– Бычып-тигүүнү үйрөтүүчү курс ачсамбы деп жаттым эле. Сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтүү зарылбы? Эгер катталуу шарт болсо, кандай документтер талап кылынат жана кимге кайрылуум керек? Салкынай, Кара-Көл шаары.
– Бычып-тигүүнү үйрө-түүчү курсту кайсы жерде ачууну ойлосоңуз, ошол аймакты тейлеген облустук же шаардык юстиция органына кайрылышыңыз керек. Паспорт, билимиңиз тууралуу документ, жашаган жериңизден маалымдама,
мүнөздөмө жана башка ушул сыяктуу документтер талап кылынат. Аталган органга кайрылып курс ачуунун бардык шарттары менен таанышып, толук маалымат алсаңыз болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео







