сени коруу омурдо мага бакыт ,
алыстасан сагынам санаа тартып .
сагындырбай бир болчу жароокерим ,
откоролу омурдун балын татып . .
*****************
журдук эле бир кезде жетелешип ,
эстен чыкпайт откон кун эркелешип.
унутпагын ар убакта сагынамын ,
ойлорум сананааларым менин жаным
Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#1702 20 Ноябрь 2014 - 20:31
Капкайдагы таарынычтар сендеги
Караңгыга сиңип такыр кетпеди
Жыйрыласың жакындасам жаныңа
Жылмайууңда көздөрүңө сиңбеди
Кайталайсың чын дилиңден абайлай
Каалаганым сизсиз го деп кайталай
Жүзүң жаркып турса дагы коздөруң
Жүрөт дале бир нерсени айталбай...
Караңгыга сиңип такыр кетпеди
Жыйрыласың жакындасам жаныңа
Жылмайууңда көздөрүңө сиңбеди
Кайталайсың чын дилиңден абайлай
Каалаганым сизсиз го деп кайталай
Жүзүң жаркып турса дагы коздөруң
Жүрөт дале бир нерсени айталбай...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#1703 21 Ноябрь 2014 - 15:44
Ааламда апа деген эн ыйык зат,
Апакемди коргум келип,коздон жашым куюлат.
Санаа чегип алыс жерде,же жеталбай озуно,
Апакелеп жан дуйномдо аялуу ун жанырат...
Апакемди коргум келип,коздон жашым куюлат.
Санаа чегип алыс жерде,же жеталбай озуно,
Апакелеп жан дуйномдо аялуу ун жанырат...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#1705 10 Декабрь 2014 - 18:20
Жаралгансып бир сизден бул ааламым,
Жан дуйномдо жазыксыз убарамын.
Унулгонум телефон жалгыз болмо,
Умут берип чалбанызчы суранамын.
Бычактан курч болмо да отумунуз,
Бугун баарын унутуп очурунуз.
Кур кыялды эррчиген акылсызмын.
Кудай учун анымды кечириниз,
Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жонойм,
Калбайын деп сезимимди башкара албай.
Ашык жанга баардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм кудайдан сиз жонундо,
Эрким жетсе экен деп унутууга.
Кундо тилейм кудайдан сиз жонундо,
Кучум жетсе экен деп унутууга...
Жан дуйномдо жазыксыз убарамын.
Унулгонум телефон жалгыз болмо,
Умут берип чалбанызчы суранамын.
Бычактан курч болмо да отумунуз,
Бугун баарын унутуп очурунуз.
Кур кыялды эррчиген акылсызмын.
Кудай учун анымды кечириниз,
Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жонойм,
Калбайын деп сезимимди башкара албай.
Ашык жанга баардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм кудайдан сиз жонундо,
Эрким жетсе экен деп унутууга.
Кундо тилейм кудайдан сиз жонундо,
Кучум жетсе экен деп унутууга...
#1706 10 Декабрь 2014 - 18:24
Махабатты терен колго тенедим,
Уруксат бер терендигин коройун.
Чогуп кетсем оз убалыма озумо.
Колдон мени тартып алгын дейин..
Уруксат бер терендигин коройун.
Чогуп кетсем оз убалыма озумо.
Колдон мени тартып алгын дейин..
#1707 11 Декабрь 2014 - 14:19
Кошуна кыз маратып
Кой айдайсын кыр ашып
Айай жузун келишкен а
О алтыным мен ашык
Кой айдайсын кыр ашып
Айай жузун келишкен а
О алтыным мен ашык
#1708 11 Декабрь 2014 - 14:32
Сага арнадым аруу тилек,ырларды,
А сен айттың ичиңдеги сырларды,
Берчи дедиң мага сунгун колуңду,
Чогуу ашалы тээ бозоргон кырларды.
Чертким келди жүрөктөгү кылдарды,
Чоң сезимди куткөм эчен жылдары,
Тамчы сымал жерге сиңип жок болгон,
Деги айтчы, бул сүйүүдө чын барбы..
А сен айттың ичиңдеги сырларды,
Берчи дедиң мага сунгун колуңду,
Чогуу ашалы тээ бозоргон кырларды.
Чертким келди жүрөктөгү кылдарды,
Чоң сезимди куткөм эчен жылдары,
Тамчы сымал жерге сиңип жок болгон,
Деги айтчы, бул сүйүүдө чын барбы..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1709 11 Декабрь 2014 - 14:37
Жүрөгүм алга карай кадам коет,
А акыл буттан ала аны торойт,
Башымды кимисине ийемин деп,
Көзүмө буурчак сымал жаштар толот.
Кечирчи эрөөн албай мен кокустан,
Сезимиңди тебелеп мен оорутсам,
Акылбы , жүрөгүмбү айтоор билбейм,
Кимисине жол берип, мен болушсам..
А акыл буттан ала аны торойт,
Башымды кимисине ийемин деп,
Көзүмө буурчак сымал жаштар толот.
Кечирчи эрөөн албай мен кокустан,
Сезимиңди тебелеп мен оорутсам,
Акылбы , жүрөгүмбү айтоор билбейм,
Кимисине жол берип, мен болушсам..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1710 11 Декабрь 2014 - 14:40
Кыйнабайлы сезимди...
”Унуталбайм„- сен жер карап суйлөдуң,
Журөк сыздап, бир жылмайып кулбөдуң,
Тушунөмун, бирок мени кыйнаба,
Мен да сени унуталбай журөмун
Сезим алсыз куйуп кетип журбөсун,
Душмандарым мени карап кулбөсун,
Кыйнабачы, журөк кургур дирилдейт,
Тарс жарылып кетпесинчи тундөсу.
Таарынбачы, ой бөлушчу, ундөчу,
Асыл жансың, жалгыз өмур сурбөчу,
Унутууга сөзуң бергин сен мага,
Сендей жандын болсун жакшы булөөсу.
”Унуталбайм„- сен жер карап суйлөдуң,
Журөк сыздап, бир жылмайып кулбөдуң,
Тушунөмун, бирок мени кыйнаба,
Мен да сени унуталбай журөмун
Сезим алсыз куйуп кетип журбөсун,
Душмандарым мени карап кулбөсун,
Кыйнабачы, журөк кургур дирилдейт,
Тарс жарылып кетпесинчи тундөсу.
Таарынбачы, ой бөлушчу, ундөчу,
Асыл жансың, жалгыз өмур сурбөчу,
Унутууга сөзуң бергин сен мага,
Сендей жандын болсун жакшы булөөсу.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1711 11 Декабрь 2014 - 14:48
Чалбачы, жүрөгүмдү бөлүнтпөчү,
Араң турган сезимимди өйүтпөчү,
Эстетпе, эстебейин ал күндөрдү,
Ыйлатып, көз жашыма чөмүлтпөчү. ..
Татыксыз жан экениң эми сездим,
Ак сүйүүмө журөгүмдүн төрүндөгү..
Араң турган сезимимди өйүтпөчү,
Эстетпе, эстебейин ал күндөрдү,
Ыйлатып, көз жашыма чөмүлтпөчү. ..
Татыксыз жан экениң эми сездим,
Ак сүйүүмө журөгүмдүн төрүндөгү..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1712 11 Декабрь 2014 - 14:55
С
үйгүм келди...
Чумадай каптап кеткен бүткүл жерди,
Ысык, муздак, оор болсо да сезгим келди,
Сырдашып, жетелешип тээ алыска,
Суйүү менен дүйнө кезип кетким келди.
Жүрөктүн илебинен мен тайсалдап,
Билбедим, тузу корбу, балким кемби,
Түбөлүк болооруна шек санабай,
Таштадым кадамымды, тартып демди.
Жактырып, сени дайым сүйгүм келди,
Ал сезимди жүрөгүмө түйгүм келди,
Сүйүүнүн алоолонгон чоң отуна,
Эч ойлонбой сени менен күйгүм келди.
Издешкен пенделерге бак берем деп,
Жаратканым табыштырды сени-мени,
Тагдырдын таттуу гана даамын татып,
Бололу жетелешкен Мажнун-Лейли ...
Чумадай каптап кеткен бүткүл жерди,
Ысык, муздак, оор болсо да сезгим келди,
Сырдашып, жетелешип тээ алыска,
Суйүү менен дүйнө кезип кетким келди.
Жүрөктүн илебинен мен тайсалдап,
Билбедим, тузу корбу, балким кемби,
Түбөлүк болооруна шек санабай,
Таштадым кадамымды, тартып демди.
Жактырып, сени дайым сүйгүм келди,
Ал сезимди жүрөгүмө түйгүм келди,
Сүйүүнүн алоолонгон чоң отуна,
Эч ойлонбой сени менен күйгүм келди.
Издешкен пенделерге бак берем деп,
Жаратканым табыштырды сени-мени,
Тагдырдын таттуу гана даамын татып,
Бололу жетелешкен Мажнун-Лейли ...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1713 11 Декабрь 2014 - 15:04
Айта корбо жалганды.
Оорутпачы көңулүмду аячы,
Болбосунчу жүрөгүмдө жамаачы.
Андан көрө сага деген сезимди,
Учурбастан, бек колуңа кармачы.
Катуу айтып, жаман жолго барбачы,
Мага таттуу сөздөруңду арначы.
Журөктөгу шыбыртыңды бөлушкун,
Көңул учун болбо, бирок алдамчы.
Эки журөк болсун бизге жардамчы
Суйөмун деп айтчы мага жалбарчы.
Журөгумду сага тартуу этейин,
Суйуу айдап болчу жаным багбанчы,
Суйөөруңду бирок эгер сезбесең,
Бекер айтып болбо мага жалганчы.
Оорутпачы көңулүмду аячы,
Болбосунчу жүрөгүмдө жамаачы.
Андан көрө сага деген сезимди,
Учурбастан, бек колуңа кармачы.
Катуу айтып, жаман жолго барбачы,
Мага таттуу сөздөруңду арначы.
Журөктөгу шыбыртыңды бөлушкун,
Көңул учун болбо, бирок алдамчы.
Эки журөк болсун бизге жардамчы
Суйөмун деп айтчы мага жалбарчы.
Журөгумду сага тартуу этейин,
Суйуу айдап болчу жаным багбанчы,
Суйөөруңду бирок эгер сезбесең,
Бекер айтып болбо мага жалганчы.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1714 11 Декабрь 2014 - 15:20
Сен болдуң көлөкөдөй ээрчип алган,
Шам болуп караңгыда куйүп-жанган,
Жүрөгүм сезимиңе суусап калса,
Кароодон бир өзүңдү чаңкоом канган.
Сен болдуң нурун чачып аткан таңым,
Жашоомо дем-күч болгон сенсиң жаным,
Дүйнөдөн өз ордуңду таштап кетсең,
Жүрөккө жетпей токтоор менин каным...
Шам болуп караңгыда куйүп-жанган,
Жүрөгүм сезимиңе суусап калса,
Кароодон бир өзүңдү чаңкоом канган.
Сен болдуң нурун чачып аткан таңым,
Жашоомо дем-күч болгон сенсиң жаным,
Дүйнөдөн өз ордуңду таштап кетсең,
Жүрөккө жетпей токтоор менин каным...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1715 11 Декабрь 2014 - 15:43
Кеч жолуктук, демек буйрук болбоптур,
Келечекти кимдер гана болжоптур,
Капаланбайм күчүм жетет баарына,
Көп турса да жүрөк кургур тоңбоптур.
Келечекти кимдер гана болжоптур,
Капаланбайм күчүм жетет баарына,
Көп турса да жүрөк кургур тоңбоптур.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1716 11 Декабрь 2014 - 15:56
керемет создор
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#1718 11 Декабрь 2014 - 16:11
Кокусунан жолукканбыз эсимде,
Бурганактар тушкөн эле сезимге,
Журөк токтоп калаарына аз калган,
Көздөр көзгө чагылышкан кезинде.
............
Кыйнадың го сезимге бүлүк салып,
Тыным албай телефон күндө чалып,
Ал ансайын үнүңдү укканымда,
Жүрөк болк дейт, дүрт эте оттой жанып.
............... ....
Ойлодуң бекен жүрөккө отту жакканда,
Сагынаарымды дайыма жылдыз батканда,
Жолуксам деген тилегим турат күчүндө,
Жаркырап таңда күн нурун жерге чачканда.
Бурганактар тушкөн эле сезимге,
Журөк токтоп калаарына аз калган,
Көздөр көзгө чагылышкан кезинде.
............
Кыйнадың го сезимге бүлүк салып,
Тыным албай телефон күндө чалып,
Ал ансайын үнүңдү укканымда,
Жүрөк болк дейт, дүрт эте оттой жанып.
............... ....
Ойлодуң бекен жүрөккө отту жакканда,
Сагынаарымды дайыма жылдыз батканда,
Жолуксам деген тилегим турат күчүндө,
Жаркырап таңда күн нурун жерге чачканда.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1719 12 Декабрь 2014 - 10:51
......................
......................
......................
.
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
,.................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... .
..................... ...................... .......................
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
,.................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... ..
..................... ...................... ...................... .
..................... ...................... .......................
#1720 12 Декабрь 2014 - 11:40
Ашыксың кимге, айтчы мен билип алайын,
Мага берчи деп, суранып ага барайын,
Ашыксың кимге,билдирчи анын кабарын,
Ким болду экен сылаган сенин саамайың..
************************************
Мага берчи деп, суранып ага барайын,
Ашыксың кимге,билдирчи анын кабарын,
Ким болду экен сылаган сенин саамайың..
************************************
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия