Menin birinchi mugalimim Turdumamatova Turganby ejeke boldu.
Менин биринчи мугалимим! Ал кандай адам эле?
#142 05 Август 2014 - 13:36
Menin 1-mugalimim,2-enem "A"tamgasyn taanytkan insandyn aty==> MUSAEVA ZUURA ejeke.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#143 05 Август 2014 - 15:14
Акматова Марвет эже. Апам мугалим болгондуктан "а" тамгасын уйдон уйронгом
бирок биринчи мугалими катары жакшы таасир калтырып коп нерсеге Марвет эже уйроткон 



#144 05 Август 2014 - 15:35
Менин биринчи мугалимим Суусаркан эженин кээ бир айткан создөрүн азыр да эстейм. Биринчи эки класска бөлмөкчү болушуп, фамилия боюнча бөлгөндө башка мугалимге өтүп калгам, анан атамды ээрчитип барып кайра эжекемдин классына киргем. Суусар эжеке жаңы мектеп босогосун аттаганымда эле энелик мээримин төгүп, 4-классты бүткүчө өз канатында калкалап, мени көтөрмөлөп турчу. Ошол кезде түшкөн сүрөттө да бар, тултуйган, капкара кызды алдына коюп, ийининен кармап түшкөн. Ыраңы суук болсом деле жашы көрчү окшойт) Азыр пенсия жашында. Окуучуларга берилип сабак өтчу, түптүз басып, сумкесин колуна кармап мектепке кирип баратканын азыр да элестетем. Окуучуларды катуу айтып урушчу эмес. Анан дагы "кийин силер чоңоюп, мен карыйым. Ошондо силер машине минип баратканда кол көтөрсөмм саласынарбы же карыган кемпирди карабай өтүп кетесиңерби?
" дегени эч эсимден кетпейт. Чын эле кээ бир учурларда суу ичкен кудугубузга түкүрүп салат экенбиз...
#145 05 Август 2014 - 15:43
Мага "а"тамгасын уйроткон Кайринса деген эжекей болгон.Тилекке каршы ал эжейдин аты жонун толук билбейт экенмин.Себеби экинчи класстан баштап башка жакка которулуп кетип,башка жакта билим алгам.
#146 06 Август 2014 - 13:01
Салима эжекем.
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#147 17 Сентябрь 2014 - 13:06
Менин биринчи мугалимим Өктөм деген эжекейим болгон.Мени көтөрмөлөп жүрүп көп нерсени үйрөттү.Келчү жазда 10-жылдыкка кудаа буйруса барсак,бииир сыйлайбыз го бизди окуткан эжей-агайларыбызды.
...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#148 18 Сентябрь 2014 - 11:09
Сп Беганова Абиба деген эжеке болчу.Биз А класс элек Б классты корсок эле уруша берет элек.Б класс бизге, А класс анкоо, сабагынан жалкоо дейт эле, биз эжекеге айтсак чыгып урушуп, А класс айдай, индийский чайдай дедилтер эле.Кудундап аябай суйунот элек.
Сен бар учун...
#152 24 Июль 2015 - 02:43
Фамилясы эсте жок, аты Нурай эле...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#155 24 Июль 2015 - 12:24
Биринчи мугалимим Майрам эжеке болчу. Алиппе окуп жүргөн мезгилде аябай кыйналып окучуумун. К тамгасына келгенде адаттагыдай чайналып атсам эжей жинденип башыма бир түрткөн. Ушунчалык жинденгем. Шатыратып эле окуп калгам.
Минутага салып окутканда эң көп окуган мен болгом, (мактанып
)
Ошол кылганы үчүн ыраазымын.
Азыр да башталгыч класстарды окутат. Дале болсо ошол эле бойдон. Өзгөрүүсүз.
А биз кыйла уулгайдык..


Ошол кылганы үчүн ыраазымын.

#157 25 Июль 2015 - 13:02
Маматалиева Санабар укмуш мыкты эжеке сыйлап турам.Ушундай оор басырыктуу журогуно жеткире суйлогон аял.Балдарынын кунун корсун эжекем.
#158 26 Июль 2015 - 01:03
Биринчи мугалимим Курбанова Чолпон эжекем. Ото мээримдуу, сылык, тамашакой ээей эле. Ал эжекени биринчи коргондо эле балапан журогум элжиреп чын дилимден, тапптаза сезимдерим менен жактырганмын.
Чолпон эжей уйроткон ырлар, жомоктор, откон темалар, бийлеткен бийлердин ар бир кыймылы эсимде. Бизди таккыр урушчуу эмес, жинине тийсек же сабакты жакшы окубасак "карангы кабинетке камаймын"
десе корко берчуубуз "камаса эле динозавр, ажиналар жеп олуп калабыз" деп ойлочуумун.
. Ачыгын айтыш керек ошол жон эле свети жок комната экенин билсем деле алигече корком, мектепке барганда ошол жерди корсом журогум "шуу" дейт . Эсимде Чолпон эжеке окугула анткиле мынткиле деп кыйкырып, бакырып урушчуу эмес, анын ордуна "Иий Бегзат сен бир соз жаттап келсен аябай суйуном ушу сага 5 эле кое бергим келет, Апаз сени эжекелер мына баланыз жамман жакшынакай а жакшы окуса керек десе жоок дештен уялып ооба жакшы окуйт дедим мени калпычы кылбай жакшы окуп койчу балам, Умутай артына карай бербесен мен канча кыйналып тушундуруп атам сен артты карап олтурасын сен дагы мага бир нерсе айтсан мен артты карап алсам эмне болосун " деп сылык сыпаа тушундуроор эле. Мен эжейдин ар кандай кырдаалда да озун кармай билип, акыл калчап иш кылганын аябай баалачуумун.
Биринчи партанын биринчисинен эч жылган эмесмин башка жакка отойунчу десем " жоок мен сени коруп энергия алам, сени жакшы кором, эмне сен мени жаман коросунбу"
деп тамашалап койгону эсимде, ошондо мен сени жакшы кором деген созу алигече унутпаймын.
Ошондо куьбанганымды айт. Эжей бир кун келбей башка эжей сабак берип калса эч ким окубай коет эле. Ушундай бир башкача керемет эжей болчу Чолпон эжей.

Внешность - это козырь , но не туз…
#159 27 Июль 2015 - 02:38
Айнура эжеке. Бул эжекемде 2 гана жыл окугандыктан фамилиясын билбейт экем.
#160 27 Июль 2015 - 16:43
Башталгыч классты башка мугалим бутурсо да, уч ай гана окуткан Айнур эжекени биринчи мугалим деп эсептейм.