Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#201 Пользователь офлайн   Likvidator   24 Декабрь 2011 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бир жолу кармагамын . Анда да аягына чыгалган эмесмин. Кармаш керек эле . Бирок эч эле чыгынбадым .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#202 Пользователь офлайн   Aydashka   24 Декабрь 2011 - 18:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Likvidator (24 Декабрь 2011 - 18:27) жазган:

Бир жолу кармагамын .

Экинчи жолу деле кармап корсон,озунду таза жана женил сезип каласын! :rolleyes:
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#203 Пользователь офлайн   aminali   01 Январь 2012 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Такыр кармап көргөн эмесмин,ниет бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#204 Пользователь офлайн   Yasmin   21 Январь 2012 - 07:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 11 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 16 Июл 2015 20:36
  • Жынысы:Аялзаты

orozonu baardyk balagatka jetken musulmandardyn karmoosu parz (mildet) bolot.Allax taala buiurgan. sossuz karmoo kerek eger any kim karmabasa kunookor bolup eseptelet. kaza orozolordu tolugu menen eseptep chygyp karmoo kerek. eger adam kartaiyp karmoogo aly jetpese ramazan aiynda kundo bir adamdy toigozuu kerek.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#205 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Урматтуу Суперчилер орозо айы жакындап калды.Кимдин быйыл орозо кармайм деген ниеттери бар жана Орозодон Адамзаты кандай пайда алат!!! !!!!! !Сиздердин оюнуздар кандай!! !!!!! !!!!! !!!!! !СүрөтСүрөт

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: رمضان4.jpg

 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#206 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 17:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орозо

Ислам дининде парыз болгон ибадаттардын үчүнчүсү кайсы? Рамазан айында бир ай орозо кармоо ислам дининде парз болгон улуу ибадаттардан болот. Орозону кандайча кармайт?
Так аткандан баштап күн батканча ниет кылуу менен ичпей жебей, жыныстык катнаш кылбай жүрүү орозо кармаганга жатат.
Орозонун канча парздары бар?
Орозонун парзы үчөө. Алар орозо кармоого ниет кылуу, белгиленген убакыт ичинде тамактануудан сактануу, жыныстык катнашуудан алыс болуу.
Ниет кылбай бир күн бою ичпей-жебей, жыныстык катнашка жакындабай жүрсө орозо кармаганга эсептелеби?
Орозо кармоого эсептелбейт.
Орозо кайсыл маалда ниет кылынат?
Таң атаар маалдын алдында тамактанып соор ичип таң атканга чейин ниет кылынат.
Эгер соорлук кылууну унутуп калса, оозун беките берсе болот.
Орозону тили же көңүлү менен ниет кылабы?
Негизинен тил менен ниет кылган туура болот, бирок көнүлү менен ниет кылуу да жетээрлик.
Орозону тили менен кандайча ниет кылат?
“Навайту ан-асуума-савма шахри рамазана минал фажри илал магриби халисан лиллахи таала”, - деп тили менен ниет кылынат. Бул болсо “Аллах Таала үчүн чын ыкласым менен ниет кылам, орозону кармоого таң аткандан күн батканча”, - дегенди билдирет.
Күн батканда орозонун учуру бүткөндө эмне кылуу керек?
Кайнатылбаган таза суу сыяктуу нерсе менен ооз ачып иптар кылынат.
Курма сыяктуу таттуу жемиштер менен иптар (ооз ачаар) кылуу мустахаб сооптуу болот.
Иптар кылууда кандай дуба окулушу керек?
“Аллахумма лака сумту ва бика ааманту ва алайка таваккалту ва алаа ризкика афтарту фагфирли я гаффару маа каддамту ва маа аххарту” деген дуба окулат.
Бул болсо: “Я Рабби, ушул орозомду Сен үчүн гана туттум. Мен Сага иман келтирдим, Сага тобокел кылдым, Сенин берген ырыскың менен оозумду ачтым, оо күнөөлөрүмдү кечирүүчү Алла, мына эми менин мурунку жана кийинки күнөөлөрүмдү кечиргин”, - дегендикти билдирет.


 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#207 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Суроо суперчилерге? ???? 1-Орозо кармаган адам эмнелерди кылуу сүннөт?

2-Орозо туткан Адам эмнелерди кылса макрух?


3-Орозону кафаарат кылуу деген эмне?

4-Кафаарат деген эмне?

5-Эгер бир адам орозо кармоого ниет кылбай кара жүздүүлүк менен атайлап күндүзү тамактанса, андай адамга эмне кылыш керек?

6-Эгер бир адам өзүнун орозо экендигин билип туруп жаңылыштык менен бир аз тамактанса же бир нече тамчы суу ичсе атайы орозосун бузуу үчүн кусса же болбосо күндүн батпаганын билип турса да иптар кылса андай адамдын орозосу бузулабы?

7-Эгер орозо кармаган кишинин оозуна кар же жамгыр түшсө дагы ушул сыяктуу абалдарда ал кишинин орозосу бузулабы?

8-Орозо кармаган адам тишинин арасындагы тамак-аштын калдыгын жутса орозосу бузулабы?

9-Этек кири келген жана төрөттөгү аялдарга орозо кармоо дурус болобу?

10-Эгер аял киши орозонун ичинде этек кирдүү же нипастуу болсо эмне кылышы керек?




 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#208 Пользователь офлайн   admin_superstan   03 Июль 2012 - 17:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Ыйык Рамазан Айы" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#209 Пользователь офлайн   ANELKA   05 Июль 2012 - 08:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

11 aidyn sultany bolgon yiyk Ramazan aiy da jakyndap baratat. Daiardanyp jatsanar kerek albette?! Kelgile, jok degende uwul aidy Allah u4un dep sooptuu iwterdi, amaldardy kylyp otkorolu dostor. :)
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#210 Пользователь офлайн   musab   06 Июль 2012 - 08:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 03 Июль 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2015 06:47

Просмотр сообщения Kg_boy3239 (03 Июль 2012 - 17:45) жазган:

Суроо суперчилерге? ???? 1-Орозо кармаган адам эмнелерди кылуу сүннөт?

2-Орозо туткан Адам эмнелерди кылса макрух?


3-Орозону кафаарат кылуу деген эмне?

4-Кафаарат деген эмне?

5-Эгер бир адам орозо кармоого ниет кылбай кара жүздүүлүк менен атайлап күндүзү тамактанса, андай адамга эмне кылыш керек?

6-Эгер бир адам өзүнун орозо экендигин билип туруп жаңылыштык менен бир аз тамактанса же бир нече тамчы суу ичсе атайы орозосун бузуу үчүн кусса же болбосо күндүн батпаганын билип турса да иптар кылса андай адамдын орозосу бузулабы?

7-Эгер орозо кармаган кишинин оозуна кар же жамгыр түшсө дагы ушул сыяктуу абалдарда ал кишинин орозосу бузулабы?

8-Орозо кармаган адам тишинин арасындагы тамак-аштын калдыгын жутса орозосу бузулабы?

9-Этек кири келген жана төрөттөгү аялдарга орозо кармоо дурус болобу?

10-Эгер аял киши орозонун ичинде этек кирдүү же нипастуу болсо эмне кылышы керек?




Орозокармаган адам эмнелерди кылуу сүннөт?

Түндө туруп таң агарганга чейин саарлыккылуу тамактануу, таң атканча орозо тутууга ниет кылуу,орозо тутуу мененкөңүлдөгү жаман ниеттерди жок кылууга ниет кылуу, орозо учурунда пайдасыз жанатартипсиз сөздөрдү сүйлөөдөн жана эшитүүдөн сактануу. Адамдар мененбакырып- кыйкырышуудан, урушуудан сактануу, бардык күнөө иштерден өзүн тыюу,мүмкүн болушунча зикир, тасбих жана Куран окуу сыяктуу жакшы сооптуу иштерменен аракеттенип күн батканда шам намазын окуудан мурда оозун ачуу сүннөт иш.

Орозо тутканАдам эмнелерди кылса макрух?

Пайдасыз,адепсиз сөздөрдү сүйлөө, адамдар менен урушуу, сөгүшүү, мончогокирүү ,суу ичине түшүү, бир оокатты чайноо, эч бир муктажсыз эле оокаттын тузундаамын татып көрүү, өбүшүү,бир күн орозо туткандан кийин кечкурун эч нерсе жеп-ичпестен экинчи күнгө орозо тутуу макрух (жакшы көрүлбөгөн) иштер.

Эгерде бирадам өзүнүн орозо экендигин билип туруп өз каалоосу менен орозону буза турганкайсы бир иштерди кылса,ал адам эмне кылса болот?

Орозонун казасынтутуп берет жана дагы өзү билип туруп ,эч бир себепсиз орозону бузганы үчүнкафааратын да тутуп берет.



Каза жана кафаарат

Орозону кафаараткылуу деген эмне?

Бузулган орозонукайра кармоо, орозону каза кылуу дегендикти билдирет.

Кафаарат деген эмне?

Бузган орозо үчүн биркулду эркиндикке чыгарса, эгер ага күчү жетпесе, ар күндүк орозонун ордуна 60күн туташ орозо кармоого туура келет, эгер оору болсо 60 жарды бей-бечараларгатамак- аш кылып тойдурса да туура болот.

Эгер бир адамкафаарат үчүн 60 күн такай орозону кармоону баштап, арада бир күн орозосун ачыпалса эмне кылуу тийиш?

Андай кылган адамкафаарат үчүн кайра 60 күн орозо кармаса туура болот. Мурдагы туткан орозосукафааратка эсеп болбойт.

Эгер бир адам рамазанайында ниет кылып орозо кармаса, бирок кармалган орозосун бузса, андай адамэмне кылуу керек?

Ар бир бузулган орозокүндөрү үчүн орозо бүткөндөн кийин каза кылат жана кармабай калган орозокүндөрүнүн бардыгы үчүн бир кафаарат кылса туура болот.

Эгер бир адам орозокармоого ниет кылбай кара жүздүүлүк менен атайлап күндүзү тамактанса, андайадамга эмне кылыш керек?

Ал адамга кармалбайкалган орозо күндөрү үчүн каза кылуу жана күнөөсүнө өкүнүп тооба-истигфарайтуусу керек, себеби андай адамдын күнөөсү жеңил күнөө эмес каффаарат мененэле күнөөсү жоюлбайт.

Эгер бир адам өзүнунорозо экендигин билип туруп жаңылыштык менен бир аз тамактанса же бир нечетамчы суу ичсе атайы орозосун бузуу үчүн кусса же болбосо күндүн батпаганынбилип турса да иптар кылса андай адамдын орозосу бузулабы?

Албетте, бузулат.Бирок ошол күнү кечке орозонун урматы үчүн орозо сыяктуу жүрүш керек. Ал адамкаффаарат кылууга болбойт. Рамазан айы бүткөндөн кийин кармабай калган орозокүндөрү үчүн каза кылуу тийиштүү болот, бирок каффаарат тийиш эмес.

Эгерде орозо тутканадамдын тамагына чаң, түтүн сыяктуу нерселер кирсе орозодо оозу ачылбайт, андайучурда эч каза каффаарат керек болбойт.

Эгер орозо кармаганкишинин оозуна кар же жамгыр түшсө дагы ушул сыяктуу абалдарда ал кишининорозосу бузулабы?

Бузулат. Алкиши ошол күнүнө бир күн орозо тутуп берет да, бирок каффарат берүү керекболбойт.

Эгер бир адамөзүнүн орозо экендигин унутуп, билбестен тамактанса же аялына жакындык кылсаорозосу бузулабы?

Бузулбайт. Бирокандай кишилерге гусул кылуу тийиш болот. Анда суу ичине түшпөй, отурбастан идишаркылуу суу куюнуп гусул кылышы керек болот.

Орозокармаган адам тишинин арасындагы тамак-аштын калдыгын жутса орозосу бузулабы?

Эгер жутканнерсеси буурчактан кичине болсо жана аны оозунан чыгарбай жутса орозосубузулбайт. Эгер буурчактан чоң болсо же оозунан чыгарып жутса, бузулат. Андакаффараттын кереги болбойт.

Этек кирикелген жана төрөттөгү аялдарга орозо кармоо дурус болобу?

Дурусболбойт.

Эгер аял кишиорозонун ичинде этек кирдүү же нипастуу болсо эмне кылышы керек?

Андай абалболсо, орозо тутушу дурус эмес. Кармалбаган орозо күндөрү канча болсо рамазанайынан кийин ошончо күн каза кылышы керек болот.



Орзонун фидиясы

Карылыгы жеткен адам,орозо кармашка күч-кубаты жетпесе эмне кылат?

Орозо кармабайт.Бирок орозо кармабай калган ар бир күндөрү үчүн фитир садагасы өлчөмүндө пидиябериши керек болот. Эгерде андай адамдардын рамазан айынан кийин күч-кубатыоңолуп жакшы болуп калса, орозо кармалбай калган күндөрү үчүн орозосунунказасын тутуп берет.

Кош бойлуу же эмчектебаласы бар аял орозо тутса баласына, өзүнө зыян боло тургандай абал болсо орозокармабай койсо болобу?

Орозо кармабай койсо болот,алардан бошогондон кийин орозосун каза кылат.

Эгер бир адам орозокармагысы келип, бирок кармайын десе ден-соолугуна зыян боло турганын айтыптабып орозо тутпоого өкүм кылса, ал орозо кармаса болобу?

Мындай учурда орозокармабай койсо да болот. Бирок ден-соолугу жакшы болгондон кийин ал ар биркүнүнө бир күн орозосун каза кылууга тийиш болот.

Жол тартып, мусапырболгон адам орозо кармашка болобу?

Эгер сапары алысболуп, оор болсо орозо кармабаса деле болот, сапары бүткөндөн кийин орозосунунказасын тутуп берет. Сапарга чыгууга даярданып, мына ошондон орозосу бузулсаанда жакшы болбойт. Бул учурда бузулган орозосун каза кылышы шарт.

Мусапыр адам биркүндүк орозого ниет кылбай эртең менен тамактанып алса, анан өз үйүнө кайтыпкелсе, анан эмне кылышы керек?

Анда ал адам келгенэле күнү күн батканча орозо кармаган адам сыяктуу тамак-аш жебей турушу керек.Эгерде анда да орозосун бузса, анда ал орозосун каза кылат да, каффараткылынбайт.

Эгер бир адамдынказага калган орозолору болсо ал тез каза кылуу тийишпи?

Албетте, тез казакылышы керек.

Бир адам казадакалган орозолорун кармоого убактысы болуп туруп, бирок кармабаса, анан ооругачалдыгып начар абалда калса, ал адам эмне кылуу ваажип?

Артында калганбала- бакырасына, тууган-туушкандарына каза кылган орозолорун эскертиш керек.Эгер ал адам каза тапкан болсо анда анын дүнүйөсүнүн үчтөн бир бөлүгүн фидягаберүүгө тийиш.



Назир жана напил орозолор

Эгерде бир адамбаланча ишим орундаган болсо, баланча убактысында орозо кармаймын же баланчаубакытка чейин орозо кармайм деп назир (сөз берсе) айтса ал кишиге эмне кылууваажип болот?

Айткан назирин(сөзүн) аткаруу ваажип болот.

Назир орозого кайсыубакытта ниет кылынат?

Эгер орозо кармалатурган убактысы белгилүү болсо бешим намазынын алдында ниет кылса да дурусболот. Бирок күнү белгилүү болбосо, анда таң атканда ниет кылуу тийиштүү болот.

Рамазан айынан башкаубакыттарда орозо кармоо болобу?

Эки айт күндөрүнөнжана ташрик күндөрүнөн башка күндөрү орозо тутуу чоң сооп болот. Бейшемби,дүйшөмбү күндөрү, ашуура, ражаб, бараат, арафа, зулхижжа, мухаррам айларынынбиринчи апталык күндөрүндө ай жаңы көрүнгөндө напил орозолорун кармоо өтө чоңсооп болот.



Орозонун макрүх болгон күндөрү

Кандай күндөрдө орозокармоо макрүх болот?

Эки айт күндөрүндө. Курбан айттын кийинки үч ташрык күндөрүндө жана так жума, так ишемби күндөрдөорозо кармоо макрух болот. Жума жана ишемби күндөрүндө эки үч күн кошуп орозотутса, мисалы шейшемби күнү менен жума күнү, ишемби менен жекшемби күнү напилорозону кармаса дурус болобу?

Дурус болот.

Ниет кылуу мененнапил орозого киришкенден кийин ошол орозону бузса эмне болот?

Макрүх болот.

Конокко баруусебебинен же үйүнө конок келүү себеби менен напил орозону бузуу дурус болобу?

Мындай кездердеконоктун капа болбоосу үчүн ал кишинин урматы үчүн бешимге чейин болсо бузуусудурус болот. Бешимден кийин напил орозону бузбаганы дурус болот.

Эгер бир кишибаштаган напил орозосун бузса ал кишиге эмне кылуу тийиштүү болот?

Бузулган орозосункийин каза кылуу тийиштүү болот.



Ай (хилал) көрүү

Рамазан айынын башыкайсы күнү болот.

Шаьбан айынын29-күнү, ошол күндө жаңы ай көрүнсө анын эртеси рамазандын башы болот.

Шаьбандын 29-күнүндөжаңы ай (хилал) көрүнбөсө эмне болот?

Анда шаьбан айын 30күн эсептейт отуз биринчи күнү рамазан айынын башы болуп саналат.

Орозо айт күнү кайсы?

Шаввал айынын биринчикүнү болот. Рамазан айынын 29 же 30- күндөрүндө соңку шаввал айынын кечиндехилал көрүнсө эртеси айт битир, орозо айт күнү болот.

Отуз кун орозокармагандан кийин, соңку шаьбан айынын жаңы айы көрүнбөсө эмне кылат?

Рамазан айынын башыкүмөндүү болсо, эртеси орозо айт күнү деп эсептелет.

Эгерде орозонунбашталышы күмөндүү болсо, анда эмне кылынат?

Отуз бир күн орозокармап отуз экинчи күнү айт битир орозо айт күнү болот.

Айдын көрүнгөнүжөнүндө канча адамдын сөзү туура деп саналат?

Күн батып, караңгыкирээр кезде асманда булут жок болсо, жаңы айды көпчүлүк адам көрүүгө тийиш,анда бир, эки адамдын сөзү кабыл алынбайт. Эгерде асман булуттуу болсо: орозонукармаардын башталышында эркек же аял бир гана адал жүргөн такыба адамдын сөзүнкабыл алат. Айт битир күнү үчүн эки адал эркек адамдын же бир эркек жана экиаялдын айды көрдүм деген сөзү кабыл алынат.

Адал адам кандай адамболот?

Чоң күнөө кылуудансактанган, акыл-эси толук мусулман Адам адал Адам деп саналат.

Шаьбандын жыйырматогузунчу күнүндө хилал көрүнбөй калса отузунчу күнү кайсы айдын күнүнөэсептелинет.

Анда ал күн шаьбанменен рамазандын арасындагы күн болот.

Б.а. шаьбандын30- күнү же рамазандын 1-күнү болуу ыктымал. Ошондуктан ал күндү шек күнү депаталат.

Шек күнүндө эмнелердииштөө тийиштүү?

Ар ким бешим намазыначейин айдын көрүнгөнү жөнүндө кабар келет деп, орозо кармаган адам сыяктууболуп туруууга тийиштүү болот.

Ай көрүндү деп кабаркелип, имам муну – кабыл кылса эмне болот?

Ар кимиси ниет кылыпорозо тутат.



Иьтикаф

Иъатикаф деген эмне?

Рамазан айындамечитте болуу.

Иътикаф кылуумилдеттүү ишпи?

Ар бир адамга сүннөтболуп саналат.

Иътикафтын эң азыканча күн?

Азы бир сутка көбү онкүн.

Иътикафты рамазандынкайсы күндөрү кылуу сүннөт?

Рамазандын акыркы онкүнүндө кылуу сүннөт.

Аялдар рамазан айындакайсы жерде иътикаф кылышат?

Намаз окуй турганжерлеринде, өзүлөрүнүн үйүндө кылышат.

Иътикаф кылуучунунтамак- ашы, укташы кайсы жерде болот?

Мечитте болот.

Мечиттен чыгып кетишидурус болобу?

Даарат алыш үчүнмечитте – аткарууга болбой турган иштер жана жума намазына баруу сыяктуутийиштүү иштер үчүн чыгуу дурус болот.

Пайдасыз дүйнө ишиүчүн мечиттен чыкса эмне болот?

Анда алты сааткачейин убакыт өтсө иътикаф бузулат. Иътикафты кайрадан баштоого туура келет.

Иътикаф кыла турганадамдар мечитте эмнелерди кылат?

Намаз, Куран жанабашка китептерди окуйт, илим үйрөнөт, башкаларга илим үйрөтөт. Зикир, тасбихайтат, дуба кылат. Китептер жөнүндө сүйлөшөт. Керек өтө зарыл болбосо дүйнөсөздөрүн, дүйнө иштерин сүйлөшпөйт.

Иътикаф кылуучу адамаялдар менен учурашса дурус болобу?

Иътикафдагы адамгааялдардын денесине колдорун тийгизүү дурус болбойт, эгерде жакындык кыла турганболсо иътикаф бузулат.

("Ислам ибаадаттары" китебинин 5-бөлүмүнөн алынды)

Билдирүүнү түзөткөн: musab: 06 Июль 2012 - 08:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#211 Пользователь офлайн   musab   06 Июль 2012 - 08:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 03 Июль 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2015 06:47

“. ..Рамазан айы – бул айда адамдар үчүн туура жолду көрсөтүүчү ,ачык- айкын хидоят далилдерин камтыган жана акыйкат менен жалганды айырмалоочуКуран түшүрүлгөн. ..” (Куран 2:185)

Биринчи түйүн: Ыйык Рамазан айындагы орозо – Ислам дининин бештүркүгүнүн бири жана Ислам шариятынын улуу шарттарынан болуп саналат.

Ушул ыйык Рамазан айындагы орозонунАллах Тааланын ааламды башкаруусуна, инсандын коомдук жана жекече жашоосуна, жананапсисинин тарбиялануусуна, жана да Аллахтын берип жаткан ырыскыларына шүгүркылуусуна караган көптөгөн терең сырлары бар.

Аллах Тааланын ааламды башкаруусужагынан карагандагы орозонун көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:

Аллах Таала жер жүзүн бир сыйдасторкон сыяктуу жаратып, бардык ырыскыларынынтүрлөрүн дал ошол дасторкондо مِنْ حَيْثُ لاَ يَحْتَسِبُ «... күтүлбөгөнжерден чыгарат...» (Куран65:3) аятында айтылгандай, ал дасторконун жаюусу менен чексиз башкаруучулугун жана Мээримдүүлүк мененЫрайымдуулугун көрсөтүп жатат. Инсандар наадандык пардасы астында жана себептерчөйрөсүндө ал жагдайды баяндап жаткан акыйкатты толук көрө албай, кээде унутупкоюшат. Ыйык Рамазан айында болсо, ыймандуулар дароо тартиптүү бир аскер ордосусыяктуу болуп калат. Аллах Тааланын сый дасторконуна чакырылган конок сыяктууооз ачарга жакын “Кана эмесе, келгиле!” деген буйрукту күтүп жатышкан сыяктуукулчулук мамилелерин көрсөтүүлөрү – ошол Аллах Тааланын мээримдүү, боорукержана баарын камтыган ырайымы үчүн, кенен, улуу жана тартиптүү бир кулчулукменен жооп берип жатышат. Таң калыштуу, ушундай улуу кулчулукка жана кадырлуусый көрүүгө кошулбаган адамдар инсан ысымына татыктуу болушабы?..

Экинчи түйүн: Ыйык Рамазанайындагы орозонун Аллах Тааланын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылуугакараган жагынан көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча: «Биринчи Сөздө»айтылганы сыяктуу, бир падышанын ашканасынан бир кызматчынын алып келгендаам- тамактары кандайдыр бир баа талап кылат. Ал кызматчыга акы төлөнүпберилген болсо да, абдан баалуу болгон ал тамактарды кымбатсыз деп ойлоп, ошол тамактардыберип жаткандын ким экенин тааныбоо чексиз даражада акмакчылык болгон сыяктуу, АллахТаала ырыскыларынын чексиз түрлөрүн бүткүл адамзатка жер жүзүндө жайыпташтаган. Ошондуктан, ал ырыскыларынын акысы үчүн шүгүр кылуубузду каалайт. Алырыскылардын сырткы себептери менен ээлери жогорудагы мисалда айтылган кызматчысыяктуу. Ал кызматчыларга акы берип, аларга милдеткер болуп, атүгүл алартатыктуу болбогон көптөгөн ашыкча урмат-сый менен ыраазычылыктарды билдирипжатабыз. А бирок, чыныгы ырыскыларды берип жаткан Аллах берип жаткан ырыскыларынанулам, ал себепчилерге караганда чексиз даража шүгүр кылууга ылайыктуу. Мынаушул ыраазычылык – ал ырыскыларды түздөн-түз Андан деп билүү, ал ырыскылардынкадырына жетүү жана ал ырыскыларга муктаждыгын сезүү менен гана боло алат.

Мынакей, Ыйык Рамазан айындагы орозо – чыныгы жанаыкластуу, улуу жана жалпы бир шүгүрчүлүктүн ачкычы болуп эсептелет. Анткени,башка убактарда ачкачылыкка мажбур болбогон инсандардын көпчүлүгү чыныгыачкачылыкты сезишпеген кезде, көптөгөн ырыскылардын кадырын түшүнө алышпайт.Бир сындырым кургак нан карды ток адамдарга, өзгөчө ал адам бай адам болотурган болсо, андагы ырыскынын баалуулугу билинбейт. А бирок иптар учурундаошол кургак нан ыймандуу адамдын назарында Аллах Тааланын өтө баалуу белеги болгондугуна даам сезүү органы күбөболот. Падышадан баштап тээ кедей-кембагалдарга чейин баары ыйык Рамазанда ошолырыскылардын баалуулугун аңдоо менен руханий шүгүр кылган болушат. Жана дакүндүзгү жеп-ичүүдөн тыйылуу менен: «Булырыскылар менин мүлкүм эмес. Мен буларды өзүм каалагандай жеп-иче албаймын.Демек, башка бирөөнүн малы жана белеги. Анын буйругун күтүп жатам» деп ырыскыныАллахтын бир белеги деп билет, руханий шүгүр кылган болот. Мына ошентип орозо көптөгөн жактары мененинсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычы сыяктуу болуп кала берет.

Үчүнчү түйүн: Орозонун адам баласынын коомдук жашоосуна караган жагынаналгандагы көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча: Адамдар тиричилик өткөрүүжагынан ар түрдүү жаратылышкан. Аллах Таала бул карама-каршылыкка байланыштуу, байларды жакыр адамдардын аянычтууабалдарына жардам берүүгө чакырууда. Башкача айтканда байлар жардылардын боорачый турган абалдарын жана ачкачылыктарын орозодогу ачкачылык менен гана толук сезеалышат. Эгер орозо болбогон болсо, ачкачылык менен жакырчылык кандай гана аянычтуужана жакырлардын кандай гана мээримге муктаж экендиктерин түшүнө албай турган көптөгөннап#### кул болгон байлар табылаар эле. Булсыяктуу адамзатынын бири-бирине көрсөткөн мээримдери чыныгы шүгүрчүлүктүн негизи болуп саналат. Кандай гана адам болбосун, өзүнөн да кедей бир жакыр адамды таба алат. Ал адамгамээрим төгүп жардам берүүгө милдеттүү. Эгернапсисинде ачкачылык чектирүү мажбурдуулугу болбосо, мээрим аркылуу жардамкылууга милдеттүү болгон жакшылыкты жана жардамды кыла албайт, кылса да толукболушу мүмкүн эмес. Анткени, чыныгы ал абалды өз напсисинде сезип көргөнэмес. ..

Төртүнчү түйүн: Ыйык Рамазанайындагы орозонун напсини тарбиялоо жагына багытталган көптөгөн сырларынын бир сырымындайча: Напси - өзүн ээн-эркин жанабоштондукта болуусун каалайт жана ошондоймун деп эсептейт. Атүгүл курулай кыялданганбир башкаруучулук менен өзү каалагандай аракет кылууну табиятынан арзуу кылат.Чексиз ырыскылар менен асыралып жатканын ойлонгусу да келбейт. Өзгөчө, дүйнөдөбайлыгы менен күч-кубаты бар болсо жана ага наадандык дагы жардам бере турганболсо, Аллахтын белектерин зордуктап, ач көздүк менен айбан сыяктуу жеп жутат.

Ал эми ыйыкРамазан айында эң бай кишиден тартып эң кедей-кембагалдарга чейин ар кимдиннапсиси өзүнө кожоюн эмес кызматчыэкенин, эркин эмес кул экенин түшүнүшөт. Буйрук болбогон болсо эң жөнөкөй жана эң оңой нерсени да кыла албайтэкенмин, колуму сууга да суна албайт экенмин деп, курулай кыялданганбашкаруучулук сезими жоголуп, ибаадатты мойнуна алат, чыныгы милдети болгоншүгүрчүлүккө киришет.

Бешинчи түйүн: Ыйык Рамазанайындагы орозонун напсинин адеп-ахлагынын түзөлүшүнө жана ээнбаштыкмамилелеринен баш тартуусуна багытталган көптөгөн сырларынын бирөөсү мына ушундайча: Инсандын напсиси наадандык аркылууөзүнүн ким экендигин унутуп калат. Жаратылышындагы чексиз алсыздыгын, бүтпөс муктаждыгынжана көптөгөн кемчиликтерин көрө албайт жана көргүсү да келбейт. Анан калсаканчалык алсыз, жок болууга дуушар кылган кыйынчылыктарга туш болгондугун жанатез бузулуп чирий турган эт менен сөөктөн турганын ойлоп да койбойт. Кудум элеболоттон ширетилген денеси бар болгонсуп жана өлбөй тургансып өзүн түбөлүктүү депкыялданып, дүнүйөгө кол салат. Сугалактык жана ач көздүк менен, жан дилиненберилүү жана сүйүү менен дүйнөгө умтулат. Ар бир ырахаттуу жана пайдалуунерселерге байланат. Ошентип отуруп өзүнүн чексиз мээримдүүлүк менен ырыскыберип жаткан Жаратуучусун унутуп калат. Жана да жашоонун натыйжасы болгон акыреттикжашоосун ойлобойт, жаман адеп-ахлактардын ичинде тоголонуп кетет.

Ал эми ыйыкРамазан айындагы орозо – эң наадан, эң кежир адамдарга да алардын күчсүздүгүн, алсыздыгын жана көп нерсеге муктаждыктарын сездирет. Ачкачылык аркылууашказанын ойлойт. Ашказанындагы муктаждыктарды түшүнөт. Күчсүз денеси канчалыкчирик болгонун эстейт. Канчалык боор ачуу менен мээримге муктаж болгондугунтүшүнөт. Эгер наадандык жүрөгүн бузбаган болсо, напсисинин фараон сыяктуутекебердигин таштап, алсыздыгы менен муктаждыктарын сезүү аркылуу Аллахтын ырайымынакайрылууну каалай баштайт жана шүгүр кылуу менен ырайым казынасын каккылоогодаярдана баштайт...

Алтынчы түйүн: Ыйык Рамазан айындагы орозонун Куран-ы Хакимдинтүшүүсүнө караган жагынан жана Ыйык Рамазан айы – Куран-ы Хакимдин түшүүсүнүнэң маанилүү мезгили болгондугу жагындагы көптөгөн сырларынын бириси мынаушундайча: Куран-ы Хаким – ырасында ыйык Рамазан айында түшүрүлгөн. Андыктан,ал Курандын түшүү мезгилин алдын ала даярдоо менен ошол көктөн келгенкайрылууну жакшылап кабыл алуу үчүн Рамазан айында напсинин эң төмөнкү муктаждыктары менен пайдасыз иштериненкол үзүп, жеп-ичүүнү таштоо менен периштелердин абалына окшошуу жана ошолКуранды жаңы түшүрүлүп жаткан сыяктуу окуу, угуу жана андагы Аллахтын буйруктарынкудум түшүрүлүп жаткан учурунда угуп жаткандай угуу жана ал кайрылууну РасулАкрам (САВ)дан тыңшап жаткандай угуу, балким Жабрейил (АС)дан, балкимМутакаллим- и Эзелийден угуп жаткан сыяктуу ыйык бир абалга бөлөнөт. Жана өзү да«котормочулук» кылып башкаларга угузуу жана Курандын түшүрүлүүсүнүн сырларын азда болсо көрсөтүү болуп эсептелет.

Ооба, ыйыкРамазанда Ислам ааламы кудум бир мечитке айлангандай. Болгондо да миллиондогонхафыздар ошол улуу мечиттин булуң-бурчтарында ал Куранды, ошол көктөнтүшүрүлгөн кайрылууну жер тургундарына угузуп жатышкан улуу бир мечитке айлангансыяктуу. Ар бир Рамазан сайын شَهْرُرَمَضَانَ الَّذِى اُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ “Рамазан айы – бул айда Куран түшүрүлгөн. ..” (Куран 2:185) аятын жаркыраган нурдуу бир жагдайда көрсөтүүдө. Рамазан –Куран айы болгондугун далилдейт. Ошол улуу жамааттын кээ бир адамдары жан дилименен берилишип ал хафыздарды угушууда. Башкалары өз алдынча окуп жатышат. Мынаушундай бир жагдайдагы ыйык мечитте напсинин эң төмөнкү каалоолоруна моюнсунуп, жеп-ичүү менен ошол нурдуу жагдайдан чыгып калуу кандай гана жаман болсожана ошол мечиттеги жамааттын руханий жийиркеничине кандай гана дуушар болотурган болсо, дал ошондой эле: ыйыкРамазан айында орозо туткандарга каршы болгондор да ошончолук бүтүндөй Исламааламынын руханий жийиркеничтери менен жек көрүүлөрүнө дуушар болушат.

Жетинчи түйүн: Рамазандын орозосу: Дүйнөдө акырет үчүн эгин эгип жана соода кылуу үчүн келген адамбаласынын тапкан пайдасына караган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча: ЫйыкРамазан айында амалдардын ар бир сообуна миң сооп жазылат. Кураны Хакимдинайтымына караганда ар бир тамганын он сообу бар, он жакшылык деп эсептелет жанаБейиштин он жемишин алып берет. Ыйык Рамазан айында ар бир тамганын он эле эмесмиң жана Аятул Курсий сыяктуу аяттардын ар бир тамгасы миңдеген жана ЫйыкРамазан айынын жума күндөрүндө андан да көбөйөт. Ал эми Кадыр түндө болсо отузмиң жакшылык болуп эсептелет. Ооба, ар бир тамгасы отуз миң түбөлүктүүмөмөлөрдү берип жаткан Ыйык Куран – миллиондогон ошол түбөлүктүү мөмөлөрдү ЫйыкРамазанда ыймандууларга таптыра турган нурдуу Туба дарагы сыяктуу болот. Эмесекел, ушул ыйык, түбөлүктүү жана пайдалуу соодага кара, көр жана ойлон. Бултамгалардын баалуулугунун кадырына жетпегендер канчалык чексиз бир зыян ичиндеболгонун түшүн...

Мынакей, Ыйык Рамазан айы акырет соодасы үчүн,абдан пайдалуу бир көргөзмө жана базар сыяктуу. Же акыреттик түшүм жыйноо үчүнөтө сонун семиртилген жер сыяктуу. Же болбосо иш-амалдардын өнүп жетилүүсү үчүнжазындагы апрель айы сыяктуу. Аллахтын башкаруусунун алдында адамзаттынкулчулуктары расмий түрдө кабыл алына турган жаркыраган ыйык бир майрамсыяктуу. Мына ошондой болгондуктан, жеп-ичүү сыяктуу напсинин наадандыгы мененайбандык муктаждыктарына, эч пайдасыз нерселерге жана напсинин кумарларынкандырууга кирбөө үчүн орозо тутуу менен милдеттендирилген. Анткени, убактылуутүрдө айбандык жашоодон чыгып, периштелер сыяктуу абалга же болбосо акыретсоодасына киргендиги үчүн дүйнөлүк муктаждыктарын убактылуу чектөө мененакыреттик адам жана денеден бөлүнүп чыккан рух абалына кирүү менен, орозоаркылуу Самадийата кандайдыр бир күзгү болуу керек. Ооба, Ыйык Рамазан айы –бул убактылуу дүйнөдө, убактылуу өмүр ичинде жана кыска бир жашоодо түбөлүктүүжашоону жана түбөлүктүү узун бир өмүрдү камтыйт жана таптырат.

Ырас, бир эле Рамазан –сексен жылдык өмүрдүн мөмөлөрүн таптыра алат. Кадыр түн болсо, Куранда айтылгандай миң айдан дажакшыраак болгондугу бул сырга ачык далил боло алат. Ооба, мисалы: Бир падышаөзүнүн бийлиги өкүм сүрүп турган маалында балким ар бир жылы, же падышанынтакка олтурган шаан-шөкөтүн белгилөө үчүн же болбосо бийлигинин кээ бир салтанаттуукүндөрүндө атайын бир майрам өткөрөт. Кол алдындагыларын ошол күнү жалпы мыйзамчөйрөсүндө эмес, балким жекече сыйлоосуна, түздөн-түз өзүнүн алдына, жекечекайрылуусуна, укмуштуудай иш-аракеттерине жана абдан ылайыктуу жана чын дилденберилген эли-журтун өзүнүн өзгөчө сүйүүсүнө бөлөйт. Дал ошол сыяктуу: Эзел жанаЭбед Султаны болгон он сегиз миң ааламдын Улуу Падышасы ошол он сегиз миң ааламгакараган улуу жарлыгы болгон Терең сырдуу Куранды ыйык Рамазан айында түшүргөн. Албетте ошолРамазан – Жараткандын өзгөчө бир майрамы, көргөзмөсү жана руханий бир мажилисисыяктуу болуусу терең даанышмандыгынын талабы. Ырас, Рамазан айы ошол майрамболгондуктан, албетте аз да болсо абийирсиз жана айбандык кылык-жоруктарданадамдарды тыюу үчүн орозо тутууга буйрук кылынган. Ал эми ошол орозонун эң толугуболсо: Ашказан сыяктуу бардык сезимдерди; көзү, кулагы, жүрөгү, кыялы, пикирисыяктуу инсандын башка мүчөлөрүнө дагы өздөрүнүн орозосун туттуруу керек.Тактап айтканда: арам кылынган нерселерден, пайдасыз иштерден өзүн тыюу жана арбирисине таандык болгон кулчулуктарын кылдыруу керек. Мисалы: Тилин жалгансүйлөөдөн, ушактан жана жаман-орой сөздөрдөн тыюу менен ага орозо туттуруу.Ошол тилди да Куран окуу, зикир кылуу, тасбих, салават, истигфар сыяктуунерселер менен алек кылуу... Мисалы: Көзүн арам нерселерди кароодон, кулактыжаман нерселерди угуудан тыйып, көзүн ибрат-үлгү алуучу нерселерге жана кулагынакыйкат сөз менен Куран угууга багыттоо сыяктуу башка мүчөлөргө да өздөрүнүнорозосун туттуруу керек. Чын чынына келгенде ашказан эң чоң «фабрика»болгондугу үчүн, орозо менен аны эс алдыра турган болсо, калган башка кичинекейтетиктерди оңой эле ага моюн сундурууга болот.

Сегизинчи түйүн: Ыйык Рамазан айынын инсандардын жекече жашоосунакараган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча: Инсанга эңмаанилүү дары сыяктуу керек болгон материалдык жана руханий перхиз (сактануу)болуп саналат. Ал эми медицина жагынан диета деп аталгандыктан: Инсандын напсиси жеп-ичүү жагынан өзүкаалагандай аракет кылган сайын, өзүнүн материалдык жактан ден соолугуна зыян кылып жатканысыяктуу, арам-адалды ылгабастан туш келген нерселерге кол суна берүү да албеттеруханий жан-дүйнөсүн ууландырат . Жан-дүйнөууланган соң жүрөк менен рухка моюн сунуу ал нап#### кыйын болуп калат. Кежирликменен моюн сунбай тизгинин колуна алат. Андан кийин инсан ага мине албайт,тескерисинче ал инсанды минип алат. Ал эми напсисин тыйган адам ыйык Рамазанайындагы орозонун себебинен кичине болсо да сактанууга үйрөнөт. Напсисинтарбиялай баштайт жана буйрукту угууну үйрөнөт. Бечара ашказанга да, сиңирүүсүнөн мурун эле тамак үстүнөтамак толтура берүү менен ооруларды чакырбайт. Ошентип буйрук аркылуу адалнерсени да жебөө менен, арамдыктан качуу үчүн акыл менен шарияттын буйруктаынугууга жөндөм пайда болот. Руханий жан-дүйнөсүн бузуп албоого тырышат.

Анын үстүнө, инсандардынкөпчүлүгү ачкачылыкка көп эле жолу дуушар болушат. Сабырдуулук менен чыдамкайлыккамашыктыра турган ачкачылык менен напсини тарбиялоого абдан муктаж. Ыйык Рамазанайындагы орозо – он беш саат, саарлык ичпесе жыйырма төрт саатка чейин созулганачкачылыкка сабыр кылуу менен чыдоо – напсини тарбиялоо жана машыктыруу болупсаналат. Демек, адамзаттын кайгысын экиэселенткен сабырсыздык менен чыдамсыздыктын дарысы да – орозо.

Анандагы ошол ашказан «фабрикасынын» көптөгөн кызматчылары бар. Жана да аны мененбайланыштуу болгон инсандын көптөгөн мүчөлөрү бар. Напси – эгер убактылуу бирайдын күндүзгү учурларында тыныгып эс ала турган болбосо, ошол фабриканыннкызматчыларынын жана ошол мүчөлөрдүн жекече ибаадаттарын аларга унуттуруп коёт,өзү менен алек кылат, аларга бийлик жүргүзө баштайт. Инсандын башка мүчөлөрү даошол руханий фабриканын механизмдеринен чыккан добушу менен түтүндөрүнөн башымаң болот. Алардын назарларын дайыма өзүнө тартат. Улуу милдеттерин убактылууунуттуруп коет. Мына ошондон улам: илгертен бери көптөгөн олуя адамдар өз кемчиликтеринжоюу үчүн напсилерин тарбиялоо менен, аз ичип-жегенге өздөрүн үйрөтүшкөн. Бирок, ыйык Рамазан айындагы орозо аркылуу ошол ашказандын кызматчылары: Тек гана ал ашказан үчүн жаратылышпаганынтүшүнүшөт. Башка мүчөлөр да ал ашказандын абийирсиз чер жазууларынын ордуна, булайда периштелер менен руханийлерге таандык болгон чер жазуулар мененырахаттанышат жана назарларын аларга бурушат. Мына ошондон улам: Ыйык Рамазанайында ыймандуулар даражаларына карап, башка-башка нурларга, берекелерге жанаруханий кубанычтарга бөлөнүшөт. Жүрөк, рух, акыл, сыр сыяктуу сезимдердин ошолкуттуу айда орозо аркылуу көптөгөн өркүндөп-өсүүлөрү менен жогорулоолору бар.Ашказандын ыйлоосуна карап, алар жайбаракат күлүмсүрөшөт.

Тогузунчу түйүн: Ыйык Рамазан айындагы орозонун түздөн-түзнапсинин кыялдуу башкаруучулугун жок кылуу үчүн жана алсыздыгын көрсөтүү мененкул экенин билдирүү жагындагы сырларынын бир сыры мына мындайча: НапсиЖаратуучусун тааныгысы келбейт, фараон сыяктуу өзү гана башкаргысы келет.Канчалык азаптар чектирилсе да ал сезим анда кала берет. Бирок, ачкачылык мененошол сезими жок болот. Мынакей, ыйык Рамазан айындагы орозо түздөн түз напсининфараондук тумшугуна сокку уруп талкалайт. Алсыздыгын, күчсүздүгүн жанамуктаждыгын көрсөтөт. Кул болгондугун билдирет.

Хадис айтымдарында айтылат: Аллах Тааланап#### мындай дейт: «Мен киммин, сен кимсиң?» Напси мынтип жооп кайтарат: «Менменмин, сен сенсиң». Аллах Таала нап#### азап берет, тозокко салат ананкайрадан сурайт. Кайра эле: «Мен менмин, сен сенсиң» дей берет. Азаптын кандай ганатүрүн бербесин, менменсинүү менен текеберлигинен баш тартпай коёт. Андан соңачкачылык менен азап берет. Тактап айтканда ачка калтырат. Кайра сурайт: «Менкиммин, сен кимсиң?» Ошондо гана напси: اَنْتَ رَبِّى الرَّحِيمُوَاَنَا عَبْدُكَ الْعَاجِزُ «Сен менин өтө ырайымдуу Жаратуучумсуң, а мен сенин алсыз бир кулуңмун...» депайткан экен.

(Бедиуззаман Саид Нурси "Рамазан рисалеси" китепчесинен алынды)





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#212 Пользователь офлайн   Aziku007   09 Июль 2012 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кармайм, тыштабай кармаганга аракет кылам.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#213 Пользователь офлайн   Nur Abdulaziz   09 Июль 2012 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 21 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Апр 2020 04:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассаляму алейкум!

Учурдан пайдаланып баардыгынарды орозо тутууга ундомокмун. Чындыгында азыркы учурдагы орозо чыныгы мусулман менен эки жуздуулордун бетин ачкан ибадат.Анткени кышында тиши жок кемпир деле тутат.Азыр Жараткандын ыраазычылыгы учун бул ишти аткаруу татаал да,бирок белеги да абдан чон...Туткан орозонор кабыл болсун,бир туугандарым! !!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#214 Пользователь офлайн   Aziku007   15 Июль 2012 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орозо календары - 2012
Күндөр Ооз бекитүү Ооз ачуу
20 ИЮЛb 3:35 20:40
21 ИЮЛb 3:36 20:39
22 ИЮЛb 3:38 20:38
23 ИЮЛb 3:40 20:37
24 ИЮЛb 3:41 20:36
25 ИЮЛb 3:43 20:35
26 ИЮЛb 3:45 20:34
27 ИЮЛb 3:46 20:33
28 ИЮЛb 3:48 20:32
29 ИЮЛb 3:50 20:31
30 ИЮЛb 3:52 20:30
31 ИЮЛb 3:53 20:29
1 AВГУСТ 3:55 20:28
2 AВГУСТ 3:57 20:27
3 AВГУСТ 3:58 20:25
4 AВГУСТ 4:00 20:24
5 AВГУСТ 4:02 20:23
6 AВГУСТ 4:03 20:22
7 AВГУСТ 4:05 20:20
8 AВГУСТ 4:07 20:19
9 AВГУСТ 4:09 20:18
10 AВГУСТ 4:10 20:16
11 AВГУСТ 4:12 20:15
12 AВГУСТ 4:14 20:14
13 AВГУСТ 4:15 20:12
14 AВГУСТ 4:17 20:11
15 AВГУСТ 4:19 20:09
16 AВГУСТ 4:20 20:08
17 AВГУСТ 4:22 20:06
18 AВГУСТ4:2320:05 Сүрөт

Рамазандын башталышы болжолу менен 20 июль, аякташы 18 август.

Эскерте кетчү маселе! Айдын көрүнушүнө карата (чыгышына эмес, себеби айдын чыгышын астрономиялык жолдор менен эле аныктап койсо болот. Ай чыгып бирок булут, туман ж.б. нерселерден көрүнбөй калышы мүмкүн) бул даталар бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Ошондуктан уламалар КТРК же ЭлТР телевидениелери аркылуу чыгышып айдын чыгышын жалпы журтка жарыяламакчы.

19-июль түнү ТВдан Рамазандын башталышы 20 же 21-июль деп так айтылмакчы.

17-август түнү Орозо айт 18 же 19-август деп так айтылмакчы.

Орозо Айында берилген питир-садаканын өлчөмү 1,6 кг буудайдын баасына тете. Дан-азыктардын, тамак-аштын баасы өзгөрүп тургандыктан питир-садаканын так өлчөмү Рамазан жакындаганда аныкталмакчы.




Региондор боюнча убакыт айырмачылыктары:
Бишкек убактысынан мурда болгон аймактар (мүнөт менен)Бишкек убактысынан кийин болгон аймактар (мүнөт менен)
Каракол 10
Талас 8
Токтогул 10
Кадамжай 20
Балыкчы 5
Ош 12
Жалал-Абад 15
Баткен 25
Нарын 6
Чоң-Алай 17
Чаткал 25
Исфана 30

Бул Орозонун календарында 2012-жылдын Рамазан айынын ооз бекитуу (саарлык) жана ооз ачуу (ифтар, иптар) убактылары берилген. Календарь Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы тарабынан ырасталып текшерилген.

Билдирүүнү түзөткөн: Aziku007: 15 Июль 2012 - 16:10

Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#215 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   16 Июль 2012 - 11:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы маалымат берип кетиптирсиз. Орозо кармачулар барбы бул жылы? :күн:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#216 Пользователь офлайн   nuradyl88   20 Июль 2012 - 04:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 20 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 01:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖалалАбад -Бишкек арасы......

Буйруса жакшы ой менен ооз бекиттик. Аллахым бул жагына куч-кубат сабыр берсин!
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#217 Пользователь офлайн   Evelet   20 Июль 2012 - 04:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Буюрса мен дагы тан аткандан баштап кармай баштайм. Аллах озу сабыр берсин.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#218 Пользователь офлайн   Larisa-92   20 Июль 2012 - 05:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен озумду жаптым, ошол 3тон бери уктай жатам. Азыр эле ачка боло баштадым, эми кантем?
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#219 Пользователь офлайн   Elit   20 Июль 2012 - 08:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Рамазан айы менен жалпы Суперстандын тургундарын куттуктайм! Жараткан Алла жакшылыктарын мол берип, орозо кармагандардын орозосун кабыл кылган болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#220 Пользователь офлайн   Elit   20 Июль 2012 - 08:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Мектепте окуп жургондо 4жыл катары менен кармагам анан жылына жакшы эле ниет кылып кармайын деп ар кандай себептер менен кармай албай калып атам. Бирок, коп жакшы нерседен калып жатканымды билем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 08:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: