Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
#983 02 Сентябрь 2015 - 14:38
Мен жаны келгенде уйдо баарыбыз кечки тамакты жеп олтурганбыз.
бир маалда жолдошум столдун тубунон буту м.н тийише берди. Анан мына сага деп бутун карабай эле кытыгылап анан баш бармагын кайрып койдум. Бир маалда кайненем бутун тартып алып эле кулуп жатат мен тушунбой эле столдун астын карасам жолдошум качан эле бутун тартып алган экен кайнэнемин бутуна тийипмин. Баарыбыз кулуп жатып калганбыз. Кайнэнем козунон жашы чыккыча кулгон
#985 02 Сентябрь 2015 - 14:54

#986 02 Сентябрь 2015 - 14:54

Жыргап кулдум каттураак бармагын бурап албапсызда дагы эле токтоно албай элестетип култам
#987 02 Сентябрь 2015 - 15:38
#988 08 Сентябрь 2015 - 15:25
Мен жаны келин болуп барып 3куну эшике чыга турган куну куйом жумуштары менен кеткен болчу туну келбей калган.Аябай туну менен коркуп уктай алсам кана олло коркуп же тан атпайт анан жайдын куну 4то эле жер агарат эмеспи саат4то туруп алып жасанып эшике чыгып кочого суу чача баштадым уйубуздун жанында мечит болчу уже 4то эле азан айтылганы учун айылдагы кишилер мечитке келе башташты мен суу чачып журсом баары карап карап отуп кетет анан сууларды чачып шыпыр сааты карасам 5:30 эми болуптур уйдогулор турганча жатып турайын деп кирип жаткан бойдон уктап калыптырмын турсам 9болуптур саат жер жарылбай жерге кирип кетпей олло кайын журтумдан уялганмын эшике чыктым эч нерсе болбогондой жумуштарды кылып журо бердим кечки тамака олтурсак эле кайнатам кулуп калды эрте менен кызым шашпай эле тура бер мечитегилердин журогун тушурбой омуру чачылбаган кочого жер жарыбай суу чачып аксакалдарды чочутпай деп олло уялып кийин кайда аран 7де турчумун уйку сурап анда да куйом зорго тургузчу тур деп азыр мыскылдап койот ошондо атам айтпайле койбогон экен шашпайле тур деп эртеле турушун керек экен эле деп .
-Я знаю как, я тебе отомщу!.. Я за тебя замуж выйду!
#989 08 Сентябрь 2015 - 20:08
Жаны келин болуп жургондо кайын енем мага такасы бийик туфли белек кылган сюрприз кылып ,омуру бийик кийбегенимди кайдан билсин Анан екообуз еерчишип туулган кунго бармакбыз Мага ошону кий,атайын алгам дейт Айла жок кийип алдым Кетип атып улам еле аркада калып кетем Еми елестеткиле басып баратканымы тизелерим чыгып Аракет кылсам да болбойт Аябай кыйналгамда ошондо ))
Азыр еми кийип уйронуп калдым ошодон кийин

#990 08 Сентябрь 2015 - 20:13
Мен жаны келин болуп барып 3куну эшике чыга турган куну куйом жумуштары менен кеткен болчу туну келбей калган.Аябай туну менен коркуп уктай алсам кана олло коркуп же тан атпайт анан жайдын куну 4то эле жер агарат эмеспи саат4то туруп алып жасанып эшике чыгып кочого суу чача баштадым уйубуздун жанында мечит болчу уже 4то эле азан айтылганы учун айылдагы кишилер мечитке келе башташты мен суу чачып журсом баары карап карап отуп кетет анан сууларды чачып шыпыр сааты карасам 5:30 эми болуптур уйдогулор турганча жатып турайын деп кирип жаткан бойдон уктап калыптырмын турсам 9болуптур саат жер жарылбай жерге кирип кетпей олло кайын журтумдан уялганмын эшике чыктым эч нерсе болбогондой жумуштарды кылып журо бердим кечки тамака олтурсак эле кайнатам кулуп калды эрте менен кызым шашпай эле тура бер мечитегилердин журогун тушурбой омуру чачылбаган кочого жер жарыбай суу чачып аксакалдарды чочутпай деп олло уялып кийин кайда аран 7де турчумун уйку сурап анда да куйом зорго тургузчу тур деп азыр мыскылдап койот ошондо атам айтпайле койбогон экен шашпайле тур деп эртеле турушун керек экен эле деп .
Элестетип алып боорум эзилгенче жыргап алдым.
Менде да бош убакыт болгондо жаны келин болгон кездеги кызыктуу окуялардан жаза кетем.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#991 09 Сентябрь 2015 - 11:00
Мен да жаза кетейинчи. Жаны келин болуп барганда коп эе кызыктар болгон. Жаны келин болуп баргандан 3-4 кундон кийин куйоом айтып калды бар колкашыкты алып келчи десе, кухняга кирип алып издеп журом. Кашыгы го тушунуктуу,
кол кашыгы эмнеси деп. Чок кашыкпы же башкача кашыкпы деп. Анан чыгып кол кашык корунбойт го деп билмексен болуп коем. Ой жана эле турган столдун устундо десе да,жок экен деп коем.уйго кирип озу алып чыкты да , эмне асманды карап издедин беле турат го дейт. Карасам эле чомуч. Апеей уш беле, мен башка нерсе элестетип жаткам десем, баары каткырышат.
Биз жакта буну чомуч дейт деп актанып коем. Дагы бир куну кайненем нан бышыралы. тапанчаны таап келчи десе, козумду алайтып эле эмне силерде тапанча барбы деп коем. Кайненем турумду коруп эле каткырып кулот, ооба биз тапанча менен атышабыз деп. Корсо анысы биздики боюнча казан комоч экен да.
#992 09 Сентябрь 2015 - 11:16
Дагы бир жылдары, жайында айылга барып калдык. Балам 10 айлык. Кайним 11-классты бутуруп жаткан. Эртен менен кайненем нан ачытып жатып,бугун биз тамак бышырат экенбиз мугалимдерге.
мен эртереек келип калам деп мектепке кетти. Уйдо 90 жаштагы чоон кайненем бар. Саат 10болду жок,11 болду жок кайненемден кабар жок. Свет очук, духовкага эптеп бышырайын десем. Эмне кылсам деп чоон казанды алып чыктым, илгери чон апам нан жасаганда корчу элем, ошентип бышырып коройун деп. Отту эптеп жагып алып баягы чон казанга нан жабыштыра баштадым. Конторсом элеее нанымдын баары жерге тушуп калса боло. Баламдын журогун тушуруп окуруп ыйлап алгам. Чон кайненем курсак ачты. качан чай ичебиз деп коет.Адеп кочого чыгып кайненемдин жолун карайм жалдырап. Кой тынчтык кылып билген оокатымды жасайын деп, баягы казанга майды куйдум да, бир чара камырды оймо(мой токоч) жасап салдым. Кайненем камырым ачып кетти го, деп шашып келдим деп олтурду го.Менин эки козум шишиген ыйлай берип, берим болсо карала, от жакканды билбейт элем. Ошентип уйронгом казанга от жакканды, самоор кайнатканды.
#993 09 Сентябрь 2015 - 11:44
Мен да жаза кетейин.Жаны келин болуп барганда кычыраган кыш эле январда.Эрте менен эшик шыпырам деп эле сурдоп(кышында эшик шыпырганы балээ барбы)турсам эле кар жаап салыптыр анан кар куроп кирдим бир маалда кайненем чыгып "кой балам кир,суукта эркектер куройт"деп уйго алып кирип кеткен,кайненем куйоомо озун туруп кар курогун мындан кийин десе ал аябай мени мыскылдап кулгон.
#994 14 Сентябрь 2015 - 02:06
Соонун окуяңыздар бар экен.Күлө берип боор калбай калды))))Мен да жаза кетейинчи
Кайын журтумду салтты каттуу кармашат.Мени алып келген күндүн эртеси күнү чач өрөбүз деп калышты.Кемпирлерди баарын тегерет отургузуп алып,мен ортодо отурам.Чачым да белимен келип,калың дагы болчу.Сары майдан уучтап алып эле сүйкөп коюп өрүп атышат.Ичимен "Эми бул майды качан кетирем,чачым биттеп кетпесе эле болду" деп атам.Өрүп да бүтүштү "Айиий чачы узун турбайбы,кундуз чач экен"мактап атышып.Мен жүгүнүп эле,кайын энем көшөгөгө киргизип койду.Анан отурам көшөгөдө сары май жыттанып.Коноктор кеткенден кийин,апам(кайын энем)тамак ичип алчы"деп көтөрүп келип калса,өзүм бетке айтып салмай жаным бар "апа,сасып кеттим,чачым биттеп кетет,жууюнчу" десем ал каткырып эле,"азыр, баня жак дейинчи балдарга" деп алып кеткен.Анан элдин баары уйкуга кеткенден кийин,жолдошум экөөбүз баняга кирип алып мен бир чачымды,жолдошум экинчи чачымды жандырып атса ыйлап атам,эми жытын каетип кетирем деп,ал ансайын жолдошум шылдыңдап атат.5,6жолу жуудум.Эртеси да,анын эртеси да жууп атып кетирдим окшойт

#995 14 Сентябрь 2015 - 02:28
Бир жолу дагы атамдын иниси шаарда турушат экен.Алардын балдары да бүт келишкен.Шаарда өсүп,шаарда чоңойгондор.
Орус чалыш болуп калган.Мен үчүнчү күнү эле көшөгөдөн чыктым.Эртең менен чай даярдап жүрүп,ашканадан конок бөлмөгө баратсам,ошол шаардык кайын агалардын бирөөсү жаңы эле туруп,эшикке чыгып келе жатыптыр.Жолдошумдан улуу аябай эле.Мен жүгүнгүчө эле эки колун көкурөгүнө ала калып жүгүнүп жүгүнүп алып чыгып кетип атпайбы))))Аа.
.же бб..дей албай турсам жолдошум "Сага не болду"дейт айтып койсом,"Тим кой,дагы көрөлү да"деп каткырган бойдон уйгө кирип кетти.Баарыбыз дасторкондо отурсак ошол шаардыктар эле кирип калышты,ордуман туруп,дагы жүгүнөйүн десем экөө тең жүгүнүп атпайбы,анан мен чыдай албай эле бырс күлүп ийсем,баары кошо күлдү.Тиги экөө таң калып турат түшүнбөй.Атам "ой орустар экөөң эмес,келин жүгүнөт силерге.Силер алкайсыңар"
десе тиги уялып,андан кийин мен жүгүнсөм эле күлө беришчү.
#996 14 Сентябрь 2015 - 02:44
Эстей берсең эле окуялар келе берет экен.
Келгениме 15күндөй болгон.Апамдардын дос курбулары келет деп,кайын иним кой союп аткан.Идиш аяк жууп жүрсөм."Жеңе, бас ичеги карын артпайсызбы, жылуусунда" деп кыйкырып калды.Жакшы эле көтөрүп алып бардым.Апам билесиңби десе,ооба билем деп.Ичегилерин артып бүтүп,кайын иним башын,шыйрактрын отко куйкулап берип, "Ээ жеңе балдарым менен жолукмакмын, башты өзүңүз жууп,бузуп салып коёсуз да э"десе "Ии макул бара бериң"деп тазалап жууп бүтүп казанга салып койдум.Апам улам келип карап коёт,"этиң бышып атабы,отуң өчпөй элеби"деп, ооба деп коем.Жолдошум да ошол күнү достору менен кеткен.Коноктор да келди,чай берилгенден кийин эле этти чыгар болуп калды.Кайын агам келип чыгарып сыйлуу устукандарын, анан калгандарын сен алып келе калчы деди.Баягы шыйрактарын, башты,калган жиликтерин чыгарып,карасам бир нерсе башка болгондой да,бирок,ага карабай эле үйгө алып кирип дасторконго койдум.Ылдыйда жашыраактары отурган экен.Тарелкаларды коюп атып эле,башкача болуп аткан нерсемди таап эле,баш,жиликтер салынгаг подносту бир акенин алдынан эле шып көтөрүп алып чыгып кеттим.Көрсө, баштын жаак эттерин ажыратпай коюпмун да.Мурун жазабасам өзүм жалгыз,акелерим жазаганын эле көрчумүн да.Дагы жакшы ичи бышыптыр.Кайын агам аркаман чуркап келип эле "Не болду"дейт, башты көрсөтсөм,ал кайра ортосунан бөлүп эле алып кирип кетти.
Кечинде күйөөм келгенде ал окуяны угуп алып,"Мен жок болсом эле косяк кыла калдың"деп шылдыңдайт кайра мени

#997 14 Сентябрь 2015 - 03:22
Дагы бир жолу,үйдө кайын иним,кайын сиңдим болуп калганбыз.Анан айылда уйларды бада кылып кошушат го.Ошол бада келээр маал болуп калган.Кайын иним да кээде зуу коюп,жоголуп кетмей адаты бар болчу.Музоону байлап кой дейин десем дайын жок.Кайын сиңдим кичирээк.Дарбаза ачык болчу,уйлар келе баштады."
Эми музоосу эмип кетпегей эле "деп огороддун башына барып,музоонун аркандан жибин чечип,жетелеп келе жаткам.Анан дарбазадан энесин көрө калып "мөөө" деген бойдон сүйрөп кетип атпайбыыыыыыыы.
.....мен да коё берип салбай жибин,кайра бекем кармап алгам,эмбесин дедим да.Бир топ эле сүйрөп кетти.Анын жибин коё бергенден кийин кайын сиңдим,өңгүрөп ыйлап алып келе атат "Жеңее"
деп кыйкырып коюп.Мен болсо жерде жатам.Турайын десем тура албайм.Бутум кыймылга келбейт десеңер.Мен да кайынсиңдиме кошулуп алып ыйлап атам.Ал болсо "Жеңе туруңузчу,жеңе туруңузчу"
деп тырмалаңдап мени тартыкылап коёт.Ошондой маалдарда баары болуп калат эмеспи.Атам апамдар,күйөөм болуп эле келип калышты.Ордуман дагы эле тура албайм,алым келбей койду такыр,бутум зыркырап эле ооруйт.Баары чуркап келип эле,жолдошум тургузайын десе "Тура албайм,бутумду сезбей атам"деп уңулдап ыйлап атам.Ал көтөрүп алып үйгө алып кирди.Бетимди жууйун деп күзгүдөн карап алып кайра ыйлап атам.Бетим баары тытылган.Күйөөм карап алып "Эртең эле айыгып кетет"деп коет,Апам менен атам "Ой куураган балам ай,эмсе эмне болмок эле,бекем кармап алыпсың да сен"деп алар чырылдап жүрөт.Жолдошумду бутумду караса,тизем көпкөк болуп шишип кетиптир.Жолдошум бир инисине жинденип жүрөт.Мен болсо анын күнөөсү жок деп ага болушам.Эртеси күнү аксап кыбырап чыксам,кайынинимдин да көзүнүн алды көгөрүп калыптыр.Абышкам сөзүмдү укпай берип алыптыр да агачы."Жеңе кечирип коюңчу"дейт.
"Сенин күнөөң жок"десем да башын чайкайт.Бир аз убакыт өтүп,бетимдин жаракаты кетип,бутум айыгып калгандан кийин шаарга кеттик.
Азыр айылга барып калып уй сайын десем эле,музоосуе абайла деп эле күлүп калышат

#998 15 Сентябрь 2015 - 07:11
Жаңы келин болуп барып көпкө чейин эле коошалбай жүрдүм. Сөздөрү, диалектиси да бираз айырмаланат менин жериме караганда. Абысыным жумшап калды "чык" кылып келчи деп. Эшикке чыгып алып "чык деген неси экен" деп ойлоном. Эжеме чалсам такыр эле трубкасын көтөрбөйт. Өлбөдүмбү эми деп ойлонуп комнатамда отурам. Жакшы эжем чалып калды, сурасам ал чык дегени жылымык сууга туз салганы экен да. Бизде аны намакап деп коюшат. Анан даярдап алып кирип бердим. Берип атып титирейм өзүмчө эле. Кечинде ыйлагам ызааланып "кетем"
деп, күйөөмө.
#999 16 Сентябрь 2015 - 12:26
Жазган эч ким жок гооо....
Бир окуяны айтып кетейин.Бир жолу ашканада тамак жазап жүргөм.Жолдошум жумуштары менен көчөгө чыгып кеткен,атам апамдар болсо сөөрүдө отурушкан.Эшиктен күйөөм кирип келип,апамдардын жанына отуруп калганын көрдүм.Анан бир маалда "Айпееш,ээй жөжө чаңкадым максым алып келчи"деп салбаспы.Апамдар деле унчукпайт.Телефонумду алып"апамдардын көзүнчө эркелетип уят кылдыңыз.Өзүңүз келип ичиңчи"деп смс жазып жиберсем,окуду да кайра "Жаан,эмне кылып атасың?максым алып келчи"деп шылдыңдайт. Эптеп башымды жерге салган бойдон барып бердим.
Ошол күнү ашканада дагы эле идиш жууп атсам апам чакырып калыптыр,аны укпапмын да,ашканага кирип "Жөжө"десе "оуув апа"деп коем мен дагы

#1000 17 Сентябрь 2015 - 08:30

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия