Кечо коптон бери куткон Каныкейдин концертине бардым. Концертин журушу жонундо соз кыла кетсем, башкача айтканда мини отчет.
Концерт башталышы саат 19:00-до "Опера жана Балет театырында"
болот дегенинен Филармонияныкындай концерт убакыт саатында башталат болуш керек деген ой менен, саат 19:00 оз оордума жайгашып отуруп калдым. Бирок концерт жарым саттан ашыгырак кечигип башталды. Алгач концерти белгисиз бир бий тобу ачып берди (белгисиз дегенимдин себеби концертин аягына чейин бул бийчи топту эч ким тааныштырган жок). Андан кийин Каныкей трос менен сахнанын устунон тушушу озгочо бир эффект берип турду. Алгач ырын Опера жана балет театрынын солисти менен аткарды. Бул ыры мага абдан жакты. Озгочо, айтып откон солист Каныкейди коштоп чогу ырдаганда "барекелде"
- деп айтып жибергенимди байкабай калыптырмын.
Концертке конок катары келген кино режиссер Эрнест Абжапаров, озу тарткан тасмалардагы саундтректерди аткарып берди. Айрыкча эсте калганы Каныкейдин коштоосунда Эрнест Абжапаровтун "Айыл Окмоту" тасмасындагы саундтрегин ырдашы болду. Негизи эле Каныкей коп кырдуу талант экенин ушул концерте тастыкталып турду. Себеби бул концерте Каныкей оз багыты болгон этно рок стилинде ырдоо менен чектелбей, Опера жана балет театрынын камерный оркестр менен жана кыргыз фольклордук оркестрдын коштоосунда бир нече ыр аткарып берди. Бул концерт катардагы ырчылардын концертинен айрмаланып,
биз конуп калган алпаруучусу,
элдин маанайын которчу куудулдар жок жана бут аткарылган ырлар жандуу ун менен болушу болду. Чындыгында эле бул концертке алпаруучунун керектиги шарт деле эмес болчу, себеби бул концерт ашар концерти сыяктуу болбогондуктан кийин эч кимди тааныштырыштын деле кереги абзел эмес болчу. Концертке жалан Каныкейдин фанаттары барганбы же чындыгында эле аткарып жаткан ырлар элге жагып жаттыбы, атоор дуркурогон кол чабуулар ар бир ырдын башында, ортосунда жана аягында коштоп турду. Бир эки кызып калган коручулор мыкты аткарылган номерге чыдабай кетип "браво"
- деп дагы кыйкырып жиберип жатышты. Мен деле кызуу болсом балким "браво"
-деп кыйкыруудан кайтмак эместирмин.
Кулкуну келитргени башка ырчылар концертинде кол чабып коштоп койгула деп суранса бул концерте Каныкей антип сурануу менен убара болбоду. Убакыт зымыраган куш экен, бул жагымдуу концерт мага билинбей аягына жетип калганы конулду оорутту. Каныкейдин мукам унун угуп отура бергим келген мен финансылык тартыш болуп жатканына жиним келди, болбосо бугунку болотурган концертине кайра жетип бармакмын. Отчетту жыйнтыктап жатып концерте эн мыкты аткарылган номер Каныкедин "Куйдум бир гана куйдум чок"- деп созолонгон ырдын аткарышы болду окшойт деп белгилегим келет.
Каныкейдин концертин талкуулайбыз. Отчет
#2 21 January 2011 - 11:09
Рахмат Тему байке, баргандай болуп калдым
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#3 21 January 2011 - 11:43
Oooouu Temu baikesi,rahmaaat 4on.Demek anwlak menen otkon eken da koncert.mmm jakwy....men da uwunu kutkom Kanykeiden.
Negizi Kanykeige kyzdyn myrzasy eken degen baany koidum.Buga siler da kowulat degen oidomun.
Negizi Kanykeige kyzdyn myrzasy eken degen baany koidum.Buga siler da kowulat degen oidomun.
#4 21 January 2011 - 12:10
Азамат Каныкей! өсө турган талант.
с.с. temu байке, тиги Толик Сынчы деген сиз эмеспи?)))
с.с. temu байке, тиги Толик Сынчы деген сиз эмеспи?)))
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#6 21 January 2011 - 13:48
Тему Байке
Чооң рахмат.
аябай өкүнүп кетем барбаганыма, Бишкекте болгондо сөзсүз бармакмын.
Чооң рахмат.
аябай өкүнүп кетем барбаганыма, Бишкекте болгондо сөзсүз бармакмын.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#9 24 January 2011 - 23:36
Арман, арман, арман ай концертке барбай калдым ай! Жалан жандуу ун м-н ырдаса сонун болгон го! Билишимче бул бизде фонограммасыз откон биринчи концертпи? же мен укпай калгамбы? Рахмат temu байке!
#11 25 January 2011 - 14:40
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#14 21 April 2011 - 21:09
концерт соонун болуптур бизда бишкекте болгондо барат элэк бирок узундусун коруп кубандык рахмат сизге
#15 28 April 2011 - 13:30
Эми кийинки концертин кутуп жашай туралы
Көп деле күтпөйт экенбиз.
Каныкей Бишкекте дагы концерт бергени жатыптыр! !!
10-11 май
Чыңгыз Айтматов атындагы драма театрында
Билетт баасы : 500-700 сом
Булак: http://kgperson.okis. ..news.94430.html
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң

Супер-Инфо
super.kg
видео















