http:/
/janyzak.kg/ja...atuul/
atuul.htm
"Психотехнологиялар - ушул убакка чейин адамзат жасаган ачылыштардын кульминациясы.
Бул атомдук бомбадан жана космоско учуулардан да ашып түшөт.
… Биз азыр "таш балтасын"
гана жасадык, бирок бул инструмент менен хирургиялык операция азыр эле жасаса болот. Биз адамдын аң сезимин окууга жана өзгөртүүгө жарай турган инструментке ээ болдук.
А калган тармактарга колдонуу - муну турмуш көрсөтөт.
И.В.Смирнов
Маңкурт
Совет кыргыз жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун ""Кылымды карыткан бир күн"" романынан (1980) алынган.
Элдик уламыштар боюнча, бала чагында кас душман элдер уурдап кетип, өзгөчө кыйноо жолу менен эс тутумунан ажыраган адамды манкурт деп аташкан. Ушундай жол менен адам кулга айланган жана ээсинин буйруктарын кыңк этпей аткарган. Романдын бир эпизодунда ушундай акыл эстен ажыраган манкурт өз энесин өлтүрөт.
Ушул окуялар өз башыман өтпөдүбү. Marconi Communications Ltd Ireland жана CTBTO (Comprehensive Test Ban Treaty Organization www.ctbto.org , Бириккен Улуттар Уюмуна байланыштуу организация) деген организацияларда иштеп турган убакта болгон эле. 2000-2002 жана 2008 жылдары болду.
Сиздин жакын жана жакшы көргөн адамдарыңыз,
уулдарыңар жана кыздарыңар,
бир туугандарыңар,
же өзүңүз, мен сыяктуу эле, ушундай шумдуктуу окуяга кабылышы мумкун. Акыл эсти жана ден соолукту талкалаган Батыштын атайын чалгындоо кызматтарынын мээни жана денени микротолкундар жана радиация менен нурдоо экспериментине кабылышы мумкун. Бул нерседен байлык мансап да сактабайт жана жеке кузөтчүлөр алсыз.
Ооба, сөз микротолкундук жана радиоактивдүүлүк принципинде иштеген электромагниттик курал жөнүндө жүрүп жатат. Бул куралды колдонуу менен адамды тымызын түрдө өлтүрүүгө же оорулуу кылууга мумкун.
Учурку убакта психофизикалык курал жаракты, үчүнчү дүйнөнүн жарандарын "тажрыйба жүргүузүүчү кролик" кылып, бизди экинчи сорттогу адам катары карап, Батыштын өлкөлөрү өнүктүрүп жатышат. Калашников автоматын текшерүүго муляждар эле жараса, мындай психофизикалык куралды текшериш учун, тирүү адамдар керек.
Marconi Communications Ltd Ireland компаниясы жүргүзгөн аң сезимди контролдоо эксперименти мени ден соолугумдан ажыратты, акыл эсимди талкалады. Микротолкундук нур жиберуу аппаратынын таасири да. Ошол эксперимент жүргөн кезде денемде статикалык электр тогу топтолуп калчу. Эшиктердин металл туткактарын кармаганда,
кадимкидей ток атчу денемден. Акыл эсимдин абалы да кыйла өзгөргөн эле. Башымдын желкеси зыңылдатып ооруйт, иммунитет төмөндөп кеткен, толуп кеттим, хроникалык чарчоо сезими пайда боло баштады. Ал убакта Ирландиядагы Маркони заводунун директору болуп Кэн Дойл иштейт эле, жана ал бул эксперимент жөнүндө билген.
(Ken Doyle, Chief Executive Officer, www.luzernsolutions.com)
Мен ден соолугумдун абдан начарлаганына байланыштуу Кыргызстанга 2002 жылы кете бердим. Тилим кекечтенип,
өзүмчө күбүрөнүп шыбыранып калганымды туугандар байкашыптыр.
Эми ушундай тили кекечтенип калуу психотрондук куралдын колдонулганынын бир белгиси.
Андан кийин CTBTO (Comprehensive Test Ban Treaty Organization www.ctbto.org, Бириккен Улуттар Уюмуна байланыштуу организация) деген организацияга Австрияда иштөөгө чакырылдым,
2008 жылдын башында.
Жумуш ордуна келээр менен, менден Кыргызстандын жараны жана кыргыз экенимди, жана окуган жана иштеген жерлеримди далилдеген документтерди талап кылышты. Болжол менен 2008 жылдын мартында аң сезимди микротолкундар менен контролдоо эксперименти башталды. Мени менен Тим Хамптон (Timothy Hampton) деген Англиянын жараны, радионуклиддик технологиялардын специалисти иштеди эле. Ал Девид Келли деген окумуштуунун аспиранты болчу. Кызыгы, Девид Келлини Ирак согушуна каршы материалдар публикация кылганы учун убагында өлтүрүшкөн эле. Тим Хамптонду 2009 жылы Венада ООНдун имаратынын 17 этажынан ыргытып жиберишиптир.
Аң сезимди микротолкундар менен контролдоо экспериментинен менде агрессивдүүлүк пайда болду, баарын жек көрүп өлтүргүм келип жатты. 2008 жылдын ноябрында иштегенге жарабай калдым, ден соолугумдун шартына байланыштуу Кыргызстанга кетип калдым. Канымдын анализи абдан жаман болуп чыккан эле.
Аң сезимди микротолкундар менен контролдоо эксперименттери убагында фашисттик Германияда башталган эле. Бул тажрыйбаларды ССтин Аненербе деген оккулттук кара магия организациясы башкарчу. Адамдарды тирүүлөй микротолкундук камерада бышырышчу, башын тешип, мээлерине электрод салышчу. Бул адамгерчиликсиз,
мыкаачы тажрыйбалардын негизинде эбегейсиз илимий материал топтолгон болчу. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин бул илимий материалдарды Америка Кошмо Штаттарына ташып алып кетишти.
Менин оюмча, аң сезимди микротолкундар менен контролдоо экспериментинин убагында, мага ЦРУнун Джон Гиттингер деген специалистинин методикасын колдонушту.
Ал ЦРУнун МК-Ультра деген программасында иштеген эле. Бул методика боюнча адамдын психологиясын анализдөө мүмкүн жана адамдын аракеттерин прогноздоо мүмкүн болот. Бул методиканы колдонгондо,
шылтоо таап, адамды аябай катуу арак ичиришет. Мунун негизинде адамдын базалык психотипи кандай экенин билип алышат. Жумушта атайылап стресс кырдаалдарын түзүшөт, адамдын ал убакта жүргөн турганын байкап, тагыраак аныкталган психологиялык портретин тартышат. Бул маалыматтарды алар жүздөгөн миң адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйбалардан чогултулган компьютердик базасы менен салыштырышат.
Анын негизинде, адамдын психотибин абдан так аныкташат, жана келечекте кандай кыймыл жасаарын прогноздой алышат.
Бул техникалык каражаттар (психофизикалык курал) адамдын аң сезимин түпкүрүнөн (подсознание) программалап өзгөртүүгө жөндөмдүү. Менин организмим бул зомби кылчу нур толкундарын сезе баштады, акырында. Жумуш кабинетинен чыгып кете баштадым, микротолкундар аппаратын тигилер иштетээр менен. Акырында мени тинтип чыгышты. Микротолкундар детекторун менден издешти. Жумуш кабинети жакшы экрандалган эле, пол, дубалдар жана потолок металл менен капталган эле. Бул да микротолкундар учун кабинет ылайыкталганынын дагы бир белгиси. Жана мага радон радиоактивдуу газын жана радиоактивдуу чаң колдонгондорунун да белгиси бар.
Мындай психофизикалык куралдын болушу биздин мамлекет үчүн коркунуч болуп эсептелет. Бул курал глобалдуу түрдө колдонулуп жатат жана аталышы - High Frequency Active Auroral Research Program, кыскача: HAARP. Бул системадагы нурлагычтар америкалыктар тарабынан Норвегияда,
Тромсё аймагында, жана Аляскада, Гаккона согуш полигонунда курулган. Бул куралдын ээлери жер шарынын каалаган участкасында топон суу, кургакчылык,
үшүк алып кетүү процесстерин чакыра алышат. Андан сырткары HAARP системасы жердеги аймактарга психотрондук таасир беруучу нурларды чагылдырууга жөндөмдүү. Жай башында болгон каргашалуу Ош окуяларында бул курал колдонулбаганына эч ким кепил болуп бере албайт. Бул курал массалык толкунданууну жаратууга жана адамдын психологиясын айбан кылып өзгөртүүгө жөндөмдүү.
Эми бул шек саноолорго орчундуу негиз бар. Менин жумуш кабинетимдеги микротолкундар менде агрессия сезимдерин жаратып жатты деген элем го. Менин оюмча, Батыштын геополитикалык саясатын ишке ашырыш үчүн, Орто Азиянын жашоочуларынын микротолкундардын жыштыгына жана модуляциясына болгон психикалык реакцияларынын компьютердик базасы топтолуп жатат. Мындай психикалык реакциялар ар кайсы улуттарда ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан чет өлкөлүк чалгындоо кызматтары "тажрыйба жүргүзүүчү кролик" адамдарга дайыма муктаж. Муну менен эмнени айткым келет? Азыркы геополитикалык кырдаалга байланыштуу,
Кыргызстанга чон державалар абдан кызыкканынан,
чет өлкөдө же чет өлкөлүк уюмдарда иштеген кыргыз жарандары бул коркунучтуу эксперименттерге билбей, укпай жүрүп, "тажрыйба жүргүзүүчу кролик" болуп түшүп калуусу мүмкүн. Бул эксперименттер адамдын ден соолугуна абдан зыян.
Мындай курал менен өлкөлөрдүн жашоочуларын зомби кылып, кул, манкуртка айлантууга мумкун. Өлкөлөрдүн башкаруучуларын жана көрүнүктүү ишмерлерин зомби кылып, өз өлкөсүнө кас иштерди жасатууга бул куралдын күчү келет. Чыңгыз атабыздын көсөмдүгүн карабайсызбы,
бул коркунуч жөнүндө өзүнүн чыгармасында манкурт болгон Жоламандын окуясы жөнүндө жазып, психотрондук куралдын коркунучун аллегория түрүндө ошондо эле көрсөтуп. Мен да манкурт болдум эле, мени да душмандар кыйнады эле, мен зомби болуп оорудум эле, бирок бул ооруну жеңип, чет өлкөдөн качып келип, жалпы жумурай кыргыз элиме ушул окуяны жеткиргим келет.
Жердешим, Сизден суранаарым,
ушул адамкерчиликтен чыккан, мыкаачы психотрондук эксперименттер жөнүндө айтсаңар жумурай журтка. Менин бул маалыматты таратууга финансылык кудуретим жетпей турат. Сизге Чынгыз Айтматовдун арбагы ыраазы болуп калаар, балким. Кыргыз эли манкурт болуп калуу коркунучунан сактаалар бекен.
Кыргыз Республикасынын атуулу.
Кыргыздарга жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер
#2 08 November 2010 - 19:14
Оор күндөрдү башыңыздан өткөрүпсүз байке
Аллах сабыр берсин
Аллах сабыр берсин
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#3 12 November 2010 - 07:03
Урмaттуу Aнтизомби,кызыгуу менен бaaрын окуп чыктым жaнa окуп бутконумдо,
коркуу киносу коргондой шок ичиндемин.XAAРП жонундо окугaн мaтериaлдaр дa бaр еле,бирок келип келип бир кыргыз aтуулунун XAAРПтын курбaны болгонунa aбдaн тaн кaлдым.Жaзгaныныздын бaaры туурa,aнткени мен дa тaк ушундaй окугaн елем.Aл емес дуйнонун кaaлaгaн жерин дa титирете aлaт,океaндын толкундaрын бaшкaрa aлaт жaнa сиз aйткaн дуйнодогу енергиялaрды бaшкaрaaрaк,aдaмдaрдын меесин дa бaшкaрa aлaт ж.б. Фaнтaстикaлык кино коруп дa,койчу буткул дуйнону кaнтип кaaлaгaн жерин,тaбигый кырсыктaрын,
aдaмдaрды кaнтип контролдой aлсын деп ойлонгондой,
бул жерде тилекке кaршы чындык.
A сиз билгендеринизди, же xимик болсонуз,же физик болсонуз бaaрдык тaжрыйбaлaрынызды бироолорго уйротушунуз керек.Сизде коптогон тaжрыйбaлaр бaр екенине толук ишенем.Буну жaзып жaтып сиздин билгендеринизди дa уйронгум келип кетти.Псиxофизикaлык курaлдaрдын кичинекейин деле жaсaй aлсaныз уйротун,жок дегенде озубуздун чиновниктерди еле бaшкaрып aлaлы)).
Кызыгы сиз aзыр иштейсизби (?) же дуйнонун булун бурчундa иштеген,тaжрыйбaсы aшып тaшкaн бироону КР ишке aлбaй журобу?! Обычно бизде ушундaй учурлaр болуп кaлaт еле.
Жaнa чон бир ер журоктуулук менен жумурaй журттуу бул кaбaр менен ескерткениниз деле бир ердик.Неге дегенде инетте XAAРП жонундо кaндaйдыр бир мaтериaлдaр жaзылсa еле белгисиз бироолор тaрaбынaн очурулуп кaлaт деп уккaн (же окудумбу?) елем.
A сиз билгендеринизди, же xимик болсонуз,же физик болсонуз бaaрдык тaжрыйбaлaрынызды бироолорго уйротушунуз керек.Сизде коптогон тaжрыйбaлaр бaр екенине толук ишенем.Буну жaзып жaтып сиздин билгендеринизди дa уйронгум келип кетти.Псиxофизикaлык курaлдaрдын кичинекейин деле жaсaй aлсaныз уйротун,жок дегенде озубуздун чиновниктерди еле бaшкaрып aлaлы)).
Кызыгы сиз aзыр иштейсизби (?) же дуйнонун булун бурчундa иштеген,тaжрыйбaсы aшып тaшкaн бироону КР ишке aлбaй журобу?! Обычно бизде ушундaй учурлaр болуп кaлaт еле.
Жaнa чон бир ер журоктуулук менен жумурaй журттуу бул кaбaр менен ескерткениниз деле бир ердик.Неге дегенде инетте XAAРП жонундо кaндaйдыр бир мaтериaлдaр жaзылсa еле белгисиз бироолор тaрaбынaн очурулуп кaлaт деп уккaн (же окудумбу?) елем.
все что ни делается все к лучшему :(
#4 12 November 2010 - 10:08
Фантастикалык чыгарма деп аташса макулмун, болбосо келжирек маалымат.
үмүтсүз - шайтан
#5 12 November 2010 - 14:22
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#6 12 November 2010 - 18:57
yahaha биздин ушул конул коштугубуздан онуго албай жургон жокпузбу?!
...
#7 16 November 2010 - 22:18
Урматтуу Антизомби!
Сиздин жазгандарыныздын баардыгын окуп чыктым. Муну окуп чыгып ишенип гана тим болбостон буга каршы иштешибиз керек. Себеби билесинер да мунун баары "Комитет 300"-нын жасап жатканы. Алардын планы боюнча 2060-чы жылга дйно жузундо "Алтын миллиард"
(золотой 1 000 000 000) адам гана калыш керек экен. Ал эми бизге окшогондор аларга кереги жок. Керек болсо алардын бул программасына орустар менен кытайлар да кирген эмес. Дуйно жузун башкарып жаткан (эскерте кетейин президенттер эмес) акчасы самандай сапырылып сан жетпеген бул адамдарга ,"Комитет 300", каршы биз эмне жасай алабыз? Келгилечи кандай болсо дагы кичине кенешеличи.
Бири-биризге акыл айтып биригеличи.
Антизомбидей адамдарды угалычы (эгерде бул дагы комитеттин адамы болбосо). Себеби ишенсенер булар ушинтип койушуп эле элдердин ойун изилдешип кайра озубузго каршы иштей беришет.
#8 17 November 2010 - 19:51
Урматтуу Антизомби!
Сиздин жазгандарыныздын баардыгын окуп чыктым. Муну окуп чыгып ишенип гана тим болбостон буга каршы иштешибиз керек. Себеби билесинер да мунун баары "Комитет 300"-нын жасап жатканы. Алардын планы боюнча 2060-чы жылга дйно жузундо "Алтын миллиард"
(золотой 1 000 000 000) адам гана калыш керек экен. Ал эми бизге окшогондор аларга кереги жок. Керек болсо алардын бул программасына орустар менен кытайлар да кирген эмес. Дуйно жузун башкарып жаткан (эскерте кетейин президенттер эмес) акчасы самандай сапырылып сан жетпеген бул адамдарга ,"Комитет 300", каршы биз эмне жасай алабыз? Келгилечи кандай болсо дагы кичине кенешеличи.
Бири-биризге акыл айтып биригеличи.
Антизомбидей адамдарды угалычы (эгерде бул дагы комитеттин адамы болбосо). Себеби ишенсенер булар ушинтип койушуп эле элдердин ойун изилдешип кайра озубузго каршы иштей беришет.
Комитет жөнүндө кабарым жок экен, мүмкүн болсо кененирээк баяндап кетпейсизби?
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#9 18 November 2010 - 02:52
Комитет жөнүндө кабарым жок экен, мүмкүн болсо кененирээк баяндап кетпейсизби?
"Комитет 300. Тайны мирового правительства" деген Джон Колеман аттуу адамдын китеби бар. Джон Колеман Американын жашыруун чалгындоо башкармалыгында коп жыл иштеген адам экен. Эмесе бул китептин озунон кичине үзүндү келтирейин: В книге на основе богатейшего фактического материала вскрываются организационно- социумная структура исполнителей этого глобального замысла, механизмы управления обществом и способы воздействия на индивидуальное и коллективное сознание людей, масштабы манипуляции людьми, методы агрессивной информационно- пропагандистской деятельности, размах которой не снился даже ведомству Геббельса, перечислены наиболее явные преступления, совершенные таинственным и незваным мировым правительством.
Поражают МАСШТАБЫ ДИВЕРСИИ: захвачены и жестко контролируются ВСЕ государственные, финансово-экономические, образовательные и иные общественные институты. Более того, ТОТАЛЬНЫЙ КОНТРОЛЬ осуществлен не только на общественном уровне, но и доведен до контроля на уровне индивидуального сознания каждой личности. Принцип ИЗМЕНЕНИЯ взят этими силами за основу их разрушительной деятельности. Целенаправленно, спланировано и необратимо меняется всё — от генотипа Человека и окружающей его среды до менталитета и сознания людей, традиционных, естественных и привычных стереотипов поведения. Против Человечества ведётся наступление по широкому фронту. При этом автором очень точно подмечена основополагающая закономерность, позволяющая оставаться скрытым и безнаказанным — постепенность и незаметность производимых врагом Человечества изменений. Негативные для Человечества результаты становятся заметны через годы и десятилетия непрерывной деструктивной работы.
Из содержания книги однозначен вывод, что Западное общество, куда нас так упорно стремятся включить “демократы” и “либералы”, в настоящее время во всех своих ипостасях, включая в первую очередь государственно- политическое устройство, полностью подконтрольно всемирной паутине из открытых и закрытых (тайных и секретных) организаций, а также институтов, средств массовой информации и иных структур, созданных и управляемых из ЕДИНОГО центра, который назван автором “Комитетом 300”. Восточным и Азиатским обществам Комитетом 300 уже отведена роль послушной “обслуги”, так что уже весь мир находится под его пятой.
#10 18 November 2010 - 03:03
Комитет жөнүндө кабарым жок экен, мүмкүн болсо кененирээк баяндап кетпейсизби?
Эң жөнөкөйү бул китепти интернет барактарынан оңой эле таап алып окусаң болот. Окуп чыккандан кийин бул жалган дүйнөгө болгон көз карашың 360градуска болбосо дагы 180 градуска точно өзгөрөт болуш керек. Ал китептен кандай таасир алсаң дагы бизге кабарлаганды унутпа.
#11 18 November 2010 - 03:51
Myndai nerse kinolordo ele bolot dese chynygy jashoodo da bolup jatkan turbaiby,okup alyp ujas kino korgondoi ele boldum...emne kylmak elek kudai degenden bashka ailabyz jok...
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#12 19 November 2010 - 18:31
Эң жөнөкөйү бул китепти интернет барактарынан оңой эле таап алып окусаң болот. Окуп чыккандан кийин бул жалган дүйнөгө болгон көз карашың 360градуска болбосо дагы 180 градуска точно өзгөрөт болуш керек. Ал китептен кандай таасир алсаң дагы бизге кабарлаганды унутпа.
Рахмат доске
окуп чыгайын анан пикиримди жазып кетем
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#13 19 November 2010 - 19:15
#14 19 November 2010 - 19:17
mikasa
далилдемеин мен ишенбейм. Анын үстүнө адам мээсин түшүнө элек эч ким. Тескерисинче болгондо копьютерлердеги программалар башкача болмок.
үмүтсүз - шайтан
#15 19 November 2010 - 20:51
#16 22 November 2010 - 20:22
Комитет жөнүндө кабарым жок экен, мүмкүн болсо кененирээк баяндап кетпейсизби?
ooba bul jonundo maalimatti kop jerden uktum ele keede ishendem keede ishenchi emesmin birok men dagi bashka bulaktardan ar kanday proektilerdin uchtarin okup kalgandan kiyin tuura ekenine koz jetti. menimche bul maalimat tuura jazilgan maalimat. birok bul menin jeke oyum.
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#17 22 November 2010 - 21:10
Амантур,
комитет тууралуу профессор Ждановдун лекцияларынан (видео) жана Зейтгесттин "Дух времени. Мировое правительство"
деген документалдык тасмаларынан көрүп маалымат алсаң болот. Айбенго айтып кеткенде бул дүйнөгө болгон көз караш бир топ эле өзгөрүп көп нерселерден кабар аласың.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#18 23 November 2010 - 13:23
ooba bul jonundo maalimatti kop jerden uktum ele keede ishendem keede ishenchi emesmin birok men dagi bashka bulaktardan ar kanday proektilerdin uchtarin okup kalgandan kiyin tuura ekenine koz jetti. menimche bul maalimat tuura jazilgan maalimat. birok bul menin jeke oyum.
рахмат
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#19 23 November 2010 - 13:25
Амантур, комитет тууралуу профессор Ждановдун лекцияларынан (видео) жана Зейтгесттин "Дух времени. Мировое правительство"
деген документалдык тасмаларынан көрүп маалымат алсаң болот. Айбенго айтып кеткенде бул дүйнөгө болгон көз караш бир топ эле өзгөрүп көп нерселерден кабар аласың.
Чынында буга чейин укпаган экенмин, азыр болсо болушунча каттуу изилдөөгө өттүм
Рахмат байке
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#20 01 December 2010 - 20:46
...кызык.
.. Антизомбинин азыркы абалын билгим келип кетти.....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...

Супер-Инфо
super.kg
видео













