Кыргыз жерим эң сонун!
Кыйласынан Ош сонун!
Ош - менин туулган жерим Сени менен кошо азаптамын...
#22 01 July 2011 - 12:30
[quote name='honey' date='01 Июль 2011 - 10:39' timestamp='1309495174'
post='513151'
]
Кыргыз жерим эң сонун!
Кыйласынан Ош сонун!
[
Туура айтасыз сизге кошулам!! !
Кыргыз жерим эң сонун!
Кыйласынан Ош сонун!
[
Туура айтасыз сизге кошулам!! !
Аябай бактылуумун жана туболуко бактылуу болом!!!Инша Аллах....
#23 16 July 2011 - 21:01
ЭМИИ КАНДАЙ ДЕСЕМ, КЫРГЫЗДАР МЫКААЧЫ ДЕЛЕ ЭЛ ЭМЕСПИЗ, ЖОНОКОЙ УЧУРЛАРДА БИЛИНБЕГЕНИ МЕНЕН ООР КЫРДААЛДА БИР ТУУГАНДАЙ КОРУП КАЛАБЫЗ ГО БИРИ БИРИБИЗДИ,ОШОНДОЙ УЧУРЛАРДА ЭН ЫНТЫМАКТУУ ЭЛ БОЛУП КАЛАБЫЗ,МИСАЛЫ ОРУСТАР ПУТИНДИ КЕТИРЕ АЛБАЙ 10ЖЫЛ МИТИНГЕ ЧЫГЫП ЖУРУШУП АНДА ДА БИЙЛИК ОЗ КААЛОСУ МЕНЕН КЕТТИ,АЛАРДА КЫРГЫЗДАРДЫКЫНДАЙ ЫНТЫМАКЧЫЛЫГЫ ЖОК!!!
БИЗ БЕКЕРИНЕН КЫРГЫЗ ДЕГЕН УЛУТ ЭМЕСПИЗ,ЭГЕР БИЗДЕ АК УЙДО ОЛТУРГАН КЭЭ БИР ШУМШУКТОР ОНОЛУП,МАМЛЕКЕТТЕГИ ЖУМУШСУЗДУКТУ ЖОЮП,СТАБИЛДУУЛУКТУ ОРНОТУП КОЙСО ЭЛЕ ЭЛИБИЗ ОЗУ МЕНЕН ОЗУ ОНУГУП КЕТЕ БЕРЕТ,ПРОСТО АК УЙДОГУЛОР ЭЭЧ БИР ТЫНЧ ИШТЕЙ АЛЫШПАЙТ ДА, БИР МУШТАШЫШКАН,
БИР УУРДАНЫШКАН,
ЭМНЕСИН АЙТАСЫН ЭЭЭЭЭЭЙ,ОШОЛОР ОНОЛСО, БИЗ КУЧТУУ ОНУГУП ЖАТКАН КАЗАХСТАНДАН ДА КУЧТТУУ ЭЛ БОЛУП КЕТЕБИЗ, ОШОНДОЙ БОЛУШУН КААЛАЙМ ЖАНА ИШЕНЕМ ОШОЛ МЕЗГИЛ ДА КЕЛЕТ!!!
#24 18 September 2011 - 11:58
Озбектерди эми эмне кыларын АЛЛАХ билет.кылган иштерин АЛЛАХка тапшырдык.июнь окуясы таптакыр эсимден кетпейт.тан калыштуу июнь окуясы башталар замат озгондо озбектер жашаган кочолор чыптага кумду салышып тосулган.бардык кочолору.окуя буткон сон да озбектердин озбекстанда мындай болуптур,ж.б.
деп кобунчо озбекстан жонундо суйлошкондорун угуп жаттым.бирок кайран кыргызыма эле оор болду.мусулман мусулманды жек корбошу керек.квартирантарды озбек окмотуда батырбадыго.
баякы эле кыйналган кыргызым.эми акыретте пайдасын корорбуж.
#25 18 September 2011 - 14:14
Ордолуу Ош шаарым менин....САГЫНДЫМГооо
Карегин жылдыз болуп жанып турса,
Журогум сагынып,зарыгып куса...
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#26 18 September 2011 - 18:11
Сактасын суук коздордон, Садагам Оштой жеримди.......
..
Ушунчалык окуном киндик каным тамган шаарымдан эрте кеткениме... .. Тез-тез барганга аракет кылам, бирок барсам эле журогум сыздайт.... ууганым кыйнайт......Ошентсе да бара берем, ошол ордолуу жерде ата-энем бар, акем, бут ата-журтум жатат... аттин арман топурак менен суйлошкон... Сагынам ошону дагы... Шаарымдын ахвалын коруп алып журогум сыздайт... Эч качан ажырагым келбейт Оштон

Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#27 19 September 2011 - 09:45
ЭМИИ КАНДАЙ ДЕСЕМ, КЫРГЫЗДАР МЫКААЧЫ ДЕЛЕ ЭЛ ЭМЕСПИЗ, ЖОНОКОЙ УЧУРЛАРДА БИЛИНБЕГЕНИ МЕНЕН ООР КЫРДААЛДА БИР ТУУГАНДАЙ КОРУП КАЛАБЫЗ ГО БИРИ БИРИБИЗДИ,ОШОНДОЙ УЧУРЛАРДА ЭН ЫНТЫМАКТУУ ЭЛ БОЛУП КАЛАБЫЗ,МИСАЛЫ ОРУСТАР ПУТИНДИ КЕТИРЕ АЛБАЙ 10ЖЫЛ МИТИНГЕ ЧЫГЫП ЖУРУШУП АНДА ДА БИЙЛИК ОЗ КААЛОСУ МЕНЕН КЕТТИ,АЛАРДА КЫРГЫЗДАРДЫКЫНДАЙ ЫНТЫМАКЧЫЛЫГЫ ЖОК!!!
БИЗ БЕКЕРИНЕН КЫРГЫЗ ДЕГЕН УЛУТ ЭМЕСПИЗ,ЭГЕР БИЗДЕ АК УЙДО ОЛТУРГАН КЭЭ БИР ШУМШУКТОР ОНОЛУП,МАМЛЕКЕТТЕГИ ЖУМУШСУЗДУКТУ ЖОЮП,СТАБИЛДУУЛУКТУ ОРНОТУП КОЙСО ЭЛЕ ЭЛИБИЗ ОЗУ МЕНЕН ОЗУ ОНУГУП КЕТЕ БЕРЕТ,ПРОСТО АК УЙДОГУЛОР ЭЭЧ БИР ТЫНЧ ИШТЕЙ АЛЫШПАЙТ ДА, БИР МУШТАШЫШКАН,
БИР УУРДАНЫШКАН,
ЭМНЕСИН АЙТАСЫН ЭЭЭЭЭЭЙ,ОШОЛОР ОНОЛСО, БИЗ КУЧТУУ ОНУГУП ЖАТКАН КАЗАХСТАНДАН ДА КУЧТТУУ ЭЛ БОЛУП КЕТЕБИЗ, ОШОНДОЙ БОЛУШУН КААЛАЙМ ЖАНА ИШЕНЕМ ОШОЛ МЕЗГИЛ ДА КЕЛЕТ!!!

Жалаң чоң тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү! !!
#28 19 September 2011 - 13:49
Мен деле оордолуу Ош шаарында торолгом. Ош шаарында тамтам баскан бала чагым, биринчи окуучулук кунум, эн алгачкы кыз менен жолугуушум откон десем жанылышпайм.
Ош шаарын укканда эн биринчилерден болуп менин коз алдыма балалыгымдин элеси келет. Арийне азыр жер которуп ал шаардан алыста жашасам дагы, баарибир ал шаар мени озуно тартып турары чындык. Бала кезде эмнелер гана болбойт. Кочодо конулуно жаман нерсе салбаган, кичинекей 5 жашар бала ойноп жатса "Бул бала Нарындык"
- деп болуп коюп, ал бала уйго чуркап барып "Апа мени балдар Нарындыксын деп кошпой жатат, эмнеге биз Оштук эмеспиз" - деп ыйлаган кундор дале ошол баланын эсинде. Бирок конулу ошол кезде ооруса да, Ош шаары анын журогундо чон оорун ээлери кумон туудурбайт.
Достордун арасында озбек улутундагы жакын досторум деле аз эмес болчу. Алар менен бир туугандай болуп, алышып беришип откоргон кундор эске тушсо чыныгы балалык достук ошо экен деп ойлойт экенсин. Коп отпой каргашалуу 90 жылдар Ош шаарын каптап калды. Бирин бири тушунбостук,
тирешуулор аягы чон тополонго айланышы катардагы жонокой адамдарды бири бири же корууго алып келди. Ата-энем тополон Ош шаарында эле болуп жатат го деп ойлойп, Озбекстанга чектеш 70 % калкы озбек болгон, Араван шаарындагы бир айылдагы досторунун уйуно бизди алып барып коюшту. Ошол кундор дагы деле журогумдон такыр очпойт. Ал элестер туболук журогумдо калары чындык. "Озбектер келе жатат" - деп жер толоодон жер толого жашынып, талаадан талаага качкан кундор коз алдыма кечо болгондой суроттолот.
Беш жашар бала озбектер келип мууздап кетет деген нерсени тушунбосо керек. Тунку уйкусун бузуп "бол эле, бол кийин качтык" - деп байкемдин ойготкон уну азыр кээде уктап жатканда угулбаса экен деп корком. Ошол ачуу кыйкырык менен айтылган ун эч качан унутулбайт го. Ошол кундор кыргызымдын башына тушпосо экен деген тилек таш кабып 20 жыл айланып кайра кайталанды.
Уландысы бар....
Уландысы бар....
#29 19 September 2011 - 14:06
Шылтоо гана таппай турам, Ошко эч кур десе 2 кунго барып келсемби деп. Шериктер да чыгыватат, шылтоо гана жок, шылтоо!
#30 19 September 2011 - 17:13
Шылтоо гана таппай турам, Ошко эч кур десе 2 кунго барып келсемби деп. Шериктер да чыгыватат, шылтоо гана жок, шылтоо!
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#31 19 September 2011 - 17:20
#32 10 October 2011 - 14:57
Мен учун Оштон откон кооз шаар жок . Ошто откоргон ар бир кунум мен учун бакыт.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#33 15 December 2011 - 22:48
Менин да балалыгым да ОШто откон,ОШту ушунчалык сагындым.Мектебимди,
кошо чонойгон досторумду сагындым.Особенно озум оскон районду(Драм театрдын айланасы,Гагарин мектебин,Дельфин бассейнин,Токтогул паркын,анан да Гор.больницанын базарчигин).
Эстеп алып,азыр эле кетким келип кетти...
#34 20 March 2012 - 06:03
Киндик каным тамбаса да тырмактайыман чонойдум деп Ошту жакшы кором.Акбуураны бойлой баскан кандай гана керемет...эхх сейдана жыттуу Ошум!Сенде бир башкача жылуулук бар.Оркундой бер,гулдой бер!
#35 28 March 2012 - 20:35
Ош. Бул биздин гана ОШ. Менин балалыгым Ош областына караштуу айылдардын биринде отсо, эн сонун студенттик кундорум Ош шаарында отту. Ошон учун ал биздин шаар,биздин Ош,биздики гана кыргыздардыкы
#36 29 March 2012 - 10:53
Ынтымакты достук менен бекемдеп,
Ата бабам Ошту келген мекендеп, -эх кандай соонун ыр саптары....... .....
Ата бабам Ошту келген мекендеп, -эх кандай соонун ыр саптары....... .....
Балам бактым-балам базарым!
#38 17 April 2012 - 14:48
Эльвираанда бизге жумушка жаңы келген учур эле, "Ошко ким барат?"десе экөөбүз тең биз дептирбиз. Ооба, кайгылуу окуяны калайыкка кабарлоо үчүн жөнөп кеттик Ошко. Ошол учур көз алдымда дале кетпейт. Бизди көргөн адамдар "жаныңардан тойдуңарбы?
деп суроо салат. А Эльвира экөөбуз таң калабыз "эмнеге жаныбыздан тоюшубуз керек?" деп. Азыр эстесем түштөн кийин чочулоо жаралат. Түнү менен жол жүрүп Ошко келдик. Бизди алып келген таксист да улам эскертип жатты “кыздарым, абайлагыла” деп. Облустук ооруканага түшүп калдык. Биринчи эле кадамыбыз оорукана болду. Онтогон оорулуулар,
күйүк, дене-башы көгөргөн,жарылган,
айтор, биз адабияттан окуган же азыр да көрүп калчу баягы 41-жылкы согуштай абал эле. Жарадарлар жана да жарадарлар.
Чынында онтогон оорулуулардан эмне болду деп суроонун өзү кыйынга турган. Көрүптурабыз эмне болгонун. Өзбеги да, кыргызы да, башка улуту да жатат онотолоп жансоогалап.
Бир бөлмөгө баш бакканда жүрөк тилинчү кейиштүү эки бейтаптын тагдыры экен. Денесинин 90 пайызы күйгөн аялороо-чулгоодон ооз ачалбай көзүнөн жаш кылгырып жатты. Жанындагы уулу калп айтпасам 7-класста окуса керек эле. Ал да чоло жери жок күйгөн. Уулу окуяны мындайча баяндаган: “биз машинада баратканбыз,
бир убакта жоон топ келип машинаны токтотуп талкалап кирди. Сыртка чыга качканыбызда арматура менен сабап башташты. Жанталашып качып баратсак үстүбүзгө бензинден жаба куюп өрт коюп жиберди...”.
А эне байкуш ошол абалда жатып да “кой,балам,
эч нерсе айта көрбөчү, балким алар дагы бир нерсе бизге кылышпасын.
..” болду. Андан ары жолубузду улаган элек, жоголгон жакынын издегендер,
окуяны төкпөй-чачпай баяндаган шаардыктар.
Өрттөлгөн имарат, жансыз дене.... Кыскасы тири укмуш көрүнүш. Облустук администрациянын алдына келгенибизде жалаң чет элдик журналисттер жүрөт. Тескерисинче,
кыргыз ММКларынын карааны көрүнбөйт. Керели кечке кыдырып жүрүп кеч киргенин да байкабапбыз,
мэриянын алдындагы аскерлер “саат 7ге чейин шаардан чыгып кеткиле, биз курал-жаракты элден тартып алабыз. Азыр коркунуч көп”дешти. Ошентип экөөбүз эптеп бир машина таап Өзгөндү карай бет алдык. Айдоочу аялы менен экен, машинасынын айнеги жок. “Эмнеге айнегиниз жок?” деген сурообуздан узун узак баян башталган ошондо... Окуя барып эле Ошкоогалаңына такалган.
Өзгөнгө жеттик. Жатарга жер таптык. Өзгөн тынч көрүнгөнү менен, жолдорду бөгөттөп, жаап алгандары коркунуч туудурбай койгон эмес. Баягы кайгы менен күлкү бир жүрөт деген чын белем. Биз түнөгөн жердеги өзгөндүк туугандардын “өзбек менен кыргыз силерде куралдар көп болсо керек э деп сүйлөшүп калдык” дегени бир чети күлкү жаратса, бир чети таңкалууну жараткан эле.
Өзгөн тууралуу кеп болгон соң 20 жыл мурунку окуяны эстеп кеттим. Жай айы болчу, бешке чыккан бала согуш эмне экенин билет дейсизби ошондо. Бир убакта эле көчөнү жаңыртып “кокуй, баш кесип келатат, качкыла калайык” деген сөздөр желдей жортту. Селкинчекте бейкапар ойноп отургам. Апам чуркап келип мени көтөрүп,айтор, үйдүн ичи ызы-чуу түшүп калдык. Кай жакка качабыз? Ушул суроо көпкө түйшөлттү. Чоң атам үй кайтарып калды, атам айылдаш кишилер менен башына кызыл жоолук байланып, союл көтөрүп кетти кайдадыр. Чоң энем, апам, бир туугандар, коңшу-колоңдор болуп бизден алда канча оолак, мен өмүрү көрбөгөн адырды көздөй бет алдык. Чоң энемдин жонуна минип алып баратам, улам курсагым ачты, суусадым деп коем. Бир убакта көзүмдү ушалап уйкудан турдум. Эл жык-жыйма үймөлөктөшүп отурат. Апа, нан жейм, суу ичем. Дагы менин ырым башталды. А айылдагылардын ыйы “Кудайым ай, балдар аман болсо экен, эркектерибиз эмне болду? Өзбек-кыргыз урушу кайдан чыкты?” деген жоопсуз суроолор менен алек экен көрсө. Ошентип күн кечке чейин жашырынып отурдук. Дагы уйкуга кеткен экем,ойгонсом бир үйдө отурабыз. Ысык нан, анан тамак турат. Нанды жеп баштаганда “эми биз баралы, Раат, рахмат сага” деген чоң энемдин сөзү болду. Атам келип калыптыр “тентек кызым турдуңбу, азыр үйгө барганда тамак жейбиз” деп шап көтөрдү мени. Мен болсо эт жейт элем, кабырга меники болчу деп ыйлактадым. Ошол үйдөгүлөрдүн баары күлүп колума эт карматышты. .. Мына беш жаштагы менин эсимде калган окуя.
Мен биринчи класска барып калган кез. Бир күнү үйгө бир жак көзү жабык киши кирип келди. Аны көрүп бакырып эле төргө чыга качтым. Өпкө өпкөмө батпай ыйлап кирдим коркконумдан. Үйдөгөлөр мени жемелеп калышты. “Мен сенин аяш атаң болом, кызым, коркпо. Менин да сендей кызым бар. Көзүмдөн коркуп жатасыңбы, атаңдын көрү ошол күнү кайдан да базарга бара калдым десең,Калык. Өзүм менен эле бирге иштеген өзбек инилерим тракторго сүйрөтүп минтип бир көздөн айрылып жаш балдардын жүрөгүн түшүргүч болбодумбу” деп үшкүргөндө гана эсиме келдим, эстедим. Бектемир аяш атоу деп калдым...
1990-жылы Ош коогалаңында иним төрөлдү. Элибиз аман болсунчу, ушул жигит элин коргосунчу деген ниетте Эржигит деп коюшту атын. Ал эр жетти, 20га чыкты. 20 жылдан кийин кайра ошол окуя кайталанып жатпайбы. Ошол учурда иним Ошто эле. Анын айтып берген окуясын чоң атамдын фашисттер менен согушкан окуясынан айырмачылыгы аз эле экен...
Колума Өзгөндүк бир акын эженин китеби тийди. Ошко арналган бир жакшы ыры бар экен, жазып кетейин,алдын ала айтарым улутка бөлүү эмес жөн гана мааниси терең ыр саптары экен.
Оо, Ошум онтогонуң угуп жаттым,
Өрт каптап, кара түтүн кетипшаштың.
Ооматың жүрүп келген канча кылым,
Эй, акмак, өрттөгөндөн эмне таптың?
Коногум, канча кылым тузуң таттың,
Урпак улап, жашадың ачып бактың.
Кас болуп, калкты кара түтүнгө ороп,
Кан жуткур, кайгырткандан эмне таптың?
Кайран Ош, кандай кооз жерим элең,
Кайгырып, кара түтүн ыштууденең.
Капкалуу шаарыма жаным курман,
Кайрат кыл, кантмек элек дээр элем.
Көтөр башты, кайрат кылып эркиңе кел,
Өрттөгөнсүң коогалаңды эчен-эчен.
Сырттан күч, туу сайбасын куттуу тоого,
Курчангын куруң дайым болсунбекем!
Сулайман тоо, кайгы тартып жашыбачы,
Бир тентек чагым чагым жаза басты.
Акылгөй балдарың бар жашың аарчыр,
Аларды батаң менен калкалачы.
Бүлүңгөн жериңди бүт тазалайын,
Бүлүтнкөндү сөз менен жазалайын.
Бүрдөгүн бүчүр байлап кайрадан Ош!
Бүлдүркөндөй мөмөлөп жаша дайым!!!

#39 18 April 2012 - 20:50
Эльвира анда бизге жумушка жаңы келген учур эле, "Ошко ким барат?"десе экөөбүз тең биз дептирбиз.
Бурул, сен эң туура белгилепсиң, чочулоо сезими кийин гана пайда болду. Эмнегедир Оштон элдин баары безе качса, биз материал деп Ошко кирип бардык. Жолду катар эсиңдеби, канча жолу посттон өткөнүбүз, айрыкча бир жашыраагы автоматын мээлеп айнектен баш бакканда... Мылтыкты көптөн бери көрбөгөн жаным кыйла сүрдүү болгон.
Анан Фуркаттан баштап өрттөлгөн үйлөр көрүнө баштады, негизи биринчи талкаланган кафени Жалал-Абаддын кире беришинен кезиктиргенбиз. Ооруканадан түшүргөндө, Ошко келгениме, өрттөнгөн, күлгө айланган, көчөсүндө бир адам жок ушул жайдын Ош экенине ишенгим келбей турду. "Жок, бул Ош эмес" деп бакыргым келген. Баштыктарды түшүрдүк да, мен бизди жолуктурчу адамды утурлай оорукананы көздөй бастым. Бурул фотоаппаратты колго алды да, Фуркаттагы үйлөрдү көздөй жылып кетти. Мен улам карайм, Бурул алыстап кетпесе экен деп, жалтаңдап... Аңгыча күткөн киши да келип калып, бизди ооруканага ээрчитип кирди.
Биз биринчи оорукананын башкы врачына кезигип, кыска убакыттын ичинде интервью алдык. Кийин гана палаталарды аралай баштадык. Мен ушунда гана чыныгы коркунучту сездим, тагыраагы коркунучтун жүздөрү менен кезиктим. Түрдүү жаракат алган адамдарданы жанына барып, атыңыз ким, кандайча, кай жерден жарадар болдуңуз, сизди токмоктогон, аткан ким экенин эстей аласызбы, ушул өңдүү суроолорду жаадырдык. Негизинен суроо менен диктофонго Бурул кожойке болсо, мен сүрөт шыкылдатып жаткам.
Бул учурларда биз жөн гана окуяга аралашып кеттик. Ким, эмне, кандай, себеби барбы, албетте бул суроолор түйшөлттү, ойлонтту, бирок бир саамга да тыным албай, жүрүп отурдук. Кийин филармонияга, Оштун коопсуз көчөлөрүн аралап, бул аралыкта бизди жолуктурган адам көп нерсени айтып берип жатты. Анан мэрия. Эсиңдеби, бир да дүкөн таппай, экөөбүз суу таппай, акактаганыбыз. ..)) Күн болсо куйкалап турат. Чиркин, Ошко барып, ачка келиптир деген сөз, жаңы төрөлгөн ымыркайга айтсаң да ишенбесе керек керек ээ?
Эки айдан кийин Ош окуясына эки жыл болот. Ылайым, кайталанбасын деп тилейм. Үчүнчү жолкусун баштан өткөрүүгө жүрөк чыдабаса керек. Билбейм, мен өтө жакын кабыл алдым ушул окуяны. Биринчисинде Ошто калып кетсем, экинчисинде жумуштун мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, Ошко жетип бардым.
Качандыр бир кезде сөзсүз Ошто жашагым келет.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#40 19 April 2012 - 09:44
Ооба,чынында ар бир адамзаттын журогуно кетпес так калтырган, уройду учурган окуя болду. Жерибизде мындай нерсе кайталанбашын,
элибиз биримдикте,
ынтымакта жашоосун тилейбиз, энелердин ко3 жашы тогулбосун,
балдарын жоготуп чыркырабасын.
Жергеби3де тынчтык, бейкуттук орносун, наристелердин кулкусу кана жанырып турсун.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.

Супер-Инфо
super.kg
видео