Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#1321 Пользователь офлайн   sonka89.   19 Январь 2013 - 03:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Жалгызым менин не болдук,
Мандайга жазган бул кордук.
Араны болуп алыстык.
Корууго дидар зар болдук.
Асылым менин не болдук.
Алсырап жаным кордолдук.
Тагдырдын жазган жазмышы.
Ар башка жанга жар болдук.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1322 Пользователь офлайн   Барс   22 Январь 2013 - 12:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Алгандан кийинки арман

Түйшөлөмүн түндөсү, түйшөлөмүн,
Түк чыдабай кулагыма колум басып.
Коога салып бузасың түн уйкумду.
Коңуругуң кош тартып корулдатып.
Ичтен күйүп, акыры көндүм эле,
Ичкениңе тамакты шорулдатып.
Аңгырайсаң жөн гана айтчу кепти,
Алгансыймын эшектин жоорун басып.
Ушунча кыз ичинен сени алыпмын,
Уу ичерим билбестен шорум катып...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1323 Пользователь офлайн   Jinn.   22 Январь 2013 - 13:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2013 15:55
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения sonka89. (19 Январь 2013 - 03:14) жазган:

Жалгызым менин не болдук , Мандайга жазган бул кордук. Араны болуп алыстык. Корууго дидар зар болдук. Асылым менин не болдук. Алсырап жаным кордолдук. Тагдырдын жазган жазмышы. Ар башка жанга жар болдук.


Укмуш саптар экен... :good:
Не всякий козел может испортить настроение, а только самый любимый.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1324 Пользователь офлайн   Kansultan   24 Январь 2013 - 17:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 02 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 05 Май 2015 20:43

"Тагдырдын тайгак жолун жаза бастым,

Суйуусуз бирок бир кун жашабасмын.


Кайрылып уясына келбес куштай,
Кайыр кош кыска омурлуу махабатым."

Азамат, жакшы чыгыптыр! !!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1325 Пользователь офлайн   Nur_Islam   24 Январь 2013 - 20:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 606
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Карабастан козумду айыптадын
Кармабастан колумду кечип салдын
Кокологон конулду жерге таптап
Кундо шектеп журогумду эзип салдын

Кала бердим аргасыз жерди таптап
Обон созо ырларым гулго арнап
Сага болгон махабатым бекем катып
Эч ким билбес эч ким корбос жерге сактап

Ошол тундор ошол тандар эми кечпи
Каткырынкы кулгонун кайда кетти
Кусалыктын чордонуна малынгандай
Алсыздыгым барган сайын жанга жетти

Кантем айтчы колум сунуп бара албасам
Жалгыздыкка туболукко бергем касам
Сезимдерге тике карап алпурушуп
Махабатым аты чыкпас болсун дастан

Сырым катып буулукканда калем алып
Ак кагазга олтурамын куулор жазып
Коздорумон кан акканча молт молт эте
Ыйга толо ун катамын танды жарып

Кирип алдын журогумо дурт эттирип
Кокуп кеттим тоолор жара кунк эттирип
Саамга турдум чоочугансып журок кармап
суу сепкендей кокурокко чак эттирип

Олбойм ообо жашай берем сен жок деле
Толкуп ташкан денизде чокпойт кеме
А мен ошол кемеде денизчимин
А сен болсо бактылуу бол мен жок жерде

Билдирүүнү түзөткөн: Nur_Islam: 24 Январь 2013 - 21:00

Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1326 Пользователь офлайн   zhiza   26 Январь 2013 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Туйулуп туйдок жиптей кокурогум.
Тушунбой эмнегедир окуномун.
Коодонду кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык,кыйнабачы отуномун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1327 Пользователь офлайн   sonka89.   27 Январь 2013 - 04:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Кыйналып журогум болот капа......
Сенсиз да кундор отот секин аста....
Сагыныч кодонду чырмап алып....
Ойлорум кусалыгым сен жактарда...
Сезесинби сени суйгон бир жамал бар....
Сени ойлоп уйкусуз тандар атаар...
Бирге болгон кундорду кундо эстеп....
Сен деген кубанычым кайгымда бар...!
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1328 Пользователь офлайн   kurguz...   02 Февраль 2013 - 09:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 163
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2018 22:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения sonka89. (27 Январь 2013 - 04:39) жазган:

Кыйналып журогум болот капа......
Сенсиз да кундор отот секин аста....
Сагыныч кодонду чырмап алып....
Ойлорум кусалыгым сен жактарда...
Сезесинби сени суйгон бир жамал бар....
Сени ойлоп уйкусуз тандар атаар...
Бирге болгон кундорду кундо эстеп....
Сен деген кубанычым кайгымда бар...!

агентине запрос жиберсем кошпойсун сулуу кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1329 Пользователь офлайн   maksatkyz   02 Февраль 2013 - 12:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Билбедиң го, арзуу деген бир сезим,
Ээлеп алып жүрөгүмдү эзгенин.
Кышында унутулган гүлгө окшоп,
Үшкүрүктө үзүлдү менин демим…

Түштөрүмдүн себепкери өзүң белең,
Чексиз аалам болбоду мага кенен,
Тартылып, тардыгына батына албай,
Тагдыр деген тамашада жашап келем…

Кечиргин…Болбойм эми сага тоскоол,
Акым жок «сүйбөдү» деп айып коёр,
Атың атап, жүрөгүмдүн түпкүрүнө,
Мен эмес түбөлүккө сактап коёр…


Билдирүүнү түзөткөн: maksatkyz: 02 Февраль 2013 - 12:37

« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1330 Пользователь офлайн   Jan_duino   05 Февраль 2013 - 18:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 25 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 10 Май 2014 18:11
  • Жынысы:Аялзаты

Барагыма баркы жок ыр чийээрмин,
Турмуш жолдо калбас чыгаар издерим,
Артта калган убакытка кайрыса,
Чон энемдин жытын барып искээрмин... .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1331 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   07 Февраль 2013 - 17:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

Көңүл бур!!!
--------------------- ---------------------- ----------------

Кара ниет, бузукулук алыс болсо,
Заманыбыз өзү эле түшөт туура жолго.
Күнөөлөйбүз заманды бузулду деп,
Көңүл бөлбөй башта толгон арам ойго.
***
Арам ойлор, адамзатты айбандан да төмөн кылат,
Төмөндөгү оңолмоюн түз жол турса тетир басат.
Тетир жолдо бараткандын көлөкөсү,
Нур жаркыган түз жолго да түшүп турат.
***
Көлөкө түшкөн жерде береке жок,
Берекесиз жерде жүргөн курсак тойбойт.
Ач курсак азабын тарткан адам,
Анан кантип, урпактардын камын ойлойт.
***
Урпагынын камын көрбөй жүргөн элдин,
Тарыхы өчүп, келечеги жок экенин.
Карт тарых турат бүгүн кайталангыс,
Далилдеп адамзаттын кечээкисин.
***
Эрки жетпей өзүнүн ким экенин,
Ар кайсы динге кирип койгон дитин.
Урпактарың көбөйдү эй, улуктар!
Унутуп, өз тарыхын, каада-салтын, эне тилин.
***
Сакал коюп, селде чалып башына,
Көйнөк, дамбал, көлөш сүйрөп бутуна.
Оозунда Алла, оюнда дин жайылтып,
Сооп топтойм деп жүргөндөр көбөйдү го жалдырама.
***
Бул аз келгенсип, динде айтылган буйрук дешип,
Башы, көзүн ороп алып, ысып кургап тердешип.
Чупа чупска окшошуп кыргызымдын кыздары,
Чырайлуу жүзүн катып, жүрүшөт өз элинен четтешип.
***
Дин, секталар торун жайган кайда барба,
Ага түшкөн чыга албайт кайра артка.
Жардам кылып чыгарып алам десең,
Атеист деп жаман көрүп, ушак кылат башкаларга.
***
Мына ушинтип, бири араб, бири дагы башка болуп,
Жерибизди баса берсе түрктөр менен кытай толуп.
Коркуп кетем, келечекте кулга айланып,
Жоголуп кетеби деп тукумубуз курут болуп.
***
Бул жөнүндө ичтен сызып ойлонуп,
Чымындай жаным күйүп от болуп.
Айла аргасыз отурамын буулугуп,
Кыргызымдын макалына токтолуп.
***
Чынында жалгыз таруу ботко болбойт,
Болсо дагы кыйратып коюу болбойт.
Бу дегеним, кагылайын калың журт.
минтип жүрсөк эртеңкини ойлоп болбойт.
***
Эртеңкиге бүгүнтөдөн кам көрбөсөң,
Ач каласың эми эле кыш түшкөндө.
Чыдатпай кыштын катуу ызгаары,
Жалдыратат шум ажалдын көздөрүнө.
***
Жалдырабай шум ажалдын көздөрүнө,
Тетир басып кетсем деген көкүрөктө.
Мүдөө болоор, а бирок карабасаң,
Жемиш бак да бербейт ширин таза мөмө.
***
Тамак-аштан өксүк болгон өлөөр ачка,
Өлбөсө жүрөөр эптеп күн батып, күн чыкканча.
Эртең эмес, бүгүн менен күн өткөрүп,
Минтип жүргөн карайбы, каада-салтка.
***
Карабаса маданият, каада-салтка,
Доо кетет ал улуттун тарыхына.
Маңкурт деп атоодон башка сөз жок,
Өз тилин, өз каадасын чанып турса.
***
Азгырылып көбү түштү арак баңңги жолуна,
Каяша айтып, кол көтөрүп эне атага.
Унутушуп улуу элдин урпактары экенин,
Маңкуртчулук жайылып баратат улутумда.
***
Эй улуктар, карагын жаштарыңа,
Жүргөн жери түнкү клуб, дискотека.
Оозунан шарап жыты буркурап,
Тамеки тиштеп чычайган кыздарыңа.
***
Ар бир элдин келечеги урпагынын колунда,
Улут өсөт урпагы түшсө түз жолуна.
Баскан жолу тетир болсо урпактын,
Улут өчөт башка келип билигине май чачса да.
***
Адам көчү кайда барса тарыз дагы ошол жакта,
Тарых сактайт ал турмуштубаскандай ташка тамга.
Өтсө дагы нечен деген кылымдар, өчпөй жанып,
Улуу сөздөр калат экен улуу элдин барагында.
***
Кийинишет чет элдикти туурашып,
Анысы барат күндөн күнгө этек жеңи кыскарып.
уяласың учурашып, жолуккандан,
Өз карындаш, эже, энеңдин кийин түрүн көрүп алып.
***
Айтсаң турат заманага шылташып,
Кайра күлүп тоодон түшкөн жапайы деп ырсайып.
Кылымдар сактап бабалар мурас кылган,
Тепселеп бүттүк ак элекчек, ак акалпакты бут аарчып.
***
Пейил тарып, абийир качты алыска,
Баары башка, баары өзгөргөн замана.
Керек болсо ата-энени сатабыз,
Көз кызарып, тойбой дүнүйө байлыкка.
***
Пейили кенен достугуна тең келээр,
Улут жок деп мактап келген нечендер.
Ыйлап келген жолоочуга нур чачкан,
Кайда элечек ак калпакчан улуу эл.
***
Нур тамып, кичи пейил жаштарыңдын жүзүнөн,
Ташып турган касиети карысынын сөзүнөн.
Жараткан сүңгөн эл элек го кыргызым,
Бүгүн кайда баратабыз түшүнбөйм.
***
Бүгүн кайда баратабыз түшүнбөйм,
Улут үчүн бир максат жок көздөгөн.
Максатсыз күн кечирип, ээрчип алса эрксиздик,
Кантип чыгат маңкуртчулук түбүнөн.
***
Касиет калып карысынын сөзүнөн,
Арак сасыйт жаткан сыйлуу төрүнөн.
Адам эмес айбан жолун тандашып,
Заар төгүлөт жаштарыңдын жүзүнөн.
***
Чыгарууга жаштарды майкуртчулук түбүнөн,
Бакайдай кары керек касиети тамган сөзүнөн.
А бирок кантип угат бул кутурган жаштарың,
Сасып турса арак жыты ак сакалдын өзүнөн.
***
Эй кыргызым, кызың жүрөт сауна менен көчөлөрдө,
Өз денесин өзү баалап, абийирин сатып көрүнгөнгө.
Уятын жыйыштырып жаш карыга карабай,
Жүрүшөт азыгырылып ошол түнкү көпөлөктүн төшөгүндө.
***
Учкан куштай токой, черди аралап,
Ойлонгондо ойлор кетет талаалап.
Карап көрсөк биз пенделер жаралдык акыл менен,
Бул жалганда ээ болбогон башка зат.
***
Бул жалганда ээ болбогон башка зат,
Кайда сенин касиетиң адамзат.
Анан дагы акыл эстүү адамзатпыз дейсиңер,
Айбандан да ишиң жаман салыштырсак.
***
Бүгүн дагы кеч эмес, ойлонолу,
Келечекте урпактарга нур бололу.
Өз улутту сүйүп, өзгө улутту сыйлаган,
Тандайлы кара эмес, түз жолдорду.
***
Андыктан жалындагын жанган оттой алоолоп,
Башты көтөр, жерге салба корголоп.
Мекен үчүн, тынчтыгы үчүн дүйнөнүн,
Күрөшөлү тайманбастан жан үрөп.
***
Ташта кадам! Тартынбагын, тайманба!
Билим алып, абийириңди бек сакта.
Арам жолдон алыс бол да, ырк бузба,
Биздин күчтөр жалгыз гана достукта.
***
Чын достуктун арасына кара санап,
Душман, шайтан кире албайт аралап.
Эгер достук бекем болсо ортодо,
Кирмек турсун жолой албайт жүзүн карап.

_____________________________

((Кубанычбеккаган 05.07.2008-жыл, Бишкек шаары)) 


Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 08 Февраль 2013 - 15:12

Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1332 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   08 Февраль 2013 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

"ЖЕТИМДИН АРМАНЫ"
--------------------- ----------
(Бул чыгарма ата-энесинен жаштайынан жетим калып, жаратканга кайрылып жашоосунда бараар багытын таппай турган жаш баланын арманы)
________________________________
Бүт айлана жан алып,
Көктө күн да жылмайып.
Жадыраган жаз жаз гүлү,
Аңкып жыты мас кылып.
Жаркыраган бул жаздын,
Жайнап турган айы эле.
Жан эргитип жылуу жел,
Жүздөн сүйгөн кези эле.
Эч нерседен капарсыз,
Чыбык минип ат кылып.
Кубаныч, шаттык жетелеп,
Кайгысы жок каткырып.
Бөбөктөрдүн жүзүндөй,
Бал күндөрдүн бири эле...

****
Капысынан жалп этип,
Өчтү жаган чырагым.
Капкараңгы айланам,
Кадам баспай турамын.
Алай-дүлөй бороондоп,
Ачык турган асманым.
Ачып көздү жумгуча,
Кара булут каптадың.
Кыштын узун түнүндөй,
Күндүн бети көрүнбөй.
Нурсуз калдым кубарып,
Өлгөн адам жүзүндөй.
Гүлүм түштү күбүлүп,
Жазгы үшүк жүргөндөй.

***
Көздөрүмдөн жаш кулап,
Жашка аралаш кан чыгат.
Аяктарым шилтенбей,
Эриндерим дирилдей.
Үнүм буулуп, сөз чыкпай,
Күйүп жаным чыркырап,
Майга түшкөн немедей.
Жаратканды жемелей,
Кулагыма ишенбей,
Айла аргасыз турамын,
Күнүм бүткөн немедей.

***
Бүтпөгөндө эмине,
Кучакташып ыйлашып,
"Сабыр кыл балам" дегенде,
Түшүнө албай себебин,
"Эмне болду" дегиче.
Тагдыр деген ушул экен,
Туурдагы учат экен.
Туурунан учкан соң,
Кайрылып шумкар келбеген.
Телегеңи тегиз жок,
Бири кем да, бири ток.
Нурун төккөн жылмайып,
Кечээки күн бүгүн жок...
Батынып бири айталбай,
Өрөксүгөн ый коштоп.
Ачыктап бири айталбай,
Сабыр кыл деп боздошот.

***
Ал аңгыча сөз чыкты,
Сөз эмес эле жүрөктү,
Көзөп, тешип, канатып,
Жарып өтчү ок чыкты.
"Кайрылуу болсун арты" деп,
Алоолонгон жалындай,
Кучагына бек кысты.

***
Жарылып кетчү ошондо,
Дүйнөдөгү мен эле.
Тыбырчылап туйлады,
Жаным батпай денеме.
Кирип кетээр жер таппай,
Айлам куруп турамын,
Куйкаланып жаным ай.

Мончок, мончок жаш кетип,
Айланып башым теңселип.
Жер жарылып экиге,
Кеткендей болду дүрт этип.
Жер алдынан желмогуз,
Чыга калып токтоосуз.
Жүрөккө бычак сайгандай,
Кадам басып жыла албай.
Кучагында жалындын,
Турам бутум сынгандай.

Кербендердей чубалып,
Өткөн күндүн баарысы,
Көз алдыма тартылып,
Кылаар менде арга жок.
Чыгып кетпей денемден,
Жаным турду кыйналып.

***
Ыраазымын Жараткан,
Алгын берген байлыгың.
Ата-энемди суранам,
Бере албасаң аскамды,
Мени кошо алгының.

Томолой жетим калгыча,
Белди жалгыз ашкыча.
Таттуу ачуусун турмуштун,
Чырпыктай кезим таткыча.
Жер кучактап мен дагы,
Жатканым жакшы жанында.

***
Таянаар тоом болбосо,
Багымда куштар жок болсо.
Тирүү калаар аргам жок,
Аларсыз мага дүйнө бок.
Ата-энесиз дүйнөдө,
Жуткан эле кызыл чок.
Эркелетчү кишим жок,
Нурун чачкан күнүм жок.
Жатып калсаң сыркоолоп,
Башыңды жөлөөр энең жок.
Жолдун бассаң карасын,
Агына салаар атаң жок.
Бөлүнөсүң кыйрайсың,
Көзгө сайса көрүнгүс,
Кара жиндүү түн коштоп.
Жалгыз калсаң дүйнөдө,
Эң боорукер кудай жок.
Жагынып айткан жакындын,
Бал татыган сөздөрү,
Айланып келип тийген ок.
Ата-энесиз өмүрдө,
Эт жесең да сууча жок.

***
Жараткан деп жалынган,
Пендеңди мынча куруттуң.
Пайгамбардан айтканың,
Эси жоктой унуттуң.
Арамдыктан адашып,
Иштерин ак адалдап,
Таза жолдо кадамдап,
Мээримин төгүп жүрчү эле,
Жүзүнөн нуру жаркырап.
Неден жазды жараткан,
Ата-энемди бергиниң,
Эгер чындап жаратсаң.

Кудуретиң болбосо,
Кылаар айлаң жок болсо,
Мен айласын табамын,
Жер кучактап көрүңдө,
Мен да кошо жатайын.
Кылаар башка аргам жок,
Тирилтип алаар көрүңдөн,
Күч кудурет менде жок.

***
Алдан тайып баратам,
Жебе тийген кийиктей.
Жараланды канатым,
Уча албасмын бийиктей.
Тамырынан ажырап,
Калган талың көгөрбөс.
Бул кайгыны түбөлүк,
Жер энеден башкасы,
Жаны чыдап көтөрбөс.

Майга түшкөн боорсоктой,
Сыздап, ыйлап чыркырап.
Күздүн күнкү нөшөрдөй.
Көздөрүмдөн жаш кулап.
Боздоп турган ботоңдун,
Үнүн угаар бекенсиң,
Жаны батып жай албай,
Кургактагы балыктай,
Туйлап турган балаңды,
Туюп сезээр бекенсиң.

***
Жүз жаратып, жүз койсоң,
Анда макул демекмин.
Ырайымдуу кудай деп,
Бүт ааламды кыдырып,
Сени данктап келмекмин.
Берилсе да жүз өмүр,
Өзүм үчүн жашабай,
Кудуреттүү кудай деп,
Ыйдан жаштан тыйылып,
Өмүрүмдү сага арнап,
Кадырыңды билмекмин.

***
Бар байлыгың берсең да,
Алсырап, ыйлап турсаң да.
Өмүр кетет кайрылбас,
Тагдыр мына ушундай,
Жүрөгү муз, боору таш.
Бар туруп анан жетпесең,
Бардан көрө жок жакшы,
Айтарым ушул замандаш.

***
Ата ыйык, эне ыйык,
Кадырын билип сезгенге.
Айткылачы бар бекен,
Ата-энеден башка зат,
Бала үчүн аянбай,
Кымбат жанын бергенге.
Мындай сүйүү болбостур,
Чындыгында эч кимде.

Ата-энени сыйлайлы,
Ак эмгеги теңдешсиз.
Өтүп кетсе көздөрү,
Өкүнүп, күйүп калбайлы.
Көздөрү өтүп кеткен соң,
Айткан мактоо сөздөрүң.
Ала жатып көрүндө,
Көңүлүнө сактайбы.
Жоктоп аккан көз жашың,
Караңгы көр түбүндө,
Чырак болуп жанабы...
_______________________________

(Кубанычбеккаган 23.09.2007-жыл, Бишкек шаары)
Пы.сы. бул ырдын обону бар. Үнү тунук ырчылыкка шыгы барлар кайрылсаңыздар болот. Сатпайм, бекер белек кылам.

Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 08 Февраль 2013 - 15:08

Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1333 Пользователь офлайн   guen   09 Февраль 2013 - 13:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 03 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 15 Июн 2015 02:12
  • Жынысы:Эркек

Жалгыздыктан кее - кездерде жалыгам,

Жаратканга ыйлатпа деп жалынам,

Мен озунду чын суйупмун, амал канча!?

Айта албай унсуз гана сагынам!.. .


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1334 Пользователь офлайн   guen   09 Февраль 2013 - 13:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 03 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 15 Июн 2015 02:12
  • Жынысы:Эркек

Айтчы мага кандай омур суройун,

Кайгым барда кандай сага кулойун.

Журогумо журогундон соз айтчы,

Эл сыяктуу мен да кулуп журойун.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1335 Пользователь офлайн   k-rollan   13 Февраль 2013 - 10:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 26 Май 2016 01:17
  • Жынысы:Эркек

УНУТУЛГУС
Сезимге сен булукту салган элен
Сени мен анан кантип чанмак элем
Сыздатып мени таштап кете бердин
Сен суйуудо ушунчалык таш боор белен
УНУТУЛГУС
Омурго озун бердин суйуу балын
Озунду анан кантип унутайын
Откоргон ал кундорду эстеп алып
Окунуп коздорумо жаш аламын
УНУТУЛГУС
Унутпайм сени суйом энсей берем
Уурданып сени кутом дегдеп келем
Журогум уя болсо бир сен учун
Анда сен ал уядан учкан белен
УНУТУЛГУС
Озунду жараткандан сурап келем
Оксутпой кайра келчи жаным эркем
Мен сени омур бою суйом десем
Айтчы асылым ошол дагы айып бекен
УНУТУЛГУС
Бар болуп сен жашоомо кирип келсен
Бактылуу жандай болуп журбойт белем
Башкалар журогумо батпай койду
Бактым деп дале сени кутуп келем
УНУТУЛГУС
Эх деген арманымго эч бутпогон
Эзилем сени эстеп ыйлап журом
Экинчи бул дуйного жаралбаймын
Эми мен омур бою сени суйом
УНУТУЛГУС
Кучумду чыгарамын ырлар менен
Очумду анан кимден алмак элем
Жашоодо дале сени суйсом деле
Озумду унуткам деп алдап келем
УНУТУЛГУС
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1336 Пользователь офлайн   k-rollan   13 Февраль 2013 - 10:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 26 Май 2016 01:17
  • Жынысы:Эркек

Коштошподум кош дебедим кечиргин
Колдорунду кармап турдум эзилдим
Коздоруно коопко тиктеп турганда
Коп нерсени байкбадын сезбедин

Коздорундон суйуу нуру чачырап
Жалт жулт этип жанып турат жаркырап
Ошол очпос суйуу отун тутантып
Айтчы эми аны кимдер жандырат

Жашым толуп коздорумдон тамчылап
Жараланып жаш журогум жанчылат
Айта албадым айта турган созумду
Сени карап тура бердим жалдырап

Биз экообуз эми экиге айрылдык
Откон кунду эске салып кайгырдык
Тагдыр деген бизден ожор экенго
Айласыздан бул тагдырга багындык
02.02.2013
21:13 ишемби
Кадышев Роллан(КР)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1337 Пользователь офлайн   k-rollan   13 Февраль 2013 - 10:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 26 Май 2016 01:17
  • Жынысы:Эркек

Кайдасын издедим таба албадым
Кайрылып жаным сага бара албадым
Узулбос умуттун деми менен
Кайрадан мен озуно ыр жараттым

Жалгыздык жан дуйномду эзип бутту
Жан адам тушунбойтко бул куйутту
Омурдун ону очуп бараткансыйт
Унутпай УНУТУЛГУС бир озунду

Издедим издей бердим озунду энсеп
Билбедим дарегинди билгим келет
Омурдон бир корушпой отобузбу
Откоргон ал кундорду кайра издеп
01.01.2013
02:40 шаршенби
(КР)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1338 Пользователь офлайн   Happymom   13 Февраль 2013 - 11:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 28 Июн 2018 15:48

Бул журоктон чыккан ырлар тууралуу жакшы ойлор болду .Мындан кийин дагы бул беттерден ырларды окуп ойлорду кошуп ,керек болсо анча мынча илхам келгенде ырларды кыстара койгоно жакшы экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1339 Пользователь офлайн   Argymak007   17 Февраль 2013 - 08:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Туркун дуйнон ооз аачырат адамды
Тук тамырын карыз болуп калабы
Таштап барын кетип жатса кыргызда
Карыздан да башы чыкпай калабы

Теребелде согот желдеп абасы
Кээн пейилдуу адам калбай барабы
Кыргызды деп жанын берген азамат
Качан келет кыргызга боор ачабы

Саран жандуу бизде эле ушулбу
Карызга деп тентип жургон дуруспу
Тук тушунбойм дале эмне себебин
Бирин бири коро албастык ушулбу

Кайра баштан ой тубуно тушомун
Кыргызды деп куйбогонго тутодум
Карыз алып канча жерден сагалап
Акча сурап баргандарга тутподум

Бири кетти аркасынан соз жетти
Албаса да алып кетти жеп кетти
Деген созду кууру айтып олтурган
Кыргыз учун куйбогонго соз эпи

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 17 Февраль 2013 - 13:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1340 Пользователь офлайн   Aelita.atambaeva   17 Февраль 2013 - 13:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 25 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Окт 2013 02:25

сиздерге чыгармачылык ийгилик каалаймын.абдан сонун ырлар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 41 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 41, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 19:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: