Мен да женемдин окуясын жаза кетейин. Женем озу уялчаак, тартынчаак, аябай назик келин. Жаны келин болуп келгенде эч эле курсагы тойбой калчу экен. Себеби байкебиз 7 бир тууган анан ата - энеси баарына тамак берип, чай куйганча башкалар тойуп калышат экен. Анан ал кызым же десе, оа тойдум деп Ааминъ кылып туруп кетишет экен. Ашканага барып деле жесем болот, озум жалгыз тамак жей албайм дейт. Анан эле жатсак курсагым курулдап жатат. Жаны куйоого тийгенге куйоомон да тартынып айта албайм дейт. Эмне болду? десе эч нерсе эшикте курбакалар окшойт деп, сыр бербейм дейт. Анан эле дагы курулдай берди эле куйоом курсагын курулдап жаткан турбайбы. Бар бир нерсе жеп ал деди эле жок жебейм десем, озу тамак- аш алып келип, мага шерик болуп жешти. Эртеси дагы тамактанып жатканбыз анан эле кайнатам ал кызым жээ десе, кайдан- жайдан айтканымды билбейм, жок жей бериниздер. Анан Канат болмобузго алып кирип берет. Биз озубузчо жейбиз деп жиберипмин. Канатты карасам эле козу алайып, чакап кетти. Эшикке минге койуп учуп чыктым. Болмобузго кирип алып ыйлап жатам. Эми мени кандай ойлошот? Келин уйру тамак турбайбы деп жаман корушот деп ыйлап жатам. Куйоом кирип келди эле мага талак берин, мен кете берейинчи. Менден келин чыкпайт экен деп, ыйлап жатам токтобой. Куйоом мени сооротуп кой алтышкам ыйлаба. Мен тушундуруп койдум. Силерден тартынып жей албай жаткан экен. Мен тамак алып кирип бердим. Озу да жебегенинен шерик болуп жешкем ошону айтайын деген болчу деп тушундуруп койдум дейт. Кайненем келип, садаган болойун тартынбай жей бер. Кимден уяласын биз баарыбыз бир уй - булобуз мага сырынды тартынбай айта бер деп конулумду которуп койду. Азыр эч кимге карабай жеп отура берем, бойумда болгонго ач коз болуп калдым. Тамактын баарын озум жегим келет. Башкалар жеп жатса жаман коруп кетем деп боорум эзилгиче кулдурду.
[/ quote]

Супер-Инфо
super.kg
видео






















Мобилдүү версия