Суперстан: Тата Улан Супер форумда - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • > Атактуулар Суперстанда
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тата Улан Супер форумда Суроолорду узата берсеңиздер болот

#41 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 14:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения amantur (18 October 2010 - 12:26) жазган:

Саламатсызбы Улан байке, дагы бир суроом бар эле, "Баары Бир" аттуу клипиңизге канча каражат кетти?





Досторумдун жардамын кошпогондо 1000 сом, ал эми жалпысынан 100 000 доллар го... %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 14:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения temu (21 October 2010 - 11:21) жазган:

Саламатсызбы! Кыргыз шоу бизнесинде обондорунуз жана терен философиялык создорунуз менен озгочолонуп турганыз мага абдан жагат. Айрыкча "Алча" деген ырыныз менин журогумдон оорун алганын белгилеп кетким келет. Эми болсо менин суроолорум:
1. Концертин журушундо, бет капынызды сахнага чыгаарда эле тагынасызбы же сахнанын аркасында да тагынып журосузбу?
2. Кочодон кайсы бир ырчыны инсандар коруп таанып кол жазмасын сураса, ал ырчы суйунот эмеспи. Ошол эле убакытта сизди эл чыныгы жузунузду корбогондон кийин, таанып кол жазма сурабайтта, ошондуктан "Башка жылдыздардай болуп, мени деле эл кочодон таанып, кол жазма сураса жакшы болор эле"-деген тымызын ойлорду ойлойсузбу?
3. Азыркы ырчылар 1 же 2 чыгармасы болсо эле клип тартырып эл арасына терен жайылтып жатпайбы, бирок негедир сиздин чыгармаларыныз коп болгон кундо да клиптеринизди сыналгыдан корбойбуз. Клип тарттырбай жатканызыга кандай шарттар тоскол болуп жатканын айталасызбы?
Азырынча ушул суроолорго жооп берип турсаныз, алдын ала рахмат!! !


1. Сахнага чыгарда тагынам, албетте.
2. Андай "жылдыз" оорусу менен оорубайм, кейибейм деле.
3. Каражат тоскоол болуп калат.
Сизге да рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 14:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения Aydashka (22 October 2010 - 16:29) жазган:

Salamatsyzby Ulan!men alysky Avstriaolkosunon jazyp jatam,sizdin yrlarynyzdy jakshy korobuz,anan bizge dele kelip ketpeisizbi,kyrgyzdar kop elebiz.



Саламатчылык!
Чакырсаңыздар баргандан баш тартпайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 14:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения Aigolok (04 November 2010 - 04:55) жазган:

Salamatsyzby Tata Ulan, sizdin urlarynyz maga abdan jagat. Sizdin Karyndaw degen urunyzdy kop ygam. Germaniyada jawagandyktan, byl jaktagy nemes dostoryma da Karyndaw degen urynyzdy ygyzgam anan alarga da abdan jakty :)Ywyndai jakwy urlardy jarata beriniz. Uigilik sizge.
Syroo: Urchulardun arasunan kim menen dostyk mamileniz bar?
Dagy kancha jul chigarmachuluktun ystyndo jyroiyn deisiz? Eger dagy kop juldar boiy urchuluk kesip menen jyrom degen maksattarynyz bar bolso anda maska tagynyp jyrsonyz dele eldin baary jyzynyzdy taanyp kalat ko je anda maskanyzdy alyp chiga bawtaisuzbu.



Саламатчылык!
1. Айтпайм. Баары масканын артында болсун!
2. Кудайым буюрган мезгилге чейин.
3. Менин жүзүм таанылып калса, анда кийин менин ордума балам маска тагынып чыга баштайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения supernurgazy (06 November 2010 - 00:13) жазган:

Ассалому алейкум, Улан байке! Менде эки гана суроо бар.

а. Сиздин майлдагы Тата Улан деп жүргөн мир сизге таандыкпы? Же дагы бирөөлөр сиздин атыңыздан кирип алганбы?

б. Сизди патриот катары анан жакшы тарбиячы катары таанып билем. Өткөндө түңгө карайдагы сөздрүңүз тимеле жүрөктөн орун алып калды. Ошондо айткан сөзүңүз бар эле, бизди көрүп жаш муундар өсүп келатат деп. Мен Жогорку окуу жайларынын биринде студенттик кеңештин төрагасынын ролун аркалап келем, эгер мүмкүн болсо балдар менен жолугуу уюштуралы, аларды туура жолго бир үндөп кетпейсизби? Окугула, ак жүргүлө жана башка ушундай сыяктуу сөздөр менен аларды бир тарбиялап бербейсизби? Кантсе да сиздерди угат да, сиздер да алар үчүн жоопту болуп калбадыстарбы. Эгер келе турган болсоңуз беткабыңызды унутпаңыз, тааныбай калышып, ойлогон ой максатыбызга жетпей калбайлы. ТАМАША. Эгер макул болсоңуз менин элдик почтам: nurgazuh@mail.ru

Рахмат!




1. Мирде мурун бар болчумун. Бирок аны өчүрүп салганыма бир жыл болуп калды. Азыр жокмун ал жакта.
2. Учурда деле ошондой тарбиялык иштер менен алек болуп жүрөм. Шартым болуп калса андай нерседен качпайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   honey   02 Декабрь 2010 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 453
  • Катталган: 30 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Сен 2015 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы!
1. Сизди уйлондук деп уктук, ушул чынбы?
2. Бирок, эмнегедир ал дагы маскачан дешет, бул чынбы?

Адам баласы оз бактысынын устаты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения Akulina (11 November 2010 - 10:52) жазган:

Оооооооо саламатсызбы Улан байке!!! ! Кандайсыз??? Куш боонуз бек болсун . Кармашкан колунар узулбосун , экоонуздордун суйуунуздордун жемиштери менен топурашып бактылуу болунуздар? ?? анда мен суроолорумду жаадыра берейин.....
  • мусулмандык парзынызды толук аткардынызбы? ?
  • уйлонгондон кийин суйуу барбы???
  • жубайыныз мене кандай шарттарда тааныштыныз эле???
Менин суроолорума *чын журоктон баари бир * дебестен жооп берсениз аябай жакшы болот.......Сүрөт


Саламатчылык. Каалоо-тилектериңизге рахмат!
1. Жашоо өтүп, бул дүйнөдө жашап жатканыбыздан кийин ар күнүбүз парыздар менен өтөт.
2. Үйлөнгөндөн кийин деле сүйүү сөзсүз түрдө болот да!
3. Ушул суроого Чын жүрөктөн баары бир! :rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения jalbirak (12 November 2010 - 01:03) жазган:

салам. : МЕН БИР ДА ЖОЛУ БАЛАМА БАРГАН ЭМЕСМИН АНТКЕНИ АПАСЫ ЖАМАН. БАЛАМА КЕРЕК БОЛСОМ ОЗУ КЕЛЕТ: деп ушул созунордон кийин мындай суроо
да ушул создорду айткандан кийин элге ыйман ырдаганыныз туура деп ойлойсузбу?




Ар бир адамдын өзүнүн тагдыры болот. Ошондуктан менин абалымда менин чечимим абдан туура. Эл чындыкты билбейт, эмне себептен ажырашканымды. Жана бул чындыкты билбей эле коюшсун. Ал эми баланын өзу издеп келери жаман беле? Себеби мен ошол күндү күтөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   kom   02 Декабрь 2010 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Ассалааму Алейкум!
Чыгармаларыңыздын чын жүрөктөн чыккандыгы билинип турат, себеби ар бир ырыңыз түшүнгөн адамдын жүрөк түпкүрүнө жетет. Ар дайым ушул калыбыңыздан жазбай чыгармачылыгыңызды өнүктүрө бериңиз... Анда мен да бир-эки суроо берип кетсем....

1. Чыгармаларыңызга сын укканда кандай абалда каласыз?
2. Бакыт деген эмне сиздин көз карашыңызда?
3. Адам баласынын кайсы сапаттарын баалайсыз?
4. Ырчылардын көбүнүн интервьюсунда "телефон номеримди күйөрмандарым тынбай чала беришкендиктен тез-тез алмаштырам" деген сөздөрүн окуп калам, сиз да тез-тез алмаштырып турасызбы?
5. Жогору жакта "Менин жүзүмдү эл таанып калса, балам маскачан чыгат" депсиз. Балаңызды да ырчы кылайын деген ойуңуз барбы?

Жоопторуңузга алдын-ала ыраазычылык билдирем.

Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения OAN (22 November 2010 - 15:52) жазган:

Саламатсызбы Улан байке Алтайдагы журуштууралуу айтып бербейсизби, кандай сезимдер болду


Элге келечегине таасирин тийгизе турган нерселерди Алтайдан алып келдик десем болот.
1. Кыргыз кыргыз экенин унутпашы керек.
2. Эч качан аялзаты аборт кылдырбаш керек.
3. Биз дагы сөз берип кеттик, балдарыбыз жетиден кем болбосун деп.
4. Кыргызга илгертен аттары канат болчу. Ошол аттардын санын да көбөйтүш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   honey   02 Декабрь 2010 - 15:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 453
  • Катталган: 30 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Сен 2015 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дагы суроо берейин дедим эле.

3. Азыркы саясатчылардан кимди кобуроок баалайсыз жана Кыргызстанды которот деп ишенесиз?

Адам баласы оз бактысынын устаты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   andormeda   02 Декабрь 2010 - 15:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Цитата

Бет капты чечкенде кызыгы таркап кетет деп деле ойлобойм. Болгону, чечпейм . Жаңы ырлар бир учурда жаралат деп айта албайм. Ар кандай учурда, ар кандай шартта жаралып калат ырлар.



Банальный суроого, банальный жооп!!! Сизден ушунча убак жоопту кутуунун кажети бар беле деп да ойлоно туштум...сизди "не формат" адам деп ойлогон элем! Сүрөт


Рахмат жоопторунузга, ийгилик сизгке!
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения kom (02 December 2010 - 11:09) жазган:

Интервьюга келбей коем
Себеби мага баары бир
Жооп күттүрүп илбей коем
Анткени мага баары бир
Жума аягы болсо дагы
Кирбей коем баары бир
Күтүп, жүнүңөр жалтырасын
Чын жүрөктөн баары бир!

деп ыр жазып атса керек да бу Тата Улан байкебиз..... ..(бул бирок тамаша эле...)



Азаматсыз! :applause:
Иштеримди таштай албай, келе албадым, баары бир,
Азыр келип отурамын, жооп беремин, баары бир!:rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения Marmiladka (02 December 2010 - 12:29) жазган:

Ассалому алейкум, Улан байке!
Иштериниз, жеке жашоонуз жакшыбы? Жакында сизди уйлонду деп уктум. Куш боонуз бек болсун! Эми женекебиз жонундо бир-эки ооз соз уккум келип жатат озунуздон. Кайсыл жактын кызы, кантип таанышып калгансыздар? :kiss3:
2. Омур бою ушул стилинизди калтырбайсызбы? Же кийин чыныгы жузунуз менен эл алдына чыгасызбы?
3. Башка ырчылардан сиздин эмне озгочолугунуз бар деп ойлойсуз?
4. Сахнада сиз патриот, эли-жерим деген ырчысыз, а уйдо кандай адам, кандай жарсыз?
5. Азыркы жаны чыгып келаткан, 1-2 ыры менен таанылып алып жеке концерт койгон ырчыларга кандай карайсыз?
6. Анан озунуз качан жеке концертинизди коесуз?
Рахмат сизге. Суроо берейин десем аябай эле коп экен. Азырынча ушуну менен эле токтолуп турайынчы. Ишинизге ийгилик дагы бир жолу! :good:


Уалейкум ассалом!
1. Жеңекеңер жөнүндө эч нерсе айтпайм.
2. Кандай болуп чыгам, аны жалгыз Кудай билет.
3. Башкалардан продюсери жок жалгыз иштегеним менен айырмаланам.
4. Аны үйдөгүлөр билет.
5. Аларга кандай кармак элем? Чын жүрөктөн баары бир!!!
6. Билбейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения honey (02 December 2010 - 15:10) жазган:

Дагы суроо берейин дедим эле.

3. Азыркы саясатчылардан кимди кобуроок баалайсыз жана Кыргызстанды которот деп ишенесиз?




Кыргызстанды көтөрүүчү азыр саясаттан сырткары жүрөт. Балким, араңарда, бир жерде окуп жүрөт. Кыргызстанды сүйөт, чын дили менен келечегине ишенет. Бирок анын учуру келе элек окшойт. Аны мен тааныбайм, аны эч ким тааныбайт. Бирок ал бар, жүрөт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения kom (02 December 2010 - 15:07) жазган:

Ассалааму Алейкум!
Чыгармаларыңыздын чын жүрөктөн чыккандыгы билинип турат, себеби ар бир ырыңыз түшүнгөн адамдын жүрөк түпкүрүнө жетет. Ар дайым ушул калыбыңыздан жазбай чыгармачылыгыңызды өнүктүрө бериңиз... Анда мен да бир-эки суроо берип кетсем....

1. Чыгармаларыңызга сын укканда кандай абалда каласыз?
2. Бакыт деген эмне сиздин көз карашыңызда?
3. Адам баласынын кайсы сапаттарын баалайсыз?
4. Ырчылардын көбүнүн интервьюсунда "телефон номеримди күйөрмандарым тынбай чала беришкендиктен тез-тез алмаштырам" деген сөздөрүн окуп калам, сиз да тез-тез алмаштырып турасызбы?
5. Жогору жакта "Менин жүзүмдү эл таанып калса, балам маскачан чыгат" депсиз. Балаңызды да ырчы кылайын деген ойуңуз барбы?

Жоопторуңузга алдын-ала ыраазычылык билдирем.



1. Ар бир адамдын өзүнүн ой-пикирин айтууга укугу бар. Ошондуктан түшүнгөн абалда калам.
2. Ар бир адамдын бакыт тууралуу өзунчө түшүнүгу бар. Мен үчүн туугандарым аман болсо, ошол бакыт!
3. Адам баласынын ар бир жакшы сапаттарын баалайм. :good:
4. Жок, алмаштырбайм. Мисалы, азыркы номеримди 2-3 жылдан бери колдонуп жүрөм.
5. Ырдагысы келсе, тоскоол болбойм! Менин оюмдагыдай болсо, албетте!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   TataUlan   02 Декабрь 2010 - 15:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 01 Мар 2011 18:23

Просмотр сообщения honey (02 December 2010 - 14:58) жазган:

Саламатсызбы!
1. Сизди уйлондук деп уктук, ушул чынбы?
2. Бирок, эмнегедир ал дагы маскачан дешет, бул чынбы?



Апеееей, ошондой сөз чыгыптырбы? Каяктан уктуңуз? :rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   amantur   02 Декабрь 2010 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения TataUlan (02 December 2010 - 11:34) жазган:

3. Сайтты ачуу тууралуу ойлонуп көргөм. Бирок жалгыз өзүм жасай албайм.



Салам алейкум Улан байке
Эгер сайт боюнча жардам керек болсо мага кайрылсаңыз болот, колдон келген жардамымды аябайм, анан уруксат берсеңиз (менде азыр каражат жок болгондуктан) бекер хостинг берген сайттар аркылуу биир сайт ачым койсом, эл сиздин чыгармачылыгыңыз жөнүндө көбүрөөк маалымат алса, ырларыңыз элге жетсе жакшы болот го дейм.

байланыш үчүн: kg-bala@list.ru же болбосо kg-bala@namba.kg
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   MIRlan   02 Декабрь 2010 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

ЭЭЭЭ менин суроомо жооп бербептир!   :smoke:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Жолоочу_Elmira_* 14 Март 2011 - 19:58

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Салам Тата Улан,жаркын жашоо,бакыт каалоо менен бирге сага айта турган кенешим бар эле,эгер туура кабыл алсан.
Сахнага жаны костюмдарды кийип чыксан жакшы болоор эле,анан да ырларды маанисине карап ырдасан аябай кубаныч менен угат элем.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Атактуулар Суперстанда
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: