КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫ (ЖЕТИ АТА)... САНЖЫРА
#542 24 Ноябрь 2015 - 16:43
ere (25 Август 2015 - 10:19) жазган:
баасыз уурусунан барбыкен
МЕН брамында акем...

Мен " Нойгут" уруусунун он канатындагы <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">" Баасыз" уруусуна кирем..
Билдирүүнү түзөткөн: dinajanka: 24 Ноябрь 2015 - 16:49
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#547 21 Декабрь 2015 - 15:36
Suluu.kyz95 (01 Июнь 2015 - 12:00) жазган:
Мен КУДАЙЛАТ уруусунан болом.кимде маалымат бар.жазып койгулачы?сураныч
Абдан кубандырат.

Мен угуп, окуган маалмыттар боюнча кудайлаттар басыз уруусунун курамындагы байыркы УРУКтардын бири (көптөр уруу менен урукту адашып колдонушат). Кудайлаттардын курамына борчо, дөөлөт, тогой сыяктуу уруктар кирет. Ошо менен бирге кудайлаттардын бүгүнку мекендечу жайлар көбүнчө Нарын облусунун Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Өзгөн, Жалал-Абад, айрыкча Көк-Арт өрөөнүндө, Талас ж.б. болуп эсептелет.
Олжобай Каратаевдын "КЫРГЫЗ ЭТНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ" нөн. Баса ал киши өзү да кудайлат уругунан болсо керек.
Этникалык аталыштын параллелдери тувалардан “хоодай”, башкырлардан “кудей” формаларында кездешет (Потапов, 1969, 71; Кузеев, 1924, 210-211). Айрым тарыхый фактылар, лингвистикалык салыштыруулар, топонимикалык аталыштар кудайлаттардын байыркы енисейлик кыргыздардын курамында болгондугун тастыктайт. Тувалардын тарыхый фольклорунун айрым маалыматтары тува элинин курамына жуурулушкаи (Тува Республикасы, Эрзин аймагы) кыргыз уруусун Эрзин аймагына Хоодай жана Үстүг аттуу бабалары көчүрүп келгеипн баяндайт (Потапов, 1969,71). Тувалардын курамындагы “кыргыз” уруусу (эскертүү: тувалардын ичинде өз алдынча “кыргыз” аттуу эки уруу бар). 820-840 жж. Уйгур каганатын багындырган мезгилден эле агалгап аймакты байырлап келиши ыктымал. Кызыктуусу, бүгүнкү Хакас-Минусин ойдунунда Худалат (Кудалат) аттуу топоннмикалык аталыштын сакталып келүү-сүолуттуу факт болуп калары шексиз (Бутанаев, 1995, 180). Бирок, бул маселеде айрым бир көз караштар бар. Л.П. Потапов,В.В. Радловдун илимий негиздүү жыйынтыгын колдоп, курамыпа “хоодай” уруусу кирген эрзипдик тува-кыргыз дарды 1663-жылы Алтын-хандар (монгол хандарынын династиясы) тарабынан Минусин ойдуцунан Түштүк Тувага көчүрүлгөн енисейлик кыргыздардын гүз тукумдары деген жыйынтыкка келет (Потапов, 1969, 65-66). Хоодай = кудай + лат; -лат сөз жасоочу мүчө. Р.Г. Кузеев башкыр-кудейлердин тегинин Саян-Алтайдып этпикалык чөйрөсү менен гыгыз байланышын жазат (Кузеев, 1974,210-211). Демек, кудайлаттар кыргыз этносунун пайдубалы н негиздөөгө байыркы урук (уруу) деген жыйынтыкка келүүгө негиз бар..
Дагы бир айта кетчу нерсе, кудайлат деген этиш Юдахиндин кырзгызча-орусча сөздүгүндө "доводить кого-л. до крайности (когда человек начинает взыватъ к богу" деп которулат.
Мен өзүм Жалал-Абаддан болом. Бабам (чоң чоң атам) Таластан келген деген кепти аксакалдардан көп уктум. Айтылуу Чыйбыл, Нүзүп аттуу болуштардан ишенген жигити болгон деп кеп айтылып жүрөт. Чыйбыл болуш Токтогул акындын ырында кездешет, сүргүнгө айдалган. Болжол менен 1880-90 жж.
Эгер маалымат болсо жазгыла. Жети атаныздарды айткыла, мүмкүн бирөөсүнөн туташкан чыгаарбыз.

#548 01 Январь 2016 - 04:33
илгерии билчуумун энем раматылык бар кезде азыр кайдан билбеймг
Сени корсом
#550 11 Январь 2016 - 00:38
Жакшы тема экен...Биздин уруубуз Кодогочун деп койчу эле атам..ушул уруу тууралуу билгендер болсо жаза кеткилечи..
Билдирүүнү түзөткөн: nurzada1992: 11 Январь 2016 - 00:38
#551 11 Январь 2016 - 18:20
менин уруум Сарыш уруу жейт,мурун чон атам(ата дейт элек) бар кезде уруум жети атам баарын билет элем. уйротуп турат эле. азыр каяктан(((
#552 15 Январь 2016 - 00:13
Мыза,
Тайлак,
Абелде,
Тайыр,
Итийбас,
Атантай,
Жамангара .
А озум Саруудан болом .
Тайлак,
Абелде,
Тайыр,
Итийбас,
Атантай,
Жамангара .
А озум Саруудан болом .
#553 12 Март 2016 - 23:48
1- Мурат 2-Камчыбек 3-Малабай 4-Мадияр 5-Маулиан 6-Иса 7-Жакып 8-Акмат. Тарых сабагында мектепте ушинтип айтсам классташтарым куло берет эле тообо "сен азыркы эле аттарды ойлоп таап айтып койдун"-дешип.
Эми билип атам аталарым динчил болушканын . Алардын аталары мындай эле "Койлубай,
Ташбай, Койкелди, Ташмат Балтабай"
ж.б . Уруум "Канды".
#554 14 Март 2016 - 00:51
Бакал уруубу же урукбу ким билет билсениздер маалымат бере кетсениздер
#555 14 Март 2016 - 05:27
САЯКТАР – кыргыз уруулларынын курамындагы,
анын ичинде оң канат уруулук тобуна кирген ири уруулардын бири. Саяктар өз алдынча САЯК(чоң саяк) жана ЧЕКИР САЯК деп аталган эки чоң бөлүккө бөлүнүп, санжыра маалыматтары боюнча экөө тең бир уруу катары каралса, белгилүү этнограф С.М. Абрамзон бул экөөнү эки башка уруу деп эсептеген. Кыргыз санжырасында саяк уруусунун чыгышы Тагай бийдин Саяк деген асыранды баласына байланышып айтылат. Анын жортуулчу Байболот деген уулу жортуулдап жүрүп, Чекир молдонун балдарын алып келип, алардан тараган тукум Чекир Саяк деп аталып калган. Илимий изилдөөлөр боюнча саяк уруусунун чыгышы жана анын калыптанышы тууралуу бир-бирине карама-каршы пикирлер айтылып, көпчүлүгү талаш-тартыш жаратуу менен гана чектелет. Башкача айтканда илимий негизде ачыла электигине байланыштуу,
саяк уруусунун чыгышы, тараган теги тууралуу маселе толук чечиле элек. Ошондой болсо дагы саяк уруусун кыргыз этносунун курамындагы орто кылымдагы этностук компонентинин бири деп кароого болот.Уруунун ички түзүлүшү көптөгөн уруктарды камтыган татаал системадан тургандыктан,
алардын таралышына байланыштуу бир канча варианттар сакталып калган. Анын ичинен саяк уруусунун (чоң саяк) уруктук бөлүнүшүн көрсөткөн төмөнкү өзөктүү вариантында Тагай бий Саяк деген баланы багып чоңойткону белгиленет.
Ал эки аял алып, 1-аялынан Байболот, Кайдуулат, экинчисинен Каба деген эркек бала болгон. Байболоттун беш уулунан тарган тукум «өйдө чекти» деп аталып, Кайдуулаттын балдары «каратай», «төлөк», «беш таз», «бай барак» деп, ар кимисинин аттары менен өзүнчө урууга айланган. Кабанын тукуму сан жагынан көп болуп, көптөгөн уруу топторуна бөлүнөт. Байбичесинен Түнкатар, Түнтөй, кичүү аялынан Шыкмамат деген балдары болуп, Түнкатар өз алдынча «кутунай», «бегет», «качканак» тукумдарына ажырайт. Качканак тукумунан Арзымат, Садыр баатыр, Сейит, Байтүгөл, Ырыскулбек ж. б. сыяктуу саяктарды бийлеген ири манаптар чыккан. Түнтөй уругу «актери», «бозтери
», «арбото» топторунан,
а. и. Актери «шамаке», «жарыке», «саке», «сарык» уулдарына тарап, алардын көпчүлүгү Тогуз-Торо аймагында турат. Сарык тукуму «атакара», «ботокара»;
Бозтери «досой»,
«казак», «элтинди»; Арбото «азат», «дуулат» уруктарына тарайт. Шыкмамат Култай, Кудаш эки атага ажырап, Култай «бакты», «ороз» жана «бөөбүй» уруктарына,
Кудаш «бектемиш» (бакачы), «куртка мерген», «анжай» (кожояр), асыранды уулу катары эсептелген «инжай» (бөлөкбай) тукумуна ажырайт. Саяктар (чоң саяк) Ысык-Көлдүн күнгөйү, Тоң районунун батыш аймагы, Кетмен-Төбө өрөөнү жана Тогуз-Торонун түндүк тарабын жердейт. Уламыштар боюнча чекир саяктар саяктарга (чоң саяк) энеси тарабынан гана тууган (энелеш) болуп, атасы Чекир молдо (Чакыр, Шакир) кыргыздарга башка тараптан ооп келген адам катары эсептелет. Ички курамы боюнча алар «курманкожо» (буга курманкожонун өз тукумдарынан тышкары, Түгөлдүн бардык тукуму кирет), «кулжыгач»,
«ыман», «чоро», «аккабак» деген беш чоң бөлүкчөгө бөлүнсө, «терек» деп аталган алтынчы уругу өтө аз сандуу болгон. Санжырада Чекир молдонун эки аялы болуп, биринчи аялынан Үчкуртка, Түгөл деген эки уул, экинчи аялынан Керимкул деген бала төрөлгөн. Керимкулдан Карагул, Коошум, Чооке, Чаака жана Байтөбөт аттуу уулдарынын тукуму жалпысынан «ала көз» деп аталат. Үчкурткадан Аккабак, Ыман, Кудайберди – үч уул. Аккабактын тукуму «аккабак», Ымандын тукумдары «ыман» уругу деп аталат. Кудайбердиден Балта (ал Терек деп аталып калган), Кулжыгач, Чоро. Кулжыгачтын байбичесинин аты Күрүчбек болгондуктан,
анын балдары (Караболот, Шааболот, Коюке, Жолуке) энесинин атынан «күрүчбек уругу» деп аталып калган. Супкуна деген кичүү аялынан Итэмген, Сүтэмген деген эки уул болуп, Сүтэмген тукумдары түштүктөгү ичкиликтердин арасында «чапкынчы» уругун түзөт. Итэмген балдарынан жалпы «үчкуртка» бутагын бийлеген Түлкү, Качыке, Кедей сыяктуу ири төбөлдөр чыккан. Чоро тукуму «марка», «барчык», «чоң чарык» болуп бөлүнүп, алардын арасынан дагы Жамболот, Ырыскул, Атантай, Тайлак сыяктуу белгилүү башкаруучулар чыккан. Түгөл «жараш», «осмон» жана «маңгыт» бутактарына ажырап, «маңгыттан» «курманкожо»,
«катаган», «аюу», «котон», «байталчы»,
«көк мээ» уруктары тарайт. Чекир саяктар Жумгалда, Ак-Талаанын түндүгү, Суусамырда,
Кочкордун батыш этегинде, Таш-Көмүр жана Лейлекте турушат.
САЯК - КАБА - БОЗТЕРИ - ДОСОЙ
1.Оз атам - ***
2.Чон атам - Зарлык
3.Бабам - Жолочу
4.Жотом - Эдил
5.Кубарым - Адыл
6.Жетем - ???
7.Тегим - ???
САЯК - КАБА - БОЗТЕРИ - ДОСОЙ
1.Оз атам - ***
2.Чон атам - Зарлык
3.Бабам - Жолочу
4.Жотом - Эдил
5.Кубарым - Адыл
6.Жетем - ???
7.Тегим - ???
Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 14 Март 2016 - 05:28
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#557 14 Март 2016 - 22:26
Болум кытай же кулго онар уруусунан ким бар? же ушул уруу боюнча маалымат бериниздерчи
#558 14 Март 2016 - 22:41
#559 14 Март 2016 - 22:51
1-Жаныбек.2-Омар.
3-Кашан.4-Саби.
5-Сакалай.6-Абдырай.
7-Кенже.8-Бакы.
9-Тойчу. Мен жоош уруусунан болом.
#560 15 Март 2016 - 19:24