Суперстан: Бетке тaбигый мaскaлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бетке тaбигый мaскaлaр. Сулуулуккa aз aкчa коротобуз.

#41 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Коон.
Коондун ички маңызынан 2-3 аш кашык идишке салып ага 1 чай кашык балды, 1 аш кашык каймакмайды кошосуз. Аралашманы бетке 15-20 мүнөткө сыйпап жууп салсаңыз, териңиз кургабай нормалдуу боло түшөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Жүзүм.
Бетте так сыяктуу ар кыл чекиттер пайда болгондо аны кетирүү үчүн ушул маска натыйжалуу болуп саналат. Ал үчүн 50 г жаңы сыгылган жүзүм ширеси менен ушунча көлөмдөгү сүттүн аралашмасына кебезди былчылдата суулап, бир катар кылып бетке коюп чалкалап жатуу керек. Үстүнөн сүлгү жаап алсаңыз маска натыйжасын андан да көбүрөөк берет. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди жуубастан кургатасыз да, крем сыйпап аласыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бий алма.
Бышкан бий алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, марля аркылуу ширесин сыгып аласыз. Анан аны кебез менен бетиңизге сүртүп койсоңуз, теридеги сепкилдер кетет жана бет агарат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Клюква.
С, К витаминдерине бай болгон үчүн клюква бетке жандуу көрүнүштү берет жана адамды сулуу көрсөтөт. Мындай максатта пайдаланууну кааласаңыз, 6-7 даана жаңы бышкан клюкваны эзип 1 чай кашык бал жана 1 чай кашык йогурт менен аралаштырасыз. Пайда болгон массаны таза жуулган бетке тегиз жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Эскертүү: муну көздүн айланасына сыйпоого болбойт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Капуста.
Блендерде майдаланган капустадан идишке 1 аш кашык салып, ага 1 аш кашык майда туздан кошосуз. Таза жуулган бетиңизге аралашманы жай массаждоо аркылуу коюп 3 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп жиберсеңиз, шишик тартып турган бет калыбына келе түшөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Колго маскалар
Жумуртка.
Колдун бырыштары билинип, муну менен катар анын терисин так сыяктуу чекиттер басып кетсе кийинки масканы жасаңыз. Уктаар алдында 1 жумуртканын сарысы менен 1 аш кашык балды, 1 чай кашык сулу унун аралаштырып эки колуңузга сүйкөңүз. Анан материалдан жасалган мээлейди кийип жатып алсаңыз, эртең менен колдоруңуз өзүнө келе түшөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бал.
Бал маскасы колду жумшартат жана анын терисин назик сапатка ээ кылат. Ал үчүн 15 г балга 25 г оливка майын, жумуртканын сарысын жана бир нече тамчы лимон ширесин кошосуз. Муну колго сыйпаган абалда кебезден токулган мээлей кийип жатып алып, эртең менен карасаңыз колдоруңуз тиешелүү сапатка келип калган болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Картошка.
Эки даана сууга эзиле бышкан картошканы жылуу кезинде эзип, ага жаңы сүттөн бир аз куюп бирдиктүү масса пайда болгудай деңгээлге чейин аралаштыруу керек. Андан кийин ушул аралашмага муздаганга чейин колдорду матыра салып отурсаңыз, колдогу бырыштар кетет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Глицерин.
Катуу, жагымсыз абалга келип, териси түлөп түшүп жаткан колдорду төмөнкүдөй жол менен калыбына келтирүүгө болот. 1 чай кашык кадимки медициналык глицеринди 1 чай кашык бал, 2 аш кашык суу жана 1 чай кашык буудай уну менен жакшылап аралаштырасыз. Анан 20-25 мүнөткө эки колго сыйпап отуруп жылуу сууга жууп салуу зарыл.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Быштак.
2 аш кашык быштакка 1 аш кашык сүттү жана бир нече тамчы өсүмдүк майын кошуп, бирдей массага келтирип колго жаап 15 мүнөт отуруу керек. Андан кийин жылуу сууга жууп салса, ал колдун терилерин жумшартып, ага жагымдуу түстү тартуулайт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Майлуу тери үчүн маска:
Алчанын ширесин сыгып алып, ага катталган марлини салып, сиңирип туруп, бетиңизге 20 мүнөт жабыңыз. Андан соң салкын суу менен бетиңизди жууп салыңыз.


Майлуу жана нормалдуу тери үчүн маска:
Алчанын ар башка сабагынан бирден 3-4 тоголок алыңыз. Ага ошол эле өлчөмдөгү кулпунай жана малина кошуп, эзип ботко кылыңыз. Андан соң 2 чоң кашык аралашмага жарым чоң кашык каймакмай жана айран кошуп, аралаштырыңыз. Даяр болгон масканы бетиңизге жаап 15 мүнөт коё туруңуз. Убакыт өткөн соң бетиңизди үй температурасындагы суу менен жууп салыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бетти тазалоочу маска:
6-7 чоң алчаны тазалап туруп эзиңиз. Ага 10 тамчы лимон ширесин жана 2 чоң кашык кычкыл сүт кошуңуз. Аралашманы бетиңизге жука жаап, 15 мүнөттөн кийин салкын суу менен жууп салыңыз. Эгер бетиңиз кургак болсо, лимон ширесин кошуунун кажети жок.


Кургак тери үчүн маска:
1 чай кашык календуланын майдаланган гүлүн жарым стакан сууга кошуп жай отко кайнатыңыз, анан кайнаган суюктукту 1 саат муздатып коюп коюңуз. Ага алчанын эзилген боткосунан жана өсүмдүк майынан бир чоң кашыктан кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетиңизге текши, жука кылып жабасыз. Анан 10 мүнөт өткөндөн кийин бетиңизди кайнатылып, тундурулган жылуу суу менен жууп салыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Помидор маскалары
Жумшартуучу маска:
Өтө чоң эмес жаңы помидорду эзип, ага бир чоң кашык майлуу быштак, сүт жана 1 чай кашык күн карама майын кошуп аралаштырыңыз. Аралашмага бир чымчым туз да кошуп коюңуз. Аралашманы бетиңизге 15 мүнөт коюп, убакыт өткөн соң алгач жылуу, андан кийин муздак суу менен жууңуз. Майлуу тери үчүн маска: Орточо помидорду кыргычтан өткөрүңүз. Ага буудай унунан бир чоң кашык, лимон ширесинен 1 кичинекей кашык кошуп, жакшылап эзиңиз. Анан таза жуулган бетке 15 мүнөт коюңуз да, андан соң салкын суу менен жууп салыңыз.

Нормалдуу тери жана сулуулук үчүн маска:

Өтө чоң эмес помидорду кыргычтан өткөрүп, ага 1 жумуртканын сарысын жана ошол эле өлчөмдөгү сулу унун кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетиңизге 10-15 мүнөт кармаңыз. Анан алгач жылуу, кийин муздак суу менен жууп салыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Түлөгөн жана сезимтал тери үчүн маска:

Орточо өлчөмдөгү жаңы, катуу помидорду тегерекче кылып туурасынан бир нечеге кесиңиз. Кесилген помидорлорду бетиңизге жана мойнуңузга жаап 15 мүнөт чалкалап жатыңыз. Андан соң кайнап, муздатылган суу менен жууп салыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Кулпунай маскалары
Азыктандыруучу маска:
2 чоң кашык эзилген кулпунайга 1 чоң кашык майлуу быштакты кошуп аралаштырыңыз. Анан бетиңизге жука, текши кылып жаап 15 мүнөт коюңуз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз.
Майлуу терини тазалоочу маска:
Бир нече кулпунайды таза жууп алып, ботко кылып эзип, бетиңизге 10-15 мүнөт жабыңыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул масканы колдонгон соң бетиңиз сыйда жана жагымдуу болуп калат.
Бардык түрдөгү терилер үчүн маска:
Жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө кулпунайдын ширесинен тоңдурулган муз өтө пайдалуу. Бул үчүн кулпунайды бүдүрүн калтырбай жакшылап эзесиз да марля менен ширесин өзүнчө сыгып аласыз. Анан ал ширесин муздаткычтын калыптарына куюп тоңдуруңуз. Андан соң тоңгон муздар менен бетиңизди сүртүп туруңуз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Терини жумшартуучу маска:
2 чоң кашык кулпунайдын эзилген боткосуна 1 чоң кашык сүт жана 1 чай кашык бал кошуңуз. Даяр болгон аралашманы 10 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз.
Өрүк маскалары
Майлуу тери үчүн маска:
3 даана өрүктү кыргычтан өткөрүп, ага бир жумуртканын агын кошуп аралаштырыңыз. Андан соң 20 мүнөт бетиңизге жаап, салкын суу менен жууп салыңыз.
Түлөгөн тери үчүн маска:
1 чай кашык өрүк майын 1 жумуртканын сарысына аралаштырыңыз. Даяр болгон масканы бетиңизге жаап, манжаларыңыз менен укалап сүртүңүз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз.
Терини азыктандыруучу жана жумшартуучу маска:
2-3 даана өрүктү кыргычтан өткөрүп, андан соң ага бир чоң кашык сүттү аралаштырыңыз. Даяр болгон масканы бетиңизге 15-20 мүнөт коюп, анан жууп салыңыз.
Сезимтал жана күнгө күйгөн тери үчүн маска:

3-4 өрүктүн кабыгын аарчып салып, өрүктүн өзүн кыргычтан өткөрүңүз да жакшылап эзиңиз. Ага 1 чоң кашык оливка майын кошуп, даяр болгон боткону 10-15 мүнөт бетиңизге коюңуз. Андан соң жылуу суу менен бетиңизди жууп салыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 07 Февраль 2014 - 18:15

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Feijipiao   07 Февраль 2014 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бетти жумшартуу учун балдан жасаган масканны дагы колдонууга болот;жумуртканын сарысын эзип,ага бир чай кашык бал,бир чай кашык глицерин кошот.Анан бул аралашманы бетке жукараак кылып сыйпайт,10-15 минут откондон кийин жылуу суу менен жууп салуу керек

Уйдо жасап ала турган нерселерден бадырандын тундурмасын колдонууга болот:бадырандын устуно арак куюп,бир аздан кийин аны майдалап кесет,анан ошол эле арактын озуно 7кунго чейин салып коет.Андан кийин аны сузуп алып,бетти суртууго пайдаланылат.



Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   gyly.ulan   11 Февраль 2014 - 12:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 16 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2018 21:12

Саламатсыздарбы ит мурундун пайдасы жонудо айта аласызбы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   gyly.ulan   11 Февраль 2014 - 19:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 16 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2018 21:12

Шабдалынын майын кайдан тапсам болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   aijan   13 Февраль 2014 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения gyly.ulan (11 Февраль 2014 - 19:18) жазган:

Шабдалынын майын кайдан тапсам болот?

Аптекада сатат, арзан эле болот.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: