Суперстан: Жуманын он үчү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жуманын он үчү полит аңгеме!

#1 Пользователь офлайн   supernurgazy   08 Ноябрь 2010 - 02:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Негедир чоочуркаланып, түрмөнүн тор эшигине башымды тыга, кулак кырчый кыскан жанаша кеткен эки темирди эки колум менен кармап алып ыйлап жатам. Ички дүйнөм ыйкы-туйку.. . Бийликке каршы уюштурулган пикетке катышпасам тордун бул бетинде болбос деген ой мээмди кучактап, такыр кое бербейт. Колдоруна дубинка алып, мен камалып жаткан камераны көздөй келе жаткан милиция кызматкерлерин көрүп, азыр мени жазалай турганын, дубинкалар менен токмоктой турганын даана билип турдум. Ар түркүн үндөр, ышкырыктар менен коридорду жаңырта тез эле мен кармап турган эшиктин жанына жетип келишти. Эшикти бириси чаап жибергенин өз убагында байкап, жалталактай эшиктен баш-колумду алып качтым. Тигилер тез эле ичкери киришип, мени тегеректей калышкан.- Пикетке чыгам дечи?
- Бакиев жаман дечи?
- Исаковго боштондук дечи?
- Бийлик кетсин дечи? Ха-ха...
Пикеттерде айтылган ар-бир ураанды мени тегеректеген кызматкерлер биринин артынан бири айтышып, каткырыша мени басынта шылдыңдап жатышты. Азыр бирөөсү бир чапса, баары мени сабап кирээрин сезип, жалталактай жалдырап кирдим:
- Мени кечиргиле, экинчи чыкпайм. Өтүнөм, кечиргилечи.
Жалдырап жалбарып киргениме шүдүңдөгөн арстандай тап берип, жүрөгүмдүн үшүн ала колдорундагы дубинкаларды өйдө төмөн айландырышат. Жүрөгүм түшүп, куйругун кыса кыңшылаган машкенин өзү эле болдум. Бир оокумда жанагылардын бири дубинка учун менин көз учума жөнөттү. Дубинка көзүмө жакындаган сайын чоңоюп барат. Көздөрүмдү катуу кыса жума:
- Ааа... - деп кыйкырып жаттым.
Кыйкырып жаткан жеримден уйкудан чоочуп турганымды аңдадым. Башы көзүмдү, анан бүт денемди сылап чыгып, бүт жерим аман экенин байкадым. Эки жагымды карансам үйдө экенмин. Түндө телевизорду өчүрбөй уктап калсам керек, «Замана» студиясы өз ишин аткарууда. Жарнамалык тыныгуудан кийин «Ханзада» аттуу жаңы рубриканын бериле баштаганы жүзүмдө бираз күлкү жаратты. Оюмда: «Ушул эле калды эле кылбаганыңардан. Эми Максимчикти ушинтип жактырайын деп жатасыңарбы? Эртең «ХАН» рубрикасын ачып, жалаң Президеттин ишин элге жагымдуу кылып көрсөткүлө. Анан Татьянаны унутуп калбагыла. Тфу силерди!». Студиядагылар менин айтканымды телепад жолу менен түшүнүп жаттыбы, айтоор Бакиевдердин баарын мактап чыгышты. Кайра-кайра Бакиев деп ураан чакырып жаткан кошаматчы УТРКны жек көрүп, телевизорду өчүрүп салдым. Элдик курултайга даярдык кандай жүрүп жатканын сурап алуу үчүн уюлдук телефонумду алып, университетибиздин студенттик ассосациясынын төрагасына телефон чалайын дедим. Телефонумдун экранындагы «0!» деген жазуунун ордуна «Бакс» деп турганын карап, таң бердим. «Эми ачык эле бул менин «менчигим! » - деп айта баштаганбы булар» - деп ойлоп койдум. Досум болгон студенттик ассосациянын төрагасынын номерин терип, чакырууну бассам телефондон «Мындай номер биздин каттоодо жок, текшерип көрүп, кайрадан чалыңыз» - деген жаш кыздын үнү чыкты. Кече күнү гана чалганымда иштеп турган номердин бүгүн жок болуп кетиши мени айраң калтырды. Операторго чалып, чоо жайын билүү үчүн *500 номерин тердим. «Саламатсызбы, «Бакс» уюлдук операторунун кардарларды тейлөө борборуна кош келипсиз» - деген автожоопкайтаргычты угуп, түшүнүкчүз жек көрүүлүк денемди бут учуман башыма чейин аралап өтүп, бирок ошондо да укканыма ишене албай турдум. Автожоопкайтаргыч айткан комбинацияларды аткарып, оператор менен байланыштым:
- Саламатсызбы, сиз менен байланышта Мирлан.
- Саламатсызбы Мирлан, «0!» качандан бери «Бакс» деп аталып калган?
- Бир жылга чукулдап калды...
- Бир жыл?.. Кандайча, кече эле «0!» деп аталып турат эле го?
- Жок, сиз жаңылып жатасыз, бир жылга жыкындап калды...
- Андай болушу мүмкүн эмес, кантип эле?..
- Кечиресиз, сиздин мындан башка сурооңуз барбы?
- Ооба, сиз мени кечириңиз... мен...
Укканыма ишенгим келбей бир аз туруп калдым. Каным кайнап, кыжырым келип, колумдагы уюлдук телефонумду ыргытып жибергим келди. Өзүмдү кармап туруп, кайра суроо узаттым:
- Менин досумдун номерин автожоопкайтаргыч жок деп жатат. Бир текшерип бериңизчи.
-Номерин айтсаңыз. 
- 0700 102 312
- Бир аз күтүп турууңузду өтүнөм.
- Макул...
- Сиздин досуңуздун номери 2010-жылдын 7-апрелинен тарта тейленбейт экен. 
Ал күнү мыйзамсыз жыйын өткөрүп, Ак үйдү басып алууну көздөгөн кылмышкерлердин баарынын телефон номерлери өчүрүлүп, тейлөөдөн четтетилген.
- Кылмышкер?.. Эй, иттин гана баласы, эмне деп жатасың сен? Акмак!..
Этим ысый, ызаалыгым күчөй айтыла баштаган сөздөрүм каттуу тийсе керек, телефонду коюп койду. Вулкандай кайнаган жиним тим калмак беле, кайра чала баштадым. Бирок телефонумду тейлөөдөн четтетип коюшту өңдөнөт, байланышта экенимди билдирген антена таякчалары жок болуп кетти. Үйдөн чуркап чыгып, досумду табуу үчүн камындым. Машинемдин дөңгөлөктөрү ышкырта каттуу айдадым да, кичи көчөдөн чыккан боюмча борбордук көчөлөрдүн бирине сиңип кеттим. Борбордук көчөдө катарынан тизилип, көргөндүн көңүлүн өзүнө тарткан жарнама шиттерин көрүп, биресе жиним келсе, биресе түшүндүрүлгүс бир күч дал кекиртек тушка чейин көтөрүлүп, демимди кыса бууп салат.
«Бакс» уюлдук оператору, ар дайым сиз менен!»
«Бакс» курулуш компаниясы, сапаттуу үйлөр менен ар бирибизди камсыз кылат!»
«Бакс-телеком» - ишенимдүү байланыш! »
«Бакс-AUB» - эгер көп акча тапкың келсе!»
«Бакс» - ...»
Көптөгөн жарнамаларды мурун эле көрүп, басымдуусу Бакиевдердики экенин мурун эле билип жүргөм. Бирок алар элден уурдап алган байлыгын жашырып, башка аттар менен башка адамдардын артында туруп алып башкарып келген да. Мурун «бул биздики» деп ачыгын айтпачы эле да. Эми эмне эр жүрөк болуп кеткенби, же эч кимди тоготпоого жете турган күчкө ээ болуп калганбы? Ошорндой эле болуш керек, жанындагы кошаматтар арстандын күчүн берип жатпайбы. Бир күндө шаарды ушинтип өзгөртүшкө алы жетип, болгондо да коркпостон. .. Бул арамтамактар ачык уурдап, бизди, кыргыз элин кул кылып алайын деп жатабы? Жок кыргыз эли менен гана эмес, бүтүндөй кыргызстандыктарды; орус, өзбек башкаларын кыргыздарга кошуп кул кылып жатайын десе керек.
Оюма келген нерселерге өзүмдүн ишенгим келбейт. Бирок, көрүп турган нерселер башка нерсени далилдеп турат. Ага каттуу ызам келет. Бир маалда аңкылдап кыйкыра рулду бир нече жолу уруп жибердим. Тормуздун педалын кантип басып жибергеним эсимде жок, артымдан бир машина «тарс» эте сүзүп салды. Ичинен бир эркек киши чыгып, менин эшигимди ачып:
- Баары жайындабы тууган? Кечир менин уюлдук телефонум чалып калды эле. Алаксып калдым, - деди.
- Жок, жок байке, бул менин шалаакылыгымдан. ..
- Досум, мобуну алып кой, биз таркап кетели, - деп жүздүк доллардан бирнечесин сунду.
- Байке, мен күнөөлүмүн деп жатпаймынбы. ..
- Анда кетип калалы, ээ? Жол жүрүүнүн жаңы мыйзамы боюнча сүзүшкөн машиналардын ээлеринен 2000 доллар айып алынат. Андыктан МАИ кызматкерлери келгиче таркап кетели. Байкап калбасын, ал шумпайлар тез эле таап келип калышат биздейлерди!
- ЫЯ?!.
Шашкалактаган тиги байке менин макулдугумду алаары менен машинесине олтуруп, көздөн кайым болуп кетти. Аз өтпөй, кызыл тазыл сиренасын күйгүзүшүп алган МАИ кызматкерлери пайда болушту. Ызы чууга салышып, ар нерсенин башын чоюп олтуруп, машинемди эвакуатордун үстүнө жайгаштырып кетип калышты. Колума «Сиз жол кырсыгына катталып, 13-берененин 5-пунктун бузуунун негизинде 2000 доллар айып жазасына чалындыңыз! Машинаңыз карызыңыздан кутулган соң кайтарылат! » деген жазуусу бар кагаз менен квитанция таштап кетишти. Студент болуп, араң жан баккан менде андай акча кайдан болсун? Машинем керек болсо анча акча турбаса керек. Мен аны бир жыл мурун эле сатып алгам, 1700 долларга. Азыр анын куну андан да арзандап кетсе керек. Бул фактордун баардыгы менин кыжырымды кайнатып, демимди кысат. Анысы аз келгенсип, барактагы айыптын доллар менен көрсөтүлгөндөгүсү. Бакиевчилер сомдорду жыйнап бүтүп, эми «баксыларды» жыйнайын десе керек. Шок! Шоктук нерседен жүрөгүм барган сайын тез тез согуп, оозум кургап, суусаганымды баамдадым. Көчөнүн четинде турган «Народный» дүкөнүнө түз эле кирип бардым. Өзү ачылып жабылган электрондук эшиктин босогосун аттаарым менен көргөнүмө көзүм ишенбей, элтейип туруп калдым.
«Бакс» самыны – сиздин колуңузга назиктик тартуулайт».
«Макс» креми – сакал алууну жеңилдетет».
«Макс» кофеси – жагымдуу жыты менен сергенктикти тартуулайт».
«Макстан» бешбармак – курсагың тоюп калат».
«Бакс» колбасасы – эң таттуу жана халал».
«Бакстан» алган ар бир үчүнчү төрт белекке берилет».
«Бакс»... «Макс»... «Бакс»... «Макс»... «Бакс»... «Макс»...
«Бакстан» көзүм чыгып кетчүдөй жиним кайнайт! Менин жинимди төбөмө жеткирүү үчүн ушулардын бириси эле жетиштүү эле. Мынчасын көрүп алып, тозокто күйүп жаткандай эле кыйналдым. Сыртка чуркап чыгып, Филармониянын бетмаңдайына чейин чуркап бардым. Аялдамага келип, 42-маршруттун автобусун көрүп, асманды карап, болгон күчүм менен «Аааа...» деп кыйкырып жибердим. Себеби тигил автобустун маршруту көргөзүлгөн текчеде мындай деп жазылыптыр: «Филармония, Юр. Академия, «Бакс» базары, Шлагбаум, Кызыл-Аскер, «Бакс» автоунаа базары...»
Кыйкырып алып, жинимдин күчү менен Чүй жана Тынчтык проспектилеринин кесилишине чурка кирип кеттим. Алдыман кайдан жок кичинекей бала пайда болду. Санырым он эки, он төрт жаш курагында экен. 
- Менде гана чындык! Эң акыркы чын жаңылыктар! Шашылыңыздар! Башка эч жерден таппайсыздар. Сиздин көз алдыңыздан жашырылган чындыкты жалгыз менден табаласыздар. Алыңыздар.
Колунда «Эл сөзү», «Алиби», «Ачык саясат», «Форум» гезиттери бар экен. Сатып алган адамдар тезинен койнуна салып, көздөн кайым болуп жатканынан бул гезиттерге тыюу салынганын байкадым. Таң калганым, кече күнү эле бул гезиттерди эркин сатып алса болот болчу. А бүгүн... Бирөөсүн сатып алып, көргөнүмө ишене албай турдум, 2011-жылдын 13-апрелинын жума күнкү чыгарылышы экен.
- Бул гезит качан басылган, - деп сатуучу баладан сурадым.
- Бүгүнкү күндүн эле чыгарылышы байке.
- Мени акмак кылба. Бүгүн шаршенби, 7-апрель.
- Жок байке, бүгүн 13-апрель.
- Ха... дагы 2011-жыл деп кой!
- Ооба, тигине карап көрүңүз, - деп концелярдык товар сатылып жаткан текчедеги календарды кезеди.
Бакиевдин мылжың күлкүсү тартылып турган календардан «2011-жыл» деген жазууну көрдүм. Сатуучуга жакындап келип:
- Эже, бул жаңы календарь бекен? – деп сурадым.
- Ушул жылдыкы, мына жылы бул жерде жазылып турат. Алыңыз, офис болобу, үй болобу көрктөнүп калат. 
А мен болсо эженин кийинки сөздөрүн уккан деле жокмун. Өзүмчө ойго батып кеткем. Кече күнү 6-апрель болчу да. 2010-жылдын 6-апрели... Кече кечинде үйгө келип жатып алгам. Анан... Анан эмне болду эле? Бүгүн кантип эле 2011-жылдын 13-апрели болуп калсын? Же мен келечекке өтүп кеттимби? Кызык...
Колумдагы гезиттин биринчи бетине көз чаптырдым. Карикатураланып тартылган сүрөт. Жакшылап карай бергенимде Бакиедин башы кийилген бир дөө Кыргыз Улуттук университетин таманы менен тепсеп жатат. Статьянын темасына көз чаптырсам «Бакиев эми жогорку окуу жайларга киришти!» деп жазылыптыр. Андан ары окуй баштадым: «Эки ай мурда жогорку окуу жайларын менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алынганын баарыбыз билебиз. Эми бул мыйзамдын кимге иштеп бере турганын ачык эле көрүп калдык. Кече күнү Билим берүү министри менен Максим Бакиев экөө келишимге кол коюшту. Келишим боюнча окуу жай эми ханзааданын менчиги болуп калмакчы.»
Кандайча менчиги болуп калмакчы деген ой мээмди кезей, башым сынып кетчүүдөй болуп кетти. Айланап тегеренип, башымды бир нерсе кыскансыйт. Жиним келет. Болушунча тырышып, жол асты өтмөдөн өтүп жаткан жолоочулардын баарына кыйкыра баштадым:
- Ушуга кантип жол берип жатасыңар! Баары алардыкы болуп кетиптир го! Жакында өзүбүздү да сатып беребизби, - деп ары жактан келе жаткан, жашы кырктар чамасындасы бир кишинин желкесинен кармап калдым, - Анан балдарыбыздын бетин кантип карайбыз?
Тиги киши келесоого улашып калгандай мени түртүп жиберди. Каршы жактагы жана мага календарды сатууга аракет кылган эженин текчесине барып жатып калдым. Тынчый албайм. Кайрадан туруп экинчисине жабыштым. Бакырып жаткам, бир маалда ары жактан эки киши келип:
- Досум тынч, полиция келе жатат, - деп калышты.
- Полиция? Биз эми полициялуу өлкө болуп калдык беле? Силер эмне деп эле жатасыңар? Эми эмне Бакиевге баш ийип калдыңарбы? Мага кошулуп кыйкыргыла! Бакиев кетсин! Бакиев кетсин!
Тигилер мени тынчтандыргыча болбой, ары жактан формачандар келип калышты. Келер келбес мени шак кармашып, колумду кайрып, бурап туруп бир машинага тыгып салышты. А мен алардын мындай мамилесине таза ачуум келип, кыйкырганымды уланттым. Зуулдаган машина тез эле полиция участогуна жетип келди. Тигилер мени бир камерага киргизишти да, бакырганымды токтотпогонуман дубинка менен башка чаап жиберишти. Көзүм караңгылай, эсимден тандым...
Негедир чоочуркаланып, түрмөнүн тор эшигине башымды тыга, кулак кырчый кыскан жанаша кеткен эки темирди эки колум менен кармап алып ыйлап жатам. Ички дүйнөм ыйкы-туйку.. . Бийликке каршы уюштурулган пикетке катышпасам тордун бул бетинде болбос деген ой мээмди кучактап, такыр кое бербейт. Колдоруна дубинка алып, мен камалып жаткан камераны көздөй келе жаткан милиция кызматкерлерин көрүп, азыр мени жазалай турганын, дубинкалар менен токмоктой турганын даана билип турдум. Ар түркүн үндөр, ышкырыктар менен коридорду жаңырта тез эле мен кармап турган эшиктин жанына жетип келишти. Эшикти бириси чаап жибергенин өз убагында байкап, жалталактай эшиктен баш-колумду алып качтым. Тигилер тез эле ичкери киришип, мени тегеректей калышкан.
- Пикетке чыгам дечи?
- Бакиев жаман дечи?
- Исаковго боштондук дечи?
- Бийлик кетсин дечи? Ха-ха...
Пикеттерде айтылган ар-бир ураанды мени тегеректеген кызматкерлер биринин артынан бири айтышып, каткырыша мени басынта шылдыңдап жатышты. Азыр бирөөсү бир чапса, баары мени сабап кирээрин сезип, жалталактай жалдырап кирдим:
- Мени кечиргиле, экинчи чыкпайм. Өтүнөм, кечиргилечи.
Жалдырап жалбарып киргениме шүдүңдөгөн арстандай тап берип, жүрөгүмдүн үшүн ала колдорундагы дубинкаларды өйдө төмөн айландырышат. Жүрөгүм түшүп, куйругун кыса кыңшылаган машкенин өзү эле болдум. Бир оокумда жанагылардын бири дубинка учун менин көз учума жөнөттү. Дубинка көзүмө жакындаган сайын чоңоюп барат. Көздөрүмдү катуу кыса жума:
- Ааа... - деп кыйкырып жаттым.
- Досум, тур! Турсаңчы, не кыйкырып жатасың мынча. Ал болгону түш. Турчу!
- Үмүт? 
- Оу?
- Кана?
- Ким?
- Жанагы шумпайлар?
- Кайсы?
- Полиция?
- Кайсы? Ал болгону түш да досум! Тур, балдар даяр болуп калыптыр! Түнү менен лидерлерибиздин баарын камап кетишиптир. Эгер бүгүн чыкпасак анда кулу бойдон калып кетебиз тигилердин. Тур досум!
- Ооба, досум, туура айтасың. Кеттик!
- Эмне, жаман түш кирген го түшүңө, ээ?
- Абдан жаман түш! Айтмакчы, бүгүн канчасы?
- 7-апрель.
- Жылдардан?
- 2010.
- Ошондой дейм да!
- Эмне болду?
- Анчейин, кеттик досум. Өлкөнү арам ойлордон сактап калалы!
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   supernurgazy   08 Ноябрь 2010 - 02:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

оюңарды жаза бергиле, сөзсүз калем акысын калтыргыла! !!
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   08 Ноябрь 2010 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Түшүң фантастикалык чыгарма болуп кетти го.
Жакшы жазылыптыр.

Бирок, 13-жума күнүн бул жакка аралаштыра салганың жаккан жок. Ал деген мусулмандар дайыма жеңишке жетишип келгендиктен башка диндегилер ошол датаны жаман көрүп калышып, анан ошол сандан коркушат. Аны билсең керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 08 Ноябрь 2010 - 10:02

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   supernurgazy   08 Ноябрь 2010 - 13:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Досум, бул какраз аян болуп жатпайбы? Түшүндүңбү?  
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   supernurgazy   19 Ноябрь 2010 - 01:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Эмне эч ким аңгеме окубайбы? Же эчкимге жакпай калдыбы?
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   NUR.DIM   03 Сентябрь 2012 - 11:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 218
  • Катталган: 09 Май 12
  • Соңку аракети: 22 Сен 2021 11:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Азаматсын калемин курчуй берсин сага +100
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Elit   03 Сентябрь 2012 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Азамат, бирок акьркь кундору жоголуп кеттин го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Taraki   03 Октябрь 2012 - 12:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 28 Авг 2013 15:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bishkek

Мага абдан жакты, ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aisel   04 Ноябрь 2012 - 11:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 07 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2013 21:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yakutya

Азаматсыз! Баракелде!
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   12 Февраль 2016 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жакшы жазыптырсыз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kana9151   12 Февраль 2016 - 21:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 28 Май 13
  • Соңку аракети: 11 Сен 2023 14:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:жалал-абад

автор сен Искенбаевдин туугандарынан эмессинби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   jetinur90   12 Февраль 2016 - 23:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Абдан сонун жазыпсын," корогоч". Эми АША деген колбаса,доширак, ТЕМКА деген фасолдон тепличный салат,АСОК аттуу гезит-журналдардан да бир туш корчу кезин келгендир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   perim.ai   13 Февраль 2016 - 20:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Анекдот бар эле го, шайтан менен баласы тун ичинде кочодо ойноп жатышса, нары жакта эки мас келе жатыптыр. Аны коргон шайтан баласын алып жашынып калат. Баласы эмне себептен качканын сураса, "балам алар азыр оздору урушуп кетишсе да бизди куноолойт" деген экен. Ошол сынарындай эле болуптур го. Эмнени корсо эле Бакиевчилерге шылтай берип... Чыгарма боюнча айтсам, супсак, фантастика. Чыгарма кызыксыз. Автор сын пикирди туура кабыл алат деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Zolushka89   14 Февраль 2016 - 16:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:52

Окуп жатып абдан кыйналдым.түш көрүп жаткансып,чындыгында мындай жашоого аз калсак керек,эгер Бакс кетпегенде. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kana9151   14 Февраль 2016 - 17:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 28 Май 13
  • Соңку аракети: 11 Сен 2023 14:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:жалал-абад

азыр эми жыргал жашоо болуп жатабы? ошол эле электр энергиясына болгон баа 2 сомдон ашты. башка жактан каражат табууну ойлонбой эле элди кантип тоноону ойлонушууда. мисалы автоунааларга, турак жайга камсыздандырууну киргизип жатышат... бюджет тартыш болуп жатканда 120 депутаттын кимге кереги бар? ушундан коро Бакиев озу иштеп турганда элдин жашоосу онолот болчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   perim.ai   14 Февраль 2016 - 17:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения kana9151 (14 Февраль 2016 - 17:12) жазган:

азыр эми жыргал жашоо болуп жатабы? ошол эле электр энергиясына болгон баа 2 сомдон ашты. башка жактан каражат табууну ойлонбой эле элди кантип тоноону ойлонушууда. мисалы автоунааларга, турак жайга камсыздандырууну киргизип жатышат... бюджет тартыш болуп жатканда 120 депутаттын кимге кереги бар?
ушундан коро Бакиев озу иштеп турганда элдин жашоосу онолот болчу
Сизге 100% кошулам. Бир кумалак, бир каарын майды чиритет болуп, баласынын эле куноосу болду. Бакиев озу жакшы иштеп турганда. Азыр эми жашоо андан да кыйын болуп жатат. Кыргызстанды онуктуруп жаткан, сырт жакта жургон мигрантар эле. Алар жоок болсо, тугонуп калмакпыз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   perim.ai   14 Февраль 2016 - 17:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения kana9151 (14 Февраль 2016 - 17:12) жазган:

азыр эми жыргал жашоо болуп жатабы? ошол эле электр энергиясына болгон баа 2 сомдон ашты. башка жактан каражат табууну ойлонбой эле элди кантип тоноону ойлонушууда. мисалы автоунааларга, турак жайга камсыздандырууну киргизип жатышат... бюджет тартыш болуп жатканда 120 депутаттын кимге кереги бар? ушундан коро Бакиев озу иштеп турганда элдин жашоосу онолот болчу

Сизге 100% кошулам. Бир кумалак, бир каарын майды чиритет болуп, баласынын эле куноосу болду. Бакиев озу жакшы иштеп турганда. Азыр эми жашоо андан да кыйын болуп жатат. Кыргызстанды онуктуруп жаткан, сырт жакта жургон мигрантар эле. Алар жоок болсо, тугонуп калмакпыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 19:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: