Мени тайкем тибет кызга уйлонгон.Алар жакта эшек аябай аз экен уйдогу инимдин эшекинин жанына туруп алып аябай суротко тушкон.
Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
#482 29 Апрель 2014 - 12:59
Эртеден бери окуп алып аябай кулдум. Озумдун эстегенимди да жаза кетейин. Жаны Келин болуп барганда элдин баары тамак жебесе, мен тескерисинче аябай тамак урдургам да, тамаксоо жаным. Шаардан барганча курсак ачты да, мен болсо жоолук салаары менен отура калып боорсок жей баштагам да. Бир убакта куурдак келди, мен болсо урдуруп жатам, жанымдагы подружкамды карасам созулуп отурат. Ай тамак жебейсинби созулбай деп коем дагы. Соонун кылып форель кууруп коюшуптур. Эки колдоп Кирип алгам да. Азыр эстесем кулкум келет.
#483 11 Май 2014 - 20:51
Ой ой ой укмуш укмуш бооорум эзилди.урматтуу женешкалар ылайым эле бактылуу омур сурунуздор.
..дагыда жазып турсаныздар.

#484 12 Май 2014 - 04:30
#485 18 Май 2014 - 10:51
Ой оооооой ушул темага маанай чогууп олтурганда кирсен оллло жыргайтат ко ыйлагыча кулдуруп олло сонун ачылган тема.Бар болгула женелер.Бат баттан жазып турунуздар.
#486 19 Май 2014 - 10:45
Биздин Жикитай еже кайда журду екен наристесин жыттап еле отурат болуш кере. Келипбир ушул теманы поп кылып жиберсе екен
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#487 21 Май 2014 - 14:13
Сен тундуктон окшойсун тушунбогонуно караганда, окшоштуруп деле тушуно бер да анда мен которуп берейин "Мен тан эрте туруп короону шыпырып, карангы болгондуктан кандай шыпырылганын деле билбейм, кийин жарык тушкондо куйоомдон сурап койом таза эле болупбу деп".
#488 21 Май 2014 - 14:15

Tushunbodum sozdun maanisine,eki uch syira okup chyktym.

#489 21 Май 2014 - 14:30

дагын бир кызык кошунабыздын келини озбек Чалыш болгондуктан Жаны келгениде эшик шыпырып бутуп мусор алайын деп мусур челек (Чака)издеп жатып кайненесинен пакыр Кана пакыр десе кайненеси жини келип оона соорудо отурат деп кабагын буркоп жооп бериптир ал да мага окшоп ойунда эч нерсе жок эле суйлоп алыптыр кайнатасын атын эсинен чыгарып

#490 21 Май 2014 - 14:42
#491 21 Май 2014 - 15:04

кызык тема экен,Келиндин келгендегиси эстен кетпейт деп бекеринен айтылган эмес да менин алакачып барган учунбу жаны келин болуп барганда кайненем мага озунун чон жемпирин,эски койнок кийгизген, койногун кийин кайнежем меники болчу деп алып койгон.Менден кийин келген келиндерине кийеер койногун атайлап базардан сатып келсе жаман болгонумду айт.Азыр эстесем кыжырым келип кетет.

#492 21 Май 2014 - 15:20

Келин болуп барганыма эки уч кун болсо керек жайда обетте созссуз баары эс алат мага дагы табылбай эле турат да мен дагы кирип уктап калыптырмын .Кайнежем уйго келе жатса кошуна кыздар женебизди корсотунчу таанышып сынап чыгалы деген экен баскыла деп уйго келсе тыынч баарыбыз уктап жатабыз ии укташып жатышат экен эс ала берсин чай ичкиле баскыла десе . Болушпайт экен да уктаганын эле королу уйуно кирип дешип киришсе эле мен конурук тартып уктап жатыптырмын да . Азыр дагы эстесек кулобуз

#493 22 Май 2014 - 20:38
#494 23 Май 2014 - 11:42
кайын журтум чон уй - було, ошондуктан нанды озубуз жууруп жасайбыз. жаны барганда камырды ушунчалык берилип жуурудум, нанымдын кебетеси абдан сонун болду, оозго алаганда эле - камырга туз кошууну унутуп коюптурмун.
#495 23 Май 2014 - 22:48
Менин турмушка чыкканыма 8 ай болду.озубуз шаарда турабыз. Тойдон кийин куйоомдун туугандарыныкына айылга барып калдык ал жакта 2 кун тургандан кийин кетелик десек куйоомдун аябай бир шарактаган тагасынын аялы бар экен. эмне аялны аяп жатасынбы. бизге манты жасап берсин тагаларын келин манты жасасын деп жатат десе.куйоомда жасап берип койчу деп калды.Ошентим мантыга кириштим башында баары эле окшошуп жатты озумдун апам кандай кылса ошентип эле кылып жаттым.туйум.
манты казанга салып асып койдум да сааты карап койдум 12:20. саат бирде алат экенмин да деп идиш табагымды жууп майда чуйдо иштеримди кылып жатткан карасам саат 13:10 болуптур карасам бышпайт саат 2 болду бышпайт 3 болду бышпайт. анан таженебиз мантын эмне болду дейт бышпай жатат десем басчы карайлы дейт карып карасак мен жанагы очуп жанган плиткага асып койуптурмун.
ошол учун ичиндеги эт, картошкалары чала эле бышып бышпай калыптыр. Анан мейли эми жейберели силерда шашып жатасынар деп мантыны салып келдик. келип баары эле бирден алып жебей койушту. Анан кайненем байкуш иии аябай сонун ширин манты болуптур деп эн кобун кайненем жеди билип турам ширин болбогонун.
Мени соороткону да ал. Анан куйом кеттик кийин дегенде артымды карабай качтымго машинеге олтурарыбыз менен жарылдым онгуроп кайненем болсо эч нерсе болбойт. омур бойу эстейсин деп сооротушкан.
#496 24 Май 2014 - 00:09
Мен Россияга иштер менен кетип улуу акамдын уйлонуу тойуна катыша албадым. Уч ай журуп келдим. Алар Бишкекте иштеп,окуйбуз деп кетишкен экен. Айылда журдум телефон менен эле суйлошуп койуп. Жакында Бишкекке барып келдик. Атамды туугандар куда барасын деп чакырышкан экен,атам мени машинаны айда, акендер менен учурашып,женен менен да таанышып келесин деп калды. Ошентип биз келдик Бишкеке. Женем арыкчырай татына, оокатка тын экен. Биз бир апта журуп калдык. Женем 5 жашар синдисин жанына алып алыптыр, себеби акам опер болуп иштеп кеч келет,кээде келбей калат, жаныма караан болсун деп.Бизди аябай сыйлап, тыпылдап чуркап эле журду, женем мага жакты. Атамдар кудага барып келишти,дагы бир акам(атамдын укасы)менен келди тойдон. Эртен биз менен чогуу кетет деп.Эртеси эрте турсам женем чай даярдап койуптур, эрте чыгалы деп атканбыз жолго. Чайыбызды ичип бата тилеп жолго камынып калдык. Синдиси Сауле ары бери ойноп жургон. Атам ваннада жайылып турган марли чупурокту алып эле кушулдоп бышылдап туфлисин суртуп кирген. Биз баарыбыз сыртка чыкпай коридордо турдук эле. Бир убакта Сауле : - Сиз жиндисиз го, алдыгыны Айка эжем чочо....на салат деп кыйкырса боло. Атам суртуп аткан жеринен кызарып туруп калды. Женем шуу кухняны коздой жоноду. Биз сыртка шаштык. Атасынын баласы айе деген боюнча атам жоноду. Акам женеме бирдеме дегени кирип кетти окшойт. Акам атамдын укасы куло берип эси ооп калды. Бала коргонун айтып салат да деп. Акам менен чала була коштоштук да жолго сапар алдык. Жолдо кыжалат болуп келдим байкуш женем бозоруп кеткен онун эстеп. Озу негизи келиндерге кыйын эле. Эми копко чейин Бишкекке келбесек керек эми унутулсун деп. Ушундай женем менен таанышуум болду.
Байкуш келин, аябай эле онтойсуз абалда калыптырда.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#497 29 Май 2014 - 16:18
мен жаны келин болуп келгенимде уйго коноктор келмек ,авысыным экообуз даярданып атканбыз анан кустан эле женем эшиктеги лаганди алып келчи дей калбайбы чыгып кеттим кыш болчу лаган деген не экен деп эшикти аябай издедим кайра кирип сурагандан уялып.мал сарай жака барып отуруп алдым ошентип жарым сааттай жок болдум анан женем мени издеп чыгыптыр не болдун деп эмне бул жерге келип олтуруп алдын деп анан лаган деген не таппай койдум десем айабай кулган,корсо аларда табакты лаган деп кой от экен да.
#498 29 Май 2014 - 16:22
Анан дагы бир кызык азыр эстеп кулуп калабыз ошол эле авысынымдын алыс туугандары келип калды,чалдар да бар болчу арасында женем болсо бар кирип учурашып анан жугунуп чык десе ,мен болсо чалдарга деле барып алып колун кармап таза учурашып анан бери келип жугунуп койуп чыгып кеткем алар мени карап таза эстери ооп карап калышкан болчу ,сырткы болмого чыксам женем катып кулуп атыптыр не болду десем чалдардын антип колун кармап учурашбайт деп.
#499 29 Май 2014 - 16:50
менин бир женем жаны келин болуп келгенде чон энем камыр жууру,нан жасайбыз деди.Байкуш женем омурундо камыр жууруп коргон эмес экен да.Анан чоон чарага камырды салып,сууну куюп алып,аш кашык менен аралаштырып отуруптур.Аны чон энем коруп,урушуп,
мындай жасайт деп корсотуптур.
Азырга чейин ошол окуяны айтып,1 жылмайып алат
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#500 02 Июнь 2014 - 13:07
Мен да эстеп кеттим.Жаны келин болгонумда апамдын синдилери келип калышты,
кайынэнем болсо Гулай плов кыла калчы,-деди эле плов кылганы даярданып ,жатсам эжекем (Кайынэжем) мени менен кошо киришти.Жон эле койунуз десем болбойт.Кой жардам берейин,деп. Мени билбейт деп ойлодубу,айтор ,алтын эле эжекем бар да.Плов даяр болуп,элдердин алдына алып бардык.Озум сурдоп араң алып барсам,чоң кайынэжем;
Ким басып келди?,Гулай бастыбы?-деп- сураса.
Мен болсо;бутумду, карап койом.Эмнени? -деп.Даагы жооп берип койом,мен баспадым,сарай жака барбадым деп.Ошол жердегилер каткырып эле калышты.Уялып же тушунбойм.Чай куйбай эле качып чыктым.Кийин эжекем айтат;пловту сен бастынбы?-деп сурады,десе, Аиий жаман болбодумбу. Мен болсо бокту басып келген экенмин деп эшике чыгып таза эле тапичкемди тазалаганымчы......
кайынэнем болсо Гулай плов кыла калчы,-деди эле плов кылганы даярданып ,жатсам эжекем (Кайынэжем) мени менен кошо киришти.Жон эле койунуз десем болбойт.Кой жардам берейин,деп. Мени билбейт деп ойлодубу,айтор ,алтын эле эжекем бар да.Плов даяр болуп,элдердин алдына алып бардык.Озум сурдоп араң алып барсам,чоң кайынэжем;
Ким басып келди?,Гулай бастыбы?-деп- сураса.
Мен болсо;бутумду, карап койом.Эмнени? -деп.Даагы жооп берип койом,мен баспадым,сарай жака барбадым деп.Ошол жердегилер каткырып эле калышты.Уялып же тушунбойм.Чай куйбай эле качып чыктым.Кийин эжекем айтат;пловту сен бастынбы?-деп сурады,десе, Аиий жаман болбодумбу. Мен болсо бокту басып келген экенмин деп эшике чыгып таза эле тапичкемди тазалаганымчы......
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия