Аны менен таанышканда 14 жашта болсом,ал менден бир топ улуу эле.Анын дуйносуно аралашкан биринчи да акыркы да адам мен эмес болчум.Менин аны менен болгон байланышымды баары менин жаштыгыма жооруп жатышты.Чындыгында мындай учурда жаштын да убакыттын да эч кандай мааниси жок эле.Сырымды а дегенде жакын досторум менен болуштум.Болгону конул ачайын деген гана оюм бар эле(кандай гана акмак экенмин)Уй булом эч нерседен кабарсыз эле.Айта да албайт болчум.Себеби кызыл кыямат чыгаары белгилуу да.Сактадым.
..............Алгач кез кезде гана жолуксак ,кун откон сайын кездешуубуз улам кобойо баштады.Конул ачыш учун дебедим беле болбоон кеп.Анын жашоомдогу ээлеген оордун байкоо учун ,коп деле убакыттын кереги жок эле.Ооба аны суйот элем.Бирок ага да карабастан анын туткуну эмесмин каалаган убакта таштап кете алам деген журогумдун тупкурундо турмоктой туйулгон бир ой бар эле.Ал турсун апамдын экообузду тутуп алганы да эч нерсени озгорто албады.Чынында апама кармалган жокпуз,издерин гана корду,анын артынан таштаган издерин.......
..............Жинденген да,урушкан да жок кыскача насаатын айтты.Анткени экообуздун мамилебизге чекит кое албашын билет эле.Бул болсо жашыруун тийде улана бермек.Кун откон сайын бири бирибизге байлана бердик.Кобуроок мен ага байландым.Кылчайып артка карасам 6 жыл отуптур.Жандалбастап анын артынан чуркаган да мен болуптурмун.
Ал мага болгону жалган бакыт тартуулады,
а мен болсо болгон нерсемдин баарын жумшадым.Жашоомду арначу жалгыз ал болду.Ал учун уруштум,ал учун мушташтым,анын айынан оорудум,бирок эч качан жанымдан айырбадым ,айыра да албайт элем.Жаман кесепеттеринин баарын коруп билип турдум.Алгач аны суйууну уйрондум,кийин жек корууну.Чогуу болууну каалабаган убакта да жанымда болгонун кордум.Эркимди желдей желпирип учуруп жибергендигин озумду озумо каршы кылгандыгын кордум.Анын айынан башкаларды да таарынтып озум да кобуроок таарындым.Досторум аны жек корушту,ал тургай мен да денеме жана рухума синген жытынан жийиркенчу болдум.Эриндерим ар тийишкенде мен анын рухунан уурдайт элем.Ал ар убак озун жанылап турду,мен болсо барган сайын жаман болуп жаттым.Бирок эч таштай албадым.Чынында бир нече ирет айрылууга аракет кылдым ,бирок айрылуу кайра кайтып келуумо мурункудан да катуу арзууну пайда кылды.Жоктугунан сагынычыман сыздадым конууго аракет кылдым ,бирок такыр унута албадым.Узун жана уйкусуз тундор отту.Тырмактарымды тиштегиледим,
бул да жетпеди,семичке чага баштадым.Айрылуубуздан улам салмагым да оорлошту.Дайым аны менен болуудан кайра тарттым.Ал тургай азыр да жанымда.Бирок,
буга карабастан баарынардын алдынарда,Бир кун ушул шумшук тамекини созсуз таштайм деп ант берем.!!
!!!!!
Кайдан гана тааныштым экен..........
#3 15 December 2013 - 23:33
Охооо,кандай сонун коркомдоп жазгансыз,башында окуп келе жатып кайсы бир инсан тууралуу жазып жататго дегемда)))))Озунуздун калеминизге таандыкпы,же ...,бирок аябай таасирдуу экен!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 15 December 2013 - 23:33
Ээ брат адамды жинди кылайын дедин.Отоле кайгы менен окуп чыгыпмынго,
бул теманы охх...Жаман тамашакой экенсин
Менин Периштем бир гана Жибек!!!
#6 15 December 2013 - 23:43
охх мен кызып окуп атсам...))) бирок ошо сиздин суйгонунун экенине кубанып турам. Сизге суроо.. Досторунуз сигаретке неге жини келди неге таарынды?
#7 15 December 2013 - 23:43
#9 15 December 2013 - 23:46
Байкуш озунон улуу кызды суйуп калган го деп ббоорум ооруп окуп атса))) жакшыкен бирок, жашоодогу болгон реальность,
потребность.
...
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#12 15 December 2013 - 23:53
#13 15 December 2013 - 23:53
Ой атаа,берилип окуп,кызга боор ооруп алганымы айтсан. Ар кандай ойлор келип,жаш кыз уй булоолу чон кишини суйуп,туткуну болуп калган го деп ойлоп жиберипмин эй.
#15 16 December 2013 - 00:21
Эчтеке эмес .мунун жарасы женил.тез арада насвайга алмаштырып тамекинин козуно чоп сайыныз.анан озунузго келесиз....тамеки байкуш ыйлаап калып кеттет сизге жетпей
(тамашага тамаша)
#16 16 December 2013 - 00:23
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#17 16 December 2013 - 00:29
Эмоцияга жамман алдырып коем да...
окуп баштадым,
ойлонуп баштадым,
кыялдандым "аны таптым" десе.
кыжырым келди "либой убакта таштап кетем" десе
.
"апам тутуп алды" десе ващщеле
"алгач аны суйууну уйрондум, кийин жек корууну"
"Бир кун ушул тамекини созсуз таштайм" дегенде
Кийин озумо келип
Акырында айтаарым, нерв менен ойнобонуз да

"Бир кун ушул тамекини созсуз таштайм" дегенде
Кийин озумо келип
Акырында айтаарым, нерв менен ойнобонуз да
В каждой шутке есть доля правды...
#19 16 December 2013 - 00:31
В девушке нужно видеть будущую жену,а если нет- не держите возле себя чужое счастье!!!
#20 16 December 2013 - 01:02
Мен авторду эркек деп ойлоптурмун негедир, байкуш оспурум озунон чон кызды суйуп калганбы деп коем.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















