Эсимде, 92-93-жылдары,
мен 7-8 жашымда Ысык-Көддүн жээгине барганда Ак чардактар (чайка) аябай көп болчу. Көлгө түшүп жүрсөң топ-топ болуп балыктын икралары жаныңан ары-бери сүзүп жүрчү... Пирстин үстүнөн кишилер арка-аркасынан секирип сууга түшүп жатышат, ошол эле жерде 5-6 киши кайырмак салып балык кармап турушат. Аларга кадимкидей чоң-чоң балыктар илинет, кичирээги түшүп калса ышкырышат, ошондо Ак чардактар туш тараптан учуп келип тигинин үстүнө топтошуп калышат, балыкты өйдө ыргытканда шамдагайраагы келип илип кетет да, калгандары алардын артынан талашкан бойдон кубалашып жөнөшөт...
Арадан жылдар билинбей өтүп кетиптир, ошол жылдар менен бирге көп нерсе өзөрүптүр...
Кайда жоголду ошол балыктар... кайда жоголду көл боюнда чардаган Ак чардактар...
Мына, адам баласынын жырткычтыгы тууралы бир мисал...
Мен өз практикамдан бир мисал келтирип койдум... Бул темада негизи эле жаратылышка тиешелүү маселелерди талкуулайлы достор...
Жаратылышты коргоо ой бөлүшөбүз
#3 01 November 2010 - 20:38
Бул жөнүндө Ч. Айтматов өз чыгармаларында ар дайым айтып келет. Керек болсо тоолор кулаганда романында да ушул тема козголгон!
Акча үчүн экологияны саткан арам тамак Бектур ата бар! Окуп көрсөңөр, балким биз андай болбой калаттырбыз!
!!
Отунбаевага таазим!
#4 01 November 2010 - 20:39
Тоолор кулаганда романында балыктын ордунда жолборс болот, бирок ошентсе да чыгармадагы жолборс менен биздин көлүбүздүн тагдыры бир болуп калган!!
!
Отунбаевага таазим!

Супер-Инфо
super.kg
видео










