Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 77
  • 78
  • 79
  • 80
  • 81
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#1561 Пользователь офлайн   Aitunuk   17 Февраль 2014 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Зинакан Пасаңова

Сыркеч жамгыр

Жан билбеген жабык сырым ачуудай,
Жаап кирди жамгыр күчөп катуулап.
Жаанды сүйчү сенин айтып кабарың,
«Тырс-тырс» урат тереземди тамчылар.

Сен да тыңшап тургандыр деп шыбырын,
Жаным жыргап уктум жамгырдын ырын.
Көз ачырбай көнөктөгөн нөшөрдөй,
Менин да бар төгүп салаар көп сырым.

Уяң жаштык кимдин баштан өтпөгөн,
Ууз сезимдер ушул күнчө өчпөгөн.
Кыз каадасын улук коюп баарынан,
Күйдүм чокко күнөөсү жок өрттөнгөм.

Түнү бою шоокум салып тынбаган,
Жамгыр, жамгыр! Сүйүү ырын ырдаган…
Сүйүктүүмө жетпей калган мага окшоп,
Сенде дагы бар окшойбу бир арман.

Төкчү, жамгыр! Кумар канбай тыңшайын,
Мага өзүңдөй сыркеч болор ким дагын?
Сан жомогун бир өзүңө айткым бар,
жалгыз өткөн жарыгы жок жылдардын…
Сүйбөй өткөн жылуусу аз жылдардын…

Кышкы ойлор

Кыш чилдеси. Жааган улуу кар.
Жагат мага ушул тазалык.
Маанай күтүп кардай апаппак,
Жашагым бар дайым тазарып.

Барпайышат аппак гүлгө окшоп,
Бубак баскан түркүн дарактар.
Кар алдында калды көп ойлор,
Көкөйүмө тийип бараткан.

Турмушуң кур, кээде чилдедей,
Сөөктү тепчип ызгаар-бурганак.
Сылабады эч бир чекемден,
Сыноосунан өттүм бир далай.

Көңүлдө от, жеңет кыш суугун,
Кут төгүлгөн кезим. Көөнүм ток.
Медер тутаар жарым бар туруп,
Мүңкүрөөгө эч бир жөнүм жок.

Айың кеппи?! Эрөөн албаймын,
Өзүмдүн да суук сөзүм жок.
Ардактаарга турса балдарым,
Арман кылбайм. Ага жөнүм жок.

Жагат мага жааса улуу кар,
Жаш баладай малтап кечким бар.
Жан дүйнөмдү дайым жаңылап,
Жөпжөнөкөй жашап өткүм бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 17 Февраль 2014 - 15:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1562 Пользователь офлайн   Aitunuk   17 Февраль 2014 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Тилек

Башы көккө жете түшөт энеңдин,
«Багам,-десең, — Сизди колго көтөрүп».
Бар бол, уулум! Кудай берсин тилегиң,
Ошол күнгө аман-эсен жетелик.


Эр жигитке эне багуу кеп бекен,
Бир тиргилик өтөөр тоюп, ач калып.
Энем десең элге коргон болуп бер,
Ошол мени колго салып бакканың.


Калайык калк жүдөп турган кезинде,
Хан сарайда жашаганың эп дебейм.
Пейил күтүп, бей-бечараны жерисең,
Мен төрөгөн азамат уул Сен! дебейм.


«Майда эл» деген кирбе душман кебине,
Намысы курч, көк жал улуу бар журтуң.
«Кыргыз» деген атты бизге жеткирген,
Тилин сактап, жерин сактап үч миң жыл.


Ак калпакты алчыланта кий, уулум!
Мекен үчүн кош билекти түр, уулум,
Баба салты, бай мурасы коштогон,
Үч миң жылдык тарыхың бар, бил уулум!


Арыба, жүрөк!

Жүрөгүм кийинки кез ойго салат,
Бузулуп ыргагынан албуут кагат.
Акактай таза жашап өтөмүн деп,
Арытып алдым бекен, атаганат!


Ишенчээк мүнөз күтүп жаш баладай,
Бардыгын өздөй көрүүм эч калбады ай!
Айыпсыз шагым сынып, маанай чөксө
Жүрөгүм тилинди го далба –далба.


Бошоңмун кайгысына башкалардын,
Күйүтүн жоготуунун мен да тарттым:
Жүрөгүм көтөрө албай тең бөлүнүп,
Сөгүлүп миң жеринен кабыргамдын.


Эркиндик эңсеп туйлайт сезимдерим,
Эс-акыл кылалбастан кээде ээлик,
Эргисем… турмуш тороп жолдон чыгат,
Жүрөгүм эрксиз кайра кишенделип.


Жеңилби бир өмүрдүн жүгүн артыш,
Жешилээр акыры бир күн жүрөк байкуш.
Жайынча жашай албас мендей жанга,
Жүрөгүм, түтө билген сага алкыш!


Арыса арыгандыр солгун тартып,
А бирок, баары билет карыбасын.
Согуудан калганыңча бырыш түшпөй,
Сүйүүдөн танбай өткөн сага таазим!


З.Пасаңова. Сыркеч жамгыр. - Б., 2011.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1563 Пользователь офлайн   rnurzida   19 Февраль 2014 - 10:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Экообузго жетет деп сендеги махабатты
Суйом дедин, кыялын алыстарга бара жатты
А бирок, мен суйбоймун, суйо албаймын
Тушунчу, салбастан конулумо жаракатты.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1564 Пользователь офлайн   bul1men   21 Февраль 2014 - 18:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 16 Февраль 14
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Татарстан нижнекамск

Албина
Сен мага эркелеп
Турдун эле эртелеп
Таштадын карабай
Журоогумду эзгилеп

Ыйладым сыздадым
Сен артка кайтбадын
Журогум жаралап
Сен мени ыйлаттын

Билбедин конулум
Канчалык суйорум
Билбедин билбедин
Журоогум суйорун

Кантседа суйомун
Жаалындап куйомун
Суйумду сага арнап
Алыста журомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1565 Пользователь офлайн   bul1men   21 Февраль 2014 - 18:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 16 Февраль 14
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Татарстан нижнекамск

Албина
Сен мага эркелеп
Турдун эле эртелеп
Таштадын карабай
Журоогумду эзгилеп

Ыйладым сыздадым
Сен артка кайтбадын
Журогум жаралап
Сен мени ыйлаттын

Билбедин конулум
Канчалык суйорум
Билбедин билбедин
Журоогум суйорун

Кантседа суйомун
Жаалындап куйомун
Суйумду сага арнап
Алыста журомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1566 Пользователь офлайн   Nelli85   22 Февраль 2014 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 393
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2015 22:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Aitunuk (17 Февраль 2014 - 15:53) жазган:

Тилек

Башы көккө жете түшөт энеңдин,
«Багам,-десең, — Сизди колго көтөрүп».
Бар бол, уулум! Кудай берсин тилегиң,
Ошол күнгө аман-эсен жетелик.


Эр жигитке эне багуу кеп бекен,
Бир тиргилик өтөөр тоюп, ач калып.
Энем десең элге коргон болуп бер,
Ошол мени колго салып бакканың.


Калайык калк жүдөп турган кезинде,
Хан сарайда жашаганың эп дебейм.
Пейил күтүп, бей-бечараны жерисең,
Мен төрөгөн азамат уул Сен! дебейм.


«Майда эл» деген кирбе душман кебине,
Намысы курч, көк жал улуу бар журтуң.
«Кыргыз» деген атты бизге жеткирген,
Тилин сактап, жерин сактап үч миң жыл.


Ак калпакты алчыланта кий, уулум!
Мекен үчүн кош билекти түр, уулум,
Баба салты, бай мурасы коштогон,
Үч миң жылдык тарыхың бар, бил уулум!


Арыба, жүрөк!

Жүрөгүм кийинки кез ойго салат,
Бузулуп ыргагынан албуут кагат.
Акактай таза жашап өтөмүн деп,
Арытып алдым бекен, атаганат!


Ишенчээк мүнөз күтүп жаш баладай,
Бардыгын өздөй көрүүм эч калбады ай!
Айыпсыз шагым сынып, маанай чөксө
Жүрөгүм тилинди го далба –далба.


Бошоңмун кайгысына башкалардын,
Күйүтүн жоготуунун мен да тарттым:
Жүрөгүм көтөрө албай тең бөлүнүп,
Сөгүлүп миң жеринен кабыргамдын.


Эркиндик эңсеп туйлайт сезимдерим,
Эс-акыл кылалбастан кээде ээлик,
Эргисем… турмуш тороп жолдон чыгат,
Жүрөгүм эрксиз кайра кишенделип.


Жеңилби бир өмүрдүн жүгүн артыш,
Жешилээр акыры бир күн жүрөк байкуш.
Жайынча жашай албас мендей жанга,
Жүрөгүм, түтө билген сага алкыш!


Арыса арыгандыр солгун тартып,
А бирок, баары билет карыбасын.
Согуудан калганыңча бырыш түшпөй,
Сүйүүдөн танбай өткөн сага таазим!


З.Пасаңова. Сыркеч жамгыр. - Б., 2011.

Мына сага ыр эмес бекен а.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1567 Пользователь офлайн   erma_kg87   25 Февраль 2014 - 11:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2014 11:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ата сөзү
Кечирдим кейттим ардактап.
Үйрөттүм окуттум кастарлап.
Үйлөнттум, үй бөлдүм, эми уулум.
Бизди кой, өзүндү өзүн бак

Ойлорум жалгыз сен жөнүндө,
Ар дайым көрөөрмүн төрүңдө,
Атаңдан бөлүнсөң бөлүнгүн,
Элиңден жериңден бөлүнбө.

Жаштыка сүйүүгө берилбе,
Өзүңдү көйрөңдөй сездирбе,
Дүнүйөң жок болсо жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.

Басарсың тоолрдо түз жерде,
Бактылуу боло көр чоң жолдо,
Атанын Эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо!


автору: Атам Адиев Абдылдабек.


бир гана алдыга карай умтулуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1568 Пользователь офлайн   KARAGER   26 Февраль 2014 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 05 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2019 00:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БІШКЕК

Керсейип бой которбой журчу жаным.
Зыяны озуно эле тиет анын,
Кайрылып басып кетем учурашпай,
Алдымдан чыксан дагы ханышадай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1569 Пользователь офлайн   bul1men   13 Март 2014 - 00:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 16 Февраль 14
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Татарстан нижнекамск

Эртелеп жакшына суйлошуп кеч урушуп калган учурда

Сен мага эркелеп
Турдунго эртелеп
Таштадын карабай
Журогум эзгилеп

Ыйладым сыздадым
Сен артка кайтбадын
Журокту жаралап
Сен мени ыйлаттын

Билбедин конулум
Канчалык суйорум
Билбедин билбедин
Журоогум суйорун

Кантседа суйомун
Жалындап куйомун
Суйумду сага арнап
Алыста журомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1570 Пользователь офлайн   kammilla   19 Март 2014 - 00:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Суйбосон айла канча арга барбы?
Же мени суйгун дешип жалынабы?
Суйуу азыр эркиндикте дайыма...
Суйосун журогун тандаганды. .

Суйосун ошол кызды туболуко
Суйосун же жигитти омурлукко
Суйуп.суйуп суйгонуно жетпей калсан
Мына шондо арман болот омурундо..

Арман деп аттин неге жетпедим деп?
Атаганат неге мен жаралдым деп
Суйуп суйуп суйгонумо жетпесем мен
Эмне учун жашап журом дуйнодо деп

Куйосун копко чейин очо албай,
Алоолонуп , кызыл жалын куч алгандай
Айтасын куйутунду жан досуна
Кызыгын ошол кездин токпой чачпай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1571 Пользователь офлайн   kammilla   19 Март 2014 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Куз эле айлуу туну толукшуган
Жылдыздар кок асманды жоолук кылган
Керемет суйуу жанып козубуздон
Суйууго журогубуз толуп турган

Куз эле айлуу туну толукшуган
Момолор ша гын ийип болуп турган
Биздин да момобуздон шире чууруп
Журоктор ишенимдуу согуп турган

Куз эле айлуу туну толукшуган. .
Булактар кузгу сымал тонуп турган
Турмуштун таттал жолун бир бассын деп
Тагдырым сени мага жолуктурган!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1572 Пользователь офлайн   kammilla   19 Март 2014 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Оз кылганым оз башыма муш болду
Кантейин тагдыр мага кас болду!
Аячы ..бооруна кысып койчу...
Махабаттан журок ушуп..соолуду!


Болду эми тагдыр башка кыйнаба
Алайынчы бардык айткан тилинди..
Махабаттан ушунчалык конул калды..
Болду суйбойм..болду ойлобойм башка жанды.


Берсен деле оор туйшук кайгыны
Бербегинин махабаттын сезимин
Которомун башка бардык туйшукту
Койсон деле тушап колго кишенди..
Бир ган бербегинин ...махабатты. .
Анткени....ушунчалык конул калды.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1573 Пользователь офлайн   kammilla   19 Март 2014 - 03:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Жел сыласа жузундон жумшак гана
Менин назик Мээримим тушун ага!
Асманда учса оболоп жалгыз аккуу
Тоскоол жиреп жетпеген суйуум сага!


Жаз гулундо жоогазын жаны ачылса
Ар бир жазда ачылат суйуум сага
Кутуу менен откором жазды ..жайды
Куз келгенде саргаям жалбыракча!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1574 Пользователь офлайн   kammilla   19 Март 2014 - 03:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Кечирип кой,жаным кымбатым
Ардагымсын дайым сен менин !
Тынч алалбас тентек журоктун
Теренине катып келгемин!
Туболуктуу сенин энчине
тун суйуумду арнап бергемин!

Тунок алып озун журоктон
Туболуко орноп алгансын
Тук кетпестен менин оюмдан
Тушторумдо жашап калгансын!
Суйуу деген ыйык сезимди
Бир озуно арнап бергемин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1575 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Март 2014 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"журок сыры.. " темасы менен бириктирилди.
kammilla, ырларыңызды ушул темага жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1576 Пользователь офлайн   momi   20 Март 2014 - 02:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2017 21:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Онукту деп айткан менен заманды, Пюлусунан минусу коп тарады, айткылачы кандай укмуш озгортуп, Ташбоор кылып коё салды адамды, Ылгабайбыз жакшыны да жаманды,карабайбыз алга койор кадамды, табалбайбыз ким куноолуу экенин,акырында куноолойбуз заманды.02:03Бир адамга жылуу соз кайтарып койуу дегеле биз жаштар учун олум, бир кичине иш буюрса каарылар кылбаймын деп намыстанып качабыз, Мээнет Менен ата энебиз тапканды кор кылабыз барктабастан чачабыз, клубтарга кафе барга барабыз,арак пиво баарын бирдей басабыз, кумар ойноп женилебиз женебиз, акырында карызга мол батабыз. Мейли кылса,кыла берсин башкасы, бирок мунун кылган эмес кылмак да эмес,биздин ата бабабыз, Токтотпостон туурай берсек батышты. МалдаКАЙ максатта жашаганын тушунбой, Азыр жаштар онундо да тушундой,Ойгоно албай уйку сурап журушот, Ойгонгун деп тургузганды согунмой,Биз жаштарды жумшаса шарт качабыз, Ишим коп деп жалган айтып шашабыз,Эмгек кылып же бир ишти жарытпай, Жалкоолонуп жамбаштап биз жатабыз.Ата- эненин ак эмгегин чачабыз , Клубтарга кафе барга барабыз,Оюн ойноп шайтан менен дос болуп,Арак пиво баарын бирдей басабыз, Адам бол деп айтса апа атабыз, Турчу ары деп копол айтып качабыз,Токтолбостон кете берсек ушинтип , Адам деген аттан чыгып калабыз,Мына бизда каарылыка барабыз,ДАл ошондо куруйт биздин чамабыз,ПАйдасыз бир жон откоргон жаштыкты, Биз ошондо кайдан кантип алабыз????????? ??????? Автор МОЛМОЛ Мидиновна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1577 Пользователь офлайн   momi   20 Март 2014 - 02:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2017 21:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

КАЙ максатта жашаганын тушунбой, Азыр жаштар онундо да тушундой,Ойгоно албай уйку сурап журушот, Ойгонгун деп тургузганды согунмой,Биз жаштарды жумшаса шарт качабыз, Ишим коп деп жалган айтып шашабыз,Эмгек кылып же бир ишти жарытпай, Жалкоолонуп жамбаштап биз жатабыз.Ата- эненин ак эмгегин чачабыз , Клубтарга кафе барга барабыз,Оюн ойноп шайтан менен дос болуп,Арак пиво баарын бирдей басабыз, Адам бол деп айтса апа атабыз, Турчу ары деп копол айтып качабыз,Токтолбостон кете берсек ушинтип , Адам деген аттан чыгып калабыз,Мына бизда каарылыка барабыз,ДАл ошондо куруйт биздин чамабыз,ПАйдасыз бир жон откоргон жаштыкты, Биз ошондо кайдан кантип алабыз??КАЙ максатта жашаганын тушунбой, Азыр жаштар онундо да тушундой,Ойгоно албай уйку сурап журушот, Ойгонгун деп тургузганды согунмой,Биз жаштарды жумшаса шарт качабыз, Ишим коп деп жалган айтып шашабыз,Эмгек кылып же бир ишти жарытпай, Жалкоолонуп жамбаштап биз жатабыз.Ата- эненин ак эмгегин чачабыз , Клубтарга кафе барга барабыз,Оюн ойноп шайтан менен дос болуп,Арак пиво баарын бирдей басабыз, Адам бол деп айтса апа атабыз, Турчу ары деп копол айтып качабыз,Токтолбостон кете берсек ушинтип , Адам деген аттан чыгып калабыз,Мына бизда каарылыка барабыз,ДАл ошондо куруйт биздин чамабыз,ПАйдасыз бир жон откоргон жаштыкты, Биз ошондо кайдан кантип алабыз????????? ??????? Автор МОЛМОЛ Мидиновна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1578 Пользователь офлайн   kammilla   22 Март 2014 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Сен мага азап болдун которо алгыс!
Коонорбос..журогумдон очуро алгыс..
Кай жактан келдин эле кабар айтпай?
Кай жака кетип калдын таштап жалгыз....?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1579 Пользователь офлайн   armanyn   23 Март 2014 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 103
  • Катталган: 07 Март 14
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2020 21:21
  • Жынысы:Эркек

Сен келесин бурала басып
Менден озунду алып качып
Суйомун сендей сулуун
Журогум сенсин кундогу
Как
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1580 Пользователь офлайн   KUMU89   23 Март 2014 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 25 Июл 2025 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Таарындын айтчы эмнеге?
Талапкер мендей пендеге.
Табышмак сырдуу таарынчак ай,
Тагдырым сенден кем беле,?Сүрөт
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 77
  • 78
  • 79
  • 80
  • 81
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 21:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: