Сенин мөлтүр көздөрүң,
Эркелеп бир күлгөнүң.
Жаныма кубат берээр,
Сүйөм деген сөздөрүң.
Сенсиз бул өмүрдө,
Жалгыздыкка кабылам,
Булут каптап көңүлдө,
Жандүйнөм муңга багынам.
Сенсиз караңгы күнүм,
Ызгаардуу салкын түнүм.
Суусуз калган чөлдөгү,
Шыбыраар алсыз үнүм.
Катуу сүйлөп талаштык,
Неге мынча таймаштык.
Кызганычтан таарынып,
Түшүнүшпөй адаштык.
Сенсиң менин барым да,
Бакытым да, багым да.
Алыстаба жанымдан,
Мага кымбат сен гана.
Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#2202 02 Ноябрь 2018 - 23:23
Токтобой төгүп жатса күндө жамгыр,
Томсоруп илхом кармап бир сап ыр.
Оюмду жалгыз гана сен жебелеп,
Оорудум кусалыктан сынап тагдыр.
Жылытпады назарлары канчалардын,
Жылмайып, ал өзүмдү алдаганым.
Сезимиң тоңуп турса чымырап,
Сенсиз кереги барбы жыргаганым?
Билбейм, кечиктиби махабат,
Балким, сен да мен дедиңби?!
Арналбай арзуум калды эрксиз,
Арманда ичтен сызып кетемби?
Томсоруп илхом кармап бир сап ыр.
Оюмду жалгыз гана сен жебелеп,
Оорудум кусалыктан сынап тагдыр.
Жылытпады назарлары канчалардын,
Жылмайып, ал өзүмдү алдаганым.
Сезимиң тоңуп турса чымырап,
Сенсиз кереги барбы жыргаганым?
Билбейм, кечиктиби махабат,
Балким, сен да мен дедиңби?!
Арналбай арзуум калды эрксиз,
Арманда ичтен сызып кетемби?
#2203 25 Январь 2019 - 15:00
Сезимдер кайра ойгонуп
Өткөн күндөр эске түштү козголуп
Айткан элең сүйөмүн деп сени гана
Сүйбөймүн сенден башка бир жанды деп
Жүрөккө так калтырып кетиптирсиң
Жүрөктүн жаратын канатып жүргөндүрсүң
Жүрөсүң башка жандын кучагында
Жалган айтып аны да сүйөмүн деп
Сүйүү деген кандай тунук кандай таза
Ошол сүйүү кээ бирөөнө оңой нерсе
Бири чындап тек гана бирди сүйөт
Бири алдап баш айлантып көптү сүйөт
Бири сүйөт жүрөк мн түбөлүкө болсок деп
Бири сүйөт капчык карап байлык самап
Ошолордун бири болдуң сен дагы
Кызыгып акчанын көптүгүнө
Кете бердиң колтукташып аны менен
Өмүрлүк жолдош кылып жаныңа
Бакытыңды байлыкка сен тепсетип
Ак сүйүүнү кечип кеттин алданып
Сүйүүңдү акчага сен алмаштырып
Кеттиң эми мени чанып башкага
2018-ж
Өткөн күндөр эске түштү козголуп
Айткан элең сүйөмүн деп сени гана
Сүйбөймүн сенден башка бир жанды деп
Жүрөккө так калтырып кетиптирсиң
Жүрөктүн жаратын канатып жүргөндүрсүң
Жүрөсүң башка жандын кучагында
Жалган айтып аны да сүйөмүн деп
Сүйүү деген кандай тунук кандай таза
Ошол сүйүү кээ бирөөнө оңой нерсе
Бири чындап тек гана бирди сүйөт
Бири алдап баш айлантып көптү сүйөт
Бири сүйөт жүрөк мн түбөлүкө болсок деп
Бири сүйөт капчык карап байлык самап
Ошолордун бири болдуң сен дагы
Кызыгып акчанын көптүгүнө
Кете бердиң колтукташып аны менен
Өмүрлүк жолдош кылып жаныңа
Бакытыңды байлыкка сен тепсетип
Ак сүйүүнү кечип кеттин алданып
Сүйүүңдү акчага сен алмаштырып
Кеттиң эми мени чанып башкага
2018-ж
#2204 25 Январь 2019 - 15:09
"Жазбай калдың"
Жазбай калдың мурдагыдай үйрүлүп
Жаман ойду бир заматта бүлдүрүп
Нуруң чачып башкаларга байкатпай
Алдың бекен адатыңча сүйдүрүп
Чалбай калдың мурдагыдай каткырып
Калдың бекен жат адамды жактырып
Жүрөгүмдө өзүң гана дечүү элең
Алдың бекен аны дагы баткырып
Ушу ырым жүрөгүмө жакында негедир))
Жазбай калдың мурдагыдай үйрүлүп
Жаман ойду бир заматта бүлдүрүп
Нуруң чачып башкаларга байкатпай
Алдың бекен адатыңча сүйдүрүп
Чалбай калдың мурдагыдай каткырып
Калдың бекен жат адамды жактырып
Жүрөгүмдө өзүң гана дечүү элең
Алдың бекен аны дагы баткырып
Ушу ырым жүрөгүмө жакында негедир))
#2205 25 Январь 2019 - 16:48
Ашык болуп бир сулуунун көзүнө
Көргүм келип куса болдум өзүнө
Алоолонгон махабатка кабылып
Махабаттын отуна мен күйүп турам
Тутандырдың өчүп калган сүйүү шамын
Шам чырактай жанып турат менин сүйүүм
Өзүңсүз өтпөй калган менин күнүм
Жүрөгүм да самап турат өзүңдү
Уйкусуз узун түндө уктай албай
Уккум келип үнүңдү мен кайра кайра
Сагынып баргым келип жаныңа
Сезимдерим самап турат өзүңдү
Көргүм келип куса болдум өзүнө
Алоолонгон махабатка кабылып
Махабаттын отуна мен күйүп турам
Тутандырдың өчүп калган сүйүү шамын
Шам чырактай жанып турат менин сүйүүм
Өзүңсүз өтпөй калган менин күнүм
Жүрөгүм да самап турат өзүңдү
Уйкусуз узун түндө уктай албай
Уккум келип үнүңдү мен кайра кайра
Сагынып баргым келип жаныңа
Сезимдерим самап турат өзүңдү
#2206 25 Январь 2019 - 16:51
Элесин көз алдыма тартылганда
Жүрөгүм сыздап кетет
Көзүмдөн жашым тамып
Ишенип өзүңө мен жүргөн экем
Күтөм деген жалган сенин сөздөрүңө
Суйүүмдү тепседиңби Алмаштырып
Баркыма жетпедиңби Сагындырып
Сезимге ойноп кеттиң багындырып
Сен мени түшүнө албай кеттиң чанып
Ким мн болсон дагы бакыт каалайм
Коштошуу катым болсун ушул ырым
Унутпай эстей жүргүн тез тез мени!
Жүрөгүм сыздап кетет
Көзүмдөн жашым тамып
Ишенип өзүңө мен жүргөн экем
Күтөм деген жалган сенин сөздөрүңө
Суйүүмдү тепседиңби Алмаштырып
Баркыма жетпедиңби Сагындырып
Сезимге ойноп кеттиң багындырып
Сен мени түшүнө албай кеттиң чанып
Ким мн болсон дагы бакыт каалайм
Коштошуу катым болсун ушул ырым
Унутпай эстей жүргүн тез тез мени!
#2207 26 Январь 2019 - 01:07
Сүрөтүң көзгө көрүнөт
Санаам ар тарап бөлүнөт
Сагынып жылуу сөзүңдү
Сен үчүн ырлар төгүлөт
Оорудум сен деп сүйүүгө
Ойлонуп сени күнүнө
Ого бетер мас болом
Оозуңдан чыккан үнүңө
Канткенде сага жетемин
Кайда мен байкуш кетемин
Карап койсоң болбойбу
Кимге мен өзү тетемин
Санаам ар тарап бөлүнөт
Сагынып жылуу сөзүңдү
Сен үчүн ырлар төгүлөт
Оорудум сен деп сүйүүгө
Ойлонуп сени күнүнө
Ого бетер мас болом
Оозуңдан чыккан үнүңө
Канткенде сага жетемин
Кайда мен байкуш кетемин
Карап койсоң болбойбу
Кимге мен өзү тетемин
#2208 28 Январь 2019 - 01:53
Сени кутом,
Умут шамы
Турса дагы улбуроп,
Сезимдерге,
Муздак бороон куркуроп,
Шаркыраган,
жаандай болуп дуркуроп,
Куто берем,
Келет го деп улгуруп,
Суранамын,
Кечикпечи каралдым,
Бул дуйного,
Суйуу учун жаралдым,
Кечикпечи,
Жетип келчи улгуруп,
Кала электе аруу тилек узулуп..
Умут шамы
Турса дагы улбуроп,
Сезимдерге,
Муздак бороон куркуроп,
Шаркыраган,
жаандай болуп дуркуроп,
Куто берем,
Келет го деп улгуруп,
Суранамын,
Кечикпечи каралдым,
Бул дуйного,
Суйуу учун жаралдым,
Кечикпечи,
Жетип келчи улгуруп,
Кала электе аруу тилек узулуп..
#2209 15 Февраль 2019 - 04:20
Кана эркек, намыс болсо өзүңдө?!
Көңүл буруп, түшүнөрсүң сөзүмө.
"Алдап койдум тигил кызды" - дебечи,
Карындашың, эжең бардыр өзүңдө.
Азыр заман наалат болуп турабы?
Бузулду деп айтат балдар кыздарды.
Аны бузган, акыл айтпай алдашкан,
Алар кимдер? Ошол эле балдарбы?
Ойлоп көрчү, кенен ойго токтолуп,
Кетпейбизби, эртең Кыргыз жок болуп?
Карындашың, эжең сага ким болот?
Каалайсыңбы, жүргөндүгүн кордолуп?
Жок! Акмаксың! Далай кызды алдайсың,
Кечиргин деп айдап жолго саласың.
Анан эртең үйлөнөм деп кыз издеп,
"Таза кыз жок, ишенбеймин" -деп айтасың.
Көңүл буруп, түшүнөрсүң сөзүмө.
"Алдап койдум тигил кызды" - дебечи,
Карындашың, эжең бардыр өзүңдө.
Азыр заман наалат болуп турабы?
Бузулду деп айтат балдар кыздарды.
Аны бузган, акыл айтпай алдашкан,
Алар кимдер? Ошол эле балдарбы?
Ойлоп көрчү, кенен ойго токтолуп,
Кетпейбизби, эртең Кыргыз жок болуп?
Карындашың, эжең сага ким болот?
Каалайсыңбы, жүргөндүгүн кордолуп?
Жок! Акмаксың! Далай кызды алдайсың,
Кечиргин деп айдап жолго саласың.
Анан эртең үйлөнөм деп кыз издеп,
"Таза кыз жок, ишенбеймин" -деп айтасың.
happiness
#2210 15 Февраль 2019 - 11:06
САПАР АЛДЫНДА
Бул али азырынча эч нерсе эмес:
Убактылуу токтоп туруум атырылбай,
Көрүнбөөм азырынча басмалардан,
Укпооң менин ысмыма айтылган мактоолорду,
оозунан башкалардын.
Бул али азырынча эч нерсе эмес.
Дептердеги кол жазма ырларымды,
Майда гүлдүү көйнөкчөн ак келиндин
аппак, узун манжалары машинкага баспаганы,
Алиге эч болбосо кутучада
алакандай китебимдин чыкпаганы,
Жазды күткөн ойлорумдун асмандабай
аюудай ченге кирип уктаганы,
мунун баары азырынча эч нерсе эмес.
Түбү тешик чакадай калдыр-кулдур
атак-даңктар түшүмө киргени жок.
(Редакторлор токтоосуз чыгарышмак! ...)
Толкундоосуз Ленин деп, партия деп,
Мажирөө саптар тизип, ырлар жазып,
гезиттерге бергеним жок.
Шүгүр, угам, көрөм, туя аламын:
Асман айрып, чагылган чартылдашын,
Күндүн нурун териме тийип турган,
Булбул үнүн, карганын каркылдашын,
Үйүр-үйүр жылкынын дүбүрттөрүн,
Нерселердин куник жана сулуулугун,
Тун кызымдын бытыгый манжаларын,
Денесинен тирүүлүк жылуулугун,
Шүгүр, угам, көрөм, туя аламын.
Демек, булар азырынча эч нерсе эмес.
Мынакей жаз жамгыры тамчылады
бетиме, жалбыракка, тамдардын чатырына.
Узак жолго жамгырда чыкмай болдум...
Балким, биз жолугарбыз кайрадан далы тартып,
Эмесе көрүшкөнчө кош бол, досум!
Бул али азырынча эч нерсе эмес:
Убактылуу токтоп туруум атырылбай,
Көрүнбөөм азырынча басмалардан,
Укпооң менин ысмыма айтылган мактоолорду,
оозунан башкалардын.
Бул али азырынча эч нерсе эмес.
Дептердеги кол жазма ырларымды,
Майда гүлдүү көйнөкчөн ак келиндин
аппак, узун манжалары машинкага баспаганы,
Алиге эч болбосо кутучада
алакандай китебимдин чыкпаганы,
Жазды күткөн ойлорумдун асмандабай
аюудай ченге кирип уктаганы,
мунун баары азырынча эч нерсе эмес.
Түбү тешик чакадай калдыр-кулдур
атак-даңктар түшүмө киргени жок.
(Редакторлор токтоосуз чыгарышмак! ...)
Толкундоосуз Ленин деп, партия деп,
Мажирөө саптар тизип, ырлар жазып,
гезиттерге бергеним жок.
Шүгүр, угам, көрөм, туя аламын:
Асман айрып, чагылган чартылдашын,
Күндүн нурун териме тийип турган,
Булбул үнүн, карганын каркылдашын,
Үйүр-үйүр жылкынын дүбүрттөрүн,
Нерселердин куник жана сулуулугун,
Тун кызымдын бытыгый манжаларын,
Денесинен тирүүлүк жылуулугун,
Шүгүр, угам, көрөм, туя аламын.
Демек, булар азырынча эч нерсе эмес.
Мынакей жаз жамгыры тамчылады
бетиме, жалбыракка, тамдардын чатырына.
Узак жолго жамгырда чыкмай болдум...
Балким, биз жолугарбыз кайрадан далы тартып,
Эмесе көрүшкөнчө кош бол, досум!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2211 15 Февраль 2019 - 11:12
КЕЗИГҮҮ АЗАБЫ
Карлуу кыштын түшүнө жаз киргенсип,
Кайдан чыга калдың сен бет алдыман?
Көрдүм дагы теңселдим мас жүргөнсүп,
Көчүп турду чайпалып жер астыман.
Как маңдайга күн нуру тийген сымал,
Карай албай жумулду каректерим.
Муңдун баарын бүт куюп ийген сыңар,
Муундарым бошошуп барат менин...
Көңтөрүлүп бул дүйнө айлан-көчөк,
Көк асман, жер биригип калгансыды.
Аппак тоолор жылууда... кайда көчөт?
Аралашты ааламдын жалган, чыны...
Ушул сенби? Чын эле ушул – сен, же...
Ушум кетип, акылдан азып турам.
Өзүм билбей бар-жогум ушул демде,
Өчүрөмүн бул ырды, жазып улам...
Кайгы менен кубаныч кайчы дечи.
Кайгы тарткан азабым аз билгенсип,
Кайдан кайра жолуктуң, айтчы деги,
Карлуу кыштын түшүнө жаз киргенсип?..
Карлуу кыштын түшүнө жаз киргенсип,
Кайдан чыга калдың сен бет алдыман?
Көрдүм дагы теңселдим мас жүргөнсүп,
Көчүп турду чайпалып жер астыман.
Как маңдайга күн нуру тийген сымал,
Карай албай жумулду каректерим.
Муңдун баарын бүт куюп ийген сыңар,
Муундарым бошошуп барат менин...
Көңтөрүлүп бул дүйнө айлан-көчөк,
Көк асман, жер биригип калгансыды.
Аппак тоолор жылууда... кайда көчөт?
Аралашты ааламдын жалган, чыны...
Ушул сенби? Чын эле ушул – сен, же...
Ушум кетип, акылдан азып турам.
Өзүм билбей бар-жогум ушул демде,
Өчүрөмүн бул ырды, жазып улам...
Кайгы менен кубаныч кайчы дечи.
Кайгы тарткан азабым аз билгенсип,
Кайдан кайра жолуктуң, айтчы деги,
Карлуу кыштын түшүнө жаз киргенсип?..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2212 25 Февраль 2019 - 21:36
Жаралдын бул дүйнөгө адам болуп.
Жараткандын сынагына кабылып.
Жашоо үчүн тырышасын талпынып.
Жашайсын эл катары адам болуп.
Турмуш куруп өзүнчө бүлөө күтүп.
Турмуштун узак жолун басып өтүп.
Тагдырдын татаалдыгына карабай,
Тирүүлүктө жашайсын өмүр сүрүп.
Адамдын тирүүсүндө баркын билип.
Өткөндө өкүнбөйлү бармак тиштеп.
Өмүрдү адам затка ченеп берген.
Ким билиптир кайсы күнү кайсы убакта,
Качан адам бул дүйнөдөн кайып болот.
Ошондуктан баалап билгин колундагы,
Баалуу каухар,жакут алтын байлыкты.
Жараткандын сынагына кабылып.
Жашоо үчүн тырышасын талпынып.
Жашайсын эл катары адам болуп.
Турмуш куруп өзүнчө бүлөө күтүп.
Турмуштун узак жолун басып өтүп.
Тагдырдын татаалдыгына карабай,
Тирүүлүктө жашайсын өмүр сүрүп.
Адамдын тирүүсүндө баркын билип.
Өткөндө өкүнбөйлү бармак тиштеп.
Өмүрдү адам затка ченеп берген.
Ким билиптир кайсы күнү кайсы убакта,
Качан адам бул дүйнөдөн кайып болот.
Ошондуктан баалап билгин колундагы,
Баалуу каухар,жакут алтын байлыкты.
#2213 05 Март 2019 - 11:43
* * *
Тагдыр жазган так мыйзамга багынаарбыз:
Таңдар атаар гүлдөрү көп, жааган карсыз.
Бирок бизди кусалыктын тору чырмап,
Бир жолуккан кышкы түндү сагынаарбыз.
Күндүн нуру тийген менен жаз ыраңсыз...
Тоңгон сезим жибибестей. .. алсыз, жансыз.
Кызык кездин кытыгысы жанды кыйнап,
Кышкы түндү далай жылдар сагынаарбыз.
Тагдыр жазган так мыйзамга багынаарбыз:
Таңдар атаар гүлдөрү көп, жааган карсыз.
Бирок бизди кусалыктын тору чырмап,
Бир жолуккан кышкы түндү сагынаарбыз.
Күндүн нуру тийген менен жаз ыраңсыз...
Тоңгон сезим жибибестей. .. алсыз, жансыз.
Кызык кездин кытыгысы жанды кыйнап,
Кышкы түндү далай жылдар сагынаарбыз.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2214 05 Март 2019 - 11:58
Буларды өзүңүздөр жазасыздарбы?
Мен ыр жаздырышым кк болуп жатат,ким жазып берет?
Мен ыр жаздырышым кк болуп жатат,ким жазып берет?
#2215 07 Март 2019 - 12:10
Буларды өзүңүздөр жазасыздарбы?
Мен ыр жаздырышым кк болуп жатат,ким жазып берет?
Мен ыр жаздырышым кк болуп жатат,ким жазып берет?
Өзүбүз кантип жазмак элек! Бирөөгө заказ берип жаздырабыз да, бул жерге өзүбүз жазгансып илип коёбуз да!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2216 08 Март 2019 - 21:58
#2217 11 Март 2019 - 23:31
#2218 26 Март 2019 - 20:52
Кудай буйруп,
Насип болсо ак нике,
Кадырына жете алаар жар болом,
Караганда, коздорунду кубанткан,
Жаркылдаган, капалыгын таркаткан,
Жарын болом, чарчаганда дуйнодон,
Жанымда сен бейпил тынчтыкты тапкан,
Жарын болом, азга канаат кыла алган,
Сапар тартып, кетсен эгер алыска,
Сырларынды сактап сени куто алган,
Жарын болом, созунду эки кылбаган,
Омур бою султанымдай сыйлаган,
Жарын болом, тундорунду кооздогон,
Сырларымды, баарын ачып койбогон,
Канчалык сен шамал сымал болбогун,
Кайтара алган, сени озумо куу болом,
Жарын болом, молтур суудай тазарткан,
Жарын болом, адеп менен суктанткан,
Ата эненди сыйлап турган ар убак,
Балдарындын болом мээримдуу энеси.
Насип болсо ак нике,
Кадырына жете алаар жар болом,
Караганда, коздорунду кубанткан,
Жаркылдаган, капалыгын таркаткан,
Жарын болом, чарчаганда дуйнодон,
Жанымда сен бейпил тынчтыкты тапкан,
Жарын болом, азга канаат кыла алган,
Сапар тартып, кетсен эгер алыска,
Сырларынды сактап сени куто алган,
Жарын болом, созунду эки кылбаган,
Омур бою султанымдай сыйлаган,
Жарын болом, тундорунду кооздогон,
Сырларымды, баарын ачып койбогон,
Канчалык сен шамал сымал болбогун,
Кайтара алган, сени озумо куу болом,
Жарын болом, молтур суудай тазарткан,
Жарын болом, адеп менен суктанткан,
Ата эненди сыйлап турган ар убак,
Балдарындын болом мээримдуу энеси.
#2219 27 Март 2019 - 21:49
АЙЛАСЫЗДАН АЙТЫЛГАН “АКЫЛ”
Сүйүшкүң келип калыптыр,шордуу,
Сүйүнбө ага, ашыктык – ооруу,
Айтканга кыңыр караба мени,
Азаптан сени асырап, коруу.
Болбогун, досум, акылы кемдей,
Болгонмун мен да дал эле сендей.
Айтылган сөздү албасаң эске,
Азабын кийин тартасың мендей.
Ушул кыз... билем... жолобо,бар, тур,
Ушунун мага азабын калтыр!..
Убалды билбей бизге "уу" салган,
Ушуга деле бир Кудай бардыр!
27. 03. 2019-жыл.
Сүйүшкүң келип калыптыр,шордуу,
Сүйүнбө ага, ашыктык – ооруу,
Айтканга кыңыр караба мени,
Азаптан сени асырап, коруу.
Болбогун, досум, акылы кемдей,
Болгонмун мен да дал эле сендей.
Айтылган сөздү албасаң эске,
Азабын кийин тартасың мендей.
Ушул кыз... билем... жолобо,бар, тур,
Ушунун мага азабын калтыр!..
Убалды билбей бизге "уу" салган,
Ушуга деле бир Кудай бардыр!
27. 03. 2019-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2220 31 Март 2019 - 00:00
Жаншерик болуп ардайым
Жанашып омур суролу,
Жадыбалын туура аткарып,
Жаннатка чогуу кирели.
Жанашып омур суролу,
Жадыбалын туура аткарып,
Жаннатка чогуу кирели.

Супер-Инфо
super.kg
видео














Мобилдүү версия