Туура айтасыз Доктор байке жаап эле салгылачы сураныч...
2012-жылы акыр заман болот дегенге сиз ишенесизби?
#82 19 March 2011 - 21:45
Кошулам теманы жаап салыш керек. Элдерди жон жерден чочулатпай эле койолу.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#83 20 March 2011 - 01:38
Чын эле жаап салгылачы.Озүбүздон озубуз кооптоно бербей.Ансыз деле элдин баары коркунучта жашап жатышат.Муну бир кудай озу билет.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#85 23 March 2011 - 13:13
Аффтар! Зачет темага, озгочо аватарына
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#86 24 March 2011 - 20:11
Ишенбейм,
ким кыйын,билерман болуп айтса дагы мунун баары калп.Умный болушса Японияны айтып билип,сактап калышпайт беле.
#87 26 March 2011 - 04:02
Iwengim kelbeit birok akirki kundoru????????
Iwenbei ele koiolu4u ilgeri dele jer titiroo,soguwtar bolup jatpadi bele.
#88 27 March 2011 - 18:42
Кошулам теманы жаап салыш керек. Элдерди жон жерден чочулатпай эле койолу.
Таптакыр каршымын, тема абдан керектуу болот, тушундуро турган коп нерселер бар менде, эч ким чочулабайт, адам эмне болооорун билип алса, эч несреден коркпойт. Онуккон олколордун ушул маселени жаап-жашырганы житишет, элге чындык керек... Мен бул маселени утур точкасына чейин изилдегем..
#90 28 March 2011 - 01:11
Кана, анда, КазанТИП, үтүрүңдү да чекитиңди да чыгарчы?.
Сиз учун бул жаны деле маалымат болбосо керек, акыр заман, апокалипсис дейбизби мааниси бир кыйроо, кырылуу ж.б. деп тушунобуз, бул башкача айтканда материалдык жагы, анын моралдык же духовный жагы да бар, бул руханий жактан онугуу, терс же туз жолду тандоо, жана ушуга байланыштуу нерселер.
Материалдык жагын алып карасак, акыр заман кандай турдо, эмне себептен, кайсы учурда болот деген суроолор туулат. Азыркы учурда, интернетте ар кандай ойлор бар, мисалы Кундун нурданышы, (активность Солнца), Жерге метеорит тушушу, Глобалдык жылуулуктун кучошу (потепление) ушул темаларга озгочо маани берилгендей сезилет, жана буларды ачык турдо массалык маалымат каражаттары аркылуу талкуулашат. Ушул жерден айтып кетээрим мунун баары башкача айканда (отвлекающий маневр) болуп адамдарга туура эмес маалымат таркатылганы анык. Себеби космос изилдоо боюнча Америка (АКШ) башка олколордон алдыга кетти десем жаналбайм, жана америкалык NASA (Национальное агентство по аэронавтике и исследованию космического пространства) бул маселени терен изилдеп чыгып, азыркы учурда так маалыматты жаап-жашыруу менен алек, анткени элге чындык жетсе эл паника болуп, кутулбогон нерселер болот деген туура эмес ойдо жургондору анык. Бул маалыматты ачык жарыялоого албетте америка окмоту жана башка онуккон олколор тарабынан тыю салынган.
Маселен NASA 1983 жылдан беери Кун системасына жакындап кирип келген Нибиру (же Планета-Х) аттуу, жерден 23 эсе чон планетаны азыркы учурга чейин андып, телескоптору менен изилдеп келе жатат. Кээбир учурда, ал телескоптордун суроттору интернет мейкиндигине чыгып кетет, буга албетте ошол жерде иштеген кызматкерлер себепчи. Нибиру 3600 жыл сайын Кун системасынан отуп жерге ар кандай таасирин тийгизип отот (гравитациялык тартылуу кучтор). Жерди алаамат басып, жер усту мурда озгоруп турган себеби да ошол. Нибирунун илгерки адамдар канаты бар тоголок шар деп суроттошкон (египет, валилон, индеецтер ж.б.) томондогу, азыркы учурдагы суротторун салыштыргыла. Нибирунун канаты бул планетаны курчап турган чан булуттары, Кун нурунан улам жерден караганда канатка окшоп корунгон.
#91 28 March 2011 - 01:17
Кыскасы Нибиру адамдарга асмандан кызыл "экинчи - Кун" болуп корунуп калган кезде акыр заманга аз калганы анык болот, 2012 жылы болот деп айта албайм себеби аны Бир кудай билет... эгерде адамдар кудайга сыйынып муну болтурбасын суранса, бул дата жылдырылышы мумукун деп ойлойм. Адамдар пейилин туздоп кудайкой болуп, бул жалгандын азгырыктарынан алыс болуп, бири-бирине куйумдуу болсо ал адам эч нерседен корпой эле койсо болот...
#92 28 March 2011 - 01:41
Дагы айта кетчу нерсе: азыркы учурда Кудай жолунда периштелер,
келгиндер НЛО, бийик денгелдеги духтар (мисалы Манас), Жер жузудно абдан зор иш жургузуп жатканын эске алыш керек. Анткени бул жолку Нибирунун отушу жерге чон таасирин тийгизип, адамзат 100 жылдан кийин "вымерший вид" болушу кутулот. Албетте жер жузу бош калбайт адамдан кийин жер устуно "гибриддер"
таркатылат (акыл эси адамдан алда канча кучтуу, телепатиялык жол менен пикир алмашуу, терс муноздору жокко чыгарылган жана коп тарабынан адамдан алдыда турган жандыктар) бул бейиш десек жанылбайбыз,
азыркы "сыноодон"
откон адамдардын духтары ошол гибриддерге киргизилип омур сурот...
Жер огунун жылышы тууралу кенири мааламат: http://zetatalk.com/ ...ia/zetahome.htm
Жер жузундо болуп жаткан озгоруулор тууралуу жанылыктар http://zetatalk.com/ russia/zetanew.htm
Нибиру жонундо сайт: http://knowingsnibiru. ru/
Япониядагы Цунами бир нече ай мурун келгиндер тарабынан айтылган. http://zetatalk.com/ ...ia/7of10-53.htm
http://zetatalk.com/ russia/7of10.htm
Жер огунун жылышы тууралу кенири мааламат: http://zetatalk.com/ ...ia/zetahome.htm
Жер жузундо болуп жаткан озгоруулор тууралуу жанылыктар http://zetatalk.com/ russia/zetanew.htm
Нибиру жонундо сайт: http://knowingsnibiru. ru/
Япониядагы Цунами бир нече ай мурун келгиндер тарабынан айтылган. http://zetatalk.com/ ...ia/7of10-53.htm
http://zetatalk.com/ russia/7of10.htm
#93 29 March 2011 - 11:45
Акыр Заманда сонун ахлактын жайылышы үчүн жасалган ар бир аракет абдан баалуу
Аллахтын каалоосу менен, иншаАллах, жакынкы убакта бардык согуштар, пикир келишпестиктер токтоп, «Алтын Кылым
(Доор)» деп аталган доор башталат жана жер жүзүнүн бүт тарабына сүйүү, тынчтык жана бир туугандык жайылат. Мындай куттуу доордо жашаган адамдар Аллах аларга болгон чоң берешендигинин бир натыйжасы катары жөнөткөн Аз. Мехди (ас)ды жана кайрадан жер бетине кайта турган Аз. Иса (ас)ды өз көздөрү менен көрүшөт жана жакырдыктын ордуна байлык, таңсыктыктын ордуна береке, зулумдуктун ордуна болсо сүйүү жана адилеттүүлүктүн келгенине күбө болушат.
Момундардын мойнундагы оор жоопкерчилик
Аллахтын каалоосу менен, иншаАллах, жакынкы убакта бардык согуштар, пикир келишпестиктер токтоп, «Алтын Кылым
(Доор)» деп аталган доор башталат жана жер жүзүнүн бүт тарабына сүйүү, тынчтык жана бир туугандык жайылат. Мындай куттуу доордо жашаган адамдар Аллах аларга болгон чоң берешендигинин бир натыйжасы катары жөнөткөн Аз. Мехди (ас)ды жана кайрадан жер бетине кайта турган Аз. Иса (ас)ды өз көздөрү менен көрүшөт жана жакырдыктын ордуна байлык, таңсыктыктын ордуна береке, зулумдуктун ордуна болсо сүйүү жана адилеттүүлүктүн келгенине күбө болушат.
Момундардын мойнундагы оор жоопкерчилик
туура жазылган.. айталган Мехди - имам бул бир адам эмес бул бир нече адамдар (жылдыз балдары) мисалы Жетиогуздон Бакдоолот атту 10 жашар бала (Исанын(ас) инисимин деп келет) Бакдоолот атту китеби бар, мазмуну боюнча Куран, же Библияга окшоп кетет...
#94 29 March 2011 - 12:05
Урматтуу KazanTIP,
сиздин изилдөө дейбизби, же иликтөөңүз десек болобу, кыскасы жүргүзгөн ишиңиз кыйла маңыздуу экен... Бир жолу кайсы бир катастрофаны баяндаган тасма көрдүм эле, ошондо сизге окшогон акыр замандын келгенин айткан, бирок ага эч ким ишенбеген "новатор" тасманын жүрүшүндө каза болот.
Мен негизи ушул теманы талкуулаганды жактырбайм. Өткөндө акыл-эси жайында бир байке айтат: "Эмдиги жылы акыр заман болот экен, ошондуктан акыркы беш жыл каражат топтоп келген үй курулушун токтотмок болдум". Не деген шумдук?
Достор, келгиле, кайдагы бир жомокко ишенбейли... Өлсөк өлөбүз, өлбөгөндөр калабыз дегендей... А балким, ага чейин о дүйнөгө аттанат чыгарбыз? Же бункер кура калаттырбыз. .. Ушундай, замандаштар, башыңарды ашыкча оорутпагыла. .. Ошол, анда эмесе ийгиликтер!
сиздин изилдөө дейбизби, же иликтөөңүз десек болобу, кыскасы жүргүзгөн ишиңиз кыйла маңыздуу экен... Бир жолу кайсы бир катастрофаны баяндаган тасма көрдүм эле, ошондо сизге окшогон акыр замандын келгенин айткан, бирок ага эч ким ишенбеген "новатор" тасманын жүрүшүндө каза болот.
Мен негизи ушул теманы талкуулаганды жактырбайм. Өткөндө акыл-эси жайында бир байке айтат: "Эмдиги жылы акыр заман болот экен, ошондуктан акыркы беш жыл каражат топтоп келген үй курулушун токтотмок болдум". Не деген шумдук?
Достор, келгиле, кайдагы бир жомокко ишенбейли... Өлсөк өлөбүз, өлбөгөндөр калабыз дегендей... А балким, ага чейин о дүйнөгө аттанат чыгарбыз? Же бункер кура калаттырбыз. .. Ушундай, замандаштар, башыңарды ашыкча оорутпагыла. .. Ошол, анда эмесе ийгиликтер!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#96 29 March 2011 - 15:37
Акыр заман качан болорум бир гана АЛЛАХ билет.
2012 жылы акыр заман болсо эл көргөндү көрөбүз.
2012 жылы акыр заман болсо эл көргөндү көрөбүз.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#97 29 March 2011 - 17:01
Акыр заман качан болорум бир гана АЛЛАХ билет.
2012 жылы акыр заман болсо эл көргөндү көрөбүз.
2012 жылы акыр заман болсо эл көргөндү көрөбүз.
Туп туура айтасыз. 2012 жылы болот дегенден мен да алысмын.
21 декабрь 2012 жыл, бул дата албетте илгерки табышмактуу Мая цивилизациясынын тузулгон календарларынан алынган, Юкатан жерлигин конкистадорлор басып алганда, мая индеецтеринин коптогон кол жазма байлыктары, жок болуп кеткен, ошого карабастан мая календары сактылып келген, бул календардын эскилигине карабастан анын тактыгы тан калтырып келет. Мисалы азырку учурдун техникалык каражаттар аркылуу тузулгон эсеби боюнча бир жыл ичинде 365,2422 кун болот, Майянын эсеби боюнча бул корсоткуч 365,2420 кунду тузго, айрымасы он минден эки гана. Мынчалык так календарды тузуш учун, азыркы окумуштуулардын айтымында он мин жыл бою планеталардын кыймылын жазып изилдеш керек болчу. Балким Мая индеецтерине кандайдыр бир жогорку кучтор жардам беришкен?
Майя, календарына ишене кетсек адамзатынын убактысы бир нече циклге, доорго (эпоха) болунгон: "Биринчи Кун" (Первое Солнце) доору 4008 жыл, "Экинчи Кун" доору 4010 жыл, "Учунчу Кун" доору 4081 жыл, "Тортунчу Кун" доору 5026 жыл, созулган. Азыркы учурда биз жашап жаткан 5126 жылдык "Бешинчи Кун" доору биздин эрага чейинки 13 августа 3113 жылы башталган. "Бешинчи Кун" доору 21.12.2012 жылы бутот, ар бир доордун аякташы кандай бир алааматтар менен коштолуп турган. «Бешинчи Кун» доорунан кийин 5200 жыл созула турчу «Алтынчы Кун» андан кийин дагы 5200 жыл созулчу «Жетинчи Кун» доорлору болот деп жазылып келген.
кыскасы эл коргонду коробуз...
#98 30 March 2011 - 21:07
туура жазылган.. айталган Мехди - имам бул бир адам эмес бул бир нече адамдар (жылдыз балдары) мисалы Жетиогуздон Бакдоолот атту 10 жашар бала (Исанын(ас) инисимин деп келет) Бакдоолот атту китеби бар, мазмуну боюнча Куран, же Библияга окшоп кетет...
Ырайымдуу АЛЛАХТЫН ысымы менен.Ассаламу алейкум бир тууган.Жогорудагы Имам Махди бир нече адам деп катуу жанылышасыз. Имам Махди биринчиден Мадинадан чыгат,жана улуту араб болгон,пайгамбарыбыздын тукумунан болот.Ал торолуп озун Имам Махди экенин билбейт.Эгер кызык болсо бул тууралуу бир куну (достоверный)материал топтоп жазам. Анан Жети Огуздогу китеби менен чыккан жигит жонундо: "жээ ага катуу суук тийип калган,жээ ага ишенгендердин акылы кем жартык!! !" Анткени Мухаммад (С.А.В) акыркы пайгамбар жана Куран китеби да акыркы китеп болуп эсептелет! !!
#99 30 March 2011 - 21:21
КЫЯМАТ КҮНҮНҮН КЕЛҮҮСҮ ТУУРАЛУУ КАБАРЛАР
Аллах-Таала Ыйык КУРАНда мындай дейт:
(О Мухаммад! (с.а.в.) «алар сенден Кыямат Күнү тууралу «ал качан болот?» деп сурашат. (Сен) айткын: «ал тууралуу бир гана Аллах-Таала билет. Андан башка эч ким кыяматтын болор убактысы тууралуу билүүгө кудурети жетпейт. Аны билүү – асмандар жана жер үчүн өтө оор. Ал капилеттен болот. Алар сенден сен аны билип тургандай суроо беришет. Айт: «чындыгында эле, Кыямат Күнү тууралуу илим бир гана Аллахка таандык, Ал гана билет. Адамдардын көпчүлүгү Кыямат тууралуу ойлонуп да коюшпайт» (Куран, ал-Арааф: 187).
Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын сахабаларынын бири Жабир бин Абдуллахка Пайгамбарыбыз көзү өтөрдөн бир ай мурун мындай деген: «Силер менден Кыямат Күнү качан болору тууралуу сурайсыңар. Бул – бир гана Аллахка белгилүү нерсе. Аллахтын ысмы менен сөз берем, ушул күндөн жүз жыл өткөн соң азыр биз менен жашап аткан бир да адам жер үстүндө калбайт» (Муслимдин жыйнагынан). (Чындыгында эле ошол күндөн эсептегенде туура 100 жыл толгон күнү Пайгамбарыбыздын сахабаларынын эң акыркысы көз жумган– С.Г.)
Умар бин ал-Хаттаб мыйндай деген: «Бир жолу биз Аллахтын Элчисинин (саллаллоху алейхи вассалам) жанында олтурганыбызда биздин жаныбызга аппак кийим кийген, капкара чачтуу адам келди. Анын түрү алыстан келген мейманга да окшош эмес, бирок биз тааныган адамдардан да эмес эле. Ал пайгамбарыбыздын (с.а.в) чөк тизелеп олтурган тизесине өз тизесин тийгизе чөк тизелеп олтуруп, колдорун сандарына коюп: «о Мухаммад! Мага Ислам дини тууралуу айтып берчи» деди. Алланын Элчиси (с.а.в): «Ислам дини бул – Аллахтан башка кудай жок экенин, Мухаммад анын пайгамбары экенин мойнуңа алуу, намаз окуу, зекет берүү, рамазан айында орозо кармоо, чамаң жетсе Меккеге ажылыкка баруу» деп жооп берди. Ал: «Туура» – деп кубаттады. Биз оболу ал өзү сурап, анан кайра жоопту тастыктаганына таң калдык. «Мага иман жөнүндө айтып бер» деди анан ал. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Имандуу болуш үчүн сен Аллахтын жалгыз Кудайлыгына, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, , Кыямат Күнүнүн сөзсүз болоруна жана тагдырдын жакшылыгы да, жамандыгы да Аллахтан экенине шектенбестен ишенүү» деди. «Бул да туура» деди чоочун адам. Андан кийин ал: «Мага ихлас тууралуу айтып бер» деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Сен Аллахты көрүп тургандай ибадат кылышың керек. Анткени сен аны көрбөгөнүң менен, Ал сени көрүп турат. «Кыяматтын болоор убактысы тууралуу айтып бер» деди «мейман». Пайгамбар (с.а.в): «суралып жаткан адам сурап жаткандан ашыкча эч нерсе билбейт» деп жооп берет. «Анда мага анын жакындаганынын белгилери тууралуу айтып бер» деди тигил адам. «Күң аял өзүнө кожойке төрөйт, жылаңаяк, жылаңбаш, жакыр чабандар бийик үйлөрдү куруу боюнча атаандашышат» деп жооп берди пайгамбарыбыз (с.а.в). Ушул жооптон кийин тигил адам бизден алыстап кетти да, пайгамбарыбыз көпкө чейин ойго батып олтурду. Анан менден сурады: «О Умар, билдиңби сен, ким мага суроо берди?». Мен: «Аллах-Таала жана Анын пайгамбары мыкты билет» деп жооп бердим. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Силерге диниңерди үйрөтүү үчүн Жабраил периште өзү келди» деди (Муслим).
Биз жашап жаткан доордо көптөгөн адамдар «мен кыямат күнүнүн качан болоорун билем» дешет. Бирок мындай билдирүү – барып турган жалганчылык. Мындай жалганга наадан адамдар гана ишениши мүмкүн. Пайгамбарлардын мырзасы жана акыркысы Мухаммад (с.а.в) да, Аллах-Таалага жакын периште Жабраил да Кыяматттын качан болоору тууралуу билген эмес. Анткени аны билүү – «асмандарга да, жерге да абдан оорлук кылат...».
Бир гана нерсе белгилүү: Улуу пайгамбарыбыздын (с.а.в) Сүннөттөрүнөн белгилүү болгондой Кыямат Күнү жума күнү болот. Пайгамбарыбыздын белгилүү сахабасы (споджижник) Абу Хурайранын айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип айткан: «Күн чыккан күндөрдүн мыктысы – жума. Жума күнү Адам-Ата жаратылып, Бейишке киргизилген, (кийин) дал ушул күнү ал Бейиштен куулган. Кыямат Күнү да жума күнү болот» (муслим).
КЫЯМАТ КҮНДҮН ЖАКЫНДАШЫ
Асман-жер кыйратылуучу Кыямат Күнүнүн качан болору белгисиз болгонуна карабастан, адамдар ал күн улам жакындап келе жатканын унутпашы керек. Анын үстүнө Акырет жашоосу ар бир адамдын бул дүйнөдөн көз жумушу менен кошо дароо башталуучу нерсе. Ошол үчүн Ыйык КУРАНда дүйнөнүн кыйрашы жана акырет жашоосунун башталышынын негизги бөлүгү болгон Кыямат Күнү тууралуу көптөгөн жолу баса белгиленет. Аллах-Таала мындай деген: «Адамдар сенден кыямат Күнү(нүн качан болоору) тууралуу сурашат. Айт: «Ал тууралуу илим бир гана Аллах-Таалага таандык. Сен кайдан билесиң: Балким Кыяматтын болооруна жакын калгандыр?» (Куран, ал-Азхаб:63).
Аллахтын пайгамбары Мухаммад (с.а.в) айткан: «Мен адамзатка Кыямат менен кошо жиберилдим. (Ал тургай) Кыямат менден бир аз озуп кете жаздады»мухаддис Ахмаддын билдирүүсү боюнча).
КЫЯМАТ КАЙЫМДЫН БЕЛГИЛЕРИ
Кыямат Кайымдын (орусча Конец Света) жакын калганына Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өз үммөттөрүнө эскерткен хадистериндеги Кыяматтын болушунун аз калганынан кабар берген окуялардын ишке ашып жатканы эң мыкты күбө жана эң ишенимдүү далил. Хадистерден кездешкен ал окуялар Кыямат кайымдын жакын калганынан кабар берүүчү «Чоң белгилер» жана «Кичи белгилер» деп аталат. Кыямат Кайымдын жакын калганынын чоң белгилери булар – Кыямат кайым болоруна абдан аз калган кезде болуучу адаттан тышкаркы (сверхестественные) окуялар. Андай окуялар – 10: 1) Масих-ул-Дажжалдын келиши, 2) Иса бинни Мариямдын жерге түшүшү, 3) Имам Махдинин пайда болушу, 4) Яжуж жана Мажуж аттуу элдердин мусулмандарга кол салышы, 5) оболу Чыгышта, анан Батышта, жердин оюлуп түшүшү, 6) андан кийин Аравия жарым аралында абдан чоң дарыянын пайда болушу 7) дүйнөнү түтүндүн каптап кетиши, 8) күндүн батыштан чыгышы, 9) адамча сүйлөгөн айбандын пайда болушу, 10) Йеменден жер жарылып, жердин оюгунан жалын чыгып, бардык элдердин Кыямат Күнүнө Аллах-Тааланын алдына сурак берүү үчүн жыйналышы.
Кыяматтын жакындап калганынын майда белгилери – Пайгамбарыбыз айтып кеткен жана Кыяматтын жакындап калганын далилдеп туруучу, негизинен, адаттагыдай эле көрүнгөн окуялар.
#100 30 March 2011 - 23:11
Жогоруда айтылган Нибирунун траекториясы - биздин Кун менен очуп калган жылдыздын (бурый карлик) ортосунда айланант, бир айлануусу 3657 жылга жакын болот, Кун системасынын ичинен отуп баратып ар кандай таасирлерин тийгизип отот. Жерге тийгизчу таасири - Нибиру жерге жакын аралыкта отуп баратып, анын тундук уюлунан (северный полюс) чыккан магниттик талаа Жерди коздой багытталат,
Жер бул зор магниттик кучко туруштук бере албай, озунун туштук уюлун (южный полюс) Нибирунун коздой бурууга мажбур болот. Бул окуя болгон учурда Жердин огу (ось Земли) 90 градуска бир саат ичинде бурулат (сдвиг полюсов). Андан кийин ошол калыпта калат, жаны тундук, туштук уюлдар пайда болот, азыркы Индияда туштук уюлу орун алат. Кыргызстан южный полярный кругка кирип калат. Бул албетте суук болот деген тушунук. Ал эми азыркы учурдагы уюлдардан жаны экватор отот.
Тируу калган адамдар Казакстанды коздой бет алганы туура болот себеби ал тарап экваторго жакын болуп аба ырайы жылуу болот. (жаны картанын суротун карагыла). Свиг полюсов бул байткатпай келбейт мунун алдында эки айга чукул озгоруулор болот. (таблицаны карагыла)
9 дней Серьезного Колебания
4,5 дня статического Наклона Влево
2,5 дня перехода к 3 Дням Темноты
3 Дня Темноты
6 дней Восхода солнца на Западе
18 дней Замедления Вращения
6 (5.9) дней Остановки Вращения
Сдвиг полюсов
(zetatalk.com сайтынана алынды)
Тируу калган адамдар Казакстанды коздой бет алганы туура болот себеби ал тарап экваторго жакын болуп аба ырайы жылуу болот. (жаны картанын суротун карагыла). Свиг полюсов бул байткатпай келбейт мунун алдында эки айга чукул озгоруулор болот. (таблицаны карагыла)
9 дней Серьезного Колебания
4,5 дня статического Наклона Влево
2,5 дня перехода к 3 Дням Темноты
3 Дня Темноты
6 дней Восхода солнца на Западе
18 дней Замедления Вращения
6 (5.9) дней Остановки Вращения
Сдвиг полюсов
(zetatalk.com сайтынана алынды)

Супер-Инфо
super.kg
видео


















