«"Манас"
эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун
материалдык эмес маданий мурастарды
коргоо боюнча репрезентативдик
тизмесине Кыргызстандын атынан
катталды. Мындай чечимди 4-декабрда
Бакуда өтүп жаткан материалдык эмес
маданий мурастарды коргоо боюнча
ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык
комитетинин VIII жыйынында 24
мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү
кабыл алышты.
Кыргызстандын делегациясын жетектеп
келген Жогорку Кеңештин депутаты,
ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук
комиссиянын төрагасынын орун басары
Карганбек Самаков "Бүгүн кыргыз элинин
тарыхын, рухун ичине камтыган "Манас"
эпосунун үчилтигин колдоп добуш
бергениңиздерге ыраазычылык
билдиребиз.
Албетте, маданияты
басмырлаган жерде өнүгүү болбойт.
Андыктан дүйнөнүн маданий мурастарын
толуктап, бүткүл элди маданий
биримдикке чакырууга кыргыз эли өбөлгө
болооруна ишенем. Улуу эпостун 3 бөлүгү
ЮНЕСКОнун тизмесине кирип жатканы
биздин элдин дүйнө маданиятына кошкон
чоң салымы деп эсептейм"
деп кыргыз
элинин атынан Азербайжан элине жана
материалдык эмес маданий мурастарды
коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр
аралык комитетинин мүчөлөрүнө
ыраазычылык билдирди»-мына ушундай маанидеги жанылыкты Дамира Арстанова супердин "Сонку кабарлар"
болумуно жазганын окуп кубандым.Эсимде кайсы бир жылы кытайлар талашып жатыптыр,дагы бир жылы озбектер талашып жатыптыр дегенин угуп кичинекей болсок да акем экообуз кыжаалат болгонубуз эсимде.Оозунан кара суу акканча,кун-
тун экенин да билбей,наар да албай манас айткан кытай же озбек эмес,биздин гана канга таандык.Мына ушинтип Жаратканымдын жардамы менен озубуздун байлыкка озубуз эле ээ болдук.Кыргыз элим дагы бир тепкичке которулду деп ойлойм.Баарынарды женишинер менен куттуктайм!
"Манас" эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан катталды!
#2 05 December 2013 - 01:19
Ооба, бир жылы кытайлар биздики деп кыйла чуу салышкан болчу, озубуздун атыбызда калганы жакшы болуптур.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 05 December 2013 - 17:02
Кыргыз элинин атын дуйно элине тааныткан, бабалардан калган мурас-кенчибиз улуу Манас эпосу Юнесконун тизмесине кириши албетте кубанычтуу!
!!
#6 05 December 2013 - 21:23
Кытайлар шамдагайлык кылып,биздин улуу "МАНАС"
эпосубузду оздорунун атынан ЮНЕСКОго киргизген экен.Карганбек мырзанын эмгеги менен кайра озубуздун атыбыздан катталыптыр.
албетте бул кабарга абдан кубандым,Карганбек мырзага терен ыраазычылык!
#8 06 December 2013 - 16:12
Ооба,бир кезде Кытайдын атынан кирет имиш,кириптир болгон,автор айткандай менда ойлонгон элем,ошол убакта чуркагандардан Карганбек Самаков эле.Баракелде ошол кишиге!
Мисалы:Мен К.Самаков десе жеп ичейин деген,бийлике умтулган бир депутат эмес,Манасты Юнеского киргизүүгө салым кошкон деп эсиме келет
Мисалы:Мен К.Самаков десе жеп ичейин деген,бийлике умтулган бир депутат эмес,Манасты Юнеского киргизүүгө салым кошкон деп эсиме келет
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#9 06 December 2013 - 16:14
Эми боз уй менен комузубузду киргизгенге аракет кылсак жакшы болмок же киргенби?
#10 06 December 2013 - 16:48
Ооба,бир кезде Кытайдын атынан кирет имиш,кириптир болгон,автор айткандай менда ойлонгон элем,ошол убакта чуркагандардан Карганбек Самаков эле.Баракелде ошол кишиге!
Мисалы:Мен К.Самаков десе жеп ичейин деген,бийлике умтулган бир депутат эмес,Манасты Юнеского киргизүүгө салым кошкон деп эсиме келет
Мисалы:Мен К.Самаков десе жеп ичейин деген,бийлике умтулган бир депутат эмес,Манасты Юнеского киргизүүгө салым кошкон деп эсиме келет
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















