Суперстан: Паспорт алуу (алмаштыруу) жол-жобосу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Юристтин кенеши
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Паспорт алуу (алмаштыруу) жол-жобосу Кереги тийип калаар..

#1 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Саламатсыздарбы, урматтуу форумчулар. Менин бул жазгандарым өзүмдүн башымдан өткөндүктөн, кийин кимдир бирөө ушундай абалга туш болуп кала турган болсо (а мен 100% га ишенем, андай учур сөзсүз келээрине, анткени документ (паспорт) ар бирибизге керек эмеспи), менин бул жазгандарым паспорт алуу түйшүктөрүн аз да болсо азайтаар, жеңилдетээр деген ниет менен жазылып отурат.

Мен, таластыкмын. (Аны көбүңөр билесиңер Сүрөт). Биз кичи мекенге барып келүү үчүн кээде Казакстан аркылуу каттайбыз. Албетте, ал жактан чек арадан өтүү машакаты да оңой олтоң эмес. Паспортуңдун бир жеринде тытык болсо айлаңды кетирет. Менде андай учур болгон эмес. Бирок, андай учурлар болгонун уккандан кийин, Төө-Ашуу, Өтмөк ашуулары аркылуу эле каттап калгам. Анткени, менин паспортым ар кайсы китепканаларды кыдырып жүрө берип (залогго калтырышка туура келген) эскилиги жетиптир. Анан да чет өлкөгө чыкканга Жалпы жарандык (общегражданский) паспорт керек. Ошондуктан мурунку 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту жалпы жарандык анан өлкө ичинде алып жүрүүчү ID card га алмаштыргам. Ошол жөнүндө кыскача көрсөтмө, жол-жобосун жазып коюуну туура таптым.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 15:25

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Төмөнкү документтерди чогултуу керек:
1. 4*6 өлчөмүндөгү 6 сүрөт (түстүү, глянец баракта, ак фондо болушу керек);
2. Паспорт үчүн мамлекттик пошлина төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (каерден кантип төлөө тууралуу ылдый жакта жазам);
3. Социалдык фонддон берилчү персоналдык номер;
4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
5. Аскердик билет (аялзатына, албетте, бул пунктту окуунун кажети жок);
6. Жашаган жеринен аныктама;

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 16:13

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Биринчиден, паспорт үстөлүнө барып, ал жерден "Бланки" деген жазуусу бар кабинеттен паспортту алуу же алмаштырууга керектелчү бланктарды алыш керек. Баасы болгону 5 сом. Андан ашык айтса, ошол паспорт үстөлүндө ишеним телефону бар. "Ошого чалам", - десеңиз, баасын 5 сомго чейин түшүрөт Сүрөт.

Айтмакчы, паспорт үстөлдөрү
1,2,4, 5 - күндөрү 9 дан кечки саат алтыга чейин иштейт. Түшкү эс алуу 12 ден 2 ге чейин (2 саат (!));
3 - күнү 9 дан 12 ге чейин документ кабыл алышат.
6 - күнү 9 дан 2 ге чейин эс алуусуз иштешет.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 16:06

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Паспорт үстөлдөрүнүн даректери:
1. Ленин районунун паспорт үстөлү - Москва көчөсү, 205;

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Lenin.jpg

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

2. Октябрь районунун паспорт үстөлү - Скрябин көчөсү, 86;

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Okt.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 17 Июль 2010 - 15:37

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

3. Биринчи Май районунун паспорт үстөлү - Скрябин, Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши;

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: perv.mai.jpg

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

4. Свердлов районунун паспорт үстөлү - Сүйүмбаев көчөсү, 73 (Мурунку Карпинская);

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Sverd.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 17 Июль 2010 - 15:41

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

2. РСК банкка барып паспортту алмаштыруу үчун керектелчү каражатты төлөйбүз. Болжол менен 700 сомдой болот. Кезекте турбоо үчүн түшкү тамак маалын да эске алып коюу жакшы. Кассадан төлөгөндөн кийин сизге толтура квитанция берет. Аларды жоготпоңуз. Паспортчуга алып барып бересиз.

Төмөндө РСК банктын Бишкек шаарындагы филиалдарынын даректери . Өзүңүз жашаган жерге жакыныны барасыз.

Сберегательная касса №033-0-01
г. Бишкек, ул. Эркиндик 58а (МинФин КР)
+996 312 62-04-25

Сберегательная касса №033-0-02
г. Бишкек, бул. Эркиндик 30 (Институт Геологии)
+996 312 62-54-45

Сберегательная касса №033-0-06
г. Бишкек, ул. Ахунбаева, 173 (пересечение с пр. Мира. Общежитие КТУ)
+996 312 54-18-67

Сберегательная касса №033-0-07
г. Бишкек, касса при МРЭО ГАИ
+996 312 53-06-36

Сберегательная касса №033-0-08
г. Бишкек, ул. Уметалиева, 101, (НБКР)
+996 312 61-10-51

Сберегательная касса №033-0-09
г. Бишкек, ул. Горького 25 (пересечение с ул. Советская, 1-я нотариальная контора)
+996 312 54-75-88

Сберегательная касса №033-0-14
г. Бишкек, ул. Абдумомунова, 205 (АУЦА)
+996 312 66-68-10

Сберегательная касса №033-0-15
г. Бишкек, пр. Чуй, 96 (пересечение с ул. Советская, АО "КыргызТелеком" )
+996 312 68-15-81

Сберегательная касса №033-0-17
г. Бишкек, ул. Байтик Батыра , 102-10 (напротив ост. "Юбилейная" )

+996 312 59-52-88

Сберегательная касса №033-0-20
г. Бишкек, ул. Байтик Баатыра, 4а (Республиканская таможня)
+996 312 51-18-65

Сберегательная касса №033-0-22
г. Бишкек, пр. Чуй, 219. (пересечение с ул. Т. Молдо, Комитет по доходам)
+996 312 61-06-44

Сберегательная касса №033-0-23
г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 170 в. (пересечение с ул. Токтогула, ТЦ "Мото")
+996 312 66-33-29

Сберегательная касса №033-0-25
г. Бишкек, пр. Чуй, 162. (пересечение с пр. Манаса, магазин "Азия")
+996 312 61-22-49

Сберегательная касса №033-0-28
г. Бишкек, Московская, 185 (перес. ул. Турусбекова)

+996 312 45-68-37
+996 312 45-68-56

Сберегательная касса №033-51-18
г. Бишкек, ул. Радищева, 62 (Соцфонд)
+996 312 47-62-22

Сберегательная касса №033-51-21
г. Бишкек, мкрн 10, д. 29 (Октябрьская ГНИ)
+996 312 54-65-74

Сберегательная касса №033-51-24
г. Бишкек, ул. Лермонтова, 35а ( ТЦ "Таатан" )
+996 312 63-05-20


Бишкекский филиал
г. Бишкек, ул. Киевская, 77
+996 312 66-25-70
+996 312 66-25 69
+996 312 66-25-79

Октябрьский филиал
г. Бишкек, ул. Московская 78/1
+996 312 90-85-88
+996 312 90-85-99

Чуйский филиал
г.Бишкек, пр.Чуй 43
+996 312 36-58-53
+996 312 36-58-37

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 15:50

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

3. Социалдык фонд. Социалдык коргоо баракчасы барлар бул пунктту окубай деле койсо болот. Ал жактан дагы бланк берет, толтурасыз. Бланктын баасы 2 сом. А социалдык коргоо баракчасы 30 сом. Муну билем деп айтып койбосоңуз, анын баасы заматта 150 сомго "көтөрүлүп" кетиши ыктымал. Ошондуктан, 30 сомду даярдай барыңыз. Сүрөт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Сүрөт. 4*6 өлчөмүндө паспорттун эки түрүнө 5 сүрөт кетет. (бланктарга чапталуучуларын кошкондо). Не бар, не жок деп 8 ди жасата бериңиз. Кереги тийип калаар. Жоголуп кетүү, же кайчы менен туура эмес кыркып алуу фактыларын алдын алып.. 80 сом болот.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

4. Үй комитети (Домком) же квартальный. Барасыз. Паспорт үстөлүнөн алган бланктарды ошол жердеги үлгүлөргө жараша толтурасыз. Үйдөн деле толтуруп барсаңыз болот. Кемчиликтерин, домком оңдойт. 2 сүрөттү ошол жакка чаптайсыз. Анан керектүү жерлерде печать коёт. Жашагандыгыңыз тууралуу аныктама алууну унутпаңыз. Справканын баасы - 6 сомдон өйдө. Муну да тактап коюш керек. Болбосо, алар да ушундай "оор" жумушу үчүн айлыгын элден алгысы келет.

Бир бланкты толтуруп атканда иштеген жериңиз тууралуу толтурууга туура келет. Ошон үчүн эмгек китепчени же анын көчүрмөсүн да алып алганыңыз оң, эгер качан ишке орношуп качан бошогондугуңузду эстей албай турган болсоңуз. Мен, кудай жалгап эсимде экен, жаза койдум ал китепче жок эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 16:16

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Документтердин баарын топтогондой болдук. Дагы бир жолу тактайбыз:

1. 4*6 өлчөмүндөгү 6 сүрөт (түстүү, глянец баракта, ак фондо болушу керек);
2. Паспорт үчүн мамлекттик пошлина төлөнгөндүгү тууралуу квитанция;
3. Социалдык фонддон берилчү персоналдык номер;
4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
5. Аскердик билет (аялзатына, албетте, бул пунктту окуунун кажети жок);
6. Жашаган жеринен аныктама;
7. Эски паспорт;
8. Эски паспорттун, аскердик билеттин, социалдык коргоо карточкасынын, туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алып алыңыз. Кереги тийип калышы ыктымал. Сурап калса, аны да көчүрүп келүүүчүн кезектеги ордуңуздан кол жууйсуз. А анын эмне кереги бер?
9. Эмгек китепчеси;

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 17:08

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   jikitai   17 Июль 2010 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 06 Май 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2021 22:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Рахмат сизге !!!!! Мен 2011 жылы алмаштырам паспортту бул жазгандарыныз абдан керек болот мага,мен да ушинтип салпактап корунгон эшикти сагалап жургонду жаман корот элем аябай сооп иш кылдыныз.Ырас кийин женил болот эми. :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

"Прием документов на получение паспорта" деген жазуусу бар кабинетке келип, албетте, кезекке турабыз Сүрөт. Ал жерден сиздин чогулткан дүр дүнүйөңүздү текшерет, катачылыктар болсо, оңдойт, "лам" дебеңиз, болбосо, ал жактагы иштеген эжешкалар өзүнчө эле нерв Сүрөт. Анан ал жерден дагы 2 түстүү бланк берет. Кайсыл жерлерин толтуруу керек экенин көрсөтөт. Анан эшикке (коридорго) чыгып, толтуруп, кайра келип, дагы кезекке туруп (ансыз болбойт..) анан кезегиңиз келгенде, киресиз да бересиз. Сизге качан келип паспорт алсаңыз болот, ошол датаны айтат. Болжол менен 1-1,5 ай.



Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 17:09

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Таллас   17 Июль 2010 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Кыскасы, 900 сомдой чыгым болот экенсиз. Сүрөт

Жанагы маршруткаларды жазып алышкандай: "5 минут страха, и вы дома" дегендей 1 жума сабыр, 1 ай күтүү - белекке жаңы паспорт: Сиз КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫсыз Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 16:12

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   fari   28 Июль 2010 - 14:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 25 Июль 08
  • Соңку аракети: 26 Июн 2015 19:09
  • Жынысы:Аялзаты

Эн пайдалуу тема ачыптырсыз, Таллас мырза.

Паспорт алууда мамлекеттик алым жана башка толомдорду РСК Банкка барып озунуздор толоп, квитанциясын алыныздар! Айтканымдын себеби, кээ бир паспорт столдорунда документтерине кошуп «мынча» акча таштап коюнуз,озубуз буткоруп коёбуз дейт (сизди убара кылгысы келбегени учун эмес жана паспорт стол кызматкерлеринин милдети эмес, болгону Сизден ашык акча алуунун жакшы жолу)
бул темага дагы коп кайрылабыз, достор.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ROZI   28 Июль 2010 - 14:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Эгер паспорттун мооноту бутуп, башка жерге учотко отуруш учун кандай кылуу керек? Кандай документтер керек?


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Таллас   29 Июль 2010 - 01:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Аселькин (28 July 2010 - 14:47) жазган:

Эгер паспорттун мооноту бутуп, башка жерге учотко отуруш учун кандай кылуу керек? Кандай документтер керек?

1. Паспорт үстөлүнө барып, ал жактан Бланки деген жазуусу бар кабинетке "каттого турганга бланк бериңиз", - десеңиз 5 сомго берет 3-4 барак. Анан да ал барактарды алып паспорт үстөлүнүн мүдүрүнүн кабинетине кирип ал жактагы адамга уруксат бердим деген жерине кол койдуруп аласыз. Сиз каттоого туруп жаткан үйдүн ээси же анын паспорту кошо болушу керек. Анткени, бул жерде колтамга текшерилет;

2. Үй китепчесин жана техникалык паспортун алып квартальныйга же домкомго барасыз. Ал жерден сизге ушул жерде жашайт деген аныктама берет. Берээрдин алдында сиз даярдап, толтуруп барган жанагы бланктарды текшерип кол коюп, печать коюп берет. Анын да кызматы үчүн 20 сомдун тегерегиндей акча бересиз. Мындан аз болсо керек..;

3. Эркектер аскер комиссариатына барып каттоого туруп, үй китепчесине ал жактан "каттоого отурду" деген печать коюп берет. Аны алып алып кайра паспорт үстөлүнө барасыз;

4. Ал жактан "Каттоого отуруу жана чыгуу" деген кабинеттен ишти бүтүрөсүз. Мурдагы жердеги каттооңуздун мөөнөтү өтүп кеткен болсо, айыппул төлөйсүз. 100 сомдун тегерегинде. Анын официалдык баасын тийиштүү жерлерге, мисалы, ГАИРТке чалып аныктап алсаңыз болот;

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Июль 2010 - 01:51

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Таллас   29 Июль 2010 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Айтмакчы, аскер комиссариаты 1-5 күндөрү 9:00 дан 18:00 га чейин иштейт. Түшкү эс алуу 12:30 дан 13:30 га чейин.

А паспорт үстөлүнүн иш режими жогоруда жазылган.
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Acia   29 Июль 2010 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 490
  • Катталган: 24 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2019 17:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Рахмат!Абдан пайдалуу тема экен.Анткени мен да паспорт жок,ичине моорлор басыла берип жараксыз болгон:) .Жаны паспорт алыш керек.
Элимде тынчтык болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Юристтин кенеши
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: