"Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй , бирөөнүн башындагы чөптү көрөт "- деген сөз туура экен да КЫРГЫЗЫМ?
Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#562 01 Май 2013 - 18:46
АЧКЫЧ ТЕПШИНИН АСТЫНДА
деп жазылат адабий тилде, бироону сындоодон мурун туура жазууну уйронуу керек.
деп жазылат адабий тилде, бироону сындоодон мурун туура жазууну уйронуу керек.
мен эч кандай эч кимди сындаган жокмун.ушундай тамашалар бар экенин гана айткым келген.
Сүйүүдөн буткөн дарт,өлтүрбөгөнү менен эч качан айыкпайт.
#563 02 Май 2013 - 11:36
Тема тазаланды!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга болбойт!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга болбойт!
#564 02 Май 2013 - 11:59
Дагы бир жолу сүрөттөгүлөр менен үйүңдө өскөн кожогатты салыштырып көр. Кожогат биздин тоолордо жапайы түрүндө толуп атат. Ал эми маданий түрү корообузда бар. Тоодогусун кожогат деп, ошонун эле өзү болгон маданий түрүн дан куурай (малина) десек, күлкүлүү болуп калат. Кээлер айтмакчы "күлкүмүштүү"
эмес! Ал эми "костяника"
(сөөкчөн) дегенди укпаган экенмин! 
И баса, кожогаттан башка карагат, кызылгат, бөрү карагат ж.б. дегендер да бар...
И баса, кожогаттан башка карагат, кызылгат, бөрү карагат ж.б. дегендер да бар...
Салыштырып деле көрмөкмүн, бирок кашайып сиз айтып жаткан маданий түрү да тоодо жапайы болуп биз айтып жаткан кожогатка кошуналаш өсүп жатпайбы... Анан бул эки өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрү да айырмаланып турат, малинанын сабагы бийик болуп өсөт карагат окшоп, биз айткан кожогат кулпунай окшоп жерге жабышып өсөт
Кудай жалгап, мүмкүнчүлүк болуп калса, биз айткан кожогаттын да сүрөтүн илип койоормун... И баса "дан куурай" демекчи, мен мындай аталышты жактоочулардан эмесмин... Малинанын бүлдүркөнгө (ежевика) окшоштугу көбүрөөк болгондуктан ушул өсүмдүккө тууган болсо керек деген менин жеке оюм бар... Аталышы дагы ушуга жараша бар болсо керек - деген...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#565 03 Май 2013 - 00:51
Чынеле диалектилер менен кыйла айырмачылыгыбыз бар,жадакалса бир район менен экинчи райондун айырмасы ат менен тоодой болушу мумкун,а бирок баарыбыз кыргызбызго эн негизгиси.Мисалы:
биздин Жалалабаттын озундо бир кыйла айырмачылыктар бар.Базар -коргон,Сузак,
Ноокендин элдери дээрлик окшош суйлошсо, Ала-бука,Аксынын эли таптакыр башкача суйлошот,энеле негизги айырмасы Таластыктардай тырылдап суйлогондорундо.
Мен озум Базар-коргондон Ала-букага келин болгондуктан,
биринчи укканда аябай тан калгам:Журунбу.
отурунбу,турунбу,
жатырынбы деп дал эле таластыктардай суйлошот.
Ал эми куйкул,жекте, алболу,уйру, туйру,суйурма, деген создорун укканда аябай танкалганым эсимде, Кирпини(ежик)- калмуштек ,кемселди-камсал(а бизде камзур
)дейт.Кыскасы башка мамлекетке барып калгандай ле болгом .
Ал эми куйкул,жекте, алболу,уйру, туйру,суйурма, деген создорун укканда аябай танкалганым эсимде, Кирпини(ежик)- калмуштек ,кемселди-камсал(а бизде камзур
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#567 03 Май 2013 - 01:14
Эжем Жалал-абаттан колго келин болгон.Бир куну кайын энеси мискейди алып келчи дейт,эжем ал эмнеле деп сураштан уялып,мага бейтааныш боюм болсо которуп келемда деп,ашканага кирет,Кирсе баарыле тааныш;казан,
табак, кашык,чомуч,
айткан буюму жок.Кайра барып мискей жок экен десе,кайын энеси ашканага барып, турбайбы мында деп,каструлду которуп чыгыптыр.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#568 03 Май 2013 - 01:23
Ошол эле колдук жездем, мага айрыны алып келчи деп суранды.Кудай сактай кор,айрыны эмне кылат,мен аны каяктан,кантип кармайм?!Чагып алсачы деп делдейдимда калдым,Анткени бизде кадимки учуп журуучу аарыны айры дейт.ал эми жездем айткан айры бешиликда
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#569 03 Май 2013 - 01:32
Ошол эле жездем Жалал-абатка жаны келген кезикен,кочо боюндагы ашканаларга баш багат,туштонуп алуу учун,анан отуруп менюсуна карайт.Менюдан "Мастава"
деген аты озгочо тамакка козу тушот.Кандай болдукен маставасы деп ошол тамакка закас берет.Кызмат корсотуп жургон кыз тамакты которуп келет,кызыгып кандай тамаккен деп, карасале обычный рисовой суп......
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#570 03 Май 2013 - 10:06
Кирпини(ежик)-
калмуштек ,кемселди-камсал(а бизде камзур
)дейт.Кыскасы башка мамлекетке барып калгандай ле болгом .
Аксыда кирпини - кирпи эле дейт. Анан камзур ду деле -камзор деп эле айтат. Ала бука менен Аксынын айырмачылыгы да бар.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#571 03 Май 2013 - 11:45
Аксыда кирпини - кирпи эле дейт. Анан камзур ду деле -камзор деп эле айтат. Ала бука менен Аксынын айырмачылыгы да бар.
Май айында бышуучу гиларс(килас)алболу деп айтылабы Аксыда деле.Адабий тилде жалпысынан алча деп коебу? Эстей албай жатам.И баса бизде бий алма десе ,Ала-букада бихий дешчу.Алдагы туктуу(кожынный) алманы.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#572 03 Май 2013 - 12:30
Вауу, коп создорду уккан элем, бирок Леди айымдын жазгандарын биринчи жолу окуп жатам. Кызыктуу экен, дагы болсо улантынызчы.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#573 03 Май 2013 - 13:02
Вауу, коп создорду уккан элем, бирок Леди айымдын жазгандарын биринчи жолу окуп жатам. Кызыктуу экен, дагы болсо улантынызчы.
Базар-коргондо. - Ала-букада
балта-теше. - балта-чот
аш такта увалик. - такта-секлек.
(уволук).
кичине. - пиче
1-кун,2-кун. - 1-сабак,2-сабак
калак(сабок) - курок
Ака-ука.(байке, ини) - аке-уко,уке
койнок. - жекте
мака(жугору) - меке
чаули(боорсок сузгуч) -сузгуч.
этият бол. - азыр бол
сойко(кулакка тагуучу )-сабак
тепши(тазик) - чара
каса(темир аяк) - кесе же аяк
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#574 03 Май 2013 - 13:13
Жекте, азыр бол- укпаптырмын.
Анан 'азыр' деген создун 'казыр' дегенге айланып калуусу казак баурдастардан 'жуккан' эмеспи?
Анан 'азыр' деген создун 'казыр' дегенге айланып калуусу казак баурдастардан 'жуккан' эмеспи?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#575 03 Май 2013 - 13:15
Мээн оштон болом, бирок Озгон тарапта турам. Ал жерде Уйду -Уй эле дейт. Фергана оороону болуп саналчуу экен ошол тарап. Эми Озбектерден соз кошуп алышат, дегени кызык болду.. Кыргыздар туптуу калк болсо, Озбектер канчанчы жылы туптолгон экенин баары билсе, бизди САРТ дебей калмак тарыхты билген неме.
Аке, Ака-Байке
Эже, Апже- Эже
Тепши- Тепши
Онякта-Тиги жакта
Расса-Аябай
Майлы-Макул
Ондой эмес-Андай эмес
Галдир гангир- Мээси жок кок мээ болсо керек..
Олжондобо-Калжындаба
Калжын деген Казактарда тамаша дегенди билдирет. Биз да колдонобуз ошону..

Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#576 03 Май 2013 - 14:36
Ошол эле колдук жездем, мага айрыны алып келчи деп суранды.Кудай сактай кор,айрыны эмне кылат,мен аны каяктан,кантип кармайм?!Чагып алсачы деп делдейдимда калдым,Анткени бизде кадимки учуп журуучу аарыны айры дейт.ал эми жездем айткан айры бешиликда 
Жакшы экен, мен да өзгөчөлүктөрдөн жазып коёюнчу эстешимче..
Бизде эптимес, эптүүмес деген сөз бар, ал аябай көп деген мааниде.. Анан ала кел дегенди алганча кел дейбиз, ала качып кетиптир дегенди качырып кетиптир деп да айтабыз ж.б. Ушул сөздөргө группалаш кыздарым таң калып бүтпөйт..))) кир-пир жууган идиш таштек, тазик, илаган делет, кастрюль - кастрол, кастрөлгө айланып кеткен, ичи чуңкур, чоң камыр-самыр жуурган идиш табак делет, кээ бир жерде дагара делет экен, кээ бир жерде дагара деп таштекти айтышат экен...казан казан деп эле колдонулат чоң-кичинесине карабай. Уй уй эле... Ага - аке, эже - абже, таяке - тага...
Бишкек шаарына келгенде көпчүлүк "Оштонмун" десем алдабачы деп ишенкирешчү эмес. Көрсө, оштуктардын баары "акцент" менен сүйлөйт деп ойлогондор көп экен.. Жети аймакта тең өзгөчөлүк бар, жадакалса облуска кирген райондордо да өзгөчөлүк байкалат... Бул деген биз жашап, өнүгүп жатканыбыздын белгиси. Диалектилик өзгөчөлүк башка бардык элдерде бар. Болгону биздики жаңыча жакшы изилденбей калды окшойт... Мурдагы Батманов дегендердин изилдөөсү менен эле окуп келе жатат окшойбуз... (Кара-Кулжа районундагы Алайкуу (а/ө) өрөөнүндө чоңойгом)
#577 03 Май 2013 - 15:07
Кайсыл бир районго жумуштап барып калат экен бир көлдүк киши. Кечинде жумуштан чыгып үйгө кетээрде бир коллегасы "Эңкейсеңиз - минип алайын" - дейт экен. Анда тиги
... Көрсө ал "Ылдый кетсеңиз - машинага
отуруп алайын" - дегени экен да...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#578 03 Май 2013 - 15:16
Жакшы экен, мен да өзгөчөлүктөрдөн жазып коёюнчу эстешимче..
Бизде эптимес, эптүүмес деген сөз бар, ал аябай көп деген мааниде.. Анан ала кел дегенди алганча кел дейбиз, ала качып кетиптир дегенди качырып кетиптир деп да айтабыз ж.б. Ушул сөздөргө группалаш кыздарым таң калып бүтпөйт..))) кир-пир жууган идиш таштек, тазик, илаган делет, кастрюль - кастрол, кастрөлгө айланып кеткен, ичи чуңкур, чоң камыр-самыр жуурган идиш табак делет, кээ бир жерде дагара делет экен, кээ бир жерде дагара деп таштекти айтышат экен...казан казан деп эле колдонулат чоң-кичинесине карабай. Уй уй эле... Ага - аке, эже - абже, таяке - тага...
Бишкек шаарына келгенде көпчүлүк "Оштонмун" десем алдабачы деп ишенкирешчү эмес. Көрсө, оштуктардын баары "акцент" менен сүйлөйт деп ойлогондор көп экен.. Жети аймакта тең өзгөчөлүк бар, жадакалса облуска кирген райондордо да өзгөчөлүк байкалат... Бул деген биз жашап, өнүгүп жатканыбыздын белгиси. Диалектилик өзгөчөлүк башка бардык элдерде бар. Болгону биздики жаңыча жакшы изилденбей калды окшойт... Мурдагы Батманов дегендердин изилдөөсү менен эле окуп келе жатат окшойбуз... (Кара-Кулжа районундагы Алайкуу (а/ө) өрөөнүндө чоңойгом)
Алайкуулуктар да таза суйлошушот. Ош,Кара суу озбек аралаштырып суйлойбуз да.Ичкилик (Ноокаттан нары к га басым салып суйлошот экен.
#579 03 Май 2013 - 18:03
Алайкуулуктар да таза суйлошушот.
Ош,Кара суу озбек аралаштырып суйлойбуз да.Ичкилик (Ноокаттан нары к га басым салып суйлошот экен.
мен ноокаттан болом ечкандай "к" га басым жасабайбыз. . Наборот кны аз колдонобуз
мисалы::
ала кел-ала гел
карыя-гарыя
ж.б.
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#580 04 Май 2013 - 01:00
Кайсыл бир районго жумуштап барып калат экен бир көлдүк киши. Кечинде жумуштан чыгып үйгө кетээрде бир коллегасы "Эңкейсеңиз - минип алайын" - дейт экен. Анда тиги
/>
/> ... Көрсө ал "Ылдый кетсеңиз - машинага
отуруп алайын" - дегени экен да...
Энкейтип туруп минип алгандар,Баткендик бир туугандарыбызго
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия