Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#381 18 Июль 2013 - 12:23
#382 18 Июль 2013 - 12:50
#383 20 Июль 2013 - 21:42
Тема боюнча айта турган болсом, тилеке каршы жумушума байланыштуу мен "Орозо" кармай албайм... Такыр шарт жок.
#384 22 Июль 2013 - 04:50
Muslim_ka, Jinn. Сиздерди сабырдуу болууга чакырам. Анан кала берсе жеке айтышуулар үчүн купуя бар. Азырынча эскертүү, дагы кайталанса сайттан четтетилесиздер!
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 22 Июль 2013 - 04:51
#386 23 Июль 2013 - 17:15
#389 27 Декабрь 2013 - 20:11
#390 27 Декабрь 2013 - 20:17
Билдирүүнү түзөткөн: MEDER_KULETOV: 27 Декабрь 2013 - 20:17
#391 29 Декабрь 2013 - 22:43
#392 25 Май 2014 - 23:00
Категория: Орозо жана Рамазан
Илмихал китептеринде орозону буза
турган жана кафарат талап кыла турчу
жагдайлар тууралуу жалпы эреже
билдирилген. Азык же болбосо дары
иретинде пайдалуу бир нерсени жеп-
ичүү, лаззат бере турчу нерсени ооздон
өткөрүү жана жима (аялы менен кошулуу)
орозону бузат. Орозону буза турчу бул
нерселер билип туруп жасалса казасы
дагы, кафараты дагы орундалыш керек
болот.
Орозону бузуп казасын жана кафаратын
талап кылчу жагдайлардын бир нечеси
мына булар:
1- Орозо экендигин билип туруп жеп-
ичүү.
2- Кан алдыруу, гыйбат кылуу сыяктуу
орозону бузбай тургандыгы маалым
нерселерден кийин орозом бузулду деп
билип туруп жеп-ичүү.
3- Тамакка кирген жамгырды, карды өз
каалоосу менен жутуу. Өз каалоосусуз
тамакка кирип кете турган болсо бир гана
казасын орундашы керек болот.
4- Тамеки тартуу.
Рамазан орозосун бузуп, бир гана
казасын кылууну талап кылган нерселер
булар:
1- Жаңылыштык менен бузуу, мисалы,
даарат алганда тамакка суу качса.
2- Тамагына кар же жамгыр суусу кирсе.
3- Мурунга суюк дары куйса.
4- Астманын спрейин колдонуу.
5- Кыйнап буздурулса.
6- Мурунга адеколон тартса. [Жыттаса
бузбайт]
7- Муким кезде орозо кармап, сапарга
чыккан кезде жеп-ичсе.
8- Башка адам тарткан тамекинин
түтүнүн өзү каалап жыттаса.
9- Кулактын ичине дары тамчылатуу,
кулакты дары суу менен жуу.
10- Теридеги ачык жарага сүртүлгөн суюк
дары ичке кирсе.
11- Денеге ийне менен дары куйса.
12- Каалап, кыйнап ооз толтура кусуу.
13- Тиши канаган адам оозундагы канды
жутса же түкүрүк өлчөмү менен барабар
болгон аралаш канды жутса.
14- Имсак убактысынын бүткөндүгүн
билбестен жеп-ичсе.
15- Күн батты деп ойлоп орозосун бузса.
16- Тиштеринин арасында калган нокот
менен тең нерсени жутса.
17- Мурунга тартылган суунун ооздон
чыгуусу.
18- Даарат алып жатканда тамакка суу
жүгүрүп кетсе.
19- Кагаз, таш, пахта, чөп, бышпаган
күрүч сыяктуу дары жана азык болбогон
нерсени жутса.
20- Арткы тешиктен же аялдардын алды
жагынан свеча колдонуулары.
21- Орозолуу экендигин унутуп тамак жеп
алса, орозо бузулду деп ойлоп кийин
билип туруп тамактанууну улантуу.
22- Имсак убактысынан кийин ниет
кылган адамдын күн ичинде орозосун
атайын бузуусу.
23- Деңизге киргенде же гусул алып
жатканда арткы тешиктен суу кирсе.
[Ханбалиде бузбайт.]
24- Тилдин алдына коюлган дарыны
эмсе.
25- Арткы тешикке коюлган пахта же
башка нерсе толугу менен ичине кирсе.
26- Геморрой этчелери тахараттанып
тазалангандан кийин ным бойдон ичке
кирсе.
27- Мастурбация кылуу.
28- Денеге кирген ультра же
эндоскопиялык аппаратында дары, мазь
бар болсо.
29- Клизма кылдыруу. [Маликиде
бузбайт].
30- Атайын суунун буусун мурунга тартуу.
31- Ным манжаны алды же арка тешикке
киргизүү, [Ханбалиде бузбайт.]
32- Мурундан мурун көндөйүнө кеткен
канды жутуу.
33- Ачтыкка же суусуздукка чыдай албай
жеп-ичүү.
34- Эсинен танган адамды ойготуу үчүн
жана уктап жаткан адамдын оозуна суу
агызуу.
35- Сапарда жүргөн адам атайылап
орозосун бузса кафарат керек эмес, бир
гана казасын өтөөсү керек. Себеби,
сапарда орозо кармоо фарз эмес.
36- Атайылап орозосун бузган адам
кийин орозо кармоону мубах кыла турган
бир абал башына келе турган болсо,
мисалы, аялдын хайзы башталса же
орозо кармай албай турганчалык ооруп
калса бир гана казасы керек болот.
Бирок, орозосун бузуп сапарга чыкса
кафарат керек болот. Себеби, сапарга
чыгуу самавий үзүр (себеп) болуп
саналбайт.
37- Орозо кармап жаткан адамдын
оозуна кирген көз жаш же тер көп болуп,
туздуулугу ооздун бардык жагында
сезилсе жана жутса орозосу бузулат.
Жутпастан түкүрө турган болсо
бузулбайт.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#393 25 Май 2014 - 23:03
Билдирүүнү түзөткөн: Axli_Sunna_Val_Djama: 25 Май 2014 - 23:07
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#394 25 Май 2014 - 23:06
Категория: Орозо жана Рамазан
Орозону бузбай турган, бирок, сообун
азайта турган нерселерден да качуу
керек. Орозо кармагандарга убада
кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул
шарт болуп саналат.
Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын
фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн,
макрухтарын жана муфситтерин, б.а., ал
ибадатты буза турган нерселерин да
билүү керек. Буларды билбей орундалган
ибадат толук болбойт. Жада калса,ибадат
кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп,
ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн.
Мисалы, орозонун фарздарынын бири
орозонун алгачкы убакытынан акыркы
убакытына чейин (б.а., күн чыгып
батканга чейин) орозону буза турган
нерселерден тыйылуу. Алгачкы убакыты
менен акыркы убактысынын арасында
бир нерсе ичип-жей турган болсо орозо
бузулат. Ошондуктан, орозонун
фарздарын, макрухтарын жана
муфситтерин, б.а., орозону буза турган
жагдайларды жана бузбай турган
жагдайларды жакшылап билип алуу
керек.
Орозону бузбаган нерселердин
айрымдары төмөндөгүлөр:
1- Орозо кармаганын унутуп жеп-ичүү.
2- Оозуна келген кусундукайра артка
кетсе.
3- Кислород түтүгү менен жасалма дем
алдыруу.
4- Орозону бузууга ниеттенип, бирок,
бузбоо,
5- Өз эркинде болбой ооз толтура кусуу.
6- Тамагына чаң, түтүн ж.б., нерселердин
кирүүсү.
7- Каалап, өзүн кыйнап аз да болсо
кусуу.
8- Көзгө дары тамызуу, ным линза
тагынуу.
9- Ушак айтса.
10- Түшүндө ихтилам болсо.
11- Тиштин тешигине дары коюу.
12- Гүлдү, одеколонду же атыр жыттоо,
дезодарант колдонуу.
13- Морфинсиз, ийнесиз тишти жулдуруу.
14- Жутпастан тамактын даамын билүү.
15- Сактанганына карабастан чаңдын
жана түтүндүн тамактан жана мурундан
ичкери кирүүсү.
16- Тишти жулдурганда келген түкүрүктөн
аз канды жутуу.
17- Оозун жуугандан кийин калган
калдыгын түкүрүк менен жутуу.
18- Тиштеринин арасында калган
нокоттон кичине болгон нерсени жутуу.
19- Хажамат болуу, кан алдыруу,
акупунктура (ийне менен дарылоо)
колдонуу.
20- Кулакка суу кирүү.
21- Ойгоо кезинде бир гана карап жунуп
болуу.
22- Мисвак колдонуу, тиш пастасыз
тишти щётка менен тазалоо, [Тиш
пастасы менен дагы тазалоо орозону
бузбайт, бирок, макрух болот. Тиш
пастасы жутулса орозо бузулат, казасын
орундоо керек.]
23- Гусул алуу, ваннага түшүү.
24- Заара жолуна кебез коюу, [Шафииде
бузат]
25- Соо териге дары, крем, ар кандай
сүртүлө турчу нерселер орозону бузбайт.
26- Жарага имсак убагынан мурда
коюлган суюк дары имсак убагынан
кийин териге сиңип кетсе орозону
бузбайт.
27- Жарадан чыккан кан, ириң жана ушул
сыяктуулардын кайра денеге кирүүсү.
28- Аары чакса.
29- Эриндеги нымды жутуу.
30- Ваннада пайда болгон суу буусун дем
алуу.
31- Колго ийне кирип, сынган бөлүгү
ичинде калса орозо бузулбайт.
32- Кулакка кебез оролгон чыбыкты
тыгуу. [Шафииде бузат]
33- Канаган жерге кандын токтоосу үчүн
кан ташын сүртүү.
34- Оозго келген тамакты, какырыкты,
кусундуну жана баштан мурунга келген
аккан нерсени жутуу.
35- Белди үшүтүү оорусунан улам
суюктук келсе бузбайт.
36- Үйүн чымын-чиркейлерге каршы
дары койгон адам каалап-каалабай
дарыны жыттаса орозосу бузулган
болбойт, себеби, сактануу кыйын.
37- Кулакка самындуу суунун кирүүсү.
38- Оозго суу алып чайкоо же оозду
жуугандан кийин ооздо калган нымды
түкүрүк менен жутуу.
39- Аялын өпкөн адамдын орозосу мези
келсе дагы бузулбайт. Өпкөндө
кумарланып жунуп болсо бузулат. [Жунуп
болуу ыктымалы болсо аялын өбүү
макрух болот. Орозону буза тургандай
көп өпсө харам жасаган болот. Анткени,
орозону эч бир себепсиз бузуу харам.
Бирок, өөп жунуп болсо казасын орундоо
керек, кафарат керек эмес.]
40- Акупунктура колдонуу орозону
бузбайт. Акупунктуранын бир гана ийнеси
кирүүдө, дененин ичине бир нерсе
куюлбайт.
41- Жарылган эринге же колдогу жарага
крем, иод, одеколон же кислород суу
сүртүү. [Ачык жарага сүртүлгөн мазьдын
ичкериге сиңгендиги жакшы
билинмейинче орозону бузбай
тургандыгы Сеадет-и Эбедиййе
китебинде билдирилүүдө. Жакшы билүү
болжолдоо менен болбойт. Анык билүү
керек. Анык билинмейинче бузат деп
айтылбайт.]
42- Ийнелүү эпиляция кылдыруу орозону
бузбайт. Ичкериге дары сыяктуу бир
нерсе кирмейинче денеге ийне сайуу
орозону бузбайт.
43- Каш, мурут алуу, аврат тегерегин
устара менен тазалоо жана эпиляция
орозону бузбайт.
44- Орозолуу адамдын оозуна көз жашы
же тер кирсе, бир эки тамчыдай аз болсо
орозону бузбайт. Анткени, мындан
сактануу кыйын. Көп болуп, тузун
оозунун ар жеринде сезсе жана жутса
орозо бузулат. Жутпай түкүрүп салса
бузулбайт.
45- Кургак манжаны алды жана арка
тарапка киргизүү орозону бузбайт.
[Шафииде бузат.]
Унутуп жеп ичүү
Суроо: Сахурга турдум, тамактан кийин
орозо кармоого ниет кылып жаттым.
Эртең менен турганда орозо экенимди
унутуп кечке чейин жеп-ичтим. Ооз
ачаарда эсиме келди. Кармаган орозом
сахих болдубу?
ЖООП
Ооба, сахих болду. Анткени, унутуп калып
жеп-ичүү орозону бузбайт.
Чачты боётуу
Суроо: Чачты боётуу, колтукту кыруу же
салкындоо үчүн душка тушүү орозону
бузабы?
ЖООП
Эч бири бузбайт.
Эстен тануу жана орозо
Суроо: Кандайдыр бир себеп менен эстен
танган адамдын орозосу бузулабы?
ЖООП
Эстен тануу уктоо сыяктуу. Узак же
кыска убакытка эстен тануу орозону
бузбайт.
Көлгө түшүү.
Суроо: Көлгө түшүү орозону бузабы?
ЖООП
Көлгө түшүп дароо чыгуу орозону
бузбайт. Көлдүн ичинде туруп, сүзсө
дененин ичине суу кирет жана орозо
бузулат.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#397 25 Май 2014 - 23:26
П.с. орозо кармаганда, мен оозумду ачтым деп ниет кылса да, ооз ачылып кетет.
Билдирүүнү түзөткөн: Saysatchy: 25 Май 2014 - 23:29
#398 26 Май 2014 - 02:36
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#399 16 Июнь 2014 - 22:52
#400 21 Июнь 2014 - 11:08