Суперстан: Бетке тaбигый мaскaлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бетке тaбигый мaскaлaр. Сулуулуккa aз aкчa коротобуз.

#21 Пользователь офлайн   Aydashka   27 Февраль 2012 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт

Сүйүктүү аймдар,сиздер үчүн дагы бир пайдалуу маалымат:
Жалпы дене үчүн керектүү косметикалык каражаттарды сатып алууга дайыма эле каражат жетише бербейт. Мындайда сизге кадимки жашылчалар менен мөмө-жемиштер жардамга келерин унутпаңыз.

Картошка
Чийки картошканы аарчып, жууп алган соң жука-жука тегерекчелерге кесүү керек. Ал тегерекчелерди бетке жаап жатып, 15 мүнөттөн соң таза жууш керек. Бул бетти жумшартат, агартат, жылмакай кылат.
Чийки картошканы майда тиштүү кыргычтан өткөзүп, аны марлиге жука кылып саласыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабасыз. Мындан беттеги шишик жана бырыштар, безеткилер жок болот.
Картошканы сууга бышырып алган соң кабыгын аарчып, эзип, алынган боткону бетке 20 мүнөт жылуулай жапса, теринин майлуулугун азайтып, эрте картаюунун алдын-алат.
Көздүн тегереги салаңдап шишип калганда чийки картошканы кыргычтан кырып өткөзүп, ага 1 чай кашык буудай унун, 2 чай кашык сүттү аралаштырыңыз. Муну салфетканын бетине калың сүйкөп туруп көзгө 10-15 мүнөт жаап жатсаңыз, шишик тарайт.
Эгерде сүт жок болсо, анда сууга бышкан картошканы тегерек кылып кесип, аны көзгө 30-40 мүнөт жаап жатсаңыз да ушундай эле натыйжа берет.
Колуңуздун териси одуракай болуп кесилип же кургап кетсе, сууга бышкан картошканы эзип, ага 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырып, жылуу бойдон колго 10 мүнөт жабуу зарыл. Жуугандан соң аркасынан крем сүйкөңүз.
Колдун кабарган жерин кетирүү үчүн алгач чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, ботко кылуу керек. Жатарда кабарган жерге вазелин, анын үстүнө картошка боткосун сүйкөп, үстүнөн целлофан менен жаап, бинт менен ороп коёсуз. Эртеси тазалап, ордуна крем сүйкөңүз.

Сабиз

Одуракай болуп кесилген, түлөгөн, кургаган беттин терисин жылмакай, жумшак кылуу үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширесин бетке сүртүү керек.
Ушул эле сабиздин ширесине бир канча тамчы лимон ширесин аралаштырып туруп бетиңизге сүртсөңүз, сепкилдерди кетирет.
Сабизди майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жана моюнга жабуу керек. 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз. Бул кургаган, безетки чыгып жабыркаган бет терисине пайдалуу.
Кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир аз ун кошуп аралаштырып, 15-20 мүнөт бетке жапса, бет терисин азыктандырат, жумшартат, ашыкча майлуулугунан арылтат.
Эгерде бетиңизди бырыш басып кеткен болсо, бирдей өлчөмдөгү сабиз менен алманы кыргычтан өткөрүп, аралашкан боткону бетке 15-20 мүнөт жабыңыз. Масканын жардамы менен бырышты кетирүү курсу - 20 күн.
Ал эми бырыштын алдын-алуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир канча тамчы лимон ширесин, жумуртканын сарысын, 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштыруу керек. Масканы бетке 20-25 мүнөт жапкан соң жылуу суу менен жууйсуз.
Эриндер дайыма жумшак болсун десеңиз, сабиздин ширесин сүртүңүз.
Чач ашыкча майлуу болсо, жуулбаган чачтын түбүнө сабиздин ширесин сүртүү кажет. Ушундан 2-3 саат өткөндөн кийин гана чачыңызды жууй берсеңиз болот.

Апельсин
Беттин терисин тазалоо үчүн апельсиндин ширесине таза кебезди малып, аны менен бетти сүртөсүз. 1-2 сааттан соң бетти муздак суу менен жууп, аарчыбай кургатасыз.
Терини жашартуу жана жумшартуу үчүн 1-2 аш кашык апельсин ширеси менен 2 чай кашык балды аралаштырып бетке жабыңыз да, 10 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууңуз.
Жарым апельсиндин ширесине жумуртканын сарысы, 1 аш кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал кошулат. Аралашманы бетке, моюнга 15 мүнөт жаап, жылуу суу менен жууган соң майлуу, азыктандыруучу крем сүйкөө керек.
Жагымдуу жыттангыңыз келсе, апельсиндин кабыгын идишке салып, үстүнө кайнак сууну жаба куюңуз. Муздагандан кийин ал суу менен бетиңизди, мойнуңузду чайкаңыз. Андан кийин кебезди малып, аны менен бетиңизди назик сүртүңүз. Бул сизге апельсин жыттанган атыр себингендей натыйжа берет.
Бигуди коёрдун алдында чачты апельсиндин ширеси менен нымдап алса, чач ойдогудай формага ээ болот.
Колуңузга алгач апельсиндин ширесин, андан соң өсүмдүк майын сүртсөңүз, кургап, кесилип, одуракай болуп кеткен териси да жумшак болот.

Банан
Банандын жумшак этин вилка менен эзесиз. Муну бетке жука жаап, 15-20 мүнөттөн соң жууп салуу керек. Бул маска бетти жумшартып, жылмакай кылат.
Анча чоң эмес жакшы бышкан бананды эзип, ага 1 чай кашык лимон ширесин аралаштырып 15-20 мүнөт бетке жапсаңыз, сепкилдердин кетишине жардам кылат, бетиңиз агарып, майлуулугу азаят.
Бананды кыргычтан өткөрүп, ага 1 чай кашык бал, 2 аш кашык йогурт, 2 аш кашык сулу унун кошуп 15 мүнөт бетиңизге жабыңыз. Маска жашартуучу касиетке ээ.
Чачыңыз кургак болсо, 1 банан менен 3 чай кашык өнгөн буудайды эзип, ага 50 грамм бал кошуп аралаштырып, таза жуулган, ным чачтын түбүнө сүйкөңүз. 20 мүнөттөн соң жууп салыңыз.
Бир килограмм бананды эзген соң ага 2 аш кашык оливка майын аралаштыруу кажет. Муну бүт денеңизге сүйкөп жуунуңуз же ваннага толтурулган сууга салып, ал сууга бир канча мүнөт жатыңыз. Ушундан кийин денеңиздин териси кудум наристенин терисиндей жумшак, назик, жылмакай болуп калат.

Лимон
Бет аябай тердей берсе, териси майланышып жылтырап жатса, же безетки чыкса, бир күндө 2-3 жолу лимон тилими менен бетти сүртүү кажет.
Эгерде бетиңиз ак, ал эми моюнуңуздун териси ага салыштырмалуу күңүрт түстө болсо, лимон ширесине малынган кебез менен моюнуңузду сүртүп, андан соң гана крем сүйкөсөңүз болот.
Бирдей өлчөмдөгү лимон, сабиз, бадыраң ширелеринин аралашмасы менен ириңдей түшкөн безеткилерди айыктырууга мүмкүн.
Бут ашыкча терчил болуп кетсе, лимондун ширеси менен таманыңызды сүртүңүз.
Жумшак, жука, бат сына берген тырмакка 10 күнгө чейин лимон тилимин сүртүү зарыл. Бул тырмакты катуу, бекем кылып, өңүн жакшыртат.
Одуракай тартып, кургап, кесилген колдун терисин жумшартуу үчүн күн сайын лимондун ширеси менен жумуртканын агын аралаштырып, таза жуулган колго 20 мүнөт жабыңыз.
4 лимондун кабыгын 1 литр сууга 15 мүнөт кайнатып, муну менен таза жуулган чачты чайкаса, какачты кетирет. Ал эми 1 литр кайнаган сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп туруп чайкаса, чач жылтырап калат.

Пияз
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жапса, сепкилдерди, кийин пайда болгон беттеги тактарды, безеткилерди кетирүүгө жардам берет.
Кургак бетти жумшартуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пияз боткосуна бирдей жумуртканын сарысы менен 1 аш кашык каймак майды аралаштырып, бетке жабасыз. А эгерде майлуулугун азайтам десеңиз, анда ушул эле рецептке жумуртканын сарысын эмес, агын кошосуз.
Сепкил баскан майлуу бетти күн сайын 2-3 жолу тең ортосунан кесилген пияз менен сүртүп турсаңыз, сепкил да, теринин майлуулугу да азаят.
Бирдей өлчөмдөгү пияз жана бадыраң ширелерин аралаштырып, муну менен бетти сүртсө, бет агарат.
Кабыгы менен сууга кайнап бышкан пиязды аарчып, эзип, ага бир аз каймак май кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт бетке жапса, терини азыктандырат жана бырыштарды кетирет.
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткодон 3-4 аш кашык шире сыгып аласыз. Ширени чачтын түбүнө сүртүп, сүлгү менен башыңызды жылуулап оройсуз. Чачыңыз кургак же нормалдуу болсо 1 сааттан кийин, майлуу болсо 2-3 сааттан кийин шампундап жууп коюңуз. Бул чачты тез өстүрөт, түшүп жаткан болсо түбүн бекемдейт, какачтан арылтат, жумшартат жана жибектей жылтырак кылат.
Чач түшүп, таз болуп баратса, анда мындай кылуу керек: бирдей өлчөмдөгү пияз ширеси менен балды аралаштырып, таз болгон жерге жакшылап сүртүү зарыл. 1 сааттан кийин жуубастан нымдуу салфетка менен гана тазалап коюңуз. Процедура күн сайын кайталанып, 2 айга созулат.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 27 Февраль 2012 - 15:10

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Mondur   28 Февраль 2012 - 13:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Кандай гана кенештер! !!Рахмат Айдашка эже.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Aydashka   25 Март 2012 - 03:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ашкабак сулуулук үчүн...
Сүрөт
Ашкабактын сулуулук жаатындагы эң пайдалуу өзгөчөлүгү - ал аялдын организмин жашартуучу касиетке ээ. Курамындагы Е витамининин эсебинен ал бырыштын пайда болушун жана карылык тактарынын алдын-алат. Аны маска катары 1-2 жума пайдалангандан кийин бет терисинин жумшак, сыйда, серпилгич болуп калганы байкалат.
Жашартуучу маска: Ашкабакты кыргычтан өткөрүп, 2 чоң кашык боткосуна 1 чоң кашык алоэнин ширесин, 1 чай кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз. Андан соң азыктандыруучу крем коюп аласыз.
Кургак жана нурсуз беттер үчүн: Ашкабакты кайнатасыз. 2 чоң кашык эзилген ашкабакка 2 чоң кашык быштак жана 1 чоң кашык каймак кошуп аралаштырасыз. 1 чай кашык бал кошуп койсоңуз да болот. Бул масканы бетиңизге жаап, 15-20 мүнөт кармап турасыз. Андан соң жылуу сүткө малынган кебез менен аарчып саласыз. 5 мүнөттөн кийин жылуу сууга чайкайсыз да, муз менен бетиңизди сүртөсүз.
Майлуу беттер үчүн: Ашкабактын кичинекей бир бөлүгүн кыргычтан өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 2 чоң кашык алып, ага 1/4 чай кашык лимон ширесин жана 1 жумуртканын агын кошуп аралаштырып, бетиңизге 15 мүнөт коёсуз. Андан соң бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз.
Бетти агартуучу жана сергитүүчү семичке маскасы: Ашкабактын 20 даана семичкесин чагып, жанчып, үстүнө бир аз кайнак суу куясыз да, эмаль идишке коюуланганга чейин кайнатасыз. Муздатасыз. Бетиңизди оливка майы менен майлап, семичкени жука катмар кылып бетиңизге сүртөсүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
Ашкабак ширеси менен сүттүн теңме-тең аралашмасын кургак беттерге бир ай бою күн сайын сүртүп турган пайдалуу. Нормалдуу жана майлуу беттерге болсо ширеге сүттүн ордуна кайнатылган сууну аралаштырыңыз

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 25 Март 2012 - 03:16

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Nuura   01 Апрель 2012 - 18:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 785
  • Катталган: 13 Март 11
  • Соңку аракети: 28 Янв 2022 13:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Катар Доха

En sonun paidaluu keneshter bar eken Aydashka,saga raxmat!dagy bar bolso ile ber.
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aikala   02 Апрель 2012 - 17:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абдан сонун кенештер бар экен го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Aydashka   02 Май 2012 - 16:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Кыздар,кызыктуу маалымат окуп калдым да,сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм:
Легендарлуу айымдар колдонгон маскалар сиз үчүн
Сүрөт
Тарыхта легендага айланган эң атактуу, эң сулуу айымдардын болгону баарыбызга маалым. Алардын сулуулугунун сыры эмнеде болгон? Мына ушул суроого жооп издеп жатып тарыхка көз чаптырдык. Көрсө, алар беттерине маска жаап, дайыма кам көрүшчү экен. Эмесе, урматтуу айым, төмөндө сиз үчүн дал ошол легендарлуу айымдар колдонгон маскалардын рецепттери. ..
Афродита
Афродита - Зевс Кудайынын кызы. Грек мифологиясында сулуулуктун жана сүйүүнүн, түбөлүктүү жаз менен жашоонун Кудайы катары белгилүү. Алтургай баш кошуу менен төрөттүн да Кудайы катары кабыл алышат. Бул маска "Афродитанын сыры" деп аталып, мифтерде дал ушул масканы колдонгон аялдар Афродита сыяктуу сулуу болушары, бул масканын рецепти Афродитага тиешелүү экендиги жазылган. Тээ байыртадан ушул күнгө чейин колдонулуп келген бул маска терини жумшак, назик кылып, бырыштын алдын-алат.
Масканын даярдалышы: 1 жумуртканын сарысын, 1 жарым чай кашык глицеринди, 2-3 тамчы камфора спиртин, 50 грамм буудай унун же сулуну аралаштырасыз. Аралашма коюу каймак сыяктуу болгудай кылып буларга көз өлчөм менен бир аз кайнак суу кошуу керек. Даяр болгон масканы бетке, моюнга жаап, 2 саат тынч жатса жакшы натыйжа берет. Эгер буга мүмкүнчүлүк болбосо, анда 20 мүнөт койсо деле болот.
Поппея (биздин кылымдагы 30-65-жж.)
Официалдуу аты - Августа Поппея Сабина. Байыркы Рим императору Нерон Клавдий Цезардын экинчи аялы жана Байыркы Римдин эң сулуу айымы. Анын бет териси колдонгон маскаларынан улам жылмакай жана жаш көрүнүп, учурунда Поппеяга суктанбаган жана ага тең келген бир да айым болгон эмес.
Масканын даярдалышы: 1. Өнгөн арпа данын майдалап, оливка майына аралаштыруу зарыл. Коюу каймактай болгон аралашманы таза салфетканын бетине шыбап, аны кечинде жатардын алдында бетиңизге жабасыз. Анын үстүнөн калың сүлгүнү да жылуулап жаап коюңуз. 30 мүнөт тынч жаткан соң алгач жылуу суу менен, аркасынан муздак суу менен бетиңизди жууңуз.
2. Жарым стакан ак сояны сууга бышырып, ысык кезинде майдалап жанчып алыңыз. Алынган боткого 1 аш кашык оливка майы менен 1 аш кашык лимон ширесин кошуп аралаштыруу кажет. Жылуулай бетке жана моюнга жаап, 20 мүнөт кармаңыз. Муну да алгач жылуу, анан муздак суу менен жууш керек.
Альба (1762-1802)
Толук аты-жөнү - Каэтана Мария дель Пилар. Бирок тарыхта Альба деген гана ысым менен белгилүү. ХVIII кылымда Испанияда Альбадан сулуу эч ким жок деп эсептелген жана ал өлкөдөгү эң бай, ак сөөк адамдын мураскору болгон. Ошол кездеги өлкөнүн башындагы бийликте турган эң көрүнүктүү саясатчылар Альбанын ойношторуна айланышкан. Эркек аттуулардын "башын айланткан" Альба өзүнүн жаштыгын, сулуулугун эң жөнөкөй ыкма менен сактаган...
Масканын даярдалышы: Апельсиндин кабыгын жакшылап аарчып, ичиндеги жумшак этин алуу керек. Анан аны бетке, моюнга, алтургай көкүрөккө да жапса өтө натыйжалуу.
Нинон де Ланкло (1615-1705)
Толук ысымы - Анна де л`Анкло. Белгилүү француз жазуучусу Нинон де Ланкло өз мезгилинде укмуштуудай сулуулугу, акылдуулугу менен даңкы чыккан. Ал көзү өткүчө бүтүндөй эркек аттууларды сүйдүрүп жүрүп өткөн. Нинон де Ланкло 80 жашка чыкканда да бетинде бырышы жок жапжаш болгондуктан, жада калса өз небереси чындап сүйүп калган. 90 жашында өзүнөн бир топ жаш кичүү жигит менен ойнош болгон. Анын сулуулугунун, картайбаган жаштыгынын сыры колдонгон маскасында эле.
Масканын даярдалышы: 0,5 стакан сүттү 1 чай кашык лимон ширеси, 2 чай кашык коньяк менен аралаштырып, алынган аралашманы отко коюп кайнатыңыз. Өтө муздай элек жылуу кезинде бетке, моюнга жаап, беттин терисине толук сиңип бүткүчө күтүп туруу зарыл. Андан соң жууй берсеңиз болот.
Мадам де Помпадур (1721-1764)
Өз ысымы - Жанна-Антуанетта Пуассон. Француз королу Людовик ХV менен чогуу өлкөнү 20 жыл башкарган. Францияда эле эмес, бүткүл Европада да маанилүү орунду ээлеп, өз кылымынын символуна айланган. Анын ден соолугу чабал, териси кургак жана назик болгон. Ошого карабай дайыма өзүнө кам көргөндүктөн, эч качан сулуулугунан жазган эмес. Мадам де Помпадур ар бир жаңы күнүн таң эрте бетине маска коюу менен баштоону адат кылган.
Масканын даярдалышы: 1. Эртең менен алгач бетке сабиздин жаңы сыгылган ширесин, андан кийин оливка майын сүйкөңүз. 20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Ошондо бетиңиз бир күн бою жылмакай, назик, сулуу болуп жүрөт.
2. Бир жумуртканын агы менен азыраак кумшекерди аябай аралаштырып, муну кечкисин жатарда бетке 20 мүнөт жабуу зарыл.
3. Бир жумуртканын агы, ага өлчөп азыраак каймак май, лимондун ширеси керек. Баарын аралаштырып, бетке 10-15 мүнөт жабасыз.
4. Жакшы бышкан жүзүмдү эзип, муну да бетке 15 мүнөт жабуу кажет.
Ирен Жолио-Кюри (1897-1956)
Ирен Жолио-Кюри - атактуу француз физиги. Ушул күнгө чейинки дүйнөлүк тарыхта эки жолу "Нобель" сыйлыгын (1-жолу физика жаатында, 2-жолу химия жаатында жасаган илимий изилдөөлөрү үчүн) алган жападан-жалгыз айым. Ал өзүнүн бети үчүн атайын масканын рецептин өзү ойлоп чыгарып, аны дайыма колдонуп келген жана эң сонун натыйжага жетишкен.
Масканын даярдалышы: 1 аш кашык балга 1 чай кашык лимон ширеси менен 1 чай кашык апельсин ширесин кошуп аябай аралаштыруу зарыл. Аралашманы таза жуулган бетке 30 мүнөт коюу керек.
Грета Гарбо (1905-1990)
Чыныгы аты-жөнү - Грета Луиза Густафсон. Швециялык Грета Гарбо мыкты актриса катары Голливудду багындыра алган. Ошондой эле ХХ кылымдын эң сулуу айымы аталган. Дайыма кол жеткис, табышмактуу жана периштедей көрүнгөн актриса сулуу жүзүнө эң жөнөкөй масканы колдонгон.
Масканын даярдалышы : Бирдей өлчөмдөгү сабиз менен түрптү майда тиштүү кыргычтан кырып өткөзүп алыңыз. Анан экөөнү бирдей массага айлангыча жакшылап аралаштырган соң бетке жаап, 30 мүнөт коюңуз. Бүткөн соң алгач жылуу, анан муздак суу менен жууш керек.
Клеопатра (б.э.ч. 69-30-жж.)
Клеопатра Байыркы Египеттин акыркы ханышасы болгон жана Египетти 21 жыл башкарган. Кийин Египетти Рим императору Октавиан Август басып алганда анын колуна түшүп, күңүнө айлангысы келбеген Клеопатра өзүн-өзү өлтүрүп салган. Байыркы Египет ханышасы сулуулугун сактоо үчүн колдонгон маскалардын рецепттери тарых аркылуу бизге да келип жеткен. Ал маскалар беттин терисин тазалоочу, агартуучу, бырыштарды кетирүүчү касиеттерге ээ.
Масканын даярдалышы: 1. Бирдей өлчөмдөгү бал менен жылуу сүттү аралаштырыңыз. Алынган массаны бетке 30 мүнөт жаап, анан жылуу суу менен жууш керек.
2. Бирдей өлчөмдөгү бал менен оливка майын аралаштырып, жай отко коёсуз. Аны ысыганга чейин жеткирүү зарыл. Оттон чыгарып алган соң буга таза марлини жакшылап маласыз да, марлини бетке 15-20 мүнөт жабасыз.
3. Жарым чыны майлуулугу жок сүткө 2-3 аш кашык суюк бал менен 2 аш кашык алоэ ширесин аралаштырып, эртең менен кечинде бетке жабуу кажет.
Жозефина Мария-Роза де Богарне (1763-1814)
Француз императору Наполеон Банопарттын аялы Жозефина кембагал үй-бүлөдөн чыккан кыз болгонуна карабай өз доорунун эң сулуу айымдарынын бири болгон. Жозефина табиятынан жөнөкөй айым болгондуктан, сулуу жүзүнө да эң жөнөкөй масканы колдонгон.
Масканын даярдалышы: Кадимки картошканы таза жууп, кабыгы менен сууга бышырып алуу зарыл. Андан соң анын кабыгын аарчып, ботко кылып эзесиз. Бул масканы бетиңизге да, колуңузга да жапсаңыз пайдалуу.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   aminali   03 Май 2012 - 05:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Мен оливковый майды чачыман баштап,бетиме чейин сыйпанып алам,жүрө берем анан жууп коем,кээде кастор майын кошуп коем кичине кашык менен болду,анан сода сууга сүлгүнү салып ысыгыраак бетиме жаба калам,парит этилетболду сонун болуп калат,тунук да болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   miniusha   03 Май 2012 - 10:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

Рахмат баарынарга. Мен арыктап бетиме коп бырыш тушуп кетти,бетим аябай кургак,особенно козумдун тегерегине аябай бырыш тушту. Жардам керек,сулуу болуш керек! Рахмат.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Elit   05 Май 2012 - 08:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

:достор: рахмат кыздарики кенештерине сулуулук дуйнону сактайт дегендей, ар дайым сулуу болуп журо берели.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   elif   31 Июль 2012 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Прикрепленное изображение: fghjk.pngpng]
ШАБДАЛЫ МАЙЫ
Шабдалынын мөмөсү да, майы да косметологияда кеңири колдонулуп келет. Мисалы, анын мөмөсүнөн жасалган маска беттин терисин ар кандай зыяндуу заттардан тазалайт, жашартат жана серпилгичтигин сактайт. Ал үчүн шабдалыны эзип, бетке 15 мүнөт койгондон кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүртүп коюу гана жетиштүү. Эгер тери майлуу болсо, анда шабдалынын боткосуна 1 чай кашык картошка крахмалын кошуп коюу оң.
Ал эми шабдалы майын чач, каш өстүрүүдө, бетке маска жасоодо, денеге массаж кылууда колдонуп келишет.
Жылуу шабдалынын майына таза чүпүрөктү малып, бетиңизге 10-15 мүнөт жапсаңыз, майда бырыштардан арыла аласыз жана териңиз жумшак, жылмакай болуп калат. Ошондой эле бул май менен макияжды да тазалоого болот.
Шабдалы майын эриниңизге сүйкөсөңүз, ал аны жумшартып, азыктандыргандан сырткары серпилгичтигин жогорулатат. Бул май менен колуңузга массаж жасоо менен териңизди азыктандырып, тырмактарыңызды бекемдей аласыз.
Шабдалы майы менен денеге жасалган массаж арыктоого жардам берет жана целлюлиттин алдын алат.
Шабдалынын гүлү да пайдалуу. Андан чай даярдап ичсеңиз, нервди тынчтандырып, жөтөлдү басат.
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Жолоочу_altinim_* 07 Январь 2013 - 02:57

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

ай эжелер майлуу бетке да коп коп маскалардан илип коюнуздарчы сураныч майда майда тешикчелерге каршы пора дейбиле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   S_T   07 Январь 2013 - 20:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 14 Июль 11
  • Соңку аракети: 02 Июн 2013 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Махабат шаарчасында

кофени скраб катары пайдалансанар болот...Бетке да, баняга киргенде денеге колдонсо болот.. Кофе жыттанып, дене аябай жумшак сонун болуп калат.. Даярдоо эн жонокой - эгер бетке болсо 1-2чай кашык кофеге жылуу суу(мен бал да кошуп коем) кошосунар да колдоно бересинер
Жашоо ушундай кызык, кээде кутпогон, ойлобогон окуялар болот)))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Sarabanda   23 Сентябрь 2013 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 857
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 06:06
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения S_T (07 Январь 2013 - 20:55) жазган:

кофени скраб катары пайдалансанар болот...Бетке да, баняга киргенде денеге колдонсо болот.. Кофе жыттанып, дене аябай жумшак сонун болуп калат.. Даярдоо эн жонокой - эгер бетке болсо 1-2чай кашык кофеге жылуу суу(мен бал да кошуп коем) кошосунар да колдоно бересинер



Сиз кайсы кофени айтып жатасыз?
Эгер кофе машинадан чыккан(зернодон) калдыктары болсо анда колдонсонуз болот.
Бетке табигый маска жасоонун алдында бетти кофенин калдыктары менен тазалап анан маска жазаса таасирлуу болот.
Мен бактылуумун. !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   nargiza96   24 Сентябрь 2013 - 00:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 04 Август 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2014 14:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аалам айылдан башталат.Кыскасы бир айылда.

Рахмат эжешкалар. Дагы коп нерсени билип алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   aika2013   29 Декабрь 2013 - 03:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

курук беттерге ,любой проценти жогорку майонезди алып ,алманы теркадан откоруп,бетке 20 мин кою керекда,жылуу суу менен чайкап салыш керек!!! 1 жумада 2 жолу кылып турса болот!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   zhiza   30 Декабрь 2013 - 09:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Бетке крем суйкогондо, теринин кандай экенине коп конул болобуз.Корсо, теринин кургак, майлуу, же нормалдуу болушунан башка да эрежелер болушу мумкун экен. Адамдын организми ушунчалык табышмактуу болгондуктан, ички биоритм, биосаатты да эске алыш керек экен. Адамдын организми :
Танкы саат 4 - 7 ге чейин: ички секреция бездери активдеше баштайт, гормондор иштелип чыгат, кан айлануу активдешет. Бул учурда бетти сууланта турган кремдерди сыйпаныз.
Саат 8 - 10. Кан айлануу активдуулуктун чегине жетип турган кези. Тери бардык нерсени синирип алууга даяр. Бул убакта кундузгу кремдерди сыйпагыла.
Саат 11 - 12. Тери чыгаруучу бездер эки эсе куч менен иштей баштайт. Тери жалтырап, ачыла тушот. Мында терини тазалоочу каражаттарды колдонгула.
Саат 13 - 14. Чарчай баштаганыныз беттин терисинен да коруно баштайт. Беттин бырыштары байкалып калат. Бул учурда муздак суу менен жуунуп, бетти тазалоочу лосьон менен суртунуз.
Саат 15 - 18. Бетиниз эч кандай косметикалык каражатты кабыл алгысы келбей турган кези.
Саат 18 - 23. Беттин териси баарын кабыл алууга даяр, бетти тазалап, теринин дем алуусуна шарт тузунуз.
Саат 23. Беттин териси биологиялык активдуу жана синимдуу заттарды кабыл алууга даяр. Тунку кремдерди сыйпаныз.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Asiyo   30 Декабрь 2013 - 09:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 02 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2015 03:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Сонун кенеш экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Jamalym   04 Январь 2014 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения altinim (07 Январь 2013 - 02:57) жазган:

<br />ай эжелер майлуу бетке да коп коп маскалардан илип коюнуздарчы сураныч майда майда тешикчелерге каршы пора дейбиле<br />
<br /><br /><br />


БЕТ ТЕРИСИНДЕГИ ТЕШИКЧЕЛЕРДИ
КИЧИРЕЙТҮҮ
1.10-15 тамчы лимон ширесине бир
жумуртканын агын аралаштырып маска
даярдаңыз. Аны беттин терисине жаап, 10
мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп
салыңыз. Лимон ширесинин ордуна кызыл
карагаттын ширесин да пайдаланууга
болот.

2.Бадыраң менен быштакты аралаштырып
коюу ботко даярдагыла. Аны териге
сүйкөп, 5-10 мүнөт кармаңыз. Маска
жылуу суу менен жуулат.

3.Туздалган капустанын жалбырагын же
анын суусуна сулу улпагын кошуп бетке
жабуу менен теридеги тешиктерди
кичирейтүүгө болот.

4.Алгач бетти самындап жууп салган соң
алаканыңызга бир аз сода алып аны суу
менен аралаштырып паста жасаңыз.
Колуңуздагы пастаны бетиңизге сүйкөп,
жарым мүнөт чамасында этият укалаңыз.
Андан кийин жылуу суу менен жууп
койсоңуз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Konilove   04 Январь 2014 - 11:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Сен 2023 09:41
  • Жынысы:Белгисиз

Kop nerseni bilip aldym
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажан.
Бир баклажанды эт туурагычтан өткөрүп бир аз тыныктырып койсо, андан шире чыга баштайт. Ошол учурда ага 1 чай кашык алма ширесин аралаштырып, таза жуулган бетке бир калың катмар кылып коюп 15 мүнөт чалкалап жатуу керек. Андан кийин салкын сууга жууп бетке крем коюп алса, теридеги бырыштар билинбей сыйда болуп калат. Жумасына бир гана жолу жасоо керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: