мен кайын журтту сөзгө түшүнгөнүн баарын сиз деп кайрылып коё берем, сиз дегенден менден эмне кетмек эле)) а күйөөмдүн көзүнчө кайни-кайын сиңдилеримдин баарын атын айта берем, чоңдорду деле атын айта берем баланча эжем деп. Унчукпайт, наоборот биринчи жолу " мына кыз" деп сүйлөсөм менин алдымда аттарын айта бер деген.
Келиндердин кайындарын тергеши... ...азыр кандай???
#403 07 Февраль 2019 - 23:46
Мен келгенде тергебеген мал, кой, тоок,ит эле калган
Эн кичинекейбиз 2 жашта болчу. Эч эле тилим келбей койгон и вообщеле "сиз" деп тергегим да келбечу
Андан чон эжеси 3 жашта, куйоом айткан учун "сиз" деп тергеп калгамын арандан зооорго. Азыркыга чейин деле эч айткым келбейт
Эн кичинекейбиз 2 жашта болчу. Эч эле тилим келбей койгон и вообщеле "сиз" деп тергегим да келбечу
Андан чон эжеси 3 жашта, куйоом айткан учун "сиз" деп тергеп калгамын арандан зооорго. Азыркыга чейин деле эч айткым келбейт
#404 08 Февраль 2019 - 08:29
тергейм баарын катарынан.1жаш 2жашын деле.куйоом алдында атынан айтып чакырам суйлойм тушунуктуу болсун деп.ана кыз мына кыз десен ким дей берет
<здрасьте
#406 08 Февраль 2019 - 12:59
Баарын кошуналардан кыздарынан бери, кайнагамын баласы 4 -класста окуса керек эле ошону сиз деп такыр атынан айтпай журсом ,
-"жене уф сиз жакпадыныз сен денизчи озуму чоондой элестеп кетип жатам "деп суйлонуп калат,Азыр конуп калды.
-"жене уф сиз жакпадыныз сен денизчи озуму чоондой элестеп кетип жатам "деп суйлонуп калат,Азыр конуп калды.
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
#407 08 Февраль 2019 - 14:16
Бизде тергемей жок экен. "Современная семья"экенбиз.
Шугур ошого. Менин бир эжем Нарынга тийген. Бир кайнагасы тиш доктур экен. Анан аны "стоматолог байке"деп тергейм дейт.
#408 08 Февраль 2019 - 14:47
Мен баарын сиз дейм.Өзумдөн кичинелерди да,чондорду да, тааныбасам дагы таанысам дагы.
#409 08 Февраль 2019 - 16:33
#410 19 Февраль 2019 - 00:20
Bawynda tergechumun,azyr andai emes.Menin kainejem ukmuw tergeit,oidonku kainagam,yldyiky kainagam,etajdagy kainagam,waardagy kainagam,olgon kainagam,anyn atasy,munun atasy,,,,,,,,,,,,
#411 28 Февраль 2019 - 13:27
Мен жаман келин окшойм.Озумдун 3кайын синдимди тергейм,болду башка эч кимди тергебейм.Кайнатамдын инисинин эн чон кызы 4-класста окуйт ошону тергеп коёюн десем кайненем тергебей эле кой деген.Апасы келин болуп келгенде менин кыздарымда 4-5те окушкан тергеген эмес деп ошону мн тергебей калгам
#412 02 Март 2019 - 17:56
Терге деп деле айтышкан эмес, өзүмле итинен питине чейин тергей бергем. Азыр деле тергейм. Жакыныраак кошуналарды,
кайнимин досторун. Андан проблема деле жок, жолдошума аттарын айтам, өзү уруксат берген.
#413 16 Март 2019 - 15:24
Тергейм, менден не кетиптир?) Башында сен эле дечумун,кийин апам чакырып"Мага оон учурап атат,биз учун ото эрке,ширин да булар,сиз деп кайрылчы"
-деген. Бир ооз хоп деп тергеп келем.
#414 16 Март 2019 - 15:55
Догдур бала, Шабо бала, Эдико бала, Нури, Чантөлөт и т.п. Аттарын бурмалап, кличка берип койгом баарына
Тергегеним болсо керек ошо. Сиз дейм бүт баарын. Мен келгенде эки жашта болчу Нури, аны да кайын эжем сүйүнүп калсын деп тергегем. Тергеп кайрылсаң көңүлү көтөрүлүп калат да. Тергеп койо бергиле, силерден не кетиптир)
#415 16 Март 2019 - 18:33
Тайженелерим мени "сиз" дешсе кызыктай сезилчү)) "Сен эле деп айта бериңизчи"
десем да болбой эле экөөсү тең "сиз" дешет. Алардан башка жеңелерим деле жок))
Көрсө атынан айтпай тергеген, "сиз" деп кайрылуу "жазылбаган мыйзам" турбайбы.
Көрсө атынан айтпай тергеген, "сиз" деп кайрылуу "жазылбаган мыйзам" турбайбы.
#416 16 Март 2019 - 20:44
Ушул тергеген кандай болот экен а?)
Мени даже коп туугандарым атымыда айтышпайт эле эркелетип кличкам менен чакырышат женелерим дагы)) эми Султан деп чакыргыла деп зоорго кондурдум. А то уйлонсомда созго чыгышып кличкамды айтып уят кылышпасада))
Мени даже коп туугандарым атымыда айтышпайт эле эркелетип кличкам менен чакырышат женелерим дагы)) эми Султан деп чакыргыла деп зоорго кондурдум. А то уйлонсомда созго чыгышып кличкамды айтып уят кылышпасада))
#417 05 Апрель 2019 - 20:03
Bazarga baryp kalsam biroo kimdin kelinisin deit.Tiginin dep kainatamdy aitsam,apeei kainatandyn atyn aityp koidun go deit.Ozunuz surap jatpaisyzby desem unchukpai kaldy.Beri basyp ketsem,azyrky jawtar tars ele aitat dep koiot kaira.Suragan ozu,kimdin kelinisin dep.
#418 22 Май 2019 - 22:23
Ушу тергеген эч жакпайт. Бакырып бакырып баарынын атынан айтып алсаң. О кыз, о бала ооо кышта келип кеткен эжем. Тажап кеттим.
#419 23 Май 2019 - 14:19
Кошуна балдар да сиз дебейсизби дейт жиниме тийип, уйдогу озумдон кичинелерди зорго сиз деп отурам, аттарын айтып уйронуп алдым
#420 23 Май 2019 - 22:45
Кайнага Кайнежелеримден башкасын тергебейм. Башында тергесем күйөөм тергебе бизде тергебейт десе тергебептирмин азыр өкүнөм 91 89 кайын синдилерим бар уялбай сенсиреп эми эсиме келгенде уялып атам тоа. Тергеген туура болот экен негизи. Менден 10 15 жаш чоң күйөө балдар бар сенсиреп сүйлөш аябай неудопнада сиз десем күйөөм ал күйөө балаң болот сен де дейт ай.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия