Айылда 1-2-класста болсо керек уйубуздун жанынан кой айдап отчу эле.Бир жолу эрте м.н балкондо турсам койчу байке койлорун айдап кетип жатат экен анан эле мен жинди "Эй баланча(атыны айтып) ээй" деп эле кыйкыра бердим бир маалда эжем келип аябай урушкан.Ал атамдай эле киши болчу неге антип кыйкыргам билбейм.Ошондон кийин бир нерсе кылып дагы болупмун, кылдым дегенче эжемдер "койчуга кыйкырганынды"
атама айтам десе аябай коркчумун.Атамдан оло коркчубуз да.Атам адамга кандай мамиле кылганыбызды катуу козомолго алчу.Коркконумдан иий качан чоноет экем?чонойсом айта албай калат деген дагы ойлор келген.Азыр да эжемдер ошондо "айтам"
десе эле оло коркчусун деп шылдындайт.
Андан башка эмнеден корккондорум эсте жок.
Бала кезде эмнеден коркчу элеңер? Эшикти такылдатса, ачпагыла!!!
#142 02 Июнь 2014 - 11:38
Тункусун аябай коркчу элем кочодо журуудон. Копчулугу карангыдан коркчуу экен. Мунун себеби эмнеде болуусу мумкун? Шайтан, ак-чал, азыткы, арбак, деген балээлер болсо керек менимче.
Убакыт учкан куш
#143 03 Июнь 2014 - 00:41
VANCOUVER (02 Июнь 2014 - 11:38) жазган:
Тункусун аябай коркчу элем кочодо журуудон. Копчулугу карангыдан коркчуу экен. Мунун себеби эмнеде болуусу мумкун? Шайтан, ак-чал, азыткы, арбак, деген балээлер болсо керек менимче.
Ананчы.

Чоңдор "караңгыда эшикке чыкпа бөкөчө жеп кетет" деп, кичинебизден психикага куюп койгон да.
Же эс тартып калганда деле, "караңгыда сууга барба" деп койгон тайнем раматылык. Себебин сурасам "болболйт деген нерсе демек болбойт" деп койгон эле. А мен тың Катя эжемен сурасам "ичинен (сунун) бир нерсе сууруп кетет сени" деп койгон. Ушу болмок беле? Жөн эле түшүндүрүп кой нары

В каждой шутке есть доля правды...
#144 03 Июнь 2014 - 00:49
Коркконго кош көрүнөт дешет го
)).
Анын сыңары тоодо бир күнү уйлар тоонун ары жагына ашып кетип (ээээч ким жашабайт ал жерде бизден башка), апам менен мамам аларды издеп кетишти (тайкелерим бир себептер менен районго кетишкен эле), үйдө эжем, тайкемдин баласы, мен кала бердик үчөөбүз. Эшик көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы. Печкага от жагыып отурабыз. Бир маалда тайкемдин баласы коркунучтуу аңгемелерин баштады канатсыз учуруп)), коркконго кош көрүнөт дегенге ошондо аябаай ишенгем. Жөн эле отуруп оттун ичинен бир нерсе көрүнгөн…
Тиги экөөнүн да жүрөгүн түшүрбөйүн деп сыр берген эмесмин…

#145 03 Июнь 2014 - 00:52
Ал жерде коркунучтуу нерселер көп болот бирок.
В каждой шутке есть доля правды...
#146 19 Июнь 2014 - 20:57
Ушул бөлүмдү түзүк эле карап чыктым көзүмдү ирмебей "ушундай тема барбы экен?" деп.Таппадым.
Маңызы окшош тема бар болсо эскертүүсүз эле кошуп коерсуздар "кошчу адамдар".
..
Тема бюнча жазсам баарыбыз эле кичинекей кезибизде коркунучтуу окуяларды уксак керек.Апаларыбыз, байкелерибиз, эжелерибиз бизди үйдө шоктонбой олтурушубуз үчүн ар кандай коркунучтуу окуяларды ойлоп табып бизди коркутушчу да туурабы?
Мисалы:
Бир кыздын ата-энеси бир жакка кетип атып апасы кызына айтат экен моонтип: "Кызым магнитофонду койбо,эгер койсоң кызыл бут (же кызыл бет) келип сени уурдап кетет" деп."Маакул апа" деген кыз ата-энеси кеткенден кийин зээриккендиктен магнитофонду тамызып музыка угуп олтурса магнитофон "Кызыл бут сени издеп жатаат" деп коркунучтуу үн менен сүйлөп коет экен.Ага маани бербей эле тиги кыз музыка угуп олтура берет экен.Бир сааттан кийин тиги магнитофон "Кызыл бут сени таап биринчи кабатка кирди" деп дагы сүйлөйт экен.Кыз дагы деле маани бербей олтура берет.Дагы жарым сааттан кийин тиги магнитофондон "Кызыл бут экинчи кабатка көтөрүлүп баратат" деген үн чыгат.Кыз эми чындап корко баштайт.Дагы он беш мүнөттөн кийин магнитофондон "Кызыл бут эшиктин алдында турат" деген үн чыгып кыз коркконунан сандыкка бекинип алат экен.Бирок тиги кызыл бут кирип кызды уурдап кетиптир..... ... деп туруп аягында "Ошон үчүн чоңдор айтканды угуп жүрүш керек" деп жылмайып койушаар эле.
Ушуга окшогон уккан же көргөн коркунучтуу окуялардан жазабыз.....

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#147 19 Июнь 2014 - 21:29
Мен кичинемде тыпылдап аркы ойузго досумдун уйуно, айтпай дебей эле отуп кетип калчумун,чон жол менен, анан уйдогулор коркутуп, лолулор салып кетет дешкен. Анда деле болбой, чоон суудан аттап, жолду кесип отуп калдым, ошентип кыштын куну сууга тушуп кеткен да жайым бар.
Биздин уйдо, негедир чоон адамдай мамиле кылышчу, "бөкөчө" деген нерселер жокко эсе эле, анткени өлуп кетсе ишенбейт элем

Биздин уйдо, негедир чоон адамдай мамиле кылышчу, "бөкөчө" деген нерселер жокко эсе эле, анткени өлуп кетсе ишенбейт элем

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#148 19 Июнь 2014 - 21:40
Мындай тема болсо керек эле Аман ака, жакшылап карабадыңызбы?
же жок бекен?
#149 19 Июнь 2014 - 21:41
#150 19 Июнь 2014 - 21:50
TACMA (19 Июнь 2014 - 21:40) жазган:
Мындай тема болсо керек эле Аман ака, жакшылап карабадыңызбы?
же жок бекен?
Карадым.Окшош дагы тема таппадым! !!
Апам айылда свет өчкөндө чырактын жарыгында соонун окуяларды айтып берчү.Алардын бири:
Апамын мурда бир тагасы түндөсү ээн талаада атчан кетип атса алдынан саксайган бир кыз чыгыптыр.Аны көргөн тагасы "Ээ саксаңдаган саксаң,эмне кылып жүрөсүң?" деп өтүп кетет экен.Ошол эле кыз бир канча убакыттан кийин алдынан дагы чыгыптыр да "Мени учкаштырып алыңызчы" дейт экен.Макул деп учкаштырып алыптыр.бир маалда эле апамын тагасынын аты көл-шал болуп тердеп,пышкырып баштайт экен.Артын караса эле тиги кичинекей кыздын ордунда сулуу бир келин олтуруп калыптыр.Анын азыткы экенин эми түшүнгөн апамын тагасы "нан жейсинби?" деп баштыгынан нанын алып көргөзгөндө тиги келин ачуу кыйкырып алып көздөн кайым болуп кетиптир..... ... Бирок апам сонун кылып айтып берчү да.Айтып бүткөндөн кийин биз даже эшикке чыга албай олтура берчүбүз да

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#152 19 Июнь 2014 - 23:25
Мен бир китептенби же кезиттенби “муйуздуу мышык“ дегенди окуп алып тундосу терезени карагандан коркуп калганмын
ЛЮБОВЬ ЗЛА ПОЛЮБИШЬ И КОЗЛА!
#153 19 Июнь 2014 - 23:48
Озумдун кичине кезимди унута тушупмун.
Азыр эжемдер балдарын " бабый" келе жатат деп коркутушат, анысы эмне билбейм
Азыр эжемдер балдарын " бабый" келе жатат деп коркутушат, анысы эмне билбейм
#154 20 Июнь 2014 - 00:49
Баштан откон коркунучтуу окуялар, же имиштер, деген тема менен бириктирилди!
Аман мырза теманызды бул жактан улантсаныз болот!
Аман мырза теманызды бул жактан улантсаныз болот!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#155 20 Июнь 2014 - 00:57
Kg.lady (20 Июнь 2014 - 00:49) жазган:
Баштан откон коркунучтуу окуялар, же имиштер, деген тема менен бириктирилди!
Аман мырза теманызды бул жактан улантсаныз болот!
Аман мырза теманызды бул жактан улантсаныз болот!
Аа макул.Бир эки ай мурун көрдүм эле ушул теманы бирок эске келбептир.Мааниси жактан окшош эле экен.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#156 15 Июль 2014 - 13:28
Мен анда кичинекей жаш бала элем.Ошол күнү кечке ойноп түн киргенде үйгө жонөгөн болчум (же эжемин үйүнөн үйгө келе жаткандырмын).
Анан жолду кыскартайын деп дарбазадан эмес мал-сал өтчү эшиктен кире калдым короого.Атам үйдүн алдын дайым жарык кылып алып жүргөндүктөн,
үйдүн алдындагы свет мен кирип келген жакка,жанынан өтүп бара жаткан тамга тийип тураар эле.Мен бир нерсе болуп там жакты карадым.Тамдын алдында кароолчу болуп байланып турган Жолборсту (ит) карагандырмын.
Мен ошол карап турган убакта иттин артындагы "атка" деп кыштан жасалган акурда бир көгүчкөн (балким "кептер"
дир...) пайда болду (түндөсү!).
Бирок мен жакты эмес дубал жакты караганча олтуруптур.
Көлөкөсүнө көзүм түштү ошол бир эки көз ирмемде.Силерге калп мага чын,ошол көлөкөсү ЖАШ БАЛАНЫН (аллейдин) турган турпатын берип туруптур.Буту колу жоон,бөлөк-салак болот го кээ бир семиз аллейлер,куддум ошондой жылаңач аллейдин көлөкөсүн көрдүм.Бакырып,
паника кылып,алаңдап ызы-чуу салган жокмун бирок.Жөн гана жан-дүйнөм,ойлорум коркуп калгансыды.
Түз эле жаткан үйго кирип уктап калдым.Эртеси ойгонсом кечээки көргөнүм дагы деле эсимден чыкпаптыр.Апама айттым.Апам байкуш "ысырык салып койойунчу"
деп шарт эле тамдын ар бир бурчуна ысырык салып чыкты бир нерселерди күбүрөнүп алып.Ошол ысырыктан кийин кечээки көргөн нерсем эсимен билинбей чыгып кетти.Бирок азыр деле кээде эсиме түшүп калат негедир.Мына кечээ эсимен түшкөнүнөн кечээ жазам деп атып унутуп койуптурмун....
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#157 15 Июль 2014 - 14:16
Менда бул теманы окуп отуруп бир окуя эсиме тушуп кетти алигече эсимен чыкпайт.
Анда менда жаш элем туну бошонгум келип ойгонуп кеттим ойгок жатам наркы болмодо апам атамдар жатчу, жатасам эле эшик ачылды мен аны точна билемда апама окшогон бироо сыртка чыгып кетти менда тура калып апа токтон менда чыгам дедим ун жок апа-апа десемда ун жок анан катуурак бакырсам апам ойгонуп кеткенби аркамдан берки болмодон чыгып мен бул жактамын дейт. Жатпайсынбы деп кайра кирип кетти. Бир маалга чеин уктай албадым. Эртеси айтсам козуно корунуптурда деп койгон.

#158 15 Июль 2014 - 15:29
Кичирээк эле кезим. Канча жашта элем так эсимде калбаптыр. Бир күнү уктай албай чабалактап жатсам, эжем чочуп ойгонуп кетип эле, менин атымды атап "ай, ал жакта эмне кылтасың? Жат бас ордуңа" дебеспи.
Ордумда эле жатам го десем, "аа, тигил чоң столдун алдына кирип алып ойноп жатпадың беле жаңы эле" деп коюп кайра жатып уйкуга кетти эле кыраан эжем.)
Төшөктөн баш чыгара албай калгаңсың, чыгарсам эле өзүмдү көрчүдөй болуп. )
Андан кийин да (ошол эле жылдар болсо керек менимче) дос баламдын үйүндө кино коруп олтура берип, түнгө ооп кетиптир. Досум орто жолго чейин узатып келип, эр жүрөк кайра артка "дыр" койду. Мен келетам кыйын болуп эч нерседен капар албай. Көргөн кинону эстеп, колу- бутумду шилтегилеп аба жарып "киииа, дыкш- дыкш" деп Брюс Ли акеми туурап, мурдумду шилеп коюп. Анан эле, үйгө жеткени калганда эле бир укмуштуудай үн чыкты, жол боюндагы эски тамдын чатырынан. Элеңдеп эле туруп калдым. Эсиме келе калып эле үйдү көздөй "дыр" койдум мен да. Көпкө коркуп жүрдүм ошондон кийин, чочуп калыптырмын кыйла эле. Кийин чоңойгону билсем, мышыктар күүлөп калганда ошондой үн чыгарат экен да. Бири-бирине "серенада" арнап жатканда өтүптүрмүнда мен да кычап.))

<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#159 15 Июль 2014 - 23:58
8- Классымда болуш керек эле кечинде карангы тушуп калса деле каткырып ойноп эшиктин алдында журоберет элек, прожектор бар жарык эле. Уйго кирдик болуп баарыбыз эле кирдик, карындашым ажатканага кети эле. Бир убакта эле каткырып кулуп качып келди уйго, бизди коруп эле кайра бакырып ыйлап ийсе болобу. Корсо ажатканага жете электе эле биз суу чачып кайра кубалаган экенбиз анын айтуусу боюнча, анан карындашым уйго качып келип биздин уйдо отуганыбызды коруп коркуп ыйлаган экенда. Бизда коркуп журдук кийин.
#160 16 Июль 2014 - 00:54
Мен кичине кезимде жалгыз жаткандан анан карангы тундон коркот элем ойюма ар нерселер келе берет эле.