Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#1181 Пользователь офлайн   jonokoi.bala   16 Май 2018 - 10:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 842
  • Катталган: 11 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Янв 2024 20:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош облусу

Просмотр сообщения 312-banda (16 Май 2018 - 08:19) жазган:

Бугун башталды уже



Рамазан айынын башталышы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-майда Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абибилла Кадырбердиев кабарлады. Анын айтымында, ай көрүнгөн жок. "Айдын көрүнүүсүн карадык, бирок көрүнгөн жок. Ошондуктан Аалымдар кеңеши Рамазан айынын башталышын өзгөртүүсүз калтырды" , - деди Кадырбердиев. Белгилей кетсек, буга чейин Аалымдар кеңеши 2018-жылдагы Рамазан айынын башталышын 17-майга белгилеп, айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн экендигин эскерткен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1182 Пользователь офлайн   Babi.   16 Май 2018 - 18:47

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jonokoi.bala (16 Май 2018 - 10:22) жазган:

Рамазан айынын башталышы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-майда Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абибилла Кадырбердиев кабарлады. Анын айтымында, ай көрүнгөн жок. "Айдын көрүнүүсүн карадык, бирок көрүнгөн жок. Ошондуктан Аалымдар кеңеши Рамазан айынын башталышын өзгөртүүсүз калтырды" , - деди Кадырбердиев. Белгилей кетсек, буга чейин Аалымдар кеңеши 2018-жылдагы Рамазан айынын башталышын 17-майга белгилеп, айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн экендигин эскерткен.

Ошондо бугун туну ооз бекитебизби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1183 Пользователь офлайн   Mydearzh   16 Май 2018 - 18:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Просмотр сообщения Babi. (16 Май 2018 - 18:47) жазган:

Ошондо бугун туну ооз бекитебизби?

Ооба)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1184 Пользователь офлайн   jonokoi.bala   16 Май 2018 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 842
  • Катталган: 11 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Янв 2024 20:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош облусу

Просмотр сообщения Babi. (16 Май 2018 - 18:47) жазган:

Ошондо бугун туну ооз бекитебизби?


Ин Шаа Аллах буюрса бүгүн түнү бекитилет.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1185 Пользователь офлайн   Ernic   16 Май 2018 - 20:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 24 Июль 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 19:17


Ушу туурабы?

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 123.png

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1186 Пользователь офлайн   Missing-u   16 Май 2018 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен дагы кармайм буйруса
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1187 Пользователь офлайн   Mani.kg.   16 Май 2018 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9 692
  • Катталган: 04 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары.

....

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG-20180508-WA0002.jpg
  • Прикрепленное изображение: IMG-20180512-WA0000.jpg

Буйурса,баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1188 Пользователь офлайн   Bek_abad   17 Май 2018 - 01:54

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 04:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Ассалам алейкум!
Баарыңыздырга 30 күн орозо кармаш насип этсин.

Эми суроо: Сигарет чеккен адамды алдында жыттап отурса ооз ачылабы? Машинага чыксаң элдер чегип калат көбүнчө.
Илимдүүлөр жооп берип койсоңор. Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1189 Пользователь офлайн   Salaf   17 Май 2018 - 02:01

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 08 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Bek_abad (17 Май 2018 - 01:54) жазган:

Ассалам алейкум!
Баарыңыздырга 30 күн орозо кармаш насип этсин.

Эми суроо: Сигарет чеккен адамды алдында жыттап отурса ооз ачылабы? Машинага чыксаң элдер чегип калат көбүнчө.
Илимдүүлөр жооп берип койсоңор. Рахмат.


Ва алейкум ассалам. Аамиин, айтканыңыз келсин Иншаа Аллах.
Түтүндү жутуп алсаңыз ооз ачылат. Жыттап алсаңыз эч нерсе болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1190 Пользователь офлайн   Salaf   17 Май 2018 - 02:16

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 08 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Ernic (16 Май 2018 - 20:17) жазган:

Ушу туурабы?


Туура экөөсүтең, болгону ооз ачуудагы дуанын башы эле жазылып, калганы жокко?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1191 Пользователь офлайн   jizn_voram   17 Май 2018 - 02:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 02 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Май 2019 00:35
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Mani.kg. (16 Май 2018 - 23:18) жазган:

....

Ооз бекитүү кээ бирки сүрөттөрдө 3:51
мында 3:32 деп турат. Кайсы бири туура?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1192 Пользователь офлайн   kaidasyn   17 Май 2018 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения jizn_voram (17 Май 2018 - 02:34) жазган:

Ооз бекитүү кээ бирки сүрөттөрдө 3:51
мында 3:32 деп турат. Кайсы бири туура?


Жогорудагы "Ош облусу"

Томондогу Бишкек шаары экен,баардык орозо кармайм деп ниет кылган адамдардын орозонор кабыл болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1193 Пользователь офлайн   Bek_abad   17 Май 2018 - 05:46

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 04:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Просмотр сообщения Salaf (16 Май 2018 - 23:01) жазган:

Ва алейкум ассалам. Аамиин, айтканыңыз келсин Иншаа Аллах.
Түтүндү жутуп алсаңыз ооз ачылат. Жыттап алсаңыз эч нерсе болбойт.

Аа рахмат Аллах ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1194 Пользователь офлайн   ilgizk   17 Май 2018 - 08:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Ооз бекиткенден кийин паста менен оозду жууса болобу болбойбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1195 Пользователь офлайн   Mani.kg.   17 Май 2018 - 09:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9 692
  • Катталган: 04 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары.

Суроо: Орозодо ийне сайдырса болобу? Ооз ачылбайбы?

Жооп: Орозодо ийне сайдыруу орозону бузбайт. Анткени ийне аркылуу кирип жаткан суюктук, адаттагы азык кирүүчү жол (ооз, мурун, кулак, арткы аврет) менен эмес, андан башка жер аркылуу кирип жатат. Ошондой эле кирип барган жери да адаттагы азык кирүүчү жай (кекиртек, ашказан, ичегилер) эмес, этибарга алына турган көңдөй болбогондуктан, ийне менен берилген дарыга ооз ачылбайт.
Жооп:
Ийне сайса орозо бузбайт деген аалымдардын көч башында Мухаммад Саьиид Рамазан Буутий турат.
Кээ бир аалымдар курамында “глюкоза” болсо ооз ачылып калат дешет. А бирок, ага маани берүүнүн кажети жок.

☝Суроо: Орозодо сууга ,бассейинге түшсө,гусул кылса болотбу?

Жооп: Сууга,бассейинге түшсө болот салкындоо максатта ,этият кылып кулак мурунга суу киргизбөө керек. Гусул алса да болот оозду мурунду чайкаганда этият кылып.

☝Суроо: Орозодо тишти тиш паста мененен жуусу болотбу,мисвак менен тазаласа болобу?

Жооп: Тиш пастасы менен жууса болот,бирок даамы кетип калчуудай болсо ооз ачылып калат ошондуктан макрүх. Ошол үчүн ооз жапканда,ооз ачканда жууп койсоңуз жетишээрлик болот.
Мисвак менен тишти жуу,ал суулу болсо да,сууланган болсо да,түштөн мурун,түштөн кийин болсо да макрүх эмес.
Себеби: Мисвак ооздун жытын кетирип,ал орозо кармаган адамдын оозун жытын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана ырайымы болсун) мактаган: "Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Аллах Тааланын астында мисктин жытынан да жакшыраак болот ".
Эскертүү мисвак менен тазалаганда да абайлаш керек тиштеги калып кеткен тамак калдыктарын жутуп албоо керек орозо бузулуп калуусу мүмкүн..

☝Суроо: Орозодо жыттуу нерселерди себинсе,жыттаса, жүзүнө,колуна крем,косметикалык каражаттарды колдонсо,ооруган жерлерге мазь,май сүйкөсө орозо бузулабы?

Жооп: Атыр себинсе, жыттаса,кремдерди колдонсо ,мазь,май сүйкөсө орозо бузулбайт.

☝Суроо: Орозодо жаш балдарды,тууган, эже апаларды өбсө,күйөсү аялы өбүшсө орозо бузулабы?

Жооп: Жаш балдарды, тууган апа эжелерди жүзүнөн сүйүп өбүп койсо орозо бузулбайт.
А жубайлар ортосунда кызыгуу шахваттар козголуп кетчүү болсо макрүх болот. Эгер өздөрүнө ишенсе боло берет. Оозмо ооз өбүшү орозону бузат.

☝Суроо: Орозодо тамакты даамдаш,даарат эмес башка убакта оозду ,мурунду чайкаса,сагыз чайнаса орозо бузулабы?

Жооп: Макрүх болот. Макрух шариятта жактырылбаган иш орозонун соопторунан куру калуу дегендик. А макрүх убакта абайлабаса орозо бузулуп калат.. Тамактын даамын татуу нафил орозо учурунда болот,а парз орозодо болбойт.☝Суроо: Орозодо тиши канаса,шилекейин жутса,мурду канаса,тиш арасында калган калдыктарды жутса орозо бузулабы?

Жооп: Шилекейин жутса,түкүрсө бузулбайт.Түкүрүктү оозуна жыйып жутса макрүх болот.
Тиши канса,тиш жулдурса,мурун канса канды жутпаса орозо бузулбайт.
Көңүлү бузулуп башы айланып куса турган болсо ,кусканда ооз толо кусуп кайра жутуп алса орозосу бузулат. А кусканда кусунду артка өзү кайтып кетсе орозосу бузулбайт.
Тиш арасында калган калдыктар нокоттон чоң болсо жутуп алса орозосу бузулат.Оозуна кар, жамгыр кирип кетсе,жутуп алса бузулат.

☝Суроо: Орозодо көзгө, мурунга,кулакка, аялдар, эркектер алдыңкы жынысына даары тамызса орозо бузулабы?

Жооп: Көзгө даары тамызса орозо бузулбайт.
Кулакка,мурунга, аялдар,эркектер жыныстыгына
даары тамызса ички тарапка өтүп кетсе орозо бузулат.

☝Суроо: Боюнда бар аял,эмчек эмизген аял орозо кармаса болобу?

Жооп: Боюнда бар аял орозо кармап,баласына коркунуч болсо,же бала эмизген аял өзүнө, баласына коркунуч болсо, сүтү азайып кетсе орозо кармабайт.Врачтын кеңеши менен кармоо керек. А кийин казасын кармап берет.
Буйурса,баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1196 Пользователь офлайн   Mani.kg.   17 Май 2018 - 09:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9 692
  • Катталган: 04 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары.

☝Суроо: Тамеки,насвай орозону бузабы?

Жооп: Бузат анткени тамеки тартканда түтүн ички органга кирет,а түтүн орозону бузат.
Түтүн десе от жакканда же кандайдыр себептен түтүн оозго мурунга кирип кетсе орозо бузулбайт. Анткени атйлап жутулган жок кокустан болгону үчүн.
Насвай чеккенде бул оозго даам берет,жана адам кайф болуп өзгөрүү порссеси жүрөт организимде ошон үчүн бузат. Бул тамаки,насвай шариятта маркрүх тахримий болуп эсептелет. Бул дегени арамга жакыныраак.
Бир жылда бир келүүчү ыйык орозо айыбызды мындай жагымсыз нерселер менен булгабасак жакшы болоор..

☝ Суроо: Орозодо анализ тапшырса болобу?

Жооп: Доктор Рамазан Бути деген улуу аалым "ийненин бардыгы бузбайт" деп айткан. Албетте, ар кандай анализ тапшырууга жана ийне сайдырууга болот. Кандан анализ берүүдө да чочулоо керек эмес. Кан тапшырса, кан алдырса ооз ачылып калат дегендикке жатпайт. "Хохна" деген араб сөзүнөн которгондо ийне дегенди туюнтуп калган. Анын бир мааниси боюнча клизма кылууга болбойт. Ушул эки нерсени айрып түшүнүүдө айрым чала сабат молдокелердин айтуусу боюнча адамдар жаңылып калып жатышат. Дары-дармек же ар кандай майларды сүйкөнө берсе болот. Бир гана ооздун, кулактын, мурундун ичине дары киргизүүгө жол берилбейт. Негизи ачка жүргөн организм күчтүү ийнени жакшы көтөрө албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча ийне албаганга же кечинде алганга аракет кылуу( дурус.
☝Суроо: Этек кири келгенде орозо кармоо керекби?

Жооп: Жок, намаз окубаган сыяктуу эле орозо да келген күндөн баштап таза болгон күнгө чейин оозу ачык болот. Таза болгондон кийин гусул алып кармай берет. Качан күн келген болсо ошончо күн казасын кармап берет.

☝Орозо кармагандар үчүн күмүш сырга болсун! Башкаларга таркатууну да унутпаңыз, кээ бир туугандарыбыз суроолоруна жооп таппай жүрүшү мүмкүн себепчи болуп калыңыз!

"Муктасар "китебинин, Чубак устаздын өкүмдөрү негизинде даярдалды ...

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
Буйурса,баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1197 Пользователь офлайн   kayrat94   18 Май 2018 - 16:00

  • Момун
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 11 Июнь 15
  • Соңку аракети: 31 Май 2023 23:39

Саламатсынарбы баарынарды келген ыйык рамазан айы менен куттуктаймын!

Орозо календарь андроид телефондоруна тиркеме жасадым
Досторунар менен болушкуло !

Орозо Календарь 2018 Play market

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Screenshot_2018-05-18-04-29-51-405_kg.jakwyapps.islam.kyrgyzstan.orozo2018.png
  • Прикрепленное изображение: Screenshot_2018-05-18-04-28-38-469_kg.jakwyapps.islam.kyrgyzstan.orozo2018.png

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1198 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   18 Май 2018 - 16:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

.........Отуз жыл бою Орозо туткан адам - кудук башына келип, суу алуу үчүн кезекке турат. Кезек канчалык көп болсо да, талашып-тартышпай сабыр сактап турганда, кезектин аягында турган бирөө кыйкырып:
- Мен бүгүн Орозомун! Кезек бергилечи. Карыным ачты, чөлдөдүм, - деп чуу чыгарат.
Баягы адам ар адамга ошентип айтып, акырындап алдыга жакындай берет. Отуз жыл бою Орозо туткан адам башында маани бербей турган менен, бир кезде чыдамы түгөнүп:
- Эй, бир тууганым, эгер Орозо тутканга жол берүү керек болсо, отуз жыл Орозо туткан мен - биринчи алуум керек эмеспи?
Сен неге бир күн туттум деп элди кырып кеткен атасың?- дейт ачууланып.
Ошондо баягы киши каркылдап күлүп жиберип:
- Сага отуз жыл бою сөзүм өтпөгөн эле. Эми мына, Орозоңду милдет кылып бардык жыйнаган сообуңдан айрылдың. Мага да эң кереги ушул эле ,- деп көздөн кайып болуптур Шайтан.

Ошол себептүү туткан Орозобузду милдет кылбай туталы, бир туугандар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1199 Пользователь офлайн   KAPAGAT   18 Май 2018 - 22:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Туткан Орозобузду Аллахым кабыл кылсын! Аминь



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1200 Пользователь офлайн   Birudar   18 Май 2018 - 23:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 13 Август 17
  • Соңку аракети: 02 Авг 2020 19:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылдын четинде

Orozo adam ooz jabkandan kn uktap jatyp tuwurkoso ooz achylaby?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 05:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: