Көпкө ойлонуп отурган атасы:
– Жети түндө эмнеге келди десе, ушуну айтканга келдиң беле? Балам, агаң тирүү турса эле биз сени жеңеңди аласың деп кыйнаган жерибиз жок. Сен жаш катын алып алсаң, анын чиедей балдарын ким багат?
– Анан ошол үчүн мен күнөөлүүмүнбү?
– Токтот, иттин баласы! Мен тирүү турганда Сүйүн менен жашап, анын балдарын багасың. Эгерде жашабайм десең топурагымды түйүп берем, каалаган жагыңа кете бер. Азыр бар да таң ата электе ордуңа жатып кал.
Шылкыйган Ислам кайра жеңесинин үйүнө жөнөдү.
– Абышка, мүмкүн биз туура эмес кылып жаткандырбыз,
-деди кемпири оор үшкүрүп. - Эми эмне кылабыз, балким жашап кетишер.
Ислам агасынын короосунда ары-бери басып, жанын коёрго жер таппай жүрдү. Анан эсине бир ой кылт дей түшүп, жарыкта өзү көргөн жердеги жипти алды да сарайды көздөй жөнөдү. Эшигин ачса ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. Бир аз туруп көзү көнө түшкөндө жиптин бир учун сарайдын үстүндөгү жоон жыгачка байлап, бир учун сыйыртмактап,
бурчтагы чаканы көмкөрүп үстүнө чыкты да, жипти моюнуна саларда агасынын добушу угулуп, арт жагында басып келаткансыды.
Шап башынан жипти ала коюп, шашыла сыртка чыкты. Теректер сүрдүү шуудурап жатыптыр. Шайтан шаштырып кайра сарайга кирип кетти.
Сүйүн уктап жатып түш көрдү. Түшүндө Осмон келип, маңдайынан сылай эркелетип: «Эртеңден баштап инимдин башын бош кой, сен бир кезде бактылуу болгонсуң, эми анын багын байлаба»,-деп жатыптыр. “Мен күнөөлүү эмесмин, бардыгын ата-энең кылды”,-деп сүйлөнүп жаткан жеринен чоочуп ойгонуп кетти. Жатып алып ар нерсени ойлоду. “Баланы эртең менен шаарга жөнөтөйүн, ушак-айыңдан алысыраак эки-үч жыл шаарда жашап, балким, ошол жактан үйлөнүп алар...” Аңгыча ички бөлмөдөн уулу чыгып калды.
– Апа, Ислам байкем жок го, кайда кетти? Жүрөгү бир нерсени сезгендей ыргып турган Сүйүн бөлмөлөрдү ачып издей баштады. Таң эрте кайда кетмек эле деп сыртка чыкса, бек турган сарайдын эшиги ачык турат. Аттап-буттап жетип барган ал асылып турган Исламды көрүп кыйкырган бойдон кучактап жыгылды. Денеси эчак эле муздап калыптыр. Ошентип, Сүйүн эки жылдын аралыгында күйөөсүнөн,
кайнисинен,
өзүнүн атасынан ажырап, кан жутуп отуруп калды.
Өлбөгөн соң тирүүнүн оокаты бирде бар, бирде жок болсо да кыбырап өтө берет экен. Сүйүн балдарын жетишкен жашоодо жашата албаса да аман-эсен багып чоңойтту. Турмуштун айынан уулу мектепти бүтөөрү алысыраак туугандарына кошуп, Орусияга иштегенге жиберди. Кызы Паризат ата тарбиясы жетишпегенденби же энесинин эркелетип эркин менен өстүргөнүнөнбү,
айтор, эссизирээк болуп калды. Агасы кеткенден кийин апасынын “жакшы жүр, жакшы оку” деген сөздөрү кулагынын сыртынан кетип, жүрүм-туруму бузула баштаган.
Мектепти аяктаары менен Паризат «агамдын эптеп тапкан акчасына окубайм, андан көрө быйыл иштеп акча топтоп, окууну эмдиги жылы караштырам» деп борборду көздөй жөнөдү. Ылайыктуу жумуш таба албай бөлөсүнүн үйүндө жашап жүрдү. Арадан көп убакыт өтпөй өзүнө ишенип-ишенбей жүрүп боюнда бар экенине толук ынанды. “Эмне кылсам? Кандай айла таап баланы алдырып салсам” деп ойлонгуча күндөр зуулдап өтө берди. Айласы кетип, агасынын үйүндө жалгыз жашаган классташына жолугуп, бул тууралуу айтты эле “бөлөңө билдиргиң келбесе эптеп бир айласын тапкыча менин үйүмдө болуп тур” деди Нурзат. Эртеси “жумуш таптым, чогуу иштеген кыздар бир батирге чыкмак болдук деп келип Паризат кийим-кечесин алып кетти. Бир топ күндөн кийин акча таап алышып Нурзат экөө врачка келишти. Текшерүүдөн өткөндөн кийин врач:
– Алдырганга болбойт, кеч болуп калыптыр,-деген жооп айтты. Муну укканда Паризат ошол жерден ыйлап жиберди.
– Эже, эми эмне кылам? Алдырып эле салайынчы?
Ачууланган врач:
– Алдырып эле салайынчы дегени эмнеси? Эрте келсең мен албай койдумбу, кеч болуп калыптыр деп жатам,-деп кыздарды кууп чыкты.
Ошентип, Паризаттын турмушундагы эң оор, азаптуу күндөр башталды. “Эми эмне кылам?” деген суроо ар дайым көңүлүндө. Нурзаттын айылдан ата-энеси салган тамак-аш менен экөө жашап жатышты. Паризат кечке үйдө болуп, досунун сабактан келишин күтүп жата берет. Бир күнү ал ойлонуп отуруп апасына бул тууралуу айтып, андан кеңеш суроону туура көрүп кат жазды. Апасынын ден соолугун, ал-жайын сурап келип акырында өз көйгөйүн айтты. “Сизден эмнени жашырайын, азыр беш айлык боюмда бар. Учурда Каламбайдын кызы Нурзаттын үйүндөмүн. Апа, мени кечире алар бекенсиз, чынын айтсам баланын атасы ким экенин өзүм дагы билбейм. Врачка барсам “алдырганга кеч болуп калыптыр” дейт. Эмне кылышты билбей башым маң, өлүп калуу колумдан келет, бирок сизди аяйм. Таянар тоом сизсиз, апа. Эми эмне кылайын?..” Эртеси эле апасы айылдан кат салыптыр. Жообу мынча тез келет деп күткөн эмес эле. Жүрөгү дүкүлдөп, калтыраган колдоруна ээ боло албай турса дагы ашыга ачып окуй баштады: «Кызым, абалыңды түшүндүм, бирок, эч кандай жардам бере албайм. Окуп жүргөнүңдө “жакшы жүр, көп баспа” деп жалынчумун.
Уккан эмессиң. Ушундай ишти кылган айылда биринчи сен болуп жатасың. Мени эл-журтка шерменде кылба. Сени канчалык аясам да айтаарым: балаңды көтөрүп эшигимдин алдына келчү болбо!». Катты мыкчый кармап ыйлап жатты. Ошону менен биротоло өзү менен өзү болуп калды. Качан болсо көз жашы тыйылбай ыйлап, аябай ойлонгондуктанбы же жаштыгынанбы,
айтор, жети айлык кылып көз жарып, кыз күттү.
Бир күнү кошуна жашаган аял кыздардын үйүнө жумуштап кирип калды. Ал-жай сурашып отурушуп Паризат ага баарын айтып берди. Кеп акырында “кызымды жакшыраак бирөө багып алып башымды бошотсо болот эле”,-деди ыймандай сырын жашырбай. Муну уккан кошунасы «бала багып алат элек» деп жүргөн таанышына телефон чалып болгон ишти кабарлады эле алар дароо көңүлдөнүп,
келүүгө камынып калышты.
Ары-бери ойлонуп-толгонуп көргөн Паризат акыры кызын кырк миң сомго сатып жиберди. Кызды кийим-кечеси менен алып кетип бараткан тигилер жаш энеге боорлору ооруп «санааң тынгыча бир-эки жолу барып көрүп кет» деп даректерин берип кетишти. Нурзат сабактан келсе наристенин ыңаалаган үнү угулбайт, жайылган кийимдери жок. Паризат өзү эле ойлуу жатыптыр.
– Эмне болду сага, кызың кана?
– Сатып жибердим.
Нурзат турган жеринде нес болду. «Ушунча жашадым, жардам бердиң» деп ага акча сунса такыр каршы болуп албай койду. Эртеси өзүн алаксытып кийим-кече, керектүүлөрдү алды. Ары-бери басып эс алды. Бирок, сүт толгон эмчеги зырылдап ооруп эки күн араң чыдады. Түндө түшүндө наристе кызы таарынып: «Апа, өз колуң менен мени сатып жибердиң, өмүр бою ойлонбой кантип жашайсың?»-деп жатыптыр, чоочуп ойгонуп кетти. Туруп терезени караса күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр. Ал чаржайыт ойлордун кучагында турду. Көпкө ойлонуп, анан бир чечимге келгендей сумкасындагы акчаларды алып чыгып санай баштады. “Отуз үч миң, эмне кылсам? Болгонун алып бара берсемби?” Ордунан шарт турду да, акчаны алып чыгып кетти. Дарек боюнча барса «сагынганда келип көрүп кет» деген үй заңгыраган эки кабат экен. Дарбазанын түбүндө көпкө турду, акыры коңгуроону басты. Бир аздан соң эшикти баягы аял ачып Паризаттын кебетесин көрө өңү бузула түштү.
Ангемелер.
#302 06 October 2016 - 19:33
– Кел, үйгө кир,-деди ооз учунан. Үн-сөзү жок үйүнө кирип барган ал тигил аялдан мурун кызын колуна ала калды. Бечара аял өзү төрөгөн баласы болбогондон кийин колунан талаша алган жок.
– Эже,-деди Паризат ый аралаш, - сүйүнтүп, кайра кайгыга салганым үчүн кечириңиз. Акчасыз жашасам да, кызымсыз жашай албайт экенмин. Азыр менде болгону ушу, калганын кийин төлөп берем,-деп акчаны аялга сунду. Жашка муунган аял:
– Мага акчанын кереги жок. Сага үй дарегин берип туура эмес кылган экенмин. Билдирбей койсом болмок экен. Тез чыгып кет үйдөн,-деди. Өзүн кармана албаган аял диванга боюн таштап, өкүрүп-өксүп ыйлап жатты. Шашкалактаган Паризат акчаны нарыраак ыргыта салып, кызын кучактап дарбазадан чыгып кетти.
Үйгө келсе Нурзат анын буюм-тайымдарын жыйнаштырып жатыптыр. Агамдар келебиз дешти, башка батир издейсиң го,-деп калды. Айла канча, акыры бир күнү ушундай болмок. Кайда барсам, батирде бизди ким багат?-деп көпкө ойлонуп жатып, акырында “эне эмеспи кечирер, түшүнөр” деп айылга кетүүнү чечти. Эртеси жөнөп жатып: «Нурзат, сен мага көп жардам кылдың, бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм»,-деди Паризат ыраазычылыгын билдире.
Зымыраган жолдорду артка таштап туулган айылын көздөй кетип баратты. Ойлосо аябай эле сагыныптыр. “Жолдор, жолдор” деди ал ичинен, жакшы адамдарды, жамандарды, күнөөлүү, күнөөсүздөрдүн баарын каалаган жерлерине жеткиресиң. Болбосо мендей уятсыздар ушул жол менен айылына барууга акылуу беле?.. Эне деген эне да. Баласын көтөрүп келип алса, анан эмне кылмак эле? Жүдөп калган кызын көрүп жүрөгү ооруду. Жаман кабар жерде калмак беле, буга чейин эле бирөөсү төрөп алыптыр десе, дагы бири эмне кылаарын билбей сатып жибериптир дешип күбүр-шыбыр ушактын учу тыйылган эмес. “Имиш-имиш барып чын болот” деген сөз мына эми дагы бир жолу тастыкталды. Паризат өзүнө карата айтылган сөздөргө кулак жапырып, баарына чыдап, кызын чоңойтуп жатты. Убакыт унуткарат, дарылайт дегендей айылдагы ушактардын орду алмашып, элдин тегирменине Паризат эмес, эми башкалар түшө баштады. Ошентип жүрүп арадан үч жылдай убакыт өттү.
Бир күнү агасы Орусиядан кабарлашты. Жакында бул жактан аял алып барарын айтып “мен баргыча Паризат үйдөн кетсин, көзүмө көрүнбөсүн” дептир. Айла канча, күнөө өзүмдө деген ал кызын апасына таштап, кайрадан борборду көздөй жөнөдү. Же билимиң, же жетелеген адамың болбосо шаарда деле жан багуу оңой эмес. Паризат да абдан кыйналды. Көрүнгөндүн үйүндө жашап, батирге чыгууга акчасы жок айласы кетип, турмуштан тажады, кыйналды. Түшүнүктүү адамга баш кошуп, бардар жашоодо жашагысы келди. Ушул максатта «Кореяга турмушка узатабыз» деген жарнаманы окуп, дарегин таап барды. Ал жерден ортомчулар жаркылдап жылуу сүйлөп тосуп алышты. «Жашоо шарты жакшы жерде жашайсың, бат-бат үйүңө келип турасың» деп эки жагынан чыгып түшүндүрүп жатышып, эртеси бир адамга жолуктурушту. Жылуу сүйлөп, өзүн эркин кармап отурган тиги киши жүзүнө караганда бир топ жашка чыгып калгандай. Кыраакы киши бир көрүп эле баёолугунан, сулуулугунан улам аны жактырды. Ошентип, документтерин даярдап, кетүүгө кам көрүп жатканда Паризат корейге бир кызы бар экенин айтып, кийин жибербесең да мейли, азыр апама акча таштап кетишим керек деп шартын түшүндүрдү. Кандай да болбосун колдон чыгарбай кармап калыштын амалын ойлогон тиги киши эртеси эле ага жыйырма миң сом акча сунду. Паризат апасына коштошуу катын жазып жатты: «Сизди абдан сагындым. Апа, ак сүтүңүздүн, мага кылган эмгегиңиздин бирин да актай элекмин, кечириңиз. Мен бир фирма менен келишим түзүп, Кореяга иштегенге кетип жатам. Бул акчаны алдын-ала беришти. Кызымды, балким, менин ордума кыз кылып аларсыз. Агама салам айтыңыз, мени кечирсин, жаман көрбөсүн. Силер менен байланыша албай калсам кабатыр болбогула. Жолугушканча». Өзү барып акча менен катты айылга жөнөтүп келди. Эки-үч күндөн кийин күнү бүтчүдөй болуп айланага суктануу менен карап, көңүлүндө өз мекенин кыя албай жатты. Баягы маекте макулдашылгандан бери ал дайыма кайтарууда. Ортомчулар аман-эсен кожоюнуна кошуп узатышып, өзүлөрүнүн акысын алгандан кийин гана эс алышат. Документтер даяр болуп, тааныбаган адам менен турмуш куруу үчүн алыс сапарга аттанып, жолго чыкчу сааттар да жакындап келатты.
Ошентип, кыргыздын татынакай бир кызы турмуштун оор соккуларына туруштук бере албай, жакшыраак жашоо болор деп тумандуу келечегинен үмүт кылып, алдыда кандай тагдыр күтүп турганын билбеген бойдон жат адам менен чет жерге сапар алды. Учакта абага көтөрүлүп жатып «кош, Кыргызстаным. Кош, апаке, аман болсом бир кайрылып келермин» деп ичинен күбүрөндү. Бул Перизат аткарылбас тилеги эле.
Аягы
ЧОлпон Орозалиева

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#303 08 October 2016 - 17:31
КЫРЧЫЛГАН ТИЛЕКТЕР
– Ким бар үйдө? – Атасынын тилин чайнай булдуруктап сөгүнүп, кыйкырып келе жатканын сарайда көң жыйып жаткан жерден уккан Айкызы “дагы ичкен экен, бизге окууга кийип барганга эч нерсе албаптыр” деген жүрөк заада ойдон титиреп кетти. Таң эрте буудай сатып кийим кылганы кеткен атасын кыз үмүт менен күтүп жаткан. Тээ дил тереңинде “ичип албаса экен” деп ойлосо да жаман ойго ыраа көрбөй күтпөдү беле. Ушул жапайы, киркирек үндү угуу кызды зааркантып бүткөн эле. Атасы жолунда турган бирдемелерге чалынып кетти. Араң турган немени бул чалынуулар кыжырлантып жиберди окшойт, колуна тийгенди ыргытып атасынын үйдү чаң-тополоң түшүрүп талкалаганы угулуп жатты. Айкызы сарайдын бурчуна бурч болуп жабышып дымыды. Бир кезде апасынын ыйлаган үнү угулду. “Уруп жаткан экен” деген ой кызды чыйрыктырып, коркуп турса да атып чыкты. Апасын атасы адатынча топтой тепкилеп жаткан экен. Чырылдап апасынын үстүнө түшө калган кызды деле аяган жок мас атасы. Апасы дагы төркүнүнө кетип калды. Атасы ичкен сайын ушул көрүнүш. Кыз үчүн жашоо жалаң ичкилик менен мастыктан тургандай сезилип, бул сезимден үшүп чыкты. Айкызы балалыкты арактын жытындай ачуу, мастыктай тополоң элестетип калды. Бир жолу баладай болуп эркелегени, атасын же апасын ээрчип бир жакка барганы эсинде жок. Бирок, айдын сыныгындай татынакай болуп бой жетти. Айкызыны көргөндөр “тиги Осмон алкаштын кызы супсулуу кыз болуп бой жетип келатыптыр. Тобоо, алкаштын кызына деле Жараткан сулуулугун аянбай берип коё берет тура” деп шыпшынып калганын уккан кыз бул сулуулукту да өзүнө эмес, башкага ыроолонгон жерден адашып алып алгандай кысынчу. Өзүнө көз артып сөз айткандарды да жанына жолотподу. Алар аны тек гана атасынын ичкичтиги үчүн басынтып, сынап же ара күндө төркүнүнө кетип, кайра келип арасат жашаган апасы үчүн аяп сүйлөп жаткандай сезилчү.
Бактысына жараша окууга биринчи жылы эле өтүп кетти. Айкызы ушул жерде гана өзүн кыз сезип, бой түзөдү. Гүлжигит жолукпаса ким билет, мындай адеми сезимдерди баштан өткөрөт беле...
Айкызы аудиториядан чыга бергенде кимдир бирөөнүн аябай карап турганын далысы менен сезип кызыктай болуп кетти. Бул көз караш кызды аялдамага чейин ээрчиди. Ким экенин билгиси келсе да негедир батынып артын карай албады. Бир чети сүрдөп, бир чети жанындагы курбусунан тартынды. Аялдамага жете берээрде артына бурулду да, кареги оттуу каректерге уруна апкаарып кетти. Көзүн ала качканга шашкан кызга узун бойлуу жигит батына бербей басып келип токтоо коңур үн менен учурашты.
– Саламатсызбы? ..
– Саламатчылык. ..
– Кыздар, автобус менен чогуу кетпейлиби? – Узун бойлуу бейтааныш жигит көп батына бербей суранды.
– Биз жөө эле кетебиз,-деди Айкызы жигитти тике карабай. Басып кеткен кыздардын артынан эки жигит жете келди да, орто бойлуусу кызды жандай берип акырын сүйлөдү:
– Чоң кыз, таанышып алсак жакшы болмок, сизди көргөндөн бери досумда уйку жок.
– Мен уйку дары бекем?
– Ошондой го,-деди кыздан көзүн албай. Аңгыча узун бойлуу жигит жете келип:
– Атыңызды эле айтып коюңузчу?
Айкызы жалооруй караган көз карашка туруштук бере албай кантип атын айтып жибергенин билбей калды.
– Айкызы...
– Меники Гүлжигит, бирок, үйдүн кенжеси болгон үчүн Кенжебай деп да коюшат,-деди шаша сүйлөп. Ошол күндөн баштап Гүлжигит менен Айкызы тез-тез жолугушчу болду.
Бүгүн жаңы жылдык кече. Экөөнүн таанышканына бир жылдан ашып кетиптир. Ушул аралыкта кыз тымызын Гүлжигиттен алда кандай жүрөк апкаарыткан керемет сөз күтүп жүрдү. Түркүн түстүү жарыкка бөлөнгөн чоң зал кыздардын аңкыган атырынын баш айланткан жытына, шуудураган жибек көйнөктөрүнүн, шыңгыр күлкүлөрүнүн үнүнө толуп турду. Жеңил бий башталаары менен өзүн көздөй басып келе жаткан Гүлжигитти көргөн Айкызы бул учурду күтсө да коркуп кетти. Кире качканга кычык издей эки жагын элеңдеп карап да жиберди. Кызды бийге чакырган Гүлжигиттин өзү да болоор-болбос титиреп туруптур.
– Сен мага жагасың, Айкызы. Сендей адамга жетмек тургай, жаныңда жүрүү кандай бакыт экенин өзүң элестете да албасаң керек,-деди калтаарыган үн менен. Бул сөздү айтуу жигитке кандай кыйын болсо, аны угуу андан да кыйын эле. Айкызы не дээрин билбей аптыкты. Куду кылмыш кылгандай бүткөн бою уяттан өрттөнүп, бий бүтөөрү менен сыртка чыга качты. Кыз үч күндөй Гүлжигиттин көзүнө көрүнбөөгө тырышып качып жүрдү. Жолукса эле бирдеме болуп кетчүдөй апкаарыды.
Окууну бүтөр жылы Гүлжигит Айкызынын колун сурады.
– Дагы кичине күтө турчу, мен бир аз иштейин. Бала кезден бир тилегим бар болчу. Апама, инилериме өз акчама көйнөк, жакшы буюм алып берсем дечүмүн, ошону аткармайынча шаштырба,-деди кыз эркелей ыктай берип кыялдуу.
– Мен го канча болсо да күтө берем, апамдар үйлөн деп кыйнап жатат,-деди жигит кыздын саамал жыттанган саамайынан, балтырына чабылган чачынан коомай сылап.
Кыз окууну бүтөөрү менен Тайгараев совхозунда айыл чарба бухгалтери болуп иштеп калды. Гүлжигит күндө келет да, кызды сырттан күтүп тура берет. Бир да жолу иштеген жерине кирип, кесиптештери менен таанышканга даабады уяң жигит. Бир күнү эле кызды эч эскертпей этпей туруп борбордук таразага “эки айга иштеп бер, жыйын-терим бүткөндө кайра келесин” деп которуп коюшту. Ошол бойдон Гүлжигит кыздын дайынын таппай калды. Күн сайын кыз иштеген жерге келип сырттан жолун акмалап көзгө ысык караанды көрө албай томсоруп кетет. Айкызы жигиттен бетер кусаланды, бирок, кыз башы менен мурдагы жерине барып Гүлжигиттин келген-келбегенин сурагандан намыстанат. Өзүн-өзү “эки ай эле го” деп жооткотуп жүрдү.
Таң менен кошо туруп жумушка бараткан кызды узун бойлуу милиционер формасындагы жигит токтотту.
– Карындаш, кечирип коюңуз, ушул жерде борбордук тараза бар экен, каерде сиз билбейсизби? -деди токтоо. Айкызынын эсинде жигиттин муңайым, алда кандай кайгы каткан көздөрү калды.
– Билем, мен иштейм ошол жерде,-деди кыз капарсыз.
– Жакшы болбодубу сизге жолукканыбыз, кечирээк үч камаз пияз тартып алалы, кандай дейсиз?-деди капалуу көздөрү менен ойлуу карап. Жигитти тараза эмес, башка бир санаа тынчсыздандырып жаткандай кыжаалат эле. Жигит эки күн катар келди да, негедир пияз тартпай эле кетип калды. Болгону кызды аяппы же бирөөгө окшотуппу маани бере карап койгону болбосо, башка жигиттерчилеп таанышканга да ашыккан жок.
Үчүнчү күнү гана пияздарын тарттырды. Таразага тартылган пиязга деле маани бербеген жигитти ойдон алаксытыш үчүн гана кыз:
– Милиционерлер да коммерция кылабы?-деди жайдары.
– Жашоо ушундай, чоң кыз,-деди муңайым. Бирок, жашоо үчүн жанталашканы көрүнбөй, тескерисинче, бүт кызыкчылыгын жоготкондой суз эле. Анан айтсамбы, айтпасамбы дегендей ойлонуп туруп:
– Кой чоң кыз, жумуш убактың да бүтүп калыптыр, үйүңө жеткирип коёюн,-деди акырын.
– Макул,-деди Айкызы. Негедир жигиттин санаалуулугу кыздагы аёонубу же аялдык кызыгуунубу ойготуп каршылык кылбады. Жанына баса отурган жигиттерге деле көңүл бурган жок. Качан эжесинин үйүнөн токтобой түз баратканда жүрөксүй:
– Мен үйгө жеттим, токтоп коюңуздар,-деди токтоо. Алар бири-бирин карап коюшту да, машинени ансайын катуу айдашты. Ошондо гана ала качып баратканын түшүнгөн кыз:
– Менин жигитим бар, отурбайм, убара болбогула! -деди ишенимдүү. Ичинде “апам баары бир отургузбайт” деп ойлоду. Алып баргандан кийин кыздын каршылык кылганына, өксүп ыйлаганына эч ким көңүл бурган жок. Жабалактай асылган аялдардын улам бири чабалекейдей кызга жоолук салам деп уйпалап, бирок, жоолукту тең бөлүп жырткан кыздын көктүгүнөн өздөрү чарчашты.
– Бу кандай кыз экен салтка көнбөгөн? Деги ата тарбиясын, эне таалимин көргөн кыз бекен?-деди сүрдүү үн. Айкызынын кулагына “ата тарбиясын, эне таалимин көргөн кыз бекен” деген сөз канжар болуп сайылды. “Атамдын ичкенин, апамдын ажырашып келип кеткенин айтып жаткан жокпу?” деген ойдон кайраты майтарыла түштү. Аппак жоолук салынган аксаргыл байбиче маңкая карап жакын келди да, колундагы булуттай үлбүрөк жоолукту кыздын башына салып, ыйдан шишиген жүзүнөн кош колдой кармап туруп маңдайынан өөп койду.
– Бактылуу бол, балам, кыздын барар жери күйөө. Жаман жерге, жаман балага келген жоксуң, түптүү, бардар жер, ыймандуу мыкты жигит уулубуз. Эси жоктук кылба. Кут даарыган ата-энесинин каргышына калба, кагылайын. Оорулуу кайненеңдин убалын ойло,-деди да кайра чыгып кетти. Айкызы бар тилеги, арзуусу сынып отуруп калды.
Көшөгөдө солуктап отурган кыздын жанына улам бири кирип чыгып үйрүлө түшүп жатты, бир гана күйөө кирген жок негедир. Бир кезде кара тору жаш келин кирди да, “молдо келди” деди Айкызынын жанында отурган жеңесинин кулагына. Айкызынын бүткөн бою калчылдап кетти.”Уулду чакырайынчы” деп келин менен кошо чыгып кеткен жеңеси негедир көпкө жоголду. Бир кезде күйөөнү ээрчитип кирди. Күйөө бул жерге капыстан келип калган жат кишидей суз кирип, көшөгөнүн аягына коомай отурду.
– Уул, бул жакка келинчегиңдин жанына өт,-деди жеңеси. Жигит ордунан очорула туруп өттү да Айкызыга колум тийип кетпесин дегендей алысыраак отурду. Молдо андан ыраазылык сураганда да ойлуу отуруп, анан “кабыл туттум” деп койду ооз учунан. Алардын биринчи түнү да куду жооптуу милдеттен, уяттуу карыздан кутулуп жаткандай муздак болчу. Келин деген атка конгонун түшүнгөн Айкызынын жүрөгүн “эми эч качан Гүлжигитти көрбөйм” деген армандуу өкүт ой тилип өттү.
Тилек супсулуу келинчегин ойлуу карап отурат да, анан оор үшкүрөт. Анын согончогуна чабылган олоң чачын ойлуу сылап, бирок, кыялы алаканындагы чачтан алыс башка жакта жүргөндөй. Он күндөн кийин күйөөсү жумушка чыкты. Тилек жумушка чыкканы Айкызы тиричиликке, түйшүккө баш-оту менен чөгүп кетти. Барган жери чоң короо, бардар жер экен, конок үзүлбөйт. Кечинде келген жолдошуна эркелегиси, сүйлөшкүсү келет, бирок, ал да алда кандай өзү гана билген бир ою, жүрөгүн жеген санаасы менен алектей муңайым. Бир күнү Тилек жумуштан кеч, бир аз кызуу келди. Төшөктүн аягына отуруп жатып шуу үшкүрдү. Бул үшкүрүктө ченегис күйүт бар эле.
– Мен сенин периштедей сулуулугуңду көрүп, “мындай сулуунун жүрөгү бош эмес болсо керек, мен ала качсам мени теңсинбей, жактырганым башка деп олтурбай коёт, анан мен өзүмдүн жан биргемди алып келем” деген максатта ала качып келгем. А сен менин карыган апамды аяп отуруп калдың. Мына, сага да көнүп баратам...-деди үнү калтырап. Ошондо Айкызы жаагына аккан ысык жашты сезди. Мындай сөздү эч бир адам укпасын. Айкызы да солкулдап ыйлап жатты. Көз алдына Гүлжигиттин саргая жолун карап күткөнү, куду Тилектей болуп соолуп ичтен сыза ыйлаганы элестеп жүрөгү тилинди. Келин өзүн ээн талаада жалгыз калгандай сезди.
– Неге ушул сөздү ала качып келе жатканда айтпадың? Азыр кайда сен жакшы көргөн кыз?-деди жүрөгү жарылып кетчүдөй ачышып.
– Ал шаардык кыз. Апам ал айылдын турмушун алып кете албайт деп асман айдан кетип макул болбой койгон. – Тилек жаш баладай ич-ичинен сызып ыйлады. Азыр эң аялуу буюмун зордоп алып койгон баладай алсыз, чарасыз, күйүттүү эле күйөөсү. Эркектин ыйлаганы аялдын ыйынан миң эсе оор, миң эсе аянычтуу болоорун Айкызы ошондо жан-жүрөгү менен туйду.
Айкызы таң атканча уктаган жок. Сыягы, күйөөсү деле уктабады көрүнөт. Улам-улам ийининен туна оор үшкүрүп жатты. Ошондон баштап азаптуу түндөр башталды. Күйөөсү уктап жатып “Айгүл, мен сени сагындым, таарынбачы” деп сүйлөп, кээде ыйлап чыгат. Андайда Айкызы Гүлжигитти эстеп көз жашы менен жаздыкты сугарат. Экөө бир жаздыкта жатып эки башка жанга куса болгон күндөр өтө берди. Арадан эки жыл өтүп уулдуу болушту. Бирок, Тилек Айгүлүн, Айкызы Гүлжигитин унуткан жок. Айырмасы Айкызы Гүлжигитти бир да жолу Тилекке айткан жок, а Тилек Айгүл тууралуу тим эле жомок күндөрүн, кайталангыс ажайып кезди эстеп жаткансып өрөпкүп айтып берчү. Андайда күйөөсү тим эле кыздай жароокер, баладай кыялкеч болуп кетээр эле. Анан ошондой эскерүүдөн кийин экөө кээде жумалап сүйлөшпөй калышчу. Андайда аларды күнөөсүз наристе гана алаксытчу. Тилек жанда жок баласаак ата болду.

#304 08 October 2016 - 17:40
Турмуш өз нугунда улана берет тура. Айкызы менен Тилек эки башка ой-санаа, кыял менен, бирок, бир чатыр алдында чогуу түтүн булатканына үч жылга аяк басып, өз алдынча бөлүнүп чыгышты. Жүрөктөгү сезимдер унутулбаса да эскирип, жашоо бир калыпка түшүп баратты. Жаңы үйгө көчүп чыккандан кийин дагы бир уулдуу болушту. Тилек эми таптакыр эле балдарына алаксып, Айгүл тууралуу мурдагыдай кеп кылбай калды.
Арадан тогуз жыл өткөндө Айкызы Гүлжигитти кайра көрдү. Эртең төркүнүмө барып келейин деп камданып кеч жаткан. Ошол түнү түшүнө Гүлжигит кириптир. Экөө баягыдай эле Айкызынын жумушунан кайткан чоң жолдо катар басып келе жатышыптыр. Гүлжигиттин өңү негедир даана көрүнбөй айнек идиштин ары жагында тургандай күңүрттөнүп, Айкызынын кусалуу караган каректери гана даана көрүнөт. Чочуп ойгонуп кетти да, “көптөн бери түшүмө кирбей калды эле, бул эмнеси?” деп жүрөгү дикилдеди. Ошол бойдон уктай албай туруп кетти да, таң эрте жолго чыкты. Автобекетке жеткенче алда неге оолугуп барды. “Үйдү сагынып калыпмын” деп ойлоп койду өзүн жооткотуп. Үйүнө кетчү автобуска түшүү үчүн тааныш аялдамага өтүп баратып да жүрөгү опкоолжуй булкуп алды. Негедир автобус кечиккен сайын көөдөнү толуп тыпырай берди. Бир кезде өзүн көздөй басып келе жаткан караанды көрүп чочуп кетти. “Гүлжигит” деди бул ысык жандын сүрөтүн али өзүнөн өчүрбөй жүргөн каректери жигитти дароо таанып.
Жигит куду түшүндөгүдөй кусалуу карап келе жатты. Анын жаш толгон көздөрүн гана көрүп турду келин. Гүлжигиттин бою, жүзү жамгыр жууган айнектин ары жагында тургандай булаңгырланып жакындап келе жатты. Аралык да алыстап кеткендей сезилди.
– Кандайсың?-деди каргылданып.
– Көрүп турбайсыңбы, өзүңчү?
– Мени Кудай алат дейсиңби?.. А сен мен ойлогондой келин болупсун. Сени издеп сегиз жыл үйлөнгөн жокмун, а сен болсо...
Гүлжигит андан ары сөзүн жутуп, саамга жер карай тунжурап демине тумчукту. Анан каргылдана кайра улантты:
– Айтчы, Айкызы, мен эмнемден жаздым? Башкага жар болордо неге мени ойлободуң? Апамдын үйлөн деп зарыкканына, ага-эжерелимдин кыйнаганына карабай сени күтпөдүм беле, а сен мени алдап жүрдүң беле? Эмнемди чанып башкага макул болдуң? Жашырбай айтчы, ушул суроолор мени тогуз жылдан бери эзип келе жатат. Жообун өз оозуңдан угайын. Сенсиз күнүм өтпөсүн билчү элең го...
Айкызы эмне деп актанаарын билбей көзүн ала качты.
– Мен кетейин, автобусум келип калды,-деди алыстан келе жаткан автобусту көргөн келин калтыраган үнүнө ээ боло албай.
– Дагы келет,-деди Гүлжигит келинди колдон алууга батынбай. Анан Айкызыны карап туруп ойлуу кобурады:
– Жамалың жайнап турган менен көзүң ыйлап турат, жашооң ойдогудай эмес окшойт ээ, менин армандуу махабатым...
Ушул сөз, анан ушул арман чөккөн оор сөздү коштогон кошоктун доошундай муңдуу үн келиндин жүрөгүндө түбөлүккө калды.
– Эми артка жол жок, Гүлжигит, мен кетейин...
– Жок дегенде номериңди калтыр, абалыңды билип турайын. – Айкызы бул сөздү укмаксан боло автобуска түшүп кетти. Бирок, ушинтип кете берүү канчалык оор болгонун азыр да эстесе ийини кайышат. Ийини гана эмес, жүрөгү кошо кайышат.
Анан эле заман аңтар-теңтер болуп элдин баары куду мекен алдындагы ыйык милдетти аткарууга бараткандай агылып сыртка чыга баштады. Айылдардан да согушка жөнөгөндөй топ-топ жаштар жөнөп, көчөлөр бош калды. Элдин шары менен Тилек да Москвага кетти.
Бир жылдан кийин күйөөсү келди, бирок, өзгөрүп келди. Сагынып эмес, жатыркап келди. Куду баягы алгачкы баш кошкон жылдардагыдай суз тартып, ойго чөкчү болуп алыптыр. Бир күнү шыпты карап жатып акырын кобурады:
– Айгүл да Москвада экен, чакырды, бирок, барганга даабадым,-деди да анан өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып муңдуу кобурады: - Эки жолу турмушка чыгып, бирок, бактысы ачылбаптыр. Жакшы адам, бирок, бактысыз. Мен аны дагы эле унута албай жүрөм.
Айкызынын жүрөгү сыздап чыкты. Бул адам дагы аралашыптыр да турмушуна. Тынчып калгандай, унутулуп калгандай болбоду беле? Тилин тишине катып унчуккан жок. Он алты жыл өткөндөн кийин да тыйылбаган, сезимдери унутулбаган немелерди азыр бирдеме деп тыйып коюу мүмкүн эмес эле. Келиндин тээ көңүл түпкүрүндө дил муздаткан кайдыгерлик ойгонду. “Маңдайга жазганын көрөбүз да, балдарынын кашында аман жүрсүнчү деги” деди ичинен.

#305 08 October 2016 - 17:42
Акыры Айгүл менен жолукчу күн да келди. Айкызы Айгүл алысыраак абысындарынын сиңдиси болуп кетээрин уккан, бирок, тагдыр аларды бир да жолу бет келтирген эмес эле. Тилектин абасынын уулу үйлөнүп, Айкызынын каршы болгонуна карабай баары жаалап эки жашты коштоп жүрчү жеңе катары кошуп коюшту.
– Жеңе, жүрүңүз, мен сизди өзүм сулуулук салонуна алып барам,-деди жүзү албырган кайниси. Ушул кайниси жеңесине өзгөчө жакын. Айкызы келгенде мотурайган кичинекей бала эле. Келинди кайда барса этектеп ээрчип алчу.
– Койчу, уул, салону жок эле чыгам. Ары, мындагы толгон жумушту ким кылат?-деди Айкызы тартынып.
– Сизден башкасы да жетишет,-деп ой-боюна койбой алып кетти. Салондон чыкканда Айкызыны суктана тиктеген кайниси:
– Кандай сулуусуз жеңе! Мен келинчегимди сизге окшотуп тандадым,-деди үнү дирилдеп. Айкызынын карегине жаш айланды. Тилек бир да жолу ушинтип айтпаптыр.
Тойго келген туугандар менен учурашып жаткан аксаргыл толук аялга Айкызы оболу маани берген жок. Анын негедир улам карап жатканын элес албай ичинен “дагы бир туугандар го” деп ойлоп, баш ийкей учурашып койду. Кийин дагы Айкызы жанагы аксаргыл бейтааныш аялдын өзүнүн караанын кайтарып көз албай карап жатканын байкады. “Бул эмне мынча эле карайт?” деген ойдон жүрөгү түпөйүл боло түштү. Той бүтөр бүткөнчө аял Тилек менен сүйлөшүп, анын жанынан чыккан жок. Ал Тилек менен сүйлөшүп жатып атайын Айкызыга көрсөткүсү келип, а күйөөсү болсо тескерисинче көзгө түшүүдөн качып жаткансыды. Той бүтүп калганда жанагы аял Айкызынын жанына келди да:
– Сен Тилектин келинчеги турбайсыңбы ээ?-деди кермек үн менен.
– Ооба,-деди Айкызы токтоо.
– Мен Айгүлмүн. Биз Тилек экөөбүз сүйлөшсөк сен кызганбачы, биз жаш кезибизден бири-бирибизди жакшы көрөбүз,-деди келинди көз албай карап. Айкызынын жүрөгү бир булка тыз этип алды. Тилине ушундай бир ачуу сөздөр келди, бирок, ичинен “ушу менен урушуп кадырымды кетиремби? Башынан көңүлү бербеген немени кантип эми тыймак элем?” деп тилин тишине катты. Сыр алдырбай ууртунан күлө тике карады да:
– Менин күйөөмдөй мырзага эки аял көптүк кылмак беле, сүйлөй бергиле,-деди кашкайып. Айгүлдүн өңү бозоро түшүп чыгып кетти. Ошол күндөн баштап Тилектин жоголмою көбөйүп, кээде күндүзү эле Айгүлдүн үйүнө барып, анын кандай иши болбосун эл көрөт, кеп кылат дебей аткарып берчү болду. Айкызы баарын ичине катты. Корккону эле бой тиреп, анча-мынчага акылы жетип калган балдарына билинип калбаса деген ой. Чоң уулу го болпоюп баёо, кичүүсү баамчыл, намыскөй.
Акыркы кезде Айкызынын бутунун манжаларынын арасы ысык суу куюп жибергендей ачышып ооручу болду. Алгачкы кезде аксап басып, бара-бара таяк менен араң басып калды. Ошондо да күйөөсү бир жолу не болуп жатасың дебеди. Ал бул үйгө тек гана келип-кетип жүргөн жат кишидей. Айкызынын оорусу ал үчүн маанисиз нерседей. Качан баса албай калганда ооруканага барды. “Муундардын арасында шишик бар, алдырбасаңар улам өсө берет, бирок, алдырганда деле өспөйт деген кепилдик жок” дешти дарыгерлер. Айкызынын жүрөгүн оорутуп жүргөн Тилектин жоругу маанисин жоготту. Айлап ооруканада жаткан келин динге ооду. Ал жөлөктү намаздан таап, намаз окуган сайын дили тынчтанчу болду. Оору менен ооруканадагы окшош күндөрдөн күн өтпөй жүргөн келинге Тилек анда-санда гана чалып койгону болбосо, басып келген жок. Шылтоосу эле айылдагы тиричилик.
Бир күнү интернетке кирип отуруп достор айланасында деген сайттан Канат менен таанышты. Бул билимдүү, сөздү таба билген адам Айкызыны алаксытып, көңүлү анын акылдуу сөздөрүнөн тынчтанып, ошол сөздөр кусалыгына кадимкидей аралжы болчу болду. Баарынан да ал бир кездеги арманы Гүлжигитке куюп койгондой окшош эле. Бир күнү ал адам жолугууну сунуш кылды.
– Жок, болбойт!-деди Айкызы токтоосуз. Анткени, андан Гүлжигитти көрүп, караан талашып жүргөн Айкызы жолукса эле бирдеменин үстүнөн чыкмак.
Айкызы операция болду, наркоздон ойгонуп-ойгоно албай жаткан Айкызы бирде Гүлжигитти, бирде Тилекти көрүп, куду чын дүйнө менен жалган дүйнөнүн ортосунда учуп жүргөнсүдү. Келин үч күн дегенде өзүнө келди. Уулу менен таежеси гана каттап жатышты. Кайынсиңдиси, эжеси кезек менен карашты. Бир күнү “сизге бир аял келди, сыртка чыксын деп жатат” деди кайынсиңдиси кандайдыр тынчсыздангандай карап.
– Кире бербейби,-деди Айкызы алсыз. “Ким болду экен? Мени сыртка чакырышчу эмес эле” деген ойдо сыртка кайынсиңдисине жөлөтүп чыккан Айкызы Айгүлдү көрүп кадимкидей ичиркенип кетти.
– Кандайсың, Айкызы? Жакшы болуп калдыңбы?-деди муздак.
– Кудайга шүгүр, жакшымын.
– Тилек келип жатабы?-деди кеп арасында Айгүл табалай карап.
– Анын келген-келбегенин сиз деле билесиз да, неге сурап жатасыз?-деди Айкызы ызасын араң жутуп.
– Айкызы, бир кезде мен ыйлап, мен күйгөм, эми сага кезек келди. Албетте, биздин айрылуубузга сен күнөөлүү эмессиң, бирок, себепкерсиң. Тилек экөөбүз нике кыйдыралы деп чечтик, уруксат бер. Мага толук күйөө болуп бербей эле койсун, бирок, келип турсун,-деди эч тартынбай. Айкызы бул сөздү эртеби-кечпи угам деп даярданып жүрсө да жүрөгүнөн бирдеме үзүлүп кеткендей көңүлү караңгылап кетти.
– Бул аракетиңерди бир канча жыл мурда кылсаңар болмок. Тилек кандай болгондо да менин ак никелүү күйөөм, ал кишини мен да жакшы көрөм. Ал бүлөгө жакшы караган, адамга катуу сүйлөбөгөн жан. Эгер Тилек да ушуну кааласа, мен каршы эмесмин,-деди ыйлап жибербейин деп кармана тиштенип. Айкызы мындан башка аргасы жок экенин жүрөгү сөгүлүп сезди.
– Мен кетейин, сенин алдыңдан өтүп коёюн дедим да,-деди тике карап. Айгүл качан Айкызы ыйлап жиберет экен деп карап тургансыды. Айкызы жаркырай күлүп турду, бирок, буттары, денеси калчылдап чыккан эле.
– Мейли, жакшы барыңыз, бактылуу болгула...
Айгүл шарт туруп басып кетти. Негедир толук ийиндери титиреп ыйлап бараткансыды.
Айкызы канчалык ордунан турайын десе да шалдырап тура албай отура берди. Негедир ушу азыр баарын ким бирөөгө айтып ыйлап алгысы келди. Анан дароо эсине сайттан тапкан досу Канат келди. “Мен алардын алдында мынчалык басынгыдай эмне күнөө кылдым? Жашагым келбейт” деп билдирүү жазып жибергенин өзү да байкабай калды. Дароо эле “сабыр кыл, мен жумуштан бошодум, азыр барам” деген жооп келди. Айкызы биринчи жолу жат эркекке жолугуп жаткан. Бирок, негедир азыр мунусун күнөө деп эсептегиси келген жок, бул жоругуна өкүнбөдү. Ичкери кирбей күтүп отура берди. Алыстан келе жаткан караанды көрөрү менен Гүлжигитти көргөндөй сезим келди. Өпкөсү көөп, тамагына жашы кептелди. Куду бирөө ызалап коюп апасына даттанганы күтүп отуруп, анан болушарын көргөн баладай ыйдан аптыкты. Жат киши эмес жакыны келгендей эреркеди.
– Кандайсың?-дегенде эле жаагы ылдый жашы жүгүрүп, ийиндери титиреди.
– Мен бул адамга бүт өмүрүмдү арнап, сүйүүмдү курмандыкка чалбадым беле. Мени эң жакын адамым сатып кетти, эми кимге ишенип, кантип жашайм? Алты саным соо болгондо ушинтсе да мынчалык катуу тиймек эмес. Мен өлүм менен өмүрдүн ортосунда чабалактап жатканда ал сүйүүдөн көзү тумандап балдарын унутуп, менин абалымды сурап койгонго жараган жок. Эми тигинисин жөнөтүптүр, -деди солкулдап.
– Ыйлаба, сабырдуу бол. Алла бул жашоодо кыйналгандарга акыретте жакшылык берет. Алла тагдырыңа ушуну жазса аргаң жок. Мен башка эмне дей алам, адамга акыл айтуу оңой, бирок, башыңа келген кайгыны, түйшүктү көтөрүүдөн оор нерсе жок. Кудай сага сабыр, акыл берсин,-деди жумшак. Негедир Айкызыны бир да жолу баш көтөрүп карабай, жумшак үн менен хадистерден айтып көпкө отурду.
Айкызы бөлмөсүнө кадимкидей жеңилдеп, көңүлү тынчтанып, көкүрөгү сууп кирди.
Бүгүн Айкызыга күйөөсү телефон чалды.
– Кандайсың?-деди мукактанып. Негедир бирдеме айта албай жатканы туюлуп турду.
– Жакшы,-деди Айкызы. Жүрөгү тез-тез согуп, буттары калчылдап кетти.
– Жакшы болуп калдыңбы?
– Кудайга шүгүр, жакшымын, балдар кандай?
– Жакшы.
Айкызы кеп акырын күттү. Азыр күйөөсү “биз нике кыйдырдык” деген сөздү айтат го деп ойлоду. Айтса ага да даярданып карманды. “Балдар эле билбесе болду эле” деп тынчсызданды.
– Айкызы, мени кечир, мен иттик кылдым. Баары өткөн нерсе тура. А мен азыркы эмес, баёо кездеги жайдары, күлкүчү, эрке, наздуу, мен сүйгөн Айгүл менен жашап жүрө берипмин. Ошол элес мени сокур кылып, жанымдагы чыдамкай, таза, акылдуу, жумшак сени байкабай жүрүпмүн. Качан Айгүл “көп сүйлөбөчү, дабдырап ардемени айта берет экенсиң” деп какканда бир сындым. Анан ишене албай “адашты го” деп жүрөгүмдү жооткоттум, өткөндөн айрылгым келбеди. Кайра эле “мен сүйлөп жатканда сен жөн турчу” дегенде гана жыйырма жылга жакын жашап бир да жолу какмак тургай тике карабаган сени эстедим. Колуңдан келсе кечир мени, асылым,-деди да трубканы коюп салды.
Бул дагы турмуштун не деген сыноосу эле?..
(Аягы)
Айжаркын Эргешова

#306 08 October 2016 - 18:29
УЛАНБАЙ КАЛГАН ӨМҮР
– Кечир… Кечириңиз! .. Кечирип койчу-у-у. Кызыл нуру улам тарап бараткан күндү чаңынан бозоргон кир айнектен үмүттүү караган Айзада жанында кыбыр эткен жан жок болсо да жалынычтуу үнү менен алда кимден кечирим сурап турду. Алда немеден кечигип калчудай аптыгып, шашканынан тили чулдурай түшүп кечирим тилейт.
– Кечиргилечи- и!.. Кечиргиле, кечиргиле…
***
Заңгыраган чоң үйдүн сүрдүү дарбазасы кыйч этип аста ачылып Айзаданын коркок карааны кылак этти. Эгер азыр апасы дени сак кадимкисиндей басып жүргөндө, кызынын алдынан тосо чыгып адаттагысындай башынан суу тегеретип төгүп жайылган дасторконуна жетелемек. Анан анын бүгүнкү коёндой элеңдеген көзүнө үңүлүп бир апта ичинде неге мынчалык арыктай түшкөнүн сурап, каны качкан жүзүнөн сылап, жалтактап калган мүнөзүнө дароо ой жорумак. Көз ирмемде ушулар оюна келе калган Айзада бакыраң көзүнө жаш тегеретип тутканы кармаган калыбында ката түштү.
– Ой, мында белеңиз… Мен байкабай калбадымбы… - колу таштанды чакадан бошобогон үй кызматчысы эшикти катуу түртүп алганы үчүн ыңгайсызданып өзүнөн кичүү кыздын алдында жалооруп жиберди. Айзада адаттагысындай ачуусун бүркө салып, анан кайра тарс жарыла каткырып үйгө кирип кетет деп ойлогон. Бирок аны биринчи ирет таңдандырып да, ыраазы кылып Айзада бул жолу сылык гана:
– Эч нерсе эмес. Апам кандай? - деди.
– Жакшы, жакшы эле. Сизди көрсө кубанат го? Кириңизчи? – узак убакыттан бери жанындай көргөн сырдаш кожойкесин оорудан арачалап калууга бар аракетин кылып калдастап жүргөн үй кызматчысы Айзаданы көрүп апасынын кубанышын чын дилинен тилеп жиберди. Бирок Айзаданын апасынын үйүнө болгон бул жолку сапары анын акыбалын суроодон да чоң маселе үчүн болуп отурганын ал билбейт. Кечээки санаалуу ойлорго толгон уйкусуз түн Айзаданы ушул үйгө жеткиргенге гана араң жарады.
***
Кечирим сурап ыйлап отуруп бөлмө көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп кеткенин аңдабаптыр. Шаша туруп эле ашканага жетип текчелерди аңтарып уксусту колуна алды. Жок! Жан чиркин ушундай таттуу тура. Ойго батып башын мыкчып дагы далайга отурду да, балконго жетти. Тээ төмөндө зуулдап, шуулдап өткөн машинелердин үнү кандай коркунучтуу. Алардын арасында кызыл жаян болуп жатканын эстеп алып керебетине башын ката жата калды. Эми туруп ваннанын суусун шаркырата агызып койду да, болкулдап соккон күрөө тамырын кармап отуруп кайра башын үмүттүү көтөрдү. Эбак өчүрүп, ыргытып салган кол телефонун таап шашыла жандырды. Анан баскычтарын улам кайталап басып он мүнөтчө отуруп күткөн адамынан чалуу да, кат да болбогонуна көзү жеткенде бир эчкирип алды. Бирок азыр көзүнөн тамчы да жаш чыккан жок. Керебетине кериле жата кетти да, ток ургандай кайра секирип турду. Айзаданы атынан атабай айды алып берүүнү убада кылган жан менен канчалаган кумарлуу түндөрдү өткөргөнүнө ушул керебет күнөөлүүдөн бетер бир муштап, анын жыты калган жаздык менен шейшепти туш келди ыргытып салды. Эми акырын жерге бутун кере жатты да, назик колдорун калтыратып барып курсагына абайлап тийгизди. Ысык алаканы өзүнө жагымдуу болуп, жүрөгүнүн тереңинен кубанып алды. Кумсарган жүзүнө күлкүнүн изи түшүп, колдору кантип курсагын берилип сылап калганын байкабай калды өзү.
– Таарынбай турчу. Биз сени күткөн эмеспиз да… Айрыкча ал… Ал мындай болушун каалачу эмес да. Эми мен дагы… - Айзада аккан жашын аптыга жутуп шыбырын улады, - эми мен дагы сени куткара албайм. Эки айдан бери апам оорулуу. Бир ай мурун аны доктурлар чыгарып берип коюшту… Атамдын эрке катынына өчөшүп үй алдырып, апамды жалгыз таштап бөлүнүп кеткеним аз келгенсип эми апама минтип калганымды айтсам, ал кандай абалда болот? Үү-ү-ү-ү… Апам байкушта абал деле калган жок. Эми ал мени таштап кетет. Биротоло таштап кетет. Анан мен жалгыз калам. Атам болсо мени айда-жылда бир эстейт. Акмактар! .. Тиги да мени алдап кетти. Алдамчылар! - Айзада бүгүн гана кабардар болгон курсагындагы эки айлык түйүлдүгү менен сүйлөшүп атканын унутуп улам сайын ачууга алдырып баратты.
Жайдын кыска түнү узап, таң агарып калган экен. Али бир жыйынтыкка келе элек болсо дагы ордунан турду да, машинесин зуулдатып шаар четиндеги айылда аны ар дайым кубанып тосуп алчу апасына сырын төкмөккө ашыгып жөнөдү. Азыр анын ооруп атканын, улам сайын алсырап баратканын билгиси келбей демейде жерип турчу эркелетүүсүн самап баратты.
***
Керебетте ак шейшептен өңү айырмаланбай жаткан апасынын оор абалын жакындан көргүсү келбеген кыз босогого боюн сүйөп көпкө турду. Кыш-кыш эткен деми бөлмөнү жаңырткан апасы кызынын мында экенин туя албады. «Апа, мен кош бойлуумун. Менин ичимде тирүү жан бар». Апасына айтайын деген кабары жакшы же жаман экенин билбей туруп ушул сөздөрдү ичинен кайталап жатып «тирүү жан» дегенде оюнан селт эте чочуп кетти.
– Бүгүн абалы башкача оор. Жанына барып жакшы сөздөрүңдү айтчы. Түнү менен сени чакырып «садагам ай, берекем ай» деп эле жөөлүп чыкты. Бирде сени эркелетип, бирде сооротуп эле атты, – жанына катар туруп жалынычтуу үнү менен кеп баштаган үй кызматчысы Айзаданын жаңы гана башталган оюн чачыратып жиберди.
Апасынын жанына учуп жетип бетинен өөп, «апакелеп» жалбарды. Канчалык жаны кейип турса дагы Айзадасынын амандыгына сүйүнүп, аны бооруна бекем кыскысы келген менен курган эненин дарманы ага келген жок. «Эч болбосо бир ооз сөз айтайын» дегендей канчалык оозун таптаса да сөзү угулбады. Апасынын ушундай оор абалга кептелгенин адатынча алгач атасына оодара салды да, анан башын шылкыйтып оор улутунду кыз.
Ар дайым көкүлүнөн сылап туруучу апасынын сулуу колдору ийри-буйру болуп ичкергенине ишенгиси келбей калч-калч эткенин баса алар бекем дегендей колун акырын улам бир жерге жылдырып, бекем кармап үнсүз отура берди. Ойлогон сөздөрүнүн бирин да айттырбаганга тырмышкансып алкымына ачуу жаш кептелип, кетпейт. Минтип канча отурганы белгисиз. Качан гана үй кызматчысы келип ашканага чакырганда ордунан козголуп, апасынын бетинен өөп койду да, чыга жөнөдү. Жүзүнө мээрим уялаган, ар дайым камкор аялдын «тамак ич» дегенине карабай кайра шаарга бет алды.
***
Жол бою тынымсыз ар кимге коңгуроо кагып, биринен сала бирине чалып жамгырдай жааган суроолоруна кыска, орой, бирде шылдыңдуу жоопторду угуп атты. Чириген байлыктын курмандыгы болгон ата-эненин эркеси биринчи жолу оюндагысындай болбогон жоопторду каяшасыз калтырып, биринчи жолу коркутуунун ордуна коркуу сезими менен баратты.
Күүгүм талаш көп кабаттуу эски үйлөрдүн алдына келген Айзада телефонунун жанын койбой баскылап кимдир бирөөнү күтүп турду. Түн ортосунда жанагы эски кабат үйдөн чыгып, темтеңдей басып машинесине жетти. Күтүүсүз келген коңгуроодон чочуп караса үй кызматчысы экен. Ал анын жаңы эле кылган кылмышын карап туруп эми баарына жар саларын айтканга чалып жаткансып жүрөгү оозуна кептеле түштү. Машинесине уурданып отуруп телефонду үнсүз абалга койду да, башын рулга катты. Тушундагы телефондун жаны тынбай үнсүз жанып-өчкөнүнө кыжырлана аны машиненин артына ыргытып салды да, айнектен асманга үңүлдү. Айзаданын асманга карек кадашын күтүп тургандай ошол замат балбылдаган бир жылдыз шуу этип учуп, артында калган кыска изин заматта жашырып алды. Ага удаа алыстан үлүрөйгөн бир жылдыз да зуу койду. Анын жылтылдаган узун куйругу улам сайын өчүп баратты.
Айзада болсо апасынын өмүрүн улоочу жаш данекти жок кылганын сезбей, ал тууралуу капарына да албай отура берди. Жүрөгүнүн алдында жарык жашоого умтулган ал бейкүнөө наристе менен кошо жаш жаны бул өмүрүндө эне болуу бактысынан биротоло ажыраганын туйган да жок.
Гүлайым Калыбекова

#307 08 October 2016 - 19:14
ЭМИ КИМГЕ ЭРКЕЛЕЙМ.
- Эркелик менин эң сыймыктуу мүнөзүм эле. Анткени табият мага эркеликти укмуш берген. Ата-энемдин жалгыз эрке кызы, байкелеримдин тентек бир боору болуп өстүм. Бул мүнөзүмө жараша жакындарымдын баары көзүмдү карап турушкандыктан кийин жеңелеримдин чоёктогон кызыкеси болдум. Мен жашоомдогу бул керемет учур дайыма уланат деп ойлочумун. Жаңылыптырмын. ..
***
21-жазым келди. Адаттагыдай ата-энемдин мага арнаган акчасын чачып, шаарда ордун таап калган байке-жеңелеримдин бирин калтырбай ойлонтуп туулган күнгө камынып калдым. Менин жалгыз жумушум – аларга чалып кайсы иш кандай бүтүп атканын билүү, жаңы нерсе самап калсам аны таптыруу. Бир жума бою ушинтип убакытты өлтүрүп ар бир саатта кие турган көйнөгүм, чач жасалгамды пландап, анан кимге кантип учурашам, кимге кантип жылмаям, күзгү алдында машыгуу менен алек болдум. Мен күткөн күн да келди. Меймандарымдын ар бири менен кучак жая көрүшүп, белектерин алып кубанычым ташып атты.
Сени ушул кечте кезиктирдим. Тамашасыз сүйлөбөгөн тайпалашымдын кыл өтпөс досу экениңди тааныштырып, токтоо куттук узаттың. Сенин мынчалык олуттуу экениңди жактыра бербедим. Кече көңүлдүү уланып, баарыбыз бир күү менен кубанычка оролуп бараттык. Мен сүйгөн бийге кезек келип ортого түштүм. Эч ким батынып жандай электе мени менен тирешкенден бетер ортону талашып бийге кирдиң. Мага бийлегениң жакты. Түйүлө түшкөн кабагым ачылып, сага тең тайлашууга болушунча аракет кылдым. Мен тарапта кыздар канчалык көп болсо, канчалык чуу түшүп сүрөөнгө алышса да сен жеңип кеттиң. Сен мага жагып калдың.
***
Ушул кеч ак жолтой болуп биздин таанышуу жакындан абал сурашууга, андан ынак мамилеге айланып баратты. Анчейин маанилүү эмес жумуштардын шылтоосу бизди көп кезиктирди. Андай ар бир жолугуу сайын мен өзүмдө бир оору күчөп баратканын сезе баштадым. Ал оорум сен болдуң. Сен эми мени эркелетип, менин миң түркүн кубулган кыял-жоругума чыдагандардын катарына кирдиң. Биздин ынак мамиле ысык сезимге айланды.
***
Сенин токтоолугуңду менин шайырдыгым, менин тентектигимди сенин көтөрүмдүүлүгүң толуктап бир жылды артка калтырдык. Жакын досуңдун жакшылыгына бирге барарыбызды айтканыңда кубанганымдан бир орунга турбай калдым. Ошол сааттан баштап конокко даярданууга кириштим. Өзүмдү жомокко каарман болчу куурчактай жасантып сени күттүм. Кезигип чоң көчөгө бастык. Таксиге аялдама жактан отурабыз го деген ойдо элем. Сен болсо ал тууралуу ойлонуп да койбой “маршрутка күтөм” дегениң чыны жинимди келтирди. Таксиге акча жок экенин айтып же менин “мен төлөйм” дегениме көнбөгөнүң ого бетер кыялымды курчутту. Жол боюнда кырка тизилген таксилердин бирине отурдум да, эшикти тарс жаптым. Машина жылары менен сенден дарек жазылып, аягында “мен барып калам, күтүп тур” деген смс келди. Мынча камынып алып, кайра үйгө шүмүрөйүп кирип баруу уят болгон үчүн гана катыңа макул болдум. Жарым саат кечигүү менен артымдан келдиң. Сенин суранычың менен жаркылдап отуруп, жакшы маанай менен кайтуубуз керек экенин макулдашып конокторго аралашып кеттик. Отуруш таңга чейин созулду. Кайтууга келгенде таң толук агарып автобус, маршруттар жүрө баштаганда гана үйдөн чыгарыбызды айттың. Коноктордун артында калып антип жүргүм келген жок. Такси чакырдым да, кетип калдым.
***
Ал күнү кечке сага болгон жиним тарабай жүрдүм. Эртеси таң менен акыбал сурап чалып же кат жазышыңды күтүп баштадым. Жоксуң. Чыдамым кетип чалгым, жазгым келгени менен эрким жетип мен сага ийиле алган жокмун. Үч күн өттү. Сени сагындым. Эмне мынча көгөрдүң? Бир эле кадам кылчы, мен сен айтканды аткарайын... Бирок менин бул оюм жарым ай кайталанганы менен ишке ашкан жок. Биздин жалпы тааныштар арасында экөөбүз тууралуу кептер кете баштаптыр. Мага жеткендер сага да жетсе керек. Кандай абалда экенибизди билгиси келип, мамилебиздин чын-бышыгына чыккысы келген эле жандар. Алардын алдында муңайым тартып, бышактап отургум келбей ар түркүн шылтоолорду жаадырам. Күткөнүм - сенин катың.
Таң менен туруп сенден кат келгенин көрүп жүрөгүм жарыла жаздады. Көргөнүм түшүм болуп калбагай эле деп шашып кеттим. Кубанып катыңды ачтым да, башка чапкан немедей шагым сынып отуруп калдым. “Биздин мамиле бүтпөдү беле. Эми мен тууралуу жалган айтпа”.
***
Бир жума бүк түшүп жаттым. Эч кимге эч нерсе айткан жокмун. “Айтпа” дебедиңби... Билесиңби, сени тапкан бир жылдан ашык убакыт ичинде мен баарын сендик кылып салыптырмын. “Кыз киши үйүнө конок болот”, “кыз – душман” деген ушул го дедим. Ойлонуп сереп салсам, сени таап, сага эркелеген күндөн баштап ата-энеме, бир туугандарыма болгон эркеликтин нугун толук сага буруп салган экенмин. Сен бөксөртүп кеткен жан дүйнөмдү толтуруу үчүн аларга башымды катып жылуулук алайын дегеним менен таптакыр анте албай койдум. Мен эми кимге эркелейм?..
Диана

#308 08 October 2016 - 21:02
ЖАМГЫР БИЙИ
Тармалданган капкара чачы ак куба жүзүнө жабышкан жаш аял кең аянттын ортосунда өзүн унутуп жамгыр менен кошо бийлеп жатты. Жамгырга суу болгон көйнөгү солкулдаган боюна жабышып адеми мүчөсүн, бир тутам белин ансайын сымбаттуу көрсөтөт. Шатырата төккөн жамгырдан калкалана качып ары-бери өтүп бараткан адамдар аялды таң кала карап, кээ бирлери шылдың аралаш коштоп ышкырып коюшат. Жаш аял мунун бири менен да иши жок, өзүнө гана белгилүү башка ааламда жүрдү. Аңгыча элеңдей баскан орто жаштагы буурул чач аял келди да келинди оболу колдон тарта четке тартып, ыгына көнбөй боюн таштай чалкалаган аялдын кулагына бирдемелерди шыбырап жоошутуп жатты. Жаш аял бир топто тынчтанды. Анан улгайыңкы аялдын арык ийинине башын жөлөй жетегине көнүп, аял титиреген келиндин ийнине күрмөсүн жаап, бооруна кыса кучактап четке жетеледи.
– Ал келген жок,-деди жаш аял муңкана.
– Жамгыр жаап ийбедиби. Келет? каралдым, жамгыр басылаары менен келет.
– Ал жамгырда да келчү,-деди жаш аял ыйлап сооронгон баладай солуктап.
Картаң аял жаш аялдын суу болгон саамайынан сылай унчукпай шуу үшкүрдү.
***
Суусар бой жеткени алда кандай улуу сезимди күттү. Кызга арналып жазылган далай каттар, ырдалган ырлар да Суусар көксөгөн сезим эместей умсунуп, бейтааныш жанды эңседи. Сары изине чөп салган далай жигиттер сулуунун бир ирмем көз карашына зарыгып, бирок, бири да негедир жооп ала албай бозорду. Суусар кыялындагы адамды шаардан жолуктурам деген менен андай адам негедир зарыктырып көпкө жолукпады. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган кызды университетке калтырмак болушту эле апасы асман айдан кетип:
– Кагылайын, сен шаарыңда калсаң мен ээн үйдө соксоюп куурабаймынбы. Жаныма эле кел,-деп кулагына кумдай куюп жатып айылга алып келип алды. Эне-бала бири-бирине эш болуп эртели кеч кобурашкан менен Суусар алда неден буулугуп жалгызсырачу болду.
– Сукентай, өз теңиңди тапсаң болот эле, каралдым. Мен да көңүлүм тынчып кетет элем,-деп муңканат апасы кызы экөө сырдашкан узун түндөрдө.
– Апа, кимге чыгам?-дейт кыз ойлуу.
– Кимге чыгам дегени эмнеси, сен онунчуну бүткөнү канча жуучу эшигимди жыртты, бирине да макул болбодуң. Мейли окуусун бүтсүн дедим, мына окууңду да бүттүң. Кара далы болбой бирөөнүн этегин карма, каралдым. Тиги Абдыразактын уулу жаман жигит эмес, канча каксаң да көңүлү калбай үмүттөнүп келе жатат. Кечээ да жеңесин жибериптир, -деди коомай.
– Апаке, дагы кичине коё турчу, эмне, менден тажадыңбы?-деди Суусар ызалуу.
– Ок, тажадыңбы дегени эмнеси, кыздын барар жери күйөө, кагылайын. Мен да элчилеп колум менен сеп берип кыз узатып, небере жыттап, бешик той, жентек бергим келет.
Апасы бышактап ыйлап кирди.
– Апаке, ыйлабачы. Макул, сен айткандай эле болсун,-деди Суусар апасынын жаштуу көздөрүнөн өпкүлөп. Таасил көпкө унчукпай жатты да, анан бир кезде мурдун шуу тарта муңайым кобурады.
– Көңүлүң каалаган адам болсо аны айт, аны деле күтөйүн,-деди кызынын көңүлүнөн өтө албай кыңырылып.
– Апакем ай, ошо адам жок болуп жатпайбы,-деди Суусар энесинин көкүрөгүнөн шуу жыттай.
Арадан ай айланбай кызга жуучулар келип, той белгиленди. Суусар көкүрөгү бопбош, дили суз бойдон башкарма Абдыразактын уулу Райымжандын аялы болду.
***
Мектепке шашып бараткан Суусарды жандай берип токтогон УАЗдан башбаккан бейтааныш киши токтоо саламдашты.
– Саламатсызбы, кечиресиз, мектепке ушул жол менен бара алабыз да ээ?
– Бизде бир эле жол, бир эле мектеп бар, түз бара берсеңиз адашпайсыз, - деди Суусар жактыра бербей. Бейтааныш осол болгондой ыңгайсыздана жылмайды.
– Кечиресиз, менимче, сиз да мектепке баратасыз го, жүрүңүз, ала кетели.
– Рахмат, жөө эле кетем,-деди Суусар бейтааныштын жүзүнө карабай. Машина акырын жылып кетти.
Суусар мектепке кире бериштен баягы УАЗды көрдү да бейтааныштын ыңгайсыздана уялып кеткенин эстеп ууртунан жылмайып алды. Мугалимдер бөлмөсүнө кирип бараткан Суусарды окуу бөлүмүнүн башчысы утурлай тосуп алып шашкалактай:
– Суусар, ырас келбедиңби. Райондон чоңдор келиптир, сенин сабагыңа киргизели деп жатабыз. Булар атайын байкатпай басып калып абийрибизди кетирмей болду, уят кылбай ачык саат өтүп бер,-деди эрди-эрдине тийбей шакылдап.
– Даярданбай туруп кантип ачык саат өтөм, кадимки эле сабакка кире беришсин,-деди Суусар ишенимдүү.
– Ырас болбодубу, ошентчи бай болгур.
Окуу бөлүмүнүн башчысы Суусардын жообун гана күтүп турганбы, дароо директордун кабинетине кирип кетти.
Суусар сабакты эми эле баштаганда эки бейтааныш адамды ээрчиткен директор менен окуу бөлүмүнүн башчысы кирди. Дуу этип тура калган окуучулардын саламына алдыда кирген узун бойлуу, чап жаак, көздөрү адамды мээрим, ошол эле учурда бир сүр менен тик караган орто жаштагы киши:
– Саламатчылык, балдар, отургула,-деп салабаттуу жооп узатты да, арткы партага өтүп отурду.
Суусар анын коңур жумшак үнүнөн улам жанагы УАЗдагы жол сураган адам экенин тааныды. ”Кап, улуу эле кишини уялткан экенмин” деди ичинен ыңгайсыздана. Директор:
– Бул агайыңар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сагындыков Аманат Шамшиевич, жанындагы агайыңар инспектор Төлөбек Аскарович,-деди да, анан конокторго карап: - Бул кызыбыз болсо орус тили жана адабияты боюнча мугалимибиз Суусар Жаныбекова, -деп баарын бири-бирине учкай тааныштырып өттү.
Бүгүн “Согуш жана Тынчтык” романындагы Наташа Ростованын биринчи балын өтүшмөк. Суусар сабакты эргип өттү. Айрыкча, кыздын биринчи бийин айтып жатканда өзү да ошол балда бийлеп жүргөндөй делбиреп, толкуп сүйлөп жатты. Сабак бүткөндө класс саамга тунжурап калды да, анан куду концерттик залда отургандай Аманат Шамшиевич кол чаап, аны жанындагылар да коштоп кетишти. Суусар да, окуучулар да саамга ыңгайсыз боло не кыларын билбей отуруп калышты.
– Азаматсыз карындаш, көптөн бери мындай жыргап лекция уга элек болчумун. Куду бала кезге кайра баргандай болдум,-деди Аманат Шамшиевич ордунан тура келип Суусардын колун кыса кармай.
– Рахмат, агай,-деди Суусар уялыңкы.
Кечке маал директордун уулу келип:
– Суусар жеңемди жардам берип койсун деп апам чакырып жатат,-деп калды.
– Бар, ботом, бу абысыным ар кимди эле чакырта бербейт,-деди кайненеси жетине албай. Суусар барганда директордун аялы Касиеткан жеңе атлес көйнөгүн шуудуратып очок боюндагы келиндерге аны-муну көрсөтүп жүргөн экен.
– Кел, мугалим келин, дасторконго жардам бербесең болбой калды, садага,- деди жагымдуу күлүмсүрөп.
– Макул, жеңе, эмне кылайын?-деди Суусар элпек.
– Коноктор суу боюнда шишкебек жеп отурушат. Алар келгенче экөөбүз дасторконду жасалгалай салалы. Агайың келсе шаштырат,-деди үйгө баштап. Суусар дасторконду жасалгалоо жагынан алдына киши салчу эмес. Касиеткан экөө дасторконду жуп жасап бүткөндө сырттан директордун бакылдаган үнү угулду.
– Келишти, сен колго суу куй, садага,-деди Касиеткан Суусарга.
– Жеңе, жаш балдарга куйдуруңузчу, -деди негедир сүрдөп.
– Кантет, бата алып, ушул кишилердей элге башы көрүнгөн уулдуу болоюн деп тилесеңчи,-деди Касиеткан келинди эркелете карап. Анан босогодо турган күмүш кумган менен чылапчынды кооз саймалуу сүлгү менен кошо келинге карматты да, өзү конокторду утурлаганы чыгып кетти.
Аңгыча сырттан оболу Аманат Шамшиевич, артынан Төлөбек Аскарович, аларга удаа эле айыл өкмөт башчысы, анан үй ээси директор кирди.
– Келиңиздер, -деди Суусар. Келиндин колундагы күмүш кумган менен күмүш чылапчын болор-болбос калтырап турду.
– Бактылуу бол, карындаш, тилегиңе жет,-деди Аманат Шамшиевич колун жууп бүткөндөн кийин келинди тик карап. Сурмалуу сулуу көздөрү ойлуу, анан миң бир ойду камтып тургандай терең экен.
– Айтканыңыз келсин,-деди Суусар үнү дирилдей, көзүн ала качып.
Суу куюп бүтөөрү менен келин сыртка чыкканча шашты. Касиеткан Суусарды улам дасторкон жаңылап, чай киргизип турганга жумшап, келин кирген сайын Аманат Шамшиевич менен көзү чагыла, карегин жашыраар жай таппай алдастады. Ашыкча идиш-аякты жыйнап чыгып бараткан Суусарды Аманат Шамшиевич сыпаа токтотту.
– Суусар карындашым, менин бир өтүнүчүм бар эле, айып этпесең айтайын,-деди күлүмсүрөй карап. Аманаттын көздөрү ичкенгеби, коюулана жалжылдап башкача карап туруптур. Келин не дээрин билбей аптыкты.
– Айтыңыз, кайним,-деди Касиеткан келинди ыңгайсыз абалдан чыгара жарашыктуу күлүмсүрөп.
Аманат Шамшиевич алдындагы чыныга мөлтүрөтө толтуруп минерал суусунан куйду да, тамагын бир кырып алып ырдап жиберди. Үнү абдан уккулуктуу, коңур экен. “Бир көрдүм да издегеним ушул дедим” деп муңканды. “Өмүр өрлөгөнчө кайда элең” деп сыздады. Үнү бирде шамал жирей катуулап, бирде жай сызган куштай дирилдей акырындап көпкө ырдады. Ыр бүткөнчө келинден көз алган жок. Ыр бүтөөрү менен саамга баары тунжурай мелтиреп калды да, анан директор:
– Ай атаңдын көрү, ыр эмес бекен, бу Аманат иним Кудай сага талантты ченебей берген экен,-деди дил жашыткан сезимин жашыра албай толкуй бакылдап.
– Ушул ыр кесени Суусар карындашыма сунсам кандай дейсиздер?-деди Аманат Шамшиевич келинди сурана карап. Суусар күтүлбөгөн сунуштан апкаарып калды.
– Мен ырдап көргөн эмес элем,-деди ордунан тура калып.
– Суусар, улуу кишинин шагын сындырчу эмес, садага, ырдап кой. Башка айылдын кызы болсоң да ырдай албайм десең ишенет элек. Сенин ырдаганыңды Аманат агайың билген го.
Директор анан конокторго кайрылып:
- Бу Суусар карындашым мектепти да, жогорку окуу жайды да эң мыкты бүттү. Мектепте ырдан, бийден калбаган активист кыз болчу,-деди сыймыктана. Суусар тамагы кургай саамга туруп калды да анан өзүн колго алды. Дилине дароо эле элдик ыр “Даткайым” келди. Ырдап жаткан келинди Аманат көз албай карап отурду да, ыр бүтөөрү менен ойлуу:
– Бали, бактың ачылсын,-деди чын дилден алкап.
Коноктор кеч тарады.
– Жеңе, мен кете берейин,-деген Суусарга Касиеткан:
– Азыр кешик салып берейин, жеңем менен акеме ала бар,-деди астейдил. Касиеткан келинди өзү дарбазадан чыгара берип:
– Коркпойсуңбу? -деди акырын. Суусар бир башкача толукшуп турган Айды карап алып жумшак жылмайды:
– Жок, жеңе, ушундай ийне жоголсо табылчудай жарыкта эмнеден коркот элем?
Касиеткан келинди мээр төгө өөп, анан дарбазаны кыйч эттире акырын жаап кирип кетти. Суусар алда кандай кыялдуу ойдон алкымы буулду.
Бир аз узай бергенде артынан келаткан кадамдын добушун угуп жалт карады. Аманат Шамшиевичти көргөн келин кубанып да, алда неден коркуп да кетти. Ал келинге жете келди да:
– Узатып коёюн деп эле артыңан баскам,-деди акырын.
– Жок-жок, агай, убара болбоңуз. Ары бирөө жарым көрсө кепке калабыз,-деп жиберди шашып.
– Кепке калгыдай эмне күнөө кылдык, Суусар? Уруксат бер, тек гана узатып коёюн.
– Шаарда болсо бир жөн эле, бул жерде баары алаканга салгандай көрүнүп турат.
– Жети түндө дагыбы, ээ?-Аманат муңайым күлүмсүрөдү.
– Айылда түндүн да көзү бар,-деди Суусар элеңдей.
– Мейли, сага кеп тийбесин, мен кетейин. Бирок, кокус шаарга барып калсаң бул телефонго чалам деп убада бер,-деп төш чөнтөгүнөн алакандай кагазды келинге суна берип жалооруй карады.
– Макул,-деди Суусар шашкалактай. Аманат келиндин колун коомай кармап, анан шуу жыттап аяр өптү.
– Мен сенин коңгүрооңдү күтөм,- деди жумшак. Басып бараткан келин далысы ысый артынан узата караган көздөрдү сезип баратты.
Суусар сабакка бараары менен директорго чакырышты.
– Келегой келин бала, отур,-деди директор жылуу карап.
– Чакырткан экенсиз?-деди суроолуу.
– Райондо алдыңкы мугалимдерди семинарга чакырып жатыптыр, биз сени жөнөтүүнү чечтик. Ары сенин сабагын Аманат Шамшиевичке да абдан жаккан болчу, эсиңдеби?
Суусардын көз алдына Аманаттын шаңшып ырдаган үнү, бура бастырбай караган кусалуу көздөрү тартылып, кулагына “мен сенин конгуроонду күтөм” деген жалбарынкы үнү жанырып кетти. Бул элестер келинди бүгүн эле эмес, буга чейин да канча качпасын бучкактап, мындай эскерүүлөр Суусарга коркунучтуу, ошол эле учурда жагымдуу эле. Азыр да кадимкидей коркуп кетти.
– Менден башка деле жакшы мугалимдер бар го агай, ошолорду жибериңиз,-деди калтаарып. Дээрин деп алып ичи эншериле кыйылып алды.
– Суусар, биринчиден мен сени тандадым, ары бул менин гана сунушум эмес райондон да сенин атынды аташты.
– Кимдер?
– Аны бара көрөөрсүң. Азыр үйүнө бар да даярданып, эртен биринчи автобуста жөнө. Семинар үч күн болот, ошого жараша кийим-кече алып ал. - Директор сөз бүттү дегендей алдындагы журналга үнүлүп калды. Суусар унчукпай чыгып кетти. Үйүнө куду жоо кууп келе жаткандай ашыгып келди да дароо даярданып кирди. Өмүрүндө биринчи жолу ушундай ашыгып, шашып камданды. Эсинде мындан бир нече жыл мурун шаарга окууга бараарда ушинтип ашыккан эле. Анда алдыдагы белгисиздикке ашыккан. А азыр. Азыр дегенден келин коркуп кетти. Барбай койгусу келип, бирок, ага да жүрөгү чыдабай чайналды.
– Апа, мени семинарга жөнөтүп жатышат,- деди чарпаяда отурган кайын энесинен уруксат сурап жаткандай ыйбаа.
– Директор уулбу? Барып кел, балам, ал киши жөн жибербейт,- деди кайын энеси бейкапар.
– Райымжан не дээр экен?
– Аны мага кой, мен түшүндүрүп айтам, балам, барып кел
Райымжан жумуштан келгенде эле кайын энеси бар жаңылыкты айткан окшойт:
– Районго сенден башканы жиберсе болбойт бекен?-деди келинчегин кабак үстүнөн карап.
– Мен суранган жокмун, Райымжан, жок дегенге да батынбадым. Директорду билесин го, каяша айтканды жактырбайт.
– Этиет бол да, элдин көзү мин.
– Райымжан мен ойногону кетип жаткан жокмун го, ал эмне дегенин? Мени директор же дагы бир эркек жетелеп бараткандай сүйлөйсүн да.
– Ал жактан эркектер болбойт деп ким кепилдик бере алат?
– Мен эркектерге эмес семинарга баратам,-Суусар чыйрыга сүйлөдү. Райымжан унчукпай шыпты карап үнсүз жата берди.
Суусар биринчи автобуста жөнөп кетти. Райымжан узатып чыкканга да жараган жок, бул келинди ызалантып, жүрөгү буулуга алда кандай мээримди, көнүл бурууну энседи.
Суусар районго жетери менен автобекеттен ары кайда бараарын билбей элендеп калды. Колундагы чакыруу кагазда жазылган даректи сурамак болуп таксилер тарапка басты.
– Суусар,-деди тааныш үн. Артына бурула берген келин өзүн утурлай басып келе жаткан Аманат Шамшиевичти көрдү. Аманат жаркырай күлүп келе жатыптыр. Келиндин көөдөнүн бир ысык толкун каптап өттү.
– Саламатсызбы, Аманат Шамшиевич... Сиз кайдан?
– Семинарга келгендерди тосуп жүрөм.
– Ар бирин тосуп алып жатасызбы, ээ?
– Ооба, айрыкча сага окшогон таланттуу мугалимдерди, -деди эркелете карап. Суусар Аманаттын көзүнө көпкө карап тура албай карегин ала качты. Кусага, алда кандай терен ойго чөккөн каректер курч да, өткүр да эле.
– Кел, машинеге отур,-деди аппак “Волганын” эшигин ача берип.
– Сиз башкаларын тосуп ала бериниз, мен такси менен эле кетем.
– Аларды да тосуп алабыз, мен сенин колундан чай ичип калган үчүн өзүм тосуп алайын деп чечтим. Суусар тартынба, жаман оюм жок, садага. Улуу кишини ушинтип суранта берет бекен?-деди капа болгондой кабагы кирдей берип. Суусар назданып жаткандай кынырылганына уялып кетти. Бети дуулдаган келин кантип машинеге отурганын байкабай калды.
– Суусар, курсагын кандай?-деди Аманат келинди күзгүдөн карап.
– Үйдөн чай ичип чыккам...
– Эрте менен тамак өтпөйт, ары жол жүрүп келдин. Силерден канча сааттык жол?
– Эки жарым сааттай го.
– Семинар экиде башталат, ага чейин убакыт бар, түштөнүп алалы, ээ?-деди да келинден жооп күтпөй эле машинени жол жээгиндеги кафелердин бирине токтотту. Тамактанып отуруп Суусардын кайда окуганын, студенттик күндөрүн сурап отуруп эле экөө кандай эски тааныштардай жакын боло түшүшкөнүн сезбей калышты. Суусар Аманаттан алда кандай мээримди, камкордукту туйду.
Семинар бүткөнчө чогуу жүрүштү. Аманат абдан сөзмөр, таланттуу, шайыр жигит экен. Үчүнчү күн семинардан кийин кечки сый тамак учурунда ыр-бий башталып, Аманат ошол жерде комуз менен ырдады. Суусардан көз албай шаншыган жигиттин көзүндө эбегейсиз зор сүйүү бар эле. Сый тамактан кеч тарашты.
– Суусар, мен сени узатып коёюн, бул жерде тартынбассын, -деди чыга бериштен артынан жете келген Аманат.
– Элдин көзү мин дейт...
– Суусар, кимден коркуп, эмнеден тартынып жатасын?
– Сизден,-деди Суусар тике карап.
– Эмнеге?
– Билбейм... -Аманат оор күрсүндү.
Экөө үнсүз катар басышты. Мейманканага бурула берген карангы бурчтан Аманат келинди колдон алды.
– Суусар, эмне кыл дейсин, сен жанымда болуш үчүн эмне кыл десен кылам. Мен биринчи жолу жаш баладай башымды жоготуп сүйдүм. Мен эмне унутканга, эсимди жыйганга аракет кылбады дейсинби? Болбой жатат, садага, көз алдымда турасын да айламды кетиресин,-деди калчылдай.
– Ал эмне дегениниз, мен күйөөлүү аялмын...
– Билем, кел, элдин көзү, сөзү жеткис жакка кетип калабыз.
– Ошентсе эле баары бүтөбү? Апамчы, сиздин үй-бүлөнүзчү, эл-журтчу? Агай эстүү адамсыз. – Аманат келинди андан ары сүйлөтпөй бооруна кыса кучактап өпкүлөп жиберди. Суусар карылуу кучакта саамга өзүн жоготуп барып анан катуу түртүп жиберди да чуркап кирип кетти.
Түнү бою Аманаттын ысык эриндери, жалбарган үнү, кусалуу каректери уктатпай мин алакетке түшүп жанчылды. Баарынан жаманы өзү да өрттөнүп, өзү да ушул адамды издеп жүргөнүн туюп-сезүү эле.
– Кудай ай, мен издеп жүргөндө жолукпай эмне болду, мынча азапка салдын жанымды?-деп төрт дубалдын ортосунда алдастай, жинди немедей угуза сүйлөнүп буулукту.
Суусар мейманканадан тан атпай чыгып, автобекеттеги таксилер менен айылга кетип калды. Ушинтсе эле бул азаптан кутулчудай сезилген. Жок, кутулбаптыр. Азаптын баары айылга барганда башталды. Басса-турса көз алдында Аманат. Куду жаны менен жаны, каны менен каны кошо жаралгандай. Райымжан жакындаса, бою жыйрыла калчылдап денеси үркчү болду. Келинчегинин мындай муздак мамилеси жигитти жинди кылып жиберчүдөй кыжырлантып, чыдам, сабыр чегине жетип баратты.
Танга маал дарбаза такылдады. Уктабай жаткан Суусар жүрөгү алкымына кептеле ордунан атып туруп чуркап чыкты. Кошунасы Аскердин баласы туруптур.
– Кел, жайчылыкпы? -деди үрпөйө.
– Апаныз ооруп, чакырып жатат.
Суусар үйгө кирип колуна тийгенди кийди да чуркап жөнөдү. Дарбазада директордун машинеси туруптур. Келин дарбазадан кире бергенде боппоз болгон апасын жөлөп чыгып келе жаткан Аскердин аялы Сулуукан менен беттеше түштү.
– Апа..?
– Коркпо, айланайын, жакшы эле, директор акем машине жиберип, районго ооруканага алып бармай болушту. Сени кошо барсын деп чакырттым.
– Рахмат жене, кем болбонуз,-Суусар апасын бир жагынан жөлөй берди.
– Келдинби, айланайын, жакшымын десем болбой сени чакырышып, минтип убара болуп доктурга жөнөтүп жатышат. Кечинде бул келиндин кызы жаныма жаткан, айланайын, тим эле балдан башкача сергек экен. Кыйналып жатканымды көрүп тан атпай апасын чакырып келген тура.
– Женеме койсо ичинде ит өлөт го, чиркин. Келсем өнү бир абалда, сүйлөй албайт. Дароо эле Касиет женеме барып машине сурап келип, анан сага чуркаттым,-деди Сулуукан шакылдап.
Райондо Таасилдин анализдери жакшы чыкпай облуска жибермек болушту. Апасын даярдап жаткан Суусар коридордон тааныш үндү укту да селт эте апкаарып алды. “Аманатпы?” деди ишенип-ишене албай апкаарып. Ангыча эшик ачылып ак халат жамынган Аманат кирип келди.
– Арыбаныз, апа?-деди ал Таасил апанын колунан өбө берип.
– Кел, балам,-деди Таасил тааный албай турганы көзүнөн билинип.
– Мен Суусардын чогуу окуган курсташы болом, апа, капыстан эле угуп калдым,-деди Суусарды кусалуу көздөрү менен бир карап алып.
– Бар бол, айланайын, биздин мында экенибизди кантип билип калдын?
– Бул жерде биз менен окуган баланын келинчеги иштейт, ошол айтты. Ал да Суусарды жакшы таанычу да. – Суусар “өх” деп алды. Ошол эле күнү Таасилдин анализдерин кайра тапшыртышып, дарыгерлер чуу түшүп калышты. Анан эч жакка жибербей эле ушул жерде дарылай турган болуп, жакшы палатага которушту. Эми эле уктап кеткен апасынын жанында отурган Суусарды жаш мээрман айым акырын ымдап коридорго чакырды.
– Сизди аганыз чакырып жатат, апамды ойгопой эле коёюн деп сыртта күтүп турат,-деди кыз келинге баёо. Кире бериштеги вестибюлда Аманат күтүп туруптур.
– Кечирип кой.., сени көрбөй кете албадым. Суусар, сенден мага эч кандай кайтарымдын кереги жок, болгону качпачы.
– Кайда качам, качканга жер тар болуп калды. Бассам-турсам оюмдасыз...-деди келин ички толкундануудан буулуга титиреп.
– Кечирип кой, тынч жүргөн жанынды азапка салдым го, каралдым? Мен да куурадым.
Экөө көздөн далдаа сыртка чыгышты.
– Эми келбениз... рахмат жардамынызга.
– Сенден рахмат угайын деп жасабадым, сени көрүү үчүн мындан чон нерсени жасаганга даярмын, Суусар.
– Эми андан не пайда?
Аманат унчукпай келинди бооруна кысты. Бул жолу Суусар да качкан жок.
Арадан жыл айланды. Суусар менен Аманаттын мамилеси эл арасында оболу күнк-мынк болуп жүрдү. Айрыкча, Райымжан келе жатканда баары тымпыйып калса да эл оозуна элек тоскон жан чыкпады. Экөөн бири шаардагы бий аянтынан көргөнүн айтып бетин чойсо, бири кинодон, бири ресторандан көргөнүн, коркпой жетелешип жүргөнүн кеп кылышты. Бирок, жүрөк кургур сезет тура, ал деле аялынын жоругун сезсе да тилин тишине катып, кээде гана болоор-болбоско Суусарды чырылдатып сабаганы болбосо Аманат тууралуу ооз ачпады. Элдин сөзүнөн, көзүнөн Суусар чүнчүп, бирок, бактысынан баш тартууга да алы келбей ортодо чайналды. Аманатка жолуккан сайын акыркы дейт, бирок, коштошуп мындай басаары менен сагынат да турат.
Бул жолу да “акыркы жолу жолугабыз, бүттү” деп барган келин айта албай буулукту. Аманат кусалана өпкүлөп, кареги менен тен айлана жалбарган сайын жолукпайм деген чечими күчүнөн тая заманасы куурулду.
– Жүр, бийлеп келебиз?-деди Аманат Суусарды бооруна кыса кучактаган бойдон. Экөө ар бир жолуккан сайын бийге барышчу. Аманат да куду Суусардай бий десе жанын таштаган жайы бар эле. Экөөнүн окшош жагы көп болчу.
Бир кезде жамгыр жаап кирди. Элдин баары качып кетти да, жамгыр алдында кучакташкан Суусар менен Аманат калды. Алар карангыдан чыга келген бир топ караан жандарына качан келип калганын байкабай да калышты.
– Канчык, элди көзгө илбей калган экенсин,-деди келиндин желкесинен кыжырлуу үн. Суусар жалт бурулду. Көздөрү күйүп турган Райымжанды көргөн келин нес боло жалдырады.
– Бас үйгө, а тиги ойношунду болсо азыр бычып туруп экинчи бирөөнүн катынына көз артпай турган кылабыз...-деди калчылдай.
– Райымжан, мени эмне кылсан өзүн бил, Аманатка тийбегиле.
Суусар айтып бүтө электе эле көзүнөн от чагыла кулап түштү. Өзүнүн үстүнө түшө калган Аманатты килендеген жигиттер тепкилеп жатып калышты. Ары-бери агылган бир да адам жоон топ жигит топтой тепкилеп, буттан бутка учуп жүргөн адамга, чыркыраган аялга көнүл буруп койгон жок. Баары куду таш жаап жаткандай жанталаша үйлөрүнө чуркашты.
Эртеси жарым жан Суусар менен таанылбай кескиленген Аманатты каналдын жээгинен ойноп жүргөн балдар таап милицияга кабарлашты. Аманаттын өлгөнүн укканда бир чанырган Суусар ошол бойдон өзүнө келген жок. Жарым эс Суусар жамгыр жааган сайын бий аянтына чуркайт. Суусарга оорукчан апасы, жамгыр, суу чайган аянт гана шерик.
(Аягы)
Айжаркын ЭРГЕШОВА

#309 08 October 2016 - 21:25
АК БУЛУТТАР
Силер мен бала кезде ушундай болчусуңар. Апакай, сулуу, анан кол жеткис. Силерге кыялымда гана жетчүмүн. Чоң энем: “Булуттар суу ичкени түшүшөт. Ошондо көзгө атар мергендер атып алса болот имиш. Эгер кыз бала булутка жуунса, булуттай апакай, өмүр бою жаш бойдон калат, узак жашайт дешет”,- дечү. Ошондо чоң энемдин бырыш желелеген жүзүн карап туруп, “бизге бир мергенчи булут атып келип берсе, анан энем экөөбүз жуунуп, мен супсулуу, аппак, энем жапжаш болуп калса” деп кыялданчумун. Бой жеткен сайын бул кыялым тилекке айланып, жамгырдан кийинки көпкөк асманда каалгый суйсалган, буладай таптаза ак булуттарды карап туруп, “кайсы жерге коносуңар, ак булуттар?” деп кыйкыргым келип кетчү. Бир күнү энеме:
– Эне, булут аткан мергендер азыр барбы?- дедим акырын. Энем мени кызыктай карап койду да, анан:
– Көзгө атар мергенден мурун “булут атам” деген мергендин булут тартуулачу, жанынан артык сүйгөн кызы болушу шарт,- деди. Мен ошол күндөн баштап булут тартуулачу белгисиз жигитти күтө баштадым. Кыялымдагы бейтааныштын өң-түсүн ар кандай элестетип, анан баарынан мурун анын көзгө атар мерген болорун самачумун.
Сегизинчи классты бүтүп эле медучилищеге тапшырдым. Жайдын ысыгында тердеп-кургап, күн сайын окуу жайдын алдында атам экөөбүз ээрчишкенибиз ээрчишкен. Ошол күндөрү, чынын айтсам, булуттар жөнүндөгү таттуу кыялым да унутула түштү. Ар бир экзаменден чыккан сайын:
– Жакшы эле тапшырдыңбы? - дейт атам санааркап. Мен өзүмө ишенбей турсам да, ишеничтүү “ии” деп коём да, атаман бетер ичтен сызып кыжаалат болом. Маңдайыма жазганбы, же чын эле жакшы тапшырдымбы, окууга өтүп кеттим. Бирок атам экөөбүздүн кубанычыбызды мүнөзү темирдей бекем энемдин суздугу суу бүрккөндөй суутту. Биз сүйүнчүлөгөндө энем:
– Кыз баланын окуп мударис болгонун көргөн жокмун. Бактысын берсин,- деди да, этегин кагынып туруп кетти.
Мен энемди күздө окууга жибербей коёбу деп коркком. Жок, чоң энем мен жөнөп жатканда нааразылыгын билдирбей:
– Окуйм деп дегдеп калыпсың, барсаң бар, бирок кыздын бактысы барган жеринде. Мен сени бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз, этегин бала баскан касиеттүү аял болсо дегем. Мейли эми, заманыңар ушул экен,- деди да, жоолук учу менен кылгыра түшкөн көз жашын аарчып басып кетти.
Ошол жылы кеч күздө атам улактан жыгылып, күтүүсүз каза болуп калды. Өлүмдү эч ким күтпөй, бирок келгенде колунан баары келчүдөй ай чапчыган адам да айласы жок баш ийип отуруп каларын, каары катуу ажал деген мынчалык ачуу, оор, жүрөгүңдү сыздаткан кайгы менен коштолорун билбепмин. Мөгдөгөн чоң энемди, кайгыдан ыйлагандан башка колунан келбей телмирип, кара жоолугундай түнөрүп отуруп калган апамды, бозала болуп томсоруп, бир күндө эле жетим кейпин кийген кичинекей инилеримди таштап окууга кетүүгө жүрөгүм түтпөй койду.
– Бар, кызым, атаң сенин окушуңду каалаган,- деди апам көз жашын араң жута “шуу” үшкүрүп.
– Окушумду каалаган менен бүткөнүмдү көрбөгөндөн кийин окуп не кылам?- деп болбой койдум.
Кайра мектепке барган менден мугалимдер эч нерсе сурашкан жок, курбуларым да эч нерсе болбогондой сыр беришпеди. “Кара жер баарын суутат” деген ырас белем, апам баш көтөрүп, биз кээде күлүп, кээде ыйлап, айтор, баарыбыз өз түйшүгүбүз менен алаксыдык. Чоң энем гана кайгыдан түзөлө албай койду. Жыл айланбай чоң энемди да жерге бердик. Өлүм ызгаары мени дагы бир жолу катуу каарып өттү. Онду бүтүп деле окууга тапшырууга аракеттенбедим. Чоң энем менин ак булуттар, келечек жөнүндөгү таттуу тилегимди өзү менен ала кеткендей көкүрөгүм ээнсиреп, дилим кызыл-тазыл кыялдары жок бош калды. Балалык тилекти мен таштаган менен ал аруу тилек мени таштабаптыр.
Толукшуган жай келип, табият түркүн түс гүлдөн көйнөк кийгенине маашырланган кереметтүү мезгилде келди менин тилегим. Тамдын артында көлөкөдө кир жууп жаткам.
– Ким бар?- деди коңур үн. Колумду шаша чайкап, үйдүн алдына өттүм. Узун бойлуу, ак жүздүү, коюу каш-кирпиги төгүлгөн бейтааныш жигит туруптур. Минген аты да бейтааныш.
– Келиңиз,- дедим. Дилимде “сизге ким керек эле?” деген суроо турса да, сыпайыкерчилик үчүн сураган жокмун. Чоң энем: “Келген кишини “неге келдиң, кимге келдиң?” деп сурабагыла. Конок – кудайдын элчиси”,- деп көп айтчу. Бейтааныш жигит апкаарый түшүп:
– Үйдө эч ким жокпу?- деди шашкалактап.
– Мен бармын.
– Мен электрикмин, cчётчик текшерип жүрөм.
– Мен ушул үйдүн кызымын, кириңиз, апам азыр келет.
Менин тыкылдаганыман сүрдөдүбү, ал аттан олдоксон түшүп, тизгинди кармалай карбаластап туруп калды. Уялчаак коногумдун атын алып жатып колум колуна тийип кетти. Ток тийгендей “дирт” эте колумду тартканча шаштым. Эми эле тыкылдаган өктөмдүгүм күбүлүп, дене боюм кошо дирилдеди. Унчукпай үйгө баштап, счётчикти көрсөтүп, сыртка чыгып баратсам бейтааныш:
– Атыңыз ким?- деди тамагын кырып алып. Сыягы, тамагы кургап, үнү кардыга түштү окшойт.
– Соноайым.
– Нурсейит.
– Эмне Нурсейит?! - атын атап атканын билсем да, атайын кермек какшык узаттым.
– Атым Нурсейит,- Нурсейит жумшак жылмайды. Ушул күнөөсүз жылмаюу ортодогу көзгө көрүнбөгөн тоскоолдукту алып салгандай сөз жалганып, биз бара-бара эски тааныштай тартынбай сүйлөшүп, ал ишин бүткөнчө мен чай даярдап, экөөбүз чогуу чай ичтик. Чай сунсам колумду байкабайбы, же атайынбы, чыны менен кошо кармап алды. Сөөмөйүмөн башталган ысык илеп бүткөн боюма тарап, бетимен бери дуулдай не кыларымды билбей колумду шаша тартып алып, дасторкондун четин кармалай апкаарыган мени апамдын сырттан эле сүйлөп келаткан үнү эсиме келтирди. Ордумдан этегиме чалына атып туруп, сыртка бет алдым. Апам экөөбүз кире бериштен кагышып кете жаздадык.
– Кантет, ботом, делбектеп! Сырттагы кимдин аты?
– Тигил счётчик келиптир.
– Кайдагы счётчик?- деди апам түшүнбөй.
– Ии, электрик дегеним,- сөзүмдүн акырына чыкпай үйдүн артына өтө качтым. Апам мени эми көрүп жаткансып карап туруп, анан таң калгандай шыпшына эрдин түйрүп алып үйгө кирип кетти. Нурсейиттин качан кеткенин да көргөн жокмун. Ошол күндөн баштап мага ак булуттар тууралуу кыялдар кайра келип, күн сайын таң менен кошо турганда тээ колот ылдый көчкөн апакай булуттарды кимдир бирөөнүн алып келип беришин дегдеп күтүп, алтургай булут алып келчү адамды да элестетчү болдум. Болгону, ал адам ким экенин өзүмдөн да жашырып, дил тереңин алда кандай таттуу да, табышмактуу да купуя кыялдар уялап, бирок бул кыялдарымды бөлүшөргө жан таппай буулуккан адат таап алдым.
Биздин айыл суу жээктей конгондуктан, суунун шары дайым угулуп турчу. Суунун шоокуму кээде адамдын кадамындай күлдүрттөсө, кээде боз үйгө кимдир бирөө таш ыргытып жаткансып жүрөгүм өрөпкүп кетчү. Күндүзү сууга барганда өргө өжөрлөнө умтулган агымды карап туруп: “Мага окшоп жүрөгүң чакырган жакка умтуласың, бирок коё бербей тырмышкан агымдан кутула албайсың. Эмне, сен барчу жакка агым коё бербей, мага окшоп аргасыз анын нугу менен агып жатасыңбы?”- деп үнсүз сүйлөшөм. Анын мөлтүр мончок болуп көккө серпилген тамчыларына жүз тоссом, муздактыгынан буулуккан дил сергий көкүрөгүм бөксөрөт.
– Соноайым! - Апамдын ачуу үнү кыялымдан ойготуп, чакаларыма шаша суу сузуп, үйгө ашыктым,- Суунун боюнда эмнең бар? Сууга барса эле жер жуткансып жоголчу адат таап алды ушул кыз.
Үйгө жете берип, апам менен сүйлөшүп турган караанды көргөндө колуман чакаларым түшүп кете жаздап араң кармандым.
– Эмне болду?- дедим оозума башка кеп кирбей.
– Келиңиз дебейсиңби келген кишини. Өткөндө счётчиктин кагазын берген экен го бул бала. Каякка койдуң?
– Азыр, келиңиз,- башаламан сүйлөп, колдорум калтырап койгон жеримен кагазды ала албай, колум тийген нерсенин баары өзүнөн-өзү үй менен бир болуп калдырап кулап, жүдөгөнүмдү кантейин. Өлө албай жатып жүрөгүм көөдөнүм менен бир боло өрөпкүп делбирегеним, ай, ошондогу. Кагазды араң таап көтөрүп чыктым. Экөөбүздүн карегибиз чагылды. “Келдиңби? Кечиктиң го”,- деди менин кусадар көздөрүм. “Шылтоо таппай жүрдүм, кечирип кой”.- деди сенин сагыныч, арзуу толгон кумарлуу каректериң. Ушул учурда жанымда турган апам, аалам унутулуп, алтургай жер саамга өз огунда айланбай токтоп калгансыды.
– Бер кагазды селейбей,- Апамдын үнүнө селт эте шашкалактай колумдагы кагазды сундум. Кагаз колумда шамал тийген жалбырактай дирилдеп турду. Нурсейит кагазды колум менен кошо кармап, акырын кысып койду. Кулагыма чейин кызарып, колумду тартып алганча шаштым. Нурсейит бирдеме жазган болуп калемин камдай, эңкейген калыбында шыбырады.
– Алтүндө келип, суу боюнан күтөм.
Унчукпай басып кеттим.
– Мына, эже, кагазыңыз. Белгилеп алдым,- деди Нурсейит апама. Анын артыман караган көз карашын далым менен сезип, боюм чымырай үйгө кире качтым. Азыр мага үй да тар эле.
Ошол күнү кармаган буюмум колго турбай, уй саап келатып түз эле жерден чалынып жыгылып, сүтүм төгүлүп, апаман уруш уктум. Наалып жаткан апамдын оозунун кыбырап жатканын көрүп турган менен эмне деп урушканын уккан деле жокмун. Канча жатканымды билбейм, бир оокумда апамдын көптөн күттүргөн коңуругу угулду. Негедир апам калп эле коңурук тартып жаткансып, токтой калса мени аңдып дымып калгандай сезилип, жүрөгүм дүкүлдөйт. Мага алтургай апам жүрөгүмдүн добушунан ойгонуп кетчүдөй туюлду. Ошентип, өз санаам менен алпурушуп жатып, түн оогондо араң уурдана басып сыртка чыктым. Кокус апам ойгонуп кетсе, “сыртка чыгып келейин дейм” деп жооп да камдап алгам. Боз үйдөн кичине эле алыстаганда акырын сыбызгыган ышкырыкты угуп, титиреген буттарыма ээ боло албай бүткөн боюмду тер басты. Кадамым да арбыбай, жандуу-жансыздын баары мени эле аңдып тургансып, жүрөгүм алкымыма кептелди.
– Соно..- деди утурлай баскан Нурсейит. Үнү капилет сууга түшүп кеткен баладай аптыгып чыкты.
– Жакшысызбы. ..
– Сени чыкпайт го деп..
– Апамдан корктум.
Апам келип калчудай артымды элеңдеп карап алдым. Нурсейит унчукпай көзүмө тигилди. Көзүндө ай, жылдыз, мен жүрүпмүн. Анан да сөз менен айта албаган жылуулукпу, мээримби, айтор, дил толкуткан бир ажайып керемет нерсе бар болчу. Ошондой көз карашты кийин эч кимден жолуктурбадым.
Биз андан кийин да түн жамынып уурданып далай жолуктук. Ар бир жолуккан сайын мен ага уяң күмүш күлкүмдү, ал өпкөндөн улам албырган жүзүмдүн табын, жүрөгүмдүн түрсүлүн калтырып, өзүм Нурсейиттин коңур үнүн, жалын бүрккөн шыбырын, шамал ташыган эрмендин жытындай кермек таттуу жытын жүрөгүмө катып ала кетчүмүн. Нурсейит ошондо ар бир жолугушууда мага кыялдан жаралган жан дүйнөмдү түбөлүк сулуу, жаш кылган булут алып келчү.
Көп өтпөй керемет күндөрдөн бүткөн биздин жаркын ааламыбызды ызгаар шамал аралай чаап, жаз дүйнөбүздү үшүтүп кетти. Мени өмүрү көрбөгөн кошуна айылдык бала бада айдап келе жаткан жеримден ала качты. Далай жолу курбу кыздарымды ала качканын угуп-көрүп жүрсөм да, бул жапайы адаттын мынчалык кыз дүйнөсүн, деги эле адам тагдырын талкалап кетерин билбегем. Эч ким келбей туруп никемди кыйып салышты. Ыйдан көзүм тоодой шишип, үнүм кардыккан мени аяп койгон жан болгон жок. Тескерисинче, баары бул ишине маашырлангандай тойлоп, менден бир ооз макулдук сурап койбой менин тагдырымды чечип жатышканына заманам куурулду. Кудай да менин үнүмдү уктубу, күйөө улам жаныма кирип, кайра чыгып, жеңелери менен алда нени шыбырашып эле дүрбөп жатышты. Таң заарда апам келди. Медер тутар адамым келгендей бой таштаган мени апам суз кагып салып:
– Мынчалык босого аттап, никеге макулдук бербесең болот эле, бактың ачылсын,- деди суз.
– Апа, мен макулдук берген жокмун, менин көңүлүм башкада.
– Кыз көңүлүнө ким карады эле? Кайда калбаган көңүл, кулунум. Нике аттаган оңбойт. Сен эми күйөөлүү келинсиң,- деди апам көзүн ала качып.
– Апа, мен тазамын,- дедим ый аралаш киркиреп. Апам унчукпай сыртка бет алды. Жүрөгүм үзүлүп бараткандай кыйкырдым.
– Атам болсо минтмек эмес! Бүгүн калтырсаңыз, эртең кетем,- дедим ызадан жүрөгүм тилинип. Чыгып бараткан апам тык токтоду да, кайра келип:
– Ким ал?- деди үнү калтырап.
– Нурсейит,- бул атты атаганда мен эмес, жүрөгүм чыркырап жиберди.
– Кагылайын, ай, аныңа кабар айтайын. Колунан келсе, алып кетсин. Батамды берем. Болбосо тагдырыңа баш ийбеске аргаң жок,- деди да, тамакка чакырып жол тоскон адамдарды карап койбой чыгып кетти. Түшкө жакын апам, Нурсейит, атамдын аталаш иниси келип, мени ызы-чуу менен алып чыгып баратышканда:
– Никелүү келинди алып кеткен качан салтта бар эле? Эсиңе кел, Шарапат,- деди бир карыя.
– Ата, эки тарап макул болмоюнча нике кыйылбайт. Кызымдын макул дегенин уктум деп Кудай алдында күбө өтө аласызбы? Күбө өтсөңүз, ушул кызды чырылдатып, көз жашына, убалына карабай таштап кетейин,- деди апам карыяга. Ак сакалы белине жеткен кары киши бизди баса калчудай топураган аялдарды кол көтөрө үнсүз тыйып, унчукпай жол бошотту. Тозок отунан чыккандай апам менен агамдын колун карыша кармап дикилдеп келаткан мени апам көзгө суук айылдан чыга бергенде токтотту.
– Кызды минтип энеси алып кеткен, андан да, аны бир эрден бир эрге кармата берген салтта жок эле. Сени атаң башкача жакшы көрчү, ошонун арбагынан өтө албай, сенин көңүлүң деп ушул ишке бардым,- деди апам үнү ыйдан буула. Анан Нурсейитке кайрылды:
– Кызымды сага тапшырдым. Көз жашын агызбай бүлө кылып ал. Ыйлатсаң каргайм,- деди да, шарт басып кетти. Агам экөө колунан аялуу буюмун жулдурган баладай ийини түшө араң кадам шилтеп алыстай беришти.
– Кеттик, жарыгым,- деди Нурсейит колдон ала.
Биз ушинтип баш коштук. Айылдагылар бири апамды туура көрсө, бири сөөмөйлөй артынан сөз кылып, жылдап уу-дуу болушту. Нурсейиттин ата-энеси деле мени кубанып кабыл алган жок. Биз жети жыл жашап, бирок балалуу болбодук. Ошондойдо “чын эле нике, бата аттап кесир кылдымбы, каргышка калдымбы?” деген ойдон жүрөгүм бырчаланып, чоң энемдин “сени бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз, этегин бала баскан касиеттүү аял болсо дегем” деген сөзү жаңыра берчү болду. Мен бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз болгон менен этегин бала баскан касиеттүү аял боло албадым. Нурсейит тууганчылап кеткенде төркүнүмө кетип калдым да, канча жолу алдыма келсе да, кайра барбай койдум. Эки жылдан кийин үмүтүн үзгөн Нурсейит үйлөнүп, көп өтпөй апамдын бир кездеги мен үчүн анча-мынча аял бара албаган жолго барган энелик, аялдык эрдиги үчүн апам каалаган адамга кыңк этпей турмушка чыктым. Апам ошондо алгач мени алып качып кеткен кошуна айылдык жигитке барып ыраазылык сурап, анан Нурсейиттен жообумду алып келди. Мына, азыр бештин энесимин, Нурсейит жети баланын атасы. Бизден, ак булуттар, силер, анан силер тууралуу түгөнбөгөн, бирок аткарылбай кыял бойдон калган тилек кыялдар гана калды.

#310 09 October 2016 - 00:16
АЗГЫРЫК
– Жамгыр жаап жатабы? – деди кичинекей наристе эшиктен кирген апасынын кабак-кашын карап. Апасын кепке тартчу мындан башка сөз таппады көрүнөт, чамасы. Кабагы салыңкы эне унчукпай бутун чечип, кире бериштеги отургучка маанайы жок көчүк басты.
– Курсагыңыз ачтыбы? – деди дагы эле көңүлү тынчыбаган наристе.
– Жок, балам, курсагым ток эле, өзүң тамак ичтиңби?
– Сизди күттүм...
Баланын каректеринен ачка экени көрүнүп турду.
Ушул кенедей караандан башка күйөрү жок экенин эми эстей койгондой аял чөгөлөй калып баласын көпкө жыттады. Наристе апасынын жыттоосунан демдене түшкөнсүп бир аз үнүн көтөрүп сүйлөдү:
– Апа, кожойке дагы келди. Эненин кабагы салына түштү. Апасынын кабагынын салына түшкөнү баланын ындынын дагы өчүрүп, жалтана түшкөн наристе кичинекей колдорун укалай аялдын оозун карап калды.
– Качан чыккыла деди?
– “Тезирээк чыккыла, - деп телевизорду алып кетип калды, - чыкканыңарда муздаткычыңарды да бербейм”, - дейт.
– Сен не дедиң анан?
– “Апам бул муздаткычты өз акчасына алган”, - дедим.
– А телевизорду неге унчукпадың?
Бала телевизорду алып кетип калганына күнөөкөрдөй унчукпай калды да:
– Аны атам алган да, - деди акырын.
– Кагылайын, кичинекей кожоюнум десе, мейли, каалаганын алып кете берсин, а биз дагы жаңысын сатып алабыз.
– Өзүбүздүн үй болгондо ээ? – деди жанданып.
– Ии, үй да болот, телевизор да болот.
– Ал үйдүн Батма эжедей урушчаак кожойкеси болбойбу?
– Жоок, ал үйдүн кожоюну сен, кожойкеси мен болом. Анан сен үйлөнгөндө сенин келинчегиң кожойке болот.
– Сизчи?
– Мен силердин балдарыңарды багып отурам.
– Бала бакканда деле кожойке боло берсе болот ээ?
– Албетте, болот.
Бала эми чындап кубанды, сүйүнгөнү көздөрүндө от болуп күйүп, андагы жалын кичинекей муздак бөлмөнү жылытып жибергенсип эне чапанын, жоолугун чечип жогору өттү. А бала болсо кадам калбай божурап жаңы үйдүн кандай болору, каерге эмнени коюшарын айтып бүтө албай жатты. Эшиктин адаттан тыш кагылганы эне-баланы сестейтип, муздак суу чачып жибергендей селее түшүштү.
– Ким? – деди аял акырын.
– Мен ай, Батмамын, ач, эмне жашынасың?
– Эмнеге жашынмак элем, эже, – деди аял эшикти ачып жатып.
– Ар бир сөзгө жообуң даяр, жаман көп сүйлөйт экенсиң. Айткан ишти да сүйлөгөндөй жасасаң го. “Чыккыла” деп качан айткам, али дайын жок.
– Эже, айтканыңызга эми үч күн болду, мындайда бир жума мурун эскертет, анан убакыт берет...
Кожойке аялдын оозунан кебин жулуп алып шакылдады:
– Ай келин, көп сүйлөбөй батирди бошот, эмнени, качан айтышты өзүм билем. Бул жерге сендей башына тартсаң этегине, этегине тартсаң башына жетпеген томаякты эмес, акчасы көп бирөөлөрдү киргизем. Жакшылыкты билбейт адам баласы, боор ооруп арзан киргизип койсом аны да төлөй албайсың, дагы мага акыл үйрөтүп коёсуң да. Мына, экинчи айды төлөй албай жатасың.
– Эже, арзаныңыз ушулбу, сиздикиндей батирлер бул батирдин жарым баасында, баламдын мектебине жакын деп баарына макул болуп жатса. Ушул ай гана кечикти го.
– Ошол жарым баасын төлөгөн батирге кирип ал, тиги муздаткычыңды, идиш-аягыңдын баарын алып калам. Сага жардамым ушул, антпесем акчаны таба алгыдай эмессиң.
Баланын каректери чоңоюп, муздаткычка карап баскан кожойкени түртүп жиберип, муздаткычты канатын жая тосуп чырылдап жиберди:
– Муздаткычты апам деген өз акчасына алган, ал биздики.
– Ай жубарымбек, муну карасаң, бешиктен бели чыкпай жатып дүнүйө жандуусун кантесин, тур мындай, мен да бул үйдү өз акчама алгам...
Эне-балага жулуна берген кожойкени ийинден ала токтотту:
– Эже, жубарымбекти оозанбай оозуңузга карап сүйлөңүз, үйүңүз башыңызда калсын, балага кеп тийгизбеңиз.
Аңкылдап жаткан кожойкенин кеби оозунан түшө саамга апкаарып калды да, анан үй ичиндеги буюмдарды туш келди ыргытып кирди. Эне-бала унчукпай бири-бирине ыктап алып кино көрүп жаткансып карап тура берди.
Кыштын кычыраган чилдесинде тыпыйган таңылчак, анан эски чемодан көтөргөн эки караан аялдамада кучакташып отурду.
– Апа, каякка барабыз? – деди үнү калтыраган бала.
– Азыр, уулум, бир айласын табабыз, сен ыйлабай тур ээ?
– Мен чоңоюп калбадымбы, неге ыйламак элем, бир аз үшүп кеттим, курсагым да ачты.
– Тамакты жеп албайт белең анан, мени күтпөй.
– Сиз ачка каласыз да.
– Азыр экөөбүз тең ачка калдык.
– Эми ал тамакты Батма эже жеп алат да ээ?
– Билбейм, уулум, жебейт го...
– Жейт, эти көп болчу, – деди бала тамшанып. Аял ууртунан жылмайды.
– Мейли, уулум, аш болсун, жесе жейт да, ага сен ичиң тарыбасын, макулбу? Сен жечү эттүү тамак али көп болот.
– Үйүбүз да болот, – деди бала кыялдуу. Үнү үшүгөндөн калтырап турду.
– Баары болот, үшүдүң го ээ? Азыр бир жерге барабыз.
Аял бирдеме ойлоп таба койгондой ордунан шарт турду да, ээрчишкен эки караан жол бойлоп, эки таңылчак менен эски чемоданды сынып кетчүдөй бири-бирине жөлөнө көтөрүп караңгыга сиңип кетишти.
Ош базарынын айланасында катар тизилген жер тамдардын дээрлик баары жеке мейманканаларга айланган. Мейманкананын дарбазасына отургуч коюп отуруп алган аялдар негедир бири-бирине окшоштой туюлат. Баары толук, анан да баарынын жүзүндө уятсыздыкпы же ач көздүкпү, айтор, бир жагымсыз бет кап тургансыйт. Жакындаган караанды эле утурлай басып кирер-кирбесине койбой жетелеп кирип кетчүдөй арбап киришет. Кокус кол силкип басып кеткен адамды артынан эркекчесинен ашата сөгүп, анан бир милдетинен кутулгандай дайындалган отургучуна кайра отуруп жумушун улантат.
– Эже, бул жер мейманканабы?
Аял жанына кичинекей бала жетелеп келген келинди баш-аягынан сыдыра карады да:
– Апей, балаңды жетелеп алып сага эмне зарыл келди? Таштай турган кишиң жок беле? - деди ууртун тарта жагымсыз жылмайып.
– Баламды эмнеге таштамак элем?
– Балаңды каратып туруп кантип клиент аласың?
– Кандай клиент, эже, мага бир түнгө жатканга жай керек.
– Аа кокуй, ошентпейсиңби, мен сени биздин байталдардан экен десе, ошо, өңү бейтааныш деп коём, – аял өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп кобурап баратты. Эки адамга ылайыкталып керебет коюлган күңүрт бөлмөнүн ичи тамекинин түтүнү менен колоңсо жытка толо экен.
– Бир түнгө үч жүз сом, – деди аял көздөрүн кыбыңдата. Келин унчукпай акчасын сунду да, эшикти ичинен илип алды. Кошуна бөлмөдөн аялдын оштонгон күлкүсү, эркектердин мас үндөрү угулуп турду.
– Апа, тиги аял Батма эжеге окшош экен ээ, бул үйгө ушул эже кожойкеби ээ? - деди бала акырын. Келин үнсүз баш ийкеди.
Келин түнү бою жапайы кыйкырык, оштонгон күлкү менен сөгүнгөн үндөрдөн уктай албай чыкты. Уулу ойгонору менен бул тынчы жок балит жайды таштап чыгып кетишти. Жол боюнда кайда барарын билбей турган эне-баланы бейтааныш үн селт эттирди.
– Кайда барасыңар? Ала барайын.
– Жакын эле жерге барабыз, убара болбоңуз, - деди келин сүйлөгүсү келбей.
– Биз үй издеп жүрөбүз, – деди үрпөйүп үшүгөн бала.
– Кандай үй?
– Жашаган жердеги кожойке бизди чыгарып жиберди, ошого жашаганга башка үй издеп жүрөбүз.
Келин ыңгайсыздана жылмайган болду.
– А мен болсо менин үйүмө жашаганга киши издеп дал сендей баласы болсо деп таппай жаткам, ырас болбодубу, – деди машинеден түшө калган бейтааныш киши.
– Чын элеби? - деди бала жарк эте кубанып.
– Чыппа-чын.
– Ал үйдө Батма эжедей ачуулуу кожойке жокпу?
– Кожойке бар, бирок ачуулуу эмес, кожойкеге да сендей бала керек.
Бала жетине албай кубанып, апасын ой-боюна койбой машинеге карап тарткылап кубанып жатты.
– Атың ким, уулум?
– Менин атым Тилек, апамдын аты болсо... Энеси нукуп койду окшойт, бала апасын бир карап алып унчукпай кымырылды.
– Меники Зыпар, уулум, мына эми экөөбүз тааныш болуп калдык, а апаң атын өзү каалаганда айтсын. Курсагың ачтыбы?
– Жок, ток эле... – бирок баланын калп айта албаган күнөөсүз көздөрүнөн ачка экени көрүнүп турду.
– Менин курсагым ачты, уулум, азыр бир жерден тамак ичип алалы ээ?
Бала баш ийкеп ийди да, кайра апасын карап унчукпай калды.
– Баланы көп тыят окшойсуң, карындашым, бала деген баладай шар, шок болгону жакшы, тыя берсең жалтак болуп калат. Буюрса, сен тыйбасаң деле Тилек өзү баарын айттырбай билген акылдуу жигит болот ээ, уулум?
Тилек мулуюп, негедир ийнин кере бейтааныш кишини жакынындай жылуу карап келатты. Тамак ичип отурушуп Зыпар келинди кепке тартты.
– Карындашым, атың ким?
– Нускайым.
– Нускайым, кеп мындай, карындашым, менин байбичем кан басымынан бир аз кыйналып үйдөгү майда-барат иштерге деле алы жетпей мен жумуштан барганча кошуна-колоңго зарыгып калчу болду. Кудай бизге баладан айтпаптыр, көп эле жерге бардык, тилегибиз орундалбады. Азыр болсо үмүтүбүз үзүлүп, бири-бирибизди гана эш тутуп калдык. Эгер макул көрсөң, байбичеме жардам берип биздин үйдө жашай бергиле. Жумушуңа барганга шаардын бардык бурчуна маршруттук таксилер каттайт. Баса, кесибиң ким?
– Мугалим.
– Ырас болбодубу, уулуңду биздин мектепке берип, кааласаң өзүң да ошол жерде иштей бер. Мектептин директору - менин досум, мага жок дебейт, кандай дейсиң?
Тилек апасын «көнө бер» дегендей жалооруй карап койду.
– Байбичеңиз эмне дээр экен?..
– Байбичем Кудай берген момун, кең пейил киши, ал сүйүнөт.
– Ачык сүйлөшүп алалы, байке, канча төлөйбүз?
– Карындашым, мындай кылалы, сен бош убактыңда тиричиликке каралашасың, эжекеңе жардам бересиң, а мага Тилек жардам берет, болобу?
Нускайым саамга ойлонуп калды да:
– Каралашкандан качпайм деңизчи, бирок...
– Эмне бирок?
– Сиз мени балам менен жетелеп кирип барсаңыз байбичеңиз не дээр экен, төлөп эле жашасак жакшы болмок.
Зыпар келинди саамга маанилүү карап калды. Нускайым бул көз караштан тартынып колун кайда катарын билбей жүдөп кетти.
– Ай, карындашым, акча, акча деп жатып жакшы нерселерден кол жууп баратабыз. Ишеним, адамгерчилик деген касиеттер куру сөзгө айланып бараткансыйт. Жүрү, үйгө барып эле байбичем менен бетме-бет отуруп кеңешеличи анда.
Зыпар айткандай, байбичеси чын эле жакшы адам экен. Төрөбөгөнгөбү, али боюнун сыны бузулбай керилген аялдын жүзүн гана бырыш желелегени болбосо, алтымышта деп айтуу кыйын.
– Бул эжекең - менин көрөр көзүм Гүлүмкан. Байбиче, бул коноктор болсо Тилек, Нускайым.
Гүлүмкан «кайдагы коноктор, кайдан, эмнеге келди?» деп сурайт деп жообун камдап турган келинди таң калтырып:
– Ии келгиле, айланайындар, киргиле үйгө, – деп короого баштады. Короо кенен, бирок иретсиз экен. Кыраакы аял Нускайымдын айланасын карап калганын байкай калды окшойт, актангандай акырын үн катты:
– Мен бир аз ооруп жүрөм, айланайын, доктурлар «оор көтөргөнгө, эңкейгенге болбойт» деп коюп Кудай берип минтип эч нерсени жыйнабай калбадымбы, - деди жумшак күлүмсүрөп.
– Сага койсо го жаның жай алмак эмес, «кой, кыймылдаба» деп тыйып араң кармап турам эжекеңди, – деди Зыпар байбичесин жооткотуп.
Бирин-бири аяп, корголоп турган эки жуп менен келин ушинтип таанышты. Гүлүмкан менен Зыпар айрыкча балага жакын, Тилекти тим эле колуна көтөрүп алгылары келип бапестеп турушат. Апасы келгенче улам тырс эткен добушка кулак түрүп элеңдеп жалгыз отурчу бала азыр жыргап калды, айрыкча Нускайымдын көңүлү тынч.
Нускайым жумуштан келсе короодо жат машине туруптур. Конок келген го деп ойлоп койду. Кирип баратып жагымсыз мыңкылдаган басыңкы добушту угуп «карыз сурап келгендей сүйлөйт экен» деп бир ирмемге ойлоп алды. Келиндин добушун адатынча биринчи уулу укту.
– Апам келди, - деп чуркап чыккан балага удаа эле Гүлүмкан мейманканадан баш бакты.
– Келдиңби, Айкен (Гүлүмкан Нускайымды ушинтип чакырчу), ырас келип калдың, эми эле тамакка отурганы жатканбыз.
– Конок бар го, ээ? - Нускайым ашканада тамак-ашка каралашып жатып акырын сурады.
– Менин жалгыз эле эжем бар, ошонун уулу, бактысы ачылбай жүрөт байкуштун.
– Эркектердин бактысы ачылбай жүрөт десе түшүнбөй кетем, эже, алар каалаган адамына барып сөз айтканга, каалаганын тандаганга мүмкүнчүлүгү бар го.
– Ээ Айкен, мен да жаш кезде ошентип ойлочумун, эркекке деле Кудай бак айтпаса кыйын экен айланайын. Мындай карасаң, иним колунан иш келген, маданияттуу эле жигит, табышкерлигин айтпа, бирок аялы менен келише албай үйүнөн чыгып кеткенине бир жыл болду. Аңгыча Зыпар:
– Гүкүн, тамагың берилбес болду го, Тимурду «бара бер, эжең ушинтип калган» деп узатып койсом окшойт, – деп бакылдап калды.
– Апей, узатып койгону эмнеси, мына алып баратабыз, Айкен да келип калды Кудай жалгап, – деп шашып калды.
– Эже, биз Тилек экөөбүз ашканада эле отура береличи, – деди Нускайым негедир киргиси келбей.
– Апей, ботом, ашканада отурганы эмнеси, бөлүнүп жеген тамак тамак болчу беле, байкең да кейийт башка отурсаң, кир, бас, – деп болбой мейманканага баштап кирди. Тээ төрдө башын жылтыратып кырып алган толук киши отуруптур. Ал келинди көз айнегинин төбөсү менен чолуп карап алды да, анан бекем кымтылган эриндерин кыбыратып учурашкан болду.
– Бул жигит - менин иним Тимур, бул келин болсо менин жаңыдан тапкан сиңдим, – деп экөөнү тааныштырган болду. Тиги киши тамакты оозун чоң ачып салып, анан шалпылдатып шашып жейт экен. Жеп жаткан тамагы такалып калгансып какырынып, кайра анысын жутуп койгону келинди жипкиртип итиркейи келип араң отурду. Гүлүмкан менен Зыпар көнүп калганбы же эстүү кишилер уялтпайын дештиби, сыр алдырбай улам ар кайсыны кеп салып бакылдап жатышат. Бир кезде тиги киши кызып калды окшойт, ачылып сүйлөй баштады. Көп жылдар Комсомол комитетинде иштептир, ошонусун айтып бүтө албай узун сөзгө кирди. Эч кимди укпай өзү сүйлөп, анан өзү курсант боло мыңкылдап күлүп, айтор, чечекейи чеч. Ал тургай, келинди да жанагыдай көзүнүн төбөсү менен карабай кепке тартканга аракеттене баштады.
– Эже, сиңдиңиз эмне сүйлөбөйт? – деди бир кезде жылмаңдап.
– Сөз тийбесе деле сүйлөй бермек белем, – деди Нускайым кыжыры келип.
– Келиңиз, анда сизге сөз берели, ичпей да жатасыз.
– Мен ичпейм.
– Ичпесең да сүйлөп кой, карындашым, - деди Зыпар келиндин кыжыры келип турганын байкаса да. Нускайым улуу кишинин сөзүн кыя албай эле колуна бокалды кармап көнүмүш тостту сүйлөп кутулганга шашты.
– Ап балли! Мына, кеп деп ушуну айтат, – деп бакылдады тиги киши. Анан эки жагын купшуңдай карап өзүнчө эле баладай кудуңдап колундагы бокалды шыпкай ичип жиберди. Келинге бул отуруштун бүтмөгү тозок болуп, же туруп кете албай айласы куруду.
– Сиңдиңиз мага жагып калды, эже, - деди анан бир кезде келиндин ансайын айласын кетирип. Гүлүмкан ууртунан жылмая Нускайымды карады.
– Мен тура берейин, сиздер кенен отуруңуздар, - Нускайым турганча шашты.
– Кой, отур, жакшылап таанышкыла дегендей... - Гүлүмканды Зыпар көзү менен токтотту да, келинди жылуу карап:
– Мейли, Тилектин да уйкусу келди окшойт, жаткыр, – деди токтоо. Келин ыраазы боло карап алып чыгып кетти. Тиги кишинин андан аркы сөздөрүн уккусу келбегендей эшикти бекем жаап алды. Бул киши менен дагы далай бет келип, далай бирге жол басарын али билген жок Нускайым.

#311 09 October 2016 - 00:17
Ошол кышта сопсоо эле жүргөн Зыпар бир түнү уктаган жеринен турбай калды. Бул адам кайтыш болгондо ыйлабаган жан калган жок. Айрыкча Гүлүмкандын үнү Кудайга жетип зар какшап ыйлады. Өлгөндүн артынан өлмөк жок тура, өлсө бир ууч болуп куурап, чачы үч күндүн ичинде куудай агарып, көздөрү ыйдан шишип, үнү бүтүп шыбырап калган Зыпардын жесири өлмөк.
– Мени аяп жүрүп өзү кетти, – деди кечинде батачылар кетип жалгыз калышканда Гүлүм шыбырап. Нусканын ыйдан тамагы буулуп, Тилек болсо ыйлайын десе жашы түгөнүп, тек гана термелип калган жесирди кучактап, унчукпай кичинекей көөдөнүнө басты. Бала мындан башка сооротор айла таппай, эгер бир ылаажысы болсо, ушул азыр Зыпарды, мейли, жердин четинде, жол коркунучтуу десе да таап келүүгө даяр турду. Бала мындан башка көңүл жайгарар эч нерсе таппаган алсыздыгына, колунан эч нерсе келбеген бечаралыгына жаны ачыды.
– Эже тамак ичип алыңызчы, канча күндөн бери наар ала элексиз, – деди Нускайым көзүнүн жашын жутуп.
– Кайдагы тамак, мени Кудай алат беле, Тилекке бер, ушул куурады го, айланайын.
– Сизди Зыпар авам «убагында тамак ич» дечү эмес беле, - деди Тилек каргылдана.
Гүлүм баланы бооруна басып алып үнсүз ыйлады.
– Ооба, «тамакты убагында ич» дечү, мени өлүп калат деп коркчу шордуум, эми жалгыз калса кантет дебей эле кетип калбадыбы...
– Жалгыз калган жоксуз го, мен бармын, апам бар. Апам жумушка, мен сабакка барып эле келебиз, ыйлабаңызчы, – деди бала каректери жалжылдап.
Ыйлабайм, балам, ыйлабайм... Бала Гүлүмдүн тизесине башын коюп жатып уктады.
– Нукен, сенде бир кебим бар айланайын, мындай отурчу, – деди Гүлүм маанилүү кеп айтчудай. Тилекти жаткырып жаткан Нускайым баланын үстүн жаап коюп жакын отурду.
– Угуп жатам, эже.
– Тимурду жакшы билесиң, Нукен, билем, сага жакпайт, бирок турмуш башка, көңүл башка, каралдым. Жаман адам эмес, жакшы сүйлөп, тамагын кадырласаң, карамдуу эр болот. Зыпар аваң макул болчу эмес, сени ыраа көрбөй кетчү, бирок мен башка жол көрө албай турам, туура түшүн. Зыпар барда ошого ишенчүмүн, бир кайгы, кубаныч болсо ушул чечет деп таянчумун. Эми сенден башка кеңешерим да, бөлүшөрүм да жок. Мындан бир нече жыл мурун Зыпар аваң бирөөнүн жалгыз баласын машине менен коюп кеткен. Бала өлбөй калган менен көпкө дарыланды. Ата-энеси жакшы адамдар экен, сотко берген жок, бирок аваң баланын бүт дарысын, бутуна турганга чейинки бардык түйшүгүн мойнуна алды. Биз топтогон дүнүйө көпкө жеткен жок. Айлабыз кеткенде үйдү сатмай болдук. Ошондо Тимур келип: «Үйдү мен алам. Жардамым - ушул, силер өз үйүңөрдөй жашай бергиле», - деген менен аваң бүт өмүр өзүн карыз сезип, күнкор сезип жүрүп өттү, намыскөй эмес беле кайраным. Өлөрдөн бир күн мурун: «Ушул келин бактысын тапса болот эле, биз бирдеме болсок, баласын жетелеп көчөдө калат», - деп кейигенинен «Кудайга шүгүр, Нукендин ата-энеси бар, алар деле сен ойлогонду ойлойт», - деп кагып салдым. Аваң саамга ойлонуп отуруп: «Нускайым намыскөй тура, ачка калса да ата-энесин кыйнап аларга барбайт, «баарын өзүм кылам» деп тырмышат. Бирок бул чалмакей заманда чабалекейдей келин Нукен эмес, эңгезердей мен карызымдан кутула албай кетип баратам. Атаганат, ушул үй өз наамымда болсо эмне, Тилекке жазып калтырбайт белем, атасы болбосом да менин атымды эстеп куран окуп жүрмөк», - деп калды. Бирдемени сезген го шор таалай, ошондо эле жүрөгүм түпөйүл болуп калды. «Кайда кетип баратасың, ботом? Эмнелерди эле дөөрүп калгансың», – деп үрпөйө түшсөм, «кайда кетмек элем, жаныңда эле отурбаймынбы, темтейип», – деп күлүп башкага буруп кетти эле.
Аваң тирүү болсо бирдемени ойлоп тапмак, менин акылым жеткени ушул болду, Нукен, сага тиги Тимурдун көзү түшүп жүрөт. Сен макул десең эле эртең кирип келгенге даяр, ушул үйгө сен ээ болуп, менин кармаган-тутканымды сен кармап кал, макул көрсөң. Зыпар да үй Тилекке калды деп тынч жатсын шордуу. Жок дегенде бир тилеги орундалсын бейтаалайымдын. Бала көрбөй өтсө да бир жолу анысын ачык айтпады. Башка эркектердей тескери басып мени сыздатпады. Балким, балалуу болсок да көбүрөөк жашайт беле. Алтымыш үч деген эмне, жигит курак да... Эмнеге шашты десең... – Гүлүмкан кайра ыйлап кирди.
– Мен ойлонойун, эже, ыйлабаңызчы, – деди Нускайым бырчаланып. Келин таң атканча уктай албай чыкты. Бирде көз алдына атасындай мээрим менен карап, жаман сөз эмес, жаман көзгө ыраа көрбөй баласы экөөнү корголоп турган бүркүт кабак, олбурлуу Зыпар тартылса, бирде күрп тооктой түйтөйүп, жүдөп бир түндө кемпир болуп картайган Гүлүмкан, бирде көзүнүн төбөсү менен аңдый карап, жука эриндерин жыланчасынан тез-тез ######, бирдеме издеп жаткансып эки жагын жутунуп карай берген Тимур тартылып санаасы санга, дүйнөсү миңге чачылды. Таңга маал уктап кеткен экен, Зыпар түшүнө кириптир.
– Тилекти карагыла, ачка калбасын. Муну берип койчу, тентек алманы жакшы көрөт, – деп эле бир этек алма берип жатат. Ойгонуп кетип эле «демек, Зыпар авам да макул тура, «Тилекке бер» деп жатпайбы, алма ырыскы да, мүмкүн Тилектин ырыскысы ушул үйдө чыгар» деп ойлоду. Эрте мененки чай учурунда:
– Мен макулмун, эже, бирок Тилекке өзүңүз айтыңыз, мен кантип түшүндүрөм, – деди каргылдана. Макул болорун болуп, бирок кымбат бирдемесин карызына карматып жибергендей ичи эңшерилди. Гүлүмкан унчукпай көпкө тунжурап отуруп, анан:
– Билип жатам, сага жат бирөөлөрдүн орундалбаган тилектери үчүн өзүңдү курмандыкка чалып жатасың, убал-сообуң менин мойнумда, айланайын, - деди да, туруп кетти. Гүлүмкан өзү чакырдыбы же өзү келдиби, ошол күнү кечке маал Тимур келди. Машиненин үнүнөн батачылар келди окшойт деп чыга калган Нускайым Тимурду көрүп негедир селт этип чочуп кетти.
– Кандайсың, чоң кыз? – деди жаланып.
– Жакшы, келиңиз, – деди келин араң эрдин кыбыратып.
– Эмне жаңылык?
Жок дегенде эжесинин акыбалын сурайт го деп ойлоп турган келин денеси муздай ичиркенип алды.
– Зыпар авамдын өлгөнүнөн башка жаңылык боло элек, – деди кыжыры келип.
– Даа, бечара жездем да жер жазданып жатып калды, – деди кайдыгер. Үнүндө эч кандай эмоция, адам катары кайгыга тең кароо жок, муздак болчу. Тескерисинче, демейде ичим өтүп кетпесин деп корккон ич өткөк оорулуудай көчүгүн бекем кысып алып тез-тез басчу Тимур бул жолу эки жагын карап шашпай басып баратты. Адаттагыдай эле арык койдун куйругундай жалпак көчүгүнүн май куйругу катуу түйүлүп турса да эки ийни керилип өзүн толук кожоюн сезип калганы сокур көзгө да байкалып турган. «Сен шашпа, бул үйгө ким кожоюн болорун али көрө жатарбыз» деп ойлогонго үлгүрдү келин куду душманына кекенип жаткансып. Кабагы кирлүү келин унчукпай үйгө жол баштады.
– Кандайсыз, эже? – Тимур Гүлүмдүн кайгысын бөлүшүп жаткансып аялдарчасынан өбүшүп учурашты. Жашып турган жүз көрсөтүмүш боло жүз аарчысы менен кургак көздөрүн аарчый башын салып отуруп да, куран окуп жатып да, чай ичип жатып да үтүрөйгөн кабак алдынан үй ичин кожоюндун көзү менен буюмдарды түгөлдөгөнсүп карап жатканы чай куюп отурган Нускайымга эле эмес, күйүттүү Гүлүмгө да туюлуп жаткансыды. Ансыз деле Тимурду көргөнү ичиркене түшкөн келин ансайын түйүлүп, негедир Тимурдун бетпак көз карашы үчүн өзү күнөөлүүдөй корунуп, күйөөсүнөн айрылган бир нече күн ичинде эле баладай кол карап мусапыр боло түшкөн жесирди аяп отурду.
– Келбей кеттиңиз, – деди Нускайым өзүн зордоп күлүмсүрөп. Тимур эми эле кайгырымыш болуп отурган бет кабын дароо сыйрый жылмаңдай баш көтөрдү.
– Ии, келбедимби, – деди чычкан көргөн күйкөдөй комдонуп. Гүлүм келинди таң кала карап калды. Эки аял саамга тиктешип калышты да, биринчи болуп Гүлүм көзүн тартып кетти. А Нускайымдын кирпиктеринде кылгырган туптунук жаш турду.
– Эми Гүлүм эженин гана эмес, биздин да ишенерибиз сиз болуп калдыңыз, – деди каргылдана.
– Албетте, силер үчүн колдон келгенин кылам.
– Мен суранчу нерсе колуңуздан келет, Тилекти бала, мени жар кылып алыңыз, мен жаман аял болбоймун. Жакпасам, аны ачык айтыңыз.
Тимур колундагысын башка алып кетчүдөй карбаластады.
– Жагасың, мына, эжеме деле «ушу сиңдиңиз жагып калды» деп көргөндөн бери эле айтып атпаймынбы. Жездем эле макул болбой мына эми өзү да өлүп калды. Менин мурунку аялым акмак болчу да, акылы болсо мени алдап жеп жашай бербейби.
– Мурункуну кеп кылуунун кереги жок, айрыкча Зыпар аванын арбагына шек келтирбейли. Мына эми сизди алдап жашачу киши табылды деп эсептей бериңиз. Менин бир гана шартым бар: макул болсоңуз, ушул үйдө жашайлы, Гүлүм эже жалгыз калбасын.
– Бул үй да менин...
Нускайым Тимурдун кебин бүтүртпөй сөзүн улады:
– Ата-энемдин алдына жакшы барасыз, Тилекке катуу айтпайсыз, эжени капа кылбайсыз, мен каалаганды сатып бересиз.
– Боптур, боптур, – Тимур тоту куштай ушул сөздү элпек кайталап, моюн жаңсагандан эринип ийнине эле коюп койгондой жалпак башын үкүчөсүнөн эпеңдете берди.
Ошондон эки күн өткөндөн кийин Тимур менен Гүлүмкан Нускайымдын ата-энесинин алдына барышты. Тимур эч нерседен аянган жок. Ата-энеси эле эмес, тууган аттуунун баарына баш-аяк кийит кылып Нускайымдын оозунан чыкканын аткарып жатты. Тилек болсо эмне болуп кеткенине деле түшүнбөй апасынын «эми биздин үйүбүз болот» деген кебине гана кубанып жүрдү. Тойдо баары шарактап, айрыкча бири тээ орус жергесинде, бири Бишкекте, бири Ошто болуп бүтпөгөн тиричиликтин айынан көптөн бери жолукпаган бир туугандардын жарптары жазылып, жүздөрүндө күлкү ойнойт. Бир гана эненин тынчы кетип отурду. Төрдөгү үстөлдө маанайы суз отурган кызынын жанына бара албай, баары дем алганы сыртка чыкканда кенжесинен жанына чакыртты.
– Бир жериң ооруп турабы?
– Жок, апа, баары жакшы.
– Эмне, көзүң киртийип калган?
– Киртийбей эле...
– Кабагың бүркөө...
– Күлөйүн эле деп жатам, бирок сиздин «тойдо күлбөй, суз отургула, «баланчанын кызы эрге тийгенине жетине албай сүйүнүп атат» дешет» дегениңизди эстеп сизден коркуп күлбөй отурам, апа, же мен күлсөм боло береби?
– Ким эмне десе дей берсин, балам, күлүп-жайнап эле отурчу.
– Макул, апа, эми күлүп, бийлеп, аксакалдардан бери бийге чакырып шаштысын албасамбы.
– Кой, антпе, уят. Тек гана батага келгенсибей маанайың ачык отурчу.
Нускайым апасын шоркурата жыттап ичинен күңгүрөндү:
– Ой апакем, антсем да минтсем да тыя бересиз, мен Тилекти тыя берем. Эл антет, эл минтет, уят деп жүрүп канчага чыдаар экем... Мен батага эле келдим, апа, бактымды курмандыкка чалып ошонун азасында отурам. Эне кызынын жылмайганы, кашкайып күлгөнү жасалма экенин сезип эле турду.
– Кантсе да аягы жакшы болсо экен, - деп ойлоп алып, кайра, - ок, оозума таш, баары жакшы болот. Баламдын бактысы ачылсын. Ачылбай эмне, ачылганы ушул да, күйөө өмүр кадырына жетчү курактагы илим-билимдүү, түшүнүктүү, бардар неме экен. Кудай, баламды адаштырба, - деп шашкалактап тилеп жиберди. Эне жүрөгү алда нени туйгандай өрөпкүй коогалуу согуп, тойдун акырына чейин тынчый албай койду.

#312 09 October 2016 - 00:19
Той да болду, тойдун эртеси да болду дегендей, Нускайым жаң ы турмушуна көнө албаса да аялдык парзын аткарып жашап жүрдү. Алгачкы күндөрү Нускайымга да, Тилекке да, Гүлүмгө да камкор сезилип бир мүнөт жаны тынбай ары-бери чапкылап жүргөн Тимурдун бара-бара жата бермейи күчөдү. Оболу “бир жери ооруп жүрөбү” деп тынчсызданган Гүлүм менен Нускага бара-бара анын бул адаты көнүмүшкө айланды. Анткени тынчсызданганга себеп жок болчу, тамакты баарынан көп жейт, өзү үчүн эч нерседен баш тартпай куду эртең ачкачылык башталчудай баштыктап алып келип үйүп койот. Тилек бала да, Тимур алып келген таттууларды,
йогурт, балмуздактарды тим эле кубанып жеп жыргап калды. Бирок бала жеген сайын Тимурдун ичи тарыганы көзүнөн көрүнүп, кийинки кезде уялбай эле жаткан бөлмөсүнө алып кирип катып койчу болду. Бара-бара баланын баскан-турганына,
ичип-жегенине,
ал тургай, жуунганына чейин киришип, кенедей балага кадимкидей атаандашканга өттү. Мунун баары келиндин да, Гүлүмдүн да жүрөгүн оорутуп, бирок эки аял Тимурга эле эмес, бири-бирине да сездирбегенге аракет кылып ичине сала беришти. Келиндин көздөрү күндөн-күнгө муң дуу, кусалуу тартты. Күйөөсүнүн эртеден кечке жата бергенине таң данган келин “мунун эмне, далысы талыбайбы, ичи бышпайбы” деп ойлочу.
Нускайым жумуштан кечирээк чыкканына кыжалат боло шашып келе жатып дарбаза алдында дүпүйүп карарып турган эки караанды байкады. Жакындаганда гана отургандардын биринин башында жоолугу бар экенин байкап шаша жетип келип Тилекти кучактап отурган Гүлүмдү таанып чочуп кетти.
– Апей, эмне үйгө кирбей отурасың ар?
– Авам ачкычты алып...
Гүлүм Тилекти кучагына тарта берип озунду.
– Ачкычыбызды калтырып коюппуз, – деди көзүн ала качып.
– Эмне такылдатпайсың ар анан?
– Көп деле такылдатпадык, угулбайт да. Тимур уктап калган го, чамасы, ары биз ага айтпай кеттик эле да.
– Капырай, тирүү адам ит келдиби, киши келдиби деп карап коёт да, – деди келин ачуусуна муунуп.
– Мейли, балам, Тимурга унчукпай эле кой, ачкычты албаган айып өзүбүздө, – деди Гүлүм келинди жооткотуп. Нускайым көзүн карап жалжылдаган Гүлүмдү аяды. “Кан басымы көтөрүлүп кетпесин араң жүргөндө” деп ойлой ичтен сыза тиштенди. Үйгө киришкенде Тимур “булар кайда жүрдү?” демек түгүл, кечиккен аялын сурап койгон жок. Нуска үшүгөн кемпир менен балага тамак берип жүрүп да көөдөнүн тиреген ызасына муунуп, көз жашы алкымына такала араң жутуп жатты. Гүлүм да кез-кезде келинди кирпик астынан карап койгону болбосо, сүйлөгөн жок. Келин качан уулун жаткырып жатканда баланын бутунда байпагы жок экенин байкады.
– Байпагың кана? Неге кийген жоксуң ?
– Авам: “Булар менин акчама келген”, - деп алып катып алган. Гүлүм апам: “Бүгүн байпак алып берем”, - деди эле, саткан семичкесинин акчасы тийбей калды. “Эми эртең соода болсо же пенсия тийгенде алып берем”, - деди.
– Кандай семичке, кандай соода? – деди Нускайым эч нерсени түшүнбөй. Бала ошондо гана сыры ачылып калгандай каректери чоноё коркуп кетти.
– Апа, апоов, кечирип коюң узчу, Гүлүм апам “айтпа” деди эле. Бая күнү авам: “Силер жегенди эле билесиң ер, менин үйүмдө жашап жатасың ар”, - деп мени да, Гүлүм апамды да урушту. Анан ал чыгып кеткенден кийин апам ыйлады.
– Башы оорубадыбы апаң дын? – деди келин каргылдана.
– Билбейм, башын кармап отурду да, анан: “Биз деле акча таба алабыз, уулум, апаң а гана айтпа, макулбу?” - дегенинен мен макул болдум. Анан Гүлүм апамдын пенсиясынан арткан акчасына семичке алып, аны кайра базар кыдырып сатып жатабыз.
– Кайсы учурда барып жатасың ар?
– Мен мектептен келерим менен чыгып кетебиз да, сиз келгенче келип калабыз.
Нускайым не дээрин, кандай кыларын билбей жүрөгү тилине айласы куруду. Өгүздөй немеге кайран сөз, азыр сүйлөшмөк тургай, көргүсү келген жок. Күйөөсүнө адаттагыдай тамак да бербей уулунун жанына жатып алып таң атканча кирпик каккан жок.
Жумуштан келе жаткан келин дарбазанын адаттан тыш ачылып калганын көрүп жүрөгү шуу дей түштү.
– Капырай, ааламды сел алып кетсе да дарбазаны ачык таштачу эмес эле го, тиги көр чычкан, тынччылык болгой эле, - деп дикилдей шашты. Короодо эки жигит жүк ташыгыч машинеден кап-кап бирдемелерди түшүрүп жатыптыр. Тимур колун бөйрөгүнө таянып алып күлтүң дөй ары-бери басып тигилерди жумшап жатат.
– Тынччылыкпы? – деди Нускайым демиге.
– Ии, келдиң би? Жездемдин жылдыгына карата үйдү ремонттоп коёлу дедим, – деди Тимур тим эле опол тоодой чоң иш кылып жаткандай менменсинип.
– Булар усталар, – куду кул жумшап жаткансып керкейип кап, сыр ташып жаткан жигиттерге кол жаң сай кошумчалап койду.
Ошол учурда көтөргөн капты таштап чыккан усталардын бири Нускайымды теше карап калды. Келин көзүнө устанын көзү урунары менен тааныды. Ийниндеги сумкасы шыпырыла элейди. Купкуу болуп кирип эле босогодо тактайга отуруп калган Нускайымды көрүп Гүлүм чочуп кетти.
– Эмне болду, бир жериң ооруп жатабы? – деди үйрүлүп.
– Ал келиптир, апа, аны унуттум дебедим беле.
Аял айттырбай түшүндүбү, келинди бооруна кыса далысынан сылагылады.
– Мындай унутулчу беле, балам, болгону карттанат. Сен эстүүсүң , өзүң чеч, – деди да, Тилекти жетелеп сыртка чыгып кетти. Бала да кыйыктанбай чыгып кетти.
– Мени унутпаганың ды билгем... - деген үндөн жугунду төккөнү чыга калган келин чочуп кетти, - Тилек чоң оюп калган тура, көрөрүм менен тааныдым, көздөрү сеники, а басканы, сүйлөгөнү, ээгиндеги чуң курчасы...
Нускайым жигитти жакадан алды:
– Ал сенин балаң эмес, менин балам, ал мага гана окшош!
Жигит калчылдаган келинди бооруна кыса кучактады. Келиндин чапкылаганына, түртүп булкунганына карабай бооруна бекем басып, башын келиндин көөдөнүнө ката кичинекей муштумга далысын тосуп туруп берди. Колго түшкөн азоодой туйлаган келин акырын тынчтана, анан солуктап ыйлап кирди.
– Коё бер, – деди бир кезде соолугуп.
– Тилекти ал да, кеттик, сасыган чалга кор болуп неге жүрөсүң ? Эрге тийет экенсиң , мага тийсең болот эле го.
– Аялың чы, балдарың чы?
– Балдардан кетмек эмесмин, а аялым менен сенден кийин жашаган деле жокмун. Сени издедим, таппаганда ичтим, көчөдө калдым, муш жедим, мушташтым... Качан үмүтүм үзүлгөндө табылдың . Эми эмне болуп кетсе да сени эч кимге бербейм.
– Мен буюм эмесмин, каалаган алып кете бергидей. Мага бир гана адамдын тагдыры, көң үлү байланган эмес. Гүлүм эже бар, мени сыйлаган калың топ, түбү түптүү кайын журтум, менин бактым ачылды деп ишенген ата-энемди кантем, ушуларды ойлондуң бу? Сага сенин гана каалооң маанилүү, – деди да, шарт кирип кетти.
Ошол түндүн таң ында Тимур бир эски мылтык көтөрүп келди.
– Капырай, муну эмне кыласыз, ата албагандан кийин, мергенчиликке деги чыкпайсыз, – деди келин жүрөгү опколжуп.
– Тиги Азамат атасынан калган мылтыкты арзан сатып жаткан экен, алып койдум, – деди Тимур эрдин жалана.
– Арзан болсо эле ала берет бекен, үйдө бала бар.
– Балага мылтыкты кармап бок барбы, тийбесин, ансыз деле тойгозду балаң . Койгон буюмдун бирин таппайм, көргөнүн ала берет. Багып жатканым аз келгенсип өз үйүмдө өз буюмдарымды таппай калдым, энең ди жетимче!.. – Тимур ичиндегинин баарын бир бүркүй күпүлдөп алып, анан күлтүң дөп кирип кетти. Келин Тимурду жеп жиберчүдөй умтула басып келе жаткан Каниетти көкүрөгүнөн түртө токтотту.
– Бул менин эрим, менин баламды урушуп жатат, сенин ишиң болбосун, - деди тиштене. Анан көзүнө келе калган жашты катуу сүртө аарчып алып жумушуна чыгып кетти.
Нускайым эшиктен киргенде Тилекти кучактап отурган Гүлүм күнөөкөрдөй тура калды. Баланын ыйлаганы көзүнөн көрүнүп турат.
– Эмне болду? – деди экөөнү алмак-салмак карап.
– Авам урду, башыма, бетиме уруп, колумду кайрыды. Желкемди мыкчып: “Таштандыга ыргытып жиберем, көчөгө чыгарып коём”, - деди. Уста байке болушту эле, аны да сөктү. Анан уста байке авамды бир түртүп жыгыта коюп: “Тилекке тийсең , колуң ду чагам, ордуң да атып кетем”, - деп буюмдарын жыйнап шериктери менен кетип калышты, – Тилек араң карманып турганбы, ызалуу булкулдап, буулуга ыйлап жиберди.
Ак чачтары жоолугунан чыккан Гүлүм:
– Мен куруюн, мен кылдым ушуну, балам, мени саба, – деп келиндин алдына чөк түшө отуруп ыйлап жиберди. Нускайым аялды кош колдой кармап өйдө тургузду.
– Сизде эмне күнөө, апа, бул менин тандоом, жыйынтыгын да мен чыгарам. Келин уулунун алдына чөгөлөй отура калып баланын көз жашын аарчыды.
– Сен жигитсин, ошого да ыйлайт бекен, ыйлаба ээ? Гүлүм апаң экөөң тиги Марипа эженикинен сүт алып келгиле ээ? Мен акчасын берип койгом, силер келгенче мен аваң менен сүйлөшүп турам, макулбу? – деди таң каларлык токтоо. “Мейли, сүйлөшүп алсын, жарылып кетпейби” деп ойлогон Гүлүм унчукпай баланы жетелеп чыгып кетти.
Караң гыны жаң ыртып мылтык атылды. Кошунанын короосуна эми эле жеткен Гүлүм жүрөгү солк эте токтоп калды. Анан элее түшкөн баланы:
– Сен кирип тур, уулум, - деп киргизип жибере делбектей артына жүгүрдү. Ичкериден мылтык кармаган купкуу Нускайым чыкты.
– Мен аны атып салдым, Зыпар авам болсо ал да ушинтмек, – деди булдуруктай шыбырап. Гүлүм келиндин колунан мылтыкты жулуп алды да, негедир отура калып этеги менен мылтыкты дыкаттык менен аарчып кирди.
– Сен кет, Тилек Марипанын үйүндө, аны ал да, кет, – деди да, дарбазаны ичинен жаап алып кирип кетти...
Зыпар өлгөнү эч ким кирип-чыкпай калган үйдө үч күндөн бери адамдар топурап жүрүштү. Негедир өлүк койгону эмес, кандайдыр талашка келгендей жулунган адамдар жүрдү. Анан үчүнчү күнү гана өлүк каадасы башталды. Батага келген эки аял башы бириге шыбырап атышты.
– Ботом, соо эле жүрүп не болуп өлүптүр?
– Ой, тиги Гүлүм шордуу Тимур алып келген бир мылтыкты жүккө катып жатып баамдабай курогун басып алса атылып кетиптир. Анан тиги инисинин да жүрөгү начар экен, мылтыктын үнүнөн чочуп эле жүрөгү кармап калган имиш.
– Аны кайдан уктуң ?
– Ой, тиги биринчи аялынан балдары дароо эле медэкспертизага алып барып сойдурса “катуу коркконбу же чочуганбы, жүрөгү жарылып кеткен” деп кагаз жазып бериптир.
– Аа, балдары жакшы тура, дароо “атам” деп чуркап келишиптир да, бечаралар.
– Жакшы болбой калсын, бул үй да Зыпардын эмес, Тимурдун үйү имиш, Зыпар Тимурдан карыз болуп, анан бере албаганда кайын иниси алып койгон экен. Анан аны угуп калган балдары бул үйдү тиги кийин алган катынына калып калбасын, эптеп жалаа жаап жаш катынды жок кылалы дешсе ойлору ордунан чыкпай калыптыр. Ошого ачууланышып атасын жайга койгонго турбай кетип калышты, ботом, - деди экинчиси кебин тастыктап.
– Аа, баса, жаш катыны көрүнбөйт да?
– Тиги балдарынан коркуп кетип калган имиш. Ызы-чуу басылганда келет да. Үй, короо жай баары жаш катынга калды, “буйруган алат” деген - ушул. Карачы, канча жыл жашаган Зыпар менен Гүлүмгө, же сатып алган Тимурга буйрубай, ушу келинге буйруганын.
Аң гыча өлүктү алып чыгышты. Тимурга ыйлаган да, акыркы сапарга күйүп узаткан да жакын эч ким болгон жок. Ал тургай, чачы аппак болгон Гүлүм да көзүнөн жаш чыгарбай мисирейди.

#313 09 October 2016 - 01:58
АЯЛ НАМЫСЫ
Тоо боорундагы чакан айылдын ичи уу-дуу. Айрыкча ушак десе жанын берип жантыгынан жата калган кеби көп катындарга Кудай берип салды.
– Шерменде, тиги балбан баланын арбагын сыйлабайбы жок дегенде. Кантип баш көтөрүп басат десең эми?
– Ой ошону айтсаң. Тиги сельсовет бала да балекет экен тымпыйып алып.
– Ал эмне, эркек да, тиги сулуу неме жылмаңдап азгырса барса барып койгондур.
– Баса, сельсовет баланын кудалап койгон кызы тийбейм дептир.
– Тийбейм дебей эле сельсовет бала тиги шермендени алып үйүнөн чыгып кетиптир.
– Койчу ботом, үйлөнбөгөн неме жубан алып жин тийген го?!
– Койбой-этпей эле кечинде буюм-тайымын алып чыгып баратканын көзүм менен көрдүм. Тиги шерменде болсо кыйратып салгансып айбыгып койбой башын көтөрүп менсине басып барып сельсовет баланын машинесине отурду.
– Ой, өлүгүңдү көрөйүн бети жок, жаш баланын гүлгүн өмүрүн кор кылат эми.
– Жаш бала болбой калсын, качанкы карт бойдок. Калыя кичүү андан керек болсо.
– Ой, кичүү болсо да бир эр көргөн, экини тууган жубан дейт аны.
Нурукан менен Үрүнсанын кызуу талашын жолдон өтүп бараткан Керим бузду.
– Ой, Нурукан жеңе, мен да сени алып кетип калбайынбы, ыя? Калп эле Калыянын кылыгын жактырбаган болгон менен ичиң күйүп эле жатат ээ? Карачы, жаап жаткан наның да күйүп кетти,-деди аттын капталына кыйшая берип.
– Апей, күйүп кеттиби?! – Аял шаша тандырын карап алып, наны жайында экенинин көрүп анан кайра Керимге асылды:
– Аа байкуш, сенин колуңдан антип аял кадырын көтөрүп алуу келсе тиги Шайлоокан байкуштун көзүнөн көк-ала кетпей жүрөт беле? Башканы коюп аялыңдын кадырына жетип алчы,-деди шакылдап. Керим кепке жыгылдыбы, же буларга айла жок экен дедиби, кепти ырбатпай түздөнө бастырып кетти.
***
Чөлдүн кызы (райондун кыздарын тоолуктар чөлдүн кызы деп коюшчу) Калыя бул айылга он алты жашында келин болуп келди. Онду жаңы бүткөн жаш кыздын тагдырын илгертен катташып жүргөн чоң аталары эле чечип, Калыя өмүрлөшү менен көшөгөдөн таанышты. Күйөө болчу бала деле балапан түгү түшө элек боз бала экен.
– Кел, отур,-деди күйөө тик турган келинчегине даап бара албай, адам бою болуп салынган төшөктүн четине коомай отуруп жатып.
– Ушундай эле турам,-деди кыз калчылдап.
– Жеңелер шаштырат го,-деди күйөө ансайын нымтырап. Күйөө болчу эркектин өзүнөн өтүп калчылдаганы кызды шердентип жибердиби:
– Шаштырса милдетиңди аткарасың да,-деди кургак. Ошентип эч кандай сезими жок эле экөө милдетин аткарышты.
Калыя тың келин чыкты. Көп сүйлөбөгөн момун, бирок, улак тартыш, ат чабыш десе жантыгынан жата калган Нурмаматтын үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап, экөө беш-алты жылда бутуна туруп, өзү теңдүүлөрдүн алды болуп мал-жан, үй күтүп калышты. Карыган кайнатасы менен кайненесинин кубанычында чек жок.
Эгерде Калыянын жүрөгүнө чок салган бир адам капыстан жашоосуна аралашпаса, булардын жай турмушу өз нугу менен ага бермек.
Калыя жайыттан келген уйларын саап кирип келе жатып күйөөсү менен сүйлөшүп турган узун бойлуу бейтааныш жигитти көрдү. Кең далылуу, бүркүт кабак, чап жаак, тармал чач жигит көзүнө башка ааламдан келгендей көрүндү.
– Тиги сени менен сүйлөшүп турган жигит ким?-деди күйөөсү кирээри менен.
– Экөөбүз чогуу окуганбыз. – Нурмаматтын үнүндө сыймык, ошол эле учурда алда кандай кусалык бар эле.
– Кайдан чогуу окуп жүрөсүңөр?
– Мектепте да. Анан бул окууга кетти, мени атамдар жибербей койду,-деди күйөөсү өкүтү бардай ойлуу. Калыя күйөөсүнүн бирдемеге серпилип кейигенин азыр көрүшү. Таң калды.
– Окуусун бүтүп келиптирби? -деди негедир ал тууралуу билгиси келип.
– Бүткөнүнө эки жыл болду, тээ райондо иштеп жүргөн, эми биздин айылга сельсовет болуп келиптир.
Жана күндүз кийиз кылган жерде аялдардын “жаңы сельсовет келиптир” деп эле талкуулап жатышканын угуп маани берген эмес. “Жаңы сельсовет ушул экен де” деди алда неден жүрөгү өрөпкүп.
Бир күнү эле күйөөсү:
– Калыя, тиги Мунарбекти чайга чакырып койбойлубу? -деди акырын.
– Мунарбегиң ким эле?
– Менин сельсовет досумчу. Чакырбасак уят го, ары дос, ары сельсовет да болуп келди деп элдин баары чакырып сыйлап атыптыр. Бирок, келеби, жокпу билбейм,-деди арсар.
– Эмнеге келбейт?
– Жумуш болсо кеңседен сүйлөшөлү деп бир-эки сыйдан кийин эле чакырган жерлерге барбай коюптур,-деди арасат. “Акылдуу, таза жигит экен” деди Калыя ичинен.
– А сен сельсовет эмес, дос катары чакырып жатам деп айт.
– Ии, ошентейин ээ?-деди Нурмамат кубанып. Ошол эле күнү кечинде Мунарбек булардын эшигин аттады. Боюнун узунунан улам эңкейип кирип келе жаткан жигиттин караанын көрөөрү менен Калыя апкаарып кетти.
– Келгиле,-деди келин ыйбаа менен конокко жол бошото берип.
– Саламатсызбы, бул аяш го ээ, Нуке?-деди ал жаркырай күлүп кол берип жатып. Колдору ушунчалык жумшак, ысык экен.
– Ии аяшың, аты Калыя. – Нурмамат жетине албай шашкалактап тааныштырды. Алар түн оогончо отурушту. Калыя ошол түндөгүдөй жыргап чер жаза сүйлөшкөн эмес. Тиги экөө го эски достор, айылдаш классташ, а Калыяга эмне болгонун өзү түшүнө албады, түшүнүүнү деле каалаган жок. Ал Мунарбекти куду бала кезден билгендей. Мобу бакырайган оттуу көздөрдү эс тартканы сагынып жүргөндөй. Жигиттин сөздөрү ушунчалык жөнөкөй, түшүнүктүү, эски ырдын кайрыгындай кулакка жагымдуу.
– Мен эми чыгайын,-деди Мунарбек бир кезде негедир Нурмаматты эмес, Калыяны карап.
– Апей, тез элеби? – Бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин келин аңдабай калды.
– Таң атып келе жатат, балдарды да кыйнап койдук окшойт,-деди Мунар келинди сыдыра карап.
– Ии, чын эле...
Келин ар жерде томурайып уктап калган эки уулун эми көрдү. Калыя балдарын жаткырып келгенде Мунарды Нурмамат узатып чыгып кеткен экен. Эми эле толуп турган үйдүн ичи келинге аябай суз, кунарсыз көрүндү. Ошол ошо болду, Калыя бирдемесин жоготкон жандай элеңдеп алда нени издегени издеген. Бирок, кашайып эмнени издегенин, бу жүрөк кургур эмне эле коңултуктап сыздай берээрин билбей шорлоду. Кез-кез жалдырама тийгенсип телмирген аялын Нурмамат да байкап “бир жериң ооруп жүрөбү?” деп сурап калчу болду. Ооба дейин десе, дени-карды соо, жок дейин десе, көңүлү алда неге түпөйүл тартып, жүрөгүнүн бир жери сыздайт да турат.
Кечке маал сууга барган Калыя ат дүбүртүнөн чочуп жолдон чыга берди.
– Саламатсызбы аяш? – Артынан келген Мунарбек жаркырай саламдашты. Калыя жигиттин от чачкан көздөрүн көрөөрү менен өзүнүн көптөн берки дартын дароо түшүндү. Көрсө, ушул көздөр менен ооруп жүргөн тура. Түшүнөөрүн түшүнүп алып кубанып да, ошол эле убакта өкүнүч менен армандан жүрөгү сыйрылып кайышып да кетти.
– Саламатчылык, -деди жигитти тике карай албай.
– Кандайсыңар, аяш, Нурмамат, балдар жакшыбы?-деди Мунар ойдологон аты менен келинди жандай бастырып.
– Жакшы,-деди келин карегине кылгырган жашты байкатпай серпип.
– Эмне маанайыңыз жоктой? – Мунарбек ат жалына эңкейе берип сурады.
– Мен куруюн, жүрөм. Келбей койдуңуз го,-деди акырын.
– Бир күнү өтөм, аяш,-деди Мунарбек келинден көз албай күлүмсүрөп. Аңгыча бирөө келип учурашып Мунарбек алаксып калды, келин басып кетти.
Ошол күздө Нурмамат аттан жыгылып ооруканага жатып калбаса баары ичте кала берет беле, ким билет.
Мунарбектин атасы уулунун сельсовет болуп келгенине арнап чоң улак берди. Алманбет аксакал айыл карыларын чогултуп алып “уулума батаңарды бергиле, айланайындар! Силердин батаңар менен жалгызымдын уулдарына да улак берип калгым бардыр” деди карыя кубанчынан толкунданып. Баары жакшы башталган. Улак бүтө жаздап марага аз калганда алдыда чаап бараткан атчандын аты тоңкочук атып кетти. Атчандар ийриле берип баары жыгылган атчанга үймөлөктөштү. Алманбет барганда аттан жыгылган улакчыны четке алып чыгып жаткырып, баары коркконунан элейип калышкан экен.
– Ким?-деди Алманбет каргылдана.
– Нурмамат балбан...
– Тез айылдык доктурду чакырып, Мунардын машинеси менен районго алып жөнөгүлө! -деди карыя өктөм.
Нурмамат алты ай кыймылсыз жатты. Өзүн күнөөкөр сезген Мунарбек тээ борборго чейин алып барып да даба таппады. “Жүлүн жанчылып, боору эзилип кеткен. Көпкө жашабайт, жашаса да майып болуп калат” дешти доктурлар ачык эле. Нурмамат балбан жаз алдында каза болду. Нурмаматтын атасынын “бул Кудайдын кылганы” деп каршы болгонуна карабай өлгөндүн бүт каадасын Мунарбек көтөрдү. Мына, андан бери бир жыл өтүптүр. Бүгүн Нурмаматтын жылдыгы, акыркы жолу эскеришет, анан жакындары гана, айрыкча кан жуткан апасы шордуу эстебесе, баарынын күйүтүн топурак суутат. Калыянын карасын чечип ак кийгизишти. Төркүндөрү кетээрде апасы Калыяны башка үйгө чакырып алып:
– Кетесиңби же жаш жаныңды курман кылып ушул айылда каласыңбы өзүң чеч,-деди көзүн жоолук учу менен аарчып.
– Апа, ал эмне дегениңиз? Эки баланы кантем, ушулар тага журтуна батабы? Кимге түрткүнчүк кылам?-деди ый аралаш.
– Мен да энемин, сен балдарыңды ойлосоң мен да баламды ойлоп жатам. Эми гана жыйырма бешке чыктың, кулунум,-деди энеси каргылдана.
– Эмне кыл дейсиз, апа, кантип тиги жер таянып калган абышканы, кан жуткан кемпирди жалдыратып таштап кетем? Жарамды жаңыртпаңызчы, апа, маңдайга жазганын көрөөрмүн,-деди эрдин кырча тиштеп. Апасы унчукпай кайыша жер тиктеп тунжурады. Калыя тумчуга сыртка атып чыкты. Чыгып келе жатып кайненеси менен беттеше түштү.
– Кем болбо, айланайын, сөөгүм ыраазы,-деди кемпир калчылдап. Эшиктин алдында акмалап турган экен шордуу.
– Үйгө кириңиз, апа,-деди Калыя кайненесин колтуктай. Ошол учурда ары жактан Мунарбек басып келди.
– Аяш эне, аяш, кайрат кылгыла. Нурмаматтын балдарын адам кылуу менин мойнумда,-деди ишенимдүү.
– Нурмаматым өлгөн менен силердей достору өлбөптүр, кем болбо, айланайын,-деди кемпир оор үшкүрүп. Калыя менен кемпирди бир тарабынан жөлөй берген Мунарбектин көздөрү саамга чагылышты. Келин жүрөк дарты унутулбай эле убактылуу сөнө түшкөнүн баягыдай от чачпай муңайым тарткан мобу сулуу көздөрдү карап туруп дили эңшериле туйду.
Калыя Нурмаматтын кадырын билбей жүргөн экен. Кыштын узун түнүндө үшүп жатып жалгыздыктан жүрөгү сыздайт. Капырай, ушул кезге чейин кыштын мындай суук болоорун билбептир. Эми бир аз үшүгөн буту жылып көзү жумулуп бараткан Калыя уулунун онтогонунан безге сайгандай атып турду. Жанына жетип барса Жолболдунун эти тим эле от менен жалын болуп жатыптыр. Эмне кылаарын билбей дагы бир жолу жалгыздыкты жон тери менен сезип айласы куруй түштү. Таң агарганча “ичим” деп чабалактаган уулу чыдай алгыдай эмес. Кыялына биринчи эле Мунарбек келди. Караңгыны жирей этегин үзө басып дуулдап чуркап жөнөдү. Мунарлардын короосуна жеткенде гана торпоктой ажаан ити түнү бош жүрөөрүн эстей токтоп калды да, анан барып чөнтөк телефон эсине келди. “Келесоо болбосом уулумду жалгыз таштап чуркабай үйдөн эле чалбаймынбы” деди өзүн жемелеп. Уулунун оорусу бир чети коркутса, бир чети Мунарды көрүүгө шылтоо болуп ашыкканын ичинен мойнуна алып турду. Калыя “уктап жатса алаар бекен” деп ойлогон, негедир Мунарбек телефонун дароо алды.
– Алоо,-деди куду уктабагандай ачык коңур үн менен.
– Кечирип коюңуз, аяш, Жолболду ысытмалап “ичим” деп чыдабай жатат. Үйүңүзгө барсам итиңиз бош экен...-деди баш-аламан.
– Мен үйдө эмесмин, азыр бир саатта барып калам. Доктурга алып баралы, даяр болуп тургула,-деди Мунар жумшак. Калыянын дилин “түн катып кайда жүрөт?” деген күдүк ой тырмап өттү. Чын эле бир сааттан өтүп-өтпөй Мунар жетип келди. Калыя жүрөккө тааныш машиненин үнүн дароо таанып чуркап чыкты. Мунар машинеден шашып түштү да:
– Даярсыңарбы? -деди учурашкан соң.
– Азыр көтөрүп чыгайын. - Калыя үшүппү же коркуппу, айтор, калтыраган үнүнө ээ боло албай жатты.
– Сен керектүү нерселериңди алып машинеге отура бер, баланы мен көтөрүп чыгам,-деди Мунар мээрим менен. Калыя машинеге отуруп жатып алдыда бирөө отурганын көрүп чочуп кетти.
– Саламатсызбы? -деди алдыда отурган караан назик үн менен.
– Саламатчылык. . – Калыя “сен кимсин?” деп сурап жибере жаздап барып араң карманды. Караандын жайылган чачы менен караңгыда агарган жүзү гана элес-булас көрүнүп турду. Аңгыча Жолболдуну көтөрүп чыккан Мунар Калыя отурган эшиктен баланы алып кирип:
– Баланын башын алдыңа коюп жаткырып ал,-деди камкор. Анан рулга отуруп жатып алдыдагы кызга:
– Жибек, бул менин аяшым Калыя, таанышып алгыла,-деди акырын.
– Ии, сиз тууралуу Мунар көп айтат. Кыжаалат болбоңуз, уулуңуз жакшы болуп кетет,-деди кыз коңгуроодой үнү менен. “Айтпай куруюн мен, эмнемди айтат” деп ойлоду жүрөгү бырчаланган Калыя. Калыянын унчукпай койгонуна ыңгайсыздандыбы, Мунарбек:
– Калыя, эмне дымың чыкпай калды?-деди күзгүдөн келиндин көзүнө карап. Калыянын кирпигиндеги бир тамчы жаш караңгыда күмүштөй жылтылдап туруптур. Экөөнүн көзү чагылыша түштү. Негедир ортону тунжураган жымжырттык ээлеп, баары унчукпай баратышты. Анда-санда гана баланын онтогону, Калыянын “чыда, аз калды, уулум” деген жумшак жалынычы угулат.
Жолболдуну дароо эле операцияга алып кирип кетишти. Сокур ичегиси жарылып кетээрине аз калган экен.
– Аяш, силер бара бергиле, мен уулумдун чыгышын күтөм,-деди Калыя Мунарбек менен Жибекти тик карабай.
– Бара бергени эмнеси, чогуу күтөбүз ээ, Жибек?-деди Мунарбек Жибекти эркелете карап. Кыз музоо кирпик карагат көздөрүн жоодурата элпек баш ийкеди. Солкулдаган ичке боюна жайылган чачы, бир тутам бели, ак жүзү жарашкан сулуу жан экен. Калыя көөдөнү өрттөнө алсыз жылмайган болду.
– Жибектин үйүндөгүлөр санааркабайбы? -деди Калыя кыздын чоо-жайын билмекке сыр алдырбай.
– Алар мени жакшы таанышат, бул биздин биринчи жоголуп кетүүбүз эмес,-деди Мунарбек кыздын белинен имере жумшак кучактап. Калыя ушу азыр жүрөгү жарылып кетпегенине таң калды.
– Той качан?- деди келин эрдин тиштегилей күлүмсүрөгөн болуп.
– Жибек окуусун бүтсүн деп күтүп жүрөм,-деди Мунарбек кыздан көз албай бактылуу жылмайып.
Калыя ооруканадан өзү ооруп жатып чыккандай шапайып арыктап, көзү ичине кире керсары тартып келди. Бир жерди тиктесе сааттап жалдырап отура берген келинине кайненеси да унчуга албай көз жашын этеги менен сүртө ичтен улутунат.
Шарп болгон уйларын дарылап чыга берген Калыя сарайга кирип келе жаткан Мунарбек менен сүзүшүп кете жаздады.
– Кандайсыз, аяш?-деди Мунарбек дем алганы угулган жакын жерден.
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз? – Канчалык карманса да келиндин үнү каргылдана тизелери титиреп кетти.
– Эмне уйларыңыз шарп болгонун айткан жоксуз, ветеринар жиберет элем го. Учурашайын деп кире калсам жоксуз. Мында экениңизди аяш энем айтты,- деди келинди жандай басып.
– Уйдун дарты кеп болбой калды, аяш,-деди Калыя ашып-ташкан ички дартын батыра албай.
– Эмне болду?-деди Мунарбек үрпөйө.
– Айттым койдум да... – Келин эрдин тиштегилей энтикти. Мунарбек дагы бирдеме десе эле баа деп жарылгыдай.
– Калыя, бирдемеден кыйналсаң айт, мен...
– Эмне сиз? Сиз Кудай белеңиз менин каалоомду орундатып ийгидей. Көрдүм, татынакай кызыңыз бар экен, үйлөнүп, мени тынч коюңуз. Эмне кемсинтесиз, эмне байкамаксан болуп жанымды ансайын өгөөлөйсүз? – Калыя колундагы дары куюлган чаканы ыргытып жиберип бет келди басып кетти. Мунарбек чуркап бараткан келинди карап туруп “ушул ойду жаныма жолотпой жүрбөдүм беле” деп ичтен сыза ойлонду.
Жаз жайга өтүп аалам толукшуп келатты. Айылды тең бөлүп аккан чакан тоо суусунан эшик алдындагы арыкка суу жыкканы келген Калыя жээкте чым оодарып жаткан.
– Иш илгери болсун!-деди тааныш үн. Мунарбек экенин карай электе келиндин кусадар жүрөгү дароо тааныды.
– Илгерилетмек сизден болсун!-деди Калыя бурула берип жаркырай күлүп.
Мунарбек аттан ыргып түшүп келиндин колунан кетменин ала күлүп жиберди.
– Ушинтип эле күлүп жүрчү, аяш, сага күлгөн жарашат экен,-деди жетине албай.
– Бүгүн күлө турган күнүм.
– Жайчылык элеби?
– Нурмаматсыз калган эки жыл аралыгында туулган күнүмдү белгилей элек элем. Бүгүн арыкка суу буруп алып ылай кылып короонун ураган жерлерин жамап, эшик алдын тазалап, кир жууп өзүмдү куттуктайын деп жатам.
– Туулган күндө иш кылчу беле, майрамдайт да,-деди Мунарбек келинди колдон ала.
– Мага майрамды ким коюптур. Андай нерсени унутканым качан?
– Калыя, сен азыр үйүңө барып кийинип алып тиги автобус кайткан аялдамага кел, мен күтүп турам. Экөөбүз районго барып сенин туулган күнүңдү белгилеп келебиз.
– Эл эмне дейт?
– Аяшы экөө кетиптир дейт, бол эми.
Калыя өмүрүндө мынчалык ашыккан эместир. Суроолуу тигилген кайненесине да жарытылуу эч нерсе айтпай чыгып кетти. Ошол күнкү жолдун кыскалыгын, убакыттын учкулдугун айтпа. Келин өмүрүндө биринчи жолу бүгүн эркектин колунан гүл алды. Кучагындагы өзүнөн чоң букет, жандай басып жаркылдаган Мунарбек, баары түштөй сезилди.
– Калыя, оболу туулган күндүн урматына кичине бирдеме сеп этели, ээ?- деди Мунарбек келинди машинеден түшүрүп жатып. Ээрчише баскан экөө жасалгалуу кафеге киришти.
– Эмне ичели, аракпы, коньякпы?-деди Мунарбек келинди тигиле карап.
– Мен ичип көргөн эмесмин, өзүңүзгө караңыз, аяш,-деди Калыя акырын.
– Анда аз-аздан вино ичели.
Алар кафеден чыкканда кеч кирип калган экен. Калыянын күлкүсү, сүйлөгүсү эле келип көкүрөгү өрөпкүй делбиреп, бирок, эмне айтаарын билбей апкаарыйт. Экөө сүйлөшөөр сөзү калбагандай унчугушпай келе жатышты. Бир кезде бирдеме тарс этти да, машине кыйч эте кыйшайып барып жол четине чыга берди. Коркуп кеткен Калыя кыйкырып жиберди.
– Коркпо, дөңгөлөк эле жарылды,-деди Мунарбек артта отурган келинге бурула берип. Калыя бетин баскан бойдон калчылдай баш көтөргөн жок. Мунарбек келин тарапка өтүп эшикти ача колдон алды. Калыя жапайы эликтей титиреп туруптур.
– Кантет, ошого да ушунча коркот бекен?-деди келинди ийинден кучактай берип.
– Бирдеме болсо кепке калмакпыз, өмүр бою бетим кара болмок,-деди Калыя калчылдап.
– Мен сени кепке калтырбайм, коркпо. – Мунарбек Калыяны карады. Каректери капкара болуп балбылдаган келин корккондо ансайын сулуу болуп кетиптир.
– Сулуу экениңди айтышты беле?-деди Мунарбек келинден көз албай. Калыя кармана албай кетти. Ал кантип өзүн карап турган Мунарбекке бой таштай өпкүлөп жибергенин сезбей калды. Мунарбек келинди так көтөрө машинеден ары басып кетти. Жол жээгиндеги бадал арасы көз көрүп турган кереметке ынангандай жай ыргала бирде тез, бирде жай кыймылдап жатты. Энтиккен дем, чопулдаган эрин үнү гана угулган кечки ымыртта таттуу шыбыр шамал менен акактап талаа кезип кетти.
– Зарыктырдың го, азапка салдың го жанымды,-деди Калыя дирилдеп.
– Кечирип кой, Калыя, минтпешим керек эле, кечир, периштем.
– Мен ыраазымын, ушул бойдон жолукпасаң да ыраазымын, кымбатым.
Ошол түндөн баштап Мунарбек үчүн азап башталды. Кучагы кумарлуу келинге барбай коюуга кудурет эрки жетпей, барып келгендин эртеси периштедей Жибектин көзүн карай албай жанчылды. Жибек экөөнүн арасы өзүнөн-өзү сууп баратты. Калыя менен Мунарбек жолуккан ар бир түндө “ушул акыркысы” деп сөз бекитишет, куду акыркы жолу жолугуп жаткандай эрин каната өбүшүп, келиндин сүт тепкен ак балтырлары, ичке бели жигиттин карылуу кучагында акыркы жолу болуп жаткандай жан берип жан алып туйлайт. Бирок, эртеси эле кайра эңсеткен кумар экөөнү буулуктуруп, жигитти келинге, келинди жигитке азгырат да турат.
– Мунар, сен келбей койчу, мен сенден баш тарта алгыдай эмесмин. Сенин кучагыңда туруп көз алдыма Жибектин турпаты тартылат. Бир чети күйүп, бир чети күнөөм жанымды өгөөлөп жоголуп кетмей болдум. Убалыңарга калбайын,- деди келин Мунардын кең көөдөнүнө башын жөлөп.
– Сен ыраазы болсоң болду. Макул, чын эле ушул акыркы түн болсун, Какин.
– Мен ыраазымын, эки дүйнө ыраазымын,- деди келин жигиттин салмагынан кыңкыстай таттуу онтоп. Жүрөк жарып кетчүдөй чыңалткан дене кумарынан бири-бирине сиңип, чырмалып жаткан экөө жарк эткен жарыктан чочуп кетишти.
– ######!-деди ачуу чаңырык. Мунарбек оболу эмне болуп кеткенин түшүнгөн жок. Калыя жарык жандырган ким экенин да карабай төшөккө чүмкөндү. Бүрүшкөн келиндин үстүн кумтулаган Мунарбек эркектик кылып баш көтөрдү. Бет алдында Калыянын бир ата өткөн абысыны, Мунарбектин алысыраак жеңелери Сайран туруптур.
– Эмне болду, жеңе, жайчылыкпы? -деди Мунарбек уяты жүзүн өрттөп баратса да сыр алдырбай.
– Апей, эмне болду деп сурап коёсуз да, уул. Кайсы бетиңиз менен досуңуздун төшөгүн тебелеп, шуркуянын койнунда жатасыз? Эл караган бетибизди жер караттыңыз, уул.
– Жеңе, сиз неге жер карайсыз? Бул менин жеке жашоом, ким менен жатсам өз эрким.
Сайран сөз уккудай эмес, ажылдап атайын чуу көтөрүп Калыяга жулунду. Мунарбек сен уялбасан мен уялат белем дегендей энеден туума боюнча тигини каратып коюп ордунан туруп кийине баштады. Сайран:
– Апий бетим, буларда уят-сыйыт калбаптыр, кокуй жеңе, балбан бала өлбөй калсын,-деп кемпир-чал жаткан үйгө жүгүрдү.
– Тур, кийин, эч нерсени ойлонбо, шаарга алып кетем,-деди Мунар бүрүшүп ыйлап жаткан Калыяны бооруна кыса шоркурата жыттап.
Мунарбек чыгып баратып чарпаяда отурган аяш атасын көрдү.
– Аяш ата, иттик менден кетти, Калыяда айып жок. Кандай жаза буйрусаңыз тартайын, эмне деп сөксөңүз угайын,-деди баш көтөрбөй.
– Не дейин, балам, досуңдун төшөгүн тебелебесең болот эле, болоору болуп боёсу каныптыр. Бейтаалайда эмне, жаш калган күнөөсү эле болбосо. Эми досуңдан калган жесирди башка тебелеп, жат бирөө алганча өзүн жүзүн ач,-деди кайыша.
– Калыяны кор кылбайм, аяш ата, неберелериңизди адам кылуу акыреттик карызым.
Аңгыча ичкериден жулунган Сайрандын боз ала болгон байбичесин жетелеп чыгып келе жатканын көргөн карыя аялды сүйлөтө койбой:
– Биз ыраазыбыз, сен киришпе, балам, кемпир, кир үйгө,-деди да этегин кагып туруп кетти. Сайран абышкасынын артынан кирип бараткан кемпирге же короодон чыгып бараткан Мунарбекке сүйлөөрүн билбей оозу жарым ачылган бойдон кала берди. Үч күндөн кийин Мунарбек Калыяны шаарга көчүрүп кетти.
ххх
Андан бери арадан беш жыл өттү.
Сырттагы сөрүдө Калыя менен Мунарбек бүгүн чын эле акыркы жолу сүйлөшүп отурушту.
– Мен сага ыраазымын, Мунар, чанда бир жигит сен барчу кадамга бара алат. Билип эле жүрөм, Жибекти унута албай койдуң. Кечээ Жибекке жолуктум, ал да сени күтүп турмушка чыкпай жүрөт. Убалыңарга калбайын, бар, ал сени кечирет,-деди Калыя.
– Калыя...
– Унчукпа. Мен сага эки дүйнө ыраазымын. Ааламда менчелик бактылуу аял жок чыгаар.. Балдар чоңоюп калышты, жумушум бар, биз эми эч нерсе болбойбуз. Кийимдериңди камдап койгом, менин бир аз ишим бар эле, барып келейин. Аман бол, кымбатым, коштошконду жаман көрөм,-деди да Мунарбекти мойнунан шоркурата жыттап алып туруп кетти. Экөө тең эми кайра жолукпасын ич-ичинен сезишти.

#314 09 October 2016 - 14:41
Сүйүмкан
Түнү менен көзү илинбей түйшөлүп чыккан Сүйүмкан таң сүрүлүп баратканда уктап кетти. Түшүнө дагы Жоомарт кирди. Бир кездегисиндей күнөөлүү карап, “үн катып ийбегей эле” дегенсип үй ичинде кыбырап ар нерсе кылып жүрүптүр. Түшүнөн чочуп ойгонгон аял көзүн ачып эле маңдайында илинип турган жолдошу Жоомарт экөөнүн сүрөтүнө кадала калды. Бул сүрөт ар дайым тээ алыста калган жаш кездерин, экөөнүн тең солкулдап турган жалын кезин эске салат. Таң алдындагы түшүн улагансып жаңы бүлө болушкан ысык кездерин эскертип турган бул сүрөт Сүйүмканды кырк жыл артта калган жашоосуна жетелеп кетти.
***
Айылдан ата-энесинин, бир туугандарынын ишеничин жүктөнүп келип, ошого жараша жакшы окуу жайга окуп калып кубанып жүргөн кыз болочок жарын ошол эле жылы ушул эле өзү окуган окуу жайдан тапкан. Келбети келишимдүү, басканынан эле өзүнө ишенген жан экендиги байкалып турган Жоомарт сынак тапшыруу учурунда эле өзүн шынаарлап калганын кыз билген эмес. Шаар жашоосуна көнүп, окууну өздөштүрүп калган кезинде ал жигит жолун тороп калчу болду. Башында асман-айга секиргени менен жанын койбой ээрчип, ар бир ээрчиген күнүндө жакшы сөзүн жаадыра берген жигитке кыз акыры жибип кетти. Жыл айланбай экөө мурункудай кубалашып, ээрчишип жай баскан татынакай жупка айланып калышты. Анан алгачкы курсту аяктаган эле жылы жигиттин курчтугу менен баш кошуп чоң турмушка бет алышты. Жаштардын жаңы жашоосу бир орус кемпирдин үйүндө ысык башталды. Ал кезде экөөнүн тең ата-энелери тирүү эле. Студенттер болушса деп кезек менен азык-түлүк салышып курсактары ач калган жок. Ошентип жүрүп окуу жайды аякташкан соң Жоомарт дароо эле аспирантурага тапшырды. Сүйүмкан үчүн бул маал кыйла опурталдуу кез болду. Себеби аспиранттын тапкан азыраак тыйыны эч нерсеге жетпейт. Арийне, бул маалда эки балалуу болушуп баштары да көбөйүп калган. Ал эми ата-эне колундагысын салганынан жазбаганы менен мурункусунан сээлдеп калган эле. Сурануу эки балага эне-ата болгон адамдар үчүн ыңгайсыз да эмеспи. Аргасыз Сүйүмкан күйөөсүнүн ийгиликтүү бүтүп алышы үчүн эки жерде иштеп акча таап, жанын карч уруп, мындай турмуштан тажап кеткенинде “аз калды, эми Жокем өзү багат бизди. Кой, жаман аялча тырчыңдабай чыдайын” деп өзүн-өзү сооротуп жашап келди. Ырас, Сүйүмкан жаңылбаптыр. Ал кез да өтүп кетти. Өздөрү менен өздөрү көбөйүп бапыраган бүлөгө айланышты. Күйөөсү – кандидат, кадыр-баркы да кыйла жогору инсан. Анан турмуштун жаңы барагы ачылды. Жашооң кургур десе, Сүйүмкан сулуу жашоосунда андай жаңы барак ачылганын качан ал барак булганып, кирдеп калганда билди, бир жаманы... Бирок анын баарын аялдык артыкчылыктары менен тазартып кирдеген баракты аппак кылып койду, акылман аял.
***
Жогорку окуу жайда иштөө деген оңой бекен. Жоомарт күн сайын эрте кетет, кеч келет. Келип жумушунан чарчаганынан балдарын карап, аларды колго алганга дарманы келбей тескери карап жатып уктап калат. Анан кайра таң менен баягы көрүнүш кайталанат. Ал түндө Сүйүмкан чыкыйтып камдап койгон кийимди кийип, андан биринчи туруп дасторконду жайнатып күтүп турган Сүйүмкандын ысык тамагын ичкенче опулдап аны-муну тапшырган болот да, жөнөп кетет. Күн бою келин күйөөсү айтып кеткен аздыр-көптүр иштерди бүтүрүп, ал арада балдарын карап, ичинен күйөөсүнүн үй бетин көрбөгөн жумушу үчүн аны аяп өзүнчө кабатырланат. Мунун баарынан куткарып келинди кубандырган бир нерсе бар. Бул эч кимде жок маркадагы сонун машинени Жоомарт ушинтип ак эмгек менен жүрүп элден мурун алып койду. Анысы үчүн күйөөсүнүн тааныштардын арасында кадыры арта түшкөнүн ойлогондо келин андан жаркырай түшөт.
Ушинтип өзү менен өзү ой бөлүшүп кубанып турган бир күнү жакын сырдаш курбусу келди. Эмнегедир кабагы бүркөө. Кепти чукул баштады да, бир маалда:
– Ай, Сүйүмкан, күйөөңө бир көз салып койбойсуңбу? Эч кимди көзгө илбей калды. Күн ара бир кызды машинесине салып алып же кинодо, же ресторанда жүрөт, - деп бакыйта айтып салды.
Келин башка чапкандай нес болсо да муну “жалган болсо керек, ушак болсо керек” деген ойдон кайткан жок. Күйөөсү ошол күнү да кеч келди. Күндүзгү жаңылыктан ооз ачпады. Ага карап “баары жайында жакшынакай эле турат” деп санаасын басып койду. Андан кийин чын эле Жоомарттын мурда анда-санда бир айтчу “баланчанын диссертациясын жууп”, “конференция узакка созулуп”, “ректордо кечке кармалып” деген кептери баттан кайталана баштады. Бир жагынан ушул кептер келиндин тынчын алса, экинчи жагынан ишенген курбусунун “көзүңдү ач, сени сыйлаганым үчүн бар чындыкты айтып келип атам” деген сөзү аны тереңден ойлонто баштады.
Келин бир күнү “мындан эмнем кетмек эле” деди да, күйөөсүн бир ирет текшерип көрмөк болду. Анын иши бүтөр маалды болжоп жумушу тарапка такси менен барып күтүп турду. Көп зарыктырбай Жоомарт балпая басып келип машинесин эми гана от алдырары менен ал чыккан эшиктен татынакай бир келин чыгып түз эле Жоомарттын унаасына карай басты. Деги эле элпек жетип, чочуркабастан машинеге жай алары менен унаа зуу койду. Сүйүмкан отурган такси алардын изин кубалады. Жалган деп күткөнү чын чыкканына чычалап, ичи ачышып, ачуусу ашынып турса дагы келин адаттагысындай сабырына бек турду. Алар токтогон ресторандын тушуна таксини токтотуп, акысын төлөп узатып жиберди да, тигилердин артынан кирип окчунураак жерден жай алды. Сылык ийилген официант кызга жолдошун күтүп жаткан түр кылып бир чашка кофени жайбаракат уурттап, татып отура берди. Көз кыйыгы менен капталындагыларга карайт. Дасторкон заматта жайнап, көбүрүп-жабырып шампан атылды. Күйөөсүнүн деги эле шашып коёр түрү жок. Бир-эки рюмкадан көтөрүлгөн соң Жоомарттын бапылдаган үнү басылбай, келиндин шыңкылдаган күлкүсү күчөдү. Ичине от ойноп калары менен чачылып калмай адаты кармаган Жоомарт дасторкон үстүн жаңыртмак болуп официантты чакырып бери бурула берип таштай катып калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, алдында мелтиреп Сүйүмкан отурат. Шарт тура калган олбур дене акырын ылдыйлап көчүк басып калды. “Азыр келип келиндин абийирин төгүп, мени андан бетер уят кылат” дегенден башканы ойлогон жок. Бирок кофенин акчасын төлөгөн Сүйүмкан ордунан жай туруп сыртка чыгып кетти. Жоомарт эми кайдан тынч алсын. Шашкалактай келинди жайына жеткирип коюп, дүкүлдөгөн жүрөгүн баса албай үйүнө бет алды. Өзү курган үйгө, өз бүлөсү бапыраган жайга заматта чоочун болуп ууру мышыкча акырын эшик ачты. Сүйүмкан тосуп алды. “Эмне десе да угайын” дегендей башын жерге салып турду. Келин эч нерсе болбогондой күйөөсүнүн костюмун чечип көнгөн жерине илип койду да:
– Ашканада баары даяр. Тамактанып ал, - деп башка бөлмөгө кирип кетти. Балдары болсо эч нерседен бейкапар. Бири сабагын окуп, бири ойноп, бири “аталап” эркелеп коёт. Балдар уктагандан кийинки Сүйүмкандын ачуу тилин кантип басам деген ойдон санааркап турган, бирок тынч. Сүйүмкан төшөгүн да бөлбөстөн жакшынакай жатат. Эми Жоомарттын оюн эртеңки күн бузуп тынчын ала баштады. Эртең Сүйүмкан жетекчиликке барып арызданып, кесиптештеримдин алдында абийиримди айрандай төгөт деп ойлоду. Жок, эртеси да тынч өттү. Сүйүмкан окуу жайга келген жок. Бир жума бою күткөнүндөй ызы-чуунун болбогону, Сүйүмкандын бир калыптан жазбай жүрүшү Жоомарттын тынчын мурдагыдан бетер кетирип, айласын мурдагыдан да түгөттү. Тим эле кадимки табышмактуу чоочун дүйнөгө түшүп калгандай деңдароо болду. Жары кабагым-кашым дебей балдары менен жайдары сүйлөшүп, жаркылдап болгон ишин кылып жүрөт. Бир гана күйөөсүнө ооз ачпайт. Өзү баягыдай эле күн сайын түптүз үтүктөлгөн ак көйнөк, костюмун жонуна салып ишке жөнөйт да, жумуштан түптүз үйгө келет. Тамагы даяр, төшөгү салынуу. Уяттын күчүнөн Сүйүмканга батынып кечирим суроого да дарманы келбеди, кургандын. Эми анын болгон амалы ушул болду: Сүйүмкан короого чыгып чака кармаса колунда күрөк даяр, Сүйүмкан базарга барса азык-түлүктү жонуна болсо да көтөрүп келет, Сүйүмкан кир жууса күн бою суу ташыгандан чарчабайт, Сүйүмкан үй шыпырса эзели колуна төшөк аттуу көтөрүп көрбөгөн Жоомарт палас, килемдерди тарсылдата күбүй калат. Ал эми чакырылган жерге Сүйүмкансыз баспайт дагы, андан эрте барбайт дагы. Андай жерлерде Сүйүмкан сөз сүйлөсө жан дили менен коштоп, Сүйүмкан күлүп отурса тамагы жакшы аш болот.
***
Ушул бурулуш менен Жоомарт өзүнүн идеалдуу күйөөгө айланганын сезбей калды. Бирок бара-бара ушундай ээрчишкен эриш-аркак жашоо жанына жагып, жашоонун маңызын татып жаны жай алды. Убакыттын өтүшү менен Сүйүмкан да күйөөсүн кечирди. Минтип ынактыгынан жазбаган ата-эне балдарынын жакшылыгын, сыйын көрүп бактылуу жашашты. Бир арман - Жоомарттын өмүрү алтымыш ашпай калды.
***
Өткөн жашоосу ушундай бир ирмемдик эле эскерүүгө сыйып калганына, убакыттын тездиги, өмүрдүн кыскалыгына ичи ачышканы менен Сүйүмкан байбиче анын маңызы менен өткөнүнө тобо деди. Ордунан жай туруп жаштыгынын жакшы ирмемин сактап келе жаткан күйөөсү экөөнүн сүрөтүн жумшак алаканы менен аста сылап койду.
(Аягы)
Окен Маматканов

#315 09 October 2016 - 16:03
БИР УУЧ ТОПУРАК
Сегиз сааттык учуу чарчатып, денем талыкшый учактын отургучуна чалкалай көзүмдү жумдум. Алдымда дагы үч сааттык учуу бар. Жаныма келип отурган сапарлашымдын үстүңкү багажникке бирдемелерди шыгыратып коюп жатканына да маани берген жокмун. Самолёт ордунан көтөрүлгөндө көзүмдү ачып иллюминатордон үйлөрдүн улам кичирейип баратканын, учу-кыйрына көз жетпеген деңиздин жылып келе жаткансып жүрөк опколжута сестенткен сүрүн карап жерде жүрүүнүн кадырын сезип, тез эле жерге конууну самап кеттим. Бир кезде сапарлашым шуу үшкүрдү. Дене-бойду селт эттирген үшкүрүк азанын үшкүрүгүндөй күйүттүү экен. Жалт карадым. Кара тору, көздөрү бакырайган тили буруу жигит алаканындагы желим баштыкка оролгон бир ууч топуракты аялуу сылагылап ойлуу отуруптур. Көздөрү эми эле ыйлап сооронгондой жаштуу, шишимик тартып турат. Адам санаасы күлүк тура. “Туулган жеринин топурагы го, же бул жигитке катуу таарынган жакындары топурагын түйүп берди бекен. Жок, андай болгондо мынчалык аялуу сылагыламак эмес, туулган жердин топурагы эле болуу керек...” деген ой келди. Сапарлашым карап калганымды байкадыбы, мени карап саламдашкандай муңайым жылмайып койду. “Тил билбейт го, кап, тил билсе үшкүрүктүн, топурактын чоо-жайын сурамакмын. Мүмкүн, түрк тилин түшүнөт чыгар” деген ой, кесиптик кызыгуум тилимди кычыштырып түркчө саламдаштым.
– Саламатчылык, – деди кыргызча таптак. Тим эле жоготконумду тапкандай кубанып кайра кыргызча саламдашып жиберген мени ал күлүмсүрөй карап:
– Кыргызсызбы же казаксызбы? – деди акырын. Үнүндө кусалык шоолаланып турду.
– Кыргызмын, – дедим көөдөн толо сыймык менен. Сапарлашым мени жакынындай мээрим менен карап калганын байкадым.
– Кыргызмын деңизчи... Ал дагы оор үшкүрдү. Аза бойду дүрүлдөткөн үшкүрүк жүрөгүмдү үшүтө:
– Минтип үшкүрбөй жүрүңүз, бизде “үшкүргөн жаман” дешет, - дедим ичиркенип.
– Билем, бирок үшкүрсөм кадимкидей жеңилдеп калып жатам. Бул үшкүрүктүн мага шерик болгонуна жети жыл болду.
Экөөбүз саамга үнсүз отуруп калдык. Көзүм топуракка түшкөнүн сезген жигит:
– Бул топурак да менин жан жолдошум.
– Туулган жердин топурагы го ээ?
– Жок, бул менин жарымым, жүрөк жарам, арманым, жубатарым.
Жигиттин кареги жашылдана үнү каргылданып кетти. Не деп кеп айтарымды билбей апкаарып калдым. Жигит дагы үшкүрүп алып сөзүн улады.
Бул сырдашуу ушинтип башталган эле.
Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Египетте туулуп-өстүм. Атам - аскер кызматкери, апам - дарыгер. Атамдын жумушуна байланыштуу жер жүзүнүн чар тарабында болдук. Менин бизнеске кызыгуума да ушул жер кезүү себеп болду окшойт. Бала кезден туристтик фирма ачсам деп кыялданчумун. Атам канчалык аскер кызматкери кылгысы келсе да мен өз каалоом менен кеттим. Бизнестин арты менен отуз жашымда Кыргызстанга келип фирма ачып иштеп калдым. Тоого чыкканды, күн узатып, таң тосконду аябай жакшы көргөн жаным ара күндө Ала-Арчага чыгып кетчүмүн, көлдү кылаалап басып, тээ Арсланбоб, Соң-Көл, Сары-Челекти кыдырып жүрүп кыргыз жериндей керемет жер аз эле экенин өз эли билет бекен деп ойлой берчүмүн. Бир күнү кечинде Көлдөн кайтып баратсам жол боюнда жаш кыз эрбейип жалгыз машине тосуп туруптур. Жамгырдан калкаланар эчтемеси жок кыздын үшүп калганы бекем кысып алган арык ийиндеринен көрүнүп турду. Жанына токтотсом мени бир карап алды да, “түшпөйм” дегенсип ары басып кетти.
– Кел, отура гой, коркпо, айткан жериңе жеткирип коём, – дедим жумшак. Алымдын жетишинче кыргызча сүйлөмүш болдум. Түшүндүбү же менин жамандык кылбасыма ишендиби, элеңдей келип артка отурду. Күзгүдөн суу болгонго тармалдаша жаагына жабышкан чачтарына, капкара көздөрүнө, али балапан түгү түшө элек аруу жүзүнө көз таштап “татынакай кыз экен” деп ойлоп алдым.
– Эмнеге жалгыз жүрөсүң? – десем ийнин кыса күлүп койду. Сыягы, менин сүйлөгөнүмө түшүнбөдү көрүнөт. Шаарга кире бергенде түшүп калды. Ошол күндөн баштап менде бир түйшүк башталды. Жанды эзген түшүнүксүз санаа жүрөгүмдү буулуктура берчү болду. Бейтааныш кыз менин жан тынчтыгымды уурдап кетти. Кайда жүрбөйүн, ошол кызды элеңдеп издегеним издеген. Окшош караан көрсөм аптыгып жетип барам да, ал эмес экенин көргөндө шагым сына ичим эңшерилет. Ушул жашка келип менде мындай азаптуу да, таттуу да сезим болуп көрбөптүр. Деги эле кыз аттууга минтип мээрим салып көрбөгөм. Ошол күнү бош болсом да таң атпай үйдө отура албай негедир сыртка чыккым келип ашыга бердим. Жол бойлоп баратып артымдан шыңгыраган күлкү уктум да, негедир далым чымырай кызыктай болуп кеттим. Бул күлкү мага бир өмүр тааныштай сезилди. Жалт бурула бердим да, бутум шилтенбей катып калдым. Мен издеген бейтааныш кыз мени байкабай жандай басып эки-үч курбусу менен өтүп кетти. Артынан ээрчип баса бердим, өзүмчө эле кудуңдап кубанып да, аптыгып да алгам. Жанындагы курбулары менен бейкапар сүйлөшүп бараткан кыз менин акмалап баратканымды сезгендей артына бурулду да, саамга көз токтотуп карап калды. Жанындагы кыздар сөз менен алек боло бири-бири менен тартышып кете беришти, сыягы, курбусунун артта калганын деле байкашпады көрүнөт. Ошол ирмемде мага аалам тегеренбей токтоп калгансыды. Экөөбүз тиктешип турган ушул мүнөттөр үчүн өмүрүмдү бергенге даяр элем. Кыз мени тааныды окшойт, ууртун бүлк эттире күлүп койду да:
– Мен сизди тааныдым, – деди жайдары. “Тааныганыңдан айланайын, жолуктурган тагдырдан айланайын”, - деп ичимден жалынып жибердим.
– Атың ким? – дедим кайра жоготуп алчудай шашып.
– Айжанка, – деди ал эч кири жок көздөрү менен жоодурай карап.
– Менин атым Жахан. Ал унчукпай колун сунду. Колдорун кармарын кармап алып апкаарып кеттим. Жупжумшак, назик алакандан жүрөктүн какканы угулуп тургансып сезилип кетти.
– Узатып койсом болобу?
Айжанка дагы ууртун бүлк эттире жагымдуу күлдү. Катар басып бараткандагы бактымды азыр сөз менен жеткире албас элем. Ушул жолдун бүтпөсүн, Айжанканын жаныман кетпешин тилегендей тилекти өмүрүмдө тилебесем керек. Бирок Айжанка тез эле кетип калды. Курбулары:
– Айжанка, кеттик, сабактан кечигебиз, – дешти шаштырып. Кыз кетип баратканда бирдеме айтчудай бурулуп бир карап алды да, анан этектерин делбиретип чуркап кетти. Аалам аңгырап, жан кыйнаган боштуктан кадимкидей ыйлагым, Айжанканы тапканыма кубанып кыйкыргым келип, айтор, миң бир сезим жан дүйнөмдө бороон түшүп атты. Мен Айжанканы сүйүп калдым, сүйгөндө да боз баладай акыл-эсимди жоготуп сүйдүм. Күн сайын таң атпай Айжанканын жолун акмалайм, негедир жанына басып барганга даай албай сүрдөнөм, басып барсам эле аялуу буюмумду кирдетип алчудай же туура эмес сүйлөп капа кылып алчудай тартынам. Айжанка менен өз тилинде сүйлөшүү үчүн курска жазылдым. Мен артынан акмалап жүргөндө Айжанка кимдир бирөөнү издеп жаткансып элеңдеп эки жагын карай берчү. Ал анткен сайын жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй дикилдеп дүйнөм оодарылат. Ошондой азаптуу күндөрдө Айжанка капилет жолуман чыкты. Экөөбүз тең саамга эндирей туруп калдык.
– Сизди кетип калган го дегем, – деди ал кыпкызыл боло албырып.
– Кайда?
– Билбейм...
– Сабакка баратасыңбы?
Кыз саамга унчукпай бирдеме айта албай жаткансып колдорун укалай үнсүз турду да:
– Мен мектепте окуйм, бирок сиз менден качпаңыз, мен тез эле бүтөм, – деди күтүүсүз. Мен чыны чочуп кеттим. Айжанканы биринчи курста окуйт го деп ойлогом. Бирок ошол замат мунун мен үчүн мааниси жок экенин тээ дил тереңинен туйдум. Мага Айжанка өзү макул болсо эле жылдап күтүүгө даяр элем.
– Анын мааниси жок, – дедим кыздын баёо каректерин карап.
– Чын элеби? – Айжанка баладай кубанып кетти. Бала да, бала эмей эмне. Анан божурап мектеби, курбулары, тилек-максаттары тууралуу айтып кирди. Ал сүйлөй берди, мен болсо дүйнөдөгү эң жагымдуу музыка угуп жаткансып жыргап тыңшап бараттым. Ошол күндөн баштап күн сайын жолукчу болдук. Мен жолуккан сайын сагынып, көргөн сайын көзүм тойбой, коштошо албай кыйналам. Арадан бир жыл убакыт кандай өткөнүн сезбей калдым. Ошол бир жыл аралыгында кыздын колун гана кармаганым болбосо, жакын туруудан сүрдөп жүрдүм. Сиз мунун мыйзамдан корккондон деп ойлобоңуз, Айжанка кол тийгис аруу эле, ой жеткис бийик эле...
Айжанка туулган күнүнө чакырып үйүнө бардым. Апасы Айжанкага куюп койгондой окшош сулуу, атасы болсо токтоо, ак сөөктөрдөй түптүз басып, аз, бирок абдан сылык, маанилүү сүйлөгөн адам экен. Алар мени азиз меймандай кабыл алышты.
– Сиз Айжанканын мугалимисиз да ээ? Сизге барганы кызым англисче жакшы сүйлөп калды, – деди апасы чай үстүндө. Айжанканы карасам каректери чоңоюп кетиптир.
– Ооба, англис тилинен сабак берем, – дедим сыр алдырбай. Айжанка мага ушундай бир ыраазы боло карады, ошол көз карашты мен али да көөдөнүмдө сактап жүрөм. Атасы болсо кызы менен мени алмак-салмак маанилүү карап койгону болбосо, кепке аралашпады. Биз мен болгон мамлекеттер, туулган жерим, ата-энем тууралуу сүйлөшүп отурдук. Айжандын атасы абдан билимдүү, көп өлкөдө болгон адам экен, ушул жагдай биздин маегибизге жардам берди. Айжанка мени гана чакырыптыр. Биз бир оокумга чейин сүйлөшүп отурдук, кетерде Айжанка мени узатып коймок болду эле, атасы:
– Сен кала бер, кызым, мен таза абада бир аз сейилдегенче мейманды узатып келем, – деди кызын эркелете мээрим менен карап. Бирок ошол мээрим толгон көз карашта алда кандай нааразылыкпы же шек санообу, айтор, бир кермек ой жатканын баамдадым. Мен азыр кандай кеп болсо да угууга даяр элем.
– Сиз канча жаштасыз? – деди сыртка чыгып бир аз басканда.
– Отуз төрткө чыгам жакында.
– А Айжанка эми он бешке чыкты, ал али бала. Кызым өзүндөгү сезимдерди талдай турган куракка жете элек. Сиз чоң адамсыз, баланын тагдырына кесириңиз тийип калышын каалабайм. Сиздей жигитке кыздар жокпу, тим эле чекесине чертип тандаганга мүмкүнчүлүгүңүз бар, – деди тамекисин ойлуу үйлөп.
– Мага эч кандай кыздын кереги жок. Мен сизге Айжанканы бактылуу кылам деп жигиттик сөз берем.
– Бул биздин акыркы кездешүүбүз деп ишенем, кызыма жакындасаңыз, таарынбаңыз, мекениңизге кандай жетип калганыңызды байкабай каласыз.
– Сиз мени туура түшүнүңүзчү, мен Айжанканы сүйөм.
– Кайдагы сүйүү, ал деген али бала, сиз муну түшүнүп жатасызбы?! Мен сизге эскерттим, сиз акыл-эси толгон адамсыз, туура чечим чыгарарыңызга көзүм жетет, – деди да, шарт бурулуп түптүз басып кетти. Мен түн бою үйгө кирбей көчөлөп басып жүрө бердим. Айжанкасыз жашоомду, ансыз өтчү өмүрүмдү элестете албай койдум. Тоого кетчү жолго түшүп алганымды качан тоо аралап баратканда байкадым. Тээ жол жок жерге чейин бардым да, сыртка чыгып алып үнүмдүн барынча “Айжанка” деп кыйкырып-кыйкырып алдым. Ошол түнү "Айжан" деп үнүнүн барынча кыйкырып, ыйлап, жиндеп кеткенсип ары-бери басып жүргөн мени тоолор, анан капкараңгы түн гана угуп тунжурап турду. Баса албай калганда сулк жыгылып, топурак тиштей жер кучактап көпкө жаттым.

#316 09 October 2016 - 16:05
Ордумдан турсам таң агарып калган экен. Көөдөнүм бопбош, алдымда эч бир максат, тилек жоктой жашоо кунарсыз сезилди. Менин жашоомдун маңызы Айжанка болгонун туйдум да, ушул туйгу мага өжөрлүк алып келди.
– Эмне үчүн мен Айжанкадан баш тартышым керек? Бул маселени Айжан чечет. Эгер ал мага жолугуудан баш тартса, анда башка кеп, – деп кимдир бирөөнүн алдында отчёт берип жаткансып сүйлөнүп алдым. Ошол эле учурда “а эгер Айжанканы да мага жолукпоого көндүрүп коюшкан болсочу” деген суук ой келип, бул ойдон улам ындыным өчө түштү. Саамга машиненин рулун кучактап отурдум да, эмнеси болсо да кызды көрүүнү чечтим. Антпесем жинди болуп кеткидеймин. Шаарга келдим да, Айжанка сабакка өтчү жолду акмалап көпкө отурдум. Сабакка барчу мезгил эчак болсо да кыз көрүнбөдү. Мүмкүн, мен келгенче сабагына кеткендир, эми сабактан кайтышын күтөйүн дедим өзүмдү жооткотуп. Күн күүгүм тартканча отурдум, Айжанканын көз карыктырган карааны көрүнбөдү. Демек, кызды да көндүрүшкөн. Кантип эле Айжанканы ушинтип көрбөй калам. Бото көз секелегим, чын эле мени көргүң келбейби?
Кыздын короосун бир жумадай кайтардым. Бир күнү күүгүм талаш формачан эки жигит келди да, машинеден түшүп документтеримди көрсөтүүнү талап кылышты. Мындай окуя далай жолу башымдан өткөн үчүн эч нерседен шек санабай эле документтеримди көрсөтүп машинеден сыртка чыктым. Ардемени сурап, анан бул жерде эмне үчүн турарымды сурашты.
– Бирөөнү күтүп турам, - дедим ишенимдүү. Алар бири-бирин карап алышты да, анан коюн чөнтөгүнөн менин сүрөтүмдү сууруп чыгышты.
– Сиздин үстүңүздөн Субайылдаева Айжанканын ата-энесинин атынан арыз түштү. Жашы жете элек кызды азгырууга аракет кылып, кыз макул болбой койсо артынан аңдып коркутуп жатыпсыз, чынбы?
– Кыз менен сүйлөштүңөрбү?
– Кыз эмне демек эле, ата-энеси айтып жатпайбы.
– Мен Айжанканы сүйөм, ага эч кандай жаман оюм жок. Эгер кыз да ушул сөздү тастыктаган болсо, ар кандай жазага мен макулмун.
– Кыз да тастыктайт, жаза тартканга шашпай туруңуз, – дешти ишенимдүү. Көз алдыма Айжанканын атасынын муздак көз карашы, “кызыма жакындасаңыз, таарынбаңыз, мекениңизге кандай жетип калганыңызды байкабай каласыз” деген ызгаар сөзү жаңырып кетти. Алар мени угуп-укпай эле кайдадыр алып жөнөштү. Сыягы, жакынкы милиция бөлүмүнө алып келишти көрүнөт. Ушул жашка чыгып биринчи жолу кандайдыр бир оюма келбеген күнөөнү мойнума алдырууга айбанчылык менен аракет кылган ыплас адамдарды жолуктурдум. Ушундай адамдар арасында кантип Айжанкадай кыздар жүргөнүнө таң калдым. Алар канчалык сабап, ит көрбөгөн кордукту көрсөтсө да чыдадым. Өлтүрүп эле коюшпаса, бул азаптын акыры жок болорунан үмүт кылдым. Ишенесизби, ошол күндөрү мага Айжанканын элеси күч берди.
Түн жарымда эңгезердей эки жигит кирип сыртка чыгууга буйруганда “ажалым ушулардын колунда го” деген ойдон далым муздай түштү. Караңгы, сыз, тамеки, колоңсо жыттанган тар коридор менен баратып ушу азыр демейде жагымсыз, комсоо көрүнгөн кууш дубалдар жылуу көрүнүп, жашоонун, жандын таттуулугун жон терим менен сездим. Негедир баарына макул болуу, ошол эле учурда Айжанканы бир көрсөм деген аруу, үмүтсүз тилек көөдөнүмдү ачуу сыдырып өттү. Экинчи кабаттан түз эле сыртка чыкчу эшикке алып жөнөштү. “Сыягы, качты деп атып салышат го, антпесе эмнеге сыртка алып чыгып баратышат. Же ичкеридегилерди ойготпой ушул жактан кыйнайлы дештиби?” деген ойдон жүрөгүм зыркырап кетти. “Адам чыдабаган азап жок, бирок ким кандай даремет менен чыдайт, кеп ошондо”, - дечү атам. Мен кандай болсо да жигиттик даремет менен чыдайын деп өзүмдү кайраттандырдым. Сыртка чыгарым менен жүзүмө жабыла берген таза абадан демиге түштүм.
– Каякка баратабыз, билсем болобу? - дедим акырын.
– Өлүм жер тандабайт, сага кайда баратканыбыздын кандай айырмасы бар? – деди бири мыскылдуу карап.
Демек, өлүм. Ушул адам кейпиндеги айбандардын алдында алсыздыгымды көрсөтпөсөм экен, чыдасам экен деп тиледим. Короону айлана бергенде бурчта турган кара Жип үлгүсүндөгү автоунаага көзүм түштү. Биз түз эле ошону беттеп бастык. Жакындай бергенде машиненин эшиги куду күч менен араң кармалып тургансып шарт ачылды да, ичинен чыканактай караан атып чыгып мага бой таштады. Айжанка!! ! Жытынан тааныдым. Көз ирмем ичинде башыма сан ой келип, сан ой кетип ааламым сапырылып аңтар-теңтер түштү.
– Сен кайдан? – дедим боорума кыса берип. Эми эле бир көрүп өлсөм деген тилегимдин орундалганына ишене албай, кандай кыйноо болсо да көтөрүүгө даяр болгон күч көөдөнүмдү тиреп чыкты.
– Кетиңиз, мени карабаңыз, сизди өлтүрүп коюшат. Сиз “кетем” десеңиз эле тийишпейт, – ал аптыгып ыйлап мени машинеге карай тарткылап жатты. Айжанканын жетеги менен машинеге отурдум. Мени менен келген эңгезердей эки жигиттин кайра кетип баратканын машиненин айнегинен көрүп ушунун баары түш сыңары эсиме келе албай жаттым. Рулда отурган адам кайрылган да, бир ооз сүйлөгөн да жок. Айжанка болсо боорума бекем ыктап эки ийни солкулдай титиреп баратты.
– Айжанка, кайда баратабыз?
– Аэропортко, сиз кетиңиз.
– Сенчи?
– Мени карабаңыз, сизди өлтүрүп коюшат. Мен сизге экинчи жолукпоого, атам не десе, аткарууга макул болдум.
– Мени кантип таптың?
– Сизди милиция кызматкерлери алып кеткенин дос кызым көрүп калган экен. Шаардык милиция бөлүмдөрүн түрө кыдырып дайыныңызды таппаганда тамырымды кыйдым. Ошондо гана атам сиздин кайда экениңизди айтты. Мен баарына макулмун, мага кайсы бир жерде сиз аман болсоңуз жетет. Сизге бирдеме болсо, мен жашай албайм.
Кыз ээги-ээгине тийбей калчылдап сүйлөп да, ыйлап да, жарылган эриндеримди, шишиген бети-башымды сылагылап да жатты.
Ошондо гана кыздын сол колу таңылып жүргөнүн байкадым. Менин наристем, айланайын периштем. Мага бул айрылуудан көрө өлүм, бир нече күндүк көз ачырбаган муштум, кыйноо жеңил эле.
– Айжанка, мен сенсиз кетпейм. Айжанка бытыйган алакандары менен оозумду баса берип колума бир кагаз карматты. “Мен айтканга макул болгон, корккон түр көрсөтүңүз. Антпесеңиз сизди өлтүрүп коюшат. Өзүм аэропортко чейин барып сиздин самолёт учканын көзүм менен көрүп кайтам. Мен окууну бүтөм, жашым жетип өзүм чеччү мезгил келет. Ошол учурга чейин сиз кетиңиз. Мен сизди туулган күнүмдө биз алгач жолуккан кесилиштен күтөм” деп жазылып туруптур.
Жахан көкүрөк чөнтөгүнөн аппак жүз аарчыга оролгон бир бүктөм тумарчаны сууруп чыкты. Жүз аарчынын ичинде четтери бир аз кырылып калган сулуу кол жазма менен жазылган бир бүктөм кагаз бар экен.
– Айжанканын ошондогу каты, – деди каректери жашылдана оор күрсүнүп.
Айжанкасыз өткөн ошол эки жыл мага эки кылымга созулду. Атасы ушунчалык катуу көзөмөлдөдүбү же кыз мени алдап кетирип жиберип өз жашоосу менен жашап жатабы деген күдүк ойдон эзилип кеттим. Атам менен апамдын “үйлөн” деген сөздөрү кулак сыртынан кетип “мен үйлөнчү кыз алыста” деп кутулуп жүрдүм. Атам да, апам да караманча каршы болушканы менен менин Айжанкадан баш тартпасыма көзү жеттиби, атам кол шилтеп, апам ыйлап тажаганда унчукпай калышты.
Качан Айжанка он сегизге чыкканда, тагыраак айтканда, кыздын туулган күнүнө туштап кыргыз жерине келдим. Үч жыл аралыгында Бишкек абдан өзгөргөн экен. Биз жолуккан көчө да таанылгыстай өзгөрүптүр, бирок мен бул көчөнү түп-тамырынан бери омкоруп салса да таанымакмын. Жүрөгүм көкүрөгүмдү жарып чыгып кетчүдөй дикилдеп, эки жагымды элеңдей карап турдум. Канча турдум, билбейм, бир кезде эки кыз мени көздөй басты. Кыздардын бири Айжанка эле, дароо жазбай тааныдым. Бою солкулдап узарып, капкара кундуз чачы далысын жаап, ак жүзү тотугуп да, ошол эле учурда аябай сулуу болуп кеткен экен. Колдорум калтырай, канчалык утурлап басайын десем да тизем бүгүлүп ордумда кадап койгондой тура бердим. Ал да мага кадам жетпей токтоду.
– Келдиңизби?
– Келдим, периштем.
Башка сөзгө дареметим жетпеди. Биз бири-бирибизге бой таштадык. Мен ошол күндөн жума өтпөй Айжанканы мекениме алып кеттим. Биз эмнелерди гана баштан кечирбедик. Менин ата-энем, Айжанканын ата-энеси бизден жүз үйрүп, жападан жалгыз, бири-бирибизди гана караан тутуп калган күндөр болду. Бирок анын баарын жеңүү бизге азап эмес, бакыт эле, анткени биз чогуу болчубуз. Жети жыл бала көрбөдүк. Айжанка: “Ата-эне ыраазы болбосо балалуу болбойт” дешчү”, - деп ыйлап жүрдү. Ушул бакыраң көз периштемдин бир жарк эткен кубанычы үчүн керек болсо өмүрүмдү саюуга макул элем. Айжанканын ата-энесинен ыраазылык алуу үчүн кадырлуу досторумду, бирге иштешкен шериктештеримди салып сабылып барып жүрүп акыры кызын кыйбады көрүнөт, же чын эле дили агардыбы, айтор, баталарын беришти. Ошондогу Айжанканын кубанычын азыр да сүрөттөп бере албас элем. Биз жомоктогудай жашадык, бирок бала үнүн угуу улам кечиге берди. Акыры “Америкада бир керемет доктор бар экен” деп угуп Айжан эки ай дарыланып, акыры тилегибизге жетип Айжанканын боюна бүттү. Келинчегим Америкадан келгенде кеч күз эле. Аэропорттун жолуна кыламык кар жаап, жөө туман жол бойлой самсаалап, күн бүркөлүп турган. Айжанка: “Рулга мен отурайынчы”, - деп суранды. Эмнеге макул болдум деп эмгиче башымды койгулайм. Кубанычын көөдөнүнө сыйдыра албай жаттыбы же туулган жердин демиби, Айжанка машинени тим эле учуруп айдап келатты.
– Акырын, Жанка, – десем бир колу менен мойнуман ороло кучактап эркелеп да, күлүп, сүйлөп да баратты. Бир кезде рул колунан тайып кеттиби же дөңгөлөк жолдон чыктыбы, айтор, жолдон чыгып баратканыбызды, рулга жармашып жолго түздөөгө аракет кылып жатканымды билем. Машине жандуу немедей баш бербей жол четиндеги жоон дарактарды көздөй жулкунуп баратты. Карегимде кулач жеткис кош дарак гана калыптыр, башкасы эсимде жок. Ооруканада көзүмдү ачып эле Айжанканы сурадым.
– Баары жакшы, – деди картаң доктор көзүн ала качып. Ошентип, Айжанкадан да, али жарыкка келүүгө үлгүрбөгөн баламдан да көз ирмемде айрылып калдым. Мен доктурдан эки бутум иштебей, мойнум токтобой чыктым. Айжанканын атасы да, апасы да бир ооз жаман сөз айтышкан жок, атасы: “Кечиргиле, балдарым, кантели, кайгыда бириктик”, - деди да, көзүн басып мен отурган бөлмөдөн чыгып кетти. “Апам – дарыгер” дебедимби, ошол кишинин жардамы менен бутума турдум. Турганым курусун, мына жетинчи жыл Айжанкасыз жашап келатам. Жыл сайын туулган күнүндө мүрзөсүнө келем да, эски топурагын таштап, жаңысын алып кетем.
Жахан жаш баладай төгүлүп ыйлап жатты. Жүргүнчүлөр, ары-бери өткөн стюардесса кыздар бизди карап коюшканы менен эч кимиси эмне болгонун сурашпады. Адамдык дил ушунусу менен бийик го, алар Жахандын кайгысын айттырбай туюшту.
– “Топурак жаңырган сайын арбакка сурак жаңырат” дейт, – дедим көп батына бербей. Жахан жалт карады.
– Эмне, жыл сайын кыйнап жатамбы анда? – деди ый аралаш.
– Айжан периште кетти, ошентсе да топурагын жаңыртпаган оң. Андан көрө мүрзөсүнө Айжанка жакшы көргөн гүлдөрдү, дарак көчөттөрүн отургузуңуз.
Жахан баладай кубанып кетти.
– Ак кайыңды, анан хризантема менен аппак розаларды жакшы көрчү. Деги эле гүл аттууга жанын таштачу кургурум. Ал саамга “кандай гүл эксем” дегенсип тунжурап калды да:
– Азыр отургузса болобу? – деп ойлуу сурап койду.
– Болот, жер жибип калбадыбы, дал учуру азыр, – дедим бир ажат ачканыма жетине албай кудуңдап. Ал тургай, гүл алчу жерлерди көрсөтүүгө, тандашууга, а түгүл, отургузушууга да убада берип жибердим. Биз жылуу коштоштук. Алаканына бир ууч топурак кармаган чет жерлик жигит көрүстөнгө жакын жерден түшүп, жол четинде кол булгалай жалгыз кала берди.

#317 09 October 2016 - 16:23
АКЫСЫ ЖОК МЭЭРИМ
– Сагын эже, Сагын эже-е...
– ???
Эски үйдүн жер төлөсүндөгү сыры өчүп эскилиги жеткен, кулаганга аз калгандай шалкылдап турган каалгага башын салып кыйкырып жаткан бала дабыш тыңшап туруп калды. Кебетесинен эмнегедир бир сестенүү, чочулоо байкалат. Жаман эшикти коё берип бир аз артка чегинди да, кайра наристе үнүн бек чыгарып кайраттуураак унчукту:
– Сагын эже дейм. Барсызбы? Мен келдим.
Сөзүн аяктай электе эшиктин ичинен талп-тулп деген үн чыкты. Бала ошого ыраазы болгондой кабагын ача, өзү бой-келбетин оңдоп-түзөп койду, каадалуу.
– Ии, садага болоюн, Эрмек. Ырас келбедиңби? Кечирип койчу, ошо, кечээ да катуу ичкенбиз. Башым сынып жаткам. Сени келип калабы деп...
Качантан бери жуулбаганга узун кара чачы салаа-салаа болуп батташып, сурмалуу көзүнүн асты-үстү билинбей каканактаган аял эскилиги жетип сүзүлүп бүткөн жаман жемпирин кымтыланып балага жакын келди. Жашы кырктан ашып калган бул аялдын кенедей баланын алдында күнөөлүү болуп турганын эч ким деле байкаган жок. Таң менен бири ишине, бири окуусуна шашып бараткандар кычырап кийинген, али кенедей болсо дагы турпатынан сөөлөт байкалган ал баланын көчө селсаягы болуп бүткөн сасыган аялдын жанында турушуна таң калышып, аларды шектүү карап айланып өтүп жатышты. Бирок айланадагылардын аларга карата болгон мындай мамилеси баланы да, аялды да кабатырлантпайт.
– Мына бул сизге, - бала колундагы кичинекей баштыкты аялга сунду. Аял аны алууга ашыгып турганы менен тартынып, ыңгайсызданып кетти.
– Эрмек, сенден уялып атам.
– Алыңыз. Ачкасыз да.
***
Ырас, аялдын бала берген баштыкты ала коюудан уялганынын жөнү бар. Мындан туура бир жыл мурун дал ушундай кеч күздө нөшөрлөп жааган жамгырда ушул кичинекей мээримдүү жанга жолуккан. Анда да мурунку күнү бөтөлкөлөш достору менен ашынып ичип жолдо жатып калган. Таң агарганга чейин майдалап жааган жамгырда жатып, таң алдында араң соолугуп башы зыңгырап ооруп, курсагы ачкандан кайда барарын билбей бет алды жөнөгөн. Күзгү нөшөрдө көчөдө жан адам жок эле. Андан улам кебетеси ит качкандай болсо да “мени ким көрүп коюптур” дегенчелик кылып түрүлгөн көйнөгү, тытылган кийимине кайыл болуп баскан. Бирок аны көрүп турган бир адам бар эле.
Жетинчи кабаттын айнегине жармашып терезеден азыраак ылдый жактагы бактын сары жалбырактарына кызыгып олтурган Эрмек тээ төмөндө кыбыраган бир жанды байкады. Темтеңдеген ал караандын үйгө жакындаганын карап олтуруп аял экенин тааныды. Эрмек ата-энеси жумушка кеткенде дайыма жалгыз калат. Ал үчүн биринчи класс кези абдан жакшы болчу. Түш болгончо ойноп, курсагын тойгузганча атасы же апасы келип калчу да, мектепке алып кетишчү. Ал эми акыркы эки жыл андагы кызыктан айрылып калгандай. Себеби ал 2-классынан бери мектепке өзү барганды билип калды. Эртең менен баары кетип калган боюнча кеч кирип каш карайганча эч ким ага көңүл бурбайт. Апасы дайыма дасторконун жайнатып, кийимин камдап кетет. Атасы болсо кетип жатып колуна акча карматып, жолдо этият болуусун жана эшикке чыкпашын жакшылап эскертет. Бирок акыркы кезде Эрмек ата-энесинин “сыртка чыкпа” деген эскертүүсүн тоготпой көп убактысын эшикте ойноп өткөрүп, сабакка кирерде гана үйгө кирчү болгон. Бүгүн да сыртка чыккысы келип, бирок күздүн суук күнүнөн ичиркенип үйдө корголоп жаткан эле.
Жанатан узун кирпиктүү карагат кареги гана акырын жылганы байкалганы болбосо, каткан жандай кыймылсыз олтурган бала катуу селт этип кетти. Аз жерден терезенин кырынан кулап кете жаздап араң карманып калды. Төмөндө ал карап олтурган аял темтеңдей жай басып келе жатып бети менен кеткен эле. Эрмек ордунан ыргып турду да, сыртка зуу койду. Ал учуп-күйүп жетинчи кабаттан түшүп келгенче аял жанагы жаткан ордунан жылбаптыр.
– Эже, туруңуз, сизге эмне болду?
Аял тырмалаңдап колуна жармашкан жаш баланын кайдан пайда боло калганына таң калгандай карады. Баланын колуна сүйөнүп туруп жатып анын апапакай жүзүн, таза келбетин байкап “менден кирдебесин. Оолак болоюн” дегендей андан колун тартып ала коюп, жаңы эле өзү кармаган билегин күбүп койду.
– Кайдан келе калдың?
– Терезеден көрдүм сизди, - бала олуттуу тарта аял менен жанаша басты.
– Кайсы терезеден?
– Тээтиги, даана көрүнбөйт. Бак тосуп калат тура бул жерден. Сиздин үйүңүз кайсы?
– Менинби? Үйүмбү? – аял жооп таба албай буйдалып калды, – менин үйүм жок, – жер карады.
– Анда каякка барасыз анан?
– Эч жакка.
– Каякта жаттыңыз эле, үйүңүз болбосо? Кайдан тамак ичесиз?
– Жаткан да, тамак ичкен да жерим жок. Ошол үчүн кебетем ушундай. Ошол үчүн ачкамын, – аял баланын тыкылдаган тири карактыгына алгач ачуусу келип кетсе, кебинин акырында аны жалооруп карап кемшеңдеп кетти. Бала да күнөөлүү немече унчукпай калды.
– Эже, биздикинде тамак бар. Жүрүңүз анда, биздикинен ичебиз.
– Жок, мени сенин үйүң турсун, бул кире беришке да кондурушпайт. Дайыма кууп чыгышат.
– Куубайт. Азыр үйдө эч ким жок.
Буга чейин жалгыз калганын жактырбай келген Эрмек үйдө эч ким жок экендигине азыр чын дилинен кубанып кетти. Эртең менен апасы адаттагыдай дасторконду дайындап, “муздаткычтагы борщту ич” деп кеткен. Ишенгени - ошол тамак.
– Жүрүңүз. Ысык тамак ичип, жылынабыз.
Аял баланын мындай камкордугуна ичи жылып, ыраазы боло ээрчип жөнөдү. Курсагы курулдап турганда да жакшы болбодубу. Экөө ээрчишип кирип дасторконго отурушту.
– Колуңузду бул жакка жуусаңыз болот.
Аял тамактануу алдында колду жууш керектигин канчадан бери унутуп калганын байкады.
– Биз мектептен тамактанарда кезекке туруп алып колубузду жууп, анан ашканага киребиз, - зирек бала аялды уялтпайын дегендей кеп улап койду.
Тамактанган соң экөө ээрчишип чыгып, бала мектепке кетти. Аял дагы кайда барарын билбей орто жолдо калды.
***
Ошол күн аял үчүн анын караңгы жашоосуна жарык шоола түшкөндөй жагымдуу күн болгон. Баланы узатып коюп канча убакыттан бери биринчи жолу өзү тууралуу ойлонуп олтурду. Эң биринчи эле келбетинен уялды. Бул үчүн өзүн жемелеп, жек көрдү. Анан кайра ага кол шилтеп салып бактылуу болгусу келди. Баарына бир тең кубанычы – ага бүгүн адам аттуулардан адам катары мамиле кылган жан табылды. Андан калса ал адамдын али эне сүтү жыттанган мектеп жашындагы наристе экенине кубанды. Болбосо аны чоң кишилерден да ушул кичинекей балдар ыза кылчу эмес беле. Ал карап койгон бала энесинин этегине жармашып, энелер ыйлаган баласын аны көргөзүп сооротушчу. Анын кыжырын келтирген да, ыза кылган да нерсе ушул болчу. А бүгүн наристеден сый көрдү, наристеден адам мээримин туйду. Ушундай ойлорго оролуп олтурган аял кырк кырынан ашкан өмүрүндө биринчи жолу эрктүүлүк менен “эми арак ичпейм” деди ишенимдүү.
– Эми ичпейм, “кичинекей досум” таарынбайбы? – өзү менен өзү сүйлөштү да, жагымдуу жылмайып койду.
***
Чыкыроон күздүн кечээки алай-дүлөй түшкөн каарынан жик калбаптыр. Коюу тарткан ак булуттар ала салып, күндүн шооласына эшик ачып баратышты.

#318 09 October 2016 - 16:25
Сагын эмнегедир ал күнү бөтөлкөлөш досторуна кошулбады. Демейде кулкуну кууратып, тамагын кургатып туруучу жинди сууга да табити жок. Күн кечтеп баратканда бүгүнкү күндү ушунчалык ачык кабак, жакшы ойлор менен узатып жатканына таң калып кетти. Таң калгандай эле бар эле. Анткени ал ар бир күндү наалып тосуп алып, сөгүп узатчу. «Мени ушул акыбалга келтирдиң» деп ар бир күнгө наалат айтып, кокту ичиндеги тынч жашоосун бузуп, жолдошу менен мончоктой уулун алып кеткен селди каргачу. Ал селди эстери менен жин ургандай үнү бийиктеп, тарамыштары түйүлүп барып ачуусун арак менен басып отуруп калчу.
Жайлай жатып чыккан бактын далдоосуна барып жатууну ойлоп, бирок андан ыңгайлуу, андан жылуу жерге уктагысы келди. Демейде баарына кайыл болуп беш бүктөлүп жатуп алчу эле. Бул жолу жакшы орун табууну ойлоп эки жакты карап жөнөдү. Акыры караңгы кирип көз байланып калганда кабат үйдүн жаман эшиги ачык турган жер төлөсүнө кирип жатып алды. Ал жер ары тазараак, анан чын эле сууктан кыйла коргочу жер экен.
Баарынан кубанганы - бул жерди селсаяк досторунан кызганып, аларга көргөзбөй жалгыз баш калкалаган бир жума ичинде аны бул жерден кууган жан болгон жок. Балага жолуккандан бери баарын анын шарапаты деп кабыл алып жаткан аял өзгөчө бир эбедейи эзиле: «Ак жолтоюм менин», - деп койду жылмайып. Анан дароо ордунан чечкиндүү туруп кайдадыр бет алды. Чоң көчөнүн жээгинде тамеки, чемичке саткан кемпирдин тушуна келгенде чөнтөгүн сыйпалап тура калды да, ал жакка кайрылды. Кемпир менен тим эле кербендердин жүгүн соодалашкандай бир топко алышып туруп максатына жетти окшоду.
– Эрмек, кандайсың?
Балдар менен бир нерсени кызуу талкуулап кетип бара жаткан бала үн чыккан тарапка бурулуп ошол эле жерден топтон бөлүнүп калып калды.
– Саламатсызбы, эже? – баланын мычалык олуттуу учурашуусу аялды тайсалдатып жиберди.
– Ии, жакшы. Жакшы, садагасы. Мен тиги… Сени күтүп. Ой, жолугайын деп…
– Мен сабактан эми эле бошодум да.
– Аа, муну… Ме, мегой, - аял колундагы таттууну балага сунду. Эң жакшы көргөн таттуусу үчүн кубанган бала колуна алары менен сыртын сыйрып шоколаддан бир тиштеди.
– Рахмат, эже.
– Жей гой, ачка болгондурсуң.
Аял баланын таттууну кубануу менен жегенине жетине албай калды. Анан “ага жолтоо болбоюн” дегенчелик үндөбөй келе берди. Алар чоң жолго жетип калган маалда чаңк эткен үн экөөнү тең чочутуп жиберди.
– Эрмек, ким менен келатасың? Ким алдагы?
Бала да, аял да татынакай кийинген сулуу келинге эмне жооп берерин билбей туруп калышты. Аңгыча жандарына жетип келген келин баланы колдон силке оң тарабына өткөрдү да, аялды жийиркеничтүү карап алды.
– Муну кайдан алдың? Акчаң жок эмес беле?
– Эже алып берди.
Ошол замат келин уулунун колундагы таттууну алып ыргытты.
– Көчөдөгү көрүнгөн алып бергенди жей бересиңби? – келин уулун декилдете жетелеп аялга кылчайып да койбостон узап кетти. Сагын абдан ыза болуп калды. Келинге баласына эч жамандык каалабасын, жөн гана анын балалык мээримине ыраазы болуп чөнтөгүндөгү акыркы тыйынына таттуу алып келгенин түшүндүрүп бергиси келди. Бирок суз келиндин аны уга турган түрү жок экенин билип ызалуу умсунуп калып калды.
***
Сагын өткөндөгү окуяга, «көчөдөгү көрүнгөн бирөө» деген кепке ушунчалык кекенди. Ушунча болуп өзүнүн мындай селсаяк адамга айланып калганына биринчи жолу ызаланып, андан дагы биринчи жолу мындан жакшы болууну ойлонду. Эки күн бала тарапка келбегени менен ал тууралуу ойлонбой коё алган жок. Жоодураган кара көзү, аппак жүзү бойтоюп көз алдында болуп, жароокер, сылык сүйлөгөнүн элестетип алып эле ыраазы. Үчүнчү күн дегенде ага болгон сагынууну сезип, көргүсү келди. “Барып дагы өткөндөгүдөй ыза болбосом экен” дегени менен барбай да коё алчудай эмес. Акыры мектеп алдына жетти да, баланы алыстан күтүп олтурду. Эрмектин карааны көрүнөрү менен жүрөгү тынчып, өзүнчө кубанып алды. Жолдун жээги менен баланын караанын артынан көргөнүнө ыраазы боло бара берди. Качан өткөндө алдынан чыккан келиндин карааны көрүнөрү менен алдастап бурулуп кетти. Аял Эрмек жакындан бери тирүү жетим калып атасы аларды таштап кеткенин, ошол үчүн келин баласын күйөөсү уурдап кетпесин деп тосуп алып калганын билген жок.
***
Сагын жашаган шаарда жашоо кадимкисиндей уланып, күндөр зуулдап өтө берди. Эч ким эл арасында бир селсаяк мээримдүү, жароокер баланын жакшы көз карашына таасирленип күн сайын жакшы сапат күтүп жатканын байкабады. Ырасында эле Сагындын аны байкап, ага карай турган эч кими деле жок. Ошол эле маалда ал жашоосунда болуп жаткан мындай өзгөрүүлөрдү кимдир бирөөгө туйдуруп, билдирүүнү деле ойлонгон жок. Ал баарын эч кимге милдет кылбай, эч кимге көрүнүүнү максат кылбай жан дилинен жасайт.
Мурда эмне табылса жеп көнүп калса, кийин аракеч досторунан качып калганы аз да болсо аракет кылып дүкөнчү аялдын эшик алдын шыпырып нан таап калган. Ушинтип жашап жүргөн бир күнү Эрмекти кезиктирип калбаганда, дагы деле ошол жашоосу улана бермек болушу керек эле.
– Ой, Сагын эжесизби? Эмне унчукпай келе жатасыз? Же мени тааныбай калдыңызбы? – бала Сагынга жолугуп калганына чын дилинен кубанып кетти. Сагын аны кайдан тааныбай калсын. Бир айда бир-эки ирет артынан акмалап, алыстан карап койгонуна курсант болуп жүрбөйбү. Бирок анысын жашыра:
– Тааныдым, кагылайын, тааныдым. Жолугуп калганыбызды. .. – деп койду. Ырас, артынан карап, ыраактан боюнун өсүүп калганын гана байкаганы болбосо, келбетин көрө элек эле. Эрмектин балалыктан жаштыкка кадам салган жүзү ага өзгөчө сүйкүм көрүндү. Мурут изи байкалып, кыска алып жүрчү чачы оңго бурулуп өзгөрүп калыптыр. Аял эмнегедир аны кучактап бооруна кыскысы келип кетти. Антүүгө батынбаганы менен ичтегисин жашыра албай кобуранып алганын өзү да байкабай калды:
– Ушунча жыл өтүптүр да. Ушунча жыл сени караан тутуп жашаган экенмин. Сен мага кимсиң? – көзү жашылданып кеткен аялдын кебине Эрмек түшүнгөн жок.
– Эже, сиз баягы мага шоколад алып бергендегиден жакшы болуп калыптырсыз. Сизге ушундай жүргөн жарашат экен.
– Рахмат.
Ал күнү бала үйүнө, аял короо шыпырууга шашкан жок. Кенен маек куруп узакка олтурушту. Кеп арасында Эрмек ушул жайда, 11-класска кирер алдында жол кырсыгына кабылышып апасынан ажырап калганын, атасы болсо бир кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтты. Маектин ушул мүнөтү экөөнү ого бетер жакындатып, ого бетер бири-бирине күйүмдүү кылып койду.
***
Бүгүн акыркы коңгуроо. Эрмектин демилгеси менен ал жашаган үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп келген Сагын тим эле жаш баладай кубанып алган. Ал бүгүн мектепке барат. Болгондо да Эрмектин эң жакыны катары барганы жатат. Кантип кубанбасын анан. Эрмектин сунушу менен анын апасынын гүлдүү жоолугун мойнуна жараштыра салып, кечээ кечте эле алып келип катып койгон бир кучак гүлдү колуна алып мектепке бет алды. Жол бою ал өзү үчүн бир укмуш ой тапты. Өмүрүндө эки чоң майрам болгон экен. Бири өзү мектепти аяктаган жылдагы акыркы коңгуроо болсо, бири – бүгүнкү, эч кимге айтпай, бирок жан дилинен балам деп кабыл алып алган уулу Эрмектин акыркы коңгуроо майрамы. “Биринчи майрамдан соң мени жолдошум ала качып кетти эле. Мен аял атын алып, аны менен таттуу жашоо баштагам. Эми экинчи майрамдын соңунда эмне болот болду экен?..” Ушинтип ойлор менен алышканча мектепке жетип келди. Чын эле укмуштай майрам, ак-кара кийим куп жарашкан окуучулар, кызыл-тазыл желек, анан да кооз гүлдөр. Майрам соңунда Сагын уулуна гүлдү тапшырды да, анын уруксаты менен үйгө кайтты. Эмнегедир башы зыңгырап ооруп, кусуп ийчүдөй жүрөгү айланып үйгө араң жетти да, муздак душка түштү. Жок, анда деле эс ала албады. Күзгү алдына барып чачын тарап, бүгүнкү күн үчүн Кудайга ыраазычылыгын билдирди. Буга чейинки армандарын бүт унуткарып, жаздыкка бактылуу баш койду.
***
Майрамдан куунак көңүл менен кайткан Эрмек эшикти шарт ачып үйдүн караңгылыгынан муздай түштү. Бүгүн аны жалгызсыратпагандыгы үчүн рахмат айтып тартуу кылам деген бир тал гүлүн оңдоп кармап Сагындын бөлмөсүнүн эшигин какты. Тынч, жооп жок. Кирип барып ары карап жаткан аялдын ачык далысын жаап коюуга бутунун учу менен басып жетти. Жуурканды жапканда аялдын колу артка карай шалак этти.
***
Эрмек атайын Сагынга арнап алгандыгы үчүн сулуулугу кетип соолуп калса дагы бир тал гүлдү жаңы гана үйүлгөн боз топуракка чын дилинен аяр койду.

#319 09 October 2016 - 17:58
КОШТОШУУ
Аял бүгүн да уктай албай жатты. Түндүн мынчалык узун болорун билбептир. Санап көрсө, бүгүн мындай уйкусуз түндүн онунчусу экен. Уктатуучу дарынын күчү менен суткасына болгону 1-2 саат уктайт да, калган учурда канчалык аракет кылса да такыр уйкусу келбейт. Жарыкчылыктын ушунчалык кымбат экенин тээ дил тереңинен сезип жүрөгүнүн түпкүрүндөгү бир жери ооруп кетти. Бул жер жүрөгүнүн аябай эле түпкүрүндө жайгашкандай сезилет, анткени бул жери абдан кайгырганда гана ооруйт да, сыздаганы көптө барып басылат. Биринчи жолу өзүнүн оорусу тууралуу уккан күнү ушинтип ооруган. Аял ошол күндү эстеди. Демейде бул күндү эстегенде каргашалуу күн дечү, азыр анткиси да келген жок, тек гана Кудайдын бир күнү катары эстеди.
Апизанын какырык кетпей жөтөлгөнү бара-бара күчөй берди. Кийинчерээк ага алсыраганы кошулду. Ошондо гана жата бергенден пайда жок экенин түшүнүп борборго ооруканага көрүнгөнү келди. Борбордо жашаган сиңдиси:
– Эжеке, мынча арыктагансыз? – деди эжесин көрөрү менен сулуу көздөрүн көлөкө басып.
– Качан эле толуп жүрдүм эле, – деди Апиза муңайым.
– Мынчалык эмес болчусуз, эртең эле доктурга баралы, - деди чын дилден. Анан эртеси таң атпай доктурдан-доктурга сүйрөдү. Улам бир доктурга барышса башкасына жөнөтөт. Акыры Онкологиялык оорулар бейтапканасында көпкө кармалышты. Анализдери чыккан күнү сиңдисинин сулуу көздөрү муңайып калганын, ал тургай, канчалык жашырса да ыйдан кызарып турганын көрүп эле оорусу оңой эмес экенин түшүндү. Себеби ага чейин эле рак болуп калбагай элем деп шекшип, бирок бул жаман ойду жолотпой кууп жүргөн. Ошондон баштап Апизанын көргөн күнү доктур болуп калды. Жашоодон күдөрүн үзгүсү келбей “каерде жакшы доктур бар экен” десе үмүтү сүйрөп барып жүрдү. Келин мындай уйкусуз түндөрдө өткөн өмүрдү улам көз алдына тасмадай тарта берчү болду.
Анда жаңы эле келин болуп барган болчу. Күйөөсү мас болуп келди да, келинчегин эми көрүп жаткансып көпкө сыдыра тиктеп туруп «ихи» деп кыска күлүп алып башын салаңдатып отуруп калды. Бир кезде башын көтөрүп: «Сен неге макул болуп калып калдың, кетип калсаң мага да, өзүңө да жакшы болмок. Сен кетип калсаң мен Жамилага үйлөнмөкмүн, а сен да теңиңди, сендей сулуунун кадырына жетчү азаматты тапмаксың. Ата-энемдин сөзүнөн өтө албай койбодумбу», - деди каргылдана. Анан ыза көргөн баладай буркуруп-буркурап ыйлап жатып уктап калган эле. Апизанын ызалануусу ошондон башталды. Өзү көрө элек Жамила аттуу дүкөнчү келинди аябай жек көрүп, канчалык зарыл болсо да дүкөн тарапка басчу эмес. Күйөөсүнүн дүкөн тарапка баргысы келе бергенин, кокус барып келсе көңүлү көтөрүлүп калганын байкаган сайын ызасы көөдөнүн өрттөчү болду. Көз ачып көргөн биринчи эркеги күйөөсү болсо, анан кантип ызаланбай коёт.
Бир жолу коңшу айылдагы төркүнүнө барып, анан кар жаап койгонго сыртта калган оокаттарынан көңүлү тынчыбай келем деген күнүнөн эки күн эрте чыга берген. Чиедей болгон кыздары үшүп үйгө иңир аралаш кирип келишти. Демейде көп сүйлөбөгөн кошунасы Тургун апа бул жолу Апизаны божурап көпкө кармады. Ал малга от салып жүргөн жеринен баарын таштай салып утурлай чуркап, короосуна кирип бараткан Апизанын жолун торой бирдемелерди сүйлөй берди, өзү сүйлөп, өзү күлө берди. «Буга эмне болуп калган?» деп ойлоду, үшүп үйүнө шашкан келин. Анан кошунасынын кебин да укпай кыздарын сүйрөй жөнөдү. Тургун апа оозун кош колдой басып каректери чоңоё, колун созгон бойдон кала берди. Келин кирип эле адаттан тыш буркураган атырдын жытына кептелди. Бул жыт кээде күйөөсүнөн жыттанып калганын эстеди. Анан ичкериден шыңкылдаган күлкүнү, оштонгон онтоону укту. Келин дароо түшүндү, түшүнөрү менен Тургун эженин өзүн аяп караган көздөрүн эстеди. Негедир ичкериде өзү тааныбаган аялдан мурун кошунасынан намыстанды. Өз үйүнө өзү кире албай, кантерин билбей айласы куруган эле ошондо. Апиза алдастап турганда ичкериден энеден туума күйөөсү чыга келди да, кире бериште эки кызын колтугуна калкалап турган келинчегин көрүп чочуп кетти.
– Сен кайдан, качан келип калдың? – деди баш аламан сүйлөп. Келин суу уурттап алгандай унчуга албады, чыны не дээрин билбей аптыкты. Болгону кыздары “тиги жылаңач атасын көрбөсө экен” дегендей алаканы менен эки кызынын бетин жапты. Күйөөсүнүн артынан эле жылаңач дүкөнчү келин баш бакты. Ал да оболу чочуп, анан коркуп кетти. Апиза ошондо келиндин көздөрү абдан кусалуу экенин көрүп туруп да жек көрүүсү ташып, куду ошол кусалуу каректерди оюп алчудай бой таштаган эле. Жаралуу арстандай булкунганы эсинде. Дүкөнчү келин ичкери кире качып артынан кууп кирген Апизадан коргонуп да, кийинип да жатты.
Анан качанкы бир жакшы түштөй кез-кезде дилин жылытчу бир адам көз алдына келди. Анда жашоо да, азыр бир өңчөй болуп бозоргон аалам да кызыл-тазыл кооз көрүнгөн керемет учур экен, атаганат. 3-курс эле. Сабактан чыгып көчө бойлой жалгыз келе жаткан кызды эки жигит жандай басты.
– Саламатсызбы? – деди узун бойлуу жигит. Апиза жалт карап, карары менен жигиттин капкара, күлкү уялаган көздөрүнө кептелди. Саламды алик аларын да, унчукпай басып кетерин да билбей апкаарый үнсүз баш ийкеди.
– Биз да бассак болобу? - деди жигит кызды жандай басып.
– Бут силердики, баскыңар келсе баса бересиңер да, – деди Апиза сустайып. Кара көз жигит орунсуз суроосуна ыңгайсыздана күнөөкөр жылмайды.
– Сиз менен бассак болобу дейм да, – деди кебин оңдоп.
– Жол баарыбыздыкы.
Кыздын аткан октой кебине сына түштүбү, баатырсына шар келген жигит тайсалдай кебин жоготту. Анан бир аз үнсүз катар басты да:
– Менин атым Мээримбек, – деди акырын. Жигиттин токтоо сөзү кыздын тилин тыйдыбы, айтор, кыз да токтоо жооп берди:
– Менин атым Апиза, – деди жумшак. Алар ошентип таанышты да, таанышкан күндөн баштап жигит кыз жашаган жатаканага ат тезегин кургатпай каттап калды. Мээримбек атындай эле мээримдүү, токтоо жигит экен. Апизанын кээде жаадай тийген куйкум сөздөрүнө жумшак жылмайып гана койчу. Жигиттин өзүнүн көзүн карап, оозунан чыккан кепти ойлонбой аткарууга даяр турган мээримдүүлүгү кызды жүдөтүп жиберер эле. Кыздын эмне тамак ичкенин, бутуна байпак кийген-кийбегенин сурай берген камкорлугун, каалаганын айтары менен даяр кылган жоомарттыгын баалай албаптыр учурунда.
Каникулга келген кызды бир айыл төмөн жашаган Канат ала качып кетти. Кийинки жылы акыркы курска барган кыз Мээримбекке жолугуудан качып жүрдү, анткени жигиттин муңга толгон каректерин, күлкүсү күбүлгөн кусалуу жүзүн көрүү оор болчу. Канчалык качса да бир күнү капыстан бет келди.
– Саламатсыңбы? – жигит кусалуу карап турду, кымбатын жоготкондой азалуу карап турду.
– Саламатчылык.
Апиза биринчи жолу ошондо жигиттин алдында өзүн күнөөлүү, улуулукка татый албагандай алсыз, кунсуз сезген эле.
– Бактылуусуңбу?
– Билбейм... – кыз калп айта албады, анткени мындай көздөрдүн алдында калп айтууга мүмкүн эмес болчу. Армандуу караган жигиттин көз карашына туруштук бере албай шарт бурулуп басып кетти да, ошол бойдон жолукпады, бирок унутуп да калган жок. Анын мээрими дайым жетишпей жүрдү. Айрыкча күйөөсү ичип келип ызы-чуу салган түндөрдө кыздарын колтугуна катып алып жылаңайлак калчылдап көчөдө туруп баягы “бутуңа жылуу байпак кийдиңби?” деген коңур мээримдүү үн кулагына жаңырчу. Күйөөсүн качан келет деп күтүп жалгыз жаткан суук түндөрдө, же жанында күйөөсү жатса да далысын салып дуңкуйган салкын мамиледен дили буулукканда Мээримбектин өзүнүн көзүн карап, колун кармап койсо жетине албай делбиреген каректерин жокточу. Бара-бара күйөөсүнөн эч нерсе күтпөй кыздары менен гана жашап калды. Канаттын ичкени, мас болгон сайын дүкөнчү келинди айтып дилин оорута бергенине да көндү. Бала үчүн эне баарына көнөт тура. Апиза эми эркектен сүйүү, мээрим күткөн аял эмес, бала десе башын сайып курмандыкка ойлонбой өз тагдырын алган энеге айланган эле. Атаганат, ошол энелик да минтип узакка буйрубаптыр.
Кечинде эле тамакты жакшы жеп, маанайы ачык жаткан Апиза таңды суз тосту. Кыймылдарга алы жок алсыз болуп калыптыр. Тамагынан кыл өтпөй өзүн кыйнап жатып бир кашык тамак ичти эле, аны да кусуп салды. Анан күйөөсүн чакырды.
– Канат, тогуз жыл жакшы жашадыкпы, жаман жашадыкпы, ыраазы бол, – деп баштаганда эле күйөөсү:
– Кайдагыны баштабачы, – деп жаш айлана түшкөн көзүн ала качып кубарып кетти. Күйөөсүнүн минтип биринчи жолу өзү үчүн тынчсызданганы ушул. Келин муңайым, алсыз жылмайды.
– Сөзүмдү бөлбө, суранам, – Канаттын жуурканды кымтылап жаткан колдорун абай кармап сөзүн улантты, – мен мал болбой калдым. Билем, жашооң бир башка, көңүлүң бир башка жашадың, дилиң башканы самап, а башка менен бир төшөктө жатып жарым өмүрүң өттү. Балким, ошол азапка чыдабай ичип өчүңдү турмуштан, тагдырдан алгың келгендир. Эми деле кеч эмес, бактыңды тап, көңүлүң сүйгөн жанга үйлөн. Менин бир гана аманатым - кыздарды жакшы кара, ошол эки сербейген бейтаалайды ыйлатпа, – деди алсыз.
Канат ордунан шаша туруп сыртка чуркап чыкты. Көчө бойлой далдактап молдого шашып баратып бул аялдай өзгөчө жан эми болбосун, башка мындай жакын адамы жок экенин туйду. Ушундай мээрман жанды жоготконун туйду. Көрсө, миллион сулуудан бул итирейген, жапкан нан, сүт жыттанып, ошонусу менен кыжырын келтирген ушул аял жакын тура, эми ушул аялдын ошол тирүүлүк, түйшүк жыттанган ажайып жытын эми эч кимден жыттабасын туйду.

#320 09 October 2016 - 19:12
Сиз адашып калдыңыз..
Жийде жумушу качан бүтсө деле кеткиси келбей отура берди. Суук, сүйлөсө өз үнү жаңырган үйүнө негедир баргысы келген жок. Жан дүйнөсүн буулуктурган жалгыздык ээлеп, ааламдын кунары учкандай суз эле. Бүгүн элчилеп үйгө шашпаган жалгыз аял өзү өңдөнүп, ошол шашпаганынан, бапыратып дасторкон жайбаганынан ансайын басынып ыйлагысы келди. “Ким үчүн жаям?” - деди негедир актанып. Анан жакын көргөн адамы менен сүйлөшкөн сөздөрүн аргасыз ичиркене эстеп алды. Келбесин билип туруп куру үмүткө алданып чалбады беле.
– Сиз келесизби?
– Каякка?
– Мага да?
– Кызык суроо бердиң го, Жийдеш, мен бүгүн үй-бүлөм менен болушум керек дебедим беле?
– Мен жалгыз болууга макулдук берген эмесмин.
– Бербесең да түшүнөсүң да, сен акылдуу аялсың.
– Ошо мен аялмын, акылдуумунбу, акылсызмынбы, аялмын. Мен да башкаларчылап үйгө шашып баргым келет, дасторкон жайып отургум келет.
– Жөн эле ызылдай бербечи, алтыным, сен бүгүн барып дасторконуңду жайып, телевизор көрүп убакыт өткөрүп тур, анан мен эртең барып калам.
“Эртең келет имиш, эртеңге чейин керек болчусуң”, - деди дагы эле макул боло албай ызалуу күбүрөнүп. “Кой, минтип отура бербей жалгыз болсом да дасторкон жаяйын, башкалардан эмнем кем?” - деди өзүн-өзү кайраттандырып. Анан шашып базарга жөнөдү. Базарда бут коёрго жер жок. Ачарчылык келчүдөй элдин баары базарда. Буту тизесине чейин ылай болуп, топчулары жулунчудай жулкулдашып жүрүп майда-чүйдө алып араң чыкты. Негедир эл менен аралашкангабы, же элдин деми дем бердиби, маанайы көтөрүлө түштү. Негедир көптөн бери катылып жаткан апакай дасторконун алып чыкты. Апасы быйыл жайда учурашканы барганда: “Жакшы күйөө табылып калса чогуу чай ичесиңер”, - деп берген болчу. Негедир ушул эненин ак тилеги катылган дасторконду бүгүн жайгысы келди. Апасынын кадырын да азыр билди. Канча жолу: “Жашың отуздан ашты, эртерээк күйөөгө чыгып төрөп ал, балам”,-дей берчү. Андан бери да беш жыл өтүптүр. Апасы да акыркы кезде өзү билсин дедиби, же башка балдарынын түйшүгүнөн арыла албай калдыбы, “күйөөгө тий” деп айтпай калды.
Жийде дасторкон жасап, анан шашпай отуруп алып абдан жасанды. Бир маалда эшиктин коңгуроосу басылгандай болду. Анан кайра басылды. Коңгуроо басып жаткан адам батынбай басып жатабы, же кошуналар угуп калбаса экен деп коркуп жатабы, айтор, коңгуроонун үнү ишенимсиз чыгып жатты. Жийдештин кыялына эле “Бакыт келип калган го, ичи түтпөй бир мүнөткө болсо да кирип чыга калайын деп келди бекен?” деп ойлоп, ошол оюнан кубанып кетти. Келин эшикти ашыгып ачты да, селее түштү. Бет алдында 40-45терге барып калган узун бойлуу, кең далылуу бейтааныш эркек турган эле.
– Кимге келдиңиз? – деди Жийдеш.
– Мурда ушул үйдө жашачумун... – деди эркек акырын. Эркектин көздөрү кусага, анан эмне кыларын билбеген белгисиздикке толуп чыкты.
– Азыр мен жашайм, - деди Жийдеш эркекти абай карап.
– Коркпоңуз, карындашым, мен кетем, сиз бул үйдү кичинекей баласы бар келинден сатып алдыңыз беле?
– Жок, эркек киши көрсөтүп баалашкан.
– Демек, кайнагам саткан экен да, – деди күрсүнүп. Анан бир жакшысын жоготкондой сумсая коштошпой артына бурулду. Далысы түшүп, эки ийни шалдая басып бараткан эркекти Жийдеш аяп кетти.
– Каякка барасыз? – деди батына бербей.
– Билбейм, – деди эркек артына бурулбай.
– Кирип чай ичиңиз, Жаңы жыл эмеспи, – деди да, кайра “түрмөдөн чыккан неме болсо кантем?” деген ой чагылгандай дилин аралап өттү. Эркектин кадамы жайлап токтоп калды. Бери бурулганда караса эркек ыйлап жатыптыр. Келин кебин жута апкаарыды.
– Рахмат, карындашым, сизге да тоскоол болбоюн, мен мындай эле басып жүрүп таң атырам да, анан эртең менен айылга кетип калам, – деди каргылдана.
– Мындай суукта кантип басып жүрмөк элеңиз, кириңиз. Күйөөм жакшы адам, ал деле “кир” демек. Азыр өзү да келип калат, – деди шашып. Киргизгенден да коркуп, киргизбей койгонго да ичи түтпөгөн келин күйөөсү тууралуу тек гана сүр кылып айтып койду. Эркек келиндин көздөрүн саамга ойлуу карап алды да, анан башын жерге сала туруп калды.
– Кириңиз, - деди келин дагы. Эркек батынбай кирди да, тумагын кармалай босогодо туруп калды.
– Мурда жашасаңыз, сизге тааныш чыгар баары. Ырас, бир аз оңдоп-түзөп киргенбиз деңизчи, – деди келин тартыныңкы. Негедир саамга өзүн күйөөлүү аялдай сезип эрдемсий да түштү. Эркек эшиктин эски туткасын кармап кобурады:
– Туткасы да тааныш, баламдын издери, күлкүсү угулуп тургансыйт. Азыр тиги бөлмөгө кирсем эле курсагы ачылган уулум уктап жаткансып сезилип кетти, – деди каргылдана. Келиндин эми элеки эрдемсинген бактысы күбүлүп не деп жубатарын билбей аптыкты.
– Мынча жыл кайда жүрдүңүз? – деди батына бербей.
– Ээ карындашым, азыр Орусия деген башпаана чыккан, адамдар карыз болсо да, бирөөдөн кемсинип куру намыска кул болсо да ошо жактан аргасын издейт.
Келин өзү да байкабай жеңилдене шуу үшкүрүп жиберди.
– Мен да сизди түрмөдөн чыкканбы деп... – өзүнүн шеги тегинге чыкканына кубанган келин кантип бул сөздү балп эттирип ийгенин да байкабай калды. Эркек биринчи жолу астейдил күлдү. Эркектин көздөрү мээримдүү экенин, айрыкча күлгөндө сулуу болуп кетерин көргөн Жийдештин ичи жылый түштү.
– Ошол ой менен да коркпой киргиздиңизби ээ? - деди келинди ыраазы боло карап.
Экөө унчукпай тамак ичип, ортону ыңгайсыз жымжырттык ээледи. Бир кезде эркек:
– Менин атым Муса. Карачы, сүр басканына атымды да айтпапмын, – деди баладай ачык күлүп.
– Менин атым Жийдегүл, апам “жийде гүлдөгөн маалда төрөп, ушул жийдедей жыттуу, сулуу болсун деп ушул ысымды ыроологом” деп калат.
– Апаңыз жаңылбаптыр, – деди Муса келинди ойлуу карап. Анан саамга бирдемени эстеп жаткансып унчукпай отурду да, чечилип сүйлөп кирди.
– Жашым отузга чукулдап калса да кыз жактырбай жүргөн жаным жүзү жумурткадай аппак, каректери карагаттай шаардык кыз Жамийланы бир көрүп жактырдым. Биз жыл айланбай үйлөндүк. Апам байкуш: “Балам ай, келинчегиң өзүбүзгө ылайык эле жерден болсо жакшы болмок, тең келе алар бекенсиң? Намыскөй жаның бар эле, басынбасаң эле болду”, - деп дароо эскертти. “Жаштык – курчтук” дегендей, апамдын сөзүн кулак сыртынан кетирдим. Биз үйлөнөрүбүз менен Жамийлага улуу агасы эки бөлмөлүү үйдү белекке берди. Ошол үйгө көчүп баргандан баштап кечире берчү болдум. Жубайым жароокер, кыялкеч, жайдары болгону менен жанда жок көк болчу. Абдан чынчыл, так болчу, анан башкалардан да ошондой чынчылдыкты, тактыкты талап кылчу. “Айылга апамдын жанына барып жашайлы, ал киши жалгыз, картайып да калды”, - десем көнбөй койду. Апамды колго алалы деп ойлоп, бирок кайнаганын үйүнө алып келгенден намыс кылдым. Балалуу болбой жүрүп кеч балалуу болдук. Уулум Арген үчкө чыкканда бир досум Орусияга иштеп келгени чакырып калды. Намыстанып, басынып жүргөн жанымды жок дегенде өз үйүм болсо жашоо жеңилдейт деген үмүт жетелеп дароо кетмей болдум. Албетте, менин чечимим Жамийлага жаккан жок. Бирок мен да көгөрдүм. Орусияга барган алгачкы айларда абдан кыйналдым, анан бир аял жолукту. Орун-очок алып, соодасын жолго коюп алган тың аял болчу. Оболу эже, жердеш катары эле жумушка киргенге жардам берип, кийин өзүнө ишке чакырып алды. Оюмда эч нерсе жок анын колунда иштеп жүрдүм. Бир күнү “туулган күнүм” деп үйүнө чакырды. Жумуштагы балдар баарыбыз чогуу бардык, анан кантип мен калып калганымды билбейм. Ойгонсом эле тиги аялдын төшөгүндө жатам.
– Муса, мен сени азгырган жокмун, өзүмдү да таңуулабайм, сени эркек дейт, кааласаң келип тур, каалабасаң мурдагыдай кала беребиз, – деди аял куду келишим түзүп жаткандай. Кирдеп, басынып чыкканымды азыр сөз менен жеткире албас элем. Ошол эле күнү Женя укса эч качан кечирбешин түшүндүм, бирок болору болуп боёосу канган эле. Ошондон бир ай өтпөй аялыма жеткиришиптир. Азыр Орусия деген кошуна айылдай эле болуп калган тура. Тиги аял менен кез-кезде гана байланышып калбасак, арабыз бириге турган, бизди байлай турган эч нерсе жок эле. Үч жылдай мойнунан байлаган иттей жүрдүм да, качан эки бөлмөлүү үйгө акчам жеткенде апама жөнөтүп, анан келе бердим. Азыр эле вокзалдан келе жатам. Самолётко да түшпөдүм, оюмду жыйнап, өзүмдү токтотуп алгым келди. Женя мени кечирбеси анык, бирок уулумду гана көрсөм деген элем. Көчүп кетиптир, демек, уулумду да көргөзүшпөйт.
Муса ыйлап жаткандай унчукпай жер карап бир топко отурду.
– Мен алып жатканда саткан киши “карындашым кыйналбаса, бакыт тапса деген ниетте ушул үйдү белек кылдым эле, тескерисинче, үй бактысыздыкка себеп болду” деген эле.
– Үйдө эмне күнөө, баарын биз, адамдар, өзүбүз жасайбыз да анан күнөөнү жадагалса жансыз буюмдан издейбиз, – деди Муса шуу үшкүрүп.
– Азыр адамдарды түшүнүп болбойт, башканы эмес, өзүмдү түшүнө албай кетем, байке, апам “кой” десе болбой бирөөгө турмушка чыктым. Анан жыл айланбай ичкиликтин айынан ажыраштык. Бир жылда эле эки жолу доктурга жатып чыктым. Ичип алганда колуна кирген менен сабачу. Ошондон жүрөгүм үшүп калган экен, көпкө эркек аттуудан коркуп жүрдүм. Бирок жашоо уланып, өтмүш унутулат экен. Табият өз шартын аткартат тура. Азыр жок дегенде төрөп алсам деп бирөөнүн күйөөсүн караан тутуп жүрөм. Минтип майрамда да күтүү менен шерикмин.
– Жолдошуң жок экенин көз карашыңдан байкагам, бирок айткым келген жок, сени капа кылып албайын дедим, – деди Муса келиндин каректерин ойлуу карап.
Жийдеш буулуга шуу үшкүрдү. Аңгыча телевизордон Жаңы жылдык коңгуроо кагылып, кошуналардын кубанычтуу уу-чуусу экөөнү уйкудан ойготкондой селт эттирди. Муса шаша ордунан тура калып шампанды ачып чөйчөктөргө куйду.
– Карачы, карындашым, арман айтышып отуруп Жаңы жылды өткөрүп жибере жаздаптырбыз, кел, айрылуу, кайгы, касыреттин баары эски жыл менен кетип, жаңы жылда жаңы бакыт тартууласын.
– Айтканыңыз келсин, – деди Жийдеш делбиреп. Аңгыча көчөдөнбү же кошуна үйдөнбү, сыбызгыган жеңил бийдин музыкасы жаңырды.
– Жийдеш, кел, мени менен бийлеп койчу, – деди батына бербей. Мусанын боз уландай тартынган тазалыгы келиндин аза боюн жымырата унчукпай макул болду. Мусанын каңылжаарын аялдын жыпар жыты кытыгылай, алаканындагы тумсак дененин калтырап турганын туйду. Бул калтырак өз боюнан өтө жүрөгү көөдөнүн жарып кетчүдөй тээп чыкты.
– Аял менен бийлебегениме көп болду, – деди үнү дирилдей.
– Менин да качан аял катары эркек менен бийлегеним эсимде жок. Бирөө кууп келаткандай шашып келип, бирөө кирип келчүдөй шашып уйпалап, шашып кеткен жашоо түгөнбөй койду.
– Антпей жүр, баары алдыда али, – деди Муса акырын.
– Сиз ишенесизби?
– Ишенем, анткени азыр эле тааныбаган сени менен тааныштым, дагы кандай жакшылыгын камдап турганын кайдан билебиз, – деди Муса келинден көз албай.
Келин жигиттин кең көөдөнүнө башын койду. Бул өз эркинен сырткары эле.
– Рахмат сага... – деди Муса келиндин кулак алдынан шыбырап.
– Неге рахмат?
– Киргизгениң үчүн, киргизбесең бакыттан кыя өтмөк экем.
– Бакыт экенимди кайдан билесиз?
– Менин курагым ошондой.
Муса келиндин ысып күйгөн моюндарынан шуу жыттай карегине үңүлдү. Каректер күйүп туруптур. Эриндер өбүүнү самагандай албырып дирилдейт. Муса кармана албай кетти. Жүрөгүн төшөй жалынып да, өпкүлөп да төгүлүп кетти. Келин да кыңкыстай бир толгонуп алып жигиттин эркине көнүп берди. Эки кусадар дене бири-бирине эрктен тыш умтула, колдор бири моюнга, бири белге чырмалып, кипкичинекей бөлмөдө аалам аңтар-теңтер түшкөндөй, деңиз жээкке урунгандай ала салып жатты.
Таңга жуук эшик чырылдады.
Уктабай Мусанын кырдач мурдун, бир калыпта дем алган таноолорун карап жаткан келин селт этти. Акырын ордунан туруп эшикке жакындады.
– Ким? – деди акырын.
– Мен, Жийдеш, Бакытмын, сага шашып келдим. Тигилер баары уктап жатканда сага чуркадым. Бол эми ач, бирөө жарым чыгып калбасын.
– Кечирип коюңуз, сиз адашып калдыңыз.
– Эмне?
– Бул жерге башка келбеңиз, сиз адашып калдыңыз, – деди да, артына бурула Муса жаткан үйгө бет алды.
– Ким? - деди келиндин шооратынан ойгонгон Муса сагынган жандай ашыга кучактай берип.
– Адашкан бирөө, уктай бер.
– Сагынып кеттим, жанымдан кетпечи...
– Жаныңдамын, мен да сени сагындым эле...

Супер-Инфо
super.kg
видео