Мен бир форумчу иниме соз бердим эле келин болсом менда ушул темага жазып кеттем деп. Ошол убадамды эстеп бир окуяны жазып кетейин. Жолдошум кобуроок камыр тамактарга басым жасайт. Айрыкча мантыны тамшанып жейт. Жаны келин болуп келгениме 15-20 кун болгондон кийин кечки тамакка манты жасайын деп камынып баштадым. Жайдын куну кун ысыкабы же организм талап кылдыбы эч ичпеген дюшес ичким келди. Муздак дюшести магазинден алдыртып тамшанып ичип койуп апам (кайын энем) менен суйлошкончо мантыны фаршына эт, ич май, пияздарды туурап баштадым. Баарын туурап буттуп туз кошуп аралаштырып майды куйдум. Май негедир суу сыяктуу шырылдап куйулду. Апама айттып койом ии апа азыркы майлар суу сыяктуу эле болуп калыптыр го десем ии кызым деп койду. Нар жакта бизди карап турган жолдошум кулуп силерде мантыга даамдуу болсун деп дюшес кошобу деди. Ошондо гана майдын ордуна дюшести кошуп салганымды тушундум. Ошондон кийин кафелерден мантты жеп калса официанттарга тамашалашып мантыга дюшес кошсонор отто даамдуу болот. Менин келинчегим ар дайым дюшес кошуп жасайт. Отто даамдуу болот деп кулдурот.
Боорум эзилди го...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия