндин оозуна жетип, баягы эле белгисиз инстинкт менен тегерегин карап алып, көнүмүш адат сыңары отуруп калды. Кантсе да, алгачкы көрүнгөн сырткы чоң дүйнө көнүмүш эмес эле. Чөндөлөй эки колун бооруна алын, чөгөлөп отуруп калды да, чочугандай үн салды. Дирилдеген «чырр-рк» эткен үн кокту ылдый куюлуп, бүт тескейге тарады. Төмөнүрөөктөгү карала ит жатактарда жер чокуп жүрүшкөн эки боз таркылдак «пыр» этип учуп, карагандын бутагына конушту. Капыс-нан өзүнүн артынан, куду кулак түбүнөн чыккан «чыррк» эткен добушту угуп, чөндөлөй чочуп кетти. Бирок бат эле бул үн өзүнүн атасыныкы экенин биле койду.
Ушуну эле күтүп турушкансып бардык ийиндерден куттуктоо, саламдашуу өңдөнгөн аңкыштоолор угулуп, айдыңдуу төш суурга толуп кетти.
Чөндөлөй өздөрүнөн бөлөк да ушунча көп боордоштору бар экенине таң калгансып, кубанып турду...
Кийин турмуш көңүлдүү да, бактылуу да өтүп жатты. Бир чоң үйүр суур ээн-эркин жайылып оттойт. Жаратылыш да билинбестен ар бир ирмемде кубулуп, жер бети өзүнүн келбетин өзгөртүп жатты. Кандайдыр бир кыска убакыттын ичинде кар тегиз эрип, жер тоборсуп, дүркүрөп өскөн дүйүм чөп суурлардын капталынан келип калды. Эми алар мурункудай керээли-кечке, ийиндеринен алыс кетип оттошпойт. Күн жылып, чөп өскөн сайын бүт үйүрдүн курсактары тоюп, жүндөрү түлөй баштап, онолуп калышкан. Бара-бара алардын оттогонунан да оюндары көбөйүп, көбүнчө ийиндерден жарым-жартылай чыгып алышып күнөс¬төшөт. Кээлери ийин жаныртат, эмитен эле келээрки кыштын камын көрүшөт. Берки эки чөндөлөй да убакыт менен кошо кадимки суурга айлана башташты. Алардын суурдук заң-закону сактанууну, тамыры даамдуу чөптөрдүн жайытын таап оттоону, келечекке кам көрүүнү үйрөтүп жатты.
Күндөрдүн биринде дөбөт суур менен эне суур үңкүрдүн төрүнөн кууш ийин казышты да, баягы кыштан тирүү чыкпай калган карт суурдун өлүгүн сүйрөп киришип, оозун кайра топурак менен үйүп коюшту. Өз өлүктөрүн тазалоо, аны жашыруу салты да жаш суурларга маалим болуп калды.
Жаз күчүнө кирип, күн улам жылуураак тие баштаган сайын суурлар таң заарында жана күүгүмдө оттогонго .өтүшкөн. Ал эми калган убактарда кечке чейин күн чубакташат. Айрым учурларда аңкыштагандарын башташып, колоттун ичи суурдун үнүнө толуп кетет. Мындайда алардын бары эле жапырт чыркылдаша бербейт. Үн алышып, бири-бирин түшүнүшүп чыркылдашат. Баягы жаш суурлар да кандай чыркыл-доо эмне белгини билдирээрин түшүнүшүп калышкан. Күндөрдүн биринде четтеги бийик дөбөдө кароолчулукта туруучу көгүш суур кыска, бирок ачуу, коктуну жарган үн менен удаа эки жолу кыйкырып калды. Топ үйүрдөгү суурлар кымкуут түшүшүп, үлгүргөнү өз ийиндерине, үлгүрбөгөндөрү жакын турган ийиндерге житип кетишти. Ар жерде топурактары дөмпөйгөн көп ийиндерди кулак кескен жымжырттык басты да калды. Оо, бир топтон кийин байкоочунун «коркунуч өтүп кетти» дегендей үнү сырттан күңүрт угулганда гана сыртка чыгышса, өздөрүнөн бир топ кырдуураак, куйругу чубалжыган бир макулук наркы четте шимшилеп жүрүптүр. Суурлар таң калышып карап турушту да, бир аздан кийин адаттагыдай эле өз турмуштарына алаксый башташты.

#244 11 July 2016 - 19:29
А күндер өтүп жатты. .Суурлардын да тамактануусу өзгөрдү. Эми алар дыңылдап уча баштаган, суурлардын сүйүктүү мээр чөбү^нө көбүрөөк конушкан коңуздарды,
эмитен эле сасык жыт чыгара баштаган уу чөптөр менен уйгактардын тамырын кыйып, жей башташты. Баякы эки суур да чоңоюп, бой тартып, кадимкн чоң суурларга аралашып калды.
Ушундай бактылуу убактардын биринде баягы белги дөбөдөн «сак-тан» деген өзгөчө бир шумдуктуу капилет үн чыгып, дагы бир кайталанбастан жок болду. Жаш суур энесинин артынан өзүнө тааныш ийиндин төрүнө жеткиче шашты. Анткени, белги берген үн ушунчалык коркунучтуу болгондуктан анын жүрөгү тубаса бир мүшкүлдү өзүнен-өзү эле сезген. Денесин дирилдеген коркунуч бийлеп, сактануу адаты пайда болду. Өздөрүнүн ийиндеринин оозунан, жер үстүндө тең эмес таймашуунун дабышы угулуп жатты. Бир канча ирмем убакка чейин суурдун чыйылдагы чыгып, анан барып бөлөк бир күрүлдөгөн, күшүлдөгөн добуш гана угулуп, тааныш үндү басып кетти. Ошондо гана жаш суур ийинде өзүнүн атасы — дөбөт суурдун жок экенин сезди. Бирок, жаратылышынан момун, каршылыксыз жаралган макулуктардын табияты аны сыртка, өз канына жардамга түртүүгө жолтоо болду. Болгону ийиндин төрү
аңгырагансып, үчөөнөн тең суурлук күйүт чыгып, мекиренген үн менен ыйлап жатышты.
Суурлар бир сутка жер бетине чыгышкан жок. Анткени, жазында ачылган жер астындагы кыйма-чийме ийиндерден алар жер үстүндөгү окуяны билип турушчу. Жанагы дөбөт суур менен кармашкан неме аны тытып жегеңден кийин бир пас отурду да, төмөн жактагы бир жаңы ийинди каза баштады. Ийин жаңы болгондуктан анчалык терең эмес болчу. Ошентип, чоң үйүнөн бөлүнүп, өзүнчө турмушун өткөрүп аткан бөлөк жаш суур да тигиге курман болду
.Капилет бүлгүн салып, суурлардын турмушун ойрон кылган неме — аюу эле. Үксөгөй майрык бир топ күндөрдөн бери жалаң кымыздык, ышкын менен күн өткөрүп, оозуна жылуу наар алган эмес. Мына эми минтип, ээн жашап жаткан суурлардын бир үйүрүнө туш болуп, аларга кымкуут салды да, андан ары жөнөдү.
Эки күндөн кийин гана ар кайсы ийинден суурлардын башы кылтыйып чыга баштады. Коркунучтун биротоло өтүп кеткенине абдан ишенген суурлар ошондо гана жер үстүнө толук чыгышты. Барпайган шилбинин түбүндөгү ийиндин жаңы топурактары бырыксып, дөбөт суурдун жүндөрү, алакандай терилери, тырмактары жана баш сөөгү ар кай жерде чачылып жатыптыр.
Алардын турмушу кайрадан өз нугу менен өтө баштаган эле. Жаз аяктап, карагандын жыпар жыттуу гүлдөрү себеленип, чөптөр суурлардын боюнан эки эсе бийик болуп калган. Ушундай жыргал менен кошо тынчы жок, опурталдуу күндөр кошо келди. Эми алардын ийиндерин баягы дөбөт суурду тытып кеткен олчойгон немедей кара, күрөң, сарала жандыктар көп аралашчу болду. Жаш суур биринчи жолу аларды көргөндө коркконунан ийинге кире качкан. Бирок энесинин анчалык камаа-рабаганынан улам булар аларга эч зыянсыз экенине түшүндү. Бул жайылып жүргөн олчойгон немелер уйлар болчу. Ошёнтсе да жаш суурдун жүрөгү ушунчалык коркуп калыптыр. Эми ал бардык нерседен кыйын сактанат. Ар бир «шырп» эткен дабыш, чоочун жытты ажырата билип, бара-бара ким душман, ким дос экенин сезе баштады. Канткен менен алардын досунан душмандары арбын экен...
Таңкы шүүдүрүм кургап, теребел күндүн нуруна чайынып, бал аарыларынын зыңылдагы мукам күү чыгарып турган. Суурлар мээр чөптөрдүн тамырына тоюп, колоттогу тунук булактан кана шимиришти. Кээлери ийиңдин оозунда ныксырашып, кээлери али келе элек кышка камыныша түркүн чептөрдү ташууда. Эне суур ийиндин желкесиндеги барпайган шилбинин артында тутам чөптү сүйрөп келе жаткан эле. Ку-лакты кезеп, жүлүнгө ийне сайгандай чыккан муздак үн жаш суурду боортоктоп жаткан жеринде катырып салды. Анын жүрөгү бир саамга токтоп калгандай болду. Кулактарынын ичин кылкандуу сойгок менен кытыгылап жаткансып быжырайт. Асмандагы булуттар токтоп, айлана мелтирейт. Дүйнө тоңуп, убакыт түгөнүп, өмүр бүткөндөй. Тээ, бир оокумдан кийин, ийиндин оң жагына кулап келип, «былч» дей түшкөн энесинин денеси токтоп калганда гана жаш суур селт этип чочуп кетти. Ошондо гана ал кулак угуп, көз көрбөгөн, бирок, анын өмүрү үчүн коркунучтуу жаратылыштагы мүшкүлдөрдөн миң эсе кыйраткыч күчкө туш болгонун түшүндү. Аңгыча жанагы жексур, ачуу үн дагы бир жолу кайталанды да, ийиндердин төмөн жагындагы булактын боюнан бир чон суурдун көмөкөйдөн чыккан не жалооруган, не дүйнегө наалат айткандай үнү үзүл-кезил угулду. Ушул ирмемде убакыт жаш суур үчүн өзүнчө бир өмүргө татыды. Экинчи чыккан үн менен кошо суурдун денесин калтырак басып чыкты да, бардык балекеттен сактачуу жердин астын көздөй, ишенимдүү чуңкурдун төрүнө жеткиче шашты.
Эми алардын ийининде экөө гана калышкан. Жедеп курсактары ачканда гана эки күндөн кийин ийиндин оозун карай жөрмөлөй башташты. Табият тартуулаган сезим аларга таңдын эбак атканын кабарлады. Катуу сактанып калган суурлар ийиндин оозундагы кыпкызыл болуп, каңылжаарды жарып, сасык жыт чыгарган жаныбар өздөрүнүн энеси экенин адегенде эле билишкен жок. Терисиз калган энелеринин денеси балдары менен эзели иши болгон эместей...
Макулук жаралган бул жаныбарлар өздөрүнүн өлүгүн эч убакта ачык калтырышкан эмес. Дайыма өлгөндөрүн эски ийиндерге, же өзүнчө бир бөлөк ийиндерге сүйрөп кирип, чымын кире албагандай бекитип коюшчу. Өз өлүктөрүн кастарлоо, аны кор кылбай, ичеги-карындарын артып таштап денени бекем жашыруу - айбанаттардан артыкча буларга табият тартуулаган заңы эле. Бирок териси жок, кызыл эт жаткан эки суур алардын дене боюн дүркүрөттү. Суур баласы жаралгандан бери кырсыкка учурашып, мындай акыр-кыяматка кезигишкен эмес. Алардын душмандары анча-мынча жүнүн калтырса да, калган денесин жеп кетүүчү, же биротоло көтөрө кетчү. Суур болуп дүйнөгө жашап мындай шумдукту көрүшпөптүр. Ушундан көрө баягы аюуга окшоп тытып жеп кетсе кандай жеңил болмок?!
Алар өздөрүнүн терилерин адамдар барктап, калтарлардын, суусарлардын терилери менен тең бир катарга коюп, баштарына кийип жүрүшөөрүн, ошол үчүн аларга ушундай кыянат иш түшүп жатканын кайдан билишсин. Алардың терилери ар кандай боёлуп, адамдардың арасында колдон-колго өтүп сатылаарын кайдан билишсин. Эчендеген оор замандарда: ичээрге аш, киерге кийим жок учурда да адамдар аларга тийбестен, эми калтардан тумак кийүү чыккан кезде, кимдир бирөө суурдун терисин өзүнө баш кийимдикке пайдаланып, анан ал бардык адамдарга тараган кезде алардын тукуму мындан ары боо түшүп кырылаарын кайдан билсин.
Ошол күнү, суурлар баягы ачуу үндү эми унутуп-унутпай, кадимкидей өз турмуштарын кайрадан баштаган күнү, жанагы мээге сайылып, озондогон үн үч жолу удаа чыгып, топ суурлардан дагы үчөө терисиз калышты.

#245 11 July 2016 - 19:31
Канткен менен мезгил өз өмүрүн сүрүп, жаратылыш тонун өзгөртүп, табият улам кубула берди. Чептөр бышып жетилди. Гүлдөрдүн таажысы күбүлүп, ак соктулардын кылканы ката баштаган. Ийинде калган эки суур да кадимкидей чоңоюп, дөбөт суур болуп чыга келишти. Бири субагай келип, узун, жону энесиникиндей кызгылт-каралжын эле, ал эми беркиси бөйрөктүү, жоон жана атасыныкындай кызгылт-көгүш болуп, өзүнүн боордошторунан кескин айырмаланып тураар эле.
Кырсык — өрт. Бир каптаса тыптыйпыл кылмайынча токтобойт эмеспи. Аларга да куду ушундай болду. Үйүрдүн куту учту. Күн сайын ар бир ийинден бирден суур жок болуп жатты. Ал эми кээ бир ийиндер үңүрөйүп бош калган. Канчалык сактанышса да жанагы үндүн кайдан келээрин билбей коюшту. Кароолчу суур да эбак териси сыйрылып, баш сөөгү талкаланып, тиштери ырсайган боюнча эски бир үңкүрдүн ичинде корумдалып жатат.
Адаттагыдай кооптуу күндөрдүн биринде эки боордош ысык топурактын үстүндө көздөрүн жүлжүйтүп бет маңдайдагы боорду карап жатышкан. Калың өскөн ай чачы аларды көздөн далдоолоп турчу. Аңгыча өйүздөгү боордон булар эзели көрбөгөн эки жаныбарды көрүн калышты. Тигил экөө упузун болушуп, тигинен туруп жай
жылып келатышат. Экөөнүн колунда күнгө чагылышкан узун таяктары өзгөчө сырдуу. Көк суур маңыроо карагыча. боордошу эки колун бооруна көтөрдү да, чок-чоё, тигилерге.таң калып карап калды. Дал ушул учурда бир жаркыра-ган таяк ездерүн көздөй сунулуп, «тарс» эткен үн чыгарды да, алеки заматта чокчоюп отурган түгөйүн тоголотуп салды. Көк жон жанын үреп ийинге чуркады, артынан эле анын боордошу да болгон күчү менен жашырынууга жөнөдү. Бирок өпкө-боорго аралаш тийген ок аны Көк жондой ыкчам жүгүрүүгө үлгүртпөй, ийиндин төрүнө чейин жеткен жок. Кара жон бар болгону бешалты кадам жасады да, онтогон үн чыгарып, дем алуусу бара-бара оорлой башгады. Качан гана үңкүрдүн төрүнө жеткенде Көк жон өзүнүн боордошунун жок экенин көрүп, кайрылып сыртка жөрмөлөй баштады. Кара жонго жеткенде жер үстүнөн кирген шоолалар күңүрт жарык чачып турган. Көк жон тигини кулак түптөн тиштеп үңкүрдүн төрүн көздөй сүйрөдү. Канчалык сүйрогөну менен бөрки өз- алдынча баса алган жок. Аңгыча сырттан буруксуган түтүндүн жыты менен кошо айбанаттардын үнүнө окшобогон, жүрөк үшүткөн кобур-собурлар угула баштады. Көк жон саамга тиштерин коё берип, артка кетенчиктеди. Ошондо гаиа ал боордошун карай сойлоп келе жаткан жыландай болгон узун шыргыйды байкады. Жанагы узун шыргый, суурдун бөйрөгүнө келип былч этип сайылды да толгоно баштады. Кара жондун жаны али чыга элек экен. Шыргыйдын учу улам катуу оролгон сайын онтогон үн да кайрадан угула түштү. Бир окумда шыргый тигиңи жердин үстүнө көздөй сүйрөп жөнөдү да токтой калып дагы оролду. Анткени, аябай семирип, май ала баштаган суурдун денесине оролуу оной эмес болчу. Көк жон боордошуна жетип барды да, тигини ооздон тиштеп, болгон күчү менен үнкүрдун төрүнө тартты. Эми сыртта тургандар шашып калышты. Кандайдыр карылуу күч экөөнү тен жер үстүнө сүйрөп жөнөдү. Көк жон болгоң кучү менек үңкүрдүн төрүнө тартат, бирок күчтөр тең эмес болчу. Ошондуктан тырышканына карабастан жер үстүнө карай жылып кете бердн. Негеднр Кара жон эч аракет кылбастан, уламдан-улам чоюлуп, жерге тийбей узара түштү. Көз ирмемге жетпетен убакыттын ичинде сыртка карай тартуу токтой калды эле, Көк жон шашкалактап түпкурду көздөй тарта баштады. Суурдун ичкери кирип барагканын байкаган беркилер тигини эми катуураак тарта башташты. Бат эле ийиндин оозу көрүнө түштү. Жанагы кобур-собурлар даана угулуп, эми Кара жонду көздөй арбайган кол сунулду. Ошондо тиги немелер Көк жонду да көрүп калышкан эле. Жанагы үңүрөйгөн узун таяк ийиндин ичине карай сунулду да, жер дүңгүрөткөн үн чыгарып, Көк жондун алдыңкы колу ысый түштү. Ал өзүнүн оозунан боордошун кантип бошотуп жибергенин да билген жок. Жараат анча орчундуу змес болчу. Бирок октун үнү жана мылтыктын түтүнү аны нес кылып койду! Ал кетенчиктеп отуруп үңкүрдүн төрүнө такала түштү. Кара жон да, жанагы баардыгынан коркунучтуу адамдар да сыртта калышкан эле...
Ал эми анын көзүнөн кулаган тунук тамчылар болсо үңкүрдүн таманына төшөлгөн куу тулаңдарга житип кетип жатты.
Кийинки күндөрдүн өтүшү суурлар үчүн каргашага айланды. Аң-кыштаган бир үйүр суур кыргын тийгендей азая баштады. Эми мурункудай алардын териси сыйрылган денеси да калбай калчу болду. Чөп менен топуракта алакандай кандын тагы гана калып, өздөрү дайынсыз жок болушат. Кара жондон баштап калган суурлардын бүт тагдырлары ушундай каргашага айланган кез. Андан да шумдук: эми жанагы адам-дар суурларды сыртка чыгаруу үчүн үңкүрлөргө суу куюп, каяктагы бир жан чыдагыс сасык немелерди сээп, .түтүн каптатышат. Чөптөн башкага зыянсыз макулуктар канчалык момун болушса да, ошончолук өжөр жана чыдамкай болгондуктан кээ бирлери ийикден чыкпай жан беришти.
Айдыңдуу тескейге ай нуру төгүлүп, айлана сүттөй эле. Мындай учурларда сүтак менен булбулдан бөлөк жаныбар бул жерде үн чыгарбайт. Мына ушул аппак түндү жарып суурдун чогулгула дегендей созулуп чыккан үнү ийиндердин төмөн жагынан угулду. Көк жон эч коркунуч жок экенин, ошентсе да суурдук закон-заң боюнча сыртка чыгуу керек экендигин түшүндү. Булактын боюндагы ийиндин оозуна, карыган саргыч суурдун жанына үйүрдө калган бардык төрт суур чогулду. Салтты бузуп, ийинден түн ичинде чыгып чогулуу суурларда кылымда бир болоор эле.
Суурлардыл көчү таңга чейин созулду. Мекенинен аргасыз кетип жаткан бечаралар кексе, ары картаң саргыч суурдун а;ртынан саргая баштаган жалбырактарды шырп алдырбай жүрүп олтурушту. Таңга маал гана шагылдуу бетти ашып өтүшүп, жыш өскөн табылгылардын арасында биртке оттошту да, ошол жердеш чоң ийинге баар алышты. Ийин кашкулактыкы болчу. Кексе саргыл бир топко шимшилеп текше-рип көргөндөн кийин ийинге сойлоп кирип кетти. Бирок көп өтпөй ийиндин ичиндеги ээси меймандостук кылбаганы беркилерге даана сезилди. Өздөрүнөн бир топ албеттүү келген эки кашкулак оозу-мурду таланган, кулактары чайналган кексе сарыны бат эле сыртка сүйрөп чыгышты. Ошентип, андан ары сапар улоого картаң суурдун шайы калган жок.
Күн өткөн сайын суурлардын саны дагы азая баштады. Ашуунун түбүндөгү бөлөк бир чакан суурдун тобуна жеткиче баягы көчтөн жалгыз Көк жон калган эле. Он чакты суур Көк жонду таңыркоо, коошпоо жана ошону менен бирге эле бейкапар түрдө тосуп алышты. А мезгил зыпылдап өтүп, Көк жон менен кошо тиги суурларга ныксыроо биргекелди. Чөптөр да мурунку мурун өрдөгөн жыпар жыттарын чачпастан ката баштады. Суурлардын ныксыроосу күндөн-күнгө оорлошо түштү. Айрымдары эки-үч кундө бир гана жердин үстүнө чыкчуу болду. Көк жон да тигилердин жанындагы эски ийинди жаңылап, чөптөрдүн бүрлөрүн чогулта берди. Анткен менен жалгыз суур бир ийинде кыштабайт эмеспи. Көп өтпөй эле ага да шерик табылды. Ал эми уйку аларды улам барган сайын кучагына көбүрөөк тартчу болду. Бул кезектеги чээнге кирүүнүн башталышы эле.
Кийинки жаз Көк жон үчүн күтүүсүз, мурункудан да каргашалуу окуя менен баштады. Адегенде эле чээнден бир топ суурлар тирүү чыкпай калышты. Жапырт тийген кесел алардын көбүн чалгы тийгендей боо түшүрүп, мойсоп кетти. Ал эми жазды сагынып чыгып, аңкыштаган төртөө-бешөө былтыркы үндүн айынан — мылтыктын огунан каза таап, тиштерин ырсайткан боюнча жыланач бойдон али кете элек кардын үстүндө жатышты. Бул жолу да Көк жон аман калды. Аны боордошто-рунун үнү көбүрөөк сагындырды, баарынан да мезгил өткөн сайын табийгый тукум таштоочулук, эңсөө көбүрөөк кыйнап, тынчын алчу болду. Ийиндерди бүт кыдырып чыгып, бир да тирүү суурга кезикпегенден кийин ал айдыңдуу тескейди көп самап, айбандык арзуусу күчөп кетти. Өз тукумдарын табуу сезими айгыр суурду узак жолго алып чыкты да, туулуп-өскөн Мекени — айдыңдуу тескейди көздөй бет урду.

#246 11 July 2016 - 19:33
...Ошентип, Көк жон өзүнүн айдыңдуу тескейин кыдырып жүрүп, мурдуна бир да тааныш жыт учурата алган жок. Жонун дугдуңдата улам бир ийинге чуркап, баарын
кыдырып бүткөндө күүгүм кирип калган эле. Улам кеч кирген сайын суурдун айласы кете баштады. Кантип туулуп-өскөн аймагында бир да боордошу чыкпаганына түшүнбөгөн макулук амалсыз «чырк» этип алып, коктуну өрдөп, көчкүнүн үстү менен такыр бөлөк, башы ооган жакка, чалкыган өрөөндү көздөй жөнөдү. Ал дагы бир жолу, эң акыркы коштошуп жаткансыган «чырк» эткизе үн чыгарары менен наркы белестен иттердин ажылдаган үндөрү чыгып, улам жакындап келатты. Иттерди тукуруп, Көк жонго тааныш адамдын үнү да барган сайын даана угула түшүп келатты.
Суурдун такыр айласы кетти, Эми ал болгон күчү менен чуркап, көчкүнүн үстүнөн капталды көздөй, калың шалбалуу токойдун арасында жүгүрүп баратты. Аңкыган гүлдөр менен чөптөр суурдун кыска буттарына тушалып, алардын ыракаты бир тыйынга арзыбаган учур эле. Капысынан анын боюн баягы биринчи мылтык үнүн уккан учурдагыдай дирилдеген титирөө каптап, ого бетер заманасы тарып барат. Ушул убакта чоң акчечектин түбүндөгү үңкүрдү көрүп, жанын үрөп сойлоп кирди. Үңкүр түлкүнүкү же кашкулактыкы экени белгисиз жана анчалык терең эмес эле. Ошөнтсе да ар кандай коркунучтан сактоого ишенимдүүрөөк экен. Арсылдаган иттердин добушу менен адамдардын кыйкырыгы улам-улам жакындап келе жатты. Ичи ным жана өтө эле тар, төр жагына ар кандай курт-кумурскалар толуп алган ийинде эки колу менен башын кучактап, тырмагына чейин солкулдаган суур бүрүшүп жатты.(аягы)

#247 11 July 2016 - 19:34
Алмалар гүлдөйт
Тынч жашап жаткан жеринен чалды козгошту. Шаардан келген уулу менен келини болбой туруп алышты кашайып.
— Уят эмеспи ата,— деди Жунус. — Канча жылдан бери жалгыз турасыз. Элден деле уялат экен адам... Жалгыз атасын багып албайбы деп эле айтып жүрүшөт. Же сизге каралашаар адам болгондо да бир жөн эле.
—Кудая шүгүр, эл бар эмеспи, — дейт анда Көкүмбай чал жер тиктеп.— Тиги Чомонун келини келип каралашып эле турат. Кантсин бечара, кир-кокту жууп, нанды бышырып берет. Мындан артык мага эмненин кереги бар. Калганы болсо дүкөндө даяр...
—Ушул тамдан ажырабайм деп эле турасыз, жарыктык. Бирок түшүнүш керек да. Биз сизге жамандык каалап атабызбы. Жамандык, жакшылык бар дегендей,— Жунус аз жерден «Карып да калдыңыз, ко-кус...» деп айтып жибере жаздап токтоду.— Мындан ары биргеле жашайлы. Неберелериниз да сүйүнүп калышсын, ансыз да качан келет деп сурай беришип тажатты.
Жунус шарт эле маселенин алдын тороп сөз козгоп, атасынын бере турган жообун кесип койду. Анын үстүнө неберелери жөнүндө укканда Көкүмбай да унчуга алган жок. Уулунун айткандарын таразалап көрсө чындыкка окшойт. Көптөн бери кенжесин да көрө элек. «Жаш сөөк чөпкө окшош, чоңоюп да калгандыр» деп ойлоп койду ал. «Балдар бат өсөт эмеспи. Ырас эле, коколой башым менен эмне азап». Бирок кайта эле өнүп-өскөн ушул тоолордон биротоло кетээрин эстегенде көңүлү айный түштү. Жүрөгү мыжыгып, ийне менен сайгансып тыз-тыз этёт.
—Мал-сал бар, эртели-кеч өзүң көз салбасаң болобу,— деп гана тим болду. Чалдын бул сөзү айласыздын жообу болуп калды.
Эми келини сөзгө аралашып, жиреп кирди:
—Коюнузчу, ата, мал деп жүрүп ушул жашка келдиңиз. Эми тынч жашап, жыргай турган убагыңыз. Ушундай жыргал турмушта тоодо жалгыз жашаганыңыз да өөн экен. Биз көчүп келели десе жумуштун да ылайыгы жок. Же үй да болсочу.
—Элдин шаардагы балдары келип үйлөрүн кеңиртип жатышат го...— Көкүмбай кайрадан каршылык көрсөтө баштады.
—Биз эмне, билбейт дейсизби? Бирок... бул жерде эмне иш кылабыз. Түшүнсөңүз. Келиниңиз экөөбүзгө тең айылда ылайыктуу жумуш жок да.
Көкүмбай чалдын баласы инженер болчу. Шаардагы кайсы бир чоң мекемеде иштээрин да билчү. Айылдагылар дайыма мактап, «Биздин Жунус бардыгын текшерет экен, кааласа завод, фабрикаларды да токтотуп коёт имиш» деп аңыз кылганын угуп, Көкүмбай ичинен кымылдап, эне ордуна эне болуп өстүрүп, саргайып окуткан уулунун чынында эле адам болуп чыкканына өз ичинен кубанчу. Көрсө, Жунус мамлекеттик стандартты көзөмөлдөөчү конторада иштейт экен. Ал эми келини художник эле. Азырынча атагы чыкпаса да, айылдагылар жана тааныштары аны билимдүү, ары маданияттуу адам катары кабыл алышып, ага илимпоздордой мамиле жасашчу.
Ошентип, маселе чечилди да калды. Түш чендерге жакын туугандары келип, коштошуу камылгасы бүтүп, эт бышкан кезде айылдагы калган адамдар келе башташты. Тамак тартылып, эл тарагандан кийин чалдын кошунасы — Чомонун уулу, совхоздо топозчу болуп иштеген Одуш келинчеги экөө жана үч-төрт жакын туугандары калышты. Көкүмбайдын жалгыз кунаажыны менен эки-үч эчкисин Одуш нечак эле өзүнүн бастырмасына алып барып байлап койгон. Эми чалдын бир аз көрпөй-шөрпөйлөрүн, күнүмдүк колдонуучу буюмдарын жыйыштырып, Жунус машинасынын багажнигине салып койду. «Тим эле койбойсузбу» деген уулунун сөзүнө карабастан Көкүмбай курут эзип иччүү, кырлары кемирилген жыгач кесесин да алып алды. Анткен менен кесе келинине жакты.
Жөнөөрдун алдында Көкүмбай дагы бир жолу үйүнүн эшигиндеги кулпту текшерип көрдү да, ачкычын Одушка берип, тамды айлана басты. Бир саамга көздөрүнүн кычыгына толгон жашты аарчыбастан ак чачтуу тоолор тарапты карап тура берди. Жашылданган каректери бүдөмүктөнүп эки далысы ылдый-өйдө түшкөн сайын тоолор да секиришип, улам чалды көздөй чуркап келе жатышкансыйт. «Ой, сен кайда кетип жатасың? Бизди таштайсыңбы? » дегенсишип кыркалекей тарткан аска-зоолор Көкүмбайды ар тараптан кысмакка алып жатышты. Көкүрөгү дагдайып, баштары булут чалган улуу тоолор ага мунайым карашып, тентек уулуна нааразы болгон атадай жайбаракат тигилишет... Ары жагынан угулган шарпадан кийин гана чапаньшын өңүрүн кайрып, бетин аарчыды. Эриндери бүлкүлдөп, «Кудайга аманат, кудайга аманат» деген сөздөрдү күбүрөп, эки жагын карабастан келип машинага отурду.
Бир аздан соң күн батышты көздөй зымыраган боз чаңгыл «Жигули» шосседе куюлгуп, чачылып калган канаттардай болгон айылдан улам оолактап кетип баратты.

#248 11 July 2016 - 19:37
Көкүмбай чалдын шаардык жаңы турмушу жаман башталган жок. Келгенден кийин бир аптача былк этпей жата берди. Чынында эле анык жыргал өндөнөт. От жагам, казан асам дебейсиң, ал түгүл ысык суусу да белен. Укта, тур, жеп-ич, кайра укта, кайра тур, кайра укта, кайра тур. Бирпастан кийин кайра башынан. Зериксең — телевизор, бурап кой да көрө бер. Баарынан да сыртка чыгып, кайра кайтканда көп кыйналчу болду. Анткени, ойруманы ойруп-кайрып (ал тепкичтерди ойрума деп атап алган) бешинчи кабатка кайра чыгуу бир машакат. Бир жолу ал Жунуска:
—Ээ, уулум, бул үйүңдү төмөнкү кабаттан эле албапсың да,—
деген.
Анда уулу күлүп:
—Ыя, жарыктык, ушуга да жеткенди билбейсиз да. Бешинчи эмес, тогузунчу кабатка да жете албай жүгүргөндер канча. Шарип Тескенович болбосо бул үй да жок эле,— деп койгон.
Кийинчерээк Көкүмбай чал ылдый түшпөй калды.
Шаардык ызы-чуусуна бара-бара көнүп баратты. Көчөдө каршы-терши каттаган, кирген суудай болгон машиналардын агымынын шоокуму гана болбосо, чалдын тынчын алган эч ким деле жок. Ал эми көчөдөгү дүрүлдөктөр бешинчи кабатка көп угула бербейт. Уулу менен келини каш карая элек үрөң-бараңда турушат да, шашып-бушуп камына башташат. Алар менен кошо неберелери турат. Экөө мектепке, ал эми кенжеси апасы менен бакчасына жөнөйт. Ошентип, Көкүмбай жалгыз калат. Түшкө чейинки убакыттын өтүшү тозок. Бара-бара телевизордон да көңүлү кала баштады. Ага белгисиз болгон бир маанисиз нерселерди айта бергенсип сезилип кетчү болду. Анан калса сүйлөшүп алышкансып, бары эле окууга арналган көрсөтүү дейт да, экрандан дайыма бирөө чыгып, Көкүмбай өмүрү укпаган жана көрбөгөн бир чиймелерди доскеге жаза баштайт. Чал такай телевизордон чыккан бул адамды жакшы таанып алган, ал көрүнүп: «Саламатсыздарбы, бүгүнкү сабагыбыздын темасы...» дегенде эле телевизорду шарт өчүрөт да, диванга кынтая кетет. Ошол калыбында бир чай кайнам былк этпей жата берет. «Тоб-бо,— дейт ал — ушундай да эл болот экен ээ, тоббо. Бир айыл туруп сүйлөшпөй... Аман-эсендик сурашуу дегенди унутуп коюшкан экен го буларың». Ал ири алдыда эшиктеш турган кошунасына таң калат. Бир кабатта эки гана үй-бүлө жашай турган. Ушул эки үй-бүлөнүн Көкүмбай келгенден бери эзели бири-бириникине киргенин көрө элек.
Жаңыдан келгенде келини кайнатасынын урматына атайын тамак жасаган. Тамак алдыга келгенде Көкүмбай суроо таштады:
— Тиги кошунаңар кечикти го?
— Үйлөрүндө эле болсо керек... Жумуштан небак эле келишкендей
болгон.
— Анда эмне кирбейт? Келишпейби?
— Ээ, жарыктык,— деди Жунус ошондо гана атасынын суроосуна түшүнүп.— Кызыксыз да. Бул жер эмне сизге, айыл беле? Тамаксыз калгансып... Жаман көрүшпөнбү, принципсиз эле чакыра берсе.
— Тамакка чакырганды эмнеге жаман көрсүн? «Жакынкы кошуна алыскы туугандан артык» деген сөз бар.
— Сөз болсо болгондур, ата. Бирок тарбияга жатпайт. Же той, же бир кече өткөрүп жатпасак. Жөндөн-жөн эле чакыра берсең жаман ойлошпойбу, маданиятсыз деп. Кемсинтип жаткандай сезишээри мүмкүн.
Ошондо Көкүмбай аябай таң калган.
Кийин дагы бир-күнү эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Үйдө эч ким жок эле. Неберелеринин деле окуудан келе турган убагы болгон эмес. Көкүмбай эшикти ачса бойго жеткен бир кыз турат. Анда-санда көрүп калчу. Кошунасынын институтта окуган кызы эле.
— Кечиресиз, ата... Сиздерде бир аз чай жок бекен? Дүкөндө дем алыш болуп калыптыр.
— Кир,- айланайын, чай даяр, курсагыңды тойгузуп ал.
— Жок, ата. Мага бир аз эле... кургак чай болсо.
Көкүмбай ашкананы аңтар-теңтер кылып жатып, буфеттен бир аш-мүшкө чайды кызга алып берди. Бирок кыз анын баарын алган жок: алаканына бир наспай атым салып алып, калганын абышкага кайтарды.
Эртеси коңгуроо шыңгыраганынан эшикти ачса, кечээки кыз туруптур.
— Ыракмат, ата,— деп бир барак кагаздын бүктөмүн Көкүмбайга кармата салды да, ойрума ылдый тарсылдата жүгүрүп түшүп кетти. Көкүмбай эч нерсе түшүнбөгөн калыбында делдейип туруп, бир оокумдан кийин баракты ачып караса, бүктөмдүн ичинде наспай атым кургак чай бар экен. Чал кагаздагы чайды силкип жиберип, баракты эшиктин бурчун көздөй ыргытып ийди. Колун этегине кагып-кагып алды.
Күн өткөн сайын Көкүмбайдын сезими катып калгансып, кандайдыр бир ээндик, дендароолук денесин чулгап, жалгыздык бийлеп алды. Өзү ушул убакка чейин сезбеген, сезсе да мен эмне болуп баратам деп, кайра ага акылы жетпеген белгисиз ой калды мүлжүп, аны курттай жей баштады, Ушундай жалгыздыкта калганына Көкүмбай өзү да аң-таң. Миң койдун арасында калган жалгыз эчкидей сезет өзүн. Көчөдөгү элге таң кала берет дагы эле: бирөө да чалга назар салып коюшсачы. Салам айтмак тургай берген саламына алик алышпайт баары. Ал эми айрым бирөөлөрү көчөнүн боюндагы салам айтып турган чалды таңыркап, биринчи жолу айбан көргөнсүп карап калышат экен. Бир аз кызыгып карап турушат да, бир нерсе эстерине түшө калгандай, шашып-бушуп андан ары жөнөшөт. Көкүмбай ушунча адамдын арасында биринчи жолу өзүн жалгыз сезди. Болгондо да ойго келбеген, мурун башынан өткөрбөгөн жалгыздыкты сезди. Ал өмүрүндө бир нече жолу жалгыз калган учурлары болгон. Мергенчиликте же топоз багып жүргендө көп эле жолу тоо-таштын арасында жалгыз калчу. Күндөп, кээде айлап жалгыз жүрө берчү. Ырас, ошондой күндөрдө куса болуп, зеригээр эле, бирок өмүрү азыркыдай жалгыздыкты сезген эмес. Болгондо да ордолуу шаарда, өз уулунун үйүндө жүрүп миңдеген адамдардын арасында жалгыз калуу үч уктаса түшүнө кирбептир.
Ошондонбу, же сагынычтанбы, айтор, негедир кийинкй күндөрү кээде айылдагы кошунасы Одуш, көбүнчө, ыраматылык кемпири түшүнө такай кирүүчү болду...

#249 11 July 2016 - 19:41
...Алардын үйүнүн төшүңдөгү жапайы алмалар бажырайып тегиз гүл ачкан убагы экен. Тим эле укмуш. Желге ыргалган бутактардан алма гүлдөрүнүн таажылары күбүлүп жаап турат. Көкүмбайдын кемпири чоң ак жоолугун салынып, ары-бери басып жүрөт. «Ушинтип эле жүрө бересиңби? Үйгө эч каттабас болдуң го» дейт кемпири жай гана. «Баягы өлөт алган Саксагай дагы жок» деп жооп кайтарат Көкүмбай (ал бир топозун ушундай деп атачу). «Издебеген жерим калбады». Кемпири аны аягансып муңайым карайт. Анын үстүндөгү кийгени бүт мурункусундай эле экен. Жада калса топчу ордуна кемселине таккан баягы жез тыйыны да ошол бойдон. Көкүмбайдын көзү адатынча адегенде ошол топчуга түшөт да, анан кемпиринин ак жоолугуна урунат. «Мен алыпбере элек элем, өзү алган го, ырас кылыптыр» деп ойлойт ичинен.
Ушул жерге келгенде Көкүмбай ойгонуп кетти. Бир топко чейин уйкусу умачтай ачылып, төшөгүнөн туруп алат да, соксоюп отура берет эми. Ошол калыбында терең ойго кетет. «Бейиши болгон экен, бечаранын, дейт ичинен.— Ак жоолук салынып алган тура... Ылайым бейиши болсун». Анан ал өзү билген куранды окуп, алакан жайып бетине бата тартат. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, тээ бир кездеги өткөн турмуштары салаадан чууруган кумдай болуп көз алдынан өтө баштайт. Баары эсине келбейт: бирде бүдөмүк, бирде даана. Анан ал жатууга кам урат, бирок кашайып уйкусу келбейт, таптакыр качып кетиптир. Ою дагы чабыттап, айыл ичи кайрадан элестей түшөт көз алдына. Эми ал топозчу Одушту эетейт. Түш чендерде белине чейин чечинип салып, такырайта алдырган башын тырмагылап арыктагы сууга жуунуп аткан болот.
— А кысталак, эми турдуңбу? — дейт Көкүмбай.
— Жо-ок.— дейт тиги.— Азыр келдим. Ээ, аябай убара болуп, та-за эзилдим да.
— Эмне, тоого чыктыңбы?
— У-фу,—дейт Одуш оозундагы сууну бүркүп.
— А эмнеле биргат менен кажылдашып аттың?
— О атасынын оозуга... ошонун. Адам таппагансып дагы келиптир арык чап деп. Бекер жүргөндөй көрөт кишини. Тапкан экенсиң акмакты дедим.
Одуш бригадирди ашатып сөгүп кирет, а чал угуп турат да күлүп коёт. Бары бир бир пастан кийин кетменин чабына кысып, Одуштун арык чапканы жөнөөрүн билет. Ал эми төштө алмалар бажырайып гулдөп турат. Бир оокумда Одуштун дарылдаган үнү чыгат:
— О. чал. бери кел. Бүгүн жол болуп, Океңе шорполук эки алагүү буйруган экен. Бир перенде шорпо ичели.
Ушундай эскерүүлөр Көкүмбайдын уйкусун таптакыр таратты. Оор күрсүнүп алып, терезеге келди да сыртты карады. Жер көрүнбөйт. «Те сайда эмне болуп жатат экен?» деп ойлоду чал бешинчи кабатта туруп. Шаардын кечи менен түнү билинбейт. Кулакты дүңгүрөткөн күүлдөк гана угулат. А эшикте болсо балбалактаган, алма гүлдөрүнө окшогон кар жаап жатты.

#250 11 July 2016 - 19:44
Жаңы жылга жакын шаардыктар катуу дүрбөй башташты. Майрамдын шаан-шөкөтү менен шарапаты ачык сезилип, ар бир адам жаңы өмүргө, жаңы тилектерге умтулуп, барактары ачыла элек турмуштан ар ким өзүнө жакшы үмүттөрдү тилеп жаткан убак.
Уулу меиен келини кийинки убактарда Көкүмбай такыр укпаган кандайдыр бир укмуш буюм жөнүндө көбүрөөк сүйлөшчү болушту.
— Мен бүгүн Ысмайыл менен сүйлөшуп келдим,— деди Жунус. — Жакын арада болуп калыш керек дейт.
— Жакшыраак дайындадыңбы? — Кызыга суроо таштайт келини Алия. — Югославияныкы болсун деп айтпайсыңбы? ! Өгүнү иши түшүп турганда эле таптырып ала турган элең.
— Болот, дагы эле болот... Кеч эмес.
— Аныңдын эшеги ылайдан өткөндөн кийин эле тааныбай калмай адаты бар.
— Жок, бул жолу Шарип Тескенович өзү да каттырып кой деп жатат. Эгерде кыйшаңдай турган болсо, акеңи билесиң го...— Жунус «Мен андайларды оңой эле ийге келтирип коём» дегендей мулуюп койду.
— Ал эми тиги... мөмө-жемиш комбинатын эмне кыласыңар?
— Шерип Тескенович өзүң бил, бирок оңой кутулуп кетпесин деген. Кечээ технологу келиптир. Шеф болбой жатат, стандартка такыр туура келбейт экен деп кууп чыктым.
— Жол-жоосунун кыл дебейсиңерби?
— Жылдык план күйүп жатат деп ыйламсырайт. Айланайын аке, эмне кылсаң да коё тур, үйүңүзгө барып сүйлөшөлү дейт. Адрести берип койдум.
— Сен бат эле макул деп коймоюң бар.
— Шерип Тескеновичке киришкен экен, ошо менен сүйлөшө бер-гиле, өзү текшерген — өзү билет дептир. Ха-ха. Түшүндүңбү?
Ушундан бир-эки күн өтпөй эл€ кечке маал бир чоң жүк ташыгыч машине менен толо ар кандай жылтырак тактайларды, таңгакталган жащиктерди жүктөшүп уулу менен келини келишти. Экөөнүн тең чечекейлери чеч, чеч кап менен бир. Каяктандыр үч-төрт жигит кошо пайда болушту, андан кийин алардын устүнө дагы үчөө келип кошулду. Баягы кагазга оролгон калың, жука ар кандай тактайларды түн бир оокумга чейин араң зорго, өлдүм-талдым деп жатышып Жунустун квартирасына ташып жеткиришти. Ансыз деле шкаф, отургуч, бөлөк көрпөй-шөрпөйлөр толгон Жунустун чоң бөлмөсү жыгачка толду да калды. Көкүмбай таң калды: үйүндө көчүк айланаар жер жок, бул жыгачтарды каякка батырат деп. Тамаша кийинки күнү башталды да үч күн удаасы менен созула турган болду. Кичинекей үкөккө толтура аспап салып келишкен эки неме үч күн бою жанагы жыгачтарды жащиктердин ичинен чыккан бир далдагай кагаздардагы чийимдерди карап кура башташат, кээде бузуп, кайрадан бөлөкчө курашат. Айтор, аябай эле кыйналышты, бечаралар. «Мындан көрө он үйдүн керегесин эбак көктөп коюшмак», деп ойлоп койду Көкүмбай чал ичинен. Бөлмөнүн чоң капталын бүт ээлеген көп текчелүү бул жыгачтар баягы Ысмайыл «азаматтык кылып» таап берген югославиялык гарнитур экенин кайдан билсин ал. Болгону ушунчалык кымбат экенине гана таң калды.
Көкүмбай чал бир аз убакыт жанын мүңкүрөткөн жалгыздыкты сезбей калды. Дуулдаган жаңы жылдык майрам менен кошо Жунустун үйунөн коноктор үзүлбөй калды. Адегенде бир жоон топ коноктор келди. Көпчүлүгү бажактаган эл келет экен, туш-туштан эле чыгып сүйлөп жатышты.
— Жунус акем — молодец! Жашоо деген ушундай болуш керек! — деп алаканын ушалайт бир чейеңдеген, жүгөрүнүн көкүлүндөй нымдалышкан чачтуу неме.
«А бечара, жетине албай жатат. Уулумдун жакын санаалашыңан го» деген ойго кетти Көкүмбай. Бирок Жунус тигинин сөзүн кулагынан сыртка кетирип, ээсине жагынып, алдынан чыккан кучүктү карагандай, не бир шылдың, не бир теңсинбөө менен карап, эл көзүнө гана: «А, ыракмат, ыракмат» деп жатты.
Көкүмбай бара-бара коноктордун бул жерде көпкө бөлүнөөрүн, алардын түрлөрү болоорун түшүнө баштады аста-секин. Ошол коноктордун эртеси эле бир конок келди. Чиркин, бул бир конок эмес эле, асыл таш экен го, чиркин. Келгенден тартып, кеткенге чейин Жунус менен Алия жүзүмчүнүн байталындай сүлкүлдөшүп, каакымдын таажысындай каалгып кана учуп жүрүштү. Экөөнүн тең бир оозунан эки оозу: «Шерип Тескенович, алсаңыз! Шерип Тескенович, жесеңиз!» Өз аталарын унутуп коюшкан немелер үстү булоолонгон, килкилдеген жаш эт салынган чараны коюп жаттап алган сөздөрүн кайталашат.
— Оо, садагасы ий. Алтын бала турбайбы.— Келини жанагы Шерип Тескенович деген неменин ээрчите келген он-он бир жашар баласына үйрүлуп жатты.— Алчы, мобул жиликти алчы.
Көкүмбай чыдабай кетти:
— Ой, тиги асакалды ал десеңер боло. Жаш бала да улуулардан озунуп жилик алчу беле! — Ошондо гана Шерип Тескенович Көкүмбайды биринчи жолу көргөндөй, оолжуп, быртыйган манжалуу көпшөк колдорун сербеңдетти:
— А-аа, туура... туура. Кана, аксакалдан баштайлы.
Келини менен уулу отко түшкөн тооктой безеленип. тырпырап ийишти.
— Ошо кантип болсун. Биз — өзүбүз.
— Жоок, кокуй. Шерип Тескенович, сиз — меймансыз. Чал өзүбүз-дүкү. Биз жеп эле жатабыз.
Ошол күнкү «чоң конок» келип кеткенден кийин Көкүмбайдын жалгыздык оорусуна иренжүү деген оору кошулду. Ичинен «балким, мен түшүнбөй жаткандырмын. Азыр жашоо ушундай болсо керек, убакыт дегениң өзгөрбөдүбү» деп өзүн алаксыта, уул-келининин кылык-жоругун актагысы келет кайра. Бирок бары бир болбойт. Көмөкөйүндө эрмен даамданган бир ыза турат да кетпейт.
Ушинтип жүргөндө баягы беймаани сайроочу конгуроо дагы шыңгырап калды бир күнү. Көкүмбай чал каалганы илмектен чыгарса, босогодо далдайган эки жигит туруптур.
— Салоом алейкум, аксакал. Жунус акенин квартирасы ушул бекен? — деди четтеги майланышкан тумакчан бирөө.
— Ушул, айланайындар, киргиле.
Бирок тигилер кирген жок, Оозгу үйгө кандайдыр бир жащиктерди ташып кирип, жыйып коюшту. Анан Жунус акесине кат-кат ырахматын, ал жооп бербегенде жылдык пландын аткарылбай калмагын айтышып, мөмө-жемиш комбинатынан келгендер жылып-жылып чыгып кетишти. Бат эле үйдүн ичи алманын жытына буруксуп, Көкүмбайга өзүнүн алмалуу төшүн элестетип жиберди.

#251 11 July 2016 - 19:46
Эртеси варенье жана шире жасап, калгандарын ылгап алгандан кийин эки чоң кагаз жащиктеги бөйрөктөрү чоктой кызыл алмалар менен кошо атасын машинасына салып алган Жунус базарга келди. Эки жагын элендей карап, кимдир бирөөдөн бекингенсип жатып, бир тараза алып келди да, атасын алма саткандардын катарына отургузуп атып:
— Ата, үйдө отуруп зеригип деле кеттиңиз. Мобул алмаларды эрмектеп тыйын-тыпыр кыла бериңиз... Жакшы алмалар экен, бат эле алып кетишээр. Мен анан түштө келип, кабар алып кетем,— деди да шаша сүйлөп, жөнөп кетти.
Базардын ичи кыжы-кужу. Чыкылдаган суукка карашпастан колдорун үйлөп коюп, зиңкилдеген алып сатарлар бир бутун бир бутуна теп-илеп, кардалдарды чакырып жатышат. Жаңы жылдын алдында дүрбөгөн көпчүлүк бирде алма саткандарга, бирде анар саткандарга же бөлөк мөмө-жемиштерге чуркап сүрдүгүшүүдө.
Көкүмбайдын базары анчалык деле жүрбөдү. Жупуну кийинген эки өспүрүм келип алмаларды жыттап-жыттап басып кетишти. Андан кийин бир аял майпая басып келди да:
— Канчадан? — деп сурап калды.
— Ушунчадан эле... Көкүмбай канчадан сатаарын да билчүү эмес.
— Баасын айтпайсызбы?
— Айттым го...
— Килосу канчадан дейм? Кызыксыз го.
— Э, эл бергенче бере бер да, балам?
Жаңкы аял быртыйган бармактары менен алмаларды сайып көрүп, жети-сегизин таразага койду.
— Ала бер...
— Тартпайсызбы, жарыктык.
— Ала бер, тартканда эмне?..
Аял ушаланган эки «сары чолокту» сууруп чыгып, таразанын үстүнө таштады да, андан ары майпаңдап кыдырып жөнөдү.
Көкүмбайдын эки кулагы дүңгүрөп, беттери аяздын тызылдагына карабастан дуулдап чыкты. Көкүрөгү мыжыгып, көмөкөйү кургап, кайыр сураган адамдын тагдырын кийип калгандай сезди өзүн. Көздөрү бозомук тартып, нары-бери чууруган адамдардын элестери улам бүдөмүктөнүп, базардын жаң-жуңу кулагына угулбайт. Айлана улам чаң-будун тартып, асмандан сампарлап жааган кар алмалар гүлүн төгүп жаткансып, таразанын табагында ушаланып жаткан эки «сары чолокту» улам көргөзбөй баратты.
Чалдын маңдайына ак маралдай керилген жаш келин беш-алты жашар баласын жетелеп келип калды. Бала кагаз жащиктеги алмаларга мойнун созуп, өзүнүн тумагындай бир чоң алманы кош колдоп алып бооруна кысты. Келин жүз аарчысы менен алманы таза сүрттү да; кайра балага карматты. Анан чөнтөгүн аңтарып бир топ акчакалардын бирөөсүн «чак» эттирип таразага таштады. «Чак» эткен дабыш менен кошо Көкүмбай чал селт этип чочуп кетти. Кулагы да «шак» ачылып, кайрадан базардын кажы-кужусу дүүлдөп, эрте жаздагы алма багынын ичиндеги аарылардын зыңылдаганындай угула баштады.
— Кой, балам, жөн эле ала бер.— Чал шашканынан калдастай түштү. Келин бир карап алды да «Ырахмат» деп бүлк этип, чака тыйынды алды да, баласын жетелеп ары басып кетти.
Эми гана эсине келгенсип, Көкүмбай кагаз жащиктердин оозун жапты да, биринин үстүнө бирин жыйып койду. Таразага карап да койгон жок. Бир оокумда терең улутунуп алып, базарды жай аралап дарбаза жакка бет алды. Дарбазадан чыккандан кийин тротуардагы жалтыраган музда бөжөңдөй баскан чал башын жерден албастан автобустардын вокзалын көздөй шылкыйып кетип баратты.
Автовокзал базардын бет маңдайында эле. Түш ооп, күн боз чаңгыл тартып турган. Көкүмбай өзүнүн айлына баруучу акыркы автобуска толук үлгүрмөк. Ал эми айланада болсо анда-санда ак көпөлөктөй болгон карлар далдаңдап түшүп, кудум эле алмалар гүлүн күүп жаткансып турду.(аягы)

#252 11 July 2016 - 20:16
КЕРЕКСИЗ ОТКОН ОМУР Марапат Акжолова
"Ээ айланайын балам эмне болгонсуң, бетиң кантет"-деп чый-пыйы чыгып кетти. Болот апасын карап бир нерсе дегендей болду, бирок үнү угулбады. Акылайдын ансайын эси чыгып, астыңкы кошунасыныкына жүгүрдү. Саатай болуп бүгүн атасынын да үйгө жогун карачы деп сүйлөнүп, Калбүбүнүкүнө жетип эле, үйгө жүргүлөчү бай болгурлар, балам бир кызктай болуп жатат деп балбалактап жиберди. Ары жактан келе жаткан Өмүрбек эч кимди карабай эле жүгүрүп жөнөдү. Өмүрбек Болотту көрө коюп нес болуп туруп калды. Болот, айланайын эмне болду, бери карачы, Болоттун түсү билинбейт. Бети дулдуюп шишип кеткен, жөн эле бир ашкабак сыяктуу болуп калыптыр. Өмүрбек бала болуп, башына түк чыгып мындай укмушту көргөн эмес эле. "Мен билбейт экенмин жеңе, мындайды көргөн эмесмин, молдодон сурайлычы" -деп, өзү молдонун үйү тарапка чуркады. Молдо карап туруп, "муну бир нерсе эпкиндеп кеткен окшойт, жети күн чиллясын окутуңуз" -деди. Жети күн чиллясын окугандан кийин, Болот чындап эле өзүнө келе түштү, бирок мурдагыдай шайыр мүнөзү жок, оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн түнт кишиге айланды.
Болот орто мектепти бүтүрүп, Бишкекте жогорку окуу жайында окуп жаткан. Мектепте алган билими жакшы болгондуктан, бл жакта да кыйналбады, бардыгы мектептеги билимге байланыштуу болот экен, чыны менен жакшы окуду. Бирге окуган курсташ балдары мага да жардам берип койчу деп суранышат, силер мектептин программасын окугула эмесе түшүнбөйсүңөр десе, капа болушат. Ары кызыктуу, ары татаалй студенттик күндөр өтүп жатты.Сен мүмкүн болсо аспирантурага тапшырып, билимиңди жогорулатышың керек, сенин колуңдан келет, окууну бүткөндө ойлонуп көр деди жетекчиси. Ошол акыркы курсунда Айжан менен мамилеси сүйүүгө айланды, чакырган жагына барып, эмне десе токтоосуз макул болуп турган кыз менен бир түн бирге болду. Эми окууну бүтөйүн дегенде айылга барып ата-энеме айтып үйлөнүп алайын деп жүрдү. Эртең жаңы жыл, Ала-Тоо аянтына барабыз дешип студенттер шатыра-шатман. Жаңы жылга карата ар түрдүү жасанышкан, кээ бирөөлөрү маска кийип алгандыктан таанылбайт. Болот Айжандын айылга шашылыш кеткенин курсташтарынан укту. Ала-Тоо аянтынын ортосуна балаты курулган экен, көргөндүн көз жоосун алып жаркырайт, достору менен кошо жүз грамм сеп этип алган Болот да көңүлдүү. Жаштардын баары бийлеп жүрүшөт, өздөрүнчө кыргыз бийи десең кыргыз бийи эмес, бирок жаңыча бир жакшы бий бийлеп жаткан кыздарды карап туруп, алардын ортосуна түшүп бийлей баштады. Кыздар болсо каткырып күлүшүп, Болотту бирде ортого алып айланышып, бирде жазыла калып, кайра биригишип бийлеп жатышты. Бул дагы жанагы "жүз граммдын" күүсү экенин Болот өзү сезип жатты, болбосо топ кыздарга мынчалык батынып кире алмак эмес. Жанатан бери карап турган достору, "Боке, жалаң кыздар жана мен болуп алыпсың го" дешип, аралашып кетишти. Сиз менен жалгыз бийлеген эле жакшы болуп жатты эле, макул эми көбөйүп калдык деп шыңк эткен кызды карады. Өмүрүндө мындай сулууну көргөн эмес, бир несе секунд карап туруп көзүн тартып алды. Беттери дуулдап кеткенсиди, азыр эле эч кимге моюн бербей дуулдап жаткан жаны, токтоо тарта түштү. Бий токтогондо кыздын жанына барып Болот деп колун сунду.
-Аселя-деди кыз.
-Бийлегениңерге караганда Бейшеналиевада окубайсыңарбы?
-Жок, бий кружогуна барабыз, өзүбүз келечекте медайым болобуз буйруса.
-Жакшы экен, эң керектүү кесип турбайбы. Ошентип экөө сүйлөшүп кетишти. Болот Айжанды ойлоп жатты, эмне болду экен, соткасы да албайт, ооруп калбадыбы бекен. Ошентип кайрадан бий башталды, бул күнү аябай көп бийлегендиктен чарчап, бирок жеңил тартып калыптыр. Эртеси да дем алыш болгондуктан, бийчи кыздарды киного чакырбайлыбы, -деп калды Азамат. Ага макул болгон балдар баары киного жөнөштү. Беш бала он чакты кыз Ала-Тоо кинотеатрында жолугушту. Болот Аселя менен жакындан тааныш болуп калды, кино бүткөндө баары сейил бакка барып, айланып жүрүштү. Аселянын жанында жүрүп өзүн эч качан эркин эмес экенин, тагдыры Айжан менен байланыштуу болуп калганын сезди. Бирок, Аселянын абдан жөнөкөй, жароокер, бир караганда өзүнө тартып алган касиети бар экенин байкады. Ошол жолугушуудан баштап көңүлүндө алай-дүлөй бороон башталды. Отурса-турса оюнан кетпеген Аселядан кантип алыстоонун жолун издейт, ага болбой жүрөгү Аселяны самайт да турат. Айжан батыраак келсе экен, ушул азаптан кутулсам деп кыйналып кетти. Айжандын апасы ооруп бейтапканада жатканын, Айжан жети күн дегенде кабарлады, эмне болсо да болочок кайненесинин сакайып кетишин каалап, Айжанга кайрат айтты. Сабактан келип, эми гана чай ичейин деп отурса Азамат келип калды шудуңдап. Ушул шудуңдаган бала ар дайым балдар менен жүргөндө бир тыйын чыгарбайт, балдар уялганынан төлөп коюшат, кээде тамашага салып айта беришет, ал деле таасир этпейт. Тобо, ушундай да адам болот экен дешип калышат.
-Болот мен сага келдим эле дос-деп баштады. Сен эки кызды эмне кылмак элең, Аселяны мага бер?
-Мен эмне анын атасы белем, көнсө ала бер,
-Ушундай дешиңди билгенмин досум, эми Айжан жөнүндө мен айтайынбы же өзүң эле айтасыңбы?
-Сен кандай кааласаң ошондой айта берчи, бай болгур.
-Таарынбачы. .. мен жөн эле...
-Таарынбайм, анын эмнесине таарынайын деп, Аселя жөнүндө ойлоп ичинен күлүп койду. Ал кыз муну карар бекен?
-Аселяны чакырып берчи досум, өзүм сүйлөшүп көрөйүн? Болот ойлонуп калды, чакырса чакырып берейин, кийинкисин көрө жатармын деп ойлоду. Аселя, Болот, Азамат болуп болжошкон жерден жолугушту.

#253 11 July 2016 - 20:20
-Тынчылыкпы эмне болду, экөөлөп келипсиңер?
-Жакшы эле сени көргүбүз келип, келип калдык. Менин бир аз ишим чыгып калды, силер сүйлөшө тургула деп Болот кетип калды.
-Менин жумуштарым бар эле, чакыцрганыңардан шашылыш келе калдым.
-Жүр кафеге кирип сүйлөшөлү? Аселя кыйылып туруп араң макул болду.
-Аселя, сен Болоттун сүйгөн кызы бар экенин билбесең керек, алар жакында үйлөнүшөт. Аселянын өңү өзгөрө түшкөнүн Азамат байкап турду.
-Жакшы болуптур, сизди ортого салбай эле өзү айтпайбы, бирок биздин ортобузда эч нерсе жок болчу.
-Капа болбо. Мен Болотту сага жамандайын деген жокмун, Болот жакшы бала бирок сен мага жагасың, кечирип кой ачык айтканым үчүн.
-Эмнеге капа болойун, чыны менен Болот жакшы адам экен. Мага көргөнүмдө эле жаккан, сиздин сөзүңүзгө жок деп эле жооп берем.
-Эмне үчүн Аселя, мен сени сүйөм, башым да бош, эмне десең ошого даярмын.
-Капа болбоңуз мен сөзүмдү айттым-деп туруп кетүүгө шашылды, Азаматтын чый-пыйы чыгып кетти, дагы ойлонуп көрүүсүн өтүндү. Жок деди кыз,мага ойлонгонго эч кандай себеп жок, Болотко салам айтып коюңуз, мен ага капа болгон жокмун. Бир мандем бар го деп өзүм да ойлоп жүргөнмүн, бирок мындай экенин билбедим эле-деп көзүнөн жашы куюлуп кетти, анан чуркап жөнөдү. Азамат эмне деп айтарын билбей турган жеринде, туталанып кала берди, кыздын артынан анын ыйлап баратканын сезип турду. Ушул кыздар кызык мен жүрөгүмдү сууруп берейин деп турсам, ал Болот үчун ыйлайт..! Деги Болот жолдуу: сабакта да биринчи, кыздардын жүрөгүн кантип багынтат болду экен, мунун эмнесине кызыгышат, тим эле шолоктоп ыйлайт, болгондо да Аселядай кыз деп ойлоду. Түз эле Болотко жолукканы жатаканага барды, жатаканадагы кыздар менен бир нерсени кызуу талкуулап жатышкан экен. "Мында да буга үйүлүп алышкан турбайбы эркектин уругу куруп кетсе да, ушулар бир макулук болушат экен. Бирөө жакшы сүйлөп койсо эле ошого жантыгынан жата калышат. Мүмкүн менин жетишпеген жактарым да бардыр. Болот эмнеси менен ашык башкалардан" деп ойлоп ой түбүнө жете албады. Азамат Болот менен жалгыз калганда унчукту:
-Аселя сага салам айтты.
-Ии эмне болду, сүйлөштүңбү?
-Ал сени сүйүп калыптыр, ыйлап кетти-деп сынай карады.
-Мен деле аны сүйөм бирок Айжанды таштай албайм билесиң да.
-Ооба билем, Аселяны көндүрсө болобу мен да аны сүйөм досум, мага бир акылыңды кошчу. Эгер сенин Айжаның болбогондо мен жолуңду тоспойт элем.
-Мен жолугуп калсам айтып көрөйүн досум, бирок сага убада бере албайм, кыз өзү билет да.
Болот күтсө да Айжан келе бербеди, апасынын оорусу күч алып кетиптир, Айжандан башка ким карамак эле, эки эжеси турмушта, балдарынан чыга алышпайт. Сабакта отурса Аселядан смс келди, Болоттун жолугуусун өтүнүптүр. Көргөндө эле сүйүнүп кетти, өзүнүн да Аселяны көргүсү келип, батына албай жүргөн, сабактан кийин түз эле Аселяга келди, кыздын өңүнөн азып, шалпай түшкөнүн көрдү, ооруду бекен деп ойлоду. Аселя Болотту жадырап-жайнап тосуп алды, көңүлүндөгү күдүктөнгөн ойлорун "уф" деп шамал таркатып жибергендей жок болду. Кичинекей гана жупуну кафеде хан сарайда отургандай, рахаттанып отурушту. Сөздү кыз баштады:
-Мен Азаматтан уктум, өзүңүз айтсаңыз да болмок, эмне биз күнөөлүү иш кылдык беле, мейли бактылуу болсоңуз болду.
-Кечирип кой, ошондой болуп калган эле, бирок мен сени сүйүп калыптырмын. Айжанды сүйгөнмүн деп жүрчүмүн, чыныгы сүйүү мынчалык азапка саларын билбептирмин, сен менин айтып бүткүс арманым болуп калдын, мага эми жол жок. Айжан да жакшы кыз, менден башкага жолукса бактылуу болмок экен, мага артка жол жок, Айжандын тагдыры менен ойнобошум керек.
-Туура айтасыз! Сиз акылдуу, ары ыймандуу адамсыз, сиздей адамдар эркек затынын ичинен миңден бири чыгат.
-Кой көп мактаба, антсең биринчи этаждан учуп кетейин-экөө тең бир мезгилде күлүп жиберишти. Көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Болот кичинекейинде арык кара бала эле, чоң энеси раматылык беш маал намазын үзбөгөн такыба киши боло турган, азыр ойлоп көрсө, чоң энеси өтө көп нерсени билчү экен. Дайыма мектептен келгенде каймак тартып, бир чыныга кумшекерге аралаштырып, бийиктиктеги текчеге коюп койчу. Ошол каймактын даамындай даамды чоң энеси өткөндөн кийин көргөн жок, жегенде бал десең балага окшош эмес, бир ажайып даам эле. Бир күнү сабактан келсе чоң энеси: "балам, кайда барасың" десе, "этеги элек, жеңи желекке барам"-дептир. Анан Аллам жаратканда да "бири жөнтөк, бири тентек"-деп жаратат, жөнтөксүз тентек кантип жашайт. Бул дүйнө ошондой куралган, сен кечке таптап тамак жебей, нан менен суу ичип тоюп алганга да үйрөн. Болбосо бул жашоодо кыйналасың, жашоонун азап-тозогу өтө көп, азыртадан өзүңдү даярдап жүр. Жөнөкөй болгун, жөнөкөйлүк өтө жакшы касиет, жөнөкөй кичи пейилдик менен көп нерсеге жетишесиң, Кудай өзү колдойт, кыйын болгондор кыйын боло беришсин, сен жөнөкөй бол"-дечү жарыктык. Ошондон уламбы Болот өтө жөнөкөй жүргөндү жакшы көрчү. Аселя менен отурганда ушулар жөнүндө ойлоду. Аселя-деди, сенин чоң энең болгонбу?
-Ооба, азыр да бар.
-Бактылуу экенсиң анда. Экөө үнсүз отуруп калышты, Аселя акырын Болоттун колунун үстүнө колун койду. Кыздын колу ушунчалык сезимтал экен, Айжандын колун кармаганда мынчалык болгон эмес. Кыздын чачынан жыпар жыт аңкып турду, заматта мас болуп калды. Качандыр бир кезде, бала кезинде радиодон уккан "Мас кылдың сыйкыр күч менен, Махабат көлүн бойлотуп" -деген ыр саптар эсине түштү. Өмүр бою Аселянын жанында ушинтип отура бергиси келди. Бир мезгилде Аселя эми кайталы, сиз менен отуруп мүрөктүн суусун ичкендей болдум, кош болуңуз-деди. Болот "кош" деп колун сунду, мени түшүнчү мен эми кантем, сени кантем Айжанды кантем деди. Түшүнөм аргам жок дегендей болду Аселянын колу.
Көңүлсүз ары супсак, тажатма күндөр өтүп жатты. Болот кышкы сессиясын тапшырып бүттү. Айжандын апасы жакшы болбоду, апасына байланып чыга албай калды.
-Айжан окууңду кандай кыласың, кыйналсаң сырттан которулуп ал.
-Өзүм да билбейм, ушундай жакын адамым үчүн окуумду да, убактымды да курбан кылат окшойм.
-Сен акылдуу кызсың Айжан, кыйналсаң сырттанк оторулуп ал, кийин деле окуйсуң, сенин апаң ооруп жатканда үйлөнүү жөнүндө ойлонбой кое туралык, мен күтөм.
-Рахмат сага Болот, менин дартымды угаар сен эле калдың, апамдын оорусу катуу. Эгер бир нерсе болсо мен көтөрө албайм деп ыйлап жиберди.
-Кой капа болбо жакшылыктан үмүт үзбөй туралычы, мен да барып көрөйүн дедим эле, апаң эмне дейт экен, батына албай турам.
-Апам менен сүйлөшүп көрөйүнчү-деп Айжан кубанып кетти. Эртеси колуна кичине тамак көтөрүп Айжандын айылына жөнөдү. Айжандын апасы кел балам деп жакшы тосуп алды, өзү араң эле сүйлөйт. Жакшы болуп кетесиз апа, камтама болбоңуз деди. Болуптур, бактылуу болгула, Айжан менин көкүрөк күчүгүм эле, минтип оңбогон оору мен турсун кызымды азапка салды деп бышактап жиберди. Айжан менен Болот ыйлабаңыз апа сизге ыйлаган болбойт деп чебеленип кетишти. Болот кетүүгө камданды, сен чыгарып кел деди апасы.
-Рахмат жакшы бар, кыздарга салам айтып кой.
-Көп эле капа боло бербе, Кудайдан жакшылыкты тилейличи,-деп Айжанды өөп койду. Келе жатып Айжанды эч качан таштабашым керек, анда адамдык сапатым кайда калат, минтип апасы ооруп жатса, же буга акча берип жардам кыла албасам, Айжан менсиз деле бактылуу болмок, мен деген жигиттер Айжандын көлөкөсүнө суктанчу, Аселя Айжандан адамдык касиети жагынан, сулуулугу жагынан Айжандан өтсө өтөт, кем эмес, жүрөктү ээлегени жагынан да өтөт. "Эми дагы Аселяны ойлодуңбу, эми эле адаммын деп жатпадың беле" деди акылы. Ошентип эки оттун ортосунда кылды, бүгүндөн баштап Аселяга жолукпашым керек деп өзүнө-өзү убада берип келе жатты.
Айжандын көңүлү өксүп, жарык ааламдагы периштесин жоготту. Болоттун апасы Айжанды тааныгандыктан көптөн бери келиндүү болгусу келип жүргөн,-кагылайын балам менин оорумду жеңил кылып, Айжанды үйгө алып келсең боло деп калды. Болот сүйлөшүп көрөйүнчү Айжандын апасынын кыркы да жаңы эле өттү, убада бере албайм-деди. Көп өтпөй Болот менен Айжан үйлөнүп алышты. Айрыкча Болоттун апасынын кубанычында чек жок эле, келгендердин баарын тосуп алып, дасторкон жайып, барпырап берээрине ашын таппайт, улам тамак алып кирген сайын экөөнүн бактылуу болушун тилеп атасы да бата берет. Айжан айрыкча апасына жакын болду, өзүнүн апасынын ордун баскысы келдиби, бошой калганда эле, "Апакебай" деп кайненесин кучактап калат. Апасын сагынып жүрөт деп ойлоп, кайненеси билдирбейт, бирок эбедени эзилип көз жашын Айжанга корсөтпөй, тескери карап сыгып алат. Базарга барабы, айылга барабы мөмө жемиштерден алып келип бере салып Айжан жесин деп онтолоп турат. Болоттун Айжанга үйлөнсөм эле Аселяны унутам деген тилеги, таш капты. Аселяны унутмак турсун, аны ойлобогон күнү болбой калды, бул кандай дарт, деги менден кетпей койду го, же көзү ачыктар айткандай Аселя мени окутуп салганбы деп ойлоп, кайра оюнан кайтты. Себеби, Аселя өзүнөн бешбетер кыйналып жүрөт го, Аселя андай кыз эмес деп жубатты өзүн. Көп өтпөй Аселядан СМС келди: "Куттуктайм үйлөнүпсүз, эч качан жамандык көрбөй бактылуу жашаңыз. Сизге жакшылыктан башка кааларым жок, бактылуу болуңуз, сиздин бактыңыз-менин бактым!! "-деп коюптур. Окуп бүтүп жүрөгү ооруп бир жаман абалда калды. Айжанды караса апасынын кайгысын унутуп бараткандай, кичине күлүп, тамаша сүйлөп, кайненесине эркелеп, көңулдүү болуп калыптыр. Турмуш өзү ушундай экен адам баарына көнөт турбайбы. Шаарга барып жумуштарын бүтүрүп жүрүп кокусунан Аселяга кездешип калды. Аселя шашып бараткан экен билдирбей астынан чыкты. Болотту көргөндө чочуп кетти:
-Аселя-деди. Ал карап турду да көзүнөн жашы токтобой төгүлүп-төгүлүп кетти. "Жүрчү тигиндейрээк барып сүйлөшөлү" -деп далдоо бир жерге барышты. Аселя Болотко боюн таштап, шолоктоп ыйлап, болгон арманын көз жашынан чыгарып жатты. Болот да жашып армандуу сүйүүсүнө экөөлөп ыйлашты. Кыздын жыпар жыты аңкып, айласын кетирди. Эркектик напсисин эрки басып турду. Дагы бир күнөөсүз жандын убалына калбашым керек ден жүрөгү үнсүз шыбырайт.
-Аселя ашыгым, башыңды көтөрчү сен жакшы кызсың. Сага жеткен жигиттин бактысы тоодой, сага "менмин" дегендер четтен чыгат.
-Мен аны билем! Сиздей сабырдуусу, сиздей жакшысын таппадым. Бирок Кудайымдан сизге жолуктурганына өкүнбөйм деп ыйлады. Экөө үнсүз коштошту.

#254 11 July 2016 - 20:27
Үйгө келип көңүлү көтөрүлбөй койду, муну Айжандын акылдуу жүрөгү сезип турду.
-Болот, сен эмнеге капа болуп жүрөсүң, такыр түшүнбөй койдум айтчы,-деди Айжан.
-Сага ошондой сезилип жаткандыр, кичине башым ооруп жүрөт.
-Сени эртеңден баштап доктурга алып барам, мындай жүрүш болбойт.
-Жок, азыр өзүмдү жакшы эле сезип калдым, дагы оорусам өзүм айтам-деп койду. Айжан менен чай ичип отурганда телефону чырылдап калды, караса Аселя экен. Айжанды карай салып уурулугу кармалгандай кызарып кетти, тышка чыгып сүйлөшүп жатты, "мен эртен түштүк жакка практикага кетем, сиз менен коштошоюн дедим эле"-деди. Болот Аселяга макул мен барам Ош базарынан жолугалы деди. Ош базарынан деген сөзүн Айжан угуп калды, Ош базарында ким бар болду экен деп акылы жетпеди. Эртеси Болотко билдирбей артынан кошо жөнөдү. Ош базарга барганда бир кыз менен учурашып, анан экөө эл жогураак жерге барып отурушту. Айжан акмалап карап турду, бир мезгилде кыз бир нерселерди айтып жатты, Болот улам башын ийкеп коет, кыздын чачынан сылап эркелетти, анан экөө көпкө тиктешип туруп, кол бери коштошту да бөлүнүп кетти. Анын баарын Айжан жаздемдебей карап турду. Үйгө келип эч нерсе кылганга көңүлү барбай, жашоодон да, Болоттон да көңүлү үч көчкөн журттай калып отурду.
-Болот, мен сени бүгүн көрдүм. Эмне сен ошондой адам белең, аның бар экен эмне менин тагдырым менен ойнодуң? Сөз эмне жөнүндө бара жатканын Болот жаздемдебей түшүндү.
-Айжан, сен көрүпсүң да, Аселя экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок, сага эбак эле айтайын дегем. Бирок көңүлүңдү оорутуп аламбы деп жүргөм.
-Сен эмне менин көңүлүм азыр оорубай турат деп ойлоп жатасыңбы?-деди Айжан.
-Жок, антип ойлободум. Көңүлүң эмес жүрөгүңө да катуу тийгенин сен айтпасаң да билип турам. Билип сабырыңа, акылсыз аялдарга окшоп чыр чыгарбаганыңа тамберип жатам. Айжан, сен эмне деп ойлосоң да азыр мен сени мененмин, мага бир аз убакыт бер өзүмө келип алайын. Чынын айтсам мен Аселяны сүйүп калганмын. Аселя акылдуу кыз, мени сенден тартып алуу жөнүндө ойлогон да жок, экөөбүзгө бакыт каалам эле жүрөт байкушум.
-Байкушуңбу, жакшы экен го ушундан кийин мен кантип сени менен эч нерсе көрбөгөндөй жашайм, дагы аны сүйгөнмүн дейсиң.
-Кечирип койчу Айжан бул жерде менин да Аселянын да күнөөсү жок, баары өтүп кетет, убакыт берчи деп жалбарып жиберди. Айжан ак да көк да дебей ыйлап турду. Айжанга айтып алганына жеңилдей түштү. Айжан болуптур бул биринчиси болсун мен сени калп айта албасыңды билем, оор болсо да күтөйүн-деди. Ошону менен тынч жашап калышты. Бирок Айжандын жүрөгү тынчыбады, өзүнүн эч нерсени билбегенине, ишенчээктигине өкүндү. Айжан дарыгерге көрүнгөнү барып андан көңүлдүү кайтып келди.
-Болот, сүйүнчү мен кош бойлуу экенмин, деп жадырай карады. Болот бала жөнүндө укканда Айжандын көңүлүн көтөрүп, мен кубанычтамын жаным деп өөп койду. Өтө эле кубанып кетпегенин Айжандын аяр жүрөгү билип турду. Экөө эл көзүнө өтө ынтымактуу жубайлар болгону менен өздөрү бири-бирине мурдакыдай болбой муздагансып баратты. Болоттун кыйналып жүргөнүн, колунан келишинче аракет кылып Айжандын көңүлүн алганы ансайын Айжандын жүрөгүнө катуу батты. Эмне кылып кандай чечим чыгарышты да билбеди. Өзү да Болотко суз тартып баратты. Болот өзүмдүн жарым эмес беле, эмнеден жаздым экен деди ичинде. Кийинки кездери Айжандын эч нерсеге көңүлү келбей, коңшу келиндикине кетип ал келин экөө эмнени сүйлөшөт билбейт. Кечинде оозунан арактын жыты бур дей түштү, Болот Айжандын минтип жүрүшүнө кыжалат болуп кетти.
-Айжан, деди сен эмне кылсаң да ушул ичкиликти ичпечи, бул жакшылыкка алып барбайт.
-Сен азабыңды Аселяга жолугуп басып жатасың, мен азабымды ушуну менен басып жатам. Болот эмне дээрин билбей Айжанга ушунча азам берип жатканына өзүнө-өзү жини келип, эч жерге батпай турду.
-Мага да убакыт бер өзүмө келип алайын? Болот эч нерсе дей албады. Ошентип бир нече күн өттү, бир күнү апасы, "Э балам, Айжанга эмне болду? Кызуу келип атабы, тиги келиндикине барбай эле койсун, ал оңбогур ошондой кээде эри экөө ээрчишип ичишип жүрө беришет. Ой кээде эри экөө ээрчишип ичишип жүрө беришет. Ошон үчүн үйүнө жалам талканы жок, такыр жарыбай койду"-деди. Болот башын ийкеп тим болду. Бир күнү Айжан кеч кирсе да келбеди, эмне болду экен деп барса кошуна келин кызуу отурган экен. Айжандын эбак кеткенин, бүгүн өтө көп ыйлаганын айтты. Жүрөгү бир нерсени сезгендей, үйүнө жетээрде ачуу чыңырыктан улам тык токтоду. Айжандын жансыз денесин, аркандан чечип жерге коюп жатышыптыр. Болот Айжанды көрүп дендароо болуп туруп калды.
-Айжан көзүңдү ач, бул эмне кылганың ушунчалыкка да барасыңбы?-деп өксүп жатты. Тез эле боз үй тиге салышты, эртеси айылдаштары келип Айжандын азасына катышты. Бир-эки күндүн ичинде боз топуракка айланды да калды. Айжандын өлүмү Болотко өтө катуу тийди, отуруп-туруп өзүн күнөөлөп жанын коерго жер таппайт. Аселясы да эсинен чыкты, өлүү менен тирүүнүн ортосунда күн кечирип жатты. Көп өтпөй атасынын оорусу күч алып, бейтапканага түшүп калды. Болот менен апасы атасы эле болуп калышты. Айжандын жетилигин берген күнү, атасынын да сөөгү жерге коюлду. Боз үйдө апасы отурат, Болот сыртта келгендерди тосуп өкүрүп турат. Келгендер, "эсил кайран бир боорум"-деп өкүрү келишет, Болот "эсил кайран атам ой" деп коштойт. Апасы түштүктүн кызы эле, боз үйдөн муңдуу кошокштун үнү угулат:
Эртеден кечке сүйлөшкөн,
Пайым элең тең пайым.
Эртеден кечке сырдашкан,
Байым элең тең пайым.
Келиниңдин чайын уурттабай,
небере жытын жыттабай,
Арманда кеттиң тен пайым,-деп ыйласа Болоттун сай-сөөгү сыздайт. Бир күн өтүп атасынын азасынан да эл тарады. Эл кеткенден кийин ээн талаада өскөн жалбыраксыз эки арча сыяктуу Болот менен апасы экөө калышты. Бир күнү Болотко кат келди, ача салса Аселядан экен.
"Саламатсызбы" деп жазыптыр Аселясы. "Сиздин башыңызга түшкөн оор кайгыны уктум.Азыр өзүмдү-өзүм күнөөлөп не кыларымды билбей жүрөм. Эртерээк эле силердин катарынардан чыгып кетсем болмок экен, эми эмне айтсам да кея болду. Колуңуздан келсе мени кечирип коюңуз, Айжандан кийин биз эч качан бактылуу боло албайбыз. Ар дайым Айжанды эстеп, өзүбүздү күнөөлөп жүрүп өтүп кетебиз. Ошондуктан сиз менен кеңешпей туруп мамлекеттен чыгып кетип баратам. Кош болуңуз сиз да күчтүү адамсыз. Атаңыз менен Айжандын күйүтүнөн көкжалдыгыңызга салып көтөрүп коюңуз. Кош болуңуз менин өмүрүмдүн жашылдуу жазы!!" -деп коюптур. Болот не дээирн билбей, Аселянын чечими туура же туура эмес экенине да жооп бере албай нес болуп турду. ошол күнү кечинде апасы Айжандын катын берди, аны Айжандын халатынан тааптыр. Менден башка эч ким көргөн жок кичине элдин аягы басылганда берейин дегиче атаң антип калды-деп катты сунду. Болот деп жазыптыр Айжан дагы, "Мен мындай жашоону көтөрө албадым. Бул менин сага берген белегим да, жазам да болот. Экөөбүз жар тандоодо жанылыппыз, айрыкча мен. Экөөбүз канжыгнада күрөшөбүз" -деп жазыптыр. Бир заматта батыштан соккон катуу шамал сыяктуу ичинде эки айымынан тең ажырады. Эми эч качан буларга окшогон, аярлуу жандарга жолукпасын билди. Айжан менен Аселя Болоттун бактысы да шору да болду. өзү да бул дүйнөдөн кечип, безип кеткиси келди, карыганда өзүн эш тутуп турган күнөөсүз апасын гана аяды. Апасына атасынын да, Айжандын да өлүмү жанына катуу батты. Ата балам ай, кай жериңден жазып калдың экен, жалбырактай болгон келинди колубуздан алдыртып жибердик. Ушул убакка чейин акылым жетпейт, эми андай бүлө оңой менен жолукпайт. Байкуш балам, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек эле, кандай гана жакшы бүлө болот эле, деп бышактай баштады.
-Апа коюуңузчу өзүмда айламды таппай жүрөм.
-Мен куруюн балам, аргасыздан айткан сөзүм болуп атпайбы. Эми сенин башынды таштан жаратсын, сенден башка кимим бар?
-Коюңуз апа минте берсеңиз менин да жашоодон кечип кетким келип, сиз үчүн гана араң жашап жүрөм.
-Балам ай кандай күнгө калдык, атаң го жашаарын жашап, ашарын ашаган, ага өлүм ак. Айжандыкын көтөрө албай атпаймбы, байкуш келиним ай, ошону тарбиялаган ата-энесине өлсөм сөөгүм ыраазы, балам. Сага да ыраазымын ошондой келиндин колунан чай ичирген, бактыбызга бир келген ырыс болду. Аны эстесем сай сөөгүм сыздап кетет, жаткан жери жай болсун, каралдымдын, -деп шолоктоп жиберди.
-Апа өзүңүздү басыңыз, көз жашы төгүлүп отурган Болот апасын кучактады. Апа жакшылап ыйлап бугунузду чыгарып алыңыз, деп өзү кошо ыйлады, токтогондон кийин Айжандын арбагына куран окуп бата кылышты. Күнүмдүк тиричилик улана берди. Болбогон жерден Айжанды алдырып жибергенин ойлосо, үшкүрүгүнөн жаны чыдабайт. Аселя туура айтат, Айжандан кийин экөө эч качан бактылуу боло алмак эмес, Айжандын өтө жакшы адам экенин, Аселя ар дайым мойнуна алып айтып жүргөн. "Айжандын атасы да жаш кезинде каза болуп калган экен, апасы антип көзү жумулду. Мени эш кылып жүргөндө, менин да жоругума чыдай албады, дагы көп нерселерди ойлоду. Көңүлсүз жумушуна барып-келип жүрөт, коңшу-колоңдору дагы "Жаралуу жерине тийип албайлы"- дегенсип учурашып коюшканы болбосо көп сүйлөшпөйт. Ичиндеги кайгысын кантип басарын билбей жүрүп акыры, жүз, эки жүз грамм ичип алчу болду. Аны ичкенден кийн көңүлү көтөрүлүп, бирөөлөргө барпалаңдап сүйлөп калат. Апасы да мейли эми кыжаалат болуп жүргөнчө дегенсип калат. Эмнегедир кийинки кездерде кадимкидей мас болуп калат. Ойгонгондо апасын ойлоп калат ичинен бирок башы зынылдап оорутканынан кайра эле пахмел кылат кайра башталат.

#255 11 July 2016 - 20:32
Буту чалыштап араң үйүнө келип, жатса көп жылдан бери көрө элек илгерки классташ досу Улан келиптир, бата кылып коеюн деп. Болотту көрүп узакка куран окуду, куранды кырааты менен окуганда, Болот да муюп отуруп, угуп бата кылды. Жанакы ичкиликтин күүсүнөн улам шолоктоп көпкө ыйлады. Көптөн бери бугун чыгарып минтип ыйлаган эмес эле, жеңилдеп да соолугуп да калды:
-Сенин абалыңды сезип турам,-деди Улан досу. Кыйын иш болуптур эми кайрат кыл досум, аяш атам раматылык да жакшы киши эле, аяш да жакшы адам болгон экен. Эмне кылабыз жараткандын алдында бааарыбыз алсызбыз. Сен минтип иче бербей, көбүрөөк куран окуп, ыс-чырак кылып тур өлгөндөрдүн тамагы ошол, ошондо ыраазы болушат деп божурап отурду.
Уландын мектепти бүткөндөн кийин Аравияда окуп жүргөнүн билчү, баягы Улан жок.. Таасирдүү, баарын далил менен сүйлөп, илим жагынан дагы жетилип калыптыр. Мектепте окуп жүргөндө: "Кудай буюрса деп сүйлөсөңөр, Кудай буйрубаса болбойт"- деп калчу. Анткени атасы айылдын чоң молдосу эле.
-Сен куран окуганды билесиңби?
-Куранды окуганды билбесем эмне деген адам болом-деп Болот Уланга карады.
-Жакшы, намаз окуп жүрөсүңбү?
-Жок намаз окубайм, кызыгып да көрбөптүрмүн.
-Намаз окуш керек досум, намаз-бейиштин ачкычы.
-Кимге кандай, ар ким кааласа окуйт, каалабаса окубайт, бул жагынан мажбурлоо жок да.
-Ооба ошондой, Алла Таалам бизге беш парызды сөзсүз аткаргыла деп милдеттендирген. Ушуларды аткарып, таза, так, жакшы жүргөн адамдарга бейиштен орун беришин убада кылган.
-Койчу аны ким көрүп келиптир. Мага так далилдеп берчи, азыр намаз окугандар даватчылар эле көбөйүп кетти?
-Ошол мечиттерге толуп, андан да ашып кетип барып намаз окугандардын баары кем акыл адамдар деп ойлойсуңбу. Алар бир нерсеге ишенгени үчүн, рухий дүйнөсү тазаланганы үчүн барып жатышкандыр.
-Мүмкүн ошондойдур экөөбүз бирге окуп, бирге чоңойгонбуз, ошондуктан менин суроолорума капа болбой жооп бересиңби?
-Албетте жооп берем, ал менин милдетим.
-Анда айтчы, тиги дүйнөдө бейиш менен тозок бар экенин ким көрүп келген, ага далилиң барбы?
-Далил эң жөнөкөй. Эгер тиги дүйнө болбосо адамдар эмне үчүн өлүшөт. Бул дүйнөдө эле жашап жүрө бербейби?
-Эми адамдар ошондой жаралган да эгер, адамдар өлбөсө жерге батпай кетпейби?
-Ооба бул биринчи жагы, ал эми экинчи жагы бардык нерселер, бир нерсенин таасири артында пайда болот. Мисалы, үйдү адамдар курат, машинаны адамдар жасайт, ошол сыяктуу эле жерди да Алла жараткан, хадисте жазылган "Асманды түркүгү жок тургуздум, асмандан жамгыр жаадырып ырыскы билем" деп. Адамдар менен жиндерди Алла өзүнө ибадат кылуу үчүн жараткан. Бул убактылуу өтө турган дүйнө, биз баарыбыз Аллага кайтарылабыз. Ошондо Алланын астына кур кол барбашыбыз керек досум. Аллам менен берген беш парызды аткарып барышыбыз керек. Уландын айтканын Болот көңүл коюп отуруп укту.
-Кайдан келе калдың эле периштедей болуп, ошондой жакшы сөздөрүңдөн айта бер балам,-деп Болоттун апасы шыпшынып алды. Болот жумуштан кийинки убактысын көбүнчө Улан менен өткөргөндү адат кылып алды, аны менен эки-үч жолу намаз окуганы барып өзүн ички дүйнөсү жеңилдегендей сезип калды. Улан мектепте окуп жүргөндө ак саргыл, бетин бир аз сепкил баскан, арык бала эле. Азыр болсо, бир аз толуп, анан бети туптунук болуп, нур төгүлүп калыптыр. Сүйлөгөндө кишинин өзүнө тартып олуттуу сүйлөйт. Үйүнө барсаң аялы "Келиңиз" -деп илбериңки тосуп алат, дасторконун жайнатып, өзү ар дайым жер карап, эркек аттуудан өзүн ала качып отурат. Ал дагы диний илим алган экен. "Чындап эле диндин эмнеси жаман, калп сүйлөбөйт экен, арак ичпейт экен. Тилиңди жаман сөздөн сактап, эч качан бирөөлөргө жамандык ойлобой ниетинде тазалаш керек экен, бул өтө жакшы"-деп ойлоп баратты.
Улан менен жүргөн күндөрү, Болот Айжан жөнүндө, ай чырайлуу Аселя жөнүндө, алар менен өткөргөн күндөрү жөнүндө узун сабак, кеп кылып айтып берди. Анын баарын угуп отурган Улан "Билесиңби досум, Токтогул эмне деп ырдаган:
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Булбулга салбай кыйын иш-деп Алымканга жетпей калган да, биз пенделер ибадат кылышыбыз керек, эгер Токтогул биринчи Аллахты сүйүп, Аллахтан сураганда, Алымканга жетмек. Биз Аллахты сүйүп анан каалаганыбызды сураганда Аллах бермек, өкүнүчтүүсү биз бул турмуштагы ар бир кадамыбыз келечегибизди түзүп турат экен. Мен жаратканды тааныганмын менен жүрөгүм тааныбаптыр, мен анын амалдарын аткарбай жүргөндүгүм үчүн бактысыз өттү көп күндөрүм деди. Сен туура эле кадам жасансың досум, Аселяны ак жана таза боюнча калтырып, ал эми Айжан менен никесиз бирге болгонсуң, никесиз болуу-бул күнөө. Кантсе да адамдык сапатын бийик экен, бул сенин ыймандуулугуң Айжанды таштап койбодуң. Ошол ыймандуулугуңду, Алланын хадистери менен намаз менен толукта. Бара-бара Болот да Улан менен бирге жүрүп дин боюнча көп нерселерди үйрөндү. Өзүнчө отурганда, мен адашып эле жүргөн турбаймынбы, эгер Улан болбогондо Алладан кабарсыз болуп арак иче берип, кандай адам болот элем деп ойлойт. Арак ичпей Кудайдын жолуна түшүп намаз окуганына апасынын төбөсү көккө жетет. Энелер ай, кандай ыйык жандар баласынын сүйүнүчүнө сүйүнөт, баласы кайгырса Кудайдан тилеп кайгырат. Бир жамандыкты ыраа көрбөйт, били үчүн жанын берүүгө да даяр. Ушул апасына бир да жакшы күн көрсөтпөптүр өзү үчүн өтө көп ыйлады, түйтөйгөн байкушум деп, аяп кетти апасын".
Болот апасы экөө чай ичип отурушуп: "Балам, ушинтип жүрө бермек белең, бир ылайык кабылынан болсо караштыр эми, менин барымда бала-чакалуу болуп ал, мен да бул дүйнөдөн армансыз кетейин"- деди.
-Апа сиз өзүңуз караштыра бериңиз, сизге жакса болду.
-Анда жакшы болбойбу өйдөңкү жактагы менин төркүндөрүмө бир кыз бар экен. Отуруп калган кыз экен, отузга чамалап калыптыр, өткөндө бир жеңем айтты эле ошону эле балаңа айтпайсыңбы деп, колуң бошосо сүйлөшүп көрчү.
-Макул, бүгүн убакыт таап барам. Апасынын көңүлү көтөрүлүп, көзүнө кош-кош неберелери элестеп, үйүнүн тегерек четин тазалап иши бүтпөй өзү менен өзү болуп эле калды. Болот кызды сыртынан көрдү, келип апасына алып келе берүүсүн айтты. Көп өтпөй Жылдыз келин болуп келди. Эми булардын үйүн дагы кубаныч аралады. Жылдыз Айжанга окшоп жөнөкөй кичи пейил эмес экен, айтсан кылат, айтпасаң отура берет. Болот эми дин илимине баш-оту менен кирип кетти. Жыл өтпөй уулдуу болушту, булардын кубанычында чек жок. Баланы Бакыт деп Болот өзү атады. Улам чоңойгон сайын көзгө сүйкүм көрүнүп, үйдүн ичин күлкү каптады, бирок ,Болоттун бир жагы гана толбой турду. Айжан Болоттун кирпигинин ирмелишинен байкачу. Ар дайым үйдүн ичи конок күтө тургандай таптаза кирсең көңүлүң көтөрүлүп адам өзүн эркин сезээр эле. Качан келсең үй чачылган, тамагы даяр эмес отурган ЖЫлдызды көрүп, чоң энеси айткан сөздөр эсине түштү: "Балам жараткан адамдарды бири жөнтөк, бири тентек деп кошот. Жөнтөксүз тентек кантип күн көрөт. Анан Аллахым бир жакшыга бир жаман, бир жаманга бир жакшы деп кошуп отуруп, тажап кеткенде бир жаманга бир жаман, бир жакшыга бир жакшы дейт экен. ошондуктан бир жакшы бир жаман болбосо жамандар кантип күн көрөт",-деп калчу болду. Үйүңдөгү аялдар жасачу иштердин көбүн өзү жасайт, баласынын памперсин да алмаштырбайт, булганган боюнча жүрө берет. Бирөө келип калбасын деп Болот өзү үйдү шыпырып тазалап турат, же ал ишти алтын апасы жасайт. Көңүлү келсе кылат, көңүлү келбесе бир шылтоону айтып отура берет.
Бир күнү Болот шаардан шашылыш келе жатып "Болот байке" деген үндөн жалт караса Аселя менен бирге жүрчү курбусу Кымбат туруптур.
-Аа Кымбатсенсиңби, кандай жакшы жүрөсүңбү?
-Жакшы рахмат, Айжан жакшыбы?
-Айжан каза болуп калды.
-Эмне жаман болуптур, өтө жакшы кыз эле?
-Ушундай экен бул жашоо.
-Капа болбоңуз арты кайрылуу болсун.
-Аселяны көрүп турасыңбы?
-Канча жылдан бери өткөндө көрдүм. Россияда иштеген бизнесмен жигитке турмушка чыгыптыр, эки баласы бар экен. Сизди сурады эел мен билбестигимди айттым.
-Жакшы бактылуу болсун. Ал бактылуу болушка татыктуу, деп кала бердим.
Болот кийинки кездерде Уландын үгүттөөсү менен даватка чыкты. Беш маал намазын үзбөй, дайым Алланын атын айтып, Алладан эли журтка тынччылык сурап, ыйман жолун карманып жүрөгүнө нур түшкөндөй болду. Баласын алып отуруп, аны кайра-кайра жыттап Аллахтын бала бергенине миң жолу ыраазычылык билдирет. Көрсө, дин жолунда кыла турган иши көп турабайбы. Керексиз өткөн күндөрүнө гана өкүнөт.
Аягы.

#256 11 July 2016 - 20:42
Тур анан муш...
Күндөгүдөй эле бугун дагы биздин үйдөн кыйкырык-бакырык чыгып, элдин баарынын тынчын алдык окшойт. Азаттын ичип келгенин үйдөгү жумуштарга алаксып жатып байкабай калыпмын. Качан гана колумдан кармаганда чочуп кеттим, эмесе өтө сак турчу элем. Дайымкысындай айкырып келип колумду кармаган боюнча басып жыгылды, балдарым чыркырап ыйлап жатканда, "Мен эмне болсом болоюн ушулар бир нерсе болуп кетпесе экен-деп "Качкыла! Мен эч нерсе болбойм! Энеңди чакыр!" -деп кыйкырдым. Бир маалда көзүмдү араң ачып карасам, кайненем жанымда отурган экен, кемшиңдеп ыйлап жиберди. " Мен өлөйүн эки күндөн бери, көзуңдү ачпадың. Тиги Кудай тапкырдын кылган кылыгына чыдабай калдым, эмнеден жаздым экен. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай, багып чоңойттум эле, бактыма сендей келинди жолуктурду Кудайым. Бир эмес үч уул төрөп бердиң, сенде айып жок кагылайын, айыптын баары баламда"- деп өксүп ыйлап бут жагыма жыгылды. Кайненеме кошулуп мен дагы ыйладым, экөөбүз тең тирүүнүн шордусу болуп ыйладык...
Азыр тынч заман, өтө жакшы болбосо да эл сыяктуу орто жашап жатабыз. Балдарыбыз билинбей чоңоюп жатат, дагы эмне керек бизге? Качан болсо Азаттын мас болуп келгени өттү, соолукканда ыйлап-сыктап кечирим сурай берет. Канча жолу кечирдим, канча жолу убада берди, кайра эле ичип алат. Ичип келип жатып алса да бир жөн, таң атканча жаңжал салат. Ошондо кайненем байкуш буту күйгөн тооктой болупчырылдап ортого түшө калып, мени калкалаштын аракетинде болот. Ушул кичинекей кара кемпирге боорум ооруп канча жолу кетип жаткан жеримден токтодум. Айтымында кайнатам раматылык ичип жүрүп, акыры ичкилик түбүнө жеткен экен. "Атасындай болбой акылдуу, билимдүү болсун деп институтка окуткамын, анда Ошто бир эле окуу жайы болоор эле, совхоздун ишинде иштеп, тапкан акчамды Азатка деп сактап, Азатка деп жашачумун, атасынан көргөн күнүм бул болду, эми Азатым жакшы болсо экен деген тилегим ушундай болду"-деп ыйлайт. Анда менин экинчи курста окуган кезим, окуу жайдын жалпы чогулушунда отурганбыз. Бир жигит чыгып быйылкы окуу жайдын жетишкендиктерин жана кемчиликтерин айтып отчет бере баштады, жанымда отурган Сагипа "Гүлай карасаң төртүнчү курста окуган, Азат деген жигит ушул. Жакында студенттерди жетектеп студенттик жайкы жумуштарды аткарып, Нарындан келишти, ал жакта совхоздун малдарына сарай курушуптур. Иштегендерине акча алып, анан сыйланып да келишиптир, анын баарын уюштуруп, жетектеп жүргөн ушул, Азат экен"- деди. Мен да көңүл буруп карап койдум, студенттик күндөр биринен сала бири өтүп жатты. Кышкы сессия кантип келгенин да байкабай калдым, азыр ойлосом СССРдин да көп жакшы жактары бар экен. Акча берүү, контракт төлөө деген нерсе жок эле. Кийин аны адабият ийриминде көрдүм, ошондо өзүнүн ырларын окуп ага студенттер менен агай талдоо жүргүзүп жатты.
-Ана көрдүңбү адабиятты мыкты өздөштүргөн, жазган ырларын карачы, келечекте мындан мыкты акын чыгат.
-Сагипа, бирөөнүн үстүнөн тон быча бергениңди токтотчу, ушундайың мага жакпайт.
-Эми сүйлөгөнгө да болбойбу?
-Болот, дайым ушуну эле айта бересиң. Эгер жактырып калсаң аракет кылып көр. Сагипа кызарып кетти, уурулугун карматып койгонсуп унчукпады.
Китепканадан шашып келе жатып, эмнегедир артымдан бирөө келе жаткандай болгон, карайын десем колумдан кармап калды.
-Саламатсыңбы Гүлай, окуулар жакшыбы?
-Ооба жакшы, сиз мени кайдан тааныйсыз?
-Сендей сулууну тааныбаса күнөө болот, Азат- деп кол сунду.
-Атымды да билээрсиз?
-Ооба, Гүлай- деп өзү айтты.
-Көп китеп окуйт окшойсуң?
-Сизге жетпейт. Ошол күндөн баштап күндө жолугушчу болдук, сүйүүнүн арты өкүнүч менен кайгы болоорун билгенде мындай күндөрдү көрбөсөм керек эле. Студенттик күндөр куштай сызып жатты. Бирге окуган классташым "мен армиядан бара жатам тосуп алчы, силерди анан жеримди аябай сагындым, биринчи Сагыйпа экөөңө жолуккум келип жатат"-деп кат жазыптыр. Сагыйпа экөөбүз гүл алып тосуп чыктык, Руслан мурдагыдай болбой керилген жигит болуп келиптир. Кереметтүү Ошту айланып жүрөбүз "Германияда өткөргөн күндөрүм миң жылдай болду, силерди аябай сагындым" -деп экөөбүздүн ортобузга түшүп алып ,колтуктап көңүлү шат баратат. Бурулуштан кайрыла бергенде Азат чыга калды.
-Гүлай келсең бери, жигитиң келген экен да куттуктайм, жакшы эми мен бош экенмин да.
-Эмне деп жатасың айтпадымбы, классташым келди деп!
-Классташтарың көппү?
-Эмне болуп калгансың?
-Тим эле эркелейт го, кадыры катуу өткөн экен, болуптур бактылуу бол деп басып кетти. Азаттын ушунчалык кызганчаак экенин билген эмес экемин, бирок ичимден чындап сүйөрүнө көзүм жетти. "Бир күн келип калат"- деп күтуп жүрдүм. Азат келе койбоду, ансайын эмне кыларымды билбей санаа тарта баштадым. Мурда телегейим тегиз сыяктуу жүргөн жаным жалгызсырай түштүм. "Чындап келбей коебу"- деген ой жүрөгүмдү эзет.

#257 11 July 2016 - 20:44
Кыялымда өзүм барып жолугуп, "мен сени гана сүйөм, эмнеге ишенбейсиң,
сенсиз жашоонун өзү жок, караңгы, дүйнөдөгү эң кымбат адамым сенсиң"-дегим келет ага намысым жол бербейт.
Бир күну кыжалат болуп отурсам, сыртта тааныш бир үн чыгып жатат, угаар замат сездим Азат экен, карасам кызылдай мас, анын мас болгонун көргөн эмесмин. Мени көрүп "ии өзүң келет экенсиң, өзүңдү башкара албасаң эмнеге таарынасың, абалың ушул экен го деп мени шылдыңдап атасыңбы, мен ошондой адаммын, сулуулугуңа чиренип атасыңбы, сенден сулуулар да толтура эмне кылайын сүйүнүн бардыгына ишендим, ошондуктан сенин алдыңда кор болуп турам, жүрөгүмдөн сени сууруп ташташ колумдан келбей жатат, мени каалашыңча шылдыңда же жанакы жигитиңди чакыр экөөбүз бир мушташалы" -деп ар нерсени айтып жатты. "Азат андай эмес сенин келгениңе жетине албай жатам, мен да сенсиз жашай албайм ,келишиңди күткөмүн мына келдиң"-деп ыйлап жибердим. Менин сөздөрүмдү угуп Азат соолуга түштү. ошол күнү биз бак аралап жүрүп таң аттырдык, кыйналганыбызды бири-бирибизге айтып экөөбүз тең ыйладык, эч качан бөлүнбөскө , бизди өлүм гана бөлүшүн айтып, антташтык. Ангыча Азат окуусун бүтүп, айылына иштегени кетти, мен да окуумду сырттан котордум, көп өтпөй үйлөнүп алдык. Барганда эле мага жакканы кайненем болду, экөөбүз эне-баладай сүйлөшөбүз "бактым тоодой экен"-деп ойлоном сүйгөнүнө жетпей ала качып алган кыздарга боорум ооруйт. "Эмне үчүн жигиттердин баары Азаттай туруктуу болбойт экен ала качкандан уялышпайт, ошентип кантип жашоо болсун"- дейм өзүмчө. Азат мектепке кирип иштеп жатты, жакшы иштегендиктен тез эле оозго алынып, эл арасында "жакшы мугалим экен, балдарыбызга көп нерсени үйрөтүп жатат"-деген сөздөр айтылып мен да ичимден ыраазы болуп жүрдүм. Мен иштебей үйдө отуруп калдым, окуумду болсо Азаттын жардамы менен бүтүрдүм. Уул балалуу болуп, көп өтпөй дагы кош бойлуу болуп калдым, Азат болсо коллективинин колдоосу менен завуч болуп иштей баштады, иши өтө көп болгондуктан эрте кетип кеч келет. Бизди кара балекет кийин басты, мен да мектепте иштеп, үч уулдуу болуп, тааныш-тамырларыбыз көбөйүп, очор-бачар болуп калган элек. Азат өзүнүн бирге окуган классташтары менен эки күндүн биринде, чайханада аш жешет, келгенде кызуу болуп келет. Мурда анча көңүл бурган эмесмин, кийин "абайласаңчы ичпей эле кой, эл эмне дейт"-десем. "Коркпо кандай жүрүштү өзүм да билем, досторду таштап текеберленсем да болчудай эмес"-деп койду. Акырындап мектепке да ичип келчү болду, мен анда эмне кыларымды билбей, отурган мугалимдерден көзүмдү ала качам. Үйгө барып үй оокаттарын кылып күйпөлөктөп жүрсөм кайненем жардамдашып кошо жүрөт. -Эми эмне кылабыз балам, мунун ичкети күндөн күнгө көбөйүп кетти, мен арактын дарысы жогун билчү элем кайнатаңдан дак болуп бүткөмүн- деп ыйлап жиберди, ошондон кийин каттуу кооптонуп калдым. Азат күндөгүсүнөн да катуу мас болуп келди, эми мага асыла бермей адат чыгарды. Тилимди тишиме басып, эптеп жашоо өткөрүп калдым, келсе эле мага кол көтөрөт, кайненем чырылдап ортого түшө калат. Кээде мени уруп атып кайненеме да колу тиет, Азат ушундай адам беле буга эмне болду, кандай айла кылам- деп оюмдун аягына жетпейм. Азаттын иштен айдалып көчөдө арак уулап басып калганына көп болду.
Кайненем Азатты көргөндө "эмне болдуң балам карыганда мага көрсөтөөр күнүң ушу беле, бир айлаңды таппадым го, арак чыгаргандардын үйү өрттөнсүн, жакшылык көрбөсүн" -деп каргайт. "Апа буга арак чыгаргандар күнөлүү эмес, арак ичкендер күнөлүү. Алар эч кимди арак ичкенге мажбур кылбайт, өздөрү ичет жарыктык эгер арак чыгарбай койсо, элдер самогон тартып ичишип, канча киши өлдү апа антип айтып күнөөгө батпаң "-дейм. Күндө кайгы тарта берип Азат ичпесе экен деп Кудайдан сурай берип, арыктап соолуп баратканымды күзгүдөн карап алып өзүмдү тааныбай калам. Ушинтип жүрүп уулдарым да өзүм да жок болуп кетпеш үчүн бир айла табышым керек эле, аны кайненеме айтышым кыйын болду. Акыры айта турган болгондон кийин айттым. "Апа, сиз мага өз апамдан да жакынсыз мен эми бул жерге тура албайм, Азаттын жүрүшү тиги, "Азат" деп жүрүп балдарымды да жолдон чыгарып албайын. Эми балдарым үчүн жашашым керек ,эми ушуларга тарбия берейин, эки жолу дарыланганда эми ичпей калса керек дедим эле андан да катуу ичип кетти, мени көрсө жин көргөндөй болот, мунун баласы да , энеси да, аялы да арак болуп калды. мен сизда да таштап кете албайм апа, биз менен неберелериңиз менен кетиңиз апа, эмесе баарыбыз жок болобуз"- дедим. Алда айланып кетейин каралдым ай, сенин айтканында мен алда качан ойлонгомун, өзүм айткандан тартынып жүргөмүн, туура айтасың балам, балдарды сакташ керек, Бишкекке барсаң ошол жакта чоң-чоң мечиттер бар экен ошол жерде балдарды Кудайдын жолуна тарбиялайт экен, намаз окуп ыймандуу бадар болуп өссүн булар арак ичпесин, Кудайдан күнү-түнү ошону сурайм. Ал эми мени жөн кой балам, мен бир энелердин бактысыз шордуусу экемин, менин тагдырым жыландын баласына да түшпөсүн, мен сени менен кете албайм ичтен чыккан ийри жылан, тигини таштап кете албайм-деди. Эртеси балдарым менен жөнөп кеттим.
Азат болсо биздин кеткенибизди да билген жок "Кош болуңуз менин эң жакын ыйык адамым, менин кеңешчим, айттырбай билээр акылманым" -деп ыйлап жаттым. "Кош бол! Кагылайын каралдым ,уулумду алда качан жоготкомун, сен аман бол эми дүйнөдө сенин, неберелеримдин бар экенине каниет кылып жашайм"-деп өксүп-өксүп калып калды...

#258 06 October 2016 - 00:10
Кеч күздөгү гүлкайырлар
Буурул чачтары жоолугунан бир аз чыккан ак жүздүү аял жарым эс жандай өзү менен өзү кобуранып сүйлөшүп коёт.
– Гүлкайырлар дагы гүлдөгөн экен. Тим эле ошол кеч күздөгүдөй гүлдөгөн экен жаныбарлар.
Кең талаанын шамалына бой тоскон жалгыз аял жолду жээктей бир аз тоо боорлоп басты да, анан алсырап башы айлангандай тизелей боортоктоп жыгылды.
– Сен өзгөрбөпсүң, кең талаам, сен өзгөрбөпсүң. Дагы эле баягыдай экенсиң, ал тургай гүлкайырларың да дал ошол кесепеттүү күздөгүдөй гүлдөптүр.
Аял саамга ошол күздү эстеп жаткандай тунжурай түштү да, күрсүнүп алып акырын тиш арасынан шыбырады;
– Мен болсо өзгөрдүм, жүрөгүм толо жек көрүү, көөдөнүм толо күйүт, ыза. Бул ыза башым менен кошо жатып, күйүт сөөгүм менен кошо кетет өңдөнөт. Аларды унута албадым, кечирген да жокмун.
Анан аял куду ичиндеги араң кармап турган көз жашы ээ бербей, тосмону жырып кеткендей кара жерге бой таштап буркурап-буркурап көпкө ыйлады. Ал сүйлөп да, ыйлап да, көптөн бери көрбөгөн энесин өпкүлөгөндөй жанталаша жерди өпкүлөп да жатты. Бир оокумда аял акырын солуктап барып, уктап кеткен наристедей тынчып калды. Болгону арык ийиндери гана аянычтуу титиреп турду. Айлана аялдын күйүтүн бөлүшкөндөй унчукпай тунжурап, болгону шамал гана куду аялга окшоп анда-санда солуктап коёт. Көктө булуттар акырын, суз, муңайым жылып баратты. Аял көптө оодарылды. Көз алдынан балалыгы булуттарга окшоп жай жылып элестей берди.
Адеми бир үйдүн жалгыз эркеси болуп чоңойду. Кыздын ийиндери эч качан арзан көйнөк кийген жок, ачка калуу, кол жоорутуп иштөө эмне экенин, нандын кайдан келерин бир да жолу ойлонуп көрбөптүр. Адемиге нан даяр бойдон талаада өсүп тургандай элестечү. Мектепти атасынын кадыры менен жалаң бешке бүттү. Жупуну мектеп формасын кийген, арзан кийиз өтүкчөн кыздарды Адеми адам ордуна көрчү эмес. Мектепти бүтөрү менен башкарманын эрке кызы борбордогу эң престиждүү окуу жайларынын бири болгон юристтик окуу жайга тапшырды. Бул жерде да Адемини кийимдин кымбаты, тамактын даамдуусу күтүп, кыз студенттик жашоонун ачкалыгын, жупунулугун көргөн жок. Өзүнө окшогон достору менен кафе, ресторандан колу бошобой, окууну болсо атасынын акчасы бүтүрүп жүрдү.
Кечинде ресторандан кеч келип али уйкудан тура элек Адемини эшиктин адаттан сырткары такылдаганы ойготту.
– Ким?-деди ачууланган Адеми.
– Мен, кечиресиз, Адеми ушул жерде жашайбы?
– Ооба, эмне керек?
– Сизге берип жиберишти. - Адеми «үйдөн акча келген го» деген ойдо ыкшоолоно араң туруп эшикти ачты. Эшикти ачары менен аппак гүлкайырларга бет келе түшкөн Адеми чочуп кетти.
– Сизге!-деди ийини тозгон спорттук костюм кийген кичинекей кыз жайдары күлүмсүрөп. Кыздын көзүндө ушундай бир суктануу турган эле.
– Эмне бул?-деди кыжыры келген Адеми.
– Гүл! - деди кыз дагы эле жайдары.
– Өзүңө сактап кой, келесоо! – Адеми жинин кимден чыгарарын билбей эшикти тарс жаап салды. Адеминин көз алдында бетинин ортосунда капкара татынакай калы бар кыздын гүлдү куду өзүнө алып келгендей кубанычтан жоодураган көзү сакталып калды. «Ырас, гүлдү ушунча жакшы көрөт экен өзүнө сактап койбойбу, келесоо» деди дагы эле ачуусунан өзүнө келе албай. Адеми гүл кимден экенине кызыгып да койбой кайра уйкуга кетти.
Бул окуя Адеминин эсинен чыгып калган кезде турмуш кайра эсине салды. Адеми үчүнчү курста атасынын досунун уулуна турмушка чыкты. Сырттан окууга которулуп, бир уулду төрөп берген Адеми үйдүн сүйүктүү эрке келини. Адемиге турмуш жалаң ушундай бакыттан, барчылыктан тургандай. Кантсе да аял эмеспи, келиндин жүрөгүн күйөөсүнүн суздугу гана кез-кезде өйкөй берчү болду. Кайраттын көзүндөгү бул муңайым суздукту Адеми алгачкы түнү эле байкаса да эркелигине, менсинген бой көтөрмөлүгүнө салып «кайда барат элең, меникисиң» дегендей маани берген эмес. Кайрат кызды суз кучактап, кандайдыр аткарбай койбосо болбочудай милдетинен кутулуп жаткандай копол кыймыл менен төшөккө жаткырып, эрдинен тургай жүзүнөн да өөп койбой күйөөлүк парзынан кутулганы али да ыза кылат. Бирок сыр бергиси келбейт. Уулдуу болуу деле Кайраттын суздугун өзгөрткөн жок, болгону уулун колуна алганда Кайраттын сулуу көздөрү жумшак мээримге толуп, кыймылы абдан жумшак тартып, колуна аялуу буюмду кармап жаткандай аяр, назик тартып кетчү.
Адатынча кеч келген күйөөсүнүн добушун укса да Адеми билмексен болуп койду. Демейде казан-аякты калдыратып өзү бирдеме жасап жечү Кайрат негедир түз эле залга кирди да, кандайдыр жумшак сыбызгыган музыканы коюп алып, диванда тамеки тартып отура берди. Келин ордунан туруп барып күйөөсүнүн тармал чачынан сылап, мойнуна асылып эркелегиси, сырдашкысы келсе да куру намыска салып турбай койду. Ошол түнү биринчи жолу Кайрат Адеминин жанына жаткан жок. Сырттан караган көзгө бул үй-бүлө жарашкан жуптай, ынтымак бүлөдөй көрүнгөн менен ичтен кеткен жарака улам чоңоё берди. Адеми аял болуп туруп мунун баарына көктүгүнө салып көз жумду.

#259 06 October 2016 - 00:11
Кайрат бүгүн биринчи жолу үйгө келген жок. Адеми оболу «келет да» деп жата берген менен түн коюуланган сайын тынчы кетти. Улам «тырс» эткен добушка кулак түргөн келин таңга жуук уктап кетти. Кайрат эртеси эч нерсе болбогондой келди да, шашпай чечинип, анан аталап келген тентек уулун колуна алды.
– Кайда жүрдүң?-деди Адеми ачуусун ичине жутуп. Кайрат келинчегине таң кала карады да мыйыгынан муздак жылмайды.
– Достор менен кармалып калдым, - деди кайдыгер. Бул кайдыгер жооп келинди муунтуп, чаңырып жибербейин деп сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон жубайлар кайра сөз жаңыртпады. Адеми күйөөсүнүн жанына жата бергенде андан кандайдыр дил үшүткөн жагымдуу жыт келип турганын искеп жүрөгү туйлап кетти. Кайрат терс караган бойдон кайра бурулган жок. Адеми түндү чакчайып өткөрдү. Эртеси уулун кайненесине алып барып таштады да, күйөөсүнүн артынан жумушуна барды. Машинасын четке токтоткон келин күйөөсүнүн бир жакка шашып жөнөгөнүн көрүп, артынан түштү. Кайрат учуп-күйүп айдап баратты. «Бирдеме болдубу? Ишинен шашылыш баратабы?» деп өзүн алаксыткан Адеми качан күйөөсүнүнү гүл дүкөнгө токтоп гүл алганын көргөндө ичинен бирдеме үзүлүп кеткендей онтоп алды. Бир кучак гүлкайыр көтөргөн Кайрат шашып баратты. Ал көчөнүн кесилишине машинасын токтотту да, шашып чыгып жолдун аркы бетине чуркады. Адеминин көзүнө жолдун аркы четинде турган узун бойлуу, чачы ийиндерин жапкан ипичке кыз дароо урунду. «Кайдан көрдүм эле?» деген ой чагылгандай келиндин мээсине чагылып өттү. Кайрат кол булгалап турган кызга ашыгып жетти да, айланасындагы элди көзгө илбей бооруна кысып, жерден так көтөрүп тегеретип жиберди. Кайраттын мындай жайнап күлгөнүн, төгүлүп эркелеткенин көрбөгөн Адеминин күйбөгөн жери күл болуп кетти. Өмүрүндө биринчи жолу гүлгө кошулуп гүлдөй жайнаган кыздын жанында өзүн пас сезди. Алар Адемини байкаган жок. Экөө жетелешип машина тарапка басышты.
– Жүр, тоого барып келебиз. Куду сага окшогон гүлкайырлар чыгып калгандыр, - деди Кайрат үнү мээримге толо дирилдеп.
– Чын элеби?-деди кыз эркелей. «Үнү да тааныш» деп ойлоду келин. Ошондо гана келиндин көз алдына бир кезде ийини бозоруп тозгон спорттук костюм кийген, бир кучак гүлкайырды куду өзүнө алып келгендей жаркырай кубанып көтөрүп келген арык кыз тартылып, «сизге берип жиберишти» деген толкунданган назик үн угулуп кетти. «Ошол келесоо» деди мууна шыбырап. Алар келинди жандай өтүп кетти. Баягы күнкү жүрөк опкоолжуткан жагымдуу жыт, азыр Адеминин жанынан бир карыштай алыс басып өткөн кыздан «бур» этти. Демейде, кандан-бектен кайра тартпаган Адеминин үнү куду түшүндө басырык басып жаткандай муунуп чыкпай калды. Көгүнө таянган Адеми алардын артынан кайра түштү. Алар түз эле шаардан чыгып тоого бет алышты. Сүйүүгө мас Кайрат өзү менен куйрук улаш бараткан Адеминин машинасын байкаган жок.
Мына талаа, Кайрат айткандай чын эле гүлкайырга оронуп жаткан экен, жаныбар. Адеми кеч күздө гүлдөгөн мындай ажайып гүлкайырларды биринчи көрүшү. Адеми андан ары машинасын айдап бара алган жок. Бул керемет талаага өзүн өгөйдөй сезип, кайра артка кайтты.

#260 06 October 2016 - 00:13
Ошол түнү да Кайрат келген жок. Эртеси кечке маал Кайрат талаа, топурак, күн жыттанып келди. Бактысы башынан ашкан Кайрат мышыктай уйпаланган Адемини карап да койбой душка кирип кетти. «Шашпай тур, бул бактың узакка созулбайт» деп ойлоду Адеми тиштене. Качан Кайрат уктап калганда анын телефонунан кыздын сүрөтү менен сакталган номерин таап алды. Бетиндеги калы ажарын ачкан кыз бейкапар күлүп, Адемини баягыдай жайдары карап турду. «Канчык» деди ичи өрттөнгөн Адеми. «Эртең саат онго кечээ жолуккан жолдун кесилишине кел» деп СМС жазып жиберди да, телефонду алтындарын сактаган кутуга катып койду. Бул жерди Кайрат карамак эмес. Таң атпай туруп күзгүнүн алдында көпкө жасанды. Кайрат уйкудан туруп эле телефонун издеп калганын байкаса да байкамаксан болгон келин жумшак унчукту:
– Бүгүн жумушка барбайсың да, ээ?
– Жок, эмнеге?
– Саматты карап турчу, апамдардыкына барып келейин. Көптөн бери бизди унутуп калдың, уулуң да сагынды, - деди сурангандай жалооруп. Кайрат келинчегин кызыктай карап турду да, унчукпай баш ийкеп койду. Адеми болжошкон жайга шашып баратты. Тынчсыздана ары-бери басып турган кыздын караанын алыстан эле көргөн Адеми демин басууга бир аз токтоп калды.
– Саламатсыңбы, Гүлназ сенсиңби? - деди үнүн жумшак чыгарууга аракеттенип.
– Ооба , сиз кимсиз?
– Мен Кайраттын карындашы болом.
– Кайратка эмне болду? - деди Гүлназ чебелектеп.
– Кайратпы, ал кичине ооруп калыптыр.
– Тоого барганда суук өтүп калган го. Кой десем болбой суунун аркы четиндеги гүлкайырларга суу кечип өтпөдүбү.
Адеми өзүн араң карманып жылмайган болду.
– Качан үйлөнөйүн деп жатасыңар?
– Кантип качан, Кайраттын келинчеги бар да?
– Келинчеги бар экенин билсең эмнеге жүрөсүң?
Кыз саамга тунжурап, анан ойлуу үн катты:
– Кайрат экөөбүз жатаканадан тааныштык. Ал өзүнүн аяш атасынын эрке кызына атасынын айтымы менен таанышканы гүл көтөрүп келген экен. Кайрат ал кызды окуу жайдан таппай, жатаканага келсе киргизбей коюптур. Ошол күнү мен сабактан эрте келип, вахтада отургам. Колундагы гүлүн көтөрүп ары-бери баскан сымбаттуу жигитке боорум ооруп «эмне жардам керек?» деп сурасам, «гүлдү Адеми деген кызга алып барып бериңизчи» деп суранды. Чыксам кыз гүлдү албай койду. Гүлдү кайра алып түшүп берсем капа болуп калбасын деп бөлмөмө алып кирип, сууга салып, анан өзүм чыгып, «бөлмөсүндөгү кыздарга берип койдум, өзү жок экен» деп калп айттым. Кайрат мага бир көргөндө жакты, бирок билдирген жокмун. Ошондон бир жылдан кийин Кайрат экөөбүз бир кечеде жолугуп, бийледик, сыр ачыштык. Көрсө, мен деле ага бир көргөндө жаккан экем. Бирок биз бирге боло алган жокпуз. Кайратты ата-энеси эркине койбой баягы аяш атасынын кызына үйлөнтүштү. – Гүлназ чоң адамдай шуу үшкүрдү да, муңайым жылмайды:
– Мунун баарын эмнеге айтып жатам? Карындашы болсоң баарын билесиң да.
Кыз бир топко ойго чөгө тунжурап, Адеми болсо өз ою менен алек боло берди.
– Айтчы, жеңең жакшыбы? - деди бир кезде Гүлназ армандуу карап. Ошол көз караш али да Адеминин көзүнөн кетпейт. Бул көз карашта арман, сүйүү, куса, жетпеген аялуу али балалык аруу тилектер бар болчу.
– Мага Кайрат бактылуу болсо болду. Ал мага үйлөнбөсө деле макулмун. Бүт өмүр жашыруун аялы, суук көзгө ыраа көрбөгөн кымбат адамы, сагынып, ашыгып келген азиз ардагы болууга макулмун. Билем, ал мени сүйөт. Анын көзүнөн көрүп турам. Аялы эмне, баласынын энеси, үйүнүн кожойкеси, Кайраттын сезими менен эсептешпеген мерез ата-энесине ээрчитип барчу көрсөтмө куралы. Муну аялы деле сезет болуш керек...
Адеми кантип жанына сала чыккан аш бычак менен Гүлназды туш келди сайгылап киргенин билбей калды. Акыркы көргөнү, эмне болуп кеткенине түшүнбөгөн Гүлназдын ачык калган көзүнүн чарасына мелт-калт болуп толгон туптунук көз жашы болду. Ошол көз жаш уктаса түшүнөн, ойгонсо көзүнөн кетпейт.
Мына, андан бери он алты жыл өтүптүр. Талаа болсо ошондогудай кулпунат. Азыр, бул айдың талааны жанындай көргөн эки жан бири жер алдында топуракка айланып, бири өз күйүтүнөн өзү качып чет жерде тентип жүрсө да, аларды эскерип унутпаган талаа дагы эле кулпунуп, ошол эле учурда кусаланып күтүп жаткан экен жарыктык.
(Аягы)
Айжаркын Эргешова

Супер-Инфо
super.kg
видео