Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#701 Пользователь офлайн   kdatka   01 Июнь 2016 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 552
  • Катталган: 01 Март 16
  • Соңку аракети: 17 Июл 2018 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Айыл

Просмотр сообщения Musabaeva. (01 Июнь 2016 - 23:41) жазган:

Быйыл эң узак орозо айы экен баарыңарга сабырдуулук каалайм.

Рахмат Ули,сага да Сабыр жана Сабыр.баарыбыз ушу берекелуу куттуу орозо айын чын дилибизден тосуп алалы..
Сагынуу.
......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   rozka   02 Июнь 2016 - 10:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Апр 2020 08:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:новосибирск

Новосибирдин расписаниеси бар болсо илип койгулачы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   ere   02 Июнь 2016 - 11:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Сүрөт
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   Begim_4   02 Июнь 2016 - 12:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Просмотр сообщения rozka (02 Июнь 2016 - 10:55) жазган:

Новосибирдин расписаниеси бар болсо илип койгулачы.

Намаз убакыттарын билсениз ошого карап тута бериниз. Багымдат намазы киргенге чейин ооз жабасыз, шам намазы башталганда ооз ачасыз.

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   Uhtishka.   02 Июнь 2016 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Бул жактан сурайынчы мен да..

Кош бойлуу айымдар, орозо кармагандар барбы ?Же кармайын деп жаткандар ...
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   Illusions   02 Июнь 2016 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 322
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Янв 2018 18:30

Просмотр сообщения Uhtishka. (02 Июнь 2016 - 17:53) жазган:

Бул жактан сурайынчы мен да..

Кош бойлуу айымдар, орозо кармагандар барбы ?Же кармайын деп жаткандар ...



Мен кармагам ,срок кичинекей болчу .Аллах озу сабыр берет ,кармагыныз келсе кармай бериниз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   02 Июнь 2016 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ассаламу алайкум мусулман бир туугандар! Келе жаткан Рамазан айы менен баарыңыздарды куттуктайм! Аллах Таала өзү жеңилдигин берсин!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   Saulen   02 Июнь 2016 - 23:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2017 21:02

Саламатсыздарбы!
Эмизгендер барбы балдарын? Сиздер кантип кармайсыздар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   03 Июнь 2016 - 03:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июн 2025 18:05
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Tatli_Melek (02 Июнь 2016 - 20:05) жазган:

Ассаламу алайкум мусулман бир туугандар! Келе жаткан Рамазан айы менен баарыңыздарды куттуктайм! Аллах Таала өзү жеңилдигин берсин!


Аамиин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   HEMKA   03 Июнь 2016 - 04:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 417
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Июл 2016 21:25

Сүрөт
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   Seiil.94   03 Июнь 2016 - 05:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Сен 2017 13:21

Ин Шаа Аллах мен да орозо кармаймын.
6 куну кеч 7сине карай орозо кармай баштайбызбы ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Июнь 2016 - 10:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Seiil.94 (03 Июнь 2016 - 05:04) жазган:

Ин Шаа Аллах мен да орозо кармаймын.
6 куну кеч 7сине карай орозо кармай баштайбызбы ?

5-июнь шек болсо, 6-июнь оозуңуз бек болуш керек .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   Uulkan2288   03 Июнь 2016 - 11:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу



Эй, замандаш!
Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын.
Өтүп кетер кур өмүрдө,
Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын.
Түшүнгөндөр туура десе,
Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын.
Баш чайкаган мерез чыкса,
Бактысыз бу башымды муңайтайын.

Оопасыз ушул дүйнө,
Оту өчсө дене - бойдун,
Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу.
Оюнунду анан улант,
Он мүнөт сабыр кылчы,
Орозодон кебимди улантайын.

Орозо не?
Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын,
Жасаган ибадаттын аныгыдыр.
Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып,
Ыйманына күч берген салымыдыр.
Ыймандын жарымы сабыр болсо,
Орозо ал сабырдын жарымыдыр.
Өлбөгөн ким бар дейсиң?
Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн,
Орозо нурун чачкан жарыгыдыр.

Орозо не?
Ой айтсам, орозодон терендеген,
Ой жетпес керемети терең белем?!
Оо, пенде рамазан ыйык айды,
Опол тоо зор бактыдан кур калууда,
Орозосуз өткөрөм деген менен!
Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес,
Акыретте жакшылык бар беленделген!
Антты бар орозого Жараткандын,
Сооп жазар периште да билбей турган,
«Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген!

Орозо не?
Жөн гана ачкалык деп ойлогондор,
Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор,
Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп,
Үмүтсүз Акыретин болжогондор,
Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп,
Орозого моюнун толгогондор,
Ойлонбойбу? !
Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү,
Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды,
Жан-жаныбар бүт куштарды,
Аралыгын бузбай турган,
Асмандагы жылдыздарды,
Ойлонбойбу, ойлонбойбу? !
«Ким кылды?» -деп жок десе,
Кандай момун, ден соолугу бар туруп,
Курсак сылап орозодо,
Кардым менин ток десе!
Орозого күлгөн жандар,
Билбейт өзү, баратканын от кече.
Орозого данк алгандар,
Орозосун ой-тоого жар салгандар,
Мактангандар,
Ойлон, пенде!
Андайлардын орозосу жокко эсе!

Орозо - бул купуя сыр,
Ободогу Аллах билсин бир гана.
Тааныбасаң, Кудайыңды,
Тааныштырам, мен сага.

Аллах улуу кудуреттуу,
Анын болбойт шериги.
Атасы жок, апасы жок,
Анын болбойт теңири.
Ааламга да сыйбай турган,
Анын орду кеңири.
Ал акыркы, ал биринчи,
Айтылбаган оюңду да билүүчү.
Аллах өлбөс, Аллах тирүү.
Каалаганга өмүр берип,
Каалаганын өлүм менен ноктолойт.
Аллах баарын жаратуучу,
Жаралгандын бирине да окшобойт!

Жараткандын буйругунан,
Жүрөктөрдүн согушу,
Аллах өкүм бербегенде,
Бүт дүйнөдө жел да жүрбөй,
Суулар акпайт болуучу.
Ааламдардын Падышасы,
Эч ким аны жеңе албайт!
Эч нерсеге муктаж эмес,
Эч ким кеңеш бере албайт!
Аллах насип кылмайынча,
Адам басып жол албайт!
Карангылык Аллахымдын көрүүсүнө,
Эч бир тоскоол боло албайт!

Асман карап Жаратканды,
Алыс дебе таптакыр.
Сага Аллах билгин келсе,
Сенин күрөө тамырыңдан жапжакын!
Аллах, Аллах Ал уктабайт,
Үргүлөбөйт, чарчабайт!
Ыймандуулар Аллах сырын билүүдө,
Жалгыз гана таш жүрөктөр байкабайт...
Ал Мээримдүү, Кечиримдүү,
Сабыр кылган баарына.
Эч бир жандык калбас эле,
Биз жасаган күнөө үчүн,
Эге алса, каарына...

Чыр бүтпөгөн бул жалганды,
Чындык үчүн жараткан.
Жиндер менен инсандарды,
Кулдук үчүн жараткан.
Кулдуктун да кулдугу бар,
Кудай берген жол ошо.
Аллахына жакын болор,
Адам дилин оңосо,
Кулдуктун да эң мыктысы,
Жараткандан парз кылынган,
Отуз күндүк орозо.
Ишенбесең, ишенсең да,
Акыретте тирилүү бар кайрадан,
Кенен макшар талаасына,
Кабырлардан туруп алып,
Келет пенде жайнаган.
Көлөкө жок найза бою
Күн төбөдө кайнаган! ..

"Чын экен да, Акырет!»- деп,
Чындык сүйбөс пенделер түңүлгөндө. ..
Ата-эне баласы эмес,
Жанын ойлоп,
Аркы-терки жүгүргөндө. ..
Аллахка ишенбестер,
«Аттиң!»- деп күйүнгөндө. ..
Атасын таштагандар,
Энесин бакпагандар,
Этинен тилингенде. ..
Ушакчы ууга батып,
Тилинен илингенде...
Сойкулар жардам иштеп,
Аракеч бармак тиштеп,
Батканда ириндерге...
Эсеп-кысап сааты келип,
Эчен жан агылганда...
Кылганы айкын болуп,
Китептер таразага салынганда. ..
Өкүнүч үндөр чыгат!
Өкүнүч үндөр чыгат!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..
Дилибизди Аллахка арнаар элек,
Саждадан баш көтөрбөй,
Саргайып калбаар элек!
Садака, зекеттерден аяп каткан,
Санаксыз байлыктарга барбаар элек!
От чачкан тозогуна күмөн кылбай,
Орозо кармаар элек!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..

Ушундай азап күндөр келе электе,
Кызарып күндөр батып,
Кудурет Кыяматын бере электе,
Келгиле, ибадатка турбайлыбы? !
Айтканга тилди берген,
Көргөнгө көздү берген,
Акыйкат динди берген,
Аллахка шүгүрчүлүк кылбайлыбы? !

Ый менен нурдан бүткөн,
Ыймандын бешиги бар.
Адамды жокко теңеп,
Адамдын кесири бар.
Кудайдан корккондорго бейиш берер,
Коркпогон текеберге кейиш берер,
Кудайдын чечими бар!
Ойлон, пенде! Ойгон, пенде!
Акыры адамбыз го, сезими бар.
Жалгыз гана орозо кармагандар кире турган,
Жаннатын «Раййан» аттуу эшиги бар.

Рамазан - керемет ай!
Раббиңден түндүгүңө кут конор,
Орозо туткан жандын,
Оозунда бир жагымсыз жыт болор,
Ал жыт бирок, Аллах үчүн жыпарлардын жыпары.
Ою тайыз жаралганбыз,
Ошондуктан, эч сезбейбиз биз аны.
Кээ бир жандар айткандарды,
Жомок дешер каткырып.
Өзүлөрү кылды бекен?
Аллахчалык бир жандыкка жакшылык.

Азамзат, эй!
Чын эмеспи жалган дүйнө күн өтмөк,
Акыретин билсе пенде,
Кымындай да жамандыкты жасабай,
Жалаң гана напси менен күрөшмөк.
Жакшылыкты тынбай жасап,
Көңүлгө нур түнөтмөк.
Рамазан ыйык айдын асылдыгын,
Берекесин билгенде,
Пайгамбарым айткан сымал,
Бир жылдагы он эки айды,
Рамазан болсо экен деп тилешмек!

Аллахка шүгүр кылам,
Ал Затка бүтпөй турган сүйүүбүз бар.
Бул жарыкка көз ачып келген өңдүү,
Бул жарыктан көз жумар күнүбүз бар.
Орозолуу адамдарда,
Эки чоң сүйүнүч бар:
Биринчиси ооз ачып,
Ырыскыга көңүлүн бөлгөн кезде,
Экинчиси, Акыретте,
Жараткан Улуу Затты көргөн кезде!..

Орозо кармагандар чын дилинен,
Алдыдагы ырыскыдан таткыла!
Жараткан Аллахымды көрөр кезде,
Мындан өткөн бакыт барбы айткыла!
Рамазан - орозо ай,
Отуз күндө кетип калар тез учур.
Рамазан - орозо ай,
Дуба кылсаң, эч күмөнсүз.
Кабыл болор кез ушул.
«Дуба кыл!»- деп Жараткан да,
Кулдарынан сурады.
Кел, замандаш!
Орозодо бирге дуба кылалы.

Оо, Аллахым!
Биздин кылар ишибизди жеңил кылгын!
Оо, Аллахым!
Дил агартар ар адамга пейил кылгын!
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Ата-энебиз азап менен чоңойтту эле,
Аларга бекем кайрат, кубат бергин!

Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.

Билдирүүнү түзөткөн: Uulkan2288: 03 Июнь 2016 - 11:47

Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   ere   03 Июнь 2016 - 12:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

ыр куржун болуп кетиптиргоСүрөт
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   Kani1994   03 Июнь 2016 - 16:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Leylektik-77777 (03 Июнь 2016 - 16:55) жазган:

Бала эмизгендер жонундо маалымат бергилечи.


өзүңүзгө карайсыз,эгерде кыйналбайм десеңиз...кармап көрсөңүз болот!өзүм жөнүндө айта турган болсом,БУЮРСА орозо кармайм деп ниет кылып жатам!

Билдирүүнү түзөткөн: Kani1994: 03 Июнь 2016 - 16:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Topchubai   03 Июнь 2016 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Просмотр сообщения Leylektik-77777 (03 Июнь 2016 - 16:55) жазган:

Бала эмизгендер жонундо маалымат бергилечи.


Ээ аяш,сана запрешен да.Баланды чонойтуп ал,анан кармайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   suyom_seni   03 Июнь 2016 - 17:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 20 Март 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2018 15:58
  • Жынысы:Аялзаты

Кош бойлуу же бала эмизген аялдарга Орозо кутканда балага же озуно зыян келе турган болсо , анда ОРОЗО тутпайт. Булар баласы эмчектен чыгарышкандан кийин Орозонун казасын кармашы керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   Topchubai   03 Июнь 2016 - 17:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Аллаху Таъала кааласа,быйыл кармаймын деген ниет бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   03 Июнь 2016 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   03 Июнь 2016 - 22:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эй, замандаш!
Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын?
Өтүп кетер кур өмүрдө,
Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын.
Түшүнгөндөр туура десе,
Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын.
Баш чайкаган мерез чыкса,
Бактысыз бу башымды муңайтайын.

Оопасыз ушул дүйнө,
Оту өчсө дене - бойдун,
Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу.
Оюнунду анан улант,
Он мүнөт сабыр кылчы,
Орозодон кебимди улантайын.

Орозо не?
Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын,
Жасаган ибадаттын аныгыдыр.
Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып,
Ыйманына күч берген салымыдыр.
Ыймандын жарымы сабыр болсо,
Орозо ал сабырдын жарымыдыр.
Өлбөгөн ким бар дейсиң?
Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн,
Орозо нурун чачкан жарыгыдыр.

Орозо не?
Ой айтсам, орозодон терендеген,
Ой жетпес керемети терең белем?!
Оо, пенде рамазан ыйык айды,
Опол тоо зор бактыдан кур калууда,
Орозосуз өткөрөм деген менен!
Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес,
Акыретте жакшылык бар беленделген!
Антты бар орозого Жараткандын,
Сооп жазар периште да билбей турган,
«Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген!

Орозо не?
Жөн гана ачкалык деп ойлогондор,
Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор,
Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп,
Үмүтсүз Акыретин болжогондор,
Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп,
Орозого моюнун толгогондор,
Ойлонбойбу? !
Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү,
Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды,
Жан-жаныбар бүт куштарды,
Аралыгын бузбай турган,
Асмандагы жылдыздарды,
Ойлонбойбу, ойлонбойбу? !
«Ким кылды?» -деп жок десе,
Кандай момун, ден соолугу бар туруп,
Курсак сылап орозодо,
Кардым менин ток десе!
Орозого күлгөн жандар,
Билбейт өзү, баратканын от кече.
Орозого данк алгандар,
Орозосун ой-тоого жар салгандар,
Мактангандар,
Ойлон, пенде!
Андайлардын орозосу жокко эсе!

Орозо - бул купуя сыр,
Ободогу Аллах билсин бир гана.
Тааныбасаң, Кудайыңды,
Тааныштырам, мен сага.

Аллах улуу кудуреттуу,
Анын болбойт шериги.
Атасы жок, апасы жок,
Анын болбойт теңири.
Ааламга да сыйбай турган,
Анын орду кеңири.
Ал акыркы, ал биринчи,
Айтылбаган оюңду да билүүчү.
Аллах өлбөс, Аллах тирүү.
Каалаганга өмүр берип,
Каалаганын өлүм менен ноктолойт.
Аллах баарын жаратуучу,
Жаралгандын бирине да окшобойт!

Жараткандын буйругунан,
Жүрөктөрдүн согушу,
Аллах өкүм бербегенде,
Бүт дүйнөдө жел да жүрбөй,
Суулар акпайт болуучу.
Ааламдардын Падышасы,
Эч ким аны жеңе албайт!
Эч нерсеге муктаж эмес,
Эч ким кеңеш бере албайт!
Аллах насип кылмайынча,
Адам басып жол албайт!
Карангылык Аллахымдын көрүүсүнө,
Эч бир тоскоол боло албайт!

Асман карап Жаратканды,
Алыс дебе таптакыр.
Сага Аллах билгин келсе,
Сенин күрөө тамырыңдан жапжакын!
Аллах, Аллах Ал уктабайт,
Үргүлөбөйт, чарчабайт!
Ыймандуулар Аллах сырын билүүдө,
Жалгыз гана таш жүрөктөр байкабайт...
Ал Мээримдүү, Кечиримдүү,
Сабыр кылган баарына.
Эч бир жандык калбас эле,
Биз жасаган күнөө үчүн,
Эге алса, каарына...

Чыр бүтпөгөн бул жалганды,
Чындык үчүн жараткан.
Жиндер менен инсандарды,
Кулдук үчүн жараткан.
Кулдуктун да кулдугу бар,
Кудай берген жол ошо.
Аллахына жакын болор,
Адам дилин оңосо,
Кулдуктун да эң мыктысы,
Жараткандан парз кылынган,
Отуз күндүк орозо.
Ишенбесең, ишенсең да,
Акыретте тирилүү бар кайрадан,
Кенен макшар талаасына,
Кабырлардан туруп алып,
Келет пенде жайнаган.
Көлөкө жок найза бою
Күн төбөдө кайнаган! ..

"Чын экен да, Акырет!»- деп,
Чындык сүйбөс пенделер түңүлгөндө. ..
Ата-эне баласы эмес,
Жанын ойлоп,
Аркы-терки жүгүргөндө. ..
Аллахка ишенбестер,
«Аттиң!»- деп күйүнгөндө. ..
Атасын таштагандар,
Энесин бакпагандар,
Этинен тилингенде. ..
Ушакчы ууга батып,
Тилинен илингенде...
Сойкулар жардам иштеп,
Аракеч бармак тиштеп,
Батканда ириндерге...
Эсеп-кысап сааты келип,
Эчен жан агылганда...
Кылганы айкын болуп,
Китептер таразага салынганда. ..
Өкүнүч үндөр чыгат!
Өкүнүч үндөр чыгат!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..
Дилибизди Аллахка арнаар элек,
Саждадан баш көтөрбөй,
Саргайып калбаар элек!
Садака, зекеттерден аяп каткан,
Санаксыз байлыктарга барбаар элек!
От чачкан тозогуна күмөн кылбай,
Орозо кармаар элек!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..

Ушундай азап күндөр келе электе,
Кызарып күндөр батып,
Кудурет Кыяматын бере электе,
Келгиле, ибадатка турбайлыбы? !
Айтканга тилди берген,
Көргөнгө көздү берген,
Акыйкат динди берген,
Аллахка шүгүрчүлүк кылбайлыбы? !

Ый менен нурдан бүткөн,
Ыймандын бешиги бар.
Адамды жокко теңеп,
Адамдын кесири бар.
Кудайдан корккондорго бейиш берер,
Коркпогон текеберге кейиш берер,
Кудайдын чечими бар!
Ойлон, пенде! Ойгон, пенде!
Акыры адамбыз го, сезими бар.
Жалгыз гана орозо кармагандар кире турган,
Жаннатын «Раййан» аттуу эшиги бар.

Рамазан - керемет ай!
Раббиңден түндүгүңө кут конор,
Орозо туткан жандын,
Оозунда бир жагымсыз жыт болор,
Ал жыт бирок, Аллах үчүн жыпарлардын жыпары.
Ою тайыз жаралганбыз,
Ошондуктан, эч сезбейбиз биз аны.
Кээ бир жандар айткандарды,
Жомок дешер каткырып.
Өзүлөрү кылды бекен?
Аллахчалык бир жандыкка жакшылык.

Азамзат, эй!
Чын эмеспи жалган дүйнө күн өтмөк,
Акыретин билсе пенде,
Кымындай да жамандыкты жасабай,
Жалаң гана напси менен күрөшмөк.
Жакшылыкты тынбай жасап,
Көңүлгө нур түнөтмөк.
Рамазан ыйык айдын асылдыгын,
Берекесин билгенде,
Пайгамбарым айткан сымал,
Бир жылдагы он эки айды,
Рамазан болсо экен деп тилешмек!

Аллахка шүгүр кылам,
Ал Затка бүтпөй турган сүйүүбүз бар.
Бул жарыкка көз ачып келген өңдүү,
Бул жарыктан көз жумар күнүбүз бар.
Орозолуу адамдарда,
Эки чоң сүйүнүч бар:
Биринчиси ооз ачып,
Ырыскыга көңүлүн бөлгөн кезде,
Экинчиси, Акыретте,
Жараткан Улуу Затты көргөн кезде!..

Орозо кармагандар чын дилинен,
Алдыдагы ырыскыдан таткыла!
Жараткан Аллахымды көрөр кезде,
Мындан өткөн бакыт барбы айткыла!
Рамазан - орозо ай,
Отуз күндө кетип калар тез учур.
Рамазан - орозо ай,
Дуба кылсаң, эч күмөнсүз.
Кабыл болор кез ушул.
«Дуба кыл!»- деп Жараткан да,
Кулдарынан сурады.
Кел, замандаш!
Орозодо бирге дуба кылалы.

Оо, Аллахым!
Биздин кылар ишибизди жеңил кылгын!
Оо, Аллахым!
Дил агартар ар адамга пейил кылгын!
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Ата-энебиз азап менен чоңойтту эле,
Аларга бекем кайрат, кубат бергин!

Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июн 2025 06:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: